Аары менен осүмдүктөрдүн ортосундагы байланыш

Бакма аарылар гүлдɵн гүлгɵ тынбай учуп жатып ɵзүнүн жашоосуна азык жыйнап,уясына топтойт.Ал азыктардын негизги булагын ɵсүмдүктɵр түзɵт. Ɵсүмдүктɵрдүн уруктанышы болсо чаӊдашуудан башталат. Чаӊдашуу ɵсүмдүктɵрдɵ чаӊдыктагы чаӊчанын энеликтик чаӊалгычына (жабык уруктуулукта ) же түз эле урук бүчүргɵ (жылаӊач уруктууларга )келип түшкɵндɵн чыгат. Чаӊдашуудан кийин чаӊчадан чаӊча түтүкчɵсү ɵсүп чыгып урук бүчүргɵ жетет. Бул түтүкчɵ аркылуу эркектик жыныс клеткалар-спермийлер энелик клетканы уруктандырат. Уруктанган энелик клеткадан түйүлдүк ɵɵрчүйт. Жабык уруктуулардын чаӊдашуусу эки түрдүү (кайчы чаӊдашуу жана ɵзүн ɵзү чаӊдаштыруу) болуп жүрɵт. Бир гүлдүн чаӊчасы ушул эле ɵсүмдүктɵгү экинчи гүлдүн же башка ɵсүмдүктүн гүлүнүн энелигинин чаӊ алгычына келип түшсɵ-кайчы чаӊдашуу,эл эми гүлдүн аталыгынын чаӊчасы ушул эле гүлдүн энелигинин чаӊ алгычына келип түшүшү- ɵзүн ɵзү чаӊдаштыруу деп аталат. Ɵзүн ɵзү чаӊдаштыруудан пайда болгон муунгча эненин гана тукум куугучтук белгилери берилсе,кайчы чаӊдашууда муунга ар түрдүү (ата-энеден )келген тукум куугучтук белгилер ɵтɵт. Ɵзүн ɵзү чаӊдаштыруучу ɵсүмдүктɵрдүн гүлдɵрү эки жыныстуу,аталыктары менен энеликтери бир мезгилде жетилет да,чаӊчалар чаӊ алгычка оӊой эле түшɵт чаӊ алгыч шамал,чымын-чиркей, кээде канаттуулар, жарганактар, суу аркылуу ишке ашат.

Шамал аркылуу кɵбүнчɵ дарак, бадал жана дан ɵсүмдүктɵрү чаӊдашат. Булардын чаӊчалары эӊ кɵп санда болуп, майда, жеӊил келип, абанын агымы менен оӊой эле таралат. Гүлдɵгү энеликтердин чаӊ алгычтары тармактуу, түктүү болуп, абадагы чаӊчаларды кармап калууга ылайыкталган. Гүлдүү ɵсүмдүктɵрдүн 80%ке жакыны чымын-чиркей аркылуу чаӊдашат. Алардын гүлдɵрү кызыл-тазыл түстүү, жыттуу жана нектарлуу болот. Чаӊчалары кɵп учурда жабышчаак келип, чымын менен аарылар нектар жана чаӊчалар үчүн гүлдɵн гүлгɵ учуп конуп жүргɵндɵ бул чаӊчалардын белгилүү бир жабышкактуу касиети болгондуктан, чаӊчалар аарылардын денесине жабышып таралат.

Ошентип, кɵпчүлүк гүлдүү ɵсүмдүктɵрдү чымын-чиркейлердин ичинен негизинен алардын жогорку формасын түзгɵн аарылыр чаӊдаштырат. Алгачкы аарылар чаӊча жана нектар менен тамактанып, бир эле учурда ɵсүмдүктɵрдү кайчы чаӊдаштырып уруктанууга жардам берген. Аны алар бир негизги багыт менен жүргүзгөн. Акырындык менен кɵптɵгɵн үй-бүлɵлүү бакма аарылар түзүлгɵн. Алар бир нече миӊден уюшуп, балдын мол запастарын топтоого ылайыктуу болуп чыккан. Кайчы чаӊдашуу гүлдүү ɵсүмдүктɵрдүн жаӊы түрлɵрүнүн келип чыгышына түрткү берип, натыйжада ɵсүмдүк дүйнɵсүндɵ жашоого абдан жɵндɵмдүү болгон жана кɵп уруктануучу ɵсүмдүктɵрдүн үстɵмдүк кылуусуна алып келген.

Эгилме жана жапайы ɵсүмдүктɵрдүн кɵпчүлүгү абдан нектарлуу келгендиктен, алар аарычылыктын негизги базасын түзɵт. Аары Кыргызыстанда эгилме жана жапайы ɵсүмдүктɵрдүн 200дɵй түрүнɵн (эспарцет, беде, акация, тал,айва, ɵрүк, кара ɵрүк, алма, алмурут, күн карама, пахта, четин, гүлкаир, бɵрү карагат, долопо, чие, кымыздыктар ж.б) бал жыйнайт. Ар бир бал челектен бир сезондо 30-50кг бал, 1кг мом жана бир жаш уюк алууга болот. Чүй менен Ош облустарында эрте жазда бал челектер бак ичине жайгаштырылат. Кийин жайытка же ɵрɵɵндɵгү эспарцет жана пахта талаасына жакын коюлат

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Аарынын жашоосу

Аары биздин планетадагы жашоочулардын эӊ байыркысы болуп эсептелет. Алар байыркы адамдан мурда 55-60 миллион жыл мурда жаралган. Эчактан бери адам менен жаратылыштын бул уникалдуу жандардын ортосунда тыгыз байланыш пайда болгон. Адам илгээртен эле аарынын жашоосунан келип чыккан бардык продуктуларды-балды, аарынын уусун, прополисти, момду, перганы пайдаланып келген.

Маданияттын эски замандын таш кылымынан калган эстелиги- балды таап чыгарган адамдын ташка түшүрүлгɵн сүрɵтү Испаниядагы Валенсия шаарынын жанынан табылган.

Байыркы Египетте аары ыйык деп эсептелген, аарыга адам сыйынган, ага арналган обелисктер орнотулган. Аарынын балынын таттуулугунан башка байыркы адам анын дарылык касиеттерин да биле баштаган. Жүздɵгɵн жылдар бою кызылча менен тростник канты пайда болгончо , бал жалгыз гана таттуу продукт болуп келген. Аны курмандык кылууда ɵлгɵндɵрдүн жанына эӊ жакшы тамак катары коюп койгон. Балдын дарылык касиеттери, ден соолук жɵнүндɵ маалыматтар байыркы дарыгерлердин чыгармаларында сүрɵттɵн жазылган.

Бал кайдан, кантип пайда болот? Балды аары жаратат. Бакма аары(Apis millifеra)-жаргак канаттуулар тукумуна кирүүчү уюк-уюк болуп жашоочу аарынын тукуму. Денеси түктүү, узундугу 1,5 мм ден 5 см-ге чейин болот. Денеси жалтырак, саргыч түктɵр менен капталган. Бутунун учунда эки ача тырмагы болот. Аарынын ооз органдары кемирүүгɵ, жалоого ылайыкталып жаралган. Аарынын 30 миӊге жакын түрү белгилүү. Алар уюкташып жашоочу,жекече жашоочу жана күкүк аары болуп бɵлүнɵт. Уюкташып жашоочу аарылар жер шартына жараша дарак кɵӊдɵйүнɵ, таштардын коӊулуна, жардын же тамдын кычыгына уюктайтт. Булар бакма аарылар сыяктуу эле жаӊы уюк бɵлүү менен кɵбɵйтɵт. Аарылар адегенде бакма түрүндɵ Индияда, Кытайда, Японияда, Ыраакы Чыгышта, ɵстүрүлɵ баштаган.Жекече жашоочу аарынын тукуму дүйнɵ жүзүндɵ ɵтɵ кɵп. Аарынын бакчы, гүлчү, жыгаччы, ийинчи ж.б, башка тукумдары бар.Булардын кɵпчүлүгү Орто Азияда, асыресе Кыргызстанда да кездешет. Күкүк аарылар ɵздɵрү уюк жасабай, башка аарылардын уюктарына тукумдайт. Ар уюкта бирден эне аары жана 60-80 миӊ (кышында 10-15 миӊ) ишчи аары болот. Аарылар эне, эркек-«жатып ичер» жана ишчи болуп бɵлүнɵт. Бул үч түрү бир-биринен кебетеси жана кызматы боюнча айырмаланат: эне аары менен эркек аарынын арткы буттарында себети менен щеткасы болбойт, таманында тишчеси да жок. Ишчи аарыда керектүү азык жыйноого ылайыкталган жасалгалары бар. Алардын тили узун, анын учунда кисточкалары ( сабакчалары) болот. Жаактары жакшы ɵɵрчүгɵн, буттарында себетче менен чаӊчаны жыйнагыч болот. Ишчи аарынын боорунун тушу жалтырак күзгүгɵ окшош нерсе менен капталган. Алар аарынын уясын салуу үчүн мом чыгарат.

Ишчи аарынын денесинин ичинде жыйналган материалдарды керектүү багытта кайрадан иштеп чыгарууга ылайыкталган татаал аппараттар бар. Аары керектүүлүгүнɵ карата бал, момду же личинкаларды (аарынын ɵсүп жете элек кези) тоюттандырууга атайын боткого окшош азыкты жаратат.

Эне(ханыша) жумуртка туугандан башка иш менен алектенбейт. Ошондой эле, эркек аары, «жатып ичер» эч нерсе аткарбастан, энени уруктандырат да, андан кийин аны аарылар уюгунан айдап чыгат экен. Бал жыйноо, уюкту таза сактоо, тоюттандыруу жумушун ишчи аарылар аткарат.

Эзелтен бери адам аарылардын уюшкан коомуна абдан кызыгып келген. Анда, уюкташып жашаган аарылардын ар бир мүчɵсү ɵзүнүн күчүнɵ жараша белгилүү ишти аткаргандыгы жана ɵзүнɵ керек болгон нерсе жетишсиз же ашык болбой, ага ыраазы болгондугу боюнча адам ɵзүнɵ аарыны үлгү катарында кабыл алган.

Илгээртен эле аары чарбачылыгы күтүлгɵнүн археологиялык эстеликтер айгине кылат. Адам аарычылыкты кесип кылып, бал, мом менен соода жүргүзгɵн. Азыркы кезде аарычылык жолго коюлуп, бал челектерден бал, мом, прополис жыйноо таралган. Ошондуктан жапайы аарылардын уюгу анча деле кездешпейт. Бул тартиптүү, эстү жаныбарлар бал, момду жыйнап берсин деп, адам аларга ɵзгɵчɵ ылайыкталган жашоо шартын түзүп берген. Адам аарылардын жашоосуна кам кɵрүп, ар кандай кыйынчылыктар болбос үчүн жардам берип турат.

Эски бал челектен аарынын бир аз уюгу учуп жаӊы бал челек издɵɵгɵ умтулат. Бүт уюкташкандар энесинин (ханышанын) тегерегинде чогулат. Бал челекчи мурдатан даярдап койгон бал челегин коюп, учуп келген аарыларды жайгаштырат. Тез эле аарылар иштей баштайт. Аарылар бир-биринин артынан бал челектен учуп чыгып, айлана-чɵйрɵ менен таанышат, челектин ичин да изилдешет. Бул аракеттер уяда эне(матка) болгондо гана жүрɵт. Эгерде, кокусунан эне уюкка кирбей калса, алар ызылдап, баш аламан айланып, жоголгон энени таап алышат. Адамдын жардамы ошондо абдан керек. Бал челекчи ошол же башка матканы бал челекке салганга шашып, алардын бардыгын ордуна келтирүүгө шарт түзөт. Эӊ башында аарылар мом чɵнɵктɵрүн сала баштайт. Аарылар мурдагы жашаган уюктан, алгачкы кезде азык издебегендигин билгендей эле,болгон запастарды жеп тоюп алат. Анан алар ɵзүнүн денесинин сыртына момду чыгарат да жука мом чɵнɵктɵрүн сала баштайт. Алар бир-бирине жапырт жардам берип жумушту иштейт. Ɵзүлɵрүнүн буттары менен коӊшусунун денесинен момдун абдан жука жалбырактарын тазалапалып, аны чайнап, шилекейи менен аралаштырат да, эпке келгич материалды жаратып, текши уякчаны ( чɵнɵкчɵнү) пайда кылат. Ар бир аары ɵзүнчɵ эле материалды ташыгыч, архитектор жана ишчи. Мом уясын сала баштаганда узун, жапыз зигзаг сымал каптал чыгарылат, ага башка пластинка горизанталдык багытта жабыштырылып, түбүн пайда кылат. Бүткүл курулуш алты кырлуу призмалык клеткалардан түзүлүп, анын ар бир капталы математикалык жактан абдан туура кесилген. Ошентип, аарылар бир нече саат бирге иштешип, 10кв.см болгон жаӊы мом уясын салып таштап, тынбастан, убакыт кетирбей, жем издɵɵгɵ учат.

Ар бир аары, учаардан мурда, ошол жерди так эстеп калууга аракет кылат. Ошондуктан уча турган жерден лёткадан (андап арт жагы менен чыгат) чыгаардан мурда, лётканын астындагы тактайга отуруп, айланасына кɵӊүл буруп карайт.Кийин бир аз учуп кетип, бал челекти бир нече жолу айланып учуп, кайрадан летокко отурат. Андан кийин экинчи, үчүнчү жолу учат да , айлануу чөйрөсүн кеӊейтет.

Ошентип , аары өзүнүн жайгашкан жерин эстейт да, тезинен учуп кетип,кɵрүнбɵй калат. Азык издеп кеткен аары эки саатка чейин жоголот. Ал гүлдɵрдү, ак кайыӊдын, ийне жалбырактуу дарактардын, эгерде жакын жерде кант заводу жайгашса,( кɵп учурда ɵзүнүн ɵлүмүнɵ карай) ага да жетип барат. Татту суюктукка аябай тоюп алып, уча албай, айнектерге урулат, алы кетип, аягында жыгылып ɵлɵт.

Бал челекке аары абдан тоюп келет. Эӊ башында ал летоктун астына олтурат, кыйын жолдон кийин бир аз эс алат. Андан кийин акырын ичине кирип, алып келген азыктарынан бошойт. Ага башка ишчилер жардам берет. Алар ɵзүлɵрүнүн тили менен аары алып келген таттуу суюктукту жалайт, башкалары балдын таза , тунук тамчыларын бал кɵбүкчɵсүнɵн тандап алат. Гүлдɵрдүн чаӊчасын аары ɵзүнүн түктүү чеӊгелдери менен жыйнайт. Жыйналган чаӊчаны ɵзүнүн безчелери чыгарган майлуу маӊыз менен цементтеп, аны ɵзгɵчɵ себетчеге топтойт; чайырлуу заттар болсо аарыга курулуш материалы катары керек, андан аарылар прополисти жасап, ар кандай жылчык менен тешиктерди туюуктайт. Эгерде леток абдан чоӊ болсо, аны аарылар каптал жагынан кичирейте баштайт. Прополис аарылардын бардыгы биригип бɵтɵн нерселерди бал челектен жоготууга чыгара албай калганда, аны думбалап жаап койгонго керектелет. Аны уза дейт.

Мисалы, эски бал челектен кɵп учурда прополис (уза) менен капталган ɵлүп калган чычкан же куртту тапса болот. Ошентип аарылар прополистин жардамы менен абаны бузуучу чириткич процесстердин пайда болушун алдына алат экен.

Талаада ɵсүмдүктɵр гүлдɵп жаткан мезгилде аарылар тынбай иштей берет. Алар балдын запастарын чогултат, тынбай мом чɵнɵкчɵлɵрүн кура берет. Иштɵɵгɵ жɵндɵмдүү болгон аарылар кызмат кылат. Эркек аарылар бекер тамакты жеп жаткандыктан («жатып ичээр») керек эмес болуп, ишчи аарылар аларды кийин кууп жиберет. Күн ачык кезде түшкɵ жакын алар сыртка чыгып сейилдейт. Ошол кезде да «ханыша» ийинден учуп чыгып эркек аары менен катнашат. Андан кийин «ханыша» жумурткаларды туйт. Бир нече жылдын (4-5 жыл) ичинде 50-60 миӊге жакын жумуртка туйт. Жайында суткасына ал 2-2,5 миӊ жумуртка туйт. Уянын чоӊдугуна жана тамактануулуп сапатына жараша ишчи, «жатып ичээр» же матка аарылары ɵсүп чыгат.

Ханышанын жумуртка туушу ɵзгɵчɵ каада (церемония) менен жүрɵт. Матка (эне) ɵзүнɵ жакын келген бир нече ишчилер менен бирге мом чɵнɵкчɵлɵрүн кыдырып, бардыгы ордунда экендигин кɵрɵт. Ханышанын жан-жɵкɵрлɵрү аны колдоп, сылайт,жалайт, ага жакшы балды тандап келишет. Матка чɵнɵкчɵнүн капкагын ачып , ага мурда башы менен кирет да, андан бир эле тоголок жумурткасын туйт да, анан башка мом чɵнɵкчɵгɵ ошол аракетти жасайт. Ошол кезде ишчилер жумурткалардын жанына бир аз килкилдек суюктукту чыгарышат. Суюктуктун курамына бал, гүл чаӊчасы жана суу кирет. Ал чайналып иштелип чыккан нерсе. Андан кийин уянын капкакчасы жабылат. Тɵртүнчү күнү эле жумурткадан личинка пайда болот да, ал ошол эле мезгилде тамакты жей баштайт. Ишчи аарылар тынбай аларга тамак ташыйт. Ошентип, алты күндɵн кийин личинка чоӊоюп чоӊ, семиз болуп калат. Анда ишчилер уянын формасын бир аз ɵзгɵртɵт, каптаалд арынын бирин чоёт да, ичине карай ийет. Эгерде суук болуп калса, аарылар ɵзүнүн денеси менен личинканы жылытат. Личинка болсо жибек желе менен капталып, түлɵйт жана куколка( личинкадан кийинки түр ))кыймылдабастан жатат. Жумуртка салынгандан 21-чи күн болгондо чɵнɵкчɵнүн капкакчасы кɵтɵрүлүп, андан калыптанган ишчи аары жылып чыгат. Бошогон камера тазаланып, ал жаӊы жумуртка жайгашышына даярдалат. Чɵнɵкчɵдɵн чыккан жаш аары керилип, канатчаларын серпийт. Аны тегеректеген аарылар жаӊы пайда болгон аарыга сүйүнүп, жалайт, тамактандырат. Бирок бул камкордук кɵп убакытка созулбайт. Бир нече сааттан кийин жаш аары чындалып, башка аарылардай эле ишке киришет.

Бирок, кɵп учурда эки жаш аары биринчи жумада чɵнɵкчɵдɵ калып тиричилик кызматын аткарат. Аларда тажрыйба болбогондуктан, жолду таап кайра келе албай калышы мүмкүн[i].

Ошентип жай бою күндɵр ɵтɵ берет. Матка дагы эле жаӊы жумурткаларды сала берет; чɵнɵкчɵлɵрдɵ аарылардын саны тез эле ɵсɵ берет. Ɵзгɵчɵ жагымдуу шарт болгондо жаш бал челектен биринчи болуп аарылардын жаӊы уюгу учуп чыгат. Ишчи аарылар жана эне аары бир эле уядан чыгарылгандыгы биологиялык жактан абдан эле жакшы.Бирок ,анын бардыгы тамактануу шартына байланыштуу болот. Матка чыга турган чɵнɵкчɵ башкалардан ɵзгɵчɵ чоӊураак келет.

Азыркы кезде биология аарыларды жакшы изилдеген. Ишчи аарыда, «ханыша» аары да уруктанган жумурткадан, эркектери уруктанбаган жумурткадан чыгат экен. Ишчи аарылар менен жаш матканын ɵсүп ɵɵрчүшү тамактын сапатына байланыштуу болот. Келечекте болуучу «ханышаны» личинка кезинде эле аарылар жакшы багат. Башка аарыларга андай сапаттуу жана кɵп ɵлчɵмдɵгү тамак берилбейт экен.

Ошондуктан, кɵпчүлүк аарылар жетилип ɵспɵй чыгат, матка болсо кадимки ɵɵрчүп ɵскɵн ургаачыга айланат. Жайдан кийин күз келип, аарылар суукка чыкпай, кɵбүнчɵ уясында бекер эле бойдон жатышат. Уясында запастары кɵп болгондуктан, алар азыксыз калбайт.

Аарылардын уюкташкан тартипте болгону менен бирге, алардын ɵзүлɵрүнүн кылмышкерлери бар: алар аарыларга аралашып башка уяга кирип, алардын жемин уурдайт экен.

Ага каршы туруштук берүү үчүн аарылардын ɵзүнүн системасы иштелип чыккан. Летканын үстүнɵ аарылар күзɵтчүлɵрдү коёт, алар ар бир учуп келген аарыга кɵӊүл буруп карап, аны жыттап, ɵзүлɵрүнүкүн тааныйт. Эгерде башка аары келсе, аарылар тобу менен ал ууруга кол салып кууп кутулат экен. Бирок,тырышпаган ээлерден кыска эле мɵɵнɵттɵ аарынын мом уялары бүт бойдон уурдалат. Бул абал кɵп кездешкенинин себеби тɵмɵнкүдɵ болушу мүмкүн, бир-бирине жɵɵ болгон «ханыша» бир уячада жашап, андагы аарылар эки партияга бɵлүнɵт же болбосо, керек эмес эркектердин бардыгын ɵлтүрүшɵт. Ошол учурда уурулар болгон бал запастарын уурдап качышат.

Ар бир аарынын жашоо мɵɵнɵтү 6 жумадан ашпайт. Ошондуктан аарылырдын саны тез ɵспɵйт жана ал ɵсүү матканын кɵп талдай-тургандыгына жараша жүрɵт.

Суук түшɵɵрү менен аарылар кыштаганга камына баштайт. Аарычылар бал челектерди атайын жабык жайга киргизип коёт. Жапайы аарылар кышкы суукта уясындагы ар бир жылчык-тешиктерди бүтɵп, учуп чыгуучу тешикти(летокту) абдан кичирейтип бүтɵп таштап, бир-бирин жылытыш үчүн үймɵктɵшүп жатышат. Кышында челектин температурасы +8 градустан тɵмɵндɵбɵйт экен. Аарылар кышында суусаганда суу ичкенге бал челектен суу издеп учуп чыгат, себеби аларда суу запасы болбойт. Бал челектин ичиндеги абанын тазалыгына аарылар чоӊ кɵӊүл бурат. Кээде аарылар алар катарга туруп, канаттарынын кыймылдарын бир-бири менен шайкеш кылып тынымсыз күүлɵп желдетүү жүргүзɵт. Ошондо аба жүрүп,бал челектин атмосферасы тез тазаланат. Суук абдан катуу болгон кезде аарылыр кеймылсыз абалда болот. Башка күндɵрдɵ болсо тынбай аракеттенишет: бири чɵнɵкчɵнүн момунан тазаланып,балды ташыса,экинчиси аны оӊдойт, үчүнчүсү дагы башканы жасайт.

Февралдын орто ченинде матка жумуртка тууйт,бирок жаӊы тукум кышкы суукта ɵлɵт. Жазында күн ачык тийгенде аарылар бир-биринин артынан бал челектен учуп,үйүн желдетип,аны тазалайт .Алар ɵлгɵн аарыларды биригип чыгарып,бир аз аралыка жеткирип таштайт,чɵнɵкчɵлɵрдү ачып,запастарын сорттойт. Бул кезде матка аарынын эркегинин уячасына тɵлдɵйт .кийинчерээк 2-3 маткалык жумуртка тууйт . Жаш матка ɵсɵɵр кезде,анын уячасын аарылар тегерете топтошуп чыгарбай коёт. Камакка алынган матка ызылдайт ,ызы-чуу башка чɵнɵкчɵлɵрдɵн да чыга баштайт.

Аарылардын ичинде бир нече партиялар пайда болот. Эскилери мурдагы матканын тегерегинде болсо,жаштары жаӊылардын штатын түзүшɵт. Бул кезде эч кимиси уядан учпайт,ɵзүнчɵ дүүлүгүп,бир – бири менен касташат. Ага байланыштуу уячанын ичи ысып,кээ бир аарылар ага чыдабайт летоктун жанына чогулуп топтошот. Ошол кезде тажрыйбалуу бал челекчи аарылар уюгу менен чыгаарын билет. Жаш матка сыртка чыгып ,мурдагы матка менен кармашат. Аарылар тобу менен уядан учуп,матканы тегеректейт,эски матка жакын жерге учуп келип токтойт. Жаӊы ɵсүп чыккан аарылардын уюгу бал челекчи даярдаган бал челекке кирет да,мурдагыда айтылган жумуштарды жасай баштайт.

Бал челекчилердин байкоосу боюнча,бал челектен биринчи болуп картаӊ матка учат,анын ордуна жашы келет экен. Жаӊы маткалар болсо бал челектен да учуп чыгып ,алар улам-улам бир нече уюк болуп топтолуп учат экен. Бал челекте бир нече маткалык уя болот,эгерде матка жок болуп калса,аарылар жаӊы матканы иштетпей бага баштайт.

Тропика ɵлкɵлɵрүндɵ жапайы аарылардын бир нече түрү бар. Адам анча деле кыйнабайт алардын бал челегин табат экен. Мисалы, илгээрки Австралиядагы туземецтер жапайы аарылардын уясын табыш үчүн,бир аарыны кармап,анын бооруна куштун бир тал апакай жүнүн жабыштырып коюп учурат экен да, анын кайсы тарапка учканын аркасынан тез-тез чуркап билип, аарынын уясына жетип балды алчу экен. Мындай жапайы аарылардын уюгу кɵӊдɵйлүү жыгачтарда,аскалардын жылчыктарында кумурскалардын уяларында жайгашат.Азыркы кезде да адам аарынын мом уясын чыгарып алат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Кириш сөз

Брошюраны түзгөн автор – медицина илимдеринин кандидаты Изиля Абдуллаевна Рахимова

Бул чакан китепчеде аарынын адамга кандай пайдасы бар экендиги жөнүндө маалымат берилген.Анда аарынын жашоосу жөнүндө, аары менен өсүмдүктөрдүн ортосундагы байланыштары, аарынын жашоосунан келип чыккан продуктулар жөнүндө жазылган.

Брошюра калктын кеӊири катмарына арналган.

 

Кириш сөз

Аарынын жашоосу жөнүндө малымат А.Брэмдин китебинде абдан толук берилген (А.Брэм,» Жизнь животных»).

« Жизнь животных» ( Айбанаттардын жашоосу) – Альфред Брэмдин уникалдуу эмгеги. , ал 1869ж .жарыкка чыккан.Кийичерээк  бул чыгарма кайтадан немец окумуштуусу жана саякатчысы Пехуэль-Леше зоологиянын жаӊы маалыматтарына ылайык иштеп чыгып,1890-ж аны жарыкка чыгарган.Андан кийин жаӊы материалдар жыйналган сайын, дагы өзгөрүү- лөр киргизилген.1992-ж. А.Брэмдин 3 томдуу эмгеги кийинки немец чыгармасынын негизинде Никольскийдин редакциясы боюнча орус тилинде иштелип чыгып ,Москвадагы «Терра» басмаканасы тарабынан жарыкка чыккан.Анда А.Брэм сүрөттөп жазган айбанаттар жөнүндөгү илимий маалыматтар сакталып калган, ошону менен бирге аларга толуктоолор да киргизилген.

Азыркы кезде деле натуралист А. Брэмдин эмгеги заманбап илимдин бир бөлүгү болуп, окурмандардын бардыгына теӊ айбанаттардын жашоосун билип алууга абдан керек экендигин белгилейт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Туура тамактануунун негиздери

И.А. Рахимова

Туура тамактануунун негиздери

Бишкек-2012

Мазмуну

Кириш сөз.

  1. Нутриенттер деген эмне?
  2. Тамак-аш
  3. Тамактануу режими.
  4. Корутунду.
  5. Адабият.

Рахимова И.А., медицина илимдеринин кандидаты.

Туура тамактунуунун негиздери.

Сунушталган брошюрада туура тамактануу жөнүндө маалымат берилген. Анда тамак-азыктарынын курамы, аларга кыскача мүнөздөмө көрсөтүлгөн. Туура тамактанууда тамак сиңирүү процесси, тамактануу режими жөнүндө айтылган.

Бул китепче студент-медиктерге, ошондой эле окурмандарга сунушталат.

Кириш сөз.

Организм менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы өз ара негизги байланыштарынын бири тамактануу. Тамак-аш организмге ткандардын өсүшүн камсыз кылуу, бузулган ткандарды кайра калыбына келтирүү жана сарпталган энергияны толуктоо үчүн керек. Көмүр кычкыл газ, суу ж.б. органикалык эмес бирикмелер автотрофтуу организмдердин (көбүнчө өсүмдүктөрдүн) тамак-ашынын негизин түзүп, алардан гетеротрофтуу организмге (кээ бир өсүмдүк, бардык айбанат жана киши) тамак-ашта болуучу белок, май, углеводдор синтезделет.

Тамак азыктарында жашоого маанилүү заттар:белоктор, майлар, углеводдор, минералдык заттар, микроэлементтер, витаминдер жана башка комплекстик бирикмелер бар. Организмде бул заттардын токтоосуз синтези жүрүп турат. Алар организмдин туруктуу абалын сактоого жана морфологиялык структуралары жаңыртууга, ошондой эле фермент, гормондордун пайда болушуна абдан керек. Кишинин тамак-ашы –атайын кулинариялык даярдоодон өткөн табигый жана жасалма продуктулар. Алар чийки сырьедон механикалык (тазалоо ж.б.) жана жылуулук ыкмалары менен даярдалат. Тамакты бышырганда ал түрдүү физикалык, химиялык өзгөрүүлөргө дуушар болот. Тамактануунун негизин эт, балык, сүт, жумурткада болуучу белоктор түзөт. Продуктуларды бышырганда белоктор коагуляция жана денатурацияга учурайт, ошондой эле ферменттердин таасирине туруксуз болуп калат. Бышкан эттин жана балыктын жумшактыгы андагы туташтырма ткань белогунун (коллагендин) глютинге айланышы менен байланыштуу. Жогорку температурада углеводдор өзгөрүүгө учурап, крахмал клейстерге, амилопектин килкилдекке айланат. Жашылча, жемиштерди бышырганда алардагы дисахариз менен крахмалдан декстрин жана жөнөкөй канттар пайда болот. Майлар ысытканда анча өзгөрүлбөйт, тамакты узак куурганда майдагы каныкпаган кислоталар гана кычкылданат. Даярдалган тамак- ашта сууда эрүүчү B тобундагы витаминдердин ( B1 B2 PP ж.б.) 70-80%-ти сакталат. Бышырганда тамак-аштын түсү да өзгөрүлөт. Мисалы, жашылчадагы хлорофилл кычкыл чөйрөдө күрөң жашыл феофитинге, жегичтүү чөйрөдө ачык жашыл хлорофиллинге айланат.

Ошентип, туура тамактануу – сырткы чөйрөнүн кишинин ден соолугуна, анын ишке жөндөмдүүлүгүнө жана өмүрүнүн узактыгына таасир этүүчү факторлорунун бири. Дени соо кишилердин туура тамактануусунун негизин тамактануу гигиенасы, оорулардынын диетология иштеп чыгат. Жетишсиз жана сапатсыз тамактанууда айрым органдардын функциясынын начарлашына же организмдин жабыркап, өтө арыктоосуна, авитаминозго, ашык тамактануу семирүү, атеросклероз, диабет ж.б. –га алып келет. Тамактануунун жетишсиздиги балдардын өсүшүн, ооруга туруктуулугун начарлатат.

1. Нутриенттер деген эмне?

Рационалдуу тамактануу сапат жагынан толук болушу керек. Ал үчүн бардык азык заттары же нутриенттер тиешелүү өлчөмдө жана өз ара катышында болуш керек. Нутриенттерге белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер, минералдык заттар, суулар, органикалык кислоталар, өсүмдүк булалары ийлөө заттары, пигменттер, фитонциддер кирет.

Белоктор — клеткалардын структурасын түзүүчү негизги зат;ал ичегиде аминокислота түрүндө сиңирилип, капаркылуу тарап, клеткаларда биосинтезге катышат. Алар адамдын ткандарынын кургак калдыгынын 85%-ин түзөт. Белок жаш өспүрүмдөргө жана эмчек эмизген аялдарга өтө керектүү.

Бузулган белоктордун кайра калыбына келтирүү жана организмдин жаңы клеткаларын түзүү үчүн организм дайыма тамак менен белоктордун киришине муктаж болот.

Дени соо чоң кишинин суткалык рационунда белоктун өлчөмү 80-100 грамм болуш керек.

Ошону менен бирге, анын 50-60%-ин жаныбарлар белоктору түзүш керек.

Белоктордун курамына 20-дан ашуун аминокислоталар кирет. Анын ичинен 8 аминокислота –лейцин, изолейцин, валин, метионин, лизин, треонин, фенилаланин, триптофан –организмде пайда болбойт. Ошондуктан аларды алмаштырылбас аминокислоталар дейт.

Белогу бар продуктулар өзүнүн сапаты боюнча 4 класска бөлүнөт. Биринчиси – сүт жана жумуртка белоктору; экинчиси — эт, балык, соя, рапстын белоктору; үчүнчүсү –дан өсүмдүктөрүнүн белоктору; төртүнчүсү – алмаштырылбас аминокислоталары болбогон белоктор. Биринчи класстын белоктору биологиялык баалулугу боюнча эт жана балыктын белогуна жетпейт, бирок адамдын организми бул продуктулардын белокторунун курамын алмаштарылбаган аминокислоталардын фонду болгон үчүн өзгөртүүгө жөндөмдүү. Экинчи класстагы белоктордо (эт, балык, соя, рапс) бул компенсациянын феномени жок. Үчүнчү класстагы белоктордун компенсациясы андан да аз келет. Төртүнчү класстагы белоктордун баалуулугу жок, алар –желатин менен гемоглобиндин белоктору.

Ошондуктан тамактануу рационуна аминокислоталардын бир-бирин толуктоо принципдеги продуктулар кириши керек.

Майлар

Тамак майлары – энергиянын булагы. Мындан тышкары, майлар клеткалардын мембраналарынын курамына кирет; белоктордун, майларда ээрүүчү витаминдердин сиңирилишине түрткү берет; тамак сиңирүүнү күчөтөт; ички органдардын майлуу капсулаларынын курамына кирет.

Майлардын биологиялык баалуулугу курамын ар түрдүүдөн турган жана түрдүү касиетке ээ болгон каныкпаган, май кислоталардын бар болгондугу менен белгиленет. Ал кислоталар бардык организмдин клеткалык мембраналырынын фосфолипид катмарында бар, алардын өлчөмү менен өз ара катышы тамактануунун мүнөзүнө жараша болот.

Азыркы кезде адамдын 30% энергиялык күч-кубаты тамак менен келүүчү майлардын энергиясы менен толуктанат экендигин медициналык практика такталган.

Чоң кишиге күнүнө 90г май, анын ичинен 30г өсүмдүк майын керектейт. Таза бойдон күнүнө 20-25г сары май, 15-20г өсүмдүк майын кабыл алышы керек.

Холестерин жана лецитин.

Холестерин- тамак продуктуларынын дайыма болгон компоненти. Адамдын организмде ал бардык клеткалар менен ткандарында бар. Өзгөчө ал нерв ткандарында (4%), бөөрдө (0,3%), булчуңдарда (0,2%) көп болот. Кандын сары суусундагы нормасы: 3,63-8,03ммоль/л.

Холестерин – стероид классындагы органикалык бирикме. Ал омурткуулардын нерв ткандындагы липиддерде, бөйрөк үстүндөгү безде, спермада, боордо, тери майында, эритроциддерде бар. Көпчүлүк гармондордун биосинтезинде катышат. Липид зат алмашуусунун бузулушунда холестерини көп болгон тамакты кабыл алуу кандын сары суусундагы холестериндин көбөйүшүнө алып келет. Ошондуктан атеросклероз менен жабыркагандар, улгайгандар өзүнүн тамактануусунда холестерини көп болгон продуктуларды (жумуртка, каймак) кабыл алууну азайтыш керек. Холестериндин кандын сары суусунда көп болгону атеросклерозго алып келет. Анын аздыгында эритроциттердин мембранасы бузулуп, аз кандуулук пайда болот. Холестерин союлган уйдун жүлүнүнөн алынат. Стероид дарыларын даярдоо колдонулат. Күнүнө тамак менен адамдын организмине 0,5г холестерин кирет, синтездөөсү андан да көп болот. Эгерде холестеринди тамак менен азыраак кабыл алса, анда организмде анын синтездөөсү күчөйт.

Холестерин бар продуктулар: жумуртканын сарысы (2 г %), судак балыгынын филеси (0,072 г %), сары май (0,190 г %), майлуу быштак (0,07 г %), тооктун сан эти (0,058 г %), уй эти менен тооктун төш эти агы (0,053%). Кайнатканда эттен же балыктан сорпого аларда болгон холестериндин 14-33% и өтөт экен.

Лецитин – фосфатиддер тобундагы татаал бирикме, холестериндин антагонисти. Анын курамына холин кирет. Ошондуктан лецитин липотроптук таасир берет. Суткасына адамга 0,5г лецитин керек. Ал жумуртканын сарысында, сүттө, сояда, бурчакта, гречкада бар.

Углеводдор – бардык тирүү организмдердин курамына кирүүчү органикалык бирикмелердин чоң тобу. Углеводдор моносахариддер, дисахариддер жана полисахариддер болуп бөлүнөт. Дисахариддер жана сиңирилүүчү полисахариддер адамдын организминде ажыроого учурап, глюкозаны пайда кылат. Анын натыйжасында аденозинтрифосфаттын көптөгөн молекуласы синтезделип, андан чыккан энергия, организмдин бардык физиологиялык функцияларынын үзгүлтүксүз иштешинин камсыз кылат.

Дени соо адамдарда, жашына, эмгектенүүнүн шартына жараша суткасына 300-500 г углевод сарпталат. Анын көпчүлүгүн жашылча менен мөмөлөрдүн углеводдору түзүшү керек. Анда акталган канттын ордуна бал кабыл алса туура болот. Анын атеросклерозго каршы таасири бар. Крахмал, сахароза, пектин заттары тамак өнөр-жайында пайдаланылат. Ошондой эле, углеводдор пиво, камыр ачытууда, этил спирттин, глицеринди, сүт, лимон, глюкон кислоталарын ж.б. заттарды алууда колдонулат.

Өсүмдүк булалары (целлюлоза, гемицеллюлоза, лигнин, пектиндер) – сиңирилбөөчү углеводдор, өсүмдүктөрдүн структуралык полисахариддери. Алар өттү айдап чыгарат, ичегинин былжыр челиндеги бездердин секрециясын күчөтүп, ичегинин иштешин оңолтуп занды чыгарат, ошондой эле тамакка тойгондой сезимди камсыз кылат.

Өсүмдүк булаларынын ичинен пектиндер көңүл бурат. Пектиндер – полимеризацияланган углеводдордун бирикмеси.

Пектиндердин молекулаларынын курамына пентоза, гексоза галактурон кислота жана бир аз метанол кирет. Сууда пектиндер көөп, коллоидди пайда кылат. Пектиндер өсүмдүктөрдө көпчүлүк учурда былжырлар менен коштолот. Ошондуктан, алардын адсорбциялык жана сезгенүүгө каршы касиети бар. Пектиндер радионуклиддерди (өзгөчө стронций, кобальтты) организмден чыгарат. Ичегидеги угловоддордун клетчаткасы (өзгөчө пектиндер) бактериялардын таасири менен ажыроого учурап, кээ бир витаминдерди, кычкыл продуктуларды пайда кылат. Алар ичегиде чириткич процесстерге каршы таасир этет. Пектинге алма, карагат, лимон, мандарин, кызылча, калина бай келет.

Чоң кишинин суткалык рационунда 20-30 г өсүмдүк буласы болуш керек. Алардын ичинен буудайдын акшагы пайдалуу, клетчаткага буурчактуулар (4-6%), сулуу (2,8%) гречка (1,2%), сабиз, аш кабак, помидор (1,2) бай.

Өсүмдүк булалары холестерин, өт кислоталарын, оор металдардын туздары, канцерогендүү заттардын ичегиден сиңирилишине тоскоол кылат.

Эгерде адамдын суткалык рационунда өсүмдүктөрдүн буласы көп болуп калса (40 жана андан ашуун), анда белоктордун, майлардын, минералдык заттардын, витаминдердин организмге сиңирилиши начарлайт.

Витаминдер – жаратылыштагы түрдүү органикалык бирикмелердин тобу. Алар аз өлчөмдө болсо да, башка тамак-аш заттары (белок, май, углевод, тузддар, микроэлементтер ж.б.) менен бирге организмдин тиричилиги жана зат алмашуусу үчүн чоң мааниге ээ. Витаминдер организмдин ооруга туруштугун жогорулайт. Витаминдердин эң башкы булагы – өсүмдүктөр.

Адам жана жаныбарлар витаминдерди тике же кыйыр түрдө алат. Организмге тамак-аш аркылуу кирген витаминдер ичеги-карын крегелери аркылуу өтүп, эфирдүү, амиддүү ж.б. туундуларды пайда кылат. Бул туундулар өзүнө тиешелүү белокко кошулуп, зат алмашууга катышчу ферменттерди түзөт. Өсүү мезгилинде, боюнда барда, баланы тамактандырууда, акыл жана кара күч эмгегин ашык иштөөдө организмдин витаминдерге муктаждагы күчөйт. Витаминдердин организмде аздагы витамин жетишпегендикке, ал эми анын такыр жоктугу авитаминоз оорусуна дуушар кылат. Витаминдер алмаштырылбас тамак-аш заттары, аларды адамдын организми синтездебейт (никотин кислотасынан башкаларды).

Кээ бир витаминдерди ичегидеги микрофлора иштеп чыгарат.

Витаминдер негизинен татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн клеткаларында пайда болот. Кыргызстандын көп жеринде өскөн ит мурундун ашында аскорбин кислотасы (С витамини) жана каротин, К жана В витаминдери, лимон кислотасы, жана 10% май, зат алмашууну жөндөөчү А, Е ж.б. витаминдер бар. Чычырканактын ашында каротин, Е, С, В1, В2 витаминдер болот. Жүгөрүнүн чаң алгычында жана койчу быштакта К витамини көп. Жаңгактын мөмөсү жана жалбырагы да витаминге бай; жалбырагынан даярдалган тунма элдик медицинада жараны айыктыруучу дары катары колдонулат. Жашылчада, мөмө-жемиште, бадал-дарак жалбырагында, ар кандай чөптө витаминдер көп. Витаминдер жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдө (мисалы, козу карындар) да арбын.

Кээ бир витаминдерде антагонист заттары бар. С витамини үчүн – ал аскорбатоксидаза, А көпчүлүк жашылчаларда (бадыраңда, помидордо, пиязда ж.б.) жана мөмөлөрдө (апельсин, мандарин, кара карагатта) бар. Бул ферменттин активдүүлүгү жашылчаларды майдалаганда күчөйт. Ошондуктан ар кандай салаттарды тамак кабыл алуунун алдында жасаса жакшы болот.

Бышырылбаган фасоль, ноя, жүгөрүнүн данынан Е витаминдин активдүүлүгүн төмөндөтүүчү зат чыгарылган. Кээ бир балыктардын эти, ошондой эле күрүч, черника, кофе, чие, чийки картофельде В витамини бар. Бул зат продуктуларды бышырганда толугу менен активдүүлүгүн жоготот. Кофеде анын күчү кайнаткандан кийин деле кала берет.

Мөмө менен жемиштерде витаминдер текши эмес бөлүнгөн. Бадырыңдын, цитрустардын кыртышында алардын ичиндеги жумшак нерсесине караганда витаминдер эки эсе көп. Помидор менен кызыл мурчта С витамини жана А провитамини түп жагында көп, жогору карай алар азайат.

Сууда эрүүчү витаминдер

С витамини ит мурунда (1100-650 мг %), чычырканак, кара карагат (200 мг %), мурч (150-250 мг %), капуста (45-60 мг %), цитрустар (40-65 мг %), алмада (10-20 мг %) бар.

С витамини коллагендин синтезин күчөтөт, капиллярлардын (майда кан тамырлардын) капталдарынын өткөргүчтүгүн нормага келтирет; организмдин ооруга туруктуулугун күчөтөт; стероид гормондорунун пайда болушуна түрткү берет; май, холестерин алмашууда катышат.

С витамини –антиоксидант, бош радикалдарды чыгарат, Е витаминдин таасирин күчөтөт. Тромбоздорго жол бербейт.

В1витамини (тиамин) нояда (0,9 мг %), буурчакта (0,8 мг %), боордо (0,3 мг %), ашкакта (0,6 мг % ), гречкада, сулууда (0,5 мг %), кара нанда (0,2%) бар.

В1 гиповитаминозунда адамдын башы ооруйт, тамакка мейил тартпайт, чалып– чарчайт. Андан оор абалда ооздун былжыр чели жабыркайт, тери түлөйт, нерв системасынын функциясы бузулат. Суткалык муктаждын — 1,5 -3,0 мг. РР витамини (ниацин) триптофандан пайда болушун эске алганда ачыткыда (30 мг %), боордо (9-16 мг %), этте (4-9 мг %), балыкта (3-6 мг %),нанда (2-6 мг %), күрүчтө (3-4 мг %), сүттө (1-1,5 мг %), жашылчада (0,7-2 мг %), мөмөлөрдө (0,3-0,4 мг %) бар. Неациндин жетишсиздигинде тери, ичеги-карын, нерв системасынын оорулары пайда болот.

В6 витамини (перидоксин) боордо (0,7 мг %), этте (0,4 мг %), балыкта (0,1-0,5 мг %), нояда (0,85мг %), нанда (0,1-0,3 мг %), картофелде (0,3 мг %) бар. В6 гиповитаминозу сейрек кездешет. Анда адамды уйку басат, алы кетет, тамакка мейили тартпайт, кээде ачууланат. Сукталык муктаждыгы -2-3 мг.

В12 витамини (цианкобаламин) боордо (50-130 мкг %), бөйрөктө (20-30 мкг %), жүрөктө (25 мкг %), этте (2-8 мкг %), быштакта (1 мкг %) бар. В12 гиповитаминозунда аз кандуулук пайда болот.

Р витамини (рутин, цитрин) аскорбин кислотасы болгон продуктуларда кездешет. Рутин организмде аскорбин кислотасынын токтолушуна, анын активдүүлүгүнө түрткү берет. Суткалык муктаждыгы – 25 мг.

Н витамини (биотин) боордо (90-140 мкг %), этте (3-5 мкг %), канда (5 мкг%), сүттө

(1-4 мкг %) бар. Биотиндин жетишсиздигинде тери түлөйт, булчуңдар ооруйт, ал кетет, аз кандуулук болот. Суткалык муктаждыгы -150- 300 мкг.

Майда эрүүчү витаминдер

А витамини (ретинол) уйдун, чочконун, куштардын, тресканын боорунда (3,5-15 мг %), сары майда (3,5-15 мг %), сары майда (0,6 мг %), маргаринде (1,8 мг%), жумурткада (0,35 мг%), каймакта (0,23 мг%) бар.

А гиповитаминозунда көздүн функциясы начарлайт, организмдин ооруга туруктуулугу төмөндөйт, тери күдүрөйөт. А витаминге суткалык муктаждын -1мг (3300 ЭБ международные единицы или МЕ).

Д витамини (кальцифирол) – ультракөк нурлардын таасири менен адмадын терисинде синтезделгенге жөндөмдүү. Ал тресканын боорунун майында (5000- 35000 ME%), осетр балыгынын икрасында (320ME%) бар. Д гиповитаминозунун жетишсиздигинде сөөк тканында минералдуу заттардын өлчөмү азаят. Балдарга – итий, чоң кишилерге остеопороз, булчуңдардын бошоңдото болот. Суткалык муктаждык – 100 ЭБ(МЕ).

Е витамини (токоферол) ноя майында (50-120 мг%), пахта майында (50-100 мг%), күн карама майында (40-70 мг%), оливка майында (4,5 -7 мг%), жаңгакта (20-30 мг%), сары майда (1,0-2,3 мг%), мөмө-жемиштерде (0,1-0,6 мг%) бар.

Е гиповитаминозунда жыныс бездеринин функциясы начарлайт, булчуңдар бошоңдойт, эритроциттер бузулууга учурайт. Суткалык муктаждык -2-6 мг.

К витамини (филлохинон). Анын көп өлчөмү капустада, помидордо, аш кабакта, боордо, этте, жумарткада бар. К витамининин жетишсиздиги сейрек кездешет. Анда көпчүлүк учурда геморрагиялык синдром (кан алуу, көгөрүү) байкалат. Суткалык муктаждыгы -1,8-2,2 мг.

МИНЕРАЛДЫК ЗАТТАР

– адамдын тамактануусундагы маанилүү органикалык компоненттер. Бул химиялык элементтердин аз эле өлчөмү организмге физиологиялык таасир берүүгө жөндөмдүү. Организмде болгон бардык минералдык элементтер үч топко бөлүнөт: 1) жашоого өтө керектүү (эссенциалдык); 2) керектүү; 3) аз изилденген же ролу белгисиз болгон элементтер.

Жашоого өтө керектүү элемент организмде жок болуп же жетишсиз киргенде организмдин өсүп-өөрчүшү токтоп калат, ал өзүнүн биологиялык циклин жүргүзө албай, репродукцияга жөндөмсүз болуп калат.

Ал элементти киргизгенде анын жетишсиздиги жоголуп, организм жаашап кетет.

Организмге өтө керектүү элементтерге бардык микроэлементтер жана микроэлементтердин жана ультрамикроэлементтердин кайсы бир бөлүгү кирет.

Адамдын организминдеги болгон минералдык элементтер:

(Таблица 1)

Жашоого өтө керектүү

Керектүү

Аз изилденген же таасири аныкталбагандар

Кальций

Күкүрт

Фтор, кремний, титан

Фосфор

Магний

Ванадий, хром, никель

Калий

Темир

Мышьяк, бром

Хлор

Жез

Стронций, кадмий, литий

Натрий

Кобальт

Бериллий, бор, скандий,

Цинк

Германий, алюминий, галлий

Марганец

Рубидий, цирконий, күмүш

Молибден

Олово, сурьма, цезий

Йод

Барий, сымал, висмут

Селен

Радий, торий, уран

Экинчи топтогу микроэлементтер уулуу. Эссенциалдык микроэлементтердин жетишсиздигинде белгилүү шарттарда жетишсиздик оорусу пайда болот. Эгерде организм уулуу микроэлементтер менен контактта болсо, анда токсикопатия (уулануу) пайда болот.

Аз изилденген микроэлементтердин ролу кийинки 25-30 жылдарда гана белгилүү болуп калды. Кээ бир микроэлементтердин жетишсиздигинен (селен, цинк, темир, йод, марганец) жана уулуу микроэлементтер менен ууланганда коркунучтуу шишиктер жана башка оорулар келип чыгат. Ошондуктан, организмдин элементтик курамын нормага келтирип, ден соолукту сактоо үчүн бул элементтерге организмдин муктаждыгын билүү зарыл.

Адам макро- жана микроэлементтерди абадан, суудан, тамактан кабыл алат. Алар адамдын айлана-чөйрөгө ыңгайлануусунда маанилүү роль ойнойт. Элементтердин балансы дайыма туруктуу болуш керек, бирок алар ичегиде ар кандайча сиңирилип, ички чөйрөгө тарайт. Эгерде биз микроэлементтерди тамактан алсак, анда тамакты бышырганда микроэлементтер 50-70%-ке азаят экен. Мисалы, консерваланган буурчакта жез — 53%-ке, цинк – 43%-ке, магний – 45%-ке, марганец – 26%-ке азаят (И.Бергнер, «Целительная сила минералов», 1998-ж.).

Микроэлементтер жетишсиз болгондо организм аны менен өзү камсыз кылууга аракеттенет. Ал үчүн ичеги-карындан тамак сиңирүү күчөйт же «деполордон» запаста чогулган жерлерден – сөөк, боор, булчуңдар, май тканынан канга чыгарылат. Эгерде организмдин бул «авариялык» системалары өз убагында организмди камсыз кылбаса, анда оору пайда болот. Микроэлементтер адамдын организминдеги тигил же бул биохимиялык процесстердин жүрүшүн күчөтөт же акырындатат, б.а., алар бул процесстердин катализаторлору же басаңдатуучусу (ингибитору) катарындагы ролду ойнойт.

Натыйжада организмде кээ бир белоктордун, майлардын, углеводдордун, ферменттердин концентрациялары жогорулап же төмөндөп, бузулган ткандардын кайра калыбына келиши басаңдайт же күчөйт.

Мындай дисбаланстын себептери көп: стресстер, организмге эссенциалдык микроэлементтердин жетишсиз кирүүсү, радиация, экологиянын бузулушу. Мунун бардыгы азыркы кездеги адамдардын организминде өтө керектүү микроэлементтердин жетишсиздигине алып келет.

Кальций – сөөк тканынын негизги бөлүгү. Кант уюу процессинде; борбордук нерв системасынын тормоздолуу жана козголуунун ортосундагы тең салмактылуулукту сактоодо, булчуңдардын жыйрылуусунда, гликогендин ажыроосунда, кычкылдануу-жегичтүү тең салмактуулукту сактоодо катышат. Кальцийдин жетишсиздигинде балдарда итий, чоң кишилерде остеопороз пайда болот.

Суткалык муктаждык -0,8-1г. Кальций сүттө, быштакта, нояда, хренде, баш пиязда, какта, алмада, ак жүзүмдө, тармал аш көктө, сарымсакта, ит мурунда көп.

Магний нерв импульсту өткөрүүдө маанилүү роль ойнойт. Сеп алдырма, кан тамырларды кеңейтчү, заара айдама касиети бар болуп, артериялык кан басымын төмөндөтөт. Магний өсүмдүктөрдүн хлорофиллинин маанилүү бөлүгү. Магнийге бай топурактуу жерлерде коркунучтуу шишиктер менен жабыркандар аз келет. Магний кальций жана холестерин зат алмашууну жөнгө салат. Магний нерв тканынын нормалдуу иштешин камсыз кылат. Суткалык муктаждык -280-400 мг. Магний кебекте, ар кандай акшакта, жаңгактын түрлөрүндө, буурчакта, нояда, буудайда, капустада, жүзүмдө, четинде, сулуда, алмада, лимондо, ит мурунда, сарымсакта көп.

Фосфор борбордук нерв системасынын функцияларын, организмдин тиричилик процесстерин энергия менен камсыз кылууну жөнгө салат. Фосфордун 80%-и сөөк тканында болот. Суткалык муктаждыгы -1-1,5г. Фосфор сүттө, этте, балыкта, жаңгакта, күрүчтө, буурчакта, буудай нанда, өрүктө, кургатылган жүзүмдө бар.

Калий — миокарддын жыйрылуусунун кармап турууда, булчуңдардын нерв козголуу процесстерин, клетка ичиндеги зат алмашууну камсыз кылууда катышат. Калий клетка аралык негизги ион: клетка ичиндеги калийдин 98%-и жана клетканын сыртындагы калийдин 2%-и нерв импульсун камсыз кылууда абдан маанилүү. Суткалык муктаждык -3-5г. Калий нояда, буурчакта, картошкада, деңиз капустасында, кургатылган мөмө-жемиштерде (какта) жана сүттө бар. Калий тузду көп кабыл алганда, көп иштегенде, травмада, ич өткөндө, көп кусканда керектелет.

Натрий протоплазма менен биологиялык суюктуктардагы осмос басымын кармап турууда катышат. 30%-ке кан плазмасынын жегичтик (щелочтук) резервин камсыз кылат, суу алмашууда активдүү катышат, карын зилинин пайда болушунда катышат, кээ бир тамак сиңирүү ферменттерин активдештирет. Суткалык муктаждык – 4 г.

Кайнатма туз натрийдин негизги булагы. Суткалык муктаждык -8-12гр. Бул нормадан өтүү жарабайт. Япон илимпоздорунун маалыматтары боюнча тузду 30г – дан көп кабыл алган региондордо гипертония оорусунан калктын 40%-нен көбү жабыркайт экен. Ошондуктан япон врачтары менен интенелери «шоолаланган тузду» ачкан. Тузга атайын зыяны жок флюоресценция берүүчү зат кошкон. Ал караңгыда тамак-аштагы ашык тузду апачык көрсөтөт.

Күкүрт – метионин жана цистеин аминокислоталарынын составдык бөлүгү. Алар гормондордун (инсулиндин) курамына кирет. Суткалык муктаждык -4-5г. Күкүрттүн булагы: эт, балык, жумуртка, сүт.

Темир – кан пайда болуу менен клетка ичиндеги зат алмашуусундагы алмаштырылбас компонент. Гемаглобиндин, миоглобиндин, клеткалык дем алууда катышуучу ферменттердин курамына кирет. Темирдин 57%-и гемоглобинге таандык, 20-25%-и – запас, ал боор, көк боор, чучук, бөйрөктөгү запас болуп топтолот. Аялдар этек кир учурунда 80 мг темирди жоготот. Аялдар организминдеги абдан дефицитүү заттар – кальций менен темир. Суткалык муктаждык – 10-20 мг. Аялдар үчүн – 15 мг, кош бойлуулукта – 38 мг. Темирдин булагы: боор, бөйрөк, мээ, эт, жумуртка, гречка, буурчактуулар, алма.

Хлор клетка менен ткандардагы осмос басымын жөнгө салат, суу алмашуусунда, карында туз кислотасынын пайда болушунда катышат. Суткалык муктаждык -5-7 г. Ал тамак-аш менен кабыл алынуучу аш тузу менен канааттандырылат. Суткасына 15 граммдан ашып кетсе, хлордон уулануу пайда болот. Хлордонгон суу Е витаминин бузулууга учуратат. Суу түтүктөрүндөгү сууну хлордонгондо , хлорорганикалык бирикмелер пайда болуп, алар көпчүлүк ооруларга, өзгөчө коркунучтуу шишиктердин пайда болушуна алып келиши мүмкүн.

Жез гемоглобинди, ферменттерди синтездөөгө керек. Ошондой эле темирди органикалык байланыштырма формага айландырууда катышат. Инсулин, адреналиндин иштелип чыгышына түрткү берет. Суткалык муктаждык -2 мг. Жез боордо, деңиз продуктуларында, дан продуктуларында, гречкада, жаңгакта көп.

Кобальт эритроциттердин жана гемоглобиндин пайда болушун күчөтөт. Бул микроэлемент организмде В витаминдин синтездөөсүнө керек. Суткалык муктаждык – 0,1- 0,2 мг. Кобальттын булагы: уй эти, музоонун боору, жүзүм, редиска, бадыраң, карагат, пияз, буурчак, кызылча, кулпунай.

Марганец бардык органдар менен ткандарда , өзгөчө сөөктө, боордо, калкан безинде, бөйрөктө бар. Марганец зат алмашуунун бардык түрүнө (өзгөчө нуклеин кислоталардын алмашуусунда) активдүү түрдө таасир этет. Инсулиндин таасирин күчөтөт, холестериндин алмашуусунда, майларды утилизациялоодо, кан пайда болууда катышат. Борбордук нерв системасынын иштешине абдан керек. Суткалык муктаждык – 5-10 мг. Бир чакан чыны менен чай ичкенде адам 1,3 –га чейин марганецти кабыл алат экен. Марганецтин жетишсиздиги кант диабетинин пайда болушуна түрткү берет. Балдар итий менен ооруйт, скелеттин калыптанышы бузулуп, кол-буттар ийри болуп калат.

Никель кобальт, темир, жез менен бирге кан пайда болууда, өз алдынча — майлардын алмашуусунда, клеткаларды кычкылтек менен камсыз кылууда катышат.

Йод – калкан безинин гормонунун маанилүү компоненти. Тамак-ашта йоддун жетишсиздигинде тиреотоксикоз пайда болот. Йод негизги зат алмашуунун күчөшүнө түрткү берет. Йод кычкылтекти кабыл алууну жана ферменттердин активдүүлүгүн күчөтөт. Адамдын өсүшүнө, жалпы физикалык жана психикалык өсүшүнө, тери, чачтардын абалына таасир этет. Нерв система менен психиканы, жүрөк-кан тамырлардын, ичеги-карындын, жыныс жана сөөк-булчуң системасынын иштешин жөнгө салат. Балдардын нормалдуу чоңоюшуна жана акыл эсинин өсүшүнө абдан керектүү. Суткалык муктаждык – 0,1-0,2 мг. Йоддун булагы – деңиз продуктулары, нан, сүт, жаңгак.

Цинк биздин организмдин бардык клеткаларынын иштөөсүнө керек. Цинктин жетишсиздиги талма оорусу, диабет, катаракта, жүрөк оорулары, мээнин кан тамырларынын куушурулушу, иммундук системанын функциясынын бузулушу, эркектин урук безинин (простатанын) аденомасы, аллергияга, остеопорозго, тери ооруларына, өнөкөт чалыгын чарчоонун өөрчүшүнө түрткү берет.

Цинк адамдын организминде 200-дөн ашуун ферменттерди активдештирүүдө, нуклеин

кислоталарын (ДНК, РНК), белокторду синтездөөдө, клеткалардын бөлүнүшүндө, өсүү жана регенерация процесстеринде, гормондордун (анын ичинен жыныс гормондордун), коллаген талчаларынын пайда болушунда катышат.

Цинк устрицаларда (1000 мг/кг), креветка, балыкта, боордо, этте, аш кабактын уругунда, козу карында, дан азыктарында көп. Дан азыктары менен сояда фитин кислотасы көп болгондуктан, ал цинки байланыштырылып, сиңирилбес түрдү пайда кылып, натыйжада негизинен өсүмдүк тамак-ашты кабыл алгандарда цинктин жетишсиздигине алып келет. Цинктин суткалык муктаждыгы -10-20 мг.

Цинктин жетишсиздиги – ичкилик көп ичкенден, заара айдама дарыларды көп кабыл алгандан, ичеги-карындын өнөкөт ооруларынын натыйжасынан келип чыгат. Анда адамдын даам, жыт сезүү жоголот, жугуштуу ооруларга көп чалдыгат, жарааттар оңой менен айыкпайт, тамакка мейил тартпайт, чач түшөт, тырмактар сынат, адам туталанат, чаалыгып чарчайт. Андан кийин нерв-психикалык бузулуулар пайда болот. Тери жабыркап, анда ар кандай өзгөрүүлөр (исиркектенүү, безетки) пайда болот. Аялдар кандидозго, эркектер простатитке чалдыгат. Балдар болсо өспөй калат.

Селен –организмге абдан керектүү глутатионпероксидаза (ГП) ферментинин маанилүү компоненти. Бул фермент антиоксиданттык таасир берет. Ал клетканын мембраналык структураларын кычкылтектин активдүү формалары менен липиддердин өтө кычкылдануусунан чыккан продуктулардын бузуучу (кыйратуучу) таасирлеринен сактайт. Селен клетканын ядросуна кирет. Эркектерде селендин 50%-и урук бездеринде топтолот. Селен жыныс бездери менен тыгыз байланыштуу. Суткалык тамактанууда селен 50-70 мкг керектелет. Селен организмди онкологиялык оорулардан сактайт. Селен көздүн курчтуулугуна таасир этет, анда көз торчолорунун күн нуруна сезгичтиги жогорулайт.

Селен сперманын туруктуу болушун камсыз кылат. Климакста кездешүүчү терс таасирлерди басаңдатат. Калкан безинин иштешин оңолтот. Уйку бези жана миокарддын инфарктында жардам берет. Селендин жетишсиздиги анын топуракта аз болгондугу менен байланыштуу. Андай шартта өскөн өсүмдүктөрдө селен аз болот.

Селен кара унда, деңиз продуктулары, бөйрөк, боордо, жумуртканын сарысында бар. Селен кара карагатта, аш кабакта, түстүү капустада, жер жаңгакта, буудайдын акшагында көп.

ФторАнын 99%-и сөөк тканы менен тиште фторапатит түрүндө болот. Фтор тиштин цементинде көп.

Суткалык муктаждык – чоң кишилерге – 2-4 мг; балдарга 0,1 мг-дан-1,5 мг-га чейин керек. Кпчүлүк учурда фтор организмге суу менен кирет.

Фтор тиштин эмалынын кайра калыбына келишине түрткү берет; тиштин жумшак ткандарына эмалдын киришинен сактайт. Тиштин кириндеги микробдордун таасирин басаңдатат.

Фтордун жетишсиздигинде сөөктөр , тиштер начар болуп, сынат. Балдарда тиштер өз убагында чыкпай калат, сүт тиштери кариеске учурайт; балдардын көрүүсү начарлайт. Улгайгандарда остеопороз күчөйт, сөөктөр сынат.

Фтордун булагы – фторлонгон суу жана анын негизинде жасалган тамак-аш; деңиз продуктулары, желатин.

Кремний. Жер бетинде абдан көп кездешүүчү элемент. Бул жашоонун элементи – ансыз адам, өсумдүк, жаныбарлар жаша албайт. «Сулуулуктун элементи» деп да аталат, себеби ал теринин , чачтын, тырмактардын абалына таасир этет.

Организмде болгон өлчөмү 1-1,5 мг. Бардык орган менен ткандарда бар, өзгөчө кремний лимфа түйүндөрүндө, аортанын туташтырма тканында, трахеяда, тарамыштарда, сөөктөрдө, теринде жана эпидермада көп чогулган. Суткалык муктаждык. Чоң адамдар үчүн – 20-30 мг. Боюнда бар, эмчек эмизген аялдар жана 11 чейинки балдарга кремний 5 эсе көп керектелет.

Организмде кремний сөөк менен кемирчектин негизги затынын калыптанышына абдан керек. Сөөк тканынын минерализациясында түздөн-түз катышат. Кандын уюу системасында активдүү түрдө катышат. Организмдеги талчалуу ткандардын (коллаген) калыптанышына катышып, алардын ийилгичтигин жана туруктуулугун камсыз кылат. Сөөк тканын оңолтот. Заарада сактоо коллоиддерин пайда кылат. Алар кээ бир минералдык компоненттердин кристаллдашканына тоскоол болуп, натыйжада заара жолдорунда таш пайда болууну басаңдатат. Кремний йод, фтор, темир, кобальттын, цинктин ж.б. элементтердин сиңирилишине керектүү. Кремний кычкылы болсо организмден коргошунду чыгарууга түрткү берет. Кремний жетишсиз болгондо чач түшөт, тырмактар сынат, теринин ар кайсы жерлери көгөрөт, тиш эмалы бузулат, тери түлөй, какач пайда болот. Сөөктөрдүн структурасы бузулат, кемирчектерде да бузулуулар пайда болот. Балдар итий менен ооруйт. Улгайгандарда атеросклероз жана сөөктөрдүн сынышы байкалат.

Суу.

Чоң адамдын салмагынын 65% — ин суу түзөт. Боор менен көк боордо 80% ке чейин суу бар. Суу – организмде зат алмашуунун негизги акыркы продуктуларынын бири. Суулу чөйрөдө зат алмашуунун бардык химиялык реакциялары жүрөт. Адамдын сууга муктаждыгы айлана чөйрөнүн шарттары, организмдеги зат алмашуу процесстердин деңгээли, булчуңдардын иштеши, тамактануунун өлчөмү жана сапаты менен белгиленет. Демейдеги шарттарда чоң адам суткасына 1750-2200 мл – ге чейин суу кабыл алат. Бирок аны таза бойдон (чай, компот, суу) организм 800-1000 мл–дей кабыл алат.

Калган суу тамак-аш менен кирет жана организмде да пайда болот. Суу жашылча, жемиштерде абдан көп (массасынын 80-90%-ин түзөт).

Күч – кубат көп жумшалганда организмден тер аркылуу суткасына 10 литрден ашуу суу чыгат экен. Аны менен бирге тер аркылуу минералдык заттар чыгат. Ошондуктан суу – туз алмашуу бирге жүрөт.

Иче турган суу таза, тунук, анча муздак эмес (+12…+14°C) болуш керек. Кайнатылган сууну, минералдык суулар ичүүгө сунушталат.

ОРГАНИКАЛЫК КИСЛОТАЛАР

Лимон, сүт, вино, салиция жана башка органикалык кислоталар жер-жемиштерге, жашылчаларга, ачган сүткө өзгөчө даам бергенден башка, тамак талчалары менен бирге ичегиде чириткич процесстерди токтотуп, ичегини тазалайт.

Түстүү капуста, помидор, сабиз, картофелде 0,3г % бош органикалык кислоталар бар. Бош органикалык кислоталардагы муктаждык — 2г. Кара карагатта (2г %), малинада (2-3г%) лимон кычкылы бар. Малина менен кулпунайдагы бош салицил кислотасы адамдын денесинин температурасы жогорулаганда тердетип, эттин ысышын төмөндөтөт. Органикалык кычкылдардан тартрон кычкылы өзгөчө мааниге ээ. Ал липогенезди углеводдорду ашыкча кабыл алганда углеводдордун майга айлануусун акырындатат. Ошондуктан тартрон кислотасы тамакты ашкере кабыл алгандан келип чыккан өтө семирүүнү алдын алууда абдан керек. Бул кислота капуста, алма, айва, алмурут, сабиз, помидор, бадыраң, карагатта бар.

ИЙЛӨӨ ЗАТТАРЫ, ПИГМЕНТТЕР, ФИТОНЦИДДЕР

Негизги ийлөө заттарын таннин түзөт. Ийлөө заттары Р – витаминдей активдүүлүк жана ийлөөчү касиеттерге ээ. Ошондуктан алар жүрөк – кан тамыр, бөйрөктүн системасынын ичеги – карындын жолдорунун ооруларында абдан пайдалуу. Ийлөөчү заттары болгон жер – жемиштердин тиш камоочу (ооз кууручу) болот. Кургак кара чайда 12-16 г % ийлөө заттар бар.

Каротиноиддер – сары, кочкул сары жана кызыл түстүү майларда ээрүүчү пигменттердин тобу. Аларга сабиз менен томаттын каротини, ит мурундун рубиксантини, сары жүгөрүнүн криптоксанттини кызыл мурчтун уругунун капсантини ж.б. кирет. Каротиноиддер тамактын алмаштырылбас компоненти.

Сары флавондордун антиоксиданттык касиеттери бар. Көбүнчө бул флавондор апельсин, мандарин, курма, сары сливада болот.

Фитонциддер – жыпар жыттууң оңой учуучу бактерияларга каршы таасир берүүчү органикалык заттар. Алар сарымсакта, пиязда, хренде, турупта, жыпар жыттуу чөптөрдө, цитрустардын кыртышында, кара карагаттын жалбырагында, четиндин мөмөсүндө, жалбырагында болот. Фитонциддердин көпчүлүгүнүн негизин эфир майлары түзөт.

Ошондуктан, алар нефритте (бөйрөктүн сезгенишинде), жүрөк менен мээнин кан тамырларынын куушурулушунда, ошондой эле уйку безининин, боордун, карын менен ичегинен ооруларында колдонулбайт.

АНТИОКСИДАНТТАР

Организмде молекулалардын демейдеги кычкылдануусунан абдан реактивдүү, көп убакыт жашабаган ортодогу продуктулар — бош радикалдар келип чыгат. Бош радикалдар дегенеративдүү процесстерде, атеросклерозду, кант диабетин, дем алуу органдарынын өнөкөт сезгенүү ооруларын, муун ооруларынын, катарактанын, коркунучтуу шишиктердин ж.б. пайда болушуна түрткү берет. Бош радикалдар клетканын мембранасына таасир этет, организмдеги антиоксиданттарды кыйрап жоготот.

Антиоксиданттар кычкылдантуу процесстерде пайда болуучу бош радикалдарга каршы таасир этет. Аларга С, Е, РР, рутин, каротин, полифенол кирет.

Ар бир адамдын тамак рационунда антиоксиданттар болуш керек. Антиоксиданттары бар тамак-аш продуктулары төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн.

АНТИОКСИДАНТТАР, АЛАРДЫН ПРОДУКТУЛАРДАГЫ ӨЛЧӨМҮ ЖАНА СУНУШТАЛУУЧУ СУТКАЛЫК ДОЗАЛАРЫ (Купер боюнча)

(таблица 2)

Антиоксидант Булагы Сунушталуучу дозасы
С витамини, (аскорбин кислотасы) Апельсин, түстүү капуста, грейпфрут, кулпунай, киви, карагат 500-3000 мг
Е витамини (альфатокоферол) Буудайдын угуту, бадам, фундук, жүгөрү майы, пахта майы, жумуртканын сарысы, сары май 200-1200 мг
Бета – каротин (каратиноиды) Кочкул жашыл, сары, кызгылт сары жашылча менен жемиштер:сабиз, картофель, помидор, ашкабак, абрикос, түстүү капуста, чычырканак, чие, калина 6-30 мг
А витамини Сүт, жумуртка, боор, балык майы, сыр, сары май Кошумча препараттар түрүндө кабыл алуу жарабайт
Селен Деңиз продутулары, боор, бөйрөк, селенге бай жерде өстүрүлгөн буудай 50-100 мг
Коэнзим Q10 (CoQ10) Балык, жаңгак, майсыз эт, каныкпаган май кислоталары болгон майлар. СоQ10 организмде да пайда болот. Сунуштар жок

3 таблица

Антиоксиданттарды кабыл алуу өлчөмү

Антиоксидант Демейдеги суткалык керектөө мг/сут. Оптималдуу алдын алуудагы кабыл алуу мг/сут.
Е витамини 12 60-100
Бета-каротин 2-6 15-20
С витамини 75 150-200

Боюнда бар кезде, эмчек эмизгенде, тамеки тартканда, операциядан кийинки мезгилде, спортсмендерге ошондой эле абдан күчтүү стресс абалында болгон адамдардын антиоксиданттарга болгон муктаждыгы жогорулайт.

Антиоксидантык таасирге жүзүмдүн уругу нан алынган экстракт ээ. Андагы заттар борбордук нерв системасынын ткандарын бош радикалдардан коргойт. Себеби бул заттар гематоэнцефалдык барьерден өтүүгө жөндөмдүү келет.

АЗОТТУУ ЭКСТРАКТ ЗАТТАРЫ ЖАНА ПУРИН НЕГИЗДЕРИ

Азоттуу экстракт заттары (креатинин, креатин, кармезин, метилгуанидин, бош аминокислоталар) жана пурин негиздери (гипоксантин, гуанидин, ксантин) карын менен уйку безиндеги бездерди дүүлүктүрүп, белок менен майлардын сиңирилишине түрткү берет. Экстракт заттарынын белгилүү өлчөмдөрү зат алмашуунун милдеттүү катышуучусу болот.

Пурин негиздери ар бир клетканын структурасына кирет. Гуанидин РНК – нын калыптанышында катышат. Өтө бышкан этте 40%- ке жакын пуриндер бар. Ал организмдин муктаждыгын толук канааттандырат. Калган 60%- и сорпого өтөт же ажыроого учурайт.

Пуриндерге мээ, боор, бөйрөк, какао, буурчак, ноя, кара чай бай келет. Андагы пурин заттары борбордук нерв системасына дүүлүктүргүч таасир бергендиктен, жүрөк-кан тамыр жана нерв системасы менен жабыркагандарга сунушталбайт. Организмде пуриндердин зат алмашуусу бузулгандан подагра оорусу келип чыгат.

2. ТАМАК-АШ

Тамак-аш – тамактануу үчүн организм сырткы чөйрөдөн алуучу ораникалык жана органикалык эмес заттардын жыйындысы. Тамак-аш организмге ткандардын өсүшүн камсыз кылуу, бузулган ткандарды кайра калыбына келтирүү жана сарпталган энергияны толуктоо үчүн керек. Көмүр кычкыл газ, суу ж.б. органикалык эмес заттар автотрофтуу организмден ( көбүнчө өсүмдүктөрдүн) тамак–ашынын негизин түзүп, алардан гетеротрофдуу организмдерге (кээ бир өсүмдүк, бардык айбанат жана адам) тамак-ашта болуучу белок, май, углеводдор синтезделет.

Адамдын тамак-ашы – атайын кулинариялык даярдоодон өткөн табигый жана жасалма продуктулар. Алар чийки сырьедон механикалык (тазалоо ж.б.) жана жылуулук ыкмалары менен даярдалат. Тамакты бышырганда, ал түрдүү физикалык, химиялык өзгөрүүлөргө дуушар болот. Тамактануунун негизин эт, балык, сүт, жумурткада болуучу белоктор түзөт. Продутуларды бышырганда белоктор коагуляция жана денатурацияга учурайт, ошондой эле ферменттердин таасирине туруксуз болуп калат. Бышкан эттин же балыктын жумшактыгы андагы туташтырма ткань белогунун (коллагендин) гмотинге айланышына байланыштуу. Жогорку температурада углеводдор өзгөрүүлүргө учурап, крахмал клейстерге, амилопектин килкилдекке айланат. Жашылга, жемиштерди бышырганда алардагы дисахарид менен крахмалдан декстрин жана жөнөкөй канттар пайда болот. Майлар ысытканда анча өзгөрүлбөйт, тамакты узак куурганда майдагы каныкпаган кислоталар гана кычкылданат. Даярдалган тамак–ашта сууда эрүүчү В тобундагы витаминдердин (В1, В2, РР ж.б.) 70-80% — и сакталат. Бышырганда тамак-аштын түсү өзгөрүлөт. Мисалы, жашылчадагы хлорофилл кычкыл чөйрөдө күрөң жашыл феофитинге, жегичтүү чөйрөдө ачык жашыл хлорофиллинге айланат.

Тамак ферменттердин таасири менен өтө майда бөлүктөргө (белоктор аминокислоталарга, майлар глицерин менен май кислоталарына, угловоддор моносахариддерге) ажырап, сиңгенден кийин орган жана ткандарда кайрадан кайрадан татаал органикалык бирикмелер ситезделет.

Адамдын тамак сиңирүүсү ооздо башталып, анда тамак майдаланып жана шилекейдеги амилазанын (фермент) таасиринен углеводдор ажырай баштайт. Тамак адамдын оозунда 10-15 сек. болуп кызыл өңгөчкө, андан кийин карынга барат. Карын зилиндеги ферменттер (пектин, гастриксин ж.б.) тамактагы белокторду пептонго, айрымдарын аминокислоталарга чейин ажырайт. Адамдын карынында тамак 3,5-4 саат болуп, аз – аздан он эки эли ичегиге өтөт. Анда уйку безинин ферменттеринин (трипсин, химотрипсин ж.б.) таасири менен полипептиддер, бир аз аминокислоталар пайда болот. Майлардын гидролизденишинде өттүн жардамы чоң. Ал липазанын (уйку безинин ферменти) таасирин күчөтүп, он эки эли ичегиде майлар ди-, моно-глицериддерге, май кислоталарына жана глицеринге чейин ажырайт. Углеводдорду (крахмал жана гликоген) a

-амилаза, аминопектидаза, жегичтүү фосфатаза ж.б. ферменттер тамакты акыркы майда түрүнө чейин ажыратат. Тамактын майдаланган жөнөкөй бөлүкчөлөрү негизинен ичке ичегиде сиңирилип, канга жана лимфага өтүп, бүт денеге тарайт. Тамактын сиңбеген калдыктары жоон ичегиге барат. Анда тамактын бөлүнүшүндө пайда болгон айрым уу заттар канга өтүп, боордо бузулуп, организмден бөлүнүп чыгат жана зыянсыз заттарга айланат. Жоон ичегиде пайдалуу микробдор тамактын чиришине тоскоол кылып, К, В тобундагы витаминдерди иштеп чыгарат. Жоон ичегиде клетчатка ажырайт. Анда суу, химустун минералдык жана органикалык бөлүктөрү сиңирилет; заң түзүлүп, сиңбей калган тамак организмден сыртка чыгарылат. Тамак сиңирүү – өтө татаал процесс. Аны нерв системасы жана гуморалдык факторлор жөнгө салат.

3. ТАМАКТАНУУ РЕЖИМИ

Диета (diaita – жашоо шарты, тамактануу режими) – мүнөздөп тамактануунун тамак-аштын химиялык курамы, физикалык касиети, даярдалышы жана кабыл алуу өлчөмүнө ылайык атайын иштелип чыккан режими. Ден соолугу таза адамдын тамактануусун (кесибине, жашына ж.б.-га жараша) тамактануу гигиенасы изилдейт. Оорулуу адамдар үчүн диетаны иштеп чыгуу жана ооруларга сунуш кылуучу илим диетология деп аталат. Адамдын организминин функциясы бузулса диета колдонулат. Туура тандалган диета ар кандай дары каражаттардын таасирин күчөтүп, дарылоого жардам берет. Алдын алмай диета оорунун өнөкөткө айланышына жол бербейт. Чоң киши күнүнө 3-4 жолу (аралыгы 4-5 саат) тамактануусу туура болот. Эртең менен тамак ичкенде суткалык энергетикалык баалуулугу 25%-и, экинчи тамактануусу — 15%-и, түшкү тамактануусу -35%-и, кечки тамактануусу -25%-и түзүшү зарыл.

Желе турган тамактын көлөмү организмдин жеке керектөөсүнө жараша болот. Негизинен, орто эсеп менен, ал суткасына 2-3кг–ды түзөт. Тамактануу режиминде суткалык ритмдүүлүгүн сактоо керек. Тамактануу режимин сактабаганда зат алмашуу (өзгөчө холестерин алмашуусу) бузулат, оорулар пайда болот.

Оору пайда болуп калса организмдин абалын жана зат алмашуун кайра калыбына келтирүүдө туура тамактануу абдан зарыл экендигин билүү керек.

4. КОРУТУНДУ

Ошентип, тамак биздин жашоодо маанилүү роль ойнойт, себеби андан биздин организм тамактап, жаш, күчтүү клеткаларды түзөт. Байырккы кезде адамга табяит колун сунуп, ал андан иштетилбеген тамакты алган. Ал кездеги адам тамакты зүнүн инстинкти боюнча таап алган. Бүгүнкү күндөгү адамдын организми өтө башкача. Анда толтура былжыр, уулуу кычкылдар толуп кеткен жана витамин менен микроэлементтердин жетишсиздиги күчөгөн. Адамдын териси самынды көп колдогондуктан күндүн нуруна да туруктуу болбой калды.

Байыркы адам ден соолугуна пайдалуу тамакты токойлордон, талаадан таап жеген. Азыр болсо, биз химиялык жактан иштетилген сууну ичип, консерваланган тамакты жеп, ууланган аба менен дене алгандыктан, адамдын өмүрүнүн узактыгы азайды. Мисалы, орточо америкалыктын жашоо мөөнөтү 68 жыл экен. Эгерде адам таза табигый тамак алса, ал 900 жашка жетмек.

Ошондуктан адам табигый тамак кабыл алууга умтулуш керек. Биринчиден цивилизациянын өнөр жай продуктуларын (кофе, чай, ичкилик) азыраак кабыл алуу зарыл. Диетанын 50-60%-ин жашылча-жемиштер түзүш керек.

Абдан баалуу адамдын тамагы – жемиштер. Алар – алма, өрүк, чие, цитрустар (грейпфрут, лимон, апельсин), жүзүм, алмурут, курма, бүлдүркөн, кара өрүк, кулпунай, дарбыз.

Жашылчалар организмдин тазалоочулары жана коргоочулары. Алар: брюссель капустасы, артишок, ноя, бадыраң, пияз, сабиз, жүгөрүнүн даны, сарымсак, картофель, аш кабак, помидор, ж.б.

Жаңгак белоктор, углеводдорго бай. Этти жумасына үч эле жолу жесеңер жарайт. Калган убакта белоктун булагы жаңгак болот. Тамакка нояны кошкон жакшы. Ал өсүмдүк белогуна бай, аны организм оңой сиңире алат.

Майлардан жүгөрү, арахис, соя, күн карама, жаңгак, зыгыр майлары абдан пайдалуу. Таттуу тамактын зыяны көп. Ошондуктан бал, тазаланбаган кант, тазаланбаган патока кошуп кабыл алса жарайт.

Дан азыктарынан гречка, кара буудайдан жасалган нан жесе семиртпейт. Майлуу эттен көрө майсыз эт, балык этин, устрица ж.б. продуктуларын рационго киргизсе жакшы.

Куш этинен индюк, жөжө эти сунушталат.

Ичимдиктерден – ширелер, дистилляцияланган суу, минералдуу суулардын түрү, ит мурундун, бөрү карагаттан, чиедеги каражаттан кайнатылган тундурмаларды ичсе абдан пайдалуу.

Азыркы кездеги тамак-аш продуктулары түрдүү процесстеринин таасири менен иштетилип чыккандыктан, натыйжада анда минералдуу заттар, витаминдер жоголот. Кээде андай тамакта организмге жагымсыз таасир тийгизген заттар пайда болот. Ошондуктан, кийинки 50 жылда артрит, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, бөйрөк оорулары көбөйдү. Анын көпчүлүгүн туура тамактануу жана жашоонун туура жүрүшүн сактаса алдын алуу болот.

5. АДАБИЯТ

1. Кыргыз Совет Энциклопедиясы, т. 2. — Фрунзе, 1977.

2. В.А. Малахов и др. Натуропрофилактика и натуротерапия — М., «Эксмо», 2010

Өсүмдүктөрдү жыйноо календары

Өсүмдүктөрдү жыйноо календары

 

№ п/п

Өсүмдүктүн аты (Орусча)

Өсүмдүктүн аты (Кыргызча)

Пайдаланылуучу бөлүгү

Жыйноо мөөнөтү

Жыйноо мезгили

ай

1

Аир лекарственный аир Тамыры

2

Алтей лекарственный Дары гүлкан тамыры

2-жаштан кем эмес

6,7; 3,4, 10

3

Анис обыкновенный Кадимки анис  

4

Багульник болотный багульник  

5

Барбарис обыкновенный Кадимки бөрү карагат  

6

Береза бородавчатая Сөөлдүү ак кайын Жалбырактар, бүчүрлөр

3,4,

4,5

7

Бессмертник песчаный бозунач Гүлдөр

Гүлдөгөн кезде

7,8

8

Боярышник пятипестичный долоно Гүлдөр, мөмөлөр

Жайында, күзүндө

5,6;

8,9

9

Валериана лекарственная Дары мышык тамыр Тамырлар, тамыр түптөр

Күзүндө, жазында

4,9,10

10

Горец птичий Төшөлгөн сабактуу кымыздык Тамырлар

Күзүндө, жазында

3,4,9,10

11

Девясил высокий Бийик карындыз Тамырлар

2-жаштан кем эмес

3,4,8,9,10

12

Дуб обыкновенный Кадимки эмен кыртыш

13

Душица обыкновенная Күрөн чай чоп чөп

Гүлдөгөн кезде

6,7,8

14

Ежевика сизая Кара бүлдүркон  

15

Зверобой продырявленный Сары чай чөп чөп

Гүлдөгөн кезде, 20-25 см бийиктиги

6,7

16

Земляника лесная Токой кулпунайы  

17

Календула лекарственная Дары тенге гулу Гүлдөр

Гүлдөгөн кезде

7,8,9

18

Калина обыкновенная Кадимки калина Мөмөлөр, кыртыш

күзүндө, жазында

8,9,

4,5

19

Крапива двудомная Эки уйлуу чалкан жалбырактар

Жайында, күзүндө

6,7,8,9

20

Лопух большой Уйгак тамыр

Жазында жана күзүндө

3,4,

9,10

21

Малина обыкновенная Кадимки дан курай жалбырактар, мөмөлөр

жайында

6,7,8

22

Мать-и-мачеха обыкновенная Огой эне Гүлдөр, жалбырактар

жайында, жазында

6,7,

4,5

23

Мелисса лекарственная   Жалбырактар жана сабактардын учу

Гүлдөгөн кезде

6,7,8

24

Мята перечная жалбыз жалбырактар

жайында

6,7,8

25

Можжевельник арча жалбырактар, мөмөлөр, бутактардын эфир майлары

Күзүндө, жаш бутактары

9,10,11,

4,5

26

Одуванчик лекарственный Какым чөп, тамыры

Жазында, күзүндө, жазында жана жайында

4,8,9,10,

5,6

27

Облепиха крушиновидная Чычырканак мөмөлөр

Кыштын башында

11

28

Орех грецкий Жаңгак Жаш жалбырактар, чийки мөмөлөр, жаңгактын кабы

29

Пижма обыкновенная Кадимки танацетум Гүл топтору

Жайдын аягында жана күзүндө

7,8,9

30

Пастушья сумка Койчу баштык чөп

Жайдын кургак мезгилинде

6,7

31

Полынь горькая Эрмен чөп

жайында

5,6

32

Пустырник пятилопастный   чөп

жайында

6,7

33

Подорожник большой Бака жалбырак жалбырактар

Жай бою

34

Ромашка аптечная   Гүл топтору

жайында

5,6

35

Рябина обыкновенная   мөмөлөр

күзүндө

8,9,10

36

Смородина черная Карагат жалбырактар, мөмөлөр

Жайында, жазында

6,7

5,6

7,8

37

Тысячелистник обыкн. Каз тандай чөп

жайында

6,7,8

38

Фенхель обыкновенный (укроп аптечный) Жыттуу аш көк мөмөлөр

Бышкан кездеги уруктар

39

Фисташка натсоящая мисте

8

40

Хвощ полевой Кырк муун чөп, жер үстүндөгү бөлүгү

жайында

6,7,8

41

Хмель обыкновенный Кулмак

Кулмактын бышкан тобурчактары

7,8,9

42

чабрец Коко мерен Чөп, жалбырактар, гүлдөр

Гүлдөгөн кезде

6,7

43

Череда трехраздельная Ит уйгак чѳп

жайында

5,6,7

44

Цикорий обыкновенный   Гүл топтору

Жайында, күзүндө

6,7

9,10

45

Шиповник Ит мурун мөмөлөр

Жайында, күзүндө

7,8,9,10

 

Өсүмдүктөрдүн кыргызча-орусча сөздүгү

Өсүмдүктөрдүн кыргызча-орусча сөздүгү

Абрикос, өрүк — абрикос обыкновенный

Аир — аир болотный

Ак кайың — береза обыкновенная

Алмурут — груша

Анжир – инжир

Амарант — Амарант

Анис — анис обыкновенный

Арча — можжевельник

Аш көк — укроп

Аш кызылчасы — свекла красная

Базилик, райкан — базилик

Бадам- миндаль

Бий алма — айва

Бөрү карагат — барбарис

Гүлкайыр — мальва

Дарбыз — арбуз

Долоно — боярышник

Дүлөй чалкан — крапива глухая

Жаңгак — орех грецкий

Жүзүм — виноград

Ж үгөрү — кукуруза

Зире — тмин

Ит-мурун — шиповник

Ит уйгак — лопух большой

Какым — одуванчик лекарственный

Кадимки дарчын – цикорий обыкновенный

Кадимки өгөй эне — мать-и-мачеха обыкновенная

Каз таңдай — тысячелистник

Карындыз — девясил высокий, большой

Кара бүлдүркөн – ежевика сизая

Көкө мерен — чабрец, зизифора

Кулмак — хмель обыкновенный

Кызыл мыя — солодка обыкновенная

Кырк муун — хвощ полевой

Күрөң чай чөп — душица обыкновенная

Мелисса — мелисса, лимонная мята

Мисте — фисташка обыкновенная

Мышык тамыр — валериана лекарственная

Өчпөс гүл — бессмертник

Пахта — хлопчатник

Сары чай чөп — зверобой продырявленный

Теңге гүл- календула

Топинамбур — топинамбур

Тыт — шелковица

Уйгак — лопух большой

Фасоль, төө буурчак — фасоль

Четин — рябина

Чоң бака жалбырак — подорожник большой

Чычырканак — облепиха крушиновидная

Өсүмдүктүн тизмеси

Өсүмдүктүн тизмеси:

Абрикос Карындыз
Аир Кара бүлдүркөн
Ак кайың Көкө мерен
Алмурут Кулмак
Амарант Кызыл мыя
Анжир Кырк муун
Арча Күрөң чай чөп
Аш көк Мелисса
Аш кызылчасы Мисте
Базилик Мышык тамыр
Бадам Өчпөс гүл
Бий алма Пахта
Бөрү карагат Сары чай чөп
Гүлкайыр Теңге гүл
Дарбыз Топинамбур
Долоно Тыт
Дүлөй чалкан Уйгак
Жаңгак Фасоль
Жүзүм Четин
Жүгөрү Чоң бака жалбырак
Зире Чычырканак
Ит мурун  
Ит уйгак  
Какым  
Кадимки дарчын  
Кадимки өгөй эне  

 

 

 

Кириш сөз

Азыркы кездеги республиканын калкынын көпчүлүгү жакырчылыкта жашагандыктан, калктын маянасы аз болуп, майда чарбачылык көбөйүп, анын үстүнө азыркы убакыттагы техника кымбаттагандыктан, көптөгөн проблемалар чыгып жатат. Ошондуктан биз сунуштаган колдонмо бул маселелерди чечүүгө өбөлгө болот го деп ишенебиз. Биздин республика табигый өсүмдүк, жаныбарлар менен минералдык сырьёлорго бай. Аны туура пайдаланса ал кошумча иш орундарын түзүп калктын жашоосун оңолтконго да жардам берет.

Колдонмонун максаты-калкты өзүбүздүн жергебиздеги байлыктар менен тааныштыруу жана мөмө-жемиштерди, дары өсүмдүктөрдү жыйноо, кургатуу жана сактоону туура жүргүзүүгө жардам берүү. Ошондой эле бул продукциянын пайдасын көрүп, туура сатуу да керек.

Аны менен бирге, атайын билими болбогон адамдарга тигил же бул өсүмдүктү өстүргөнгө, тиешелүү участокту тандоо, плантацияны иштетүү боюнча бир аз маалымат берилген. Келечекте калктын арасында атайын адистештирилген кооперация түзсө да жаман болбойт эле. Себеби Союз кезинде дары өсүмдүктөрүн өстүрүүчү атайын адистештирилген совхоздор болгон (мисалы, Ысык Көлдүн Ак Суу районундагы “Арашан”, Панфилов районундагы “Эфиронос”).

Айыл жергесинде өсүмдүктөрдун дарылык касиеттери жөнүндө элдин билими аз болгондуктан, бул китепчеде өсүмдүктөрдүн касиеттери боюнча керектүү маалыматтар берилет. Бул колдонмо республикада биринчи болуп даярдалды.

Сунушталган китеп айылда демейдеги иш-аракеттерди колдонуп, пайда алуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйткөнгө, ошондой эле калктын табигый, витаминдүү, экологиялык таза продуктуларды кабыл алып ден соолугун чыңдоого жардам болот. Социалдык- экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга көмөк берет.

Бул китепте 60-ка жакын пайдалуу жана дары өсүмдүктөр жөнүндө кыскача маалымат берилген. Алар менен ар кандай ооруларды дарылап ден соолукту оңолтсо жарайт. Элдик медицинанын миңдеген жылдык тажрыйбасы азыркы кезде илимий клиникалык медицинанын негизине зор салым кошту. Азыр деле калк көпчүлүк жапайы өсүмдүктөрдү кеңири колдонуп келе жатат.

Кийинки кезде өсүмдүк продуктуларынын ролу да өстү. Өсүмдүктөр адамга керектүү белокторго өсүмдүк майларына, витаминдерге, микроэлементтерге, минералдуу туздарга, фитонциддерге бай келет. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн даамдуу, таттуулугунан башка, алардын дарылык касиети көп. Мындан тышкары оорунун күчөп кете элегинде алдын алуу, жана адам активдүү узун өмүр сүрүү үчүн алар кеңири колдонулат.

Көптөгөн жылдарда адамдын организминин органдар менен системалары, алардагы зат алмашуу өсүмдүктөрдө болгон заттардын табигый татаал кошулмаларына көнгөн, себеби алар биздин ата-бабаларыбыздын тамагынын негизин түзгөн. Ошентип жүрүп, адам менен айлана-чөйрөдөгү жашылча байлыгы менен ажырагыз байланыш түзүлүп, табият адамга колун сунган. Кээ бир өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттерин адам билип алып, кийин тигил же бул ооруларда аны дары катары колдонуп келген.

Илдетке чалдыккан жаныбарларга өзүн-өзү сактоо инстинкти жардам берет. Адам убакыт өткөн сайын, жаныбарлардан бөлүнүп, табияттан даба издеген. Ошентип адам байыртан бери чийки өсүмдуктөрдү жегени менен бирге, өсүмдүктөрдүн түбүн, тамырларын отко көмүп даярдап жеген. Андан кийин өсүмдүктөрдү айдап, өстүргөн. Карапа идиштерди колдоно баштап, дары өсүмдүктөрүнөн ар кандай ширелер, кайнатма, тундурмаларды даярдаган. Ошентип илгертен бери организмди чыңдоо каражаттарынан суу менен дарылоо, массаж, мүнөздөп тамактануу жана фитотерапия (өсүмдүктөр менен дарылоо) элге жагып, туруктуу болуп келген.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Бөлөгу 7. Корутунду

Бөлөгү 7. Корутунду

Бул кыскача жазылган китептеги сунуштар кирешелерди көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга жол берет. Мындан тышкары, калктын ден соолугун чыңдаганга витаминдүү, экологиялык жактан таза продуктуларды пайдаланганга маалыматтар берилген.

Ар кайсы жапайы өскөн өсүмдүктөрдү жыйнап, сатуудан кандай пайда алуу боюнча мисалдарды сунуштайбыз.

Мисалы, жапайы өсүмдүктөрдөн кандай пайда алса болот? Эгерде адам туура жыйнап, кургатып 100 кг күрөң чай чөп, же сары чай чөп, же бака жалбырак чогултса, анын 1 килосу болжол менен 40 сом болсо, 100 килосу 4000 сомду берет.

10 кг абрикосту чогултуп, кургатса, андан 2-3 кг кургак абрикос чыгат. 1 кг жаңы бышкан абрикос 40-50 сом турса, кургатылгандын баасы 2-4 эсе көтөрүлөт. Кургатканга анча деле күч кетпейт: эң башында бир аз убакыт абрикосторду күнгө тоборсутуп, андан кийин кургаткычта 30-400 С-да кургатса жарайт, электр энергиясы деле көп кетпейт.

Огороддо, плантацияда кээ бир өсүмдүктөрдү өстүргөндө болжол менен 1 га жерден: календуланын гүлү 300-400 кг; валериананын тамыры 800-1000 кг (аны буудайдын арасына да өстүрсө болот экен, буудайды чаап алгандан кийин кеч күздө тамырлар казып алынат); жалбыз -200-300 кг; мелисса 200-300 кг, жыпар жыттуу өсүмдүктөр 200-300 кг чыгат.

Ошондо, 1 кг кургак сырьёнун баасы болжол менен: валериана — 5-7 доллар, календула — 2-4 доллар, жалбыз — 4-6 долларды түзөт.

Бул сунуштар калктын кирешелерин андан ары көбөйтүүгө жардам берүүгө багытталган. Ошондой эле күнүмдүк жашоодо пайдалануу, витаминдүү өсүмдүктөрдү тамак-аш менен бирге кошуп ден соолугун чыңдоого түрткү болот.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Бөлөгу 6. Кээ бир пайдалуу жана дары өсүмдүктөр жөнүндө кыскача маалымат

Абрикос

кадимки өрүк. Бийиктиги 3-8м-ге жеткен роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмөлүү дарак. Анын 8 түрү бар. Алардын ичинен кадимки өрүк абдан баалуу. Аны — ден соолуктун мөмөсү дейт. Абрикостун сөңгөгүнүн диаметри 30см ден ашуун, кабыгы боз күрөң, картайган дарактарда узунунан келген жаракалар болот: жалбырактары чоң, кезектүү, жумуртка сымал, учу ичкерээк, кыры майда арадай, сабактары кызыл-кочкул. Дарак март-апрелде гүлдөй баштай, гүлдөрү жалбырактарынан мурда ачылат. Гүлдөрү бирден, чоң, мала-кызыл, бир энелик, көп аталыктан турат. 3-4 жылдык болуп жетилгенде мөмө байлайт. Мөмөсү июнь-августта бышат. Мөмөлөрү тегерек – кырдуу баркыттай сары-кызгылт, даамы таттуу алардын салмагы 10-70г. Абрикостун данеги – овалдуу-ланцеттей, уругу жалпак, мала-күрөң, таттуу же ачуу. Республикада жергиликтүү дарактардан негизги орундарды ээлейт. Бактарда өстүрүлөт. Жапайы түрү Кеминдин, Түштүк Кыргыз, Чаткал, Фергана кырларынын этектеринде өсөт.

Дүйнөдө эң даамдуу, таттуу абрикостор республиканын түштүгүндө – Баткен аймагында кеңири өстүрүлөт. Абрикоско аарылар көп келет, анын нектарынан тышкары алар чаңчасын жыйнайт.

Кадимки өрүктө 4,7-27% кант, пектин заттары, органикалык кислоталар, ийлөө заттары, аскорбин кислотасы, В1, В2, В15, Р, РР витаминдери минералдык туздар бар, каротин (А провитамини) көп. Абрикосто өзгөчө калий көп, бышкан өрүктө ал 305, кургатылганында 177мг %-ти түзөт. Кургак абрикосто 75-80% кант болот. Данегинде 58%-ке чейин кургабаган өсүмдүк майы бар. Мындан тышкары данегинде В15 витамин болот. Данектин ачуулугун гликозид амигдалин берет. Абрикостун данегинен абрикос май чыгарылат, анда амигдалин жоготулат.

Абрикостун мөмөсүн бышкан кезде же кургатылган түрдө жесе жакшы. Андан варенье, ширелер, компоттор даярдалат. Кургатылган, данегинен ажыратылган абрикос (курага) жогорку калориялуу болот. Аны суткасына 100-150 граммдан организмди чыңдоо каражаты катары, катуу ооругандан кийин, кош бойлуулукта, балдарга берсе сонун.

Жүрөк — кан тамыр ооруларында абрикос абдан пайдалуу. Себеби андагы калий көп болгондуктан, ал кандагы натрийдин ашыгын чыгарып, зааранын чыгышы оңолот. Кургак абрикос ич катканда ичти да жумшартат. Кургак өрүктү жөн деле жейт, же андан компот, кисель кайнатса болот, сорпо да бышырса жарпайт. Ал үчүн кургак өрүктөн 1 бөлүк , 1 бөлүк кант жана 2 бөлүк күрүч алса туура болот.

Абрикосту кургатканда 4 кг бышкан абрикостон 1 кг кургагы чыгат, көп убакыт бою сакталат. Көпчүлүк учурда өрүк күндө кургатылат. Ал үчүн абрикосторду суу менен чайкап, экиге бөлүп, данегин чыгарат. Андан кийин аларды 10-12 минутага лимон кычкылынын эритмесине салат (1 стакан сууга 2 чай кашык лимон кычкылы туура келет). Ал убакыт өткөндөн кийин калбырдай тешиги болгон идиштерге жайып, күнгө 3-4 күн кургатып, андан кийин бардыгын бириктирип, көлөкө жерде кургатат.

Абрикос темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулукта, гипо- жана авитаминоздо сунушталат. Абрикосто кант көп болгондуктан кант диабетинде жегенге жарабайт. Данектен алынуучу абрикос майы кээ бир дарыларды, бет майларды жасоодо пайдаланылат. Бышкан абрикосту косметика маскасы үчүн колдонсо жарайт.

Абрикостон чыккан чайыр кээ бир дарылардын курамына кирет. Чайырды апрель-августта жыйнайт. Желдетилген сарайларда, кабаты 2-3 см кылып кагазга жаят. Кургак сырье саргыч, тунук кесиндилер, даамы таттуу келет. Данегинин катуу кыртышы активдештирилген көмүр жана жогорку сапаттагы боёкту чыгарууда пайдаланылат.

Ак кайың

эл суйгөн популярдуу дарак. Анын бийиктиги 20-25м, бутактары салаңдап турат, кабыгы ак, жылма болот. Жаш кызыл-күрөң бутактары чайырлуу сөөлдөр менен капталган. Гүлдөрү эки жыныстуу, сөйкөдөй болуп чогулган. Аталык сөйкөлөрү бутактардын учунда 2-4 чачыча болуп жайгашкан. Энелик сөйкөлөрү – бирден, аталыктан эки эсе кыска, четки кыска өркүндөрдө жайгашкан. Мөмөсү – канаттуу данектер. Ак кайың апрель – майда гүлдөйт, мөмөсү август-сентябрда бышат.

Дарылык максатта негизинен ак кайыңдын бүчүрлөрү, кээде жаш жалбырактары колдонулат. Бүчүрлөрү эфир майларына бай келет. Ошондой эле, анда флавоноиддер, ийлөө заттары, чайырлар, С витамини, сапониндер ж.б. заттар бар. Жалбырактарында ийлөө заттары, чайырлар, С витамин, каротин эфир майлары, ж.б. организмге пайдалуу заттар табылган.

Ак кайыңдын бүчүрлөрү февраль-март айларында ачыла электе жыйналат. Кышында январь-февралда да жыйнаса жарайт. Ал үчүн жаш бутактарын кыйып алып, аны боолоп, караңгы жерге бүчүрлөр барсайганча сактап, кийин 3-4 жума кургатат. Андан кийин ал боолорду таптап, бастырып, силкип, же бүчүрлөрдү терип алып, ар кайсы кошундулардан тазалап, кагаз пакеттерге салып коёт. Бүчүрлөрдүн сактоо мөөнөтү – 2 жыл.

Ак кайыңдын бүчүрлөрү негизинен заара айдама каражаты катары табарсык сезгенгенде, ак шишикте, өт баштыкчасы менен өт жолдорунун сезгенүү ооруларында, тердетүүчү, жаратты айыктыруучу каражат катары колдонулат.

Ак кайыңдын жалбырактарынын таасири анча күчтүү эмес. Жалбырактарды ак кайың гүлдөгөндө терсе сонун, алар ошол убакта жыттуу, жабышкак, микробдорду өлтүрүүчү фитонциддерди көп чыгарат. Аларды тез эле кургатуу зарыл. Ак кайыңдын ширеси таттуу жагымдуу келет. Ал эрте жазда кар ээриген кезде 15-20 күндүн ичинде алынат. Дарактын сөңгөгүн стамеска менен үч бурчтуу тешик кесип, анын жогорку бурчун ылдый каратып чыгарат.

Ага калайдан кобулча киргизет. Ширени алгандан кийин дарактагы жараны мырза карагайдын чайыры, мом, пластилин менен чаптап коет. Диаметри 25-30см болгон ак кайыңдан орто эсеп менен суткасына 40-45л шире алса болот. Саат 12 ден 18-ге чейин ал көп чыгат экен. Ширени токойдо кыюу пландаштырылган ак кайындардан алса болот. Ичке, жаш ак кайыңдардан шире чыкпайт.

Ак кайыңдын ширесинде фруктоза, органикалык кислоталар, витаминдер, микроэлементтер ж.б. пайдалуу заттар бар. Өзгөчө жаз айларында мындай заттар организмге өтө керектүү. Ошондуктан ак кайыңдын ширесин системалуу түрдө ичсе ал организмди чыңдап, тонусун жогорулатат. Ак кайыңдын ширеси витаминдердин жетишсиздигинде, бронхитте, туберкулездо, ревматизмде, бөйрөк менен табарсыкта таш пайда болгондо, аз кандуулукта, ангинада, чыйкан чыкканда, ак шишикте сунушталат.

Ак кайыңдын ширеси менен башты жууганда чачтар түшпөй калат жана өсө баштайт. Косметика өндүрүшүндө ак кайыңдын ширеси лосьондорду чыгарууда пайдаланылат. Бетке безетки чыгып же анда пигменттүү темгилдер пайда болсо, бетти ак кайыңдын ширеси менен аарчып турса жакшы болот.

Ак кайыңдын бутактарынан шыпыргы жасап, мончодо колдонсо булчуңдар, муундар ооруганда жардам берет жана бутактагы жалбырактардан чыккан жыпар жыттуу ис организмди чыңдайт, сеп алдыртат, дем алуу органдарына жакшы таасир этип, какырыкты чыгарууга жакшы жардам берет.

Алмурут

мөмөлүү дарак. Бардык жерде культурада өстүрүлөт. Алмуруттун мөмөсүндө 10% канттар, 0,3% ийлөөчү заттар, 2,6% клетчатка бар. Алмурут жаңыдан үзүлгөн, кургатылган, консерваланган түрдө, ошондой эле варенье, повидло түрүндө колдонулат. Анын ширеси заара айдама касиетке ээ болгондуктан, заара жолдорунда таш пайда болуу оорусунда сунушталат. Ошондой эле кургатылган алмурутту кайнатып жөтөлгөндө, ич өткөндө, эт ысыганда ичсе жакшы.

Амарант

— амаранттар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийиктиги 20-100 см келген бир жылдык чөп. Жалбырактары жөнөкөй. Гүлдөрү эки жыныстуу, жалбырак колтугунда топтолушкан. Мөмөсү бир уруктуу, кутуча. Амаранттын кээ бир түрлөрү өсүмдүктөр катары гүлзарларда, парктарда өстүрүлөт. Малга сонун тоют болот.

Медицинада амаранттын уругунан чыгарылган май колдонула баштады. Ал сезгенүүгө каршы, жараатты айыктыруучу касиеттерге ээ. Амаранттын майы гастритте, карын жана он эки эли ичегинин жарасында колдонулат.

Анжир

тыттар тукумундагы мөмөлүү дарак. Анын жаңы бышкан мөмөлөрү аскорбин кислотасы, В12 витаминдерге, минералдык заттарга (калий, кальций, магний, фосфор, ж.б.) бай келет. Канттардын (глюкоза, фруктоза) өлчөмү 20-30% ке жетет. Ошондой эле инжирдин мөмөсүндө пектин заттары, клетчатка бар.

Анжирдин мөмөсү — таттуу продукт. Ал жаңы бышкан кезде, кургатылган түрдө колдонулат. Анжирден варенье, джем, конфет, вино чыгарылат. Кургак мөмөсүндө 70% ке жакын кант болот. Анжир жүрөк-кан тамыр ооруларында, аз кандуулукта абдан керек. Тамак сиңиртүүчү касиетке ээ, ич катканда ичти жумшартат.

Анис

кадимки анис. Бийиктиги 60см-ге жеткен бир жылдык чатырдуулар тукумундагы өсүмдүк. Анын сабагы издүү тегерек, тамырдын башындагы жана астынкы сабактарынын жалбырактары узун саптуу, тегерек, бөйрөктө, жогорку жалбырактары эки ирет канаттай татаал, башкы жалбырактары үчүлүк татаал.

Сырьесу — анистин бышып жетилген мөмөлөрү (уруктары). Өсүмдүктү чалгы менен чаап алат, кургатып, бастырылат жана кошундулардан тазаланат.

Анистин уругу жумурткадай же алмурут сымал, өзүнчө бөлүнбөйт, узундугу 3-5 мм, туурасы 2-3мм. Уруктун учунда беш тиштүү чөйчөкчө бар, негизинен түбүндө көп учурда чатырдын нурунун калдыгы жабышып турат. Уруктун сыртын кыска түк баскан, даамы таттуурак, жыпар жыттуу келет.

Анистин уругунда 3,2% эфир майы бар. Анын курамына анетол (80-90%), анис альдегиди, анис кислотасы кирет. Анистин уругунда 28% өсүмдүк майы бар, ал -3°С-да тоңот. Анистин уругу какырык чыгаруучу касиетке ээ, ошондуктан анистин эфир майы нашатыр – анис тамчылары жана эликсир жасоодо колдонулат.

Арча.

Арчалар тукумунан. Дайыма көгөрүп туруучу дарак. Бийиктиги 1-12 м. Жалбырактары майда катуу, ичке бутактарга тыгыз жабышып, түрпүчүлөр түрүндө болот. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт, уруктары томолок келген тобурчактарынын ичинде жайгашат. Тобурчактын өңү кара-көк, үстү боз нерсе менен капталган. Тоо беттеринде, бадалча түрүндө таралган. Кыргызстанда арчанын ар кайсы түрлөрү – жапалак арча, сары арча, кара арча ж.б. өсөт. Сырье катары арчанын татуу, жыпар жытуу тобурчактары күзүндө жыйналат, көлөкө жерде кургатылат. Химиялык курамында канттар (40%ке чейин), юниперин гликозиди, флавононддер, чайырлар (95%-ке чейин), органикалык кислоталар, ийне жалбырагында — аскорбин кислотасы көп. Тобурчактарын кайнатын ичсе тамакка мейил тарттырат, заараны айдайт. 50 г тобурчакты 1 стакан сууга кайнатып, чыпкалап, ага бир аз кант кошуп, дагы кайнатып, 1 чай кашыктан тамакка чейин 3 маал ичсе тамакка мейил тарттырат. 100 г тобурчакты 1 литр cууда кайнатып, ага кол-бутту малып отурса кызыл жүгүрүктө, муундардын сезгенишинде жардам берет.

Аш көк

— чатырдуулар тукумундагы жыпар жыттуу бир жылдык өсүмдүк.

Сабагы түз, 50-100см, бийик, жылма, кочкул жашыл, ак тилкелери бар; жогорку жагы бутакталган, көк- жашыл түстө. Жалбырактары канаттай татаал, ичке, жипчедей. Гүлдөрунүн көрүнүшү чатырга окшогон топ гүл, алардын топ гүлдөрү өзүлөрүнүн гүл сапчалары менен башкы кыска гүл саптын учуна нур сыяктуу жайгашкан. Гүлдөрү мала сары түстө. Июнь-июлда гүлдөйт, уругу 5-6 мм, сары күрөң. Сырье катары уругу жыйналат. Бардык жерде культурада өстүрүлөт. Байыркы эле кезде аш көк жыпар жыттуу жана дары өсүмдүгү катары колдонулуп келген.

Аш көктүн жашыл жалбырактары менен сабагында С, В, В2, Р, РР, Е витаминдери бар. Аш көктүн уругунда 2,5-4% эфир майы, 10-20% өсүмдүк майы, протеин, ж.б. болот.

Аш көк ичеги-карындын түйүлүп ооруганда жакшы жардам берет. Ичегидеги чириткич процесстерди азайтып, ич көпкөндү басаңдатат. Аны менен бирге аш көк артериялык кан басымды төмөндөтөт. Заара айдама, какырык чыгаруучу да касиетке ээ. Аш көк тамакка татымал катары колдонулат. Элдик медицинада аш көктүн уругун кайнатып, анын тундурмасы тамакка мейил тарттыруу, тамак сиңирүү үчүн, сеп алдырма, ич көпкөндү басаңдатуучу, ошондой эле эмчек эмизгендердин сүтүн көбөйтүүчү каражат катары кеңири колдонулат.

Аш көктүн тундурмасын кантип даярдайт. Жанчылган аш көктүн уругунун 1 аш кашыгынын үстүнө 0,5л шаркырап кайнаган суу куюп, 15-20 минута термоско куюп же идишти жылуудап ороп коюу керек. Андан кийин аны чыпкалайт. Күнүнө 3-5 маал Ѕ стакандан тамакка 15-20минута калганда ичсе жакшы. Бир жумадан кийин 3-4 күн дем алып, андан кийин кайра кайталаса жарайт.

Аш кызылчасы.

Эки жылдык, түбү жоон өсүмдүк. Жалбырактары чоң, маңыздуу болот. Бардык жерлерде эгилет. Анын тамырында белоктор (клетчатка темир) иод, аскорбин кислотасы, В, В2, Р, РР витаминдери, фолий кислотасы бар. Жалбырагында аскорбин кислотасы, каротин, бетаин бар. Аш кызылчанын бардык бөлүктөрү тоют катары малга берилет. Ар бир гектарынан 150-500 ц түшүм берет.

Аш кызылчадан даярдалган ар түрдүү тамак – аштар мүнөздөп тамактанууда кеңири колдонулат. Андагы клетчатка менен органикалык кислоталар ичеги- карындын иштешин оңолтот. Витаминдердин тобу андагы темир менен бирдикте аз кандуулукта чоң жардам берет. Ошондой эле аш кызылчасы атеросклероздо гипертония оорусунда, боор менен бөйрөк ооруларында абдан пайдалуу болот.

Базилик

райкан — эрин гүлдүү тукумундагы бадал же бадал сымал өсүмдүк. Анын 150гө жакын жапайы түрү бар. Мелүүн климаттуу райондордо эфир майын алуу үчүн айрым түрү өстүрүлөт. Гектарынан 40-80 ц жашыл масса алса болот. Базилик гүлдөгөнгө чейин жыйналат. Базилик катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жер семирткичтер менен азыктандырылат. Тамак-ашка базилик татымал катарында пайдаланылат.

Жанчып майдаланган кургак базилик жагымдуу кычкыл даамдуу, аны ар түрдүү тамак-ашка кошсо жакшы. Базиликтин жалбырагында Р витаминдин булагы рутин дана А провитамини көп. Ич көпкөндө жакшы жардма берет. Базиликке уксус менен туз, cуу кошуп кайнатып, бүйлөөлөр сезгенде оозду чайкаса жарайт.

Бадам

роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак же бадал өсүмдүгү. Гүлү ак же кызгылт,данеги ширин, анда 54% май, 21% азоттуу, 13% азотсуз заттар бар. Токойдогу кээ бир бадамдын данеги ачуу болот. Ал амигдалин деген уулу заттын көп болгондугу менен байланыштуу. Ар гектарынан 400 кг-га чейин түшүм алынат. Айрым дарагынан 10 кг дан ашуун таттуу данек алууга болот. Кондитер өнөр жайында данеги пайдаланылат. Мындан тышкары бадам (миндаль) майы да чыгарылат.ал косметикада колдонулат.

Барсылдак, крыжовник.

Бийиктиги 130см-га жеткен бадал. Жаш бутактары тикендүү, жалбырактары татаал, сабагына кезектешип жайгашат. Гүлдөрү мала көк, 2 жыныстуу, 5 мүчөлүү. Топ гүлү чачы, кээде жалгыздан болот. Мөмөсү-жемиш, көп уруктуу, андан кыям, вино жасалат. Кыргызстанда өстүрүлөт, вегатитивдик жол менен көбөйөт.

Дарылык максатында мөмөлөрү пайдаланылат. Барсылдактын мөмөмлрүндө 10% ке жакын канттар( фруктоза, глюкоза, сахароза), органикалык кычкылдар ( негизинен лимон кычкылы), 1%-ке жакын пектин заттары. Барсылдактын мөмөлөрү С,В,Р витаминдерине бай келет. Андан тышкары темир, жез, фосфор ж.б. макро-жана микроэлементтер бар. Барсылдактын өзүн жесе жакшы. Ошондой эле варенье, джем, мармелад, шире, конфет жасоого жарайт.

Бий алма. Айва.

Бийиктиги 1,5-7м болуп өскөн мөмөлүү дарак. Бий алманын мөмөсүндө 12% фруктоза, глюкоза, алма, лимон кычкылдары, пектиндер, аскорбин кислотасы, микроэлементтер(темир, жез ж.б.) бар. Бий алма бышырылган, консервацияланган түрдө колдонулат. Бий алманын мөмөсүнүн кыртышындагы эфир майлары тамакка абдан жагымдуу жыт жана кычкылыраак даам берет. Жаңы үзүлгөн бий алмадан шире чыгарып аны аз кандуулукта колдонсо жакшы жардам берет. Бий алманын оозду куруштуруучу (камаштыруучу) таасири бар.

Бий алманын уруктарын жанчып, үстүнө кайнак cуу куюп чайга окшош демдеп ичсе жөтөлдү жумшартат. Ошондой эле, ошол чай менен бетти жууса, тери жумшарат, тазаланат. Мөмөсүнөн жасалган варенье боор ооруларында жакшы жардам берет, көп кусканда да пайдалуу.

Бөрү карагат.

Бөрү карагаттар бийиктиги 3 метрге жеткен түп тамыры чоң бадал.Негизги тамырынан бутактар кетет. Эски сабагы боз, жашыл-саргыч, боз-саргыч, бутактарында үч же беш бөлүктүү тикендери бар. Кыскарган өркүндөн 2-12 жалбырак чыгат. Гүлү узундугу 3-6 см болгон 15-30 сары гүлдөрү топтолгон ылдый түшкөн чачы, мөмөсү – тегерек же алмурут сымал, кычкыл, кочкул, кызыл. Анда эки узун күрөң уругу болот. Таштуу жерде, cуунун жээгинде, ийне жалбырактуу токойлордон арасында өсөт. Мөмөсүн сентябрь- октябрда, тамырын – кеч күздө, жалбырагын –май- июнда, кабыгын – эрте жазда жыйнайт. Химиялык курамында канттар , органикалык кислоталар, боёочуу заттар, минерал туздары витаминдер бар. Чала бышкан данында, жалбырагында, тамырында, кабыгында анын негизги заты берберин деген алкалоид топтолот. Жалбырагында витамин Е жана эфир майы болот. Бөрү карагаттын мөмөсү тамакка мейил тарттырат, сеп алдырат. Сезгенүүгө каршы, өт айдама касиети бар. Бөрү карагаттын жалбырагынын настойкасы боор ооруларында, төрөттөн кийинки кан агууну алдын алууда, жатындын сезгенишинде колдонулат. Өт жолдору сезгенгенде өттү айдайт, тамырынын кабыгын кайнатып боордун ооруларында ичсе жарайт. Элдик медицина аны ичеги-карын ооруларында, кызыл жүгүрүктө колдонот.

Мөмөсүнөн ар түрдүү тамак-аш продуктулары (ширелер, сироптор, винолор, вареньелер) чыгарылат.

Гүлкайыр

дары гулкан- көп жылдык, чөптүү өсүмдүк. Анын негизги тамыры жоон, андан эттүү четки тамырлар чыгат. Сабактары бирден же бир нече, түз, цилиндрдей, бутактары аз, төмөнкү жагында дарактай катуурак, узундугу 100-150см. Жалбырактары бири-бири менен туш келген жалбырак сабында, жогорку жалбырактары жумуртка сымал, үч-беш айчыктуу, баркытка окшош жумшак гүлдөрү сабактын башында жана жогорку жана ортоңку жалбырактардын колтугунан чыгат. Гүл сабы кыска. Гүлдөрү ак же мала кызыл, 8-12 жалбырактан турат. Мөмөсү- жалпак, диск сымал көп уруктуу – 15-25 уругу бар. Арыктардын, көлмөлөрдүн, каналдардын жээгинде, бадалдардын арасында өсөт. Аны гүлдөгөн кезде күзүндө же жазында чаап алат. Тамырларын топурактан жана майда тамырларынан тазалап 2-3 күн абада көлөкө жерде кургатып, андан кийин катуу пробка кабыгынан тазалайт. Чоң тамырларды узундугу 15 см, аны узатасынан 2-4 бөлүккө кесип, кургаткычка 50-60°С-да кургатат же күн тийбеген жел жүргөн сарайда кургатат. Чөбү бүтүн катып калбаган абактары менен жалбырак, гүлдөрү аралашкан. Жалбырактарынын узундугу 2-10 см, туурасы — 1-9 см. Гүлдөрү сабактын башында жана жогорку жана ортоңку жалбырактардын колтугунда чогулган. Сабактардын жоондугу 8мм-ден көп болбойт. Майдаланган чөптүн өлчөмү 5 см ден көп болбойт. Тамырдын кесиндилери цилиндр сымал, узундугу 35 см, жоондугу 2 см-ге чейин. Гүлкайырдын тамырынын түсү ак, саргыч ак болот. Тамырды сындырганда чаңдайт (крахмал), суу тийсе — килкилдейт. Жыты ансыз. Даамы таттуу, килкилдек.

Химиялык тутуму. Гүлкайырдын чөбү менен тамырында полисахариддер (глюкоза, арабиноза ж.б.) көп. Мындан тышкары 37%ке чейин крахмал, аспарагин, бетаин, пектин ж.б. бар.

Негизинен гүлкайырдын тундурмалары (настой) какырык чыгаруучу, сезгенүүгө каршы дем алуу жолдорунун ооруларында (бронхит, трахеит), ошондой эле ичеги-карын ооруларында (гастрит, колит, ич өткөктө) колдонулат.

Чөбүнөн мукалтин аттуу препарат чыгарылат. Ал какырык чыгаруу үчүн дем алуу жолдорунун катуу кармаган сезгенүүлөрүндө колдонулат.

Дарбыз, арбуз.

Аш кабак тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк. Түсү мала кызгылт, кызыл, кочкул кызыл. Негизинен дарбызда канттар (фруктоза), В1, В2, РР витаминдери, аскорбин жана фолий кислотасы, каротин, пектин заттары, клетчатка бар. Данегинде өсүмдүк майы табылган. Дарбыздын салмагы 0,6-16 кг болот. Гектарынан 150-300 центнер түшүм алынат.

Дарбызда шире көп болгондуктан, cуусунду кандырат. Дарбыз, дарбыздын кабыгы заара айдама касиетке ээ. Ошондуктан, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк ооруларында кеңири колдонулат. Дарбыздын ширеси организмден ашык cууну чыгаргандан башка, организмди оңой сиңирилүүчү канттар менен камсыз кылат. Дарбызды кант диабети, аз кандуулук менен ооругандар жесе жакшы.

Долоно

роза гүлдүүлөр тукумундагы уруусундагы бадал же дарак. Өркүнү тикендүү, жалбырагы жөнөкөй. Гүлдөрү ак, топ гүлү калканча же чачы сыяктуу. Ашы сүйрүү же тоголок. Өңү көбүнчө кызыл, кызгылт сары же кара. Долононун мөмөсү менен гүлүндө флавоноиддер, органикалык кычкылдар, каротиноиддер, ж.б. биологиялык активдүү заттар бар. Мөмөсүнөн экстракт жасалат. Ал жүрөк, гипертония, ооруларын, неврозду алдын алуу жана дарылоодо колдонулат. Мөмөлөрү кургатылгандан кийин кургак салкын жерде сакталат.

Дүлөй чалкан.

Эрин гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүгү. Анын сабагы жашыл, түз, ачаланган, бийик. Астыңкы жалбырактары тегерек же жумуртка сымал, беш ачалуу, ортоңкусу эллипс сымал же үч ачалуу,түктүү, саптуу, үстү кочкул жашыл, асты малаа жашыл. Гүлдөрү эки эриндүү: жогорку эрини-кызыл, астыңкысы сары, гүл жан жалбырагы тикендүү. Июнь айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Адырларда, тоонун этегинде өсөт. Гүлдөгөн учурда чөбү терилет. Химиялык тутумунда алкалоиддер, ийлөө заттары, эфир майлары, флавоноиддер (кверцетин, рутин), витаминдер (А,С) бар. 70% спиртке чылап жасаган тундурмасын невроз, гипертониялык оорусунда, миокардитте колдонсо болот. Ошондой эле чайга окшош демдеп ичсе болот. Ал үчүн 15 минута демдеп, 45 минута муздатып, чыпкалап, 1/3 – 1/2 стакандан күнүнө 1-2 маал, тамакка 1 саатка чейин чсе болот. Бул чай 2 сутка гана сакталат.

Жаңгак

– жаңгак тукумундагы дарак. Бийиктиги 20-30м, сөңгөгүнүн диаметри — 1,5м. Шагы коюу, жалбырагынын узундугу 20-40 см, мөмөсү данектүү, тоголок же сүйрү.

Сырьё катары жаш жалбырактарын чогултса болот. Алар кадимки эле температурада же кургатуучу аппаратта 35град.С-да кургатылат. Жаңгактын ядросу тамак үчүн пайдаланылат. Анда 45-77% май, 8-21% белок жана А,В,С витаминдери, каротин, пектин ж.б. биологиялык активдүү заттар көп. Жалбырагында 4-5% ийлөө заттары, эфир майы, ачуу заттар, пектиндер ж.б. заттарга бай келет.

Жалбырактардын негизги ийлөө жана сезгенүүгө каршы таасири бар. Ошондуктан, жалбырактардан кайнатма (настой) жасап бүйлөлѳр сезгенгенде оозду чайкаса болот. Сөөлдү жоготуш үчүн жаңгак жалбырагы менен тармал аш көктүн тамырын кайнатып, сөөлдүн үстүнө компресс жасаса жакшы болот экен. Жаңгактан жаңгак майы чыгарылат.

Жүзүм

— жүзүмдөр тукумундагы өсүмдүк уруусунан, жармашып, чырмалып өсүүчү көп жылдык өсүмдүк. Негизинен жылуу климаттуу зоналарда таралган. Тамыры түптүү, сабагы жоон, кыска, жалбырагы жазы, сабагына кезектешип чыгат. Гүлү майда жашыл. Мөмөсүндө 1 уурусу бар. Айрым сорттору ( кишмиш) — уруксуз.

Жүзүм жаңы үзүлгөндө жана кургатылган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Андан шампан, шарап, коньяк, шире, компот, мейиз, мармелад ж.б. жасалат. Мөмөсүндо 65-85% суу, 10-33% кант, 0,5-1,4% органикалык кычкылдар, 0,9% белок, 0,3-0,5% минерал заттары, ошондой эле С, В жана В2 витамини, А провитамини болот. Жүзүмдүн 80%-и кайра иштеп чыгарууга, 5% и как жасоого кетет, 15%-и жаңы үзүлгөндө желет.

Жүзүмдүн мөмөсү менен ширеси заараны жакшы айдайт, тердетет жана ичегинин иштешин оңолтот. Ошондой эле алар боор ооруларында, атеросклероздо, гипертонияда, аз кандуулукта сунушталат.

Жүгөрү, маис

– дандуулар тукумундагы бир жылдык өсүмдүк түрү. Анын бийиктиги 50-80 см ден 5-6 м-ге чейин жетет. Тамыры тарамдуу, жерге 100-150 см кирет. Жылуулукту көп керектейт. Күзгү суукту көтөрө албайт. Жүгөрү — баалуу өсүмдүк. Анын данында 9-12% белок, 4-6% май, 65-70% углевод жана A — провитамини бар. Жүгөрүдөн ун, акшак жасалат. Пиво, спирт жана консерва өнөр жайында кеңири колдонулат.
Жүгөрүнүн чачысында ар түрдүү биологиялык активдүү заттар (ситостерин, май, эфир майы, чайырлар, К, В1, В2, В6, Д, Е витаминдери ж.б.) бар.

Жүгөрүдөн чыгарылган май атеросклерозду алдын алууда жана дарылоодо колдонулат, ошондой эле жүгөрүнүн майы, чачысынын маңызы өт айдама касиетке ээ. Жүгөрү майында Е витамини көп, ал тери ооруларын дарылоодо колдонулат.

Зире

– бийиктиги 30-100 см болгон эки жылдык же көп жылдык чатыр гүлдүүлөр тукумундагы чөптүү өсүмдүк. Сабагы жылма түз, бутакталган. Жалбырактары кезектүү, канаттай татаал жалбырак. Топ гулү – татаал чатыр. Желекчелери 5, ак же мала кызыл. Уругу узунча же кыска эллипс сымал, эки сүйрү бир уруктуу мөмөгө бөлүнөт. Май-июлда гүлдөйт. Тоолордо, жайлоодо өсөт. Өлкөдө ар кайсы райондордо остүрүлөт. Сырьё катары зиренин уругу жыйналат.

Зиренин уругунда 3-7% эфир майы, 15% өсүмдүк майы, 10-20% белок заттары, 4% ийлөө заттары ж.б. бар.

Негизги таасири: тамакка мейил тарттырат, ич көпкөндө жардам берет, өт айдама касиети бар. Эмчек эмизгендердин сүтүн көбөйтөт, заара айдайт, какырыкты чыгарат. Сеп алдырма касиетке да ээ.

Колдонуу ыкмасы: Жанчылган 2 чай кашык зиренин үстүнө 1 стакан (200мл) кайнак суу куюп, бор этип кайнатып, 15-20минута демдейт. Муздагандан кийин чыпкалап, бир күндүн ичинде бөлүп ичет.

Зире жыпар жыттуу татымалдарга кирет. Жанчылган зирени салаттарга, паштеттерге, капустага, сорпого, этке, быштакка себелеп кошсо жакшы. Ошондой эле , нан бышырганда камырга кошулат. Жалбырактары салатка, сорпого салынат. Зиренин уругу ликёр-арак өнөр жайында, парфюмерияда, самын жасаганда пайдаланылат.

Ит мурун

– бийиктиги 2-3 метрге жеткен тикендүү бадал. Сабагында көптөгөн орок сымал тикендер болот. Жалбырактары татаал, элипске окшош тиштүү. Гүлдөрү бир-бирден, же 2-3төн сабакчалардын башында жайгашкан. Гүлдөрүнүн желекчеси — мала кызыл, ак же сары түстө болот. Мөмөсү күрөң, кызгылт жаңгак сымал, борбордук бөлүгү – жайылган гүл жайгашкычы. Бадалдардын арасында, чөптүү жерде өсөт.

Сырьёсу – кочкул кызыл түстөгү бышкан мөмөлөр (ит мурундун ашы). Ал кургатылат. Ит мурундун ашында канттар, пектиндер, органикалык кычкылдар, флавоноиддер ж.б. биологиялык активдүү заттар (витаминдер, В1. В2, P , PP, каротин, темир, марганец, фосфор, кальций, магний бар.

Ит мурундун ашы С жана Р витаминдеринин жетишсиздигин алдын алууда ичсе жакшы.

Өт айдама касиети бар. Ошондуктан ал холосас деген дарыны чыгарууда пайдаланылат. Ит мурундун уругунан ит мурун майы иштетилип чыгарылат. Андай май жараны айыктыруучу касиетке ээ.

Ит уйгак.

Бийиктиги 1 метрге чейин жеткен татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп бутактуу бир жылдык чөп. Жалбырактары татаал, үч – беш бөлүктүү, сабагында тушташ жайгашкан. Себетинин жээгиндеги гүлү тилчедей, ортоңку гүлү түтүкчөдөй сары же ак, 2 жыныстуу. Топ гүлү шыпыргыдай же калкандай. Мөмөсү – урукча. Июль – сентябрда гүлдөйт. Ит уйгак Кыргызстанда кеңири таралган. Ал өрөөндөн бөксө тоолорго чейинки көлмөлөрдүн, арыктын жээктеринде, негизинен нымдуу жерлерде өсөт.

Ит уйгактын чөбү гүлдөгөн мезгилде жыйналат. Химиялык курамында былжырлар, ачуу заттар, эфир майлары, флавоноиддер, каротин, аскорбин кислотасы, ийлөө заттары, микроэлементтер (өзгөчө марганец) бар.

Ит уйгакты чайга окшош демдеп тамак сиңирүү үчүн, итийде, муундун сезгенишинде, боор, көк боордун жана тери ооруларында ичүүгө колдонсо болот. Ошондой эле тердетүүчү жана заара айдама касиети бар. Мындай чай менен бетти жууса, денени сүрсө болот, аны ваннага кошсо жакшы. 4 аш кашык майдаланган ит уйгактын чөбүнүн үстүнө 1 литр суу куюп, 15 минута демдеп, 45 минута муздатып, чыпкалап 1 аш кашыктан күнүнө 3-4 жолу ичүү керек.

Какым.

Бийиктиги 20-50см. болгон көп жылдык чөп. Тамыры жоон, анын диаметри 2 см. Жалбырактары: тамырга жакыны ланцеттей, астыңкы бети желедей, негиз жагы ичке болот. Алар розеткага чогулган. Жалбырактары чоңдугу боюнча айырмаланып турат, алардын түбүндө cуу аккыч кобулча бар; анын жардамы менен жаан жааганда өсүмдүккө cуу барып турат. Гүл сабакчасы 30 см-дей, түтүк. Эң башында гүл пайда болуучу сабактын учунда табак сыяктуу болуп бүткөн бетинде диаметри 3-5 см болгон жалгыз гүл жайланышат. Гүл алтын сары түстө, татаал гүлдүүлөр тукумуна кирет. Какым массалык түрдө апрель, май айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Уругу –күрөң урукча, узундугу — 3-5 мм, ага ак жумшак түктөр (парашюттар) жабышкан.

Какым бардык жерде өсө берет. Дары катарында анын тамыры колдонулат. Элдик медицинада жалбырактары да пайдаланат. Тамыры күзүндө, жалбырактары соолуган кезде казылып жыйналат. Тамырларын топурактан тазалап, жууп, майда тамырларын кесип таштайт. Майдалап кесет, абада 3-4 күн кармап, андан кийин желдетилген сарайда же кургаткычта 40-60 градуста кургатылат. Туура кургатылган тамырлар туурасынан бүрүшкөн, тез кырс этип сынат, үстү кызыл-күрөң, ичи ак, жытсыз, даамы ачуурак –таттуу. Сырье 6 жыл бою сакталат (зыянкечтерден абайлап сактоо керек).

Какымдын тамырында 40% инулин; 20% кант, 2-3% каучук, ачуу гликозид-тараксацин, органикалык кислоталар, сары-кочкулсары түстөгү пигменттер, С, В2 , РР витаминдер, ийлөөчү заттар, эфир майлары бар. Өсүмдүктүн бардык бөлүгүндө өсүмдүк сүтү бар.

Медицинада какымдын тамыры менен чөбү тамакка мейил тарттыруу, тамакты сиңиртүүчү үчүн, боор ооруларында өт айдама каражат катары кеңири колдонулат. Ич катканда да пайдасы тийет.

Какымдын жалбырактары назик, аны салатка кошуп жесе, витамин жетишсиздигинде, аз кандуулукта эрте жазда пайда берет. Салатты төмөнкүдөй жасаса жарайт: какымдын жалбырагы – 100 гр, 50 г көк пияз, 25 г аш көк, 15 г өсумдүк майы, 50г ачытылган капуста, 1 бышкан жумуртка, туз, калемпир. Какымдын вареньеси балга окшош болот. Ал үчүн эртең менен (саат 5-6 да) күн тийген кезде гүлдөрүн үзүп алып, 1000 гүлгө 1 литр кайнак суу, 2кг кумшекер, 3 лимон, чиенин жалбырагынан 25-и алынат. Аны мискейге салып, лимонду сүргүчтөн өткөрүп кошот, үстүнө 1 литр cуу куюп, 15 минутада кайнатып, 12-24 саатка коюп коет. Андан кийин аралаштырып, 2 саат кайнатат, көбүгү алынат. Вареньени айнек банкаларга куюп коет. Какымдан нектар алса да болот. Ал үчүн 3 литрлик банкага 1,5 кг кумшекер салып, жыгач менен тыгыз бастырса, шире чыгат. Дагы гүл кошуп койгондо, какымдын чаңчасы банканын түбүнө чөгөт. Аны кыш бою сактаса болот. Какымдын сиропун бир чай кашыктан жарым стакан сууга кошуп тамакка чейин 20-30 минута калганда ичсе — тамакка мейил тарттырат, тамак сиңирүүнү оңолтот, организмдин тонусун жогорулатат.

Кадимки дарчын.

Татаал гүлдөр тукумунан, көп жылдык чөп өсүмдүгү. Тамыры жоон, сабагы түз, бийиктиги 30-150см, бутактары ачаланган. Бутагынан өсүп чыккан жалбырактары ланцет сымал, ачалуу, жогору жайгашкандары бүтүн кырдуу жалбырак. Гүлдөрү жалгыздап же 2-3 төн жайгашкан, мала көк, кээде эле – ак. Июнь-августта гүлдөйт. Жол жэээгинде, тоонун бетинде, адырларда өсөт. Кыргызстандын бардык аймагында таралган. Дарчынды бүтүндөй тамыры менен казып алып кургатат.

Химиялык курамы: дарчындын тамырында инулин, ачуу гликозид интибин, пектин, кант жана чайырлар бар. Гүлдөрүндө — цикориин гликозиди, жалбырагында инулин болот.

Элдик медицинада өсүмдүктү бүтүндөй эле ичеги-карын ооруларында, боордун циррозунда, көк боордун шишип кетишинде пайдаланылат. 40 г кургатылган дарчынды 1 литр cууга демдеп, ал теринин сезгенүүсүндө (экземада) колдонулат. Дарчындын тамырынын 1-2 аш кашыгына 2 стакан суу куюп кайнатып Ѕ стакандан 3 маал ичсе болот.

Кадимки өгөй эне.

Татаал гүлдүүлөр, тукумунан. Тамырлары, узун жана тармактуу болгон көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы жумуртка сымал, узун келген түрпүлөр менен капталган. Анын башында жалгыз эле сары гүл болот. Гүлү түшкөндөн кийин түп тамырынан тегерек, жүрөк сымал, сырты кочкул жашыл, түзсүз, астында ак түгү болгон жалбырактар өсүп чыгат. Даны цилиндр сымал, чачысы бар. Арыктардын, суулардын жээгинде, ошондой эле булактардын жанында өсөт. Кыргызстандын бардык аймагында таралган. Сырье катары жалбырагы менен гүлдөрү колдонулат. Гүлүн жаңы гүлдөгөндө терет. Жалбырагын май- июньда дат баса электе чогултат. Кургак, көлөкө жерде кургатылат.

Химиялык курамы: жалбырагында ачуу гликозиддер, инулин, сапонин, органикалык кислоталар ж.б. заттар бар; гүлдөрүндө тараксантин, ситостерин, ийлөө заттары табылган.

Каз таңдай.

Татаал гүлдөр тукумундагы, бийиктиги 20-100 см болгон көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары бөлүктүү (жалбырак пластинкасынын оюктары башкы тарамышка чейин жетет). Өсүмдүк абдан жыттуу. Июндан сентябрга чейин гүлдөйт. Гүлдөрү ак, кээде мала кызыл же сары, гүл пайда болуучу сабактын учу табак сыяктуу жазы болуп бүтөт да анын бетинде көп сандаган жөнөкөй топ гүлдөр жайланышып, жалпы топ гүлдү пайда кылат. Республиканын бардык аймагында өсөт. Каз таңдай гүлдөгөн кезде жыйналат. Ал үчүн сабактын 15 см келген жогорку жагын гүлдөрү менен жалбырактарын кошо кесип алат. Көлөкө, желдетилген жайда кургатылат. Каз тандайдын чөбүндө ачуу заттар, эфир майлары (гүлүндө көбүрөөк болот), флавоноиддер, фитонциддер бар. Каз таңдай эбактан бери колдонулуп келген. Мисалы, эки миң жыл мурда байыркы грек врачы Диоскорид кан токтотуучу жана жарааттарды айыктыруучу каражат катары колдонгон. Азыркы кезде каз таңдайдын кан токтотуучу касиети атайын изилдөөлөр менен такталган.

Каз таңдай – эффективдүү кан токтотуучу, сезгенүүгө каршы, тамакка мейил таттыруучу каражат. Көбүнчө каз таңдай башка дары өсүмдүктөр менен бирге кодонулат (мисалы: теңге гүл, жалбыз, сары чай чөп).

Тундурма даярдаш үчүн каз таңдайдын 2 аш кашыгынын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 15 минута кайнатат, демдеп, чыпкалап, 1 аш кашыктан 3-4 маал тамакка 30 минута калганда ичет.

Ошондой эле каз таңдайдын тундурмасы менен ириңдүү жарааттарды тазалап жууса болот. Каз таңдай кан алмашууну оңолтуп, сезгенүү реакцияларын төмөндөтөт, көпчүлүк бактерияларды өлтүрөт.

Кара бүлдүркөн.

Бийиктиги 50-75 см болгон роза гүлдүүлөр тукумундагы чакан бадал. Кара бүлдүркөндүн ашында канттар (3-5%), органикалык кислоталар, жыпар жыттуу заттар, клетчатка, В тобундагы витаминдер, аскорбин кислотасы, каротин бар. Мындан тышкары анда калий, жез менен марганец бар.

Кара бүлдүркөндөн шире, сироп, варенье, джем, мармелад жасалат. Андан кайнатылган компот, чай суусунду жакшы кандырат, тердетет.

Карындыз, сарындыз, инула — көп жылдык жоон, этүү, көп баштуу тамыры болгон татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Сабагы түз, сыртын кыска түк баскан, өсүмдүктүн башында бутагы аз. Жалбырактары кезектүү, жазы, жалбырак пластинкасы кээ бир жеринде текши эмес ачалган. Жалбырактын үстүнкү бети бырыш, астынкы бетин ак-боз түктөр каптаган. Тамырдан чыккан жалбырактар саптуу , узунча келип, эллипс сымал, узундугу 50 см-ге чейин жетет. Сабактагы жалбырак пластикасынын формасы жумуртка сыяктуу, бирок төмөн жагы жогорку жагына караганда бир аз жазыраак келет. Жогорку жалбырактары сапсыз. Гүл жайгашкычтын диаметри 8 см-ге, сабактын учунда жана анын бутактарында бир нече гүл болот. Четки гүлдөр учтуу, ортоңкулары түтүкчөдөй, бардык гүлдөр алтын сымал ачык сары түстө. Мөмөсү (уругу) күрөң, узун уча турган көкүлү бар. Июнь- сентябрда гүлдөйт.

Сырье катары тамырлар жана тамыр-сабактары жыйналат. Анда эфир-майлар, 45% ке жакын инулин ж.б. бар. Негизинен сезгенүүгө каршы, какырык чыгаруучу, организмди ооруга туруктуу кылуучу таасир берет.

Кыргызстанда жапайы өскөн карындыздардын түрү абдан көп. Бул өсүмдүктөрдүн кээ бири углеводдорго, пектиндерге абдан бай келет. Карындыздан (өзгөчө чоң карындыздан) инулин алынат. Мындан тышкары карындызда микроэлементтер С, В, В2 витаминдер, органикалык кислоталар бар.

Карындыздын кургак тамырын жанчып майдалап, анын 2 чай кашыгынын үстүнө 200 мл суу куюп 10 саатка коюп коёт. Аны чыпкалап, бир күндүн ичинде ичсе жарайт. Башка ыкма менен 5-10 г майдаланган тамырдын үстүнө 400 мл суу куюп, көлөмү эки эсе азайганга чейин кайнатат. Муздагандан кийин чыпкалайт. 1аш кашыктан ар бир эки саатта ичсе какырыкты жумшартып чыгарат, организмге күч кубат берет. Карындыздын майдаланган тамыры менен тамыр-сабактарынын бир бөлүгүнө 10 бөлүк ысытылган күн карама майын куюп, 2-3 күнгө чылап караңгы жерге коёт. Чыпкалагандан кийин аны теринин ар кандай сезгенүү ооруларында колдонсо болот.

Көкө мерен, тимьян, зизифора

— эрин гүлдүүлөр тукумундагы, бийиктиги 5-30 см болгон көп жылдык чөптүү өсүмдүк. Сабагы түп жагынан жайылган, төрт бурчтуу. Жалбырактары майда, кыска саптуу, жумуртка сымал же узунча, жылма же түктүү. Гүлдөрү мала кызыл, кээде ак, сирень түстүү (көгүлтүр) жалбырактардын ичинде жайылган бутактарда топ гүлдөр болуп чогулган. Тажычадай гүл коргону эки эриндүү. Жалбырактары, бутактары менен гүлдөрүндө эфир майын чыгаруучу бездүү түтүктөр болот. Июндан сентябрга чейин гүлдөйт.

Бардык кургак, таштуу күнөс жерлерде: талаада, кумдуу топуракта, дөңчолөрдө өсөт. Сырьё катары гүлдөгөн сабактары жыйналат. Сарайларда же кургаткычтарда 350 С-га чейинки температурада кургатылат. Жыты бир башкача жагымдуу, даамы бальзамга окшош болот. Сырьесунда 0,2ден 1,5% ке чейин эфир майлары жана башка биологиялык активдүү заттар бар.

Негизги таасири: какырык чыгаруучу, бактерияларга каршы. Элдик медицинада көкө мерендин чөбүн тамдын ичине, мисалы, уй туугандан кийин же балдар чочуганда түтөтүү үчүн пайдаланылат. Көкө мерендин ысык тундурмасы бронхитте, трахеитте, ич өткөндө, ич түйүлүп ооруганда берилет. Негизинен көкө мерендин чөбүнүн 1 аш кашыгынын үстүнө 200-300 мл (1стакан) стакан кайнак суу куюп, капкак менен жаап, 5 минута кайнатат. Андан кийин муздатып, чыпкалайт. Бул тундурма күнүнө үч маал тамаака чейин 1-2 аш кашыктан ичилет. Ириңдеген жараттарды тундурма менен жууса жакшы.

Кызыл мыя

чанактуулар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк, бийиктиги 50-150 см. Сабактары түз, күчтүү, тамыры абдан терең, жайылып таралган. Жалбырактары кезектүү, овалдуу, узунча, кыска саптуу, жабышкак. Даны – узун, жылаңач, күрөң түстөгү кыйшайган чанак, узундугу 1,5-3 см, туурасы 4-6 мм, 2-6 уругу бар. Июнь-августа гүлдөйт. Кызыл мыя бардык жерде (жолдордун четинде, талаада, көлдө) өсөт. Кызыл мыянын тамырын күзүндө (сентябрь, ноябрда) же эрте жазда (март, апрелде) казып жыйнайт. Тазалап, үстүнкү жагын кесип, абада кургатат. Бир аз тоборсугандан кийин, тамырын каптаган кабыгынан тазалап, күнгө кургатат да, сорттоп, карарган, чириген тамырлар ташталат. Кургак тамырлардын түсү сыртынан боз-сары, ичи мала сары, булалуу, даамы абдан таттуу, жытсыз. Кургак, салкын жайда кызыл мыяны 10 жыл сактаса болот. Кызыл мыянын тамырында сапониндер, флавоноиддер, крахмал, С витамини, эфир майлары бар.

Кызыл мыя 5 миң жылдан бери көп убакыт бою колдонулуп келген. Ал индия, тибет медицинасында кеңири колдонулган, аны байыркы Греция менен Египетте да билген, биздин элде да кызыл мыя кеңири пайдаланылган.

Кызыл мыянын тамырынан дары жасалат, тамак ашка да колдонулат. Ширеси менен жүн боёлот. Дарылык касиеттери: какырыкты жумшартат, ич катканда ичти бошотот, ошондой эле ооруларга, сырткы жагымсыз таасирлерге организмдин туруктуулугун күчөтөт. Кызыл мыя дары катары сироп, экстракт, чай түрүндө колдонсо болот. Кызыл мыя малга тоют катары да пайдаланылат.

Тамак-аш өнөр жайында кызыл мыя пиво, квас, лимонад, капуста, алма туздаганда кеңири колдонулат.

Кырк муун

кырк муун сымалдар тукумундагы көп жылдык споралык өсүмдүк. Сабагы муунактап бутактайт, муунак сайын начар жалбырактары жайгашат. Тамыры узун, жайылма, кара топуракка терең батат. Жазында андан боз күрөң жоон, бутаксыз узундугу 7-20см сабак өсөт. Эң чокусунда жумур сымалдуу споралык бутак пайда болот. Бул споралар бышып түшкөндөн кийин бутактар өлүп, анын ордуна мөмө бербеген, боз жайылган, муунакталган 30-50 см бийиктеги сабактар чыгат. Жалбырактын ордуна чыккан алардын бутагы (6-18) ичке, ар бир муунактагы бутакчалар мырза карагайдыкына окшош тарайт. Республиканын бардык аймактарында талаада, суунун жээгинде, бадалдын арасында, кумду жерди жактырып өсөт. Июнь –август айларында кырк муундун жашыл жайкы муунактары кесилип алынат. Сырьену тезинен таза абада же жел жүргөн сарайда кургатуу керек. Кырк муун жытсыз, дамы бир аз кычкылыраак, сабактары катуу, көңдөй, изи бар, бутакчалары жашыл болот.

Кырк муунду байыркы замандын белгилүү врачы Авиценна ак шишикте ич көңдөйүндө сары cуу толуп калганда, буттар шишигенде шарапка чылап берген. Азыркы кезде медицина кырк муундун кан токтоткуч касиетин тапкан. Анын тундурмасы кан түкүргөндө, геморройдун кесепетинен кан акканда берилет. Мындан тышкары териде ириңдүү жаралар тарап кеткенде, салфетканы тундурмага салып аны менен жарага, компресс кылса жардам берет. Ошондой эле, 20 грамм кырк муунду 1 литр ак шарапка чылап, караңгы жерде 2-3 жума сактайт. Чыпкалагандан кийин ач карын 100 граммдан (мл) ичсе, кан түкүргөнү басылат.

Кырк муундун жаш муунактарын салаттарга кошуп жесе, ал жагымдуу, витаминдүү тамак болот. Кырк муундун курамында флавоноиддер, ар түрдүү витаминдер, кальций тузу ж.б. бар. Кырк муун организимден коргошунду чыгарат, ошондуктан аны коргошун менен ууланганда берет. Кремний кислотасы көп болгондуктан, организмге барганда ар кайсы орган менен системалардын зат алмашуу процестеринде негизги ролду ойногон туздарды пайда кылат. Ал туздар заарада кээ бир минералдуу компоненттердин кристаллдашканына тоскоол кылып, заара жолдорунда аш пайда болууну алдын алат, склерозго каршы да таасири бар.

Кырк муундун колдонуу ыкмасы,чөптүү майдалап, андан 10 грамм алып, анын үстүнө 200 мл (бир стакан) шаркырап кайнаган ысык cууну куюп, 20-30 минута термоско демдейт,чыпкалайт.

Күнүнө 2-3 маал жарым стакандан ичилет.

Бут тердегенде ванна жасаса жакшы.Ал үчүн 50г кырк муундун үстүнөө бир чака cуу куюп 30 минута жаап коюу керек.Муздагандан кийин буттарды жууса абдан жакшы болот.

Кулмак

кулмактыктар тукумундагы көп жылдык, эки үйлүү, оролуп өсмөө уруусундагы өсүмдүк. Сабагынын жөнөкөй узундугу 3-6 м-ге чейин жетет. Үйлөрдүн тегерегинде жакшы өсөт. Өстүрүлсө оролуп өсөт.

Жалбырагы сабагында тушташ жайгашкан, 3-5 айчыктуу (жалбырак пластинкасындагы оюктары анын туурасынын төрттөн бирине чейин жетет). Гүлдөрү майда, жашыл мала-саргыч. Энелик гүлү (20-40) тобурчак сымал топ гүлдү түзөт. Гүлдөгөндөн кийин гүл жан жалбырактары ургаачылчк машагында көбөйүп, бардык гүлдөрү биригип гүлдөн калыптанган топ мөмө пайда кылат.Үзгөндө да мөмөлөрү бириндеп үзүлбөстөн чогуу үзүлөт. Аны кулмактын тобурчагы дейт. Гүл жан жалбырактарынын ичинде көптөгөн сары безчелер болот. Анда чайыр жыттуу лупулин деген зат бар. Өсүмдүк июль-августа гүлдөйт. Тобурчактары саргыч-жашыл, кийин күрөң сымал болот. Сырье катары кулмактын тобурчагы быша электе үзүлөт. Аны тезинен желдетилген сарайда кагаздын үстүнө жука жайып кургатат. Кургак тобурчактар күрөңүрөөк түстө, жыты анча эмес, даамы ачуураак тобурчакты силкигенде безчелер тез эле бөлүнүп чыгат. Анын кургак сырьесу — лупулин бир жыл сакталат.

Кулмактын тобурчагында 2% эфир майлары, лупулин, фитонциддер, чайырлар,витаминдер (В136,Р,РР), гормондор, боёгуч заттар ж.б. бар.

Кулмактын тобурчагындагы лупин сеп алдырмаа касиетке ээ. Витаминдер, гормондор ооруну басаңдатат, зат алмашуунун баардык процестерине оң таасир берет. Бактерияларга каршы, грибокторго да каршы таасир этет. Сезгенген жерге жалбырактарын майдалап жабыштырса болот. Дем алуу органдары сезгенгенде демдеп ичсе жакшы. Батыш Европада дарылоо максатында гүлдөрү пайдаланылат. Медицинада кулмактын тундурмасы колдонулат. Ал үчүн 10 г майдаланган кулмактын үстүнө бир стакан кайнак cуу куюп, 30 минута термосто демдейт. Күнүнө бир аш кашыктан тамакка 20-30 минута калганда үч маал ичсе адам сеп алып, уктайт, гипертония, невроздо колдонулат.

Күрөң чай чоп.

Эрин гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабактары төрт бурчтуу, бийиктиги 30-60 см. Тамыры жайылган. Жалбырактары кезектешкен, саптуу, узунчаа, учтуу, кыры түктүү, кара жылчыкчалары болот. Жалбырактардын үстүнкү бети кочкул-жашыл, астынкы бети мала-жашыл. Гүлдөрү сыя көк-мала кызыл,сабактын учунда шыпыргыдай чогулган. Күрөң чай чөп май-августа гүлдөйт. Мөмөсү — төрт жангакча, бозомук, же күрөң, жылма.

Күрөң чай чөп республиканын баардык аймактарында жолдун жээктеринде,бактарда,токойлордо,тоонун этектеринде өсөт.

Дары максатында күрөң чай чөптү жерден 15см жогору жагын гүлдөгөндө кургак мезгилде кайчы же орок менен кесип алат. Жакшы желдетилген, көлөкө жайда кургатылат. Кургагандан кийин гүлдөр менен жалбырактарын катуу сабактардан ажыратат. Күрөң чай чөптү башка өсүмдүктөр менен бирге сактоо болбойт. Сактоо мөөнөтү – 2 жыл.

Күрөң чай чөптө 1.2%-ке чейин эфир майлары бар. Анын жыты абдан жагымдуу келет, мындан тышкары аскорбин кислотасы, флавоноиддер, микроэлементтер бар.

Күрөң чай чөптү демдеп,дем алуу органдарынын сезгенүү ооруларында, тамакка мейил тарттыруу,адам дүүлүккөңдө сеп алдыруу үчүн берилет.

Бүйлөөлөр сезгенгенде тундурмасы менен оозду чайкаганга болот. Безетки жана башка тери ооруларында арома-ваннага түшкөн жакшы. Күрөң чай чөптүн жыпар жыттуу гүлдөрү менен жалбырактарын шкафка салып койсо, күбөнү жоготот.

Күрөң чай чөптү салаттарга, жыттуу, даамдуу татымал катары тамака кошсо сонун (базилик менен кара мурч менен бирге).

Мелисса.

Мелисса, лимон жалбызы, эрин гүлдүүлѳр тукумундагы лимон жыттанган көп жылдык чөп.

Тамыры жайылган, сабагы түз, бутактанган. Жалбырактары кезектүү, мутовкага чогулган. Жогорку жалбырактары ромб сымал же узунча, тегерек, кыры түктүү. Гүлдөрү жогорку жалбырактарынын колтугун 3-5тен болуп ээлейт. Гүл таажычасы ак-сары, ак, же мала кызыл түтүкчөдөй, эки эриндүү. Июль-сентябрьда гүлдөйт. Бактарда, огороддордо өстүрүлөт. Сырьесу — жалбырактары менен сабагынын башы. Анда 0.3% эфир майы бар. Курамын цитраль (60%), гераниол түзөт. Ошондуктан жыты лимонго окшош болот. Негизги таасири: ооруну басаңдатат, сеп алдырат, ич көпкөндү басаңдатат. Жүрөк оорусу менен жабыркагандарын энтигүү, жүрөктүн тез-тез кагышы мелиссанын таасири менен жоголот, жүрөктүн тушунун ооруганы басаңдайт, жогорулаган артериялык кан басым төмөндөйт.

Элдик медицинада мелиссаны невроздо, кош бойлуулукта кусуп кыйналганда колдонот. Авиценна мелиссаны ич ооруганда, шакый кармаганда ооздон жаман жыт чыкканда, тиш ооруганда колдонгон. Терс таасири жок.

Колдонулушу: 2 аш кашык майдаланган мелиссанын үстүнө эки стакан кайнак cуу куюп, 30-40 минута термосто же чайнекти жылуу ороп, демдейт.Чыпкалангандан кийин ал тундурманы жарым стакандан 2-3 жолу ичсе болот.Териде ириңдүү жара же бут-кол урулуп, сыйрылып кетсе, мелиссаны жанчып, ооруган жерге тартса жакшы болот.

Мисте.

Мисте, фисташка — сумахтар тукумундагы жаңгак данектүүлөр уруусундагы бадал же дарак сымал өсүмдүк. Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлөт. Кадимки мистенин бийиктиги 5-10 м,көп сөңгөктүү дарак, кээде калың шактуу, тамыр системасы кубаттуу бадал, кургакчылыкка жана cуукка (-25С) байымдуу келет. Жалбырагы татаал, кабыктуу, жашыл, үчүлүк же канаттай.

Гүлү кош жыныстуу, чачы сымал топ гүл. Апрелде гүлдөйт. Мөмөсү жалгыз данектүү, кабыгы катуу.Чийки же кууруп желет.Мөмөсүнүн өлчөмү: узундугу 1-2 см, туурасы 0,5-1 см. Ядросу 47-49%-ти түзөт.Анда 54-60% май, 18-25% белок, 16,17%ке чейин азотсуз заттар бар. Кондитер өнөр жайында кеңири пайдаланылат.Фисташкадан (мистеден) абдан баалуу май чыгарылат.Аны менен ар кандай жараларды,карын жана он эки эли ичегинин жарасын дарыласа болот. Мистенин сөңгөгү жыгач устачылыкта бааланат. Чайыры лак менен сыр өнөр жайында колдонулат. Мистенин жалбырактарындагы галлыларда ийлөөчү жана боечу заттар бар. 8-10 жылдык фисташка 30-45 кг данды берет.

Мышык тамыр, даары валерианасы.

Валериа на тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Анын түрлөрү абдан көп. Тамыры кыска,андан майда тамыр түптөр таралат. Сабагы түз, цилиндр сымал, тилинип кеткен жолдору бар. Сабагынын узундугу 0.7-1.5 м-ге жетет. Жалбырактары кезектүү, түгөйсүз канаттай татаал; жалпы жалбырак саптын учунда түгөйсүз. Тамырынан чыккан жалбырактар саптуу, жогоркусу-сапсыз. Гүлдөрү майда, жыттуу, сабагынын чокусунда зонтиктей болуп, чоң топ гүлдү пайда кылат. Май-июнда гүлдөйт. Уруктары майда. Cуунун жээгинде,саздарда өсөт. Мышык тамыр огороддордо да өстүрүлөт.

Сырье катары эки жылдык тамыры менен түп тамырлары жаз алдында же кечки күздө казып алынат. Топурагын силкип тезинен муздак cууга чайкап, желдетилген жерге илип коюп, андан кийин көлөкѳ сарайда же кургаткычта кургатылат. Сууга көп кармаганда тамырлар карарып кетет. Ошондуктан мүмкүн болушунча cууга чайкабай эле, калбырдан топурактан тазаласа жакшы болот.

Мышык тамырдын курамында эфир майлар 0.5-2%-ти түзөт. Анын көпчүлүгү майда тамырларда болот.Негизги эфир май изовалериан кислотасы, андан тышкары курамына борнеол ,терпинеол, лимонен кирет.

Мышык тамырдын өзгөчө жыты жогоруда айтылган эфир майлары менен байланыштуу. Анын жытына мышыктар алыстан эле билип жетип келет. Мышык тамырдын организмге таасири ар кандай болот. Валериана нерв системасына сеп алдырма таасир берип, уктатат. Ич түйүлүп ооруганда аны жазат, ич көпкөндү токтотот, от айдама касиети да бар. Жүрөктүн иштешин борбордук нерв система аркылуу жөнгө салат. Жүрөк-кан тамырларынын куушурулушун жазат.

Климакста, калкан безинин функциясы бузулганда жардам берет.

Ошондуктан майдаланган мышык тамырдан 1 аш кашык алып, үстүнө бир стакан (200 мл) суу куюп, 30 минута термосто же чайнекти жылуу ороп коюп демдеп, чыпкалап, күнүнө бир аш кашыктан 3-4 маал ичсе жакшы болот.

Аптекада валериананын кургак экстракты драже, таблетка түрүндө сатылат. Мындан тышкары валерианадагы изовалериан кислотасы “корвалол”,”валокордин” деген даарылардын курамында бар.

Өчпөс гүл, самарканд өчпөс гүлү, бозунач.

Астра тукумундагы көп жылдык чөптүү өсүмдүк. Анын сабагы бир нече, бийиктиги 15-35 см, боз болот. Тамыры жакын, жалбырактары жумуртка сымал, узунча, сабагындагылар – түз, ланцеттей, сапсыз. Гүлдөрү ачык-сары, лимон-сары, башкы гүл сабагында каптал гүл саптардан бутактанган топ гүлдү пайда кылат.

Тамыры катуу, таралган, кара күрөң түстө. Өсүмдүк июнь- августа гүлдөйт. Уругу – кутуча, август-сентябрда бышат. Өчпөс гүл көбүнчө кумдуу топуракта өсөт. Биздин өлкөдө Өзгөн жана Чаткал тоолорунда көп болот.

Дары катарында өчпөс гүлдүн гүлдөрү толук ачылганга чейин жыйналат. Топ гүлдөрдү түбүнөн кайчы менен кесип алат. Сабагынын калдыгы 1-2 см ден көп болбош керек. Караңгы, жакшы желдетилген сарайларда кургатылат. Күн абдан ысыганда гүлдөрү ажырап кетет. Кургак сырье ачык сары түстө, жыты жагымдуу, даамы ачуу. Сактоо мөөнөтүү 3жыл. Өчпөс гүлдө флавоноиддер, эфир майлары, чайырлар, ачуу жана ийлөө заттар, микроэлементтер, стероиддер ж.б. бирикмелер бар. Өчпөс гүлдөн жасалган дарылар өт баштыкчасынын иштешин оңолтуп, өттү айдайт. Ашказан менен он эки эли ичегинин зилдерин бөлүп чыгарууга көмөк болот, артериялык кан басымды бир аз жогорулатат. Заара айдама, бактерияларга каршы да таасирге ээ.

Өчпөс гүл өт жолдорунун сезгенүү ооруларында, боор ооруларында колдонулат. Бирок, өт баштыкчасында таш пайда болуу оорусунда ал колдонулбайт. Себеби, өт айдалып чыкканда таштар өт жолдоруна тыгылып калышы мүмкүн. Заара жолдорунда майда таш менен кум пайда болсо, өчпөс гүл аны да айдайт.

Колдонуу ыкмасы: 10г өчпөс гүлдүн үстүнө 200мл (1 стакан) кайнак суу куюп, 30-40 минута термосто демдеп, чыпкалайт. Тамакка чейин 30 минута калганда 2 аш кашыктан 3 маал ичсе жарайт. Өчпөс гүлдү шкафка салып койсо, ал кийимди күбөдөн сактайт.

Пахта-гүлкайыр

тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүгү. Республиканын түштүгүндө эгилет. Сабагы узун, жалбырактары узун саптуу, кезектүү, түп жагы жүрөк сымал, 3-5 айчыктуу. Гүлдүү сабагы узун, анда жалбырактын сабакка бекиген жериндеги сабагы менен сабактын ортосундагы аралыкта (колтугунда) гүлдөр жайгашкан. Гүлдөрдүн диаметри 6-7 см. Гүл жалбырактары 5, мала сары, кийин кызарат. Уругу 3-5 саадактуу кутуча, ал жетилгенде өзү ачылат. Уруктарынын сырты узун жана кыска буула менен капталган. Июль –ноябрда гүлдөйт.

Сырье катары тамырынын кыртышы, пахта бууласы (ал жетилген мөмөсүнөн үзүлүп алынат), ошондой эле түгү алынгандан кийинки уруктар пайдаланылат, андан май чыгарылат.

Тамырынын кыртышында госсипол аттуу бирикме, С витамини, эфир майлары бар. Уругунда –госсипол, өсүмдүк майы бар. Пахта майы –күрөн кызыл түстөгү май. Пахтанын майынын түсү андагы кызыл пигмент- госсипурин жана сары пигмент- госсипол менен байланыштуу. Тазалангандан кийин пахта майы медициналык максатта да колдонулат. Анда каныкпаган май кислоталарынын өлчөмү 45% ти түзөт. Тазаланган пахта бууласы таза целлюлозадан турат. Ал нымды өзүнө тарткандыктан жарааттарды тазалоодо кеңири колдонулат. Пахта бууласынын кан токтоотуучу касиети флавоноиддер, К витамини жана ийлөө заттары бар болгондугу менен байланыштуу. Уругунан чыгарылган өсүмдүк майында Е витамини көп. Ошондуктан пахта майы жыныс бездеринин функциясы бузулганда дарылык таасир берет. Пахтанын уруктарын кайнатып демдеп бала эмизгендерге ичирсе алардын сүтү көбөйөт экен.

Сары чай чөп.

Бийиктиги 30-100 см болгон көп жылдык чөп. Анын сабагы бир же бир нече, тыгыз, эки кырдууу. Жалбырактары майда, кезектүү, сабаксыз, сүйрү-овалдуу, жылма, көптөгөн эфир чыгаруучу майда жылчыктары бар. Гүлдөрү көп, сары алтындай, кара тилкелери бар, шыпыргыга окшогоп чогуган. Мөмөсү — үч уялуу көп уруктуу кутуча. Май-августта гүлдөйт. Уругу абдан майда, күрөң, сентябрда бышат. Ал бардык жерде өсө берет. Сары чай чөптүн түрү көп.

Дары катары сары чай чөптүн бир түрү гана жыйналат. Гүлдөгөн кезде 15-30 см сабагын кесип алат. Желдетилген, көлөкө жайда кургатат. Андан кийин гүлдөр менен жалбырактары катуу сабактардан ажыратылат. Кургаган сары чөптүн бльзамдуу жыты бар, ал 3 жыл бою сакталат.

Сары чай чөптө 10-12% ийлөө заттары, боёгуч заттар, рутин, С жана РР витаминдер, каротин, эфир майлары бар. Сары чай чөптүн микробдорго каршы, сезгенүүгө каршы, кан токтотуучу, өт айдама, сеп алдырма касиеттери бар.

Сары чөптү элдик медицинада тундурма түрүндө колдонулат. Ал үчун 1 аш кашык чөптүн үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 2 саат демдеп, чыпкалап 1/3 стакандан ичет. Сары чай чөптөн сонун май жасаса болот. Ал үчүн кургак чөптү майдалап, анын 1 бөлүгүнө 2 бөлүк жылытылган өсүмдүк майын куюп, 3 жума караңгы жерге коюп коёт. Арасынан чайкап, аралаштыруу зарыл. Андан кийин чыпкалап, өзүнчө бөтөлкөгө куюп коюп, ар кайсы жараларды дарыласа жарайт. Сары чай чөптөн туруктуу боёкторду (сары, жашыл) же ысык тундурмадан мала кызыл же кызыл түстөгү боёк алса болот.

Теңге гүл, календула.

Бийиктиги 30-60 см болгон татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы түз, же бутакталган. Жалбырактары кезектүү, овал сымал, кургак мезгилде өсүмдүк жабышкак, жыты балзамдай болот.

Гүлдөру алтын сары, ачык сары, диаметри 4-5см. Мөмөсү –кыйшайган урукча, куштардын тырмагына окшош. Июндан баштап октябрга чейин гүлдөйт. Июлда эле уругу пайда болот. Календула биздин республикада өстүрүлөт.

Гүлдөрдүн курамында каротиноиддер, ийлөө заттары, органикалык заттар, флавоноиддер, микроэлементтер ж.б. бар.

Дары катарында гүлдөр колдонулат. Календула гүлдөгөндө гүлдүн өзү жыйналат. Сезондо 15-20 жолу жыйнаса болот. Көлөко жайда же кургаткычта 40-45 градуста кургатылат. Жыты анча эмес, жагымдуу болот.

Теңге гүлдүн (календула) препараттарынын өт айдама таасири бар, жогорулатылган кан басымды төмөндөтөт, нерв системасына сеп алдырма таасир берет, уйку келтирет. Мындан тышкары, календуладан жасалган дарылар микробдорго каршы, сезгенүүгө да каршы таасир берет.    Ошондуктан календула күйүктө, үшүк алганда, сыздоок чыкканда колдонулат. Календуланын тундурмасы менен ангинада тамак сезгенгенде оозду чайкаса жакшы болот. Календула кошулган майларды теринин сезгенүү ооруларында сыйпаса жардам берет. Үй шартында 10 гр кургак жанчылган гүлдү 50 г вазелин менен кошуп, аябай аралаштырып жарага сыйпаса жарайт.

Өсүмдүктүн жаш жалбырактарын майдалап, шишиген жерге тартып койсо, шишик тарайт. Ошондой эле календуланын тундурмасын ваннага кошсо, тери оорууларында жардам берет. Өсүмдүктүн ширесин сыгып алып, мурунга тамызса да, чимкирик азыраак чыгат. Календулада боёгуч заттар көп болгондуктан, ал тамак аш өнөр жайында маргарин, май, сырды боёгонго жана жыт бергенге пайдаланылат.

Топинамбур, жер алмурут

— татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабагы күн карамага окшош келет. Сабагы түз, күчтүү, жогорку жагы бутактуу, узундугу 1,2-2,5 м, кээде 4 м –ге чейин. Жалбырактары кыска саптуу, жумуртка сымал, учу ичкерилген. Гүлдөрү күн караманыкындай майдаарак келет. Тамыр системасы абдан чоң жана терең жайгашат. Топурактагы өзгрүлгөн кыскарып, жоонойгон сабагы түймөк, андагы көзчөлөрү-бүчүрлөр. Түймөктөр ак, сары, көк кызгылт, кызыл түстө. Түймөк запас топтолуучу жана вегетативдик көбөйүү органы катарында кызмат кылат. Жер алмурут Түндүк Америкадан алып келинген культурадагы өсүмдүк. Ал жазында же күзүндө картофель өстүрүүчү машинанын жардамы менен айдалат. Картошканы түптөгөндөй эле түптөлөт. Жашыл массасы 1 га-дан 350-500 ц тоютту, түймөгү 200-250 ц түзөт. Түймөктөр топуракта жакшы сакталат, ошондуктан аны керек болгондо гана казып алат. Түймөктөрүндө сууда ээрүүчү полисахарид-инулин көп (16-18%), азот заттары, С витамини, В тобундагы витаминдер бар. Тамакка колдонулат, ошондой эле андан өнөр жайда спирт, фруктоза алынат.

Топинамбурдун түймөктөрү менен жашыл массасы сонун тоют. Аны көк бойдон же силостогон түрдө да берет. Түймөктөрүн 100 кг-да 1,5кг сиңирилүүчү протеин бар. Силос менен түймөктөрүн мал жакшы жейт. Куштар менен коёндорго да берсе жарайт, алар андан жакшы семирет.

Тыт, тыт дарагы

— бийиктиги 15 м-ге чейин чейин тыттар тукумундагы дарак. Кыртышы күрөң, жарылып-жарылып кеткен; жаш бутактары ачык жашыл, ачык күрөң түстө да болот. Жалбырактары кезектүү, жумуртка сымал. Гүлдөрү бир жыныстуу, эки үйлүү. Аталык гүлдөрү 1-2см болгон машакча, энеликтери кыска сөйкөдөй болот. Мөмөсү жаңгакча, энелик сөйкөсүнөн ширелүү мөмөлөр чыгат. Апрель- майда гүлдөйт. Бардык жерде өстүрүлөт, өзгөчө республиканын түштүгүндө, кээ бир жерлерде жапайысы да бар. Кытай жана Япониядан алынып келинген байыркы өсүмдүк.

Сырье катары бышкан мөмөлөрү жана жалбырактары жыйналат. Мөмөсүндө 90% инверттүү канттар, пектин, боёгуч заттар, С витамини ж.б. бар. Жалбырактарында глюкоза, С витамини, аспарагин кислотасы болот.

Негизги таасири: кандагы кантты төмөндөтөт, заараны айдайт, жогорулаган кан басымды төмөндөтөт, какырыкты жумшартып чыгарат. Жалбырактарын кайнатып ичсе кант диабетине каршы таасир берет. Аны көп убакыт бою колдонсо диабет менен жабыркагандардын абалы оңолуп кетет.

Вьетнамда тыттын жалбырагынан биологиялык стимулятор табылган. Ал кызыл жүгүрүктө, кээ бир тери ооруларында жакшы таасир берет экен. Японияда болсо тыттын гүлдөрүнөн сепкилди жоготуучу бет май жасалат. Кытайда болсо тыттын тамырынын кыртышы кант диабетин, бөйрөктүн жетишсиздигин жана эркектин алсыздыгын дарылоодо колдонулат. Мөмөлөрүнүн ширеси какырыкты жумшартат, ич катыганда да жардам берет.

Уйгак

— бийиктиги 1,5-1,8 м ге жеткен эки жылдык чөп. Анын топуракка терең батып кеткен жоон тамыры бар. Татаал гүлдүүлөр тукумуна кирет. Уйгак бардык жерлерде өсө берет (жолдун жээгинде, талаада, арыктын жээгинде ж.б.).

Уйгактын тамыры менен жалбырактары колдонулат. Тамырында инулин, протеин, эфир майлары, ийлөө заттары, ж.б. бар. Жалбырактары май –августта жыйналат. Тамыры болсо сентябрь – октябрь айларында казылып алынат. Биринчи жылдагы тамырлар ширелүү, жоон келет. Экинчи жылда болсо өсүмдүк азык заттарын сарптайт да, тамырлары катып, дарылык касиетин жоготот.

Уйгак элдик медицинада кызыл жүгүрүктө, кант диабетинде, бөйрөктө таш пайда болгондо, гастритте колдонулат. Уйгактын тамыры зат алмашууну оңолтот, ичти жумшартат, тердетет. Жаңы жыйналган уйгактын жалбырактарын 5-6 кабат кылып ооруган жерге, куяң болгондо же муундар ооруганда жабыштырса жардам берет.

Колдонулушу: 25г тамырды 250мл кайнак сууга 30 минута кайнатып, чыпкалайт. Аны 1 аш кашыктан 3-4 маал ичсе жарайт. Жалбырактарын жараларга тартып койсо, алар айыгат.

Уйгактын жалбырактарын же тамырын кайнатып, башты жууса чачтар түшпөйт. Ал үчүн уйгактын тамырынан атайын май чыгарылат (“репейное масло”).

Фасоль, төө буурчак, ноя

– бир жылдык чанактуулар тукумундагы чөптүү өсүмдүк. Бийиктиги 50см ге жакын, анын сабагы түз же жармашкыч; жалбырактары үчүлүк татаал, башкан жалбырак сабында үч каптал жалбыракчалары болот, жалбырак пласитинкасынын формасы жумуртка сыяктуу. Гүлдөрү ак, мала кызыл же сыя көк, көпөлөк өңдүү типте, узундугу 1-1,5см, жытсыз. Фасоль июнь-июлда гүлдөйт. Мөмөсү – чоң буурчак, тамак катары пайдаланылат. Август-сентябрда жыйналат.

Фасоль (төө буурчак) — кадимки, күнүмдүк тамак. Фасольдун 200-гө жакын түрү бар, анын ичинен 20 түрү эгиллет. Биздин өлкөдө кадимки фасоль белгилүү. Азыркы кезде фасолду республиканын Талас областында көп өстүрөт.

Дарылык максатта бышкан буурчактын жашыл эки капкакчалары менен буурчактын уруктарынын өзү колдонулат.

Кадимки фасолдун (төө буурчактын, ноянын) уругунда организмге керектүү азык заттары: 20-25% белок, 50% ке жакын углевод (негизинен крахмал), 2% ке жакын май, витаминдер, минералдуу туздар, микроэлементтер болот. Фасоль абдан калориялуу, анын 100 граммында 339ккал бар.

Фасолдун белоктору жаныбарлардын белогуна окшош, аны организм оңой кабыл алат. Фасолдун буурчагында ар кандай аминокислоталар, органикалык кислоталар, С,В,В2 , РР, А провитамини, минералдуу туздар (кальций, фосфор, кальций) ж.б. табылган. Фасолдон бышырылган боткосу гастритте, бөйрөктүн сезгенүү ооруларында, подаграда, ошондой эле атеросклероздо, жүрөк ритми бузулганда берилет. Бирок, фасолдон бышырылган тамак аш аш казанда көбүрөөк сакталгандыктан, ичти көптүрөт. Ошондуктан андай тамакты байкап жеш керек.

Фасолдун капкакчаларын жанчып, 1 аш кашыктын үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп, 10-15 минута кайнатып, чыпкалап ичсе, заараны айдайт, кант диабетинде кандагы канттын өлчөмүн төмөндөтөт.

Четин

— бийиктиги 4-15 м болгон роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак. Дары сырьесу катары четиндин бышкан ашы жыйналат. Аны суук түшкөндөн кийин мөмөлөр анча ачуу жана кычкыл болбой калганда жыйнайт. Четинди 40-600 атайын кургаткычтарда кургатат. Жетилип бышкан ашында С витамини көп (60-200мг%), каротин, Р, Е витамини, ийлөө заттар, пектин ж.б. бар.

Каротиндин (А провитамини) өлчөмү четинде сабизге караганда абдан көп. Апельсин менен мандаринге салыштырганда Р витамини четинде 10 эсе көп. Ал организмди чыңдайт, ооруларды алдын алууга жардам берет.

Четинден шире чыгарса сонун. Аны гипоациддүү гастритте 1 чай кашыктан берсе жакшы. Кант кошуп да шире алса болот. Ал үчүн 1 кг четиндин ашына 600 г кант кошуп, 4-6 саатка коюп коет. Андан кийин 30 минута кайнатат. Андан чыккан ширени 1 аш кашыктан тамака чейин 3-4 маал берсе болот. Кургак четинден чай: 1 аш кашык кургак четиндин үстүнө 2 стакан кайнак cуу куюп 15 минута кайнатып, демдейт. Чыпкалагандан 1 /4 стакандан 3 маал ичсе болот.

Чоң бака жалбырак

бака жалбырактуулар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Тамыры чачыдай жайылган, жалбырагынын узундугу 4-21 см, туурасы 3-14 см, жумуртка сымал. Сабагы кыска, жабырактары тамырына жакын. Майда гүлдөрү сабактын учунда жөнөкөй машакты түзөт. Анын гүлдөрү күрөң. Бака жалбырактын жалбырактары ошондой эле уругу тирилет.

Кыргызстанда баардык жерде (адырларда, арыктын жээгинде, бактын ичинде) таралган.

Химиялык курамында былжырлуу заттар, алкалоиддер, ферменттер, ийлөө заттары,каротин, С витамини, ж.б. бар.

Бака жалбыракты үзгөндөн кийин кургатпай эле жарааттарга, жараларга жабыштырса болот. Кургатылган жалбырактарын чайга окшош демдеп, жөтөлгө каршы, какырыкты жумшартып чыгаруу үчүн колдонулат. Ошондой эле табарсык сезгенгенде,ич өткөндө пайдасы бар. Өзгөчө дизентерияда уругун кайнатып ичсе болот. 10-15 г кургак жалбырактын үстүнө бир стакан кайнак cуу куюп, 30 минута демдеп,чыпкалап бир аш кашыктан күнүнө 5-6 жолу чай катары ичсе болот. Кичине балдарга бал кошуп берсе сонун. Бул демделген чай менен жарааттарды,жараларды тазаласа болот.

Чычырканак, чырганак

— чычырканак 10 м бийиктикке жеткен бадал өсүмдүгү.Жаш өркүндөрү кийин тикенекке айланат. Жалбырактары кезектүү,кыска саптуу үстү кочкул жашыл бозомтук,асты саргыч же ак,күмүштөй жалтырак. Гүлдөрү эки жыныстуу. Майда данектүү мөмөсүнүн түсү кызыл, даамы кычкыл, ширелүү, өзү жумшак,тез жарылат. Тоолу райондордо,көл жана агым cуунун жээгинде,кумдуу,шагылдуу жерде өсөт.

Сырье катары бышкан мөмөлөрү жыйналат. Аны cуук түшкөндө (-15С) күбүп алат. Химиялык составында аскорбин кислотасы, флавоноиддер, В1, В2 витамини ж.б. заттар бар.

Мөмөсүндө чычырканак майы 8%-ке,уругунда 12%-ке жетет. Майында Е витамини (токоферол), каротин көп, аминокислоталар, стеариндер, каныкпаган май кислоталары бар. Ширесин сыгып алгандан кийин калдыктары кургатылып, аны өсүмдүк майына чылап койсо, чычырканак майы чыгат. Бул май жараларды айыктыруучу, ооруну басаңдатуучу касиетке ээ. Ошондуктан, ар кайсы жара ооруларын дарылоодо колдонулат. Чычырканактын ашы — поливитаминдүү продукт, андан варенье, желе, шарап чыгарылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: