Ичке жалбырактуу кипрей (Кипрей узколистный, Chamerion angustifolium)

Кипрей уруусунан – Onagraceae.

Көп жылдык чөп өсүмдүгү. Тамыр сабыгы жоон, сойломо; вертикалдуу жана горизонталдуу тамырларында көптөгөн кошумча бүчүрлөр пайда болуп, тез вегетативдик көбөйүүгө түрткү берет. Бутагы түз, бийиктиги 50-150 (200) см, тегерек, жөнөкөй, жылаңач, жалбырагы жыш болот. Жалбырактары кезектүү сапсыз, кээде абдан кыска саптары болот; түз ланцеттей, учу ичке, түбү тегерек. Чети майда тишчелүү же бүтүн, үстүңкү бети кочкул жашыл, жаркыраган, асты көк-жашыл, кызыл, жаркыраган, асты көк-жашыл, кызыл, кээде мала кызыл. Топ гүлү –чачы. Мөмөсү – бир аз кыйшыйган, кутуча. Уруктары жылаңач, сүйрү, үстүңкү бетинде узун, ичке, ак чачтары бар. Июль-сентябрда гүлдөйт. Мөмөлөрү август-сентябрда бышат.

Кумдуу жерлерде, ачык токойлордо, темир жолдун четинде, талаада өсөт. Бардык жерде таралган. Тамырлары менен жалбырактарында 10-20% ийлөө заттары, 0,4%-ке жакын аскорбин кычкылы, каротин, канттар, пектин заттары, былжырлар, алколоиддер; уруктарында – 40-45% май бар. Богонтонгонго чейин чөбүндө 20% белок, фосфор, калий, кальций, кобальт туздары, 15%ке чейин былжырлар топтолот.

Элдик медицинада өсүмдүктүн жалбырактары менен гүлдөгөн бөлүктөрү жараатты айыктырууга, отитте, ангинада, карын жана он эки эли ичегинин жара оорусунда, шакыйда, сеп алдырма дары катары колдонулуп келген.

Өсүмдүктү мал жакшы жейт. Бал өндүрүүдө нектарындагы глюкоза менен фруктоза көп болгондуктан, аш абдан баалуу өсүмдүк. Андан чыккан бал тунук, жашылыраак түстө, назик даамдуу. Кооз өсүмдүк, жолдордун четинде өстүрсө жарайт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: