Врач Алмаз Бегалиевдин COVID-19 боюнча кайрылуусу

Врач Алмаз Бегалиевдин COVID-19 боюнча кайрылуусу

Врач Алмаз Бегалиевдин COVID-19 боюнча кайрылуусу

 

Урматтуу мекендештер!

Менин күндүзгү стационарда силерге кайрылганымдын видеосу Интернетке менин телефонума көптөгөн чалуу, вотсапка, кайрылуу, СМС-тер келип, ковиддин дарылоосу боюнча тактап айтууну суранышкан эле.

Ошондуктан мен силерге кайрылуу жаздым. Мен инфекционист, вирусолог, реаниматолог эмесмин, мен жөнөкөй врач-травматологмун. Өзүмдүн үй-бүлөмдүн атынан мен Ысык-көл областына, Ак-Суу районуна керектүү жардам берип жатам. Караколдогу күндүзгү стационардагы медиктерге жардам жеткирип жатканда мен адамдар карбаластап кандайдыр-бир жардам болоор бекен деп жүргөндөрүнө күбө болдум. Мен бул видеону тартып, аны интернетке берген үчүн ошол жигитке ыраазычылыгымды билдирем! Андан кийин көптөгөн адамдар аны көрүп, ал пайдалуу маалыматты бергендигине ыраазы болушканын билдим.

Урматтуум, бул учур Интернетке чыгып калганына чоң рахмат!

Менин фейсбукта гана баракчам бар, ал жөнүндө унутуп да калыптырмын.

Менин убактым жок болгондуктан соц. тармактарды колдонбойм. Ошондуктан өзүмдүн фейсбук аркылуу силерге кайрылгым келди.

Бул видеодого мен айткан протокол жөнүндө баштайлы.

Биринчиден, Саламаттык сактоо министерствосунун протоколу 2020-жылдын 3 июлунда чыккан. Тилекке каршы, аны мен Саламаттык сактоонун сайтынан таппадым. Чындагында, Россия Федерациясынын, Казакстандын сайттарында протоколдор чыгып жүрөт, биздики жок.

Экинчиден, бул протокол дагы эле жакшылап иштелин чыгышы мүмкүн. Мен оорулуулар менен колумдагы протоколдогу маалымат жөнүндө бөлүшөйүн дедим. Протоколду сынга албайм, себеби аны Кыргызстандын акылдуу адамдары түзгөндүр. Мен бул протоколду Германияда иштеген өзүмдүн коллегаларыма жибердим. Алар протокол бул вирустук ооруну дарылоосунун европалык түшүнүктөрүнө 80-90%-ине жооп берет дешет.

Пациенттерге тиешеси маанилүү.

Биринчиден. Ар бир адам өзүнөн башташы керек. Өзү өзүнөн суроо коюш керек – бул инфекцияны токтотууда мен эмне жасадым? Мен аралыкты сактадым, мен коомчулук жайларга барган жокмун, мен бет кап кийдим, мен колумду жууп, тазаладым, мен туугандарымды үйдө отурсун эч себепсиз тышка чыкпасын деп баарын жасадым, эгерде биздин туугандар, же биз өзүбүз ооруп калсак, мүмкүн, биз күнөөлүбүз окшойт. Ошондуктан биз өзүбүздөн башташыбыз керек.

Башкаларга жугузбоо үчүн эмне кылуу керек?

Бет кап кийгиле, бир бириңерден алыс болгула!

Бул жугуштуу оорудан сакайдым деген адам, 2-3 жуманын ичинде башкаларга жугузушу мүмкүн. Ошондуктан, өзүнөр оорусаңар, башкалар да оорусун деген жарабайт. Оору жуккандардын 80%-и жеңил түрүндө ооруйт. Калган 20-30%-инин оорусу кыйыныраак, 20% — деген эмнени түшүндүрөт?

Эгерде биздин калк 5 миллионду түзсө – бул абдан коркунучтуу сан. Бүгүнкү күндө өлүмчүлүк официалдуу маалыматтар боюнча суткасына 50-80 адамды түзөт.

Реалдуу саны, менин оюмча, андан да көп болгондой.

Экинчиден. Вирус жуккандын алгачкы белгилери: жөтөл, дене табынын жогорулашы, алсыздык, тез чарчоо, уйку басуу, кээ биринин ичинин оорушу, кээ биринин ичи өтүшү, кээ биринин муундары жана булчуңдарынын оорушу.

Баш оору, тамактын сезгениши, даам таттыгычтын жоголушу же төмөндүшү.

Коронавирус инфекциянын бул негизги классикалык белгилери, кээде алар көп кездешет, кээде сейрек, кээде бир эле белги билинет, кээде бир нече. Ошондуктан, бир-бирине окшош клиникалык картинасы болбойт. Мындай абалда эмне кылуу керек? Эгерде, сиз ооруй баштаганда, бир аш кашык тамак-аш содасын же тузду бир литр жылуу сууга ээритип, алаканга аны куюп, ооздон чыккандай кылып мурунга тартыңыз. Аны бир нече жолу кайталаңыз. Мурдуңуздан ал суюктук вирусту айдап чыгат.

Андан кийин чимкирип, мурундун ичин жакшы тазалайбыз.

Дене табынын көтөрүлүшүндөгү аракеттер.

Кээ-биринин дене табы 37°С, кээ биринини — 38°С. 38,5°С дагы температура болгондо – аны түшүрбөш керек! Бул температураны адам жакшы эле көтөрөт. Организм бул учурда инфекция менен күрөшкөнүн билдирет, ага жолтоо кылбаш керек! Башкача болсо, биз организмге зыян гана келтиребиз.

Эгер дене табы 38,5°С-дан жогору болгондо, эмне кылабыз?

Биринчиден: денени уксустун начар эритмеси же кадимки эле арак менен сүрсө жарайт, эгерде ал жардам бербесе, анда дененин табын таблетка түрүндө кабыл алып түшүрсөңүз болот. Ал үчүн парацетамолдун таблеткасын бир таблеткадан күнүнө 3-4 маал кабыл алуу керек. Таблетканын дозасы – 500 мг (бир жолку кабыл алуунун өлчөмү). Парацетамолду протоколго жараша, 4-5 күн ичсе жарайт. Же ибупрофен колдонгула.

Баш оору, булчуңдардын, муундардын, сөөктөрдүн оорушу.

Баарында кадимки эле ооруну басаңдатчу дарылар колдонулат. Алар көп: кетоналдан тартып индометацинге чейин.

Көңүл айлануу. Көп учурда пациенттердин көңүлү айланып, тамакка мейили тартпайт, кез-кезде кусат. Кээде ичи өтүшү мүмкүн. Кусканда кусууга каршы дары-дармектер сунушталат. Инъекция аркылуу церукал бар, таблетка түрүндө – метоклопрамидди тамакка чейин 30-40 минута калганда кабыл алса жарайт.

Ич өтүү. Мында ичеги-карындын флорасын жакшыртуучу дарылар – иммодиум, линекс, лакто-6, күрүчтүн тундурмасы жана башка элдик өсүмдүк дарылары.

Жөтөл. Ар кандай жөтөлгө каршы дарылар – бромгексин, мукалтин жана өсүмдүктөрдөн чыгарылган препараттар.

Эми негизги суроо, канды кантип суюлтуу керек?

Башкача айтканда, бул оорунун өөрчүү механизмине таасир этүү дарылоосу – канды суюлтуу.

Биринчиси. Антиагреганттарды колдонуу. Бул препараттар тромбдун пайда болушуна тоскоол кылат, алар эритроциттердин бир-бирине жабышканын бузат. Бул препараттарга аспирин, тромбоасс, кардиомагнил кирет. Өлчөмү кандай? Протокол боюнча эң аз өлчөмү (дозасы) – 80 мг. Негизинен – 100 мг. Күнүнө 1 таблеткадан бир жолу кабыл алынат.

Экинчиси. Венага суюктуктарды куюнун кажети барбы? Мен ушул күндүзгү стационардан жана башка ооруканалардан бардык пациенттер физ. эритме, эритмесин алып отурушканын байкадым. Алар капельница куйдуртуп, өзүлөрүнүн абалын жакшыртууга кам көрүшкөн экен. Пациенттердин организминин кычкылтек менен каныктыруу механизмдеринин начарлашынын бири – өпкөнүн шишип кетиши.

Патологоанатомдор оорудан каза болгондордун денесин изилдеген натыйжалардын негизинде өпкөнүн шишип кетишин көп учурда аныктаган. Адам интоксикацияны жоюу үчүн тиешелүү суюктукту кабыл алат, ал орто эсеп менен дени соо адамга күнүнө 3-4 литр туура келет. Негизинен жылуу түрдө (чай, компот, морс). Анын баары эле адамдын бөйрөгү, жүрөгү жакшы иштегенде ичегисинде сиңирилет. Андыктан өпкөнүн шишиги келип чыкпайт. Эгерде силер венага суюктуктарды – физ. эритмени, эритмесин куйдуртсаңар, бул суюктун ичеги-карын тракты, боорго жетпей вена аркылуу жүрөккө, өпкөгө, кан айлануулун кичине тегерегине жетип өпкөдөгү суюктукту көбөйтүп, оорулуунун абалын начарлатат. Ошондуктан, мен силерден суранаарым — эритмелерди жөнү жок венага куйдурбагыла!

Эгерде адам акыл-эсинен танбай, тамакты өзү жеп, өзү ичсе, анда суюктукту көп ичирүү керек. Ага литрлеп берилбейт: 100 грамм, 200 грамм берип, эс алдырып, бастырып, дем алуу гимнастикасын жасатып, кайтадан ичирүү зарыл. Ошондо бир күндүн ичинде 2-4 литр ичирсе жарайт. Кээ бир учурда, өтө интоксикация учурунда адамга физиологиялык эритмени венага 200 мл-дей тамчылатып, ага аскорбин кислотасын кошсо болот.

Кийинкиси. Бардык пациенттер чалкасынан жаткандыгы – ал абдан туура эмес.

Менимче, адам чалкасынан жатканда, өпкөнүн өзү жабышып, шишик пайда болгондо аны менен бирге өпкөнүн көпчүлүк бөлүгү былжырга, вирус жабыркаткан өлгөн клеткаларга толуп калып, өпкөнүн аз эле бөлүгү иштейт.

Ошондуктан оорулууну көмкөрөсүнөн жаткыруу керек, аны дренаж абалы дейт. Ооба – ыңгайсыз, ооба, өзгөчө толук адамдарга кыйыныраак. Мындай учурда буттарынын, көкүрөктүн, баштын астына ичин бир аз салаңдап турушу үчүн жаздык төшөп коюу зарыл. Аны диафрагмалык дем алуу дейт, ал өпкөнүн тазаланышына түрткү берип, анда былжыр, какырыктын чыгуусу жеңилдеп, өпкөнүн кычкылтек менен камсыздандыруусу жакшырып, пациенттин абалы оңолот.

Дем алуу гимнастикасы

Ал эмне үчүн керек? Биринчиден, бүткүл организмде кан айлануу жакшырат. Бул ооруда өпкөдөн тышкары бардык органдар – боор, бөйрөк, ичеги-карын ж.б. жабыркайт. Кан менен камсыз кылууну оңолтуп, биз организмде кычкылтек ансыз деле жетишсиз болуп жатканда, биз кычкылтек менен камсыз кылууну жакшыртабыз. Ошондуктан дем алуу көнүгүүлөрдү жасоо өтө зарыл. Дем алуу көнүгүүлөрдү аткарган пациенттердин сатурациясы кычкылтек концентраторусуз эле 5-10%-ке жогорулайт экен.

Гепарин жана тромбдун пайда болушуна тоскоол кылуучу препараттарды колдонуу жөнүндө

Мен силерди сураганым, кайсы бир кошумча анализсиз жана врачтын консультациясы жок гепаринди колдонбогула.

Эгерде пациенттин кан уюшу демейдегидей болсо, гепариндин ага кереги жок. Ага клексан, фраксипариндин да кереги жок. Гепаринге окшош каражаттардын колдонулушун врач гана чечет! Өзүн өзү дарылоонун кереги жок!

Менин оюмча, эгерде күндүзгү стационарга 400-450 адам келсе, анын ичинен 80-90% адамга гепариндин кереги жок, алар гепарин үчүн дарыканага сатып алууга жөнөп, гепариндин дефицитине алып келип жатышат. Аптекалар болсо анын баасын жогорулатып, колу таза эмес аптекалардын ээлери байыйт.

Кийинкиси. – Антибиотикотерапия

Кадимки адамдын жана врачтын түшүнүгүндө пневмония болсо, анда антибиотик колдонуу керек дегендиги. Коронавирустук пневмонияда бактериалдык пневмония келип чыкпайт жана өөрчүбөйт. Антибиотик бул вируска эч кандай таасир этпейт. Ошондуктан антибиотиктин пайдасы жок.

Врач сиздин абалды: сатурация, дене табын, канча күн дене табы көтөрүлгөндүгүн байкап, анализдерди көрүп, антибиотиктерге кандай карама-каршылыктардын бар болгонун билип, андан кийин гана антибиотикти сунуштайт.

Интернетте менин коллегам Нурбек Монолов (өзү уролог) берген видео бар. Анда, профессор Бримкулов Н. Н., пульмонолог Ковид-19-дун дарылоосунун протоколунун мазмунун түшүнүктүү тилде, толук айтып берген.

Кошумча дарылар жөнүндө аскорбин кислотасы көнүлдү бурат. Ал кан тамырлардын каптаалдарын бекемдейт. Д витамини да биздин организмге вируска каршы күрөшүүдө жардам берет. Жакшы, витаминдерге бай тамактануу сунушталат.

Адам эмне үчүн күндүзгү стационарга барат?

Биринчи пункт. Ал капельница алууга барат. Ага жооп – капельницанын кереги жок. Экинчи пункт. Антибиотиктин инъекциясын алууга барат. Таблетка түрүндө деле кабыл алса болот. Анча айырмасы жок. Сиз түшүнүшүңүз зарыл, азыр аны венага, булчуңга куйдурсаңыз, же таблетка түрүндө кабыл алсаныз, баары бир эффекти бирдей эле болот. Үчүнчү пункт. Пациент күндүзгү стационарга гепарин же фраксипариндин инъекциясын алууга барат. Бул препараттар таблетка түрүндө да чыгарылат. Кандын анализи болуш керек. D-dimer, ARTB, MHO, фибриноген деген анализдер бардык жерде жасалбайт. Эгерде врач гепаринотерапияны жүргүзгөндү сунуштаса, бул препараттарды таблетка түрүндө деле кабыл алса болот. Ошондуктан, сиздин күндүзгү стационарга барууга үч себеп тең туура келбей.

Сиз үй шартында, обочолонуп дарылансаңыз жарайт. Аны менен сиз оорукананын, күндүзгү стационардын персоналынын нагрузкасын азайтасыңар. Ал жерге болсо оор абалдагы, орточо оор абалдагы пациенттер келип, доктурдан тиешелүү сунуштар менен жардамды алат.

Гормондорду, хим. кошулмалардын колдонуусу жөнүндө

Протоколдо бул оорунун биринчи фазасында эч кандай гормон дарылары колдонулбайт деп так жазылган. Гормондук препараттар стационарга дем алуусу абдан кыстыгып келгенде гана сунушталат. Приступту жоготуу үчүн сальбутамол колдонулат. Бирок аны врач (реаниматолог, анестезиолог) гана чечет. Оорунун алгачкы стадияларында гормондук дарылардан баш тартуу керек. Өз алдынча колдонуу жарабайт.

Биринчиден, гормондук препараттар оорунун алгачкы стадияларында 3-4 күн жалган оң эффект бериши мүмкүн. Андан кийин инфекция күчөп өөрчүйт.

Экинчиден, гормондор силердин иммунитетти төмөндөтөт.

Антибиотиктер да ошондой таасир берет. Пневмонияда берилген антибиотиктер экинчи иретте келип чыккан пневмония менен күрөшүүдө колдонулат. Ал пневмония вирустук пневмониядан кийин пайда болот. Ал учурда кан менен камсыз кылуу кыйындап, кан тамырларда кан уюп, микротромбдор пайда болот, ал болсо башка инфекциянын (стрептококк, стафилококк, пневмонококктордун) өөрчүшүнө жагымдуу чөйрө түзүп, алардын жайылышына түрткү берет. Ошол экинчи иретте келип чыккан пневмонияны алдын алууда антибиотиктер колдонулат. Антибиотиктерди туура эмес колдонуудан инфекцияга туруктуулугуңузду төмөндөтөсүз. Кийин инфекция антибиотиктерди тоотпой, аларга туруктуулукту иштеп чыгат.

Бул вирус канча убакыт болоорун биз азыр билбейбиз. Бизде иммунитет канча убакытка созулаарын – жарым жыл, бир жыл, үч жылгабы, аны да билбейбиз. Күзүндө кандай болот? Сиз күзүндө ошол инфекциянын кайталынышы менен келип калсаңыз, анда азыр сиз көп кабыл алган антибиотиктер экинчи иреттеги пневмонияга таасир этпей калышы мүмкүн. Мен өзүмдүн кайрылуумду эки бөлүккө бөлгүм келди.

Биринчи бөлүгү – ал түздөн-түз протоколго тиешелүү, дарылоого тиешелүү.

Мунун баардыгы интернетте бар, силер окуп, видео көрүп, уксаңар болот.

Мен ыктыярдык ишимде кезиккен суроолорго токтолушум керек.

Мени тынчсызданткандык. Интернетте таралган мен катышкан видеодо күндүзгү стационарда 40 минутанын ичинде адамдарга капельница, негизсиз гепарин, антибиотиктерди, химиялык кошундуларды, гормондорду албагыла деп аракеттендим. Эл түшүндү окшойт. Алардын бөлүгү кетти, кээ бири калган. Мен өзүмдүн коллегаларыма кварц лампасын бергенге унутуп кетиптирмин. Жыйырма минутадан кийин кайтып келсем – бул адамдар күндүзгү стационарга кирип, капельница алып жатышыптыр.

Мен коллегаларымдан сурадым – «Эмне үчүн муну жасап жатасыңар?» — дедим. Коллегалардын айтымында, пациенттер биз сатып алдык, бизге тамчылатып куйгула, муну куйгула, тигини куйгула деп жанды койбоптур. Мен таң калдым – эмне үчүн алар буга барышты? Мен аны түшүнбөдүм.

Мени дагы бир учур таң калтырды. Күндүзгү стационардын врачтары үчүн нормалдуу сапаттуу иштөөсүнө эч кандай шарттар түзүлгөн эмес.

Алардын кийимдерин, жеке индивидуалдык коргонучтарды (СИЗ – средства индивидуальной защиты) алмаштырууга элементардык шарттары жок экен. Аларга кызыл зонадан чыгып бир нече минута эс алып, чай ичип, жуунганга, туалетке барганга шарт түзүп, кайтадан таза СИЗ кийип, ишти улантууга мүмкүнчүлүк түзүп бергиле.

Саламаттык сактоодогу чиновниктерге сураныч. Күндүзгү стационарга бөлмөлөрүн бергендер, кичи пейилдикке, мед. персоналдардын тиричилик проблемаларына көңүл бурсаңыздар.

Бул ооруну дарылоодо мен колунан жардам бере турган адамдарга кайрылат элем. Силерден суранаарым – медициналык мекемеге белек берээрден мурда, аларга эмне керектигин билүүгө кызыгып көргүлө. Мен болгон райондордо алар СИЗ менен камсыз болуптур. Ошондуктан ооруканаларга бирдей буюмдарды жеткирип белек кылуу туура эмес. Ага каражатыңызды коротпоңуз. Ошол поликлиника же ФАПка, же ооруканага эмне керек экен? Ошол эле күндүзгү стационарга. Мен поликлиникада кандын уюшун изилдөөчү голограмма түзүүчү аппарат турганын көрдүм. Аппарат бар, реактивдер жок. Реактив сатып алсаңар – реактив бергиле. Бул аппараттын деле эскириги жетиптир, өндүрүштөн чыкканбы, же расходдук материалдар Кыргызстан, Казахстан же Россиянын аймактарында жок окшойт. Бар болсо да, ага чоң каражат керек экен. Ошондуктан, стационарга бир нерсе алып келүү үчүн мурда реанимациядагы кызыл зонада иштөөчу кызматкерлердин талабын билүү керек.

 

 

Ссылка на первоисточник https://www.facebook.com/almaz.begaliev
На русском языке https://www.facebook.com/almaz.begaliev/posts/10222276702362996

Транскрибирование аудиозаписи и перевод на кыргызский язык Рахимова Г. К.

Набор текста Рахимов А.

 

Об истории этого обращения.
У Бегалиева в ленте есть видео о проблемах лечения COVID-19 в Кыргызстане, которое было широко распространено через вотсап, потом в Фэйсбуке,  получившее большой резонанс. У пользователей появилось множество вопросов. В ответ на эти вопросы Бегалиев А. записал аудио обращение, которое после транскрибирования было опубликовано у него в ленте Facebook.