Рахимова И.А

Адам жана ɵсүмдүктɵр

Бишкек 2011

Китептин аты: Адам жана ɵсүмдүктɵр. Түзгɵн автор : медицина илимдеринин кандидаты Изиля Абдуллаевна Рахимова. Китеп үч бɵлүктɵн турат. Биринчи бɵлүгүндɵ жапайы ɵсүмдүктɵрдүн пайдасы жана аларды колдонуу жɵнүндɵ жалпы маалыматтар берилген. Экинчи бɵлүгү культурада ɵстүрүлүүчү (эгилме) ɵсүмдүктɵр жɵнүндɵ айтылган. Үчүнчү болүгү ɵсүмдүктɵрдүн негизги таасир этүүчү заттары (биологиялык активдүү заттар) жɵнүндɵ кыскача түшүнүктɵр берилген.Бул брошюра калктын ɵсүмдүктɵр жɵнүндɵ болгон маалыматын кеӊейтүүгɵ багытталган.  

 

Мазмуну
1.Жапайы пайдалуу ɵсүмдүктɵр
2.Эгилме ɵсүмдүктɵр
3.Ɵсүмдүктɵрдүн таасир этүүчү заттары

Адабият.

Тиркеме.

 

 

Жапайы пайдалуу ɵсүмдүктɵр.

Адам байыртан эле ɵзүнɵ керек жапайы ɵсүмдүктɵрдү пайдаланып келген. Ɵсүмдүктɵр от жакканга, үй, мал сарай салганга керектелген; ɵсүмдүктɵрдɵн адам балык кармоого, мергенчиликке керектүү аспаптарды жасаган; кайыктарды жасап, түрдүү ритуалдык кооз нерселерди иштеп чыккан; ɵсүмдүктүн чɵбү менен мɵмɵлɵрүн терип жыйнаган; тамактаныш жана дарыланыш үчүн ɵсүмдүктɵрдүн тамыр-түптɵрүн казып алган, ошентип, байыркы адамдын күч аракеттери ɵсүмдүктɵр менен байланыштуу болгон.

Адамдын айланасында канчалык ɵсүмдүк дуйнɵсү ар түрдүү болсо, ошончолук адам ɵзүнүн керектɵɵсүнɵ ɵсүмдүк байлыгын кеӊири пайдаланган.

Кийинчээрек, адам ɵзүнүн үй- жайынын жанынан кээ бир пайдалуу ɵсүмдүктɵрдү ɵстүрɵ баштап жапайы табияттын байлыгын пайдалануу менен бирге ал ɵсүмдүктүү ɵстүрүүнүн негизин салган.

Азыркы кезде адамзат ɵсүмдүктɵрдү ɵзүнүн пайдасына керектеп жаткандыгы уланууда.

Бирок, токойлордун аянты азайып, жерде бир кезде кеӊири жайылган кээ бир ɵсүмдүктɵр жоголуп, кайра жаралбай калды. Бул жоюлуу процесси эмдигиче токтоло элек болсо да, ɵсүмдүктɵрдүн кɵпчүлүк түрлɵрү дагы эле адамдардын жашоосунда чоӊ чарбалык мааниге ээ болуп жатат.

Дыйканчылык ɵɵрчүү менен бирге эгилме ɵсүмдүктɵрдүн аянттары токтоосуз ɵсүп жатат. Эгилме ɵсүмдүктɵрдɵн тышкары адам дагы эле жапайы дарактарды, түрдүү кɵп жылдык чɵптɵрдү пайдаланып жатат.

Адам ɵсүмдүктɵрдɵн тамактануу үчүн ширелүү мɵмɵлɵрдү, жаӊгакты кеӊири пайдаланат. Алардан азык заттарын, түрдүү жыпар жыттуу заттарды, жалбырак менен сабактардан бууланы чыгарат. Ɵсүмдүктɵрдү жыйнап, кургатат.

Пайдалуу ɵсүмдүктɵрго тропика климатындагы ɵлкɵлɵр бай келет.

Жердин уюлуна жакын келген материктерде ɵсүмдүк аз; анда 400-450 түр гана бар.

Ɵсүмдүктɵрдүн кɵпчүлүк түрү кургак (токойсуз) территорияларда, озоондордо, прерияларда, чɵл ɵӊдүү жерлерде жана ар кандай бадалдардын арасында ɵсɵт. Анда адамдын жашоосунда керектүү, түрдүү, пайдалуу ɵсүмдүктɵр кɵп.

Пайдалуу ɵсүмдүктɵрдүн колдонулушуна жараша аларды тɵмɵнкү негизги топторго болсо болот;

  1. тактай, отун, фанера,араланган тактайлар ж.б берүүчү ɵсүмдүктɵр;
  2. ɵнɵр-жай менен медицинада колдолунуучу түрдүү заттарды алууга пайдаланылуучу ɵсүмдүктɵр;
  3. азык заттардын булагы болгон ɵсүмдүктɵр;
  4. малга жаӊы жана иштетилген жашыл массаны берүүчү ɵсүмдүктɵр;
  5. жашылдандыруу жана кɵрктɵндүрүү максатында колдонулуучу ɵсүмдүктɵр;

6) ɵзгɵчɵлүгүнɵ жараша комплекстүү түрдɵ пайдаланылуучу ɵсүмдүктɵр.

Ар кандай ɵсүмдүктɵр бүтүн бойдон, же алардын бɵлүктɵрү(дарактардын кабыгы, тамыры, пияз- тамыры, сабагы, жалбырагы, гүлдɵрү, мɵмɵсү, уругу, чаӊы, споралары, ширеси, дабыркайы) пайдаланылат.

б Ɵсүмдүктɵр дары, техникалык,азык жана тоют ɵсүмдүктɵрү, каучук алынуучу, камедь чыгаруучу, майлуу, эфир майлуу, ийлɵɵчү , боёчу ɵсүмдүктɵр ж.б болуп бɵлүнɵт.

Убакыт ɵткɵн сайын жана техникалык процесстин ɵɵрчуушунɵ жараша акырындык менен ɵсүмдүктɵрдү колдонуу сферасы ɵзгɵрүлɵт же ɵзүнүн маанисин жоготот. Мисалы, кɵп түрдүү арзан материалдарды (жасалма каучук, буула ж.б) синтездɵɵ менен бирге пайдалуу ɵсүмдүктɵрдүн бир бɵлүгү адамды кызыктырбай койгон, же башка жактан пайдаланылган.

Жапайы ɵсүмдүктɵрдүн ичинен ар түрдүү жыгач породалар (мырза карагай, пихта, жаӊгак, липа, кедр, карагай, эмен ж.б) ɵзгɵчɵ мааниге ээ. Алардын жыгачы бардык жактан кɵпчүлүк чарбада кеӊири колдонууда.

Кɵпчүлүк ийне жалбырактуулар, ошондой эле жалбырактуу дарактар тактай жана башка түрдүү продуктулардын булагы болуп эсептелет. Ийне жалбырактуулардан жыгач, кагаз массасы, целлюлоза, жасалма жүн, жалбырактуу породалардан-пробка, каучук, камедь, сагыз, эфир майлары, органикалык кислоталар, ийлɵɵчү, боёгуч заттар, пигменттер алынат.

Пробка Орто-Жер деӊиз ɵлкɵлɵрүндɵ ɵскɵн дарактардан чыгарылат. Андай дарактар Европа менен Түндүк Африканын ɵлкɵлɵрүндɵ ɵстүрүлɵт.

Пробка Ыраакы Чыгыш менен Түндүк Чыгыш Кытайда ɵскɵн баркыт дарагынан да алынат.

Каучукту топтогон ɵсүмдүктɵрдɵн бразилия гевеясы белгилүү. Ал Бразилиянын тропикалык токойлорунда ɵсɵт. Дүйнɵнүн тропика алкагында ар кандай каучуктуу фикустар ɵстүрүлɵт.

Камедь топтогон эӊ манилүү ɵсүмдүктɵрдɵн трагакант астрагалдары белгилүү. Алар Борбордук Азия жана Балкан жарым аралында ɵсɵт. Кɵпчүлүк мɵмɵлүү дарактар, чие, кара ɵрүк, абрикос, шабдалы сагызга (камедь) бай келет. Кээ бир деӊиз балырларында да камедь кɵп болот.

Кɵпчүлүк жапайы ɵсүмдүктɵр ар түрдүү жыпар жыттуу заттарды алуучу булактар катары пайдаланылат. Жыпар жыттуу заттар самын, парфюмериялык каражаттарды иштеп чыгарууда, ошондой эле тамак ɵнɵр жайы менен медицинада сырье катары колдонулат.

Алардын ичинен (эгилме мала кызыл герань менен казанлык розасы, мускат шалфейи ж.б Жердин ар кайсы болүктɵрүндɵ ɵсүүчү жана эгилүүчү чатырдуулар, эрин гүлдүулɵр, татаал гүлдүулɵр тукумундагы ɵсүмдүктɵр абдан баалуу келет.

Тамактанууга керектелүүчү жана техникалык ɵсүмдүк майлары бүт дүйнɵдɵ кенири колдолунат. Жапайы ɵсүмдүк майлары кɵпчүлүк ийне жалбырактуулардын жаӊгагында; оливка дарагынын мɵмɵлɵрүндɵ кɵп болот. Абдан баалуу ɵсүмдүк майы Борбордук Азияда жапайы ɵскɵн грек жаӊгагынан,

Бразилия токойлорунда ɵскɵн бразилия жаӊгагынан; тропикалык Африкадагы майлуу пальмадан алынат.

Ийлɵɵчү заттар эмендин кɵпчүлүк түрлɵрүнүн кыртышында ошондой эле, Борбордук Азиянын тоолорунда ɵскɵн кээ бир ɵсүмдүктɵрдүн (кымыздык) тамырларынан алынат. Дүйнɵдɵ эӊ белгилүү ийлɵɵчү заттардан диви-диви буурчак белгилүү. Ал Венесуэла менен Колумбияда ɵсɵт. Түштүк Американын мангр токойлорунда жана дүйнɵнүн башка тропикалык ɵокɵлɵрүндɵ ийлɵɵ заттарына бай келген кара мангр ɵсɵт. Эвкалиптердин түрлɵрү Австралияда жайылган. Алардын кыртышы таниддерге бай.

Ийлɵɵчү ɵсүмдүктɵргɵ боёгуч ɵсүмдүктɵр жакын келет. Алардын ичинен Бразилия токойлорунда ɵскɵн бразилетто; Италия, Индия, Шри-Ланка, Кытай, Египет менен Түштүк Америкада ɵстүрүлүүчү индигоноска белгилүү. Кɵпчүлүк боёгуч ɵсүмдүктɵр ɵз убагында Ирандын, Афганистандын килем токуучу ɵндүрүшүндɵ кеӊири колдонулуп келген.

Буулалуу ɵсүмдүктɵр чоӊ чарбачылык мааниге ээ. Аларга агава, бамбуктар кирет.

 

Эгилме өсүмдүктөр

Жер шаарында негизинен жыныстык көбөйүү органы гүл болгон өсүмдүктөр өстүрүлөт. Өсүмдүктөрдүн бул тобу жабык уруктуу өсүмдүктөр деп аталат. Алар ар түрдүү генетикалык, физиологиялык жана биохимиялык эволюцияга учураган. Жабык уруктуу өсүмдүктөтдөн адамзат ар кандай углевод, белоктордун көбүн, баалу аминокислоталарды, майларды, органикалык кислоталарды, витаминдерди, гликозиддерди ж.б. алат. Өсүмдүктөр тоюттун, буланын, каучуктун, пробканын булагы болуп эсептелет. Эгилген өсүмдүктөрдөн адам нан, кант, жер-жемиштер, чай, кофе, ошондой эле май, сыр, жумуртка ,бал алат.

 

Кийим, кагаз, мебель осумдук материалдарды иштетилгенден чыгат. Адам баласынын осуп-оорчушу эки улуштуу (туйулдугундо эки урук улушу болгон жабык уруктуу осумдуктор) жана бир улуштуу осумдуктордун касиеттерин изилдоосундо негизделген.

 

Ɵсүмдүктɵрдүн таасир этүүчү заттары.

(Ɵсүмдүктɵрдүн биологиялык активдүү заттары).

 

Практикалык максатта ар түрдүү дары ɵсүмдүктɵр европалык, америкалык, чыгыш медицинасындада чоӊ мааниге ээ. Алардын колдонуу тарыхы 5-7 миӊ жыл болот.

Узак эволюциялык процесстин жүрүшүндɵ адам биологиялык активдүү заттарды кабыл алып сиӊирүүгɵ кɵнгɵн. Ɵзгɵчɵ,Ыраакы Чыгыш токойлорунда ɵскɵн жень-шень; Европанын, Кичи Азия менен Кавказдын токойлорунда ɵскɵн белладонна; Орто Азияда калыӊ чыккан кызыл мыя менен шыбак, чычырганак, четин ж.б жɵнүндɵ айтып кетсек болот.

Кийинки убакта дары ɵсүмдүктɵр кеӊири колдолунуп жатат. Синтез жолу менен алынган дарыларга караганда дары осумдуктордун уулу таасири аз жана аларды кɵп убакыт колдонсо болот. Жер жемиштер, мɵмɵлɵрдүн маанисин эч нерсеге теӊей албайбыз.

Ɵсүмдүк азыктары адамдын жашоосунун негизинде түзулгɵн маанилүү процесстердин жүрүшүн камсыз кылган минералдуу заттардын (натрий, калий, магний, фосфор, темир ж.б) баалуу булагы болуп эсептелет.Копчулук осумдуктодун дарылык таасири алардагы болгон биологиялык активдуу заттардын бар болгондугу менен байланыштуу. Ɵсүмдүк азыктары менен адамдын организмине витаминдер, провитаминдер, ферментер, жыпар жыттуу заттар, фитонциддер ж.б кирет. Алар адамдын туура тамактануусунда, ошондой эле дарылануу процессиндеги мунɵздɵп тамактануусунда маанилүү ролду ойнойт.

Ɵсүмдүктɵрдүн дарылык касиеттери алардагы ар кандай таасир этүүчү заттардын бар болгондугуна кɵз каранды келет.

Эӊ маанилүү биологиялык активдүү заттарга алкалоиддер, гликозиддер, сапониндер, ийлɵɵ заттары, флавондор, эфир майлары, гормондор, витаминдер, органикалык кислоталар, чайырлар ж.б, кирет.

Алкалоиддер – азоттуу татаал бирикмелер. Алар ɵсүмдүктүн бардык бɵлүктɵрүндɵ болот, бирок анда текши эмес бɵлүштүрүлгɵн. Кээ бир ɵсүмдүктɵ алкалоиддер мɵмɵсүндɵ, башкалары-тамырларында кɵбүрɵɵк жайгашкан. Алар ɵсүмдүктɵрдɵ алма, лимон кычкылдрынын формасында болот. Алкалоиддердин бар болгондугу экологияга (климат, топурак), ɵсүмдүктүн ɵɵрчүү процессинин стадиясына жана ботаникалык ɵзгɵчɵлүктɵрүнɵ кɵз каранды болот.

Алкалоиддер ɵсүмдүктɵрдɵн этанол менен суунун жардамы аркылуу чыгарылат. Аны менен бирге ийлɵɵ заттары, чайырлар, былжырлар кошо чыгат.

Алкалоиддер сууда ээрибейт, анын туздары болсо сууда жакшы ээрийт.

Кɵпчүлүк ɵсүмдүктɵрдɵ бир нече ар түрдүү алкалоиддер болот. Мисалы, апийимде 26 алкалоиддин түрү бар. Кофеин кофенин уругунда, чайдын жалбырагында; атропин- белладоннада; морфин- апийимдин башчасында; никотин—тамекинин жалбырагында топтолот.

Алкалоиддер адамдын организминдеги зат алмашууну жакшыртат; тамак сиӊирүү органдардын иштешине, ошондой эле артериялык кан басымына да таасир этет.

Гликозиддер— ɵсүмдүктɵрдүн биологиялык активдүү заттарынын чоӊ тобун түзɵт. Гликозиддердин молекуласы канттуу(гликон) жана кантсыз (агликон) бɵлүктɵн түзүлɵт. Агликондорго альдегиддер, алкалоиддер, терпендер, флавондор, органикалык кислоталар кирет. Гликозиддер сууда кайнатканда, ээриген кычкылдарда жылытканда, ошондой эле ɵсүмдүктүн ɵзүндɵгү ферменттер-гликозидазалардын таасиринен оӊой эле бузулат.

Гликозидаза ферментинин таасиринен жаӊы үзүлгɵн, тууралган ɵсүмдүктɵрдɵ гликозиддер бузулуга тез учурап, ɵзүнүн дарылык касиеттерин жоготот. Ошондуктан гликозиддери бар ɵсүмдүк сырьёсун тез кургатып, ным тартпас үчүн, кургак жайда сактоо зарыл. Себеби, кургак сырьёдо ферменттин активдүүлүгү анча эмес болуп, анын таасири болбой калышы мүмкүн. Организмге таасир этүүсү боюнча гликозиддер тɵмɵндɵгүдɵй топторго бɵлүнɵт; жүрɵк гликозиддери, ачуу гликозиддер, сапониндер, антрагликозиддер ж.б.

Жүрɵк гликозиддери жүрɵктүн булчуӊунун иштешине таасир этет. Андан башка, алардын сеп алдырма касиеттери да бар. Жүрɵк гликозиддери мончок гүлдɵ (ландыш), оймок гүлдɵ (наперстянка), адонисте, ж.б бар. Жүрɵк гликозиддери абдан күчтүү болгондуктан, ɵсүмдүктɵр уулу ɵсүмдүктɵр деп эсептелет.

Жүрɵк гликозиддери жүрɵк булчуӊунда жүрүүчү зат алмашуу процесстерине таасир этип, клеткалык дем алууну күчɵтɵт, белоктордун синтезин жогорулатат.

Оймок гүл, мончок гүл, адонис, строфант жүрɵк ооруларында эзелтен бери элдик жана илимий медицинада колдолунуп келе жатат.

Кээ бир ɵсүмдүктɵрдɵ, ɵзгɵчɵ алоэде, ышкындын жалбырагы менен тамырында, крушинанын кыртышында антрагликозиддер аттуу биологиялык активдүү заттар болот. Анда агликондун ролун антранол, антрахинон, антраиндер аткарат. Антрагликозиддердин гликон бɵлүгү организмде заттарды ташыйт. Ɵсүмдүктɵрдɵгү антрагликозиддердин канттуу бɵлүгү ɵсүмдүктү бузулуудан сактайт. Антрагликозиддердин саны ар кандай ɵсүмдүктɵрдɵ ар башка келет. Мисалы, алоэде 18%-тен кем эмес, сеннанын жалбырагында-2,5-3%, ышкында-2,8%-ке жетет.

Антрагликозиддердин таасир этүү механизми. Антрагликозиддери бар болгон ɵсүмдүктүн бɵлүгүн, мисалы алоэнин жалбырагын, ышкындын сабагын жегенде, алардагы антрогликозиддер ичке ичегиден жоон ичегиге жеткенче бузулууга учурабайт. Андан кийин, жоон ичегиде ичеги флорасындагы микробтор иштеп чыгуучу ферменттердин таасири менен антрагликозиддер ɵзүнүн компоненттерине ажырап, гидрооксиантрахинон пайда болот.

Антрагликозиддер ичегиде суу менен былжырдын чыгуусун күчɵтɵт, заӊ массаларын кɵптүрɵт да, ал болсо ичегинин рецепторлорун дүүлүктүрүп, жоон ичегинин иштешин күчойт. Дарыны кабыл алгандан кийин 10-12 саат откон сон ич ɵтɵт. Антрагликозиддердин ич алма таасири нин механизми томонкудой: ичке ичегиде антразаттар ажырайт да, анда активдуу заттар менен бирге пассивдуу заттар абсорбцияга учурап,..тамак синируучу каналдын эн акыркы болугуно жетет. Антразаттар ɵт жана заара жолдору менен организмден чыгат. Зааранын түсү кызыл, ɵттүн түсү күрɵӊ болуп чыгат. Эненин сүтү менен бул заттар эмчек эмген балага да таасир этип, анын ичи ɵтүшү мүмкүн.

Антрагликозиддери бар ɵсүмдүктɵрдɵн чыгарылган экстрактардын ич катканда дарылык касиети чоӊ.

Тиогликозиддер- алардын агликонунда күкүрт бар. Тиогликозиддердин дамы ачуу, ошондуктан алар ичегинин былжыр чели менен терини ысытып дүүлүктүрɵт. Аз ɵлчɵмдɵ тамакка мейил тарттырат, кан айланууну күчɵтɵт жана микробдорго каршы күчтүү таасир этет. Тиогликозиддер горчица, хрен, түрп, капуста, кычынын чɵбүндɵ болот.

Ачуу заттар-алр тамак сиӊирүү жолдордун секрециялык ишине таасир этет. Алардын тукумуна ар кайсы химиялык топтор-лактондор, кетондор, терпендер ж.б кирет. Бул заттар ɵсүмдүк кургатканда жакшы сакталат. Агуу заттар микробдорго каршы а таасир берет Мисалы, кулмактын негизги заты лупулиндин 1:400000 болгон эритмеси микробдордун ɵсүүсүн токтотот.

Ачуу гликозиддердин тобуна арбутин атуу зат кирет, глюкоза менен гидрохинондон түзүлгɵн. Арбутинге брусника, аю кулактын жалбырагы бай. Бул заттар ичегиде жакшы сиӊирилип, заара жолдорунда гидрохинон же метигидрохинонго бɵлүнүп, микробдорго каршы таасир этет. Ошондуктан, арбутинге бай дарылар урологияда кенири колдонулат, аны кɵп убакыт бою ичсе жарайт..

Пектиндер — былжырларга окшогон полимердүү углевод бирикмелер. Пектиндердин молекулаларына пентоза, гексоза, галактурон кислотасы ж.б. кирет. Сууда пектиндер кɵɵп, коллоидүү эритмеге айланат. Ɵсүмдүктɵрдɵ пектиндер былжырлар менен бирге жолугат. Пектиндерге ит мурун, калина, карагат, алма, лимон, мандарин, кызылча, ышкын бай келет. Пектиндин суу эритмелерине кант кошулуп, органикалык кислоталар менен таасир эткенде гель пайда болот. Алар сезгенүүгɵ каршы, ошондой эле адсорбциялоочу (ɵзүнɵ сиӊирип алуучу) касиетке ээ. Пектиндер чирүү, ачыткыч процесстери токтотот, организмден ууландыруучу заттарды чыгарып, ичегиде керектүү заттардын ɵзгɵчɵ В тобундагы витаминдердин иштелип чыгуусуна кɵмɵк кылат. Пектиндер уулу заттарды, холестеринди, радионуклиддерди чыгарууга жардам берет.Коп олчомдо пектиндер ийлоочу таасир берет. Пектиндер геморройду жоготууга да колдонулат.

Ийлɵɵчү заттар — түрдүү химиялык түзүлүштɵгү жана окшош физиологиялык таасири болгон ɵсүмдүктɵрдүн активдүү заттары, аларда белок жана металлдар менен байланыш тузуу жɵндɵмдүүлүгү бар. Ɵсүмдүктɵ ийлɵɵ заттары гликозиддер, алкалоиддер менен байланышкан түрдɵ кездешет. Ийлɵɵчү заттар тамак сиӊирүү органдар менен теринин функциясына ийлɵɵчү, сезгенүүгɵ каршы, микробдорго каршы таасир берет. Ийлɵɵчү заттар белоктор менен биригип, альбуминатты пайда кылып, ал суунун киришине жол бербей, уулу заттардын сиӊиришин тоскоол болот. Бул заттар ичегиге суунун киришин азайтып, ичти катырып, ич ɵткɵктү токтотот.Ичке канн тамырлардын капталы аркылуу уулу заттарды откорбойт.

Ийлɵɵчү заттардын таасиринен кан агуу да токтойт, себеби алар белоктор менен биригип чел пайда болуп канды уютат, анда майда кан тамырлар жабылып, кан токтойт. Майда кан тамырлардын бетине чел капталгандыктан микробдор, уулу заттар ɵтпɵй калат. Ийлɵɵчү заттар сууда ээрийт. Бул заттар күйүктɵɵ (оттон, ысык суудан болгон) сезгенүүгɵ каршы таасир этип, уулу заттардын териден кирип кетишине тоскоол кылат.

Ийлɵɵчү заттар айырдын, жылан чɵптүн тамырларында, чайда, эмендин кыртышында, грек жаӊгагынын жалбырагы менен мɵмɵсүндɵ ж.б-да кɵп болотАлардан даарылык максатта тундурма, настойка, экстракт даярдалат. Бул дары формалары тери ооруларында, бүйлɵɵ менен ооздун былжыр челдери сегенгенде, геморройдо, гинекология ооруларында колдонулат. Дарылык максатында копчулук учурда ийлоочу заттардан танин кенири колдонулат.Ийлоочу заттарга бай осумдуктордон ар кандай тундурмалар, спирттуу экстрактар иштелип чыгып, алар тери ооруларында, буйлоолор сезгенгенде, ооздун сезгенишинде колдонулат. Таниндин 0,5-2%-туу эритмеси компресске, геморройдун туйундору жарылганда жана гинекологиялык ооруларды дарылоодо колдонулат. Курамында пирогаллол кирген ийлоочу заттар абдан жакшы ийлоочу таасир берет.

Сапониндердин- курамына стероидүү агликондор жана ар түрдүү углеводдор(глюкоза, рамноза, арабиноза, галактоза) Жана галактурон кислотасы кирет. Сапониндер сууда жакшы ээрип, коллоидүү ээритмелерди пайда кылат. Чалганда самынга окшоп, коюу кɵбүк чыгат.

Сапониндер ɵттү айдайт, аны суюлтат, заара айдайт, карын менен ичегинин, уйку безинин зилдеринин чыгуусун күчɵтɵт.

Сапонини бар ɵсүмдүк препараттар аз ɵлчɵмдɵ карындын былжыр дүүлүктүрүп кɵӊүлдүү айлантышы мүмкүн. Сапониндер какырыкты жумшартып чыгарат, жɵтɵлдү басаӊдатат. Кɵп ɵлчɵмдɵ организмге сапониндер боорго, бɵйрɵккɵ терс таасир берип, анда кан агуу, сезгенүү процестерин пайда кылышы мүмкүн.Мындан тышкары, коп олчомдо кабыл алган сапониндер, карындын былжыр челин дуулуктуруп, конул айлантып, кустурат, ичти алат, жада калса ич канн аралаш отушу мумкун. Эгерде сапониндер тери алдына же булчунга тери аркылуу сайылса, алар тканды сезгентет, ириндетет да, некрозго алып келет. Сапониндер самын чɵптɵ, примулада кɵп болот. Кадимки жылкы жаӊгактын гүлүндɵ эсцин деген зат бар. Ал майда кан тамырлардын жана эритроциттердин туруштуулугун жогорулатат, кандын уюшуна тоскоол кылат, вена системасына кандын толук келишине кɵмɵк берет, кан тамырлардын ɵткɵргүчтүүгүн тɵмɵндɵтɵт. Кан тамырларга туздон туз таасир эткенден тышкары, эсцин

Сапониндери болгон ɵсүмдүктɵр медицинада какырык чыгаруучу, сезгенүүгɵ каршы, склерозго каршы ж.б каражат катары колдонулат.

Былжырлардын курамына углеводдуу бɵлүктɵр (рамноза, арабиноза, галактоза, ж.б), урон кислоталары (глюкурон, галактурон ж.б) кирет. Сууда алар коллоидүү ээритмелерди пайда кылат. Бул заттар бака жалбыракта, зыгырда, күлкайырда, ɵгɵй энеде, аю кулакта, ж.б. кɵп. Бак жалбырактын, зыгырдын уругунун былжырлары ичеги зилинде былжырларды ажыратуучу ферменттердин жетишсиздигинен ичегиде сиӊирилип кетпейт.

Ɵсүмдүктɵрдүн былжырлары ичегинин ичинин былжыр челип дүүлүктүрүп, ичегинин перистальтикасын (кыймылын) күчɵтүп, заӊ чыкканга кɵмɵк кылат.

Ашказандын ооруларында зыгырдын уругун кайнатып берсе жарайт. Ɵсүмдүкдүн былжырлары ɵтɵ семирүүдɵ колдонулат. Себеби, былжырлар тамакка тойгондой сездирет да, ичти албай таасир этет. Бирок, былжыры кɵп болгон ɵсүмдүктɵрдүн тундурмасын кабыл алганда организмдин зат ламашуу процесстерине алар терс таасирин тийгизет. Анда организмге абдан керктүү болгон заттардын (аминокислоталар, углеводдор, майлар, витаминдер, микроэлементтер) киришине тоскоол кылат. Башка жагынан болсо, алар оӊ таасирин химиялык заттар, мите курттардын уулу заттарынан организм уукканда тийгизет.

Жараатын үстүндɵ былжырлар коргонуч челди пайда кылат жана ал акырындык менен кургайт, тери чордонот. Былжырлар ооруган жерди басаӊдатып сезгенүүгɵ каршы таасир берет.

Флавондор менен флавонолдор. Бул органикалык бирикмелер негизинен ɵсүмдүктɵрдүн гүлү менен жалбырактарында топтолот жана түсү сары болот.

Флавондор кан тамырлардык капталдарынын ɵткɵргүчтүгүн тɵмɵндɵтɵт, капиллярлардын бузулгандыгын азайтат.

Флавондор организмде топтолбой, терс таасир бербейт. Аскорбин кислотасы менен бирдикте жакшы таасир этет, флавондордун аллергияга каршы да таасири бар. Ошондой эле флавондор уулу заттардын киришине тоскоол кылат, микробдорго каршы таасир берет. Мындан тышкары бул заттар заара айдама касиетке да ээ, заара менен оӊой эле чыгат.

Флавондордун эӊ манилүүсү кверцетин. Ал кадимки кулмакта, чайда, аю эненин жалбырагы менен гүлүндɵ, эмендин кыртышында, долонодо кɵп. Кверцетин деген зат жүрɵк булчуӊунда жүрүүчү зат алмашуу процесстеринде чоӊ ролду ойнойт. Бул флавон капиллярлардын (майда кан тамырлардын) ɵткɵргүчтүгүн жɵнгɵ салат, жогоруулаган артериялык кан басымды тɵмɵндɵтɵт. Аны менен бирге, кверцетин микробдорго да каршы таасир берет. Рутин- кверцетини бар зат. Анын Д-витаминдүү активдүүлүгү бар. Ал майда кан тамырлар бузулуп кан агууда эффективдүү. Ɵзгɵчɵ радиоактивдүү заттардын таасиринен майда кан тамырлар жабыркаганда колдонулат.

Рутинге ит мурун, жүзүм, карагат, апельсин, кɵк чай бай гелет. Рутин жүрɵктүн иштешин күчɵтɵт. Ошондой эле рутин метил алкоголь менен ууланганда антидот катары колдонулат.

Флавон менен флавонолдор гипертония оорусунда, атеросклероздо оӊ таасир берет, майда кан тамырлардын иштерин оӊолтуп, мээге кан куроолунун алдын алат.

Флавоноиддерге бай ɵсүмдүктɵрдү заара жолдорунун сезгенүү ооруларында кɵп убакыт бою колдонсо болот. Мисалы, ак кайындын, 40 муундун тɵшɵлгɵн сабактуу кымыздыктын тундурмаларын ичкенде, алар бɵйрɵктүн кан тамырларынын жылма булчуӊдарын, кеӊейтип, кан айлануусун күчɵтүп, заара пайда болу процессине таасир этет.

Флавоноиддер боордун капиллярдык системасына да таасир этип, ɵттү айдап чыгарууга кɵмɵк кɵрсɵтɵт.

Флавондор миокарддык инфарктында, аллергияда, күйүктɵ, үшүк алганда жакшы натыйжа берет.

Рутин кɵз ооруларында да колдонулат. Ал ɵзгɵчɵ кант диабетинин кесепетинен кɵздүн торго кабыгы сезгенгендэ жакшы натыйжа берет; себеби аны кɵп убакыт бою колдонсо болот. Рутин сууда жакшы ээрибейт. Ошондуктан рутин болгон ɵсүмдүктɵрдɵн спирттү тундурмалары(настойка, экстракт) чыгарылат.

Кумариндер ɵсүмдүктɵрдɵ гликозид түрүндɵ (кант менен байланышкан) же жеке түрдɵ кездешет. Кумариндер кан уюга каршы таасир этет. Аны менен бирге оруну басаӊдатат, сеп алдырат, заараны айдайт. Микробдорго, грибокторго да каршы таасир этет.

Кумариндердин таасири алардын курамына фуран бирикмелери киргендигине жараша болот. Аларды фурокумариндер дейт. Фурокумариндер териге ультрофиолет нурлардын тийгизүүчү таасирин күчɵтүп, терини аларга ɵтɵ сезгич кылат. Ошондуктан, фурокумариндер адамда ар кайсы тери ооруларынын (мисалы, дермотиттин) келип чыгышына себепкер болот. Мисалы, фурокумарини бар ɵсүмдүктɵргɵ каз таӊдай, кереч, рута ж.б кирет. Кумарин заттары кɵпчүлүк ɵсүмдүктɵрдɵ бар, алардын таасири ар кандай.

Ɵсүмдүктɵрдɵгү кумариндерден эӊ маанилүү зат дикумарол. Ал боордогу протромбин затынын биосинтезин тɵмɵндɵтүп, антикоагулянттык (кан уюганга, тромбдун пайдпа болушуна тоскоол кылат). Дикумарол организмден заара аркылуу оӊой чыгат.

Кумарин заттары баланын тону аркылуу ɵтүшү мүмкүн. Андан кийин алар ымыркайлардын протромбинин тɵмɵндɵтүшү мүмкүн. Ошондой эле, эненин сүтү менен да балдарга ɵтүшү жɵнүндɵ маалыматтар бар.

Кумарин заттарынын терс таасирлери: тамакка кɵӊүл келбестик, кɵӊүл айнып кусу, кээде ич ɵтүү, териде темгилдердин пайда болушу. Бул заттардын ууландыргыч касиеттеринин бири-былжыр челдердин канаганы жана териде кɵгɵргɵн темгилдердин пайда болушу.

Крахмал— ɵсүмдүктɵр кɵмүр кислотасын ассимиляция кылгандан чыккан акыркы продукт. Ал кɵбүнчɵ ɵсүмдүктүн тамырында, мɵмɵсүндɵ, ошондой эле сабагында топтолот. Организмде крахмалдан глюкоза пайда болот. Крахмал тери ооруларында күкүм же майга аралаштырган түрдɵ клизма жасоо үчүн колдонулат. Картошка, буудай, жүгɵрү жана күрүчтүн крахмалы кандагы холестеринди тɵмɵндɵтүүчү касиети бар экендиги далилденген. Крахмал организмде от кислоталарынын алмашуусун күчɵтɵт.

Муздак сууда крахмал ээрибейт, ысык сууда илээшкек эритмени пайда кылат, ал муздаганда коюлат. Крахмалдын былжыры ичеги-карын ооруларында колдонулат.

Крахмал карынды, дарчын каакымдын тамырларында кɵп болот.

Эфир майлар — ɵсүмдүктɵр чыгарган жыпар жыттуу жеӊил заттар. Алар ɵсүмдүктɵрдүн бардык бɵлүктɵрүндɵ (гүлдɵрдɵ, жалбырактарда, сабагында, мɵмɵсүндɵ, тамырында) болот. Алардын ɵлчɵмү ɵсүмдүк ɵскɵн шарттарга (климат, деӊиз деӊгээлинен жогору болгон бийиктике жараша болот. Ошондуктан эфир майларынын ɵлчɵмү бир эле ɵсүмдүктɵ дайыма окшош болбойт. Эфир майлары органикалык эритүүчүлɵрдɵ жакшы ээрийт, обада алар чайырларга айланат. Химиялык түзүлүш боюнча эфир майлары-терпеноиддер жана ага жакшы заттар. Бир эле ɵсүмдүктүн ар кайсы органдарында ар кайсы курамдарындагы, заттар иштелип чыгат. Мисалы, кариандрдын (кинзанын) сабагында ал ɵсүмдүк быша электе жагымсыз жыт чыгып турат, бышкандан кийин жагымдуу жытка айланат.

Эфир майларынын курамына углеводдор, спирттер, татаал эфирлер, лактондор ж.б, кирет. Алар от айдама, заара айдама, микробдорго каршы каражат катары пайдаланылат. Мисалы, эфир майлары оруну басаӊдатат, же болбосо нерв системасына сеп алдырма же дүүлүктүрмɵɵ таасир кылат (эрмендин майы); жүрɵктүн иштешине таасир этет (камфора); жɵтɵлдү жумшартат (кедр майы); ɵпкɵ аркылуу организмден чыгуучу эфир майлар былжыр челдик иштелип чыгуусун күчɵтүп, жɵтɵлдү жеӊилдетет, ж.б.

Азулендер — углеводдор, алар ɵсүмдүк сабагында жүргɵн дистилляция процессинде пайда болот. Алардын курамына ар кандай эфир майлары кирет. Эӊ маанилүү азулен, ромашка, каз таӊдай, эрменде кɵп блот. Азулендин түсү кɵбүнчɵ жашыл келет.

Азулен сезгенүүгɵ каршы таасир берип, шишикти жоёт. Азулен аллергиялык ооруларда, жарааттар ириӊдегенде, күнгɵ күйүп жара пайда болгондо ж.б колдолонулат. Аны менен бирге кɵз, тамак ооруларында, гинекологияда, компресс ванна, оозду чайкоо үчүн тундурма түрүндɵ пайдаланса болот.Азулен бактерияларга каршы таасир этет: ал стафило, стрептококктордун ɵɵрчүшүн токтотот.

Ошондой эле азулендер жоон ичегинин сезгенишинде жана тери ооруларында кеӊири колдонулат.

Чайырлар — ɵсүмдүктɵрдɵ иштелип чыгат. Химиялык түзүлүшү менен структурасы боюнча эфир майларына окшош келет. Чайырлар ɵзгɵчɵ жыттуу, кээде абдан жыттуу болот.

Чайырлар суда ээрибейт, алар органикалык ээриткичтерде жакшы ээрийт. Чайырлар микробдорго каршы, дезинфекциялоочу, жараатты айыктыруучу касиетке ээ. Алар ɵсүмдүктɵрдүн атайын чайыр жылып жүрүүчү жолдорунда топтолот. Ɵсүмдүк ɵскɵн сайын чайырлар сыртка агып чыгып, полимеризацияланып, жабышкак түрдɵ кургайт. Коюлууга учурабаган чайырларды бальзам дейт.

Чайырлар ийне жалбырактуулар, ышкын, сары чай чɵп, ак кайыӊдын жалбырактары менен мɵнчоктору, кара теректин жалбырагында кɵп болот.

Медицинада чайырлардан пластырь, дары майлар, экстракттар жасалып колдонулат. Байыркы Египетте чайырлар ɵлүктү бальзамдоодо пайдаланылган.

Ɵсүмдүк майлары ар кайсы ɵсүмдүктɵрдɵ болот. Мындай майлар дары каражаттарын иштеп чыгууда, кондитер ɵнɵр жайында, тамак-ашка колдонулат.

Жалбыз, зире, корица, гвоздика, шалфей майлары бактерияларга каршы абдан күчтүү таасир этет. Атеросклероздун пайда болушунда майлардын мааниси абдан чоӊ экендиги баарына белгилүү, жаныбарлар майы холестеринге бай, ал кандагы холестеринди кɵбɵйтɵт. Ɵсүмдүк майлары болсо анын тɵмɵндɵшүнɵ алып келет. Ɵсүмдүк майларында каныкпаган май кислоталары (линоль, линолен, олеин кислоталары) бар. Алар холестерин менен байланыш түзүп, бирикмелерди пайда кылып организмден чыгарат. Бул кислоталар алмаштырылбас кислоталар деп аталат, алар организмде синтезделбейт. Эӊ баалу ɵсүмдүк майларына жүгɵрү, күн карама, оливка майлары кирет.

Ийне жалбырактуулардын, тармал аш-кɵктүн, жапайы сабиздин сабагынын майлары заара айдама касиетке ээ. Ал болсо, ошол майларда терпендер менен сесквитерпендердин бар болгону менен байланыштуу.

Эфир майлар болсо тамак-аш ɵнɵр жайында, парфюмерияда, арак, ликёр ɵнɵр жайында кеӊири пайдаланылат.

Ɵсүмдүк гормондору. Кɵп убакыт боюгормондор жаныбарлар организминде гана синтезделет деп айтылып келген. Бирок алар ɵсүмдүктɵрдɵ да болот.

Инсулин сымал заттар. Кант диабетине каршы ар кайсы ɵсүмдүктɵрдүн бɵлүктɵрүндɵ, мисалы, черниканын жалбырагында, грек жаӊгагынын мɵмɵсүндɵ, ноянын уругунда, чалкандын жалбырагында ж.б топтолот. Аларда организмде углевод алмашуусунда таасир этүүчү инсулин сымал заттар бар. Мындай заттарга галенин алкалоиди, инозид аттуу спирт ж.б кирет. Ɵсүмдүктɵн чыгарылган заттардын инсулинге караганда таасири жакшы, алар белоксуз болот. Аны менен бирге, ɵсүмдүктɵр препараттарын кɵп убакыт бою кабыл алса жарайт. Ɵсүмдүктүн эстрогендүү заттары жыныс бездеринин гормондук активдүүлүгүн күчɵтɵт. Эстрогендүү заттар шалфейде, жаӊгакты ичиндеги анны бɵлгɵн кабыкта, кулмакта бар экендиги далилделген. Гистамин. Гистамин ткань гормону катары адамдын организминде манилүү роль ойнойт. Аз ɵлчɵмдɵ гистамин чалкандын жалбырагында бар. Гистамин гескин түрдɵɵ артериялык кан басымды тɵмɵндɵтɵт, организмдин кээ бир функцияларына терс таасир тийгизет. Ошондуктан гистаминге каршы заттары болгон ɵсүмдүктɵр чоӊ мааниге ээ. Аларга ит уйгак, чынсай, фиалка, тикендүү маӊкоо кирет. Холин— ацетилхолин медиатторунун составдык бɵлүгү. Ал койчу баштыкта, сары чай чɵптɵ, каакымда ж.б табылган. Ɵт жана заара жолдорунун кыймыл-аракеттерине таасир этет; кан тамырларды кеӊейтет; ассимиляция жана диссимиляция процесстерин күчɵтɵт.

Холинге бай ɵсүмдүктɵр генатин, диатезде колдонулат.

Дийодотиронин — калкан безинде синтезделүүчү тироксин гармондорунун бɵлүктɵрүнүн бири болуп эсептелет. Ал фикуста, Исландия мохунда, ж.б-да бар.

 

үн биологиялык активдүү заттарынан эӊ маанилүү орунду витаминдер ээлейт. Витаминдер структурасы менен физиологиялык бирикмелер. Алардын аз эле ɵлчɵмү адам менен жаныбарлардын нормалдуу ɵɵрчүшүнɵ абдан керек.

Витаминдер негизги азык заттардын (белок, майлар, углеводдор) сиӊирилүү процессин жɵнгɵ салат. Витаминдер жетишсиз болгондо зат алмашуу, органдардын иштеши бузулат, ишке жɵндɵмдүүлүк тɵмɵндɵйт. Азыркы кезде 30 га жакын витаминдер бар.

Жаныбар организми сырттан 20-га жакын витаминге муктаж болгону анын жашоо жана иштɵɵ шартына, ден соолуктун абалына, жылдын мезгилине жана түрдүү факторлорго кɵз каранды. Витаминдердин курамы ɵсүмдүк менен жаныбарларда ар кандай болот. Витаминдердин кɵпчүлүгү ɵсүмдүктɵрдɵ болот. Кээ бир витаминдер ɵсүмдүк клеткаларында кездешпейт жана алар жаныбар организминде алар ɵсүмдүктɵр менен кирген заттардан иштелип чыгат.

Мисалы, ɵсүмдүктɵрдүн бардык жашыл бɵлүктɵрүндɵ кызыл-сары хлорофилл жашынган түрдɵ болот. Ал сары мɵмɵлɵрдɵ (абрикос, менен чычырганакта) бар. Чɵп жеген жаныбарлардын организминде каротин А витаминине айланат. А витамини А провитамини-каротин түрүндɵ сабизде, тармал аш кɵктɵ, капуста, помидордо, салата, жашыл буурчакта, карагатта, чиеде, абрикосто,сары чай чɵптɵ, теӊге гүлдɵ, каз таӊдайда бар.

В тобундагы витаминдер, В1 (тиамин) дан азыктарда, чанактуулардын уругунда, сабизде, помидордо болот. В2-ачыткычта, соя, картошка, капуста, сабизде, буурчакта бар. В3-(пантотен кислотасы) пиво ачыткычында жана дан азыктарында кɵп болот. В6(пиридоксин)-ачыткычта, дан азыктарда, нол, жүгɵрү, ɵнүп чыккан буурчакта кɵп. В12 (цианкобаламин) кɵк-жашыл балырларда, актиномицеттерде, бактерияларда бар. В15(пангам кислотасы) кɵпчүлүк ɵсүмдүктɵрдүн курамына кирет.

РР-ачыткычта, буудайда, капустада, гречкада, жүгɵрүдɵ, сабизде, алмада бар. С витаминге капуста, сабиз, карагат, алма, лимон, ит мурун ж.б бай келет. Е витамини (токоферол)- ɵсүмдүк майларында (соя, бурчак, жүгɵрү, күн карама) кɵп. Е витаминге ɵнгɵн буудай, беденин жалбырагы, кычы бай.

К витамини (филлохинон)-сабизде, чалканда, люцернада, буурчак тууларда, каз таӊдайда, четиндин мɵмɵсүндɵ бар.

Р витамини (биофлавоноид)-ит мурундун ашында, жүзүмдɵ, карагатта, апельсинде, лимондо, кɵк чайда, кара мурчта, ышкынды ж.б. бар.

U витамини- капуста менен жашылчаларда. Н витамини (биотин) буудай, картошкада болот.

Минералдык туздар-адамдын организминде маанилүү роль ойнойт. Алар клеткалык жана клетка аралык суюктуктардын курамына кирет. Бул туздар физ-химиялык процесстердин тура жүрүшүн камсыз кылат, организмдин зат алмашуу процесстеринде катышат, нерв менен булчуӊдары иштешине кɵмɵк берет.

Калий туздары организминде суу, натрий, углеводдордун алмашуусун жɵнгɵ салат; нервдердин дүүлүгүсүн ɵткɵрүүдɵ катышат. Калий туздарына картошка, капуста, фасоль, түрп, тармал аш кɵк, абрикос, мурч, карагат бай келет.

Кальций туздары. Кандын сары суусунун курамына кирет. Сɵɵк тканынын калыптанышында, канн уюу процессинде, нерв дүүлүгүсүн ɵткɵрүүдɵ катышат. Кальций туздарына капуста, салат, жашыл буурчак, фасоль, тармал аш кɵк, абрикостор бай.

Магний туздары кɵбүнчɵ дан азыктарында топтолгон. Ал туздар киш миште, абрикосто, тармал аш кɵктɵ да бар. Магний организминдин ферменттик системасына кирет, углевод жана фосфор алмашуусуна катышат.

Фосфор туздары. Организимдин муктаждыгы 2г. Алар белок, майлардын курамына кирет; зат алмашуунун бардык процесстеринде катышат. Фосфор туздары капустада, сабизде, жашыл буурчакта, абрикосто, шабдаалыда, тытта кɵп.

Темир туздары. Адамга суткасына 15-20 мг керек. Анын негизги касиети- кан пайда болууда катышат, гемоглабиндин курамына кирет. Темир туздары алмада, алмурутта, шабдаалыда, абрикосто, чиеде кишмиште, айвада, чалканда, тармал аш кɵктɵ кɵп.

Ɵсүмдүктɵрдɵ кремний заттары да бар. Мисалы, кырк муундан, суу кымыздыктан табылган. Бул заттар адамдын канында, терисинде, былжыр челинде дайыма болот. Анын негизги касиети ал кан пайда боллуда катышат, гемоглобиндин курамына кирет. Кремний алмада, алмурутта, шабдаалыда, абрикосто, чиеде, айвада, хренде, кырк муунда, чалканда бар. Ичегиден сиӊирилгенден кийин булл заттар канга ɵтүп, илээшкичтигине таасир этет. Кремний заттары ички кан агууну да токтотушу мүмкүн. Бул заттар майда кан тамырлардын ɵткɵргүчтүгүн азайтып, кан токтогуч, сезгенүүгɵ каршы таасир берет. Кремний заттары кургак учук менен жабыркагандарга жардам берет. Анда каверналардан кан агуу азайят, организимдин ооруга туруктуулугу күчɵйт, тамакка табити тартып, семире баштайт, түнкү ɵтɵ тердɵɵдɵн кутулат. Оорулуулардын какырыгында бузулган туберкулёздун микобактериялары табылат. Ага себеп-фагоцитоздун күчɵгɵнү.

Микроэлементтер организминде аз ɵлчɵмдɵ болсо да, алар анда ɵтүүчү биологиялык процесстерде маанилүү ролду ойнойт. Микроэлементтерге жез, марганец, цинк, хром, кобальт, йод, бром, ж.б, кирет. Алар кандын сары суусунун, ферменттердин, гормондордун курамына кирет. Кɵпчүлүк оорулардын себебинин бири-топурактын ар кандай химиялык түзүлүшүндɵ жана ɵсүмдүк менен жаныбарлардын продуктулары ага кɵз каранды болгондукта экендиги далилделген. Организмде жүрүүчү зат алмашуу процесси, акын ичинде клетка аралык, жогоруда айтылган химиялык элементтердин катышуусу В12 витаминдин (цианкобаламин) курамына кирет. Кобальт менен цинк уйку безинин гормону-инсулиндин синтездɵɵсүн камсыз кылат. Йод болсо калкан безинин гормонунун структуралык компоненти болуп эсептелет.

Жез зат алмашууда ткандардын дем алуусунда, марганец менен бирге кан пайда болууда катышат. Жез гипофиздин гормонуништелип чыгуусун күчɵтɵт. Жез жер-жемиштерде, күн карама майында, буурчакта, жашылчаларда, кургатылган алма менен алмурутта бар. Марганец белоктордун алмашуусн активдештирет. Марганец буурчакта, дан азыктарында, тармал аш кɵктɵ, алмада, кара ɵрүктɵ бар. Ошентип, микроэлементтер белок, май, углеводдор менен минералдуу заттардын алмашуусун, кан пайда болууну, кɵбɵйүүнү жɵнгɵ салат. Ошондуктан, микроэлементтердин жетишсиздигинен ар кайсы оорулардын келип чыкканына таӊ калбаш керек.

Кобальт ɵчпɵс гүлдɵ, аюу кулакта, буурчакта, кызыл мурчта бар. Кобальт менен никль жапайы алмурутта дагы болот.

Кан пайда болу органдарынын иштешин күчɵтүүдɵ хром чоӊ ролду ойнойт. Ага черниканын, тыттын мɵмɵлɵрү, черниканын жалбырактары, бүтɵɵ (дельфиниум), ышкын бай келет. Аз ɵлчɵмдɵ хром чалканда, рутада, хренде, моюлда бар. Хромдун организминде жетишсиз болгону кант диабетине алып келиши мүмкүн.

Ванадий микроэлементи кычкылдануу жана ɵз калыбына келтирүүчү процесстерди жɵнгɵ салууда катышат.

Цирконий ткандардын ɵсүн-ɵнүгүшүн күчɵтɵт, ал помидорлордо абдан кɵп. Йод деӊиз капустасында, бүтɵɵдɵ, кара теректин бүчүрлɵрүндɵ; молибден капуста, сабизде; цинк бүтɵɵнүн тамырында, жапайы сабизде, кычынын чɵбүндɵ, ак кайыӊдын бүчүрлɵрү менен жалбырагында болот. Селен жетишсиздигинде булчуӊдар бошоӊдойт, кɵз жакшы кɵрбɵй калат.

Органикалык кислоталар. Ɵсүмдүктɵр ар кандай органикалык кислоталарга бай келет. Алардын ичинен валерьян, изовалерьян кислоталары жɵнɵкɵй түрдɵ же татаал эфирлердин түрүндɵ белгилүү. Жогоруда айтылган кислоталар мышык тамырда, каз таӊдайда, кулмакта бар.

Каныккан жана каныкпаган кислоталар глицерин менен татаал эфирлерди пайда кылып, ар кайсы ɵсүмдүктɵрдүн майларынын курамына кирет (мисалы, күн караманын даны, ɵнгɵн буудай, жүгɵрүнүн данынан чыгарылган майлар). Каныккан май кислоталары (олеин, линоль жана линолен) организмдин терс таасир этүүчү факторлорго карата туруктуулугун күчɵтɵт.Организмде алардын жетишсиздиги болгондо жыныс бездеринин функциясы бузулат. Бул кислоталар кандагы холестериндин активдүүлүгүн тɵмɵндɵтɵт, атеросклероздун алдын алат. Ɵсүмдүктɵрдɵ щавель, малон, уксус кислоталары бар. Алар спаржанын мɵмɵү менен жалбырагында, черникада, четинде болот.

Оксикарбон кислоталарына алма, лимон кислоталары кирет. Алар алма, алмурут, малина, лимондо кɵп. Жыпар жытту карбон жана оксикарбон кислоталарынан бензой, салицил кислоталары белгилүү. Булар эфир майлары менен байланыштуу болот. Бул кислоталар ромашкада, фиалкада, мажүрүм талда, эрменде бар.

Антибиотик заттары. Буларды тɵмɵнкү ɵсүмдүктɵр гана эмес, жогорку баскычтагы ɵсүмдүктɵр да иштеп чыгат.

Кɵпчүлүк ɵсүмдүктɵрдɵ антибиотик заттар болсо дагы, алар ɵсүмдүктɵрдɵ башка бирикмелер менен тыгыз байланышта болгондуктан, аларды таза бойдон бɵлүп чыгаруу болбойт экен. Бул заттар ар түрдүү микроорганизмдердин (стафило-стрептококкторду, туберкулез мигеобактериясын) ɵсүшүн токтотот же ɵлтүрɵт. Антибиотиктерге черника, чеснок, аюу кулак, ɵчпɵс гүл, пияз, уйгак, пижма бай келет.

Ɵсүмдүк антибиотиктери элдик медицинада эзелтен бери колдонулуп келген. Мисалы, уйгактын тамыры менен жалбырактары ириӊдеген жарааттарда, бɵйрɵк менен табарсык сезгенгенде кеӊири колдонулуп келе жатат. Мындай антибиотиктер сары чай чɵптɵ, ɵчпɵс гүлдɵ, карындыздын тамырында да бар.

Антибиотик заттарынан ɵзгɵчɵ фитонцинддер чоӊ мааниге ээ. Булар-органикалык заттардын татаал комплекси. Алар ɵсүмдүктɵ микробдордон ɵзүн-ɵзү коргоо үчүн иштелип чыгат. Анда микробдордун клеткаларында түрдүү ɵзгɵрүүлɵр пайда болуп, микробдордун ɵсүп-ɵɵрчүшү токтоп калат. Ɵсүмдүктɵрдүн фитоциддери кемирүүчүлɵрдү чочутат, кээ бир ɵсүмдүктɵрдүн ɵсүшүн күчɵтɵт, кээ бириникин токтотот. Булар топуракта да жашаган микроорганизимдерди да ɵстүрɵт.

Жерде, сууда ɵскɵн ɵсүмдүктɵрдɵ фитоциддер иштелип чыгат. Ар кайсы ɵсүмдүктɵрдɵ алар ар кандай активдүүлүктүн даражасында болот. Кээ бир ɵсүмдүктɵр оӊой учуучу фракцияларды иштеп чыкса, башкаларында аз учкан, же учпаган фракциялар чыгат. Жылдын мезгили, аба ырайы, сутканын мезгили, топурактын курамына жараша ɵсүмдүктɵр ар кандай ɵлчɵмдɵгү жана ар түрдүү эффекти болгон фитонциддерди чыгарат; кээ бир ɵсүмдүктɵрдүкү-микробдорду ɵлтүрɵт, кээ бири алардын ɵсүп-ɵɵрчүшүн токтотот.

Фитонциддердин оӊой учуучу фракциялары (бɵлүктɵрү) ɵсүмдүктɵрдүн жер үстүндɵгү бɵлүктɵрүнɵн абага учат; жер алдындагы бɵлүктɵрүнɵн учпаган фракциялар+топурака, суу ɵсүмдүктɵрүнɵн болсо сууга чыгат. Фитонциддер ɵсүмдүктɵрдүн ички ткандык ширесинде топтолот. Фитонциддер микроорганизмдерге ɵзүнүн коргонуч механизмдерин түзүүгɵ жол бербей, микроорганизмдердин генетикалык аппаратында ɵзгɵрүлɵр пайда болойт, башкача айтканда фитонциддердин мутагендик касиеттери жок. Ошондуктан, ɵсүмдүктɵн чыккан фитонциддерди кеӊири пайдаланганда бактериялардын туруктуу, ɵзгɵрүлгɵн формалары пайда болот.