Көпчүлүк дары өсүмдүктөрүнүн запастары күндөн күнгө азайып бара жатат. Ошондуктан, азыркы кезде белгилүү дары өсүмдүктөрүн культурада өстүрүү негизги максат болуп эсептелет. Өсүмдүктөрдү жыйноодон мурда өзүңөрдүн аймагыңарда дары өсүмдүктөрдүн кандай түрү бар экенине көңүл бургула. Эгерде ал жерде ошол өсүмдүк азайып калса, ал такыр эле жоголуп кетиши мүмкүн. Андай болбош үчүн, гүлдөр, жалбырактар, чөптөрдүн бир жылдык жыйым-териминин же 1/3 бөлүгүн, уруктар менен мөмөлөрдүн 1/5 – 1/3 бөлүгүн, тамырлар менен түп-пияздын — 1/20-1/10 гана жыйноо керек, антпесе алардын запастары тез эле жоголот, же такыр жок болуп калат.

Ошентип, өсүмдүк сырьёсун чогултканда, өсүмдүктүн бир бөлүгүн калтыргыла. Мисалы, бүчүрлөрдү, кыртышты кесилген, араланган дарактардан жыйнагыла. Жаш жалбырактарды толугу менен жыйнабагыла. Чөптү болсо жерден жулбай, оруп алгыла. Тамыры жулунуп калса, кийин ал жерде өспөй калат.

Гүлдөрдү жыйнаганда бутактарын сындырбагыла, бир аз гүлдөрүн көбөйүүгө калтыргыла.

Дары өсүмдүктөрдө көптөгөн биологиялык активдүү заттар пайда болот. Алар организмге киргенде тигил же бул оорулардан келип чыккан бузулуларды жоготот. Бул заттардын өсүмдүктөрдүн ар кайсы бөлүктөрүндө өлчөмү ар түрдүү, кээ биринде ал жок деле болот. Кээ бир өсүмдүктөрдө андай заттар бүчүрлөрүндө, жалбырактарында, башкаларында — гүлдөрүндө же мөмөсүндө, кээ бириники — кабыгында, сабагында же тамырында топтолот. Ошондуктан, дарылык максатында өсүмдүктөгү керектүү заттар толук болгон бөлүктөрү гана пайдаланылып, алар өсүмдүктө абдан максималдуу болгон кезде гана жыйналат.

Көпчүлүк учурда өсүмдүктөрдү жыйноо, кургатуу, сактоо оңой эле иш деп эсептешет. Бирок анын көп сырларын билүү керек.

Бүчүрлөр.

Сырье катары ак кайыңдын, мырза карагайдын бүчүрлөрү жыйналат. Аны февраль-мартта, бүчүрлөр жанданып келе жатканда жыйнаса жарайт. Бүчүрлөр толуп жандануусу бир нече күндө гана жүрөт,ошондуктан ал убакытты кетирбеш керек. Бүчүрлөрдүн чокусу жашыл болуп келе жатканда, анын чогултушун токтотуу зарыл. Мырза карагайдын бүчүрлөрү чоң болот, аларды бычак менен кесип алат.

Кабыкты шире жылып жүргөндө (ал кезде кабык дарактан оңой эле сыйрылат) жаш бутактар менен жаш сөңгөктөрдөн гана алса болот. Ал үчүн атайын кыйыла турган бактар пайдаланылат. Дарактын кыртышын тазалап тегерете ортосунан 20-30см калтырып тилип, аларды бир-бири менен узатасынан тилип, түтүк түрүндө алып алат.

Гүлдөр менен гүл топторду кол менен үзүү керек. Аларды катуу мыкчыбай үзүп алуу керек. Жалбырактарды өсүмдүк жаңыдан гүлдөй баштаган кезде, жай бою, жалбырактар куураганга чейин үзүп алса болот. Көпчүлүк учурда кол менен жыйналат, кээде бычак менен кесип алса да жарайт.

Чөптү көп учурда өсүмдүк жетилип гүлдөгөндө чогултат (ит уйгакты гүлдөрү ачыла электе жыйнайт). Астынкы жалбырактарынын деңгээлинде, жерден 15см-ден ашык болбогон бөлүгүн кесип же орун алат. Мөмөлөр менен уруктарды толук бышканда кол менен үзүп жыйнайт. Малина, кулпунай, карагатты эртең менен же кечинде терет, өтө бышканы эзилип кетет.

Тамырларды, пияз түптөрдү күзүндө өсүмдүктүн чөбү куурап калганда же эрте жазда сабак, жалбырактар өсө электе казып алат. Анын топурагын силкип, жер үстүндөгү бөлүгүн кесип таштайт, тезинен муздак сууга чайкайт. Өсүмдүктүн жалбырагын гүлүн чөбүн, кабыгын кургак мезгилде күндүз же жаан өтүп, кургагандан кийин, эртең мененки шүүдүрүмдөн кийин саат 8ден 10го чейин, кечинде 16дан — 18 саатка чейин жыйнаса жакшы болот, жер астындагы бөлүктөрүн шүүдүрүмдө да, жаанда да казып алса жарайт.

Өсүмдүк зыянкечтеринен бузулган жана автожолдордун жээгиндеги өсүмдүктөрдү жыйноо жарабайт.

Жыйналган сырье, өзгөчө гүл, жалбырак, чоптөрдү кошундулардан тазалап, тезинен кургатуу керек. Тез кургатканда өсүмдүктөгү активдүү заттарды бузуучу ферменттердин таасири токтотулат. Сырьенун сапатынын жогору болгондугу үчүн тез кургатуу зарыл.

Күн тийбеген жайда же кургатуучу аппаратта кургатканда гүлдөрдүн, жалбырактардын өңү өчпөйт тоборсуган сайын сырьену оодарып туруу керек. Бүчүрлөрдү кургатканда тез-тез аралаштырып туруу зарыл. Тамырлар менен түптөрдү, түп-пияздарды мурда анча эмес, салкын температурада кургатып, кийин температураны жогорулатса болот. Эфир майлары болгон өсүмдүктөрдү 30-35°С дан жогору эмес шартта кургатуу керек. Мындай учурда эфир майлардын пайда болушу жүрө берет, натыйжада кургак сырьедо эфир майлары көбүрөөк болуп калышы мүмкүн.

Сырьену көлөкө жерде сарайда же желдетүүсү жакшы болгон кампада марля же кагаздын үстүнө 1-3 см калыңдыкта жайып койсо жакшы. Эгерде бир эле сарайда ар түрдүү өсүмдүктөр кургатылса, алардын ортосунда чөптөр аралашып кетпес үчүн кең аралык болуш керек. Атайын кургаткычтарда чайырларды 30-70°С да кургатат. Долоно, четин, ит мурунду кургаткычта 40-50°та кармайт.

Ысык мезгилде жана желдетүү жакшы болсо, сырье 3-7 күндө кургайт, кургаткычта-1-2 күндө кургайт. Жакшы кургаган гүлдөр менен жалбырактарды уйпаласа, күкүмгө айланат. Сырье жакшы кургатылбаса, көгөрүп, жаман жыттанып кетет. Эгерде өсүмдүктөр өтө эле кургап кетсе, аларды демейдеги нымдуулук болгон жайда 1-2 күн сактасаңар жарайт.

Кургатуудан мурда сырьену сорттойт. Эгерде сорттолбой калса, кургатылгандан кийин тазалагыла, саман, өсүмдүктүн бузулган бөлүктөрүн, топурак, кум, ташты алып таштагыла.

Сырьену толук бойдон сактоо туура болот. Аны дары даярдоодон мурда майдалап, элеп койсо жарайт. Сырьену кагаз пакеттерде, эки кат чыт баштыкта, фанера ящигинде, картон коробкада, айнек банкаларда же металлдан жасалган коробкаларда капкагын бекитип, караңгы жайда сактаса сонун болот. Эфир майлуу өсүмдүктөрдү (мышык тамыр, көкө мерен, күрөң чай чөп, жалбызды) өз алдынча сактайт, алардын жыты башка чөптөргө өтүшү мүмкүн. Долоно, ит мурундун, малинанын ж.б. мөмөлөрү тез бузулат, аларды дайыма текшерүү керек. Жалбырак, гүлдөр, чөптөр 1-2 жыл; кабыктар, тамырлар 2-5 жыл сакталат. Ашыгы менен чөптөрдү запас кылбагыла. Көпчүлүк өсүмдүктөр плантацияда өстүрүлөт, аларды өзүңөрдүн огородуңарда эгип алсаңар жакшы. Уулу өсүмдүктөрдү жыйнабагыла жана сактабагыла.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: