Кардамон (Кардаман, Elettaria cardamorum)

Имбирлер уруусунан

Көп жылдык чөп өсүмдүгү. Тамыр сабагы чоң, ал бир нече бийиктиги 2-3 м болгон чөптүү сабактарды пайда кылат. Жалбырактары жазы ланцеттей, узун (60см-ге чейин). Топ гүлү – узун чачы. Гүлдөрү кооз, ак гүл коргону, чети саргыч ак эрини бар. Мөмөсү – кутуча.

Түштүк Индиянын кымдуу токойлорунда өсөт. Индиядан башка Шри-Ланка жана башка тропика өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кээде отоо өсүмдүгү катары жайылган. Мөмөлөрү быша электе жыйналат. Кургак кутучаларынын узундугу 1- см-ге чейин, ачык саргыч түстө, овалдуу, уч кырдуу, даамы, жыты жок, тез сынат, жыгачтай, анда 20-га жакын уругу бар. Уруктарынын узундугу 4 мм-ге чейин, туурасы – 3 мм, бырыш, кара күрөң түстө. Мөмөлөрүнүн эфир майы учуп кетпес үчүн кутучасын бузбай сактайт. Уругунда 3,5-8% эфир майы, крахмал, май, кальций оксалаты бар. Майында лимонен, терпинеол, борнеол, цинеол ж.б. бар.

Кардамондун даамы керемет, жыпар жыттуу, күйгүзгөндөй. Кургатылган мөмөлөрү кара кофе менен чайды ароматташтырууга, нан, колбаса, маринаддарды, татымалдарды жасоодо жасоодо колдонулат. «Кэрри» аттуу тамылдын курамына кирет. Эфир майы ликер, консерва, тамеки, медицина өнөр жайларында керектейт. Байыркы Греция, Римде жана орто кылымдагы Европада медицинада тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн, Шакыйда, ич көпкөндө колдонулуп келген. Азыркы кезде көпчүлүк өлкөлөрдө кардамон астмада, шакыйда, тамак сиңирүүнү жакшыртуу, же чыгаруу үчүн колдонулат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: