Сальвадор Дали «Бир генийдин күндɵлүгү» деген чыгармасында «Чымындарга алкыш» деп жазып чыккан( М., 2003-ж.). Ошо сыяктуу «Аарыга алкыш».

Аары адамдын жашоосуна абдан керектүү жана баалу биологиялык активдүү заттарды иштеп чыгарууга жɵндɵмдүү болгон татаал биологиялык лабаратория.

1. Аарылардын уюкташып чогуу жашаганы жана жашоо шартына бɵлүнгɵнү (энеси, ишчи аарылар «жатып ичээр») кызыктырат.

2. Аары жɵн жерден ызылдабайт, ал ɵзүнɵ пайдалуу процесстерди жүргүзɵт: «жатып ичээрди» куйт, алдын ала кам кɵрɵт.

3. Аарылар түнкүсүн, кышында тынч абалда болуп уктайт.

4. Аарынын бардык органдары аарынын ɵзүнүн пайдасына гана иштейт. Жемсɵɵсүнɵ ɵсүмдүктɵрдɵгү нектар жыйналып, алып келинет жана анда жемсɵɵнүн ферменттеринин түздɵн-түз таасир эткенинен нектар ферменцияга учурап, балга айланат.

5. Момдун иштелип чыгышы жана анын мааниси. Момду аарынын боорунун тушундагы мом чыгаруучу күзгүдɵй болгон безчелер иштеп чыгарат.Мом менен аарылар беш бурчтуу уяча(чɵнɵкчɵ) салат. Анын асты ылдый карайт, анда аарылар балдын запастарын чогултат.

6. Аарылар прополис иштеп чыгарат. Ал жабышкактуу болгондуктан, аарылар жылчыктарды бүтɵп, чɵнɵкчɵдɵ чириткич процестерин болтурбоого пайдаланат. Ɵлүп калган курт-кумурскаларды, чычкандарды прополистен түзүлгɵн желе менен каптап коёт.

7. Аарылар гүлдɵн гүлгɵ учуп алардын чаӊчасын ɵзүлɵрүнүн буттары менен уяга ташып келет. Аны менен бирге аарылар гүлдɵрдү чаӊдаштырууда активдүү катышып, ɵсүмдүктɵрдүн ɵсүп-ɵөрчүшүнɵ кɵмɵк берет.

8. Аарылардын сүтүн (маточное молочко) ишчи аарылар чыгарат. Аны менен алар энелик аарыны багат. Ал абдан баалу келет. Анда витаминдер, ферментер, липиддер кɵп.

9. Аарынын уусу да ишчи аарылардын атайын безчелеринде пайда болот. Аарынын уусу аарынын ɵзүн сактап калуудагы ролду ойнойт.

10. Адам үчүн ааарынын продуктуларынын таасири чексиз баалуу. Бал жогорку калориядагы продукт болгондон тышкары, абдан баалу дарылоо- профилактикалык каражат болуп эсептелет. Мом кɵпчүлүк косметикалык каражаттардын алмаштырылбас бɵлүгү. Мом ар кандай ириӊдүү жараларды дарылоодо колдонулат. Чаӊча жүрɵк-кан тамыр системасынын ооруларын алдын алуудагы программаны аткарат, аны ичеги-карындын санитары дейт.

Аарынын уусу кɵпчүлүк оорулардын (неврит, артрит,невралгия ж.б) дарылоодо колдонулат.

11.Адам аарынын бүткүл продукциясын калдыксыз колдонот. Адамга жаратылыш дайыма колун сунуп, анын ден-соолугун сактаганга, жашоого жардам берген. Аарылар болсо жаратылыштын бир бɵлүгү, алар уникалдуу жандыктардын бири. Ошентип, аарылар жогорудагы айтылган мактоого (алкышка) татыктуу деп эсептесек жаӊылбайбыз.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: