Основные понятия в курортном деле, в восстановительной и традиционной медицине

Основные понятия в курортном деле, в восстановительной и традиционной медицине

Курорт кызматы, ден соолукту калыбына келтирүүчү жана салттуу медицина боюнча негизги түшүнүктɵр

Орусча

Кыргызча

Академическая (ортодоксальная) медицина – медицина, включающая все области (хирургия, терапия, акушерство, педиатрия, гигиена, микробиология и др.), базирующаяся на научно–проверенных знаниях и умениях.
Академиялык медицина – медицинанын бардык тармактарын (хирургия, акушерлик, педиатрия, гигиена, микробиология ж.б) камтыган медицина. Ал илимий жактан такталып изилденген далилдерге негизделген.
Альтернативная (комплементарная) медицина – применение мер и способов лечения путем выполнения различных альтернативных терапевтических методов и процедур, систем оздоровления и психофизических упражнений, которые рекомендуется выполнять в комбинации с основным классическим лечением.
Альтернативалык медицина – ар түрдүү альтернативалык дарылоо ыкмаларын, процедураларды, ден соолукту чыӊдоо жана психо – физиологиялык кɵнүгүүлɵрдүн системаларын колдонгон медицина. Анда негизги классикалык дарылоо менен бирге альтернативалык ыкмалар сунушталат.
Аккредитация санаторно-курортных организаций – процедура, посредством которой орган по аккредитации официально признает компетентность санаторно–курортной организации в выполнении конкретных работ по укреплению и восстановлению здоровья, по оказанию дополнительных услуг.
Санаторий-курорттук уюмдарды аккредитациялоо — санаторий–курорттук уюмдун ден соолукту чыӊдоо, калыбына келтирүү, кошумча кызматтарды кɵрсɵтүүгɵ мүмкүн экендигин официалдуу түрдɵ чечүүчү аккредитациялоочу органдын процедурасы.
Больной и пациент – гражданин, пользующийся лечебно – оздоровительными и другими услугами, при временном пребывании в санаторно – курортной организации в целях лечения и отдыха.
Оорулуу – санаторий–курорттук уюмда убактылуу дарылануучу же эс алуучу жаран. Ал дарылоо, ден соолукту жакшыртуу үчүн андагы тейлɵɵ кызматтары менен пайдаланат.
Восстановительная медицина – система знаний и практической деятельности, направленная на восстановление функциональных резервов и адаптивных способностей человека, сниженных в процессе неблагоприятного воздействия факторов внешней среды или в результате болезни, путем применения преимущественно немедикаментозных технологий.
Ден соолукту калыбына келтирүүчү медицина – адамдын тышкы чɵйрɵнүн жагымсыз таасиринен же оорунун натыйжасынан келип чыккан айлана – чɵйрɵгɵ ыӊгайланышынын тɵмɵндɵшүн жана организмдин функциялык резервдерин ордуна келтирүүгɵ багытталган негизинен дарыларды колдонбоочу билимдердин жана практикалык чаралардын системасы.
Идентификация услуги – процедура, посредством которой устанавливают соответствие представленной на сертификацию услуги коду ОКУН, ее функциональному назначению и требованиям, предъявляемым к данному виду услуги (уровню обслуживания).
Тейлɵɵ кызматын идентификациялоо (окшоштугун белгилɵɵ) – белгилүү тейлɵɵнүн түрү (деӊгээли) сертификациялоого кɵрсɵтүлгɵн тейлɵɵнүн функциялык милдети жана суроолоруна жооп берүүсүн ОКУН кодуна тура келгендигин тактоочу процедура.
Интегративная медицина – подход в науке и практической врачебной деятельности системно объединяющий преимущества академической и традиционной медицины.
Интеграциялык (айкалышуу) медицина — академиялык жана салттуу медицинанын жетишкендиктерин илим менен практикалык врачтык кызматты системалык түрдɵ айкалыштыруучу медицина.
Курортная медицина – система научно–обоснованных и организационно закрепленных лечебных и профилактических процедур и мероприятий с использованием преимущественно природных лечебных ресурсов, проводимые в условиях курортов или при моделировании их в амбулаторных и домашних условиях.
Курорттук медицина – негизинен табигый дарылоо ресурстарды курорттордун шартында же амбулатория менен үй шартында пайдалануу боюнча илимий жактан такталган дарылоо–профилактикалык процедура менен чараларды колдонуучу система.
Курортное дело – совокупность всех видов научно–практической деятельности по организации и осуществлению лечения и профилактики заболеваний на основе использования природных лечебных ресурсов.
Курорттук ишкердик – табигый дарылоо ресурстардын негизинде ооруларды алдын алуу жана дарылоосун уюштуруп жүргүзүүчү илимий–практикалык ишкердиктин бардыгынын жыйындысы.
Курорт – освоенная и используемая в лечебно–профилактических целях особо охраняемая природная территория, располагающая природными лечебными ресурсами и необходимыми для их эксплуатации зданиями и сооружениями, включая объекты инфраструктуры.
Курорт – дарылоо–профилактикалык максатта ɵздɵштүрүлүп пайдалануучу, ɵзгɵчɵ корголуучу аймак. Анда табигый дарылоо ресурстар, аларды иштетүүчү инфраструктура, эксплуатацияга керектүү имараттар менен тиешелүү курулуштар болот.
Курортный фонд Кыргызской Республики – совокупность всех выявленных и учтенных природных лечебных ресурсов, лечебно – оздоровительных местностей, а также курортов и курортных регионов (районов).
Кыргыз Республикасынын курорттук фонду – ачылган жана эсепке алынган табигый дарылоо ресурстардын, дарылоо, ден – соолукту чыӊдоо жерлердин, ошондой эле курорттордун жана курорттук аймактардын жыйындысы.
Курортный регион – территория с компактно расположенными на ней курортами, объединенная общим округом санитарной (горно–санитарной) охраны.
Курорттук аймак – тоо–санитариялык корукта бир-бири менен тыгыз бириккен курорттордун аймагы.
Лечебно–оздоровительная местность – территория, обладающая природными лечебными ресурсами и пригодная для организации лечения и профилактики заболеваний, а также для отдыха населения.
Дарылоо жана ден–соолукту жакшыртуучу жайлар – ооруларды алдын алууга, дарылоого, калктын эс алуусуна ыӊгайлуу табигый ресурстарына бай болгон аймак.
Лечебно–оздоровительная услуга – услуга, обеспечивающая поддержание и восстановление здоровья.
Дарылоо жана ден–соолукту чыӊдоо–жакшыртуу кызматы – ден соолукту сактоону жана калыбына келтирүүсүн камсыз кылуучу кызмат.
Лицензирование санаторно–оздоровительной деятельности – процесс выдачи разрешения, выдаваемого частному или юридическому лицу компетентным государственным органом (Министерством здравоохранения), заниматься предоставления услуг по укреплению и восстановлению здоровья(лечебно-профилактической деятельностью).
Ден соолукту чыӊдоо–жакшыртуу боюнча санаториялык иш аракетти лицензиялоо (уруксаат берүү) – жеке же юридикалык адамга компетенттүү мамлекеттик орган (мис, Саламаттык сактоо министерствосу) ден соолукту чыӊдоо жана жакшыртуу боюнча (дарылоо–профилактикалык) иш аракетти жүргүзүүгɵ уруксаат берүү.
Народное целительство – система представлений, знаний, навыков и умений, сложившихся у жителей определенных регионов и передаваемые из поколения в поколение как в устной, так и в письменной форме, которые применяются для диагностики, предотвращения и ликвидации нарушений физического, психического и социального равновесия.
Элдик дарымчылык – белгилүү аймактардын калкынын укумдан тукумга берилүүчү билимдер, ыкмалар жɵнүндɵгү түшүнүктɵрдүн системасы. Алар ооз эки, жазуу түрүндɵ адамдын физикалык, психикалык жана социалдык теӊ салмактуулуктун бузулушун жоготууга, алдын алууга жана диагностикага колдонулуп келген.
Натуральная медицина – направление в медицине, использующее для лечения и профилактики природные лечебные ресурсы и неаппаратные врачебные манипуляции.
Натуралдык медицина – табигый дарылоо ресурстарды, аппараттык эмес врачтык ыкмаларды дарылоо жана профилактикалык максатта колдонуучу медицинанын багыты.
Оздоровление – комплекс профилактических медицинских мероприятий, направленных на восстановление сниженных функциональных резервов и адаптивных возможностей организма у практически здоровых лиц.
Ден соолукту жакшыртуу – практикалык жактан дени соо адамдардын тɵмɵндɵгɵн функциялык резервдерин жана чɵйрɵгɵ ыӊгайлануу мүмкүнчүлүктɵрүн калыбына келтирүүгɵ багытталган медициналык чаралардын комплекси.
Отдыхающий, рекреант – гражданин, пользующийся услугами санаторно–курортной организации, при временном пребывании в ней целях оздоровления и отдыха.
Эс алуудагы адам – ден соолугун жакшыртуу жана эс алуу максатында убактылуу санаторий–курорттук уюмунун тейлɵɵ кызматын пайдалануучу жараан.
Округ горно–санитарной охраны – территория вокруг месторождений лечебных природных ресурсов, или территория лечебно – оздоровительной местности, курорта, в которой устанавливается регламентированный режим хозяйствования, проживания и природопользования, обеспечивающий сохранение природных лечебных ресурсов и защиту их от загрязнения и преждевременного истощения. Округ горно – санитарной охраны включает три зоны: первая, вторая и третья.
Корукка алынган тоолу–санитариялык аймак – табигый дарылоо ресурстардын чыккан жеринин айланасындагы аймак же дарылоо, ден соолукту жакшыртуу жайдын, курорттун айланасындагы аймак. Анда чарбачылыктын, жашоонун, табиятты пайдалануу боюнча эрежелер белгиленген. Ал болсо табигый дарылоо ресурстарын сактоону камсыз кылат жана булгануудан, запастардын түгɵнүшүнɵн сактайт.
Пользователи – юридические и физические лица, осуществляющие разработку и использование природных лечебных ресурсов на основании лицензии.
Пайдалануучулар – лицензиянын негизинде табигый дарылоо ресурстарды иштеп чыгуу менен пайдаланууну аткаруучу юридикалык жана физикалык адамдар.
Природные лечебные ресурсы – минеральные воды, лечебные грязи, рапа лиманов и озёр, лечебный климат, другие природные объекты и условия, используемые для лечения и профилактики заболеваний и организации отдыха.
Табигый дарылыгы бар каражаттар – минералдуу суулар, дары баткактар, лиман менен кɵлдɵрдүн рапасы, дары климат ооруну алдын алуу жана дарылоо максатында пайдаланылат.
Санаторно–курортное обслуживание – деятельность санаторно – курортных организаций по удовлетворению лечебно–оздоровительных, эстетических, гигиенических, культурных и других потребностей отдыхающих.
Санаториялык–курорттук кызмат кɵрсɵтүү – эс алуучулардын дарылоо, ден–соолукту жакшыртуу, эстетикалык, гигиеналык, маданий ж.б талаптарына жооп берүүчү санаториялык–курорттук уюмдардын кызмат кɵрсɵтүүсү.
Санаторно–курортные организации – санатории, пансионаты, дома и базы отдыха, туристические базы, спортивно–оздоровительные лагеря, детские лагеря и другие, оказывающие лечебные и оздоровительные услуги, располагающиеся в лечебно–оздоровительных местностях, находящиеся в государственной, акционерной, коллективной, личной и иной собственности.
Санаториялык–курорттук уюмдар — ɵкмɵттүн, акционердик, коллективдүү, жеке менчикке караштуу дарылоо жана ден соолукту чыӊдоо жерлерде жайгашкан санаторийлер, пансионаттар, эс алуу жайлар, туристтик базалар, спорттук жана ден–соолукту чыӊдоо тейлɵɵ борборлору.
Служба социологических оценок – служба, которая проводит проверку (оценку) услуг с использованием социологических методов (интервью, анкетирование, наблюдение).
Социологиялык баа берүү кызматы – тейлɵɵгɵ баа берип текшерүүчү кызмат. Анда социологиялык ыкмалар (интервью, анкета берүү, байкоо) жүргүзүлɵт.
Стандартизация санаторно–оздоровительных услуг — деятельность по установлению правил, общих принципов, характеристик, рассчитанных многократного использования на добровольной основе, направленная на достижение упорядоченности, повышение конкурентоспособности в области выполнения работ и оказания услуг по укреплению и восстановлению здоровья, на основе использования природных лечебных ресурсов и климатических условий.
Ден соолукту чыӊдоо – жакшыртуу боюнча санаториялык тейлɵɵ кызматын бекитилген эрежерелге, жалпы принциптерге, нормага ж.б туура келтирүү. Ал табигый дарылоо ресурстарды жана климаттык шарттарды пайдалануунун негизинде ден соолукту чыӊдоо боюнча тейлɵɵ кызматынын эрежелерин ,жалпы принциптерин сактоого багытталган.
Традиционная медицина – представляет собой совокупность основанных на многовековых традициях народного врачевания методов профилактики, диагностики, лечения и медицинской реабилитации, разрешенных к медицинскому применению в установленном порядке и преподаваемых в системе дополнительного медицинского образования, а также взглядов, знаний, навыков и умений в области традиционных оздоровительных систем, передаваемых из поколения в поколение в устной или письменной форме, и не всегда на данный момент имеющих научное обоснование и логическое объяснение.
Салттуу медицина – медицинанын адат болгон элдик багыты. Ал элдик медицинанын кɵптɵгɵн кылымдар бою келген дарылоо традициясы. Медицинада колдонууга белгилүү иретте уруксаат берилет, ошондой эле медициналык кошумча билим алууда окутулат. Кɵпчүлүк учурда илимий жактан негизделген эмес.
Эстетическая медицина – раздел медицины объединяющий косметологию, функциональное питание, пластическую хирургию и оздоровительную физическую культуру, направленный на поддержание нормального функционального состояния и красивого вида кожи, волос и фигуры.
Эстетикалык медицина – медицинанын бɵлүгү, косметологиялык, туура тамактанууну, пластикалык хирургияны камтыйт. Ал функциялык абалды демейде кармап турууга, чачтардын, теринин, фигуранын сонун болушуна багытталат.

Содержание:

Статьи и книги по теме: