Ваниль (Ваниль душистая, Vanila fragrans Ames)

Аралалар уруусунан – Orchidaceae.

Дарактарга бийик жетип чыгаруучу чөптүү сабагы болгон лиана. Анын көптөгөн абалык тамырлары болот. Жалбырактары жашыл же сары жашыл, узунга – эллипс сымал жана шакектей, ширелүү. Гүлдөрү чачыга чогулган, саргыч – жашыл, туура эмес, түштөн кийин гана ачылат. Гүл коргону беш сүйрүү жалбырактан турат, алтынчысы эринди пайда кылат, ал түтүктөй болуп аталык жана энеликти өзүндө кармайт, ал болсо чаңдашууну кыйындатат. Чаңдашууну жергиликтүү көпөлөктөр жүргүзөт. Мөмөсү узарган ичке цилиндр сымал үч бурчтуу кутуча, узундугу – 10-30 см. Чыккан өлкөсү – Мексиканын токойлору. Тропик райондордо (Мадагаскар, Занзибар, Ява, Шри-Ланка ж.б.) культурада өстүрүлөт. Ацтектерде алардын территориясын испандыктар басып алганча ваниль баалуу жыпар жыттуу өсүмдүк болгон. Испандыктарда алар ваниль менен төлөмдөрдү жүргүзгөн, ошол үчүн ваниль Европага келген.

Ванилдин чийки мөмөсү жыттанбайт. Бир нече жума ванилдин мөмөлөрү ферментацияга учураганда алардын түсү кара-күрөңгө айланат жана жыт пайда болот. Мөмөлөрүндө глюкованилин деген гликозид, эфир майы (0,5-0,8%), былжырлуу жана ийлөө заттар бар. Ферментация болгондо глюкованилин ванилин жана глюкозага ажырайт. Ванилдин негизги ароматтык заты – ванилин 4 – окси- 3 – метоксибензальдегид. Анын өлчөмү 0,75-2,9%-ке чейин). Ваниль – дүйнөлүк маанидеги пряность. Ванилдин даамы керемет, ачуу-ароматтык, ароматтуу, таттуурак, сергиткич. Ванилди таттуу тамактарга жыпар жыт берүү үчүн кондитерлик өндүрүштө, кулинарияда, суусундуктарды, ликерлорду даярдоодо, ошондой эле парфюмерияда колдонулат.

Элдик медицинада ваниль эт ысыганда, диспепсияда, нерв системасынын бузудууларында, уйку басканда колдонулган. Булчуңдардын иштешин күчөтүүчү каражат катары абдан бааланат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: