Перейти к содержанию
Перейти к главному меню
Термины курортной, восстановительной и народной медицины-Б
Курорттук, ден соолукту калыбына келтирүү жана салттуу медицина боюнча терминдер — Б
Орусча
Кыргызча
Бальзам – (лат. balsamum) – 1) в фармацевтической практике фитофармацевтическое средство для наружного применения, представляющее собой смесь эфирных масел и растворенных в них смол, ароматических соединений и других компонентов, или их раствор в спирте или вазелиновом масле. Бальзам можно определить также как жидкую или мазеобразную смесь (или раствор в спирте, жирном или минеральном масле) эфирных масел, смол и других терпеноидов характерным ароматическим запахом, предназначенную для наружного применения.
Бальзам – (лат. balsamum) – териге сүйкɵɵ менен сырттан колдонулуучу мазь( май) түрүндɵ да болот. Бальзам – эфир майы жана анда ээриген чайырлар, жыпар жыттуу бирикмелер ж.б. компоненттердин кошулмасы же алардын спиртте же вазелин майындагы эритмеси. Алардын ɵзгɵчɵ жыпар жыты болуп,теринин бетине сүйкɵгɵнгɵ же жыттап искегенге пайдаланылат.
Бальзам – ичүүгɵ пайдаланылуучу ичимдик. Ал дары ɵсүмдүктɵрдүн тундурмасы ( тунмасы), жемиштер, татымалдар, кээде жаныбарлар продуктусу (бал, апилак), минералдар (мумие) кошулуп чыгарылат. Тамак – аш ɵнɵр жайында «бальзам» КМС – ка жараша ликер – арак ичимдиги деп аталат. Анын күчтүлүгүү 40 – 45%, кантсыз, кычкылсыз (лимон кычкылына карата эсептегенде).
Бальнеотерапия – (лат.balneum- ванна) – лечебное применение минеральных вод. Основу бальнеотерапии составляет наружное применение природных и искусственно приготовленных минеральных вод (минеральные ванны). Следуя традиции, в данный раздел специалисты включают также и внутреннее применение минеральных вод (питье, ингаляции, спринцевание, промывания кишечника и пр.).
Бальнеотерапия – (лат.balneum- ванна) –минералдык сууларды дарылоо максатында колдонуу. Бальнеотерапияда табигый же жасалма жолу менен даярдалган минералдык суулар минералдык ванна катары колдонулат. Ошондой эле, минералдык суулар ичкенге, ингаляция үчүн, ичеги – карынды тазалоого ж.б. пайдаланылат.
Бани – условно делят на два основных типа – паровые и суховоздушные. Самой известной из паровых Б. является русская с ее традиционной термальной камерой – парильней, где поддерживаются сравнительно высокая температура воздуха (45 – 60) и высокая относительная влажность (до 90 – 100%). Среди суховоздушных Б. широкое распространение получила финская Б. – сауна, термальная камера которой отличается высокой температурой воздуха (до 90 — 100) и низкой относительной влажностью (10 – 15%).
Мончо – буулантма же кургак абалуу деп эки типке бɵлүнɵт. Буулантма мончолордон орус мончосу белгилүү, анын традициялык камерасы – бууланткычы болот, анда абанын жогорку температурасы 45- 60оС га жетип, абанын нымдуулугу 90-100%-ти түзɵт. Кургак абалуу мончолор боюнча финн мончосу кɵбүрɵɵк таралган. Анын термокамерасында абанын температурасы 90 – 100оС га жетет, абанын салыштырмалуу нымдуулугу 10 – 15%.
Банки медицинские – круглые небольшие стеклянные стаканы с утолщенными гладкими краями и расширенным дном, ёмкостью 30 -70 см3. Присасываясь к коже, Б. вызывают в толще кожи застой крови и кровоизлияния, что способствует разрешению и рассасыванию при воспалительных процессах в подлежащих органах и тканях. Чтобы Б. присосались к коже, воздух в них разрежают внесением на очень короткое время смоченного в спирте или эфире зажжённого кусочка ваты, намотанной на палочку. После удаления зажжённой ваты Б. быстро приставляют к коже всей окружностью. Б. применялись ещё в древности: употреблялись различной формы и размера сосуды из металла, стекла, полые рога и др.; при этом разрежение воздуха в Б. достигалось нагреванием или отсасыванием его из Б.Назначают Б. при воспалительных процессах в лёгких, бронхах, плевре, при застоях крови в лёгких, при невралгиях, миозитах и других заболеваниях.
Медициналык оӊко – жылма жана жоонойгон чети, түбү кеӊ ,кɵлɵмү 30 – 70 см3 болгон тоголок анча чоӊ эмес айнектен жасалган идиш. Оӊкону териге жабышканда тери кɵгɵрɵт, сезгенүү процесстер жоюлат. Оӊко териге тыгыз чапталыш үчүн жыгачтын учуна кебез оройт да, спиртке малып, аны күйгүзүп оӊконун ичине тез киргизип ɵрттɵйт. Андан кийин тезинен териге оӊкону жабыштырат. Оӊко илгээртен эле колдонулуп келген. Ал ар кандай түрдɵ, чоӊдукта металлдан, айнектен, мүйүздɵн жасалган . Оӊко койгондо ɵпкɵдɵ, бронхтордо, плеврада, невралгияда, миозиттерде болгон сезгенүү процесстер таркайт.
Баночный массаж. Для баночного массажа используют как обычные медицинские банки, так и приспособленные, как правило, не- большого объема.Специальные банки для вакуум терапии, как правило, изготовлены из двух частей: резервуара банки из стекла или полимера и баллона банки для создания в резервуаре вакуума.
Оӊко массажы, оӊко менен укалоо. Ал үчүн кадимки медициналык оӊколор пайдаланылат.
Мындан тышкары, эки бɵлүктɵн атайын ылайыкталып жасалган оӊколор болот. Оӊконун резервуары айнектен же полимерден жасалат жана резервуарда вакуум болуш үчүн атайын баллон ылайыкташтырып бекитилген.
Баня русская – постройка (парильня, потельня), используемая с лечебно-гигиенической целью, в которой высокая температура и высокая влажность достигает, путем прысканья воды на раскаленные камни. Для прогрева и массажа тела и болезненных участков используется похлестывание вениками из веток березы, дуба и других лиственных и хвойных пород. В русской бане также издавна использовалась ароматерапия. Приятный запах, обладающий оздоравливающим действием, достигался за счет использования смолистых пород деревьев в строительстве и обшивке парной, веников, высушенных по своей технологии, и прысканья на камни кваса, пива, отвара трав, ароматических масел.
Орус мончосу – дарылоо–гигиеналык максатта пайдаланылуучу буулантмасы, тердетүүчү бɵлмɵлɵрү болгон үй. Анда температурасы менен абанын нымдуулугунун жогорулашына жетиш үчүн ысытылган таштардын үстүнɵ суу чачылат. Денени ысытып массаж жасоо үчүн ак кайыӊ, эмендин же ийне жалбырактуулардан жасалган шыпыргылар менен чапкылоо жүргүзүшɵт. Орус мончолордо ароматерапия да колдонулат. Анда жагымдуу жыты бар чайырлуу дарактардын устундары ɵзгɵчɵ технология менен кургатылып бɵлмɵлɵрдүн бетине, тɵбɵсүнɵ бекитилет, таштардын үстүнɵ квас, пиво, дары чɵптɵрдүн тундурмалары, жыпар жыттуу майлар себилет.
Баня турецкая – (хамам) – турецкая или восточная баня со специальными помещениями и особым ритуалом очищения (маслах, согуклук, халвет и др.) согласно принципам восточной философии. Тепло, массаж, восточные ароматы и музыка влияют благодейственно и расслабляющее.
Түрк мончосу – түрк (чыгыш мончосу). Анда чыгыш медицинанын процесстерине жараша атайын бɵлмɵ болуп тазалануунун ɵзгɵчɵ ыкмалары (майлар, согуклук, халвет ж.б) пайдаланылат. Жылуулук , массаж, чыгыш ароматтары, музыка жагымдуу таасир этип сеп алдырат.
Баня финская (сауна – помещение из бревен или отделанное деревом, в котором осуществляется сочетанное лечебное воздействие на организм сухого воздуха, теплового излучения раскаленных камней и холодной пресной воды. Известно в Финляндии уже свыше 1000 лет.
Финн мончосу – устундардан курулган бɵлмɵ. Анда организмге кургак абанын, ысытылган таштардын жагымдуулугу, муздак суунун биргелешкен дарылоо таасир этүүсү колдонулат. Финляндияда миӊ жылдардан бери колдонулат.
Барокамера (баро + камера) – герметически закрывающееся помещения, в котором может быть создано заданное повышенное (компрессионная Б.) или пониженное (вакуумное Б.) давление воздуха (газов); в медицине Б. используются для баротерапии, для исследования влияния изменений барометрического давления на организм человека, для тренировки высотной устойчивости.
Барокамера (баро + камера) – жогорку же тɵмɵнкү аба басымын түзүүчү камера, абдан тыгыз бекитилген бɵлмɵ. Анда тапшырма боюнча абанын жогорулаган (компрессияланган барокамера) же тɵмɵндɵгɵн (вакуумдук барокамера) басымдуулугу түзүлгɵн. Медицинада баротерапия , адам организмине барометрлик басымдын таасирин изилдɵɵ, бийиктикке туруктуулуктуу кɵндүрүү үчүн колдонулат.
Баротерапия (баро + терапия) – применение с лечебной целью пониженного или повышенного атмосферного давления.
Баротерапия – жогорку же тɵмɵнкү аба басымын дарылоо максатында колдонуу.
Гипербарическая оксигенация – интенсивный метод лечения анаэробных инфекций, острой легочно – сердечной недостаточности и др. заболеваний за счет насыщения крови кислородом под повышенным давлением.
Гипербариялык оксигенация – жогорку басымдын таасири аркылуу канды кычкылтек менен каныктырып, ооруларды дарылоо. Бул ыкма аэробдук инфекцияларды, катуу кармаган ɵпкɵ — жүрɵк жетишсиздигин ж.б. ооруларды дарылоодо колдонулат.
Барокамерные гипоксические тренировки — способ повышения работоспособности.
Барокамералык гипоксиялык кɵнүгүүлɵр — ишке жондомдуулукту жогоруулатуунун ыкмасы.
Бассейн – из словаря
Бассейн – жасалма кɵл, сүзүү үчүн жасалган кɵл.
Бассейн спортивный – сооружение для проведения тренировок и соревнований по плаванью, прыжкам в воду, ватерполу, синхронного плаванья. Имеет четко определенные размеры (длина 25 или 50 м) и глубину. Закрытые бассейны в санаториях «Кыргызское взморье» и «Чолпон–Ата» являются единственным в Азии среднегорными спортивными бассейнами.
Спорттук бассейн – сүзүү, сууга секирүү, ватерпол, синхрондук сүзүү боюнча тренировка менен мелдештерди ɵткɵрүүгɵ ылайыкталып салынган курулма. Анын белгиленген чоӊдугу (узундугу 25 же 50 м), тереӊдиги болот. «Кыргызское взморье» жана« Чолпон–Ата» санаторийлериндеги бассейндер Азияда жалгыз тоолук спорттук жабык бассейндер болуп эсептелет.
Бассейн оздоровительный (купальня) – предназначен для свободного плаванья, игр, гимнастических упражнений в воде. Не имеет четких требований по размерам и глубине, может быть укоплектован различными водными приспособлениями: горками, водотоками, водопадами, гидромассажными головками. В оздоровительном бассейне может быть использована термоминеральная вода.
Ден–соолукту чыӊдоочу бассейн – сууда бош сүзүү, оюндар, гимнастикалык кɵнүгүүлɵрдү ɵткɵрүүгɵ ылайыкталган. Мындан тышкары ар түрдүү сууда кɵнүгүүлɵрдү ɵткɵрүүгɵ ылайык болгон аспаптар менен жабдылган: гидромассаж аспабы, шаркыратма ж.б. Ден – соолукту чыӊдоо бассейинде термоминералдык сууну пайдаланса болот.
Бассейн закрытый – круглогодичное сооружение с стационарными потолком и стенами вокруг чаши воды, с использованием подогрева воды и созданием искусственного микроклимата.
Жабык бассейн – жыл бою иштеп туруучу, тɵбɵсү жабылган, суунун тегерегинде там курулган жана жасалма климаты түзүлгɵн курулма.
Бассейн открытый.
Ачык бассейн.
Бделлотерапия (bdellotherapia; греч. bdella пиявка + therapia уход, лечение).
Бделлотерапия (гр. bdella сүлүк therapia – дарылоо). Сүлүк менен дарылоо – к, гирудотерапия.
Бег оздоровительный – является одним из наиболее доступных и эффективных средств физического воспитания, тренировки и закаливания организма. Его преимуществами по сравнению с другими физическими упражнениями являются легкость дозирования, участие большинства мышц тела, возможность заниматься без специального обучения и оборудования.
Ден соолукту чыӊдоо үчүн чуркоо — Физикалык тарбияда, кɵнүгүүлɵрдɵ, организмди чыӊдоодо негизги чаралардын бири. Анын башка физ. кɵнүгүүлɵргɵ салыштырган ɵзгɵчɵлүктɵрү : дозировкасы оӊой, дененин кɵпчүлүк булчуӊдарынын катышуусу, атайын окуудан ɵтпɵй, же атайын аспапка кɵз каранды болбой жүргүзүү.
Биологически активные вещества – общее название органических соединений, участвующих или способных участвовать в осуществлении каких – либо функций организма и обладающих высокой специфичностью действия.
Биологиялык активдүү заттар – организмдин кайсы болбосун функцияларында катышууга жɵндɵмдүү болгон, ɵзгɵчɵ жогорку таасир берүүгɵ ээ болгон органикалык бирикмелердин жалпы аты.
Биологически активные добавки – композиции натуральных или идентичных натуральным биологически активных веществ, предназначенных для непосредственного приема с пищей или в введения в состав пищевых продуктов, с целью обогащения рациона отдельными пищевыми или биологически активными веществами и их комплексами.
БАД также условно подразделяют на три группы:
Нутрицевтики – биологически активные добавки к пище, применяемые для коррекции химического состава пищи человека (дополнительные источники нутриентов: белка, аминокислот, жиров, углеводов, витаминов, минеральных веществ, пищевых волокон). Конечной целью использования нутрицевтиков является улучшение пищевого статуса человека, укрепление здоровья и профилактика ряда заболеваний.
Парафармацевтики – биологически активные добавки к пище, применяемые для профилактики, вспомогательной терапии и поддержки в физиологических границах функциональной активности органов и систем.
Суточная доза парафармацевтика или, в случае композиции, суточная доза действующего начала парафармацевтика, не должна превышать разовую терапевтическую дозу, определенную при применении этих веществ в качестве лекарственных средств, при условии приема БАД не менее двух раз в сутки. Все растения, входящие в состав парафармацевтика, должны быть проверены по отечественной и международной документации в плане разрешения их применения в пищевой промышленности, а также в составе лекарственных чаев и сборов в соответствии с требованиями фармакопейного комитета МЗ КР, зарубежных Фармакопей, директив Евросоюза Flavouring substance sand natural sources of flavourings, 111e, Counsil of Europe. 1981; Flavours and Fragrance Materials. A Worldwide reference list of materials use in compounding flavors and fragrances with sources of supply, 1993.
Эубиотики – биологически активные добавки к пище, в состав которых входят живые микроорганизмы и (или) их метаболиты, оказывающие нормализующее воздействие на состав и биологическую активность микрофлоры и моторику пищеварительного тракта; эубиотики подчас включают в себя и субстрат, способствующий росту дружественной флоры, но не усваиваемый человеческим организмом.
Пробиотики – принятый синоним понятия «эубиотики», однако, под эту категорию вполне подпадают средства не содержащие живой флоры. Упомянутые средства еще обобщают категорией «средства микроэкологической терапии».
Биологиялык активдүү кошулмалар — табигый же табигый заттарга окшогон биологиялык активдүү заттардын композициялары.
Алар рационду байытуу максатында тамак менен кошулуп берилет. Же болбосо азык продуктыларынын курамына комплекс түрүндө кирет.
Биологиялык активдүү кошулмалар үч түргө бөлүнөт:
Нутрицевтиктер – тамакка кошулуучу биологиялык активдүү кошулмалар, алар адамдын тамак – ашынын химиялык курамын коррекциялоо үчүн тамакка кошулат. Нутриенттердин кошумча булагы – белоктор, аминокислоталар, майлар, углеводдор, витаминдер, минералдык заттар, азык талчалары. Нурицевтиктердин негизги колдонуу максаты – адамдын тамактануусун оңолтуу, анын ден соолугун чыңдоо жана ооруларды алдын алуу.
Парафармацевтиктер – тамакка кошулуучу биологиялык активдүү кошулмалар. Алар орган менен системаларды функциялык активдүүлүктүн чегинде кармап турууга жардам берип, ооруну алдын алуу чара катары колдонулат.
Парафармацевтикдин суткалык өлчөмү (дозасы) бир жолку бериле турган дарылоо дозадан ашпоо зарыл, суткасына эки жолдон көп сунушталбайт. Бул комплекстүү кошумчалар улуттук же эл аралык нормативдин документациялардын талабына ылайык тамак-аш өнөр жайында колдонууга жооп берүүгө текшерилиши зарыл. Өсүмдүктөр, дары чайлар КР-сынын Саламаттык Сактоосунун фармакопеялык комитети, чет өлкөлүк фармакопея; Евросоюздун Flavouring substance sand natural sources of flavourings, 111e, Counsil of Europe. 1981; Flavours and Fragrance Materials. A Worldwide reference list of materials use in compounding flavors and fragrances with sources of supply, 1993 талаптарына жооп бериши керек.
Эубиотиктер – курамында тирүү микроорганизмдер же алардын метаболити (зат алмашуудан келип чыккан заттар) бар болгон тамакка кошулуучу биологиялык активдүү кошулмалар. Алар ичеги-карын жолдорунундагы микрофлорага оң таасир берип, анын иштешин жакшыртат, эубиотитердин курамына көп учурда керектүү микрофлоранын өсүп-өнүгүп кетишине көмөк берүүчү субстрат (негиз) кошулат, ал болсо адамдын организмине сиңирилбейт.
Пробиотик -«эубиотик» дегенди түшүндүрөт, аларга «микроэкологиялык терапиянын каражаттары» деп жалпы категориядагы ат берилген.
Биологически активная точка – зона (точка) поверхности тела, являющаяся проекцией нервных элементов, заложенных в подлежащих тканях и внутренних органах; отличается пониженным электрическим потенциалом; используется при рефлексотерапии; у человека известно около 700 Б.а.т.
Биологиялык активдүү точка (чекит) – ички органдардын нерв элементтеринин дененин бетиндеги проекцияларынын активдүү зонасы (точкасы). Төмөндөгөн электр каршылыгы жана жогорулаган электр потенциалы менен өзгөчөлөнөт; рефлексотерапияда колдонулат; адамда 700 гө жакын Б.а.т. бар.
Биосауна – это более мягкая форма классической финской сауны, которая положительно влияет на кровообращение с помощью температуры 60°С и 45% влажности воздуха. Как правило, течение 45 минут нахождения в биосауне выполняется одновременно также светотерапия.
Биосауна – фин саунасынын классикалык жумшак түрү. Ал кан жүрүүгө 60°С жана абанын нымдуулугу 45% га барабар болгондо оң таасир берет. Биосаунада 45 минутанын ичинде бир эле кезде жарык менен дарылоо жүргүзүлөт.
Биоэнергия – жизненная энергия, биоэнергетический потенциал тела, так называемый Чи (Qi, chi) или Прана.
Биоэнергия – дененин биологиялык энергиясы. Аны жашоо энергиясы, дененин биологиялык потенциалы, Чи энергиясы (Qi, chi)же Прана дейт.
Бодивраппинг (англ.body wrapping) – метод обертывания тела специальными бинтами, пропитанными особыми веществами для выведения из тела шлаков, обновления кожи и расслабления.
Бодивраппинг (англ.body wrapping) – өзгөчө заттар сиңирилген атайын бинт менен ороо. Ал заттар организмден керексиз заттарды (шлактарды) чыгарат, терини жакшыртат, бошоңдотот.
Бодистайлинг(англ.body styling) – физические упражнения для запланированной коррекции тела или отдельных частей тела.
Бодистайлинг(англ.body styling) – дененин же дененин өзүнчө бөлүктөрүн (түздөөчү) физикалык көнүгүүлөр.
Бозо – Кыргызский национальный общеукрепляющий напиток, из забродившего пшена, и других круп.
Бозо – ачытылган өнгөн тару ж.б. аштыктардан жасалган кыргыздын улуттук суусундугу.
Болтушки – 1) син. ванны грязевые разводные;
2) суспензии для наружного применения.
Аралаштырмалар 1) синоним – баткак аралашкан ванна; 2) сыртка колдонулуучу суспензия (суу же башка эритиндин күкүмдөр кошулуп, аралаштырылат, бирок ал ээрибеген түрдө болот).
Бочка лечебная (кедровая, арчовая, дубовая и др.). Предлагаемый метод оздоровления и лечения основан на применении аромапарофитобочки. Суть работы аромапарофитобочки заключается в уникальном методе соединения бальнеотерапии с экстрактами натуральных растительных масел из лекарственных трав.
Основа метода заключается в поступлении паров лечебных средств в организм через кожу. В настоящее время опыт лечения в парожаробочках в различных странах довольно большой. Форма бочки различна (в Индии прямоугольная. В США и Японии – комбинации купели и аромапаробочки). Бочки изготовлены из древесины кедра, которая обладает лечебным свойством за счет накопленной солнечной энергии.
Дарылоо бочкасы – дарылык максатта колдонулуучу бочка. Ал карагай, арча ж.б. жасалат. Ден соолукту жакшыртуу ыкманын негизин жыпар жытту каражаттар, дары өсүмдүктөрдүн экстракттары түзөт. Дарылоо бочкасына жылытылган сууга жыпар жыттуу майлар же экстракттар кошулат да, анын ичине адам баш жагын чыгарып отурат. Бул дары каражаттар тери аркылуу өтүп, дарылоо таасирин тийгизет. Бочканын формасы ар турдүү (Индияда – түз бурчтуу, АКШ менен Японияда – тоголок). Бочкалар көбүнчө кедрдин сөңгөчүнөн жасалган, анын касиети өзүнө сиңдирип жыйнаган күн энергиясы менен байланыштуу.
Бювет – бальнеотехническое сооружение у выхода минеральных источников на поверхность земли, предназначенная для проведения питьевого лечения минеральными водами. Оптимальные условия для водолечения обеспечиваются сооружением над бюветом павильона или питьевой галереи (как например на курорте Джалал-Абад).
Бювет – минералдык булактардан чыккан жерине курулган бальнеотехникалык имараттар. Ал минералдык сууну ичүүгө ылайыкталган. Бюветтин үстүндө павильон же ичүү галереясы бар (мисалы, Джалал – Абад курортунда)
Содержание:
Статьи и книги по теме: