Каз таман (Герань розовая, Пеларгоний Pelargonium roseum)
Көп жылдык дайыма жашыл болуп туруучу бадал, анын бийиктиги 150-200 см. Өсүмдүктүн чөбү абдан күчтүү жагымдуу жыт берет. Сабагы түз, бутактуу, төмөн жагы жыгачтанып турат. Жалбырактары кезектүү, саптуу, жумуртка сымал, негизи жүрөккө окшойт, беш-жети бөлүктөрү бар; жалбырактарынын бети бүртүк, чоң тиштүү, канаттай бөлүнгөн, жалбырак саптары жоон, узундугу 3-8 см. Гүлдөрү туура эмес, кыска гүл сабында 2-12 ден жайгашат, алар жөнөкөй чатырчага чогулган. Гүлү беш жалбыракчадан түзүлөт, мала кызыл, узундугу 2 см-ге жакын, эки жогорку гүл жалбыракчасы чоңураак ачык кызыл сүрөтү бар. Аталыгы 10 мөмөсү 5 кургак бир уруктуу мөмөлөрдөн турат, бышканда спиралдашкан чачысы кошулат. Культурада гана өстүрүлөт. Өсүмдүктүн гибриддери көп.
Каз тамандын чөбүндө 0,1-0,2% эфир майы бар, ал негизинен жалбырактарында топтолгон (0,25-0,3%). Каз тамандын майы – жашылыраак же күрөңүрөөк жагымдуу розанын жытына окшош жыты болот. Каз тамандын майынын негизги составдык бөлүмү – цитронеллол жана гераннол (алардын катышы 3:1) андан тышкары линалоол (10-12%), ментол (3-4%), терпен жана сесквитерпен углеводороддор менен спирттер, валериан, тиглин жана уксус кычкылдары бар.
Содержание книги:
- Жыпар жыттуу жана керемет даамдуу ѳсүмдүктѳр. Кириш сөз
- Айыр
- Ак акация
- Анар
- Анис
- Апельсин
- Айдама артишок
- Жоон жалбырактуу бадан
- Бадъян
- Базилик
- Баркыт гүл
- Бөрү карагат
- Бергамот
- Бийик сарындыз
- Ваниль
- Жалган кычы
- Грейпфрут
- Дары кашка беде
- Имбирь
- Ичке жалбырактуу кипрей
- Каз таман
- Кайен калемпири
- Камелия эвганолдук
- Коңуз баш
- Көкөмерен
- Күрөң чай чөп
- Кардамон
- Настурция
- Саптуу эмен
- Сары чай чөп
- Чеге гүл
- Шалбаа уй бедеси
Статьи и книги по теме:
- Адам жана ɵсүмдүктɵр
- Человек и растения
- Пищевые растения в косметике
- Фитотерапия и организация фитобаров
- Сбор, сушка, заготовка и хранение полезных и лекарственных растений
- Кээ бир дары жана пайдалуу өсүмдүктөрдү жыйноо, кургатуу, сактоо боюнча колдонмо
- Өсүмдүктүн тизмеси
- Өсүмдүктөрдүн кыргызча-орусча сөздүгү
- Өсүмдүктөрдү жыйноо календары
- Туура тамактануунун негиздери
- Хвала пчеле
- Аарыга алкыш
- Укмуштуу гүлдөр
- Жыпар жыттуу жана керемет даамдуу ѳсүмдүктѳр
- Русско-кыргызский пояснительный словарь по курортной, восстановительной и традиционной медицине