Термины курортной, восстановительной и народной медицины
Курорттук, ден соолукту калыбына келтирүү жана салттуу медицина боюнча терминдер
Орусча
Кыргызча
При местных аппликациях грязь накладывают на участок или часть тела (область живота, спины, поясницы, суставы и д.р). Некоторые аппликации получили определенные наименования: «чулки», «носки», «перчатки» (при наложении грязи на конечности и суставы) – для лечения больных невритом, артритом, и др.; «брюки»( на таз и на ноги) – при радикулите, последствиях травм спинного мозга и др.; «трусы» (на таз и верхнюю часть бедер) – при заболеваниях органов малого таза; «воротник» (на заднюю поверхность шеи, верхнюю часть спины и надключичные области) – при заболеваниях шейного отдела позвоночника, верхних конечностей и др.; «бюстгальтер» (на молочные железы).
1. Минеральная родниковая вода
2. Углекислая минеральная лечебно – столовая вода, Бешбельчир – Арашанского место рождения в Ат – Башинском районе Нарынской области.
3. Наименование Кыргызского бальзама.
4. молочно – орехово – зерновой целебный напиток, массово выпускающийся фирмой «Артезиан».
1 – жерден оргуп чыккан минерал суу булагы.
2. Кɵмүртектүү минералдуу ашкана суусу. Ал Нарын областындагы Ат – Башы районунун Бешбелчир – Арашан булагынан чыгат.
3. Кыргыз бальзамынын аты.
4.курамына сүт, жаӊгак, аштык кирген дарылык касиетке ээ болгон суусундук. Аны «Артезиан» фирмасы иштеп чыгарат.
Аэрозоли в физическом смысле представляют собой аэродисперсные системы с газообразной дисперсионной средой и свободными твердыми или жидкими частицами дисперсной фазы.
Аэрозоли с жидкими частицами получают при помощи ультразвуковых ингаляторов, нейбулазеров.
Аэрозоли с частицами соли получают в галокамерах, распыляя соли при помощи специальных диспенгаторов.
В естественном виде аэрозоли присутствуют близ горных речек, водопадов, в соляных шахтах.
Аэротерапияга – аба ваннасы – ачык денеге абанын таасири; верандадагы дарылоо – кɵп убакыт бою ачык балкон, верандада, атайын климаттык павильондордо болуу (анын ичинде уктоо); табигый аэрофитотерапия – дары ɵсүмдүктɵр чыгарган оӊой учуучу жыпар жыттуу аба, же аэро -, гидроаэроиондор менен дем алуу кирет. Ошондой эле деӊиз аэротерапиясы пайдаланылат. Анда деӊиз туздарына каныккан таза аба менен дем алдыруу колдонулат. Аэротерапиянын элементи – таза абага сейилдикке чыгуу, спорт оюндарын таза абада ɵткɵрүү.
Дословный перевод с санскрита – «наука о долгой и здоровой жизни, ведущей к совершенству». Аюрведическое лечение не только предупреждает и лечит заболевания, но еще и ежедневно контролирует поведение и психологическое состояние конкретного человека, при этом используются следующие средства и способы:
Дхара – масла, молоко с лекарствами особым образом льют на лоб или на все тело пациента.
Сировасти – теплые масла с травами наливаются в открытый кожаный головной убор, плотно прилегающий к голове. Применяется при сухости в носу, рту и горле, сильных головных болях, параличах лица.
Удвартанам — «порошковый массаж» и весьма эффективно при ожирении, хемиплегии, паралича, кожных болезнях.
Абхьянгам – тип масляного массажа, при котором массажист совершает движения сообразно направлению циркуляторных каналов в организме пациента. Эта процедура помогает при ожирении потускнении кожи, бессонницы.
Кативасти – теплые целебные масла накладываются на поясницу. Помогает при всех видах боли в спине и проблемах с позвоночником.
Талам – особый порошок, смешанный с лечебным маслом, накладывается на макушку головы. Помогает при болезнях уха – горла – носа, бессоннице, мигренях и др.
Санскриттен түздɵн – түз которгондо – кɵп убакыт бою жана ден соолукта болуп мыктылыкка жеткирүүчү жашоо жɵнүндɵгү илим.
Аюрведа ооруну алдын алуу жана дарылоо менен бирге күнүнɵ конкреттүү кишинин жүрүм – турумун, психологиялык абалын текшерип турат. Анда тɵмɵнкү каражаттар менен ыкмалар колдонулат.
Дхара – дары менен аралашкан май, сүт, аны пациент ɵзгɵчɵ жол менен ɵзүнүн маӊдайына же денесине куят.
Сировасти – чɵп менен аралашкан жылуу май териден жасалган тыгыз кийилүүчү баш кийимдин ичине куюлат. Ооздун ичи, мурун, тамак кургаганда, баш катуу ооруганда, беттин шал оорусуна чалдыкканда колдонулат.
Удвартанам – күкүм менен укалоо. Ал ɵтɵ семирүүдɵ, гемиплегияда, шал оорусунда, тери ооруларында колдонулат.
Абхьянгам – май менен укалоо. Анда массажист пациенттин организминдеги циркуляция каналдарынын багытына карай май менен укалайт. Бул ыкма ɵтɵ семирүүдɵ, тери бозоруп, күӊүрт тартканда, уйку качканда жардам берет.
Кативасти – дарылык касиетке ээ болгон жылуу май. Ал белге чапталат. Омурткалардын ооруларында жардам берет.
Талам – дарылык касиетке ээ болгон май менен аралашкан ɵзгɵчɵ күкүм. Ал баштын тɵбɵсүнɵ чапталат. Кулак, мурун, тамак ооруларында, уйку качканда, шакый кармаганда ж.б. колдонулат.
Бальзам – (лат. balsamum) – 1) в фармацевтической практике фитофармацевтическое средство для наружного применения, представляющее собой смесь эфирных масел и растворенных в них смол, ароматических соединений и других компонентов, или их раствор в спирте или вазелиновом масле. Бальзам можно определить также как жидкую или мазеобразную смесь (или раствор в спирте, жирном или минеральном масле) эфирных масел, смол и других терпеноидов характерным ароматическим запахом, предназначенную для наружного применения.
Бальзам – (лат. balsamum) – териге сүйкɵɵ менен сырттан колдонулуучу мазь( май) түрүндɵ да болот. Бальзам – эфир майы жана анда ээриген чайырлар, жыпар жыттуу бирикмелер ж.б. компоненттердин кошулмасы же алардын спиртте же вазелин майындагы эритмеси. Алардын ɵзгɵчɵ жыпар жыты болуп,теринин бетине сүйкɵгɵнгɵ же жыттап искегенге пайдаланылат.
Бальзам – ичүүгɵ пайдаланылуучу ичимдик. Ал дары ɵсүмдүктɵрдүн тундурмасы ( тунмасы), жемиштер, татымалдар, кээде жаныбарлар продуктусу (бал, апилак), минералдар (мумие) кошулуп чыгарылат. Тамак – аш ɵнɵр жайында «бальзам» КМС – ка жараша ликер – арак ичимдиги деп аталат. Анын күчтүлүгүү 40 – 45%, кантсыз, кычкылсыз (лимон кычкылына карата эсептегенде).
Бальнеотерапия – (лат.balneum- ванна) – лечебное применение минеральных вод. Основу бальнеотерапии составляет наружное применение природных и искусственно приготовленных минеральных вод (минеральные ванны). Следуя традиции, в данный раздел специалисты включают также и внутреннее применение минеральных вод (питье, ингаляции, спринцевание, промывания кишечника и пр.).
Бальнеотерапия – (лат.balneum- ванна) –минералдык сууларды дарылоо максатында колдонуу. Бальнеотерапияда табигый же жасалма жолу менен даярдалган минералдык суулар минералдык ванна катары колдонулат. Ошондой эле, минералдык суулар ичкенге, ингаляция үчүн, ичеги – карынды тазалоого ж.б. пайдаланылат.
Бани – условно делят на два основных типа – паровые и суховоздушные. Самой известной из паровых Б. является русская с ее традиционной термальной камерой – парильней, где поддерживаются сравнительно высокая температура воздуха (45 – 60) и высокая относительная влажность (до 90 – 100%). Среди суховоздушных Б. широкое распространение получила финская Б. – сауна, термальная камера которой отличается высокой температурой воздуха (до 90 — 100) и низкой относительной влажностью (10 – 15%).
Мончо – буулантма же кургак абалуу деп эки типке бɵлүнɵт. Буулантма мончолордон орус мончосу белгилүү, анын традициялык камерасы – бууланткычы болот, анда абанын жогорку температурасы 45- 60оС га жетип, абанын нымдуулугу 90-100%-ти түзɵт. Кургак абалуу мончолор боюнча финн мончосу кɵбүрɵɵк таралган. Анын термокамерасында абанын температурасы 90 – 100оС га жетет, абанын салыштырмалуу нымдуулугу 10 – 15%.
Банки медицинские – круглые небольшие стеклянные стаканы с утолщенными гладкими краями и расширенным дном, ёмкостью 30 -70 см3. Присасываясь к коже, Б. вызывают в толще кожи застой крови и кровоизлияния, что способствует разрешению и рассасыванию при воспалительных процессах в подлежащих органах и тканях. Чтобы Б. присосались к коже, воздух в них разрежают внесением на очень короткое время смоченного в спирте или эфире зажжённого кусочка ваты, намотанной на палочку. После удаления зажжённой ваты Б. быстро приставляют к коже всей окружностью. Б. применялись ещё в древности: употреблялись различной формы и размера сосуды из металла, стекла, полые рога и др.; при этом разрежение воздуха в Б. достигалось нагреванием или отсасыванием его из Б.Назначают Б. при воспалительных процессах в лёгких, бронхах, плевре, при застоях крови в лёгких, при невралгиях, миозитах и других заболеваниях.
Медициналык оӊко – жылма жана жоонойгон чети, түбү кеӊ ,кɵлɵмү 30 – 70 см3 болгон тоголок анча чоӊ эмес айнектен жасалган идиш. Оӊкону териге жабышканда тери кɵгɵрɵт, сезгенүү процесстер жоюлат. Оӊко териге тыгыз чапталыш үчүн жыгачтын учуна кебез оройт да, спиртке малып, аны күйгүзүп оӊконун ичине тез киргизип ɵрттɵйт. Андан кийин тезинен териге оӊкону жабыштырат. Оӊко илгээртен эле колдонулуп келген. Ал ар кандай түрдɵ, чоӊдукта металлдан, айнектен, мүйүздɵн жасалган . Оӊко койгондо ɵпкɵдɵ, бронхтордо, плеврада, невралгияда, миозиттерде болгон сезгенүү процесстер таркайт.
Баночный массаж. Для баночного массажа используют как обычные медицинские банки, так и приспособленные, как правило, не- большого объема.Специальные банки для вакуум терапии, как правило, изготовлены из двух частей: резервуара банки из стекла или полимера и баллона банки для создания в резервуаре вакуума. Оӊко массажы, оӊко менен укалоо. Ал үчүн кадимки медициналык оӊколор пайдаланылат.
Мындан тышкары, эки бɵлүктɵн атайын ылайыкталып жасалган оӊколор болот. Оӊконун резервуары айнектен же полимерден жасалат жана резервуарда вакуум болуш үчүн атайын баллон ылайыкташтырып бекитилген.
Баня русская – постройка (парильня, потельня), используемая с лечебно гигиенической целью, в которой высокая температура и высокая влажность достигает, путем прысканья воды на раскаленные камни. Для прогрева и массажа тела и болезненных участков используется похлестывание вениками из веток березы, дуба и других лиственных и хвойных пород. В русской бане также издавна использовалась ароматерапия. Приятный запах, обладающий оздоравливающим действием, достигался за счет использования смолистых пород деревьев в строительстве и обшивке парной, веников, высушенных по своей технологии, и прысканья на камни кваса, пива, отвара трав, ароматических масел.
Орус мончосу – дарылоо – гигиеналык максатта пайдаланылуучу буулантмасы, тердетүүчү бɵлмɵлɵрү болгон үй. Анда температурасы менен абанын нымдуулугунун жогорулашына жетиш үчүн ысытылган таштардын үстүнɵ суу чачылат. Денени ысытып массаж жасоо үчүн ак кайыӊ, эмендин же ийне жалбырактуулардан жасалган шыпыргылар менен чапкылоо жүргүзүшɵт. Орус мончолордо ароматерапия да колдонулат. Анда жагымдуу жыты бар чайырлуу дарактардын устундары ɵзгɵчɵ технология менен кургатылып бɵлмɵлɵрдүн бетине, тɵбɵсүнɵ бекитилет, таштардын үстүнɵ квас, пиво, дары чɵптɵрдүн тундурмалары, жыпар жыттуу майлар себилет.
Баня турецкая – (хамам) – турецкая или восточная баня со специальными помещениями и особым ритуалом очищения (маслах, согуклук, халвет и др.) согласно принципам восточной философии. Тепло, массаж, восточные ароматы и музыка влияют благодейственно и расслабляющее.
Түрк мончосу – түрк (чыгыш мончосу). Анда чыгыш медицинанын процесстерине жараша атайын бɵлмɵ болуп тазалануунун ɵзгɵчɵ ыкмалары (майлар, согуклук, халвет ж.б) пайдаланылат. Жылуулук , массаж, чыгыш ароматтары, музыка жагымдуу таасир этип сеп алдырат.
Баня финская (сауна – помещение из бревен или отделанное деревом, в котором осуществляется сочетанное лечебное воздействие на организм сухого воздуха, теплового излучения раскаленных камней и холодной пресной воды. Известно в Финляндии уже свыше 1000 лет.
Финн мончосу – устундардан курулган бɵлмɵ. Анда организмге кургак абанын, ысытылган таштардын жагымдуулугу, муздак суунун биргелешкен дарылоо таасир этүүсү колдонулат. Финляндияда миӊ жылдардан бери колдонулат.
Барокамера (баро + камера) – герметически закрывающееся помещения, в котором может быть создано заданное повышенное (компрессионная Б.) или пониженное (вакуумное Б.) давление воздуха (газов); в медицине Б. используются для баротерапии, для исследования влияния изменений барометрического давления на организм человека, для тренировки высотной устойчивости.
Барокамера (баро + камера) –жогорку же тɵмɵнкү аба басымын түзүүчү камера, абдан тыгыз бекитилген бɵлмɵ. Анда тапшырма боюнча абанын жогорулаган (компрессияланган барокамера) же тɵмɵндɵгɵн (вакуумдук барокамера) басымдуулугу түзүлгɵн. Медицинада баротерапия , адам организмине барометрлик басымдын таасирин изилдɵɵ, бийиктикке туруктуулуктуу кɵндүрүү үчүн колдонулат.
Баротерапия (баро + терапия) – применение с лечебной целью пониженного или повышенного атмосферного давления.
Баротерапия – жогорку же тɵмɵнкү аба басымын дарылоо максатында колдонуу.
Гипербарическая оксигенация – интенсивный метод лечения анаэробных инфекций, острой легочно – сердечной недостаточности и др. заболеваний за счет насыщения крови кислородом под повышенным давлением. Гипербариялык оксигенация – жогорку басымдын таасири аркылуу канды кычкылтек менен каныктырып, ооруларды дарылоо. Бул ыкма аэробдук инфекцияларды, катуу кармаган ɵпкɵ — жүрɵк жетишсиздигин ж.б. ооруларды дарылоодо колдонулат.
Барокамерные гипоксические тренировки- способ повышения работоспособности.
Барокамералык гипоксиялык кɵнүгүүлɵр ишке жондомдуулукту жогоруулатуунун ыкмасы..
Бассейн – из словаря Бассейн – жасалма кɵл, сүзүү үчүн жасалган кɵл.
Бассейн спортивный – сооружение для проведения тренировок и соревнований по плаванью, прыжкам в воду, ватерполу, синхронного плаванья. Имеет четко определенные размеры (длина 25 или 50 м) и глубину. Закрытые бассейны в санаториях «Кыргызское взморье» и «Чолпон – Ата» являются единственным в Азии среднегорными спортивными басеейнами.
Спорттук бассейн – сүзүү, сууга секирүү, ватерпол, синхрондук сүзүү боюнча тренировка менен мелдештерди ɵткɵрүүгɵ ылайыкталып салынган курулма. Анын белгиленген чоӊдугу( узундугу 25 же 50 м), тереӊдиги болот. «Кыргызское взморье» жана« Чолпон – Ата» санаторийлериндеги бассейндер Азияда жалгыз тоолук спорттук жабык бассейндер болуп эсептелет.
Бассейн оздоровительный (купальня) – предназначен для свободного плаванья, игр, гимнастических упражнений в воде. Не имеет четких требований по размерам и глубине, может быть укоплектован различными водными приспособлениями: горками, водотоками, водопадами, гидромассажными головками. В оздоровительном бассейне может быть использована термоминеральная вода. Ден – соолукту чыӊдоочу бассейн – сууда бош сүзүү, оюндар, гимнастикалык кɵнүгүүлɵрдү ɵткɵрүүгɵ ылайыкталган. Мындан тышкары ар түрдүү сууда кɵнүгүүлɵрдү ɵткɵрүүгɵ ылайык болгон аспаптар менен жабдылган: гидромассаж аспабы, шаркыратма ж.б. Ден – соолукту чыӊдоо бассейинде термоминералдык сууну пайдаланса болот.
Бассейн закрытый – круглогодичное сооружение с стационарными потолком и стенами вокруг чаши воды, с использованием подогрева воды и созданием искусственного микроклимата. Жабык бассейн – жыл бою иштеп туруучу, тɵбɵсү жабылган, суунун тегерегинде там курулган жана жасалма климаты түзүлгɵн курулма.
Бассейн открытый. Ачык бассейн.
Бделлотерапия (bdellotherapia; греч. bdella пиявка + therapia уход, лечение). Бделлотерапия (гр. bdella сүлүк therapia – дарылоо). Сүлүк менен дарылоо – к, гирудотерапия.
Бег оздоровительный – является одним из наиболее доступных и эффективных средств физического воспитания, тренировки и закаливания организма. Его преимуществами по сравнению с другими физическими упражнениями являются легкость дозирования, участие большинства мышц тела, возможность заниматься без специального обучения и оборудования. Ден соолукту чыӊдоо үчүн чуркоо Физикалык тарбияда, кɵнүгүүлɵрдɵ, организмди чыӊдоодо негизги чаралардын бири. Анын башка физ. кɵнүгүүлɵргɵ салыштырган ɵзгɵчɵлүктɵрү : дозировкасы оӊой, дененин кɵпчүлүк булчуӊдарынын катышуусу, атайын окуудан ɵтпɵй, же атайын аспапка кɵз каранды болбой жүргүзүү.
Биологически активные вещества – общее название органических соединений, участвующих или способных участвовать в осуществлении каких – либо функций организма и обладающих высокой специфичностью действия. Биологиялык активдүү заттар – организмдин кайсы болбосун функцияларында катышууга жɵндɵмдүү болгон, ɵзгɵчɵ жогорку таасир берүүгɵ ээ болгон органикалык бирикмелердин жалпы аты.
Биологически активные добавки – композиции натуральных или идентичных натуральным биологически активных веществ, предназначенных для непосредственного приема с пищей или в введения в состав пищевых продуктов, с целью обогащения рациона отдельными пищевыми или биологически активными веществами и их комплексами.
БАД также условно подразделяют на три группы:
Нутрицевтики – биологически активные добавки к пище, применяемые для коррекции химического состава пищи человека (дополнительные источники нутриентов: белка, аминокислот, жиров, углеводов, витаминов, минеральных веществ, пищевых волокон). Конечной целью использования нутрицевтиков является улучшение пищевого статуса человека, укрепление здоровья и профилактика ряда заболеваний.
Парафармацевтики – биологически активные добавки к пище, применяемые для профилактики, вспомогательной терапии и поддержки в физиологических границах функциональной активности органов и систем.
Суточная доза парафармацевтика или, в случае композиции, суточная доза действующего начала парафармацевтика, не должна превышать разовую терапевтическую дозу, определенную при применении этих веществ в качестве лекарственных средств, при условии приема БАД не менее двух раз в сутки. Все растения, входящие в состав парафармацевтика, должны быть проверены по отечественной и международной документации в плане разрешения их применения в пищевой промышленности, а также в составе лекарственных чаев и сборов в соответствии с требованиями фармакопейного комитета МЗ КР, зарубежных Фармакопей, директив Евросоюза Flavouring substance sand natural sources of flavourings, 111e, Counsil of Europe. 1981; Flavours and Fragrance Materials. A Worldwide reference list of materials use in compounding flavors and fragrances with sources of supply, 1993.
Эубиотики – биологически активные добавки к пище, в состав которых входят живые микроорганизмы и (или) их метаболиты, оказывающие нормализующее воздействие на состав и биологическую активность микрофлоры и моторику пищеварительного тракта; эубиотики подчас включают в себя и субстрат, способствующий росту дружественной флоры, но не усваиваемый человеческим организмом.
Пробиотики – принятый синоним понятия «эубиотики», однако, под эту категорию вполне подпадают средства не содержащие живой флоры. Упомянутые средства еще обобщают категорией «средства микроэкологической терапии».
Биологиялык активдүү кошулмалар — табигый же табигый заттарга окшогон биологиялык активдүү заттардын композициялары.
Алар рационду байытуу максатында тамак менен кошулуп берилет. Же болбосо азык продуктыларынын курамына комплекс түрүндө кирет.
Биологиялык активдүү кошулмалар үч түргө бөлүнөт:
Нутрицевтиктер – тамакка кошулуучу биологиялык активдүү кошулмалар, алар адамдын тамак – ашынын химиялык курамын коррекциялоо үчүн тамакка кошулат. Нутриенттердин кошумча булагы – белоктор, аминокислоталар, майлар, углеводдор, витаминдер, минералдык заттар, азык талчалары. Нурицевтиктердин негизги колдонуу максаты – адамдын тамактануусун оңолтуу, анын ден соолугун чыңдоо жана ооруларды алдын алуу.
Парафармацевтиктер – тамакка кошулуучу биологиялык активдүү кошулмалар. Алар орган менен системаларды функциялык активдүүлүктүн чегинде кармап турууга жардам берип, ооруну алдын алуу чара катары колдонулат.
Парафармацевтикдин суткалык өлчөмү (дозасы) бир жолку бериле турган дарылоо дозадан ашпоо зарыл, суткасына эки жолдон көп сунушталбайт. Бул комплекстүү кошумчалар улуттук же эл аралык нормативдин документациялардын талабына ылайык тамак-аш өнөр жайында колдонууга жооп берүүгө текшерилиши зарыл. Өсүмдүктөр, дары чайлар КР-сынын Саламаттык Сактоосунун фармакопеялык комитети, чет өлкөлүк фармакопея; Евросоюздун Flavouring substance sand natural sources of flavourings, 111e, Counsil of Europe. 1981; Flavours and Fragrance Materials. A Worldwide reference list of materials use in compounding flavors and fragrances with sources of supply, 1993 талаптарына жооп бериши керек.
Эубиотиктер – курамында тирүү микроорганизмдер же алардын метаболити (зат алмашуудан келип чыккан заттар) бар болгон тамакка кошулуучу биологиялык активдүү кошулмалар. Алар ичеги-карын жолдорунундагы микрофлорага оң таасир берип, анын иштешин жакшыртат, эубиотитердин курамына көп учурда керектүү микрофлоранын өсүп-өнүгүп кетишине көмөк берүүчү субстрат (негиз) кошулат, ал болсо адамдын организмине сиңирилбейт.
Пробиотик -«эубиотик» дегенди түшүндүрөт, аларга «микроэкологиялык терапиянын каражаттары» деп жалпы категориядагы ат берилген.
Биологически активная точка – зона (точка) поверхности тела, являющаяся проекцией нервных элементов, заложенных в подлежащих тканях и внутренних органах; отличается пониженным электрическим потенциалом; используется при рефлексотерапии; у человека известно около 700 Б.а.т.
Биологиялык активдүү точка (чекит) – ички органдардын нерв элементтеринин дененин бетиндеги проекцияларынын активдүү зонасы (точкасы). Төмөндөгөн электр каршылыгы жана жогорулаган электр потенциалы менен өзгөчөлөнөт; рефлексотерапияда колдонулат; адамда 700 гө жакын Б.а.т. бар.
Биосауна – это более мягкая форма классической финской сауны, которая положительно влияет на кровообращение с помощью температуры 60°С и 45% влажности воздуха. Как правило, течение 45 минут нахождения в биосауне выполняется одновременно также светотерапия.
Биосауна –фин саунасынын классикалык жумшак түрү. Ал кан жүрүүгө 60°С жана абанын нымдуулугу 45% га барабар болгондо оң таасир берет. Биосаунада 45 минутанын ичинде бир эле кезде жарык менен дарылоо жүргүзүлөт.
Биоэнергия – жизненная энергия, биоэнергетический потенциал тела, так называемый Чи (Qi, chi) или Прана.
Биоэнергия –дененин биологиялык энергиясы. Аны жашоо энергиясы, дененин биологиялык потенциалы, Чи энергиясы (Qi, chi)же Прана дейт.
Бодивраппинг (англ.body wrapping) – метод обертывания тела специальными бинтами, пропитанными особыми веществами для выведения из тела шлаков, обновления кожи и расслабления.
Бодивраппинг (англ.body wrapping) – өзгөчө заттар сиңирилген атайын бинт менен ороо. Ал заттар организмден керексиз заттарды (шлактарды) чыгарат, терини жакшыртат, бошоңдотот.
Бодистайлинг(англ.body styling) – физические упражнения для запланированной коррекции тела или отдельных частей тела.
Бодистайлинг(англ.body styling) – дененин же дененин өзүнчө бөлүктөрүн (түздөөчү) физикалык көнүгүүлөр.
Бозо – Кыргызский национальный общеукрепляющий напиток, из забродившего пшена, и других круп.
Бозо – ачытылган өнгөн тару ж.б. аштыктардан жасалган кыргыздын улуттук суусундугу.
Болтушки – 1) син. ванны грязевые разводные;
2) суспензии для наружного применения. Аралаштырмалар 1) синоним – баткак аралашкан ванна; 2) сыртка колдонулуучу суспензия (суу же башка эритиндин күкүмдөр кошулуп, аралаштырылат, бирок ал ээрибеген түрдө болот).
Бочка лечебная (кедровая, арчовая, дубовая и др.). Предлагаемый метод оздоровления и лечения основан на применении аромапарофитобочки. Суть работы аромапарофитобочки заключается в уникальном методе соединения бальнеотерапии с экстрактами натуральных растительных масел из лекарственных трав.
Основа метода заключается в поступлении паров лечебных средств в организм через кожу. В настоящее время опыт лечения в парожаробочках в различных странах довольно большой. Форма бочки различна (в Индии прямоугольная. В США и Японии – комбинации купели и аромапаробочки). Бочки изготовлены из древесины кедра, которая обладает лечебным свойством за счет накопленной солнечной энергии. Дарылоо бочкасы – дарылык максатта колдонулуучу бочка. Ал карагай, арча ж.б. жасалат. Ден соолукту жакшыртуу ыкманын негизин жыпар жытту каражаттар, дары өсүмдүктөрдүн экстракттары түзөт. Дарылоо бочкасына жылытылган сууга жыпар жыттуу майлар же экстракттар кошулат да, анын ичине адам баш жагын чыгарып отурат. Бул дары каражаттар тери аркылуу өтүп, дарылоо таасирин тийгизет. Бочканын формасы ар турдүү (Индияда – түз бурчтуу, АКШ менен Японияда – тоголок). Бочкалар көбүнчө кедрдин сөңгөчүнөн жасалган, анын касиети өзүнө сиңдирип жыйнаган күн энергиясы менен байланыштуу.
Бювет – бальнеотехническое сооружение у выхода минеральных источников на поверхность земли, предназначенная для проведения питьевого лечения минеральными водами. Оптимальные условия для водолечения обеспечиваются сооружением над бюветом павильона или питьевой галереи (как например на курорте Джалал-Абад). Бювет – минералдык булактардан чыккан жерине курулган бальнеотехникалык имараттар. Ал минералдык сууну ичүүгө ылайыкталган. Бюветтин үстүндө павильон же ичүү галереясы бар (мисалы, Джалал – Абад курортунда)
Вакуумтерапия – в косметологии – аппаратный метод очистки кожи, заключается в очищении пор кожи с использованием отрицательного давления. Осуществляется с помощью специальной пневматической присоски, удаляет из кожных пор избытки кожного сала, жировые «пробки» и загрязнения. Поры очищаются, улучшается кислородный обмен и кровообращение.
Вакуумтерапия — (косметологияда)-
терини аппарат менен тазалоо ыкмасы. Атайын пневматикалык жабыштыргыч колдонулганда терс басым пайда болуп, тери ашык майлардан, кирден тазаланат, кан айлануу, кычкылтектин алмашуусу онолот.
Ванны – лечебные или гигиенические процедуры.
В раздел бальнеотерапии входят следующие виды ванн:
Ванны минеральные природные – используется термальная природная минеральная вода или подогретая (углекислые, хлоридные, йодо-бромные, мышьяковистые, кремниевые, железистые, содержащие органические вещества, сероводородные, радоновые).
Ванны озерные минеральные – используется подогретая вода озера Иссык-Куль.
Ванны солевые искусственные (шлаковые, сульфидные, йодо-бромные, хлоридно-натриевые).
Ванны газовые – общее название, когда через расположенную на дне ванны сетку или специальные отверстия в дне подается какой-либо из перечисленных ниже газов и вода перенасыщается газом.
• Ванны жемчужные – атмосферный газ
• Ванны кислородные – кислород
• Ванны углекислые – углекислый газ
•Ванны азотные – азот
•Ванны озоновые – озон
•Ванны радоновые – радон ( в последнее время для приготовления радоновых ванн используют радоновые таблетки).
Ванны грязевые – ванны, при приготовлении которых в воду добавляется разведенная лечебная грязь.
Ванны травяные (фитованны) – ванны, при приготовлении которых в ванну добавляют отвары, экстракты, конденсаты, эфирные масла, порошки лекарственных растений.
•Ванны хвойные и хвойно-солевые – экстракт хвои сосны, пихты, кедра.
•Ванны шалфейные – масло или конденсат шалфея
•Ванны горчичные – порошок горчицы
•Ванны скипидарные – скипидар
•Ванны крахмальные – крахмал
В раздел гидротерапии следует также отнести
•Ванны контрастные – воздействующей средой которых является теплая и холодная пресная вода в двух смежных бассейнах, в которые больной погружается попеременно.
•Ванны вихревые
•Джакузи – (гидромассажная ванна)
•Ванны четырехкамерные гидроэлектрические, при которых руки и ноги больного погружают в четыре водяные ванночки, содержащие разноименные электроды.
В эстетической медицине используются:
•Пенные ванны
•Ванны с молоком
•Ванны с пантогематогеном
•Прибойно-световые ванны – позволяют одновременно проводить вихревой, гидромассажный, прибойный эффект и хромотерапию, выпускаются в Германии «Баден-Баден». Ванналар-дарылоочу же гигиеналык процедура.
Ванна алуу үчүн табигый минералдык жылуу суу (көмүртектүү, хлориддүү, йод –бромдуу, темирдүү, радондуу) ж.б. колдонулат.
Ысык-Көлдүн жылытылган суусу ванна катары пайдаланылат.
Туздар кошулган жасалма ванна (сульфиддүү, йод-бромдуу, хлориддүү-натрийлүү) болот.
Газдуу ванна –жалпы аты.Анда ваннанын түбүндө сетка же атайын тешикчелер аркылуу кайсы бир газ өткөрүлгөндө, суунун арасы газга толот.
• Берметтүү ванна – атмосфералык газ
•Кычкылтектүү ванна – кычкылтек
•Көмүр кычкыл газдуу ванна –көмүр кычкыл газы
•Азот ваннасы – азот
•Озон ваннасы – озон
• Радон ваннасы– радон (кийинки убакта радон ванналары даярдоо үчүн радон таблеткалары колдонулат).
Баткактуу ванна – ванна даярдаганда ага суюлтулган баткак кошулат.
Дары өсүмдүктөр кошулган ванна (фитованна). Аларды даярдаганда сууга өсүмдүктөрдүн тундурмасы, экстракты, ширеси, эфир майлар, дары өсүмдүктөрдүн күкүмү кошулат.
•Хвоя (ийне жалбырактар ) жана хвоя – туздуу ванналар – карагай, арчанын жалбырагынан жанчып алынган ширеси менен туз кошулат.
•Шалфей кошулган ванна – сууга шалфей майы же шалфейдин тунмасы кошулат.
•Сары кычы кошулган ванна – сууга горчица сарептская (сары кычы) деген өсүмдүктүн жанчылган уругу же майы кошулат
•Скипидар ваннасы – ваннага скипидар кошулат
•Крахмалдуу ванна – крахмалды атайын кайнатып, килкилдеген былжыр түрүндө ваннага кошот.
•Контрасттуу ванна .Кескин айырмаланган, ысык жана муздак суу ваннасы. Эки жанаша турган бассейндин бирине жылуу, экинчисине тузсуз муздак суу куюлат да, ага орулуу алмак-салмак түшөт. Мында таасир этүүчү чөйрө-суунун температурасынын айырмасы
•сууну жогорку басымда өтө тездик менен куйганда куюн жүргөндөй сезилет.
•Джакузи (гидромассаждык ванна) суу менен массаж кылууга ылайыкталган ванна
•Суу электрлүү (гидроэлектрлүү) төрт камералуу ванна. Анда оорулунун колу менен буттары ар башка электроду бар төрт ваннага малынат.
Эстетикалык медицинада колдонуучу ванналар:
•Көбүктүү ванна
•Сүт менен болгон ванна
•Пантогематоген менен болгон ванна
•Шарпылдактуу-жарык ваннасы – деңиздин жээкке уруу шарпылдагы сыяктуу бир эле кезде бул ванна куюн, гидромассаж, шарпылдаган эффект берет. Германияда «Баден-Баден» деп чыгарылат.
ВАТСУ(WATSU) – водный шиатсу (англ.water shiatsu) – выполнение физических упражнений в воде, разработанных в 1980г. Действует расслабляюще, освобождает тело и исходит из зен-шиатсу. Это мягкая, комплексная водная терапия, выполняемая в теплой воде (35°С) с помощью нежных движений тела, которые на суше проделать невозможно.
ВАТСУ(WATSU) (англ.water shiatsu) – сууда физикалык көнүгүүлөрдү аткаруу. Бул көнүгүүлөрдүн бошоңдотуучу таасири бар, жумшак, комплекстүү суу терапиясы. Ал жылуу суунун температурасы (35°Сдагы болгон шартта) дененин ар кандай жеңил кыймылдарынын жардамы менен аткарылат. Мындай көнүгүүүлөр жер шартында аткаруу мүмкүн эмес.
Велнес – «Wellness» термин как производное двух слов «well-being» (благосостояние) и «finess» (выносливость; натренированность; хорошее состояние здоровья; хорошее физическое здоровье) впервые был употреблен врачом из США Хелбертом Данном в 1961году, когда он опубликовал брошюру «High Level Wellness». Данн предложил рассматривать здоровье как динамический процесс, стиль жизни, основанный на личной ответственности и экологическом сознании, смысл и цель которого – достижение и поддержание индивидуального и умственного состояния гармонии тела, души разума (позитивное мышление, здоровые социальные отношения) – то есть уровня реального физического, эмоционального и умственного состояния гармонии тела, души разума (позитивное мышление, здоровые социальные отношения) – то есть уровня реального физического, эмоционального и умственного благосостояния («high Level Wellness»), а не только внешних проявлений конкурентоспособности – здорового внешнего вида. Идеи Хэлберта Дана, получили широкое распространение в США, Канаде и Западной Европе. В 1980-годах возникла Wellness industry – индустрия здорового образа жизни. Она стала включать в себя также методы косметологии и пластической хирургии, использование различных витаминов и биологически активных добавок для замедления процессов старения. Велнес «Wellness» – Ден соолуктун жакшы абалы. Термин эки сөздөн турат «well-being» — англ. жыргалчылык, жетиштүүлүк жана «finess» — чыдамдуулук, машыккандык, ден соолуктун жакшы абалы. Аны 1961ж. АКШ врачы Хелберт Дан киргизген. Анын ою боюнча ден соолук – динамикалык процесс, жашоонун стили, ал жеке гана жоопкерчиликке жана экологиялык сезимге негизделген. Анын максаты – жеке дененин, духтун, аң-сезимдин гармониясына жетүү (оң көз караш кылуу, туура социалдык мамиле). Ага картаюу процессин басаңдатчу максатында косметология, пластикалык хирургия, витамин менен түрдүү биологиялык активдүү заттарды колдонуу киргизилген.
Вибротерапия – метод механотерапии, заключающийся в дозированном воздействии механическими колебаниями низкой частоты и амплитуды на все тело больного или на отдельные его части. Вибротерапия –термелүү кыймылынын таасири менен дарылоо. Механотерапиянын ыкмасы, анда төмөнкү жыштыктагы, амплитудасы төмөн болгон токтор белгилүү өлчөмдө оорулунун денесине жана анын бөлүктөрүнө таасир этет.
Вино
Вино медицинское – вино с добавлением одного (простое) или нескольких (сложное) лекарственных средств, используемое в лечебных целях (см.энотерапия). В старинных фармакопеях разных стран, в том числе, российских, приводится большое число прописей медицинских вин. Является традиционной лекарственной формой на Руси, получаемой горячим или холодным настаиванием лекарственного растительного сырья в вине. В настоящее время на территории Кыргызстана неофициально.
Шарап
Медициналык шарап – дарылоо максатында шарапка бир же бир нече дары каражаттарын кошуп берүүчү шарап. Көпчүлүк учурда дары өсүмдүк сырьесу ысык же муздак шарапка чыланып, бир нече убакыт өткөндөн кийин ичүүгө жарайт.
Виноградолечение – (син.ампелотерапия; лат. ampelotherapia) – метод диетотерапии, заключающийся в употреблении значительных количеств винограда или виноградного сока; применяется для нормализации водно-солевого баланса.
Жүзүм менен дарылоо (син.ампелотерапия) – диетотерапиянын ыкмасы. Анда жүзүм же жүзүм ширеси көп өлчөмдө кабыл алынып, суу-туз алмашууга жагымдуу таасир этет.
Вода – народное и традиционное лекарственное средство для внутреннего (ключевая, родниковая из растаявшего снега или града, дождевая, роса) и наружного применения, очень широко применявшееся во всех направлениях народной медицины при самых разнообразных заболеваниях.
Воды природные питьевые минеральные лечебные и лечебно-столовые.
В Кыргызстане имеются все бальнеологические виды минеральных вод:
•Углекислые минеральные воды – содержащие свободную двуокись углерода в количестве не менее 500, 0 мг/дм3.
•Железистые минеральные воды – содержащие железо в количестве не менее 5,0 мг/дм3.
•Мышьяковистые минеральные воды – содержащие мышьяк в количестве не менее 0,7мг/дм3.
•Борные минеральные воды – содержащие ортоборную кислоту в количестве не менее 35,0 мг/дм3.
•Кремнистые минеральные воды – содержащие метакремниевую кислоту в количестве не менее 50,0 мг/дм3.
•Бромные минеральные воды – содержащие бром в количестве не менее 25,0 мг/дм3.
•Йодные минеральные воды – содержащие йод в количестве не менее 1.0 мг/дм3.
•Фторидные минеральные воды – содержащие фтор в количестве не менее 1,5 мг/дм3.
•Минеральные воды – содержащие органические вещества не менее 5,0 мг/дм3. (в расчете на углерод).
Вода природная питьевая – подземная вода определенного места происхождения со стабильными органолептическими, физико-химическими и микробиологическими показателями, безопасная для потребления человеком в качестве пищевого продукта без дополнительной обработки.
Поверхностные питьевые воды – речные и озерные, воды которых требуют дополнительных методов обеззараживания и очистки, и ледниковые воды – экологические чистые супер пресные воды, образующиеся на больших высотах (более 3000м над уровнем моря).
Подземные питьевые воды: более ценные – могут использоваться без специальной обработки. Различают следующие виды подземных вод.
Вода родниковая – подземные воды, выходящие самоизливом, в виде естественных родников.
Вода артезианская – подземные воды, получаемые из скважин самоизливом или при помощи откачки насосами.
Вода питьевая столовая (приготовленная) вода из систем центрального водоснабжения или подземная вода, прошедшая технологическую подготовку для обеспечения безопасности и улучшения вкусовых качеств.
Столовые воды могут быть смесью двух или более природных минеральных вод, смесью морской, соленой озерной воды, рапы и пресной питьевой воды с конечной общей минерализацией от 1 г/дм3 до 2 г/дм3.
Вода столовая искусственно-минерализованная- питьевая вода с добавлением минеральных солей до общей минерализации от 1 г/дм3 до 2 г/дм3.
Вода столовая очищенная – бутилированная вода, прошедшая технологическую подготовку фильтрацией, обратным осмосом и другими указанными на этикетке способами для обеспечения безопасности и улучшения вкусовых качеств.
Вода столовая обогащённая – бутилированная, содержащая минеральные (йод, селен, кальций), витаминные или другие разрешенные органами здравоохранения добавки, для улучшения вкусовых качеств и повышения биологической активности.
Вода столовая ароматизированная – бутилированная вода со специально измененным запахом и вкусом.
Суу – элдик салттуу медицинанын каражаты. Анын түрү: булак суусу, ээриген кардын же мөндүрдүн, жаандын суусу, шүүдүрүм.
Табигый ичүүгө жарактуу дарылык касиети бар минералдык жана дарылык-ашкана суулары.
Кыргызстанда минералдык суулардын бардык бальнеологиялык түрлөрү бар.
•Көмүртектүү минералдык суулар –көмүр кычкыл газдуу минералдык суулар. Анда көмүртек бош кычкылынын өлчөмү 500, 0 мг/дм3 кем болбойт.
•Курамында темири бар минералдык суулар –темирдин өлчөмү 5,0мг/дм3 кем болбойт.
•Курамында мышьяк болгон минералдык суулар –мышьяктын өлчөмү 0,7мг/дм3 кем болбойт.
•Курамында бор болгон минералдык суулар – ортобор кычкылынын өлчөмү 35,0 мг/дм3 кем болбойт.
•Курамында кремний болгон минералдык суулар –метакремний кычкылынын өлчөмү 50,0 мг/дм3кем болбойт.
•Бромдуу минералдык суулар – бромдун өлчөмү 25,0 мг/дм3 кем болбойт.
•Йоддуу минералдык суулар – курамында йод бар болгон минералдык суулар, йоддун өлчөмү -1.0 мг/дм3 кем эмес
•Фториддүү минералдык суулар – курамында фтор болгон минералдык суулар, фтордун өлчөмү 1,5 мг/дм3 кем эмес.
•Минералдык суулар – минералдык суулардын курамында органикалык заттардын өлчөмү 5,0 мг/дм3 кем эмес. (көмүртек менен эсептегенде)
Ичүүгө жарактуу табигый суулар – белгилүү жерден чыккан жер суулар. Ал стабилдүү органолептикалык, физ.-химиялык, микробиологиялык касиетке ээ болуп, адамга ичүүгө коопсуз.
Жер бетинин үстүндөгү суулар : арыктын, көлдүн суулары. Алар жугушсуздандыруу менен тазалоонун кошумча чараларын жүргүзүүнү талап кылат. Мындан тышкары, мөңгү суулары да болот. Алар экологиялык жактан өтө таза, тузсуз, жогорку бийиктикте деңиз деңгээлинен 3000м бийиктикте пайда болуучу суулар.
Жер алдындагы ичүүгө жарактуу суулар абдан баалуу, алар атайын кошумча тазалоону талап кылбайт. Жер алдындагы суулардын түрлөрү төмөнкүдөй.
Булак суусу – өзүнөн өзү оргуп чыгуучу суулар-булактар.
Артезиан суусу – жер алдынан казылып алынуучу суулар, жер алдындагы жаракадан (скважиналардан) өзүнөн-өзү оргуп чыгат же насос аркылуу бурмалоо жолу менен чыгарылат.
Ичүүгө жарактуу ашкана суусу – борбордук суу тейлөө системаларындагы коопсуз жана даамы жакшыртылып даярдалган суу.
Ашкана суулары бир же эки табигый минералдык суулардын кошулмасы, деңиз, көлдүн, рапанын жана тузсуз суунун кошулмасы болушу мүмкүн. Анын жалпы минерализациясы 1 г/дм3 дан 2 г/дм3 на жетет.
Жасалма минерализацияланган ашкана суусу – ичүүгө жарактуу сууга минералдык туздар кошулат, жалпы минерализациясы 1 г/дм3 дан 2 г/дм3 ка жетет.
Тазаланган ашкана суусу – бөтөлкөдөгү суу. Суунун этикеткасында коопсуз болгону жана даамы жакшыртылгандыгы жөнүндө маалыматтар (фильтрлөө, осмос ж.б.) берилген.
Байытылган ашкана суусу бөтөлкөгө куюлган минералдык заттар (йод, селен, кальций), витаминдер жана башка саламаттык сактоо органдарынан уруксат берилген даамын жана биологиялык сапатын жакшыртуучу кошумчалары бар суу.
Жыпар жыттуу ашкана суусу – бөтөлкөгө куюлган атайын даамы менен жыты болгон суу.
Водолечение (гидротерапия) – вид физиотерапии, в котором лечебный эффект осуществляется за счет гидростатическое и температурное воздействие пресной воды, льда или пара (без учета химического воздействия, что относится к бальнеотерапии. (см. гидротерапия). Суу менен дарылоо – физиотерапиянын түрү. Анда дарылоо эффект суунун, муздун, буунун гидростатикалык жана температуралык таасири пайдаланылат (химиялык таасир эсепке алынбайт, ал бальнеотерапияга кирет) к. Гидротерапия.
Вспомогательные вещества (лат.adjuvantia) – ингредиенты, входящие в состав лекарственных средств, усиливающие или ослабляющие действие основного вещества или не обладающие фармакологическим действием, но позволяющие получить необходимую лекарственную форму.
Жардамчы, кошулма заттар лат.adjuvantia) – дары каражаттарынын курамына кирген заттар. Алар негизги заттын таасиринин күчөтөт же басаңдатат же фармакологиялык таасир кылбаса да, тиешелүү дары формасын алууну камсыз кылат.
Втирание (лат.frictio) – 1) способ введения в организм лекарственного средства, основанный на его механическом втирании в кожу.
Сыйпап сиңдирүү (лат.frictio) – организмге дарыны тери аркылуу сүрүп киргизүү.
Вытяжение – метод лечения повреждений и заболеваний опорно-двигательного аппарата и их последствий, заключающийся в приложении силы по оси конечности, туловища или головы.
Сухое вытяжение
Вытяжение подводное – вытяжение, проводимое при погружении больного в воду с целью одновременного использования ее воздействия на организм (снижение мышечного тонуса и др.); применяется главным образом при грыжах позвоночника.
Тартуу, чоюу – тирөө- таяныч аппараттын бузулуулары менен ооруларын жана алардын кабылдоолорун дарылоо ыкмасы. Анда кол-буттун, тулку бойдун же баштын огу боюнча күч колдонуп тартып чоет.
Кургак чоюу
Суу алдында чоюу – оорулууну суунун ичинде болгон абалында чоюу. Анда булчуңдардын тонусу бошоңдойт; негизинен омуртка тутумунда грыжа пайда болгондо колдонулат.
Галеновые препараты – лекарственные средства, изготовляемые путем обработки растительного или животного сырья и извлечения из него действующих начал. К галеновым препаратам относят настойки, экстракты, линименты, сиропы, воды, масла, спирты, мыла, пластыри, горчичники. Названы по имени римского врача К. Галена, изучившего и описавшего способы получения лекарств, известных в его время. Гален препараттары – осүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын сырьесунан иштелип алынган дары каражаттары. Өсүмдүк же жаныбар сырьесунан таасир этүүчү заттарды алып чыгаруу үчүн алар спирт, суу, эфирге чыланат да, андан настойка, экстракт алынат. Аларга линимент, сироп, майлар, самындар, пластырь, горчичник кирет. Гален препараттары деп рим врачы К.Галендин дарыларды чыгаруу ыкмасын иштеп чыккандыгы боюнча анын аты менен коюлган.
Гелиотерапия – метод лечения общим или местным дозированным солнечным облучением. Күн нуру менен дарылоо – жалпы денени же денени же дененин белгилүү бөлүгүн дозаланган күн нуру менен дарылоо.
Гели – мази, приготовленные на гидрофильных основах, имеющих гелеобразную консистенцию. Килкилдек – гидрофилдүү негизде чыгарылган дары майлар. Анын консистенциясы килкилдек болот, териге оңой сиңирилет.
Гербальная терапия синоним фитотерапии, употребляющийся в США, Индии и других англоязычных странах. Өсүмдүктөр менен дарылоо (лат. herba – өсүмдүк, чөп). Фитотерапиянын синоними. Термин көбүнчө АКШ, Индия жана англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдө таралган.
Гидроколонотерапия – интенсивный метод очистки кишечника от шлаков, радионуклидов, каловых камней, помогает в решении проблем с лишним весом. Гидроколонотерапия –ичегини тазалоочу, тез жүргүзүлүүчү, ыкма. Анда ичегиге (клизма жасагандай эле) түтүк аркылуу басым менен жылуу суу куюлуп, ичеги шлактардан, радионуклиддерден, заң таштарынан тазаланат; ошондой эле өтө семирүүдө салмакты төмөндөткөнгө жардам берет.
Гидромассаж – лечебно-оздоровительная процедура, при которой одновременно воздействует на тело человека, лежащего в ванне с теплой водой и приемами массажа за счет подаваемой под давлением воды. Гидромассаж – басым менен берилген суу аркылуу массаж кылуу, дарылоо, ден соолукту жакшыртуу процедура. Анда бир эле учурда жылуу ваннада жаткан адамдын денесине түтүк аркылуу басым менен суу жиберилип, массаж жасалат.
Гидротерапия – лечебное применение пресной воды (в виде душа, ванн, купания в бассейне). Физиологическую основу гидротерапии составляют реакции на термический, механический, и химический факторы, среди которых ведущая роль принадлежит термическому. С учетом значений комфортной температуры выделяют холодные, прохладные, индифферентные, теплые и горячие гидролечебные процедуры, которые могут быть общими и местными. Гидротерапия – тузсуз сууну дарылоодо колдонуу ыкмасы .Ага душ, ванна алуу, бассейнде, сууга түшүү, сүзүү кирет. Гидротерапиянын негизин жылуулук, механикалык, химиялык факторлор түзөт. Анын ичинен негизги ролду жылуулук ойнойт. Жагымдуу температура боюнча муздак, мелүүн, жылуу, ысык гидропроцедуралар болуп айырмаланат. Алар жалпы же жергиликтүү болуп бөлүнөт.
Гимнастика – система специально разработанных физических упражнений, составленная из различных комбинаций движений с регламентированной амплитудой, скоростью и темпом, а также дозированным мышечным напряжением, применяемых для развития и совершенствования двигательных навыков, тренирующего воздействия и общего повышения функциональных возможностей организма.
Имеется много систем гимнастики, в том числе:
Гимнастика гигиеническая – утренняя зарядка.
Гимнастика лечебная – гимнастика, используемая в качестве лечебного или профилактического мероприятия; является основной формой лечебной физкультуры.
Гимнастика производственная – гимнастика, проводимая на протяжении рабочего дня с целью повышения уровня работоспособности и сохранения здоровья работающих (учащихся).
Гимнастика дыхательная – по Бутейко, по Стрельниковой, по Грофу, йога.
Гимнастика атлетическая – бодибилдинг, культуризм.
Гимнастика ритмическая – (аэробика) упрощенный вариант вольных гимнастически- акробатических упражнений.
Шейпинг – это система упражнений (со спортивными снарядами и без таковых), специально подобранных для каждого конкретного человека с целью формирования здоровья и фигуры.
Фитнес – система физических упражнений, направленная на создание принципиально нового идеала женской фигуры, спортивного и вместе с тем не утратившего чисто женских качеств.
Каланетика – это комплекс гимнастических физических упражнений, искусственно выделенный из огромного их разнообразия и специально подобранный для женщин определенного возраста.
Стретчинг – (от англ.stretch – тянуть, растягивать) занятия физическими упражнениями для увеличения гибкости, то есть способности человека выполнять движения с максимальной амплитудой.
Пейс – выполнение прогрессивных физических упражнений аэробики по кругу на гидравлических тренажерах под руководством инструктора.
Пилатес – одна из разновидностей аэробики, которую в 30-е годы прошлого века разработал американский врач Йозеф Г.Пилатес. Включает оригинальные виды физических упражнений для укрепления мышц, увеличения гибкости и равновесия. В основе системы упражнений лежат восемь принципов.
Восточные виды гимнастик – йога, ушу, цыгун, тайцзыцуань, до-ин. Почти каждая страна Восточной и Юго-Восточной Азии, претендует на свой национальный вид гимнастики, которые отличаются тем, что одни упражнения делаются на восходе дня, другие на закате, одеждой, в которую одеты гимнасты (хотя корень слова гимнаст идет от греческого gymnast – раздетый, оголенный).
Отдельно рассматривается спортивная гимнастика как вид спорта,которая включает собственно спортивную Г., мужскую и женскую; художественную Г., акробатику. Она отличается более высокими объемами и интенсивностью нагрузок, более сложной структурой движений, повышенной опасностью возникновения травм и патологии, обусловленной физическим и нервно-психическим перенапряжением. При занятиях этими видами Г. требуется врачебный контроль, который осуществляют специалисты по спортивной медицине. Гимнастика – атайын иштелип чыккан физикалык конуугулордун системасы.Ал кыймылдардын ар турдуу комбинацияларынан, темптен жана дозаланган булчуңдардын күчтөнүүсүнөн түзүлөт. Ал болсо кыймыл көнүгүүлөрдүн өнүгүшү, калыптанышы жана организмдин жалпы функциялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.
Гимнастиканын системаларынын түрү көп.
Гигиеналык гимнастика – эртең мененки көнүгүүлөр.
Дарылоо же алдын алуу гимнастика негизинен дарылоо жана алдын алуу максатында кодонуулучу чара, дарылоо дене тарбиянын негизги түрү.
Өндүрүштүк гимнастика – иш күндүн ичинде ишке жөндөмдүүлүктүн деңгээлин жогорулатуу жана иштегендердин (окуучулардын) ден соолугун сактоо максатында жүргүзүлөт.
Дем алуу гимнастикасы – Бутейко, Стрельникова, Гроф жана йога.
Атлет гимнастикасы – бодибилдинг, культуризм.
Ритмикалык гимнастика — (аэробика) эркин гимнастикалык –акробатикалык көнүгүүлөрдүн жеңилдетилген варианты.
Шейпинг – көнүгүүлөрдүн системасы. Ар бир конкреттүү адамдын ден соолугу менени фигурасын калыптануу багытында атайын иштелип чыгарылган система. Ал спорттун снаряддар жана ансыз жүргүзүлөт.
Фитнес — фитнес-физикалык көнүгүүлөрдүн системасы – аялдын фигурасынын, аял санатын жоготпогон жаңы идеалын түзүүгө багытталган физикалык көнүгүүлөрдүн системасы.
Каланетика – гимнастикалык физикалык көнүгүүлөрдүн комплекси. Ал абдан көп түрдүүлүктөн жана белгилүү жаштагы атайын ылайыктанып чыгарылган.
Стретчинг – ийкемдүүлүктү жогорулатуу үчүн болгон физикалык көнүгүүлөр менен машыгуу (от англ.stretch – тартуу, чоюу) – адамдын кыймылдарды максималдуу амплитуда менен аткаруу мүмкүнчүлүгү боюнча машыгуу.
Пейс –аэробиканын пргрессивдүү физикалык көнүгүүлөрүн аткаруу – физикалык көнүгүүлөр айлана боюнча гидравликалык тренажерлордо инструктордун жетекчилиги астында аткарылат.
Пилатес – аэробиканын бир түрү. Аны былтыркы кылымдын 30- жылдарында америкалык врач Йозеф Г. Иштеп чыккан. Пилатес – физикалык көнүгүүлөрдүн оригиналдуу түрү. Ал булчуңдарды чыңдоо, ийкемдүүлүктү тең салмактуулукту жогорулатууну камтыйт. Системанын негизинде сегиз принцип бар.
Гимнастиканын чыгыш өлкөлөрүндөгү түрү – йога, ушу, цыгун, тайцзыцуань, до-ин. Чыгыш жана түштүк-чыгыш Азиянын ар бир өлкөсүндө өзүнүн улуттук гимнастикасы бар. Алар бир-биринен көнүгүүлөрдүн бири күн чыкканда, башкасы күн батканда жасалганы, гимнасттар кийген кийими боюнча айырмаланат.
Өзүнчө спорттук гимнастиканы спорттук түр катары караш керек. Ага спорттук гимнастика, эркек жана аял гимнасикасы, көркөм гимнастика, акробатика кирет. Ден соолукту чыңдоо гимнастикалардан айырмаланып бул гимнастиканын колому менен нагрузкалардын интенсивдүүлүгү, кыймылдардын структуралардын татаалдыгы, травманын жана физикалык, нерв-психикалык өтө күчтөнүүсүнөн келип чыккан бузулуулардын пайда болушунун кооптулугу боюнча айырмаланат. Гимнастиканын бул түрүн спорттук медицинанын адистери көзөмөлдөйт.
Гирудотерапия – (син. бделлотерапия) – (hirudotherapia; лат.hirudo пиявка therapia – уход, лечение) использование медицинской пиявки и продуктов ее жизнедеятельности, разрешенных к медицинскому применению на территории Кыргызской Республики в установленном порядке. Гирудотерапия – медициналык сүлүктү дарылоо максатында колдонуу син. бделлотерапия, (hirudotherapia; лат.hirudo сүлүк, therapia –дарылоо) . медициналык сүлукту Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү тартипте колдонууга уруксаат берилет.
Глина лечебная – осадочные горные породы из высокодисперсных частиц размером менее 0,01мм, состоящие из глинистых минералов (каолин, гидросюды, бетониты, палагорскит). Для глин характерно малое содержание органических веществ, низкая влагоемкость, высокая теплоемкость, низкая теплопроводность, основное свойство – пластичность. Белая глина – официальный препарат, используемый многие столетия для пилюльной массы. Модные голубые, изумрудные, сапфирные, розовые и другие глины различаются одной характеристикой – цветом, а лечебные свойства определяются степенью дисперсности и минеральным составом глины.
Дарылык касиети бар топурак – топурактуу минералдардын (каолин, гидросюд, бетонит, палагорскит) тунмасынан пайда болгон породалары. Алардын өлчөмү 0,01мм ден кем болбойт. Топурактарга органикалык заттар аз болуу, төмөндүктөгү нымдуулук, жылуулукту сактоо мүнөздүү. Эң негизги касиети – алардын эпке келгичтиги. Ак топурак – официалдуу каражат, фармацияда кодонулат. Көк, жашыл, сары түстөгү топурактар түсү боюнча айырмаланып, дисперсиялыктын даражасы жана минералдык курамы боюнча белгиленет.
Глинолечение – метод теплолечения, основанный на применении нагретой лечебной глины.
Топурак менен дарылоо – жылуулук менен дарылоо ыкмасынын бир түрү. Ал жылытылган топуракты колдонууга негизделген.
Гомеопатические лекарственные средства – одно или многокомпонентные препараты, содержащие, как правило, микродозы активных соединений, производящиеся по специальной технологии и предназначенные для перорального, инъекционного и местного применения в виде различных лекарственных форм.
Гомеопатикалык дары каражаттары – бир же көп компонентүү дарылар. Алардын курамына активдүү бирикмелердин атайын технология менен жасалган микродозалары кирет, организмге ичүүгө, инъекция жолу менен киргизүүгө ылайыкталган.
Горчичники – прямоугольные листы бумаги размером 8,0х12,5 см, с одной стороны покрытые каучуковым клеем и порошком обезжиренных семян горчицы толщиной 0,3-0,55 мм. Порошок получают из семян горчицы черной и сарептской, которые содержат гликозид синигрин, расщепляющийся под влиянием фермента мирозина на глюкозу, калия гидросульфат и эфирное масло горчичное (аллилизотиоцианат), которое вызывает сильное раздражение и гиперемию кожи.
Горчичник –жалган кычынын (горчицанын) күкүму тегиз сыйпалган кагаз. Күкүм кара жана сарепт кычысынын уругунан алынат. Алардын негизги таасир этүүчү заты – гликозид синигрин, мирозин аттуу ферментин таасиринен ал глюкоза, калий гидросульфаты жана горчица эфир майына (аллилизотиоцианат) ажырайт да, терини дүүлүктүрүп кызартат.
Государственная фармакопея – сборник Фармакопейных статей, обязательных общегосударственных стандартов и положений, нормирующих качество лекарственных средств. Имеет законодательный характер. Требования Государственной фармакопеи, предъявляемые к лекарственным средствам, являются обязательными для всех предприятий и учреждений страны, изготовляющих, хранящих, контролирующих и применяющих лекарственные средства. Мамлекеттик фармакопея — дары каражаттарынын сапаты, нормалары, абалы жана малекеттик стандарттары боюнча статьялардын жыйындысы. Мамлекеттик фармакопеянын дары каражаттарына болгон талаптарына өлкөнүн дары чыгаруучу жана пайдалануучу мекемелери милдеттүү түрдө жооп берет.
Государственный стандартный образец – это стандартный образец, параметры качества которого регламентируются фармакопейной статьей, утвержденной в установленном порядке. В анализе готовых лекарственных форм могут и использоваться рабочие стандартные образцы (РСО) лекарственных средств (субстанций). РСО – это образец серийной субстанции, отвечающий требованиям соответствующего стандарта качества лекарственных средств. Мамлекеттик стандарттык үлгү – стандарттык үлгү, анын сапатынын параметрлери белгиленген тартипте аныкталган фармакопеялык статья менен белгиленет. Даяр дары каражаттардын анализинде дары субстанциялардын үлгүлөру, дарынын сапатына жооп берүүчү стандарт пайдаланылат.
Грязи лечебные (син. пелоиды) – общее название отложений природных водоемов и продуктов извержения грязевых сопок, применяемых в лечебных целях в виде ванн, аппликаций и других процедур; состоят из воды и веществ, обладающих тонко дисперсной структурой, однородностью, пластичностью, высокой теплоемкостью и низкой теплопроводностью.
В Кыргызстане имеются неисчерпаемые месторождения лечебных грязей. В Чуйской долине – это камышановское, луговское, токмакское месторождение торфяных лечебных грязей. В Ошской области – чимбайское, в Джалалабадской – джалалабадское, в Иссык-Кульской – джергаланское, чолпонатинское, чайкинское, карабулунское и др.
По происхождению различают следующие виды лечебных грязей:
•Торфяная лечебная мазь – применяемые с лечебной целью растительные остатки, накапливающиеся в болотах в процессе отмирания высших растений и неполного их разложения при избыточном увлажнении и недостатке кислорода.
•Иловая лечебная грязь – представляет собой иловые отложения соленых водоемов, богатые минеральными компонентами, в частности сульфидами железа.
•Сапропели – иловые отложения, преимущественно пресноводных водоемов, богатые органическими веществами (более 10%); применяются в качестве лечебных грязей, обладают более высокой теплоемкостью и низкой теплопроводностью, чем сульфидные иловые грязи.
•Сопочная лечебная грязь – (вулканического происхождения – в Кыргызстане не имеется), представляющие собой продукты разрушения горных пород, выбрасываемые на поверхность земли по тектоническим трещинам; характеризуются наличием гидрокарбоната и хлорида натрия; часто содержат бром, йод, бор. Дарылык касиети бар баткак (син. пелоиддер) – табигый суу сактагычтардын катмары, жанар тоолор атырылып чыккандан пайда болгон продуктулардын тунмасы. Алар дарылык максатында ванна, аппликация жана башка процедуралар үчүн колдонулат. Баткактар суу жана майда дисперсиялык структурасы, бир өңчөй, ийилгичтик, жылуулукту кармап туруу касиети бар болгондугу менен мүнөздөлөт.
Кыргызстанда дары баткактардын түгөнсүз запастары бар. Чүй аймагында – Камышановка, Токмок кендүү жери, Ысык-Көлдө –Жыргалаң, Чолпоната, Карабулуң кендүү жерлери бар.
Пайда болушуна жараша дары баткактардын төмөнкү түрлөрү болот.
•Чым көңдүү баткак – саздарга өсүмдүктөрдүн өлүү процессинде чогулган өсүмдүк калдыктары толук эмес ашык нымдуулукта жана кычкылтек жетишсиздигине учурагандан пайда болгон өсүмдүк калдыктары.
•Дарылык касиети чөкмө баткак – туздуу суу сактагычтардагы илээшме чөкмөлөр. Алар минералдык компоненттерге, көбүнчө темир сульфиддерине бай келет.
•Сапропел – тузсуз суудагы чөкмө – тузсуз суу сактагычтардын илээшме чөкмөлөрү. Алар органикалык заттарга ( 10%тен көп) бай, дары баткактары катары пайдаланылат. Сульфиддүү чөкмөлөргө салыштарганда жогорку даражадагы жылуулук сыйымдуулугу, жылуулукту өткөрбөөчү касиеттери көбүрөөк.
•Жанар тоолордон атыралып чыккан баткак (Кыргызстанда мындай баткак жок). Алар тектоникалык жаракалардан жердин үчтүнө тоо пародалар кыйроого учурап, атыралып чыкканынан пайда болот. Курамында натрий гидрокарбонаты менен хлориди, бром, йод, бор кирет.
Грязевые ванны, компрессы и аппликации – грязевые ванны, компрессы и аппликации предназначены для разогревания тела или его отдельных участков. Помимо термического лечебный эффект грязей обусловлен механическим, химическим и биологическим факторами. Их применение рекомендуется при заболеваниях и последствиях травм костно-мышечной системы, при заболеваниях нервной, дыхательной и пищеварительной систем и при физических перегрузках. Баткак менен болгон ванна, компресс жана аппликация денени жана анын бөлүктөрүн жылытууга багытталган. Алар сөөк-булчуң оорулары жана травмаларында, нерв, дем алуу, ичеги-карын системаларынын ооруларында жана физикалык күчтөнүүдө колдонулат.
Данариум – паровая баня, средняя температура в которой достигает 65 °С, а влажность воздуха 60%. В данариуме расслабление тела происходит без усилий и нагрузок, испытываемых в сауне. Данариум – буу мончосу. Анда орточо температура 65 °С га, абанын нымдуулугу 60%ке жетет. Данариумда саунага карганда дене оңой эле сеп алат.
Действующие вещества – в фитотерапии и натуротерапии природные соединения, обладающие специфическим действием на живой организм и определяющие основной терапевтический эффект лекарственного растительного (или другого природного) сырья или препаратов из него. Ранее существовало противопоставление этого понятия понятию «сопутствующие вещества», называемые также балластными. Таасир берүүчү заттар – фитотерапия жана натуротерапияда колдонулуучу табигый бирикмелер. Алар тирүү организмге өзгөчөлүк таасир берип, дары өсүмдүктөрдүн же башка табигый сырьенун же андан чыккан дарыдан негизги дарылоо эффектин белгилейт.
Детский оздоровительный лагерь (центр) – санаторно – курортная организация стационарного типа, предназначенная для отдыха и оздоровления детей в дни школьных каникул в сочетании с учебно-воспитательной работой.
Балдардын ден соолукту чыңдоочу лагери (борбору) – стационардык типтеги санаторий –курорттук уюм; каникул мезгилинде окуу-тарбия иштери менен айкалыштыруучу балдардык эс алуучу жайы.
Джалал-Абад – климато-бальнеологический курорт, на северо-востоке Ферганской долины, на высоте 970м над уровнем моря. Климат континентальный. Лето жаркое, сухое (средняя месячная температура в июле около 27°С.), зима мягкая (в январе — 2°С). Весна ранняя, теплая.
Осадков за год около 500мм. Число часов солнечного сияния году 2787. Знаменит источниками термоминеральной воды. Термальные (t° до 44°) азотные хлоридно-гидрокарбонатно-сульфатные натриево-кальциевые минеральные воды с минерализацией от 1,2 до 7,4г/л, используемые для ванн, душей, орошений, питьевого лечения и розлива в бутылки. Торфяная грязь.
Жалал-Абад – жердин аты. Климаттык бальнеологиялык курорт. Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш жагында, деңиздин деңгээлинин 970м бийиктигинде жайгашкан. Климаты континенталдуу. Жайы ысык, кургак (айдын орточо температурасы июлда 27°С га жакын). Кышы жумшак (январ айында — 2°С). Жаз эрте келет, жылуу. Жылдык жаан-чачын 500мм ге жетет. Күн тийген жылдык күндөрү – 2787. Термоминералдык суу булактары чыгат. Жылуу суунун температурасы 44°С, ал азоттуу, хлорид карбонаттуу-сульфаттуу натрий-кальций минералдуу суу, минерализациясы 1,2 до 7,4г/л. душ, ванна алууга колдонулат. Бөтөлкөлөргө куюлуп сатылат. Торф баткак бар.
Джалалабадская минеральная вода №27 и №4 – бутилированная лечебно-столовая вода.
Жалал –Абад суусу №27 жана №4 – дарылык касиети бар бөтөлкөлөргө куюлган минералдык ашкана суусу.
Джергалан – климато-бальнеологический курорт в Тюпском районе Иссык-кульской области, к северо-востоку от г. Каракола, близ оз. Иссык-Куль, на высоте 1624м над уровнем моря; входит в Иссык-Кульскую курортную зону. Климат континентальный. Лето теплое (средняя месячная температура в июле 18°С). Зима мягкая (в январе -5°С. Осадков за год около 400мм. Число часов солнечного сияния в году 2700.
Знаменит высокоэффективными лечебными иловыми грязями в устье р. Джергалан. Термальная (t° до 43°) слабоминерализованная (0,9г/л) азотная сульфатно-хлоридная натриевая минеральная вода, используемая для ванн. Жыргалаң – жердин аты. Ысык-Көл областы, Түп районундагы климаттык-бальнеологиялык курорт. Каракол шаарынын түндүк чыгышында, Ысык-Көлгө жакын, деңиз деңгээлинен 1624м бийиктикте жайгашып, Ысык-Көл курортун зонасына кирет. Климаты континенталдуу. Жайы жылуу теплое (айдын орточо температурасы июлда 18°С). Кышы жумшак (январда -5°С). Жылдык жаан-чачын 400мм ге жетет. Күн тийген жылдык күндөрү – 2700саат.
Жыргалаң суусунун башында абдан эффективдүү дары чөкмө баткагы бар.. Жылуу суунун температурасы — 43°, аз минералдашкан (0,9г/л), азоттуу, сульфат-хлориддүү, натрийлүү суу, ванна үчүн кодонулат.
Джеты-Огуз – бальнеоклиматический курорт в Джетыогузском районе Иссык-Кульской области к юго-западу от г. Каракол на северном склоне хребта Терскей-Алатау, на высоте 2200м над уровнем моря; входит в иссык-Кульскую курортную зону. Климат континентальный. Лето умеренное теплое (средняя месячная температура в июле 15°). Зима умеренно мягкая, солнечная, малоснежная (в январе -9°). Осадков за год около 500мм. Число часов солнечного сияния в году 1828. Знаменит радоновыми источниками и великолепными ландшафтами. Источники – термальные (t° до 41°) радоновые (до 127нКи/л) хлоридные натриево-кальциевые и хлоридно-сульфатные натриево-кальциевые минеральные воды малой и средней минерализации(от 3,6 до 12,1 г/л), используемые для ванн и питьевого лечения.
Жети- Өгүз курорту – бийик тоодогу бальнеологиялык курорт.Каракол шаарынан түштүк- батыш тарабында , Тескей Ала-Тоо- нун түндүк капталындагы Жети –өгүз капчыгайынын карагай токойлуу кооз жеринде жайгашкан.Деӊиз деӊгээлинен бир канча бийик тургандыктан, атмосфералык басым төмөн, күндүн радиацисы жогору, абасы таза.Жайы салкын, кышы анча суук болбойт. Дарылоо негизинен радондуу, натрий-кальций хлориддүү жана азоттуу ысык арашан булак сууларынын ваннасы жана бассейндерге түшүрүү жолу менен, ошондой эле тоо абасынын таасирин тийгизүү менен жүргүзүлөт.Курортто муундун, нерв системасынын жана гинекология ооруларын дарылоочу бөлүмдөр иштейт.
Джоггинг, или бег трусцой (англ.jogging) – спокойный, легкий бег трусцой для приобретения хорошей физической формы, положительно влияющий на работу сердечно-сосудистой системы при условии достаточного поступления в организм кислорода.
Джоггинг (англ.jogging) – чуркоо. Жакшы физикалык форманы сактоо үчүн шашпай чуркоо. Ал жүрөк-кан тамыр системасына организмге кычкылтек тиешелүү өлчөмдө киргендиктен оң таасир берет.
Диетология – (греч.diaita образ жизни, режим питания + греч. logos учение; син.: диетика – устар.) – раздел нутрициологии, изучающий питание человека в норме и при патологических состояниях, разрабатывающий основы рационального питания и методы его организации.
Диетология – ( грекче diaita –жашоонун образы, тамактануу режими + гр. Logos- окуу) – нутрициологиянын бөлүгү, адамдын демейдеги жана ооруган кезиндеги тамактануусун изилдейт, рационалдуу тамактануунун негиздерин жана аны уюштуруу чараларын иштеп чыгат.
Диетотерапия – (diaetotherapia; греч. Diaita образ жизни, режим питания + therapia уход, лечение; син.: питание лечебное) – наука, изучающая метод лечения применением определенной диеты.
Диетотерапия – (греч.dietotherapia, гр.diaita — жашоонун образы, тамактануу режими жана therapia – дарылоо, багуу; син.:дарылоо тамактануу) мүнөздөн тамактанууну изилдөөчү илим.
Дома и база отдыха – санаторно-курортная организация стационарного типа, предназначенная для укрепления здоровья и отдыха практически здоровых граждан с обеспечением услугами общественного питания, гостиничными услугами, культмассовым и медицинским обслуживанием.
Эс алуу үйлөрү жана базалар – стационардык типтеги санаторий – курорттук уюм. Ал практикалык жактан дени соо адамдардын ден соолугун чыңдоо үчүн багытталган. Анда коомдук тамактануу, жатакана, маданий-массалык жана медициналык тейлөөсү болот.
Душ – лечебная и гигиеническая процедура, основанная на воздействии на организм струями воды различной формы, температуры и давления.
Различают следующие виды:
•Душ дождевой — Д., при котором множество струек воды направлены на человека сверху под небольшим углом.
•Душ веерный – при котором струя воды имеет форму веера.
•Душ игольчатый – при котором на человека сверху направлено под давлением множество тонких струек воды.
•Душ циркулярный
•Душ восходящий – при котором тонкие вертикальные струи воды направлены снизу на область промежности больного, сидящего на стуле с кольцевым сиденьем.
Душ Шарко (J.M.Charcot; син. душ струевой) – водолечебная процедура, заключающаяся в воздействии компактной струи воды под давлением попеременно на различные части тела.
Душ – дарылоо жана гигиеналык процедура. Ал организмге суунун ар кайсы формада, температурада жана басымдуулукта болгон шорголоп агышына негизделет. Душтун түрлөрү:
•Жаан сыяктуу шорголотуп суу агымын адамдын денесине
•Суунун агышы желпингич формасында болгон душ
•Суунун көптөгөн ичке агымынын жогортодон менен берилүүсү
•Циркулярдык душ (айланма душ)
•Суунун вертикалдык агымы – анда суунун ичке вертикалдык агымы басымдуулук менен ылдый жактан атайын орундукта отурган көздөй багыттылат.
Шарко душу – суу менен дарылоо процедурасы (J.M.Charcot киргизген) – суунун күчтүү шарпылдаган агымы басымдуулук менен дененин ар кайсыбөлүктөрүнө багытталат.
Душевная активность – сознательное восприятие человеком новой информации и знаний, определение приоритетов, умение реализовать реальные цели и желания, которые основываются на разуме и чувствах.
Жан – дүйнөнүн активдүүлүгү – адамдын жаңы информация менен билимдерди кунт коюп кабыл алуусу, приоритеттерди белгилөө, өзүнүн максаттарын ишке ашыруусу.
Душевное здоровье – это эластичность чувств и души, которая помогает человеку наслаждаться жизнью, переболеть боль и разочарование. Это собственное человеческое достоинство и авторитет. Душевное здоровье человека отображается на качестве его жизни, на его умении решать возникшие проблемы, на его отношении к себе самому и окружающим.
Адамдын жанынын тазалыгы –сезим менен жандын гармониясы. Ал адамдын жашоого ыраазы болгондугу; оорун, көңүлдүн чөккөндүгүн көтөрө билүү; адамдын жеке өзүнүн кадыры жана абийири. Адамдын жанынын тазалыгы анын жашоосунун сапатында, анын алдында проблемаларды чечүү кудуретинде, өзүнө жана айланасындагыларга кылган мамилеринен анык көрүнөт.
Дымотерапия – используемый в восточной медицине способ изгнания болезни, предотвращения и снятия порчи, программирование человека на удачу, основанный на окуривании его или его помещения дымом, получаемым при сжигании веток арчи. Ароматические масла хвои и плодов арчи, обладают бактероицидными и противовирусным действием.
Түтүн менен дарылоо – чыгыш медицинасында ооруну жоготуу, көз тийгенди жолотпоо же алып таштоо, адамга жакшылыкка багытталган ыкма. Ал үчүн арчанын сабактары же адырашмандын чөбүн күйгүзүп, ошол түтүндү бөлмөнүн ичинде түтөтөт. Арча менен адырашмандын түтүнү бактерияларды, вирустарды өлтүрөт. Элдин арасында бул ыкманы «ысырык» дейт.
Дыхательные упражнения – выполнение упражнений и сознательное, активное дыхание, что является основной составляющей йоги, медитации и других методов расслабления.
— дыхательные упражнения Стрельниковой,
— метод волевого регулирования глубины дыхания по Бутейко,
— метод развития эндогенного дыхания с помощью тренажера Фролова,
-дыхательная гимнастика Цигун,
— дыхательная гимнастика йогов – Пранояма.
Дем алуу көнүгүүлөрү – көнүгүүлөрдү аткаруу менен бирге активдүү дем алуу ыкмасы. Ал йога, медитация ж.б. сеп алдырма ыкмалардын негизи болуп эсептелет.
— Стрельникованын дем алуу көнүгүүлөрү,
— Бутейко боюнча дем алуу,
— Фролов тренажерунун жардамы менен дем алууну тереңдетүү,
-Цигун дем алуу гимнастикасы,
— йогалардын дем алуу гимнастикасы (Пранояма)
Животные лекарства – лечебные средства животного происхождения, использовавшиеся в различных (практически во всех) традиционных медицинских системах мира, получаемые из переработки отдельных органов и тканей
животного мира (исключая фитотерапию и минеральные лекарственные средства), в официальной фармакологии представлены небольшим количеством препаратов.
Наиболее известными фармакопейными препаратами являются в настоящее время пантокрин (спиртовая вытяжка из рогов оленя: марала и изюбра), гематоген (альбумины плазмы быков, с добавкой сахара и других наполнителей), пантогематоген, апилак (маточное молочко пчелы), рыбий жир, муравьиный спирт, мумие (смотрите дальше).
В Средневековье значение этих препаратов было преувеличено. В китайской и тибетской народной медицине к животным лекарствам относились: рога оленей, печень, собачье, барсучье, ежовое и медвежье сало, медвежья желчь, перемолотые раковины моллюсков и др.
В Кыргызстане издревле с лечебной целью использовались кобылье молоко, тестикулы баранов и другие.
В настоящее время широко пропагандируются лечебные свойства свежих перепелиных яиц.
Жаныбарлардын сырьесунан алынган дары каражаттар. Алар дүйнөнүн бардык салттуу медициналык системаларында колдонулат. Бул дарылар жаныбарлардын органдарын жана ткандардын иштетип чыгаруу менен алынат. Официалдуу фармакопеяда алар анчы деле көп эмес.
Азыркы кезде фармакопеялык каражаттарынан эң белгилүүсү – пантокрин (бугунун, маралдын, изюбрдын мүйүздөрүн спиртке чылап алынат), гематоген (букалардын канынын сары суусунун альбуминдери, ага кант ж.б. кошулат), апилак (эне аарынын сүтү), балы майы, мумие.
Орто кылымдарда бул каражаттардын мааниси өтө жогору болгон. Азыркы кезде алар илимий жактан негизделген эмес. Кытай жана Тибет элдик медицинасында бугулардын мүйүзү, боору, иттин, суурдун, аюунун майы, аюунун өтү, моллюскалардын жанчылган капкакчалары ж.б. колдонулган.
Кыргызстанда дарылык максатта эчактан бери бээнин сүтү, кымыз ж.б. колдонулуп келген. Азыркы кезде бөдөнөнүн жумурткасы да колдонулат.
Жиры
Жиры являются одним из основных источников энергии для млекопитающих. Эмульгирование жиров в кишечнике (необходимое условие для всасывания) осуществляется при участии солей желчных кислот. Энергетическая ценность жиров примерно в 2 раза выше, чем углеводов, при условии их биологической доступности и здорового усвоения организмом. Жиры выполняют важные структурные функции в составе мембранных образований клетки, в субклеточных органеллах. Благодаря крайне низкой теплопроводности жир, откладываемый в подкожной жировой клетчатке, служит термоизолятором, предохраняющим организм от потери тепла (у китов, тюленей, и др.). Свиное сало является традиционным и очень высоко ценимым пищевым продуктом в России, Беларуси, Украине (что обыгрывается во многих анекдотах) и в других странах. В то же время, религия иудеев и мусульман запрещает использование свинины и свиного сала.
Ворвань – устаревший термин, которым называли жидкий жир, добываемый из сала морских млекопитающих (китов, тюленей) и рыб. Основные компоненты – сложные эфиры глицерина и жирных кислот.
•Жир барсучий
•Жир собачий
•Жир медвежий
•жир курдючный
•Жир внутренний
•Жир рыбий – старое частично забытое средство, которое переживает новый бум. Рыбий жир из печени трески (международное наименование) относится к регуляторам витамин-кальциево-фосфорного обмена. Очищенный для внутреннего применения рыбий жир получают из печени тресковых рыб: трески атлантической, трески балтийской, пикши, путассу северной, макрусуса тупорылого. В 1 грамме полученной масляной жидкости светло-желтого цвета со слабым специфическим, непрогорклым запахом и вкусом содержится от 350 до 1000 МЕ ретинола (витамина А). Выпускается также витаминизированный рыбий жир, обогащённый витаминами А и D. Витамина А в 1 г такого
рыбьего жира содержится 1000 МЕ, а витамина D – 100 МЕ.
Майлар
Майлар – сүт эмүүчүлөр үчүн энергиянын негизги булагы. Ичегинде майлар сиңириши үчүн эмульсия түрүндө айланыш керек. Эмульсияга айлантууда от кислоталарынын туздары катышат. Майлардын энергетикалык баалулугу углеводдорго алардын биологиялык жактан жетиштүү болуп, организм оңой сиңирип алуу жагын эске алганда салыштырганда эки эсе көп.
Майлар клетканын мембраналык түзүлүштөрүнүн, органеллалардын курамында негизги структуралык функцияларды аткарат. Тери алдындагы май жфлуулукту аз өткөргөндүктөн, ал термоизолятор катраы организмди жылуулукту доготуудан сактайт. (мис., кит, тюлендер, семиз мал). Чочко майы Россия, Беларусь, Украинада ж.б. өлкөлөрдө салттуу баалуу азык болуп эсептелет. Аны менен бирге, ислам менен иудаизм чқчко эти менен майын пайдаланууга тыюу салат.
Ворвань – эски термин. Аны менен деңиз сүт эмүүчүлөрдүн (кит, тюлень ) жана балыктардын майынан алынган суюк майды атаган. Негизги компоненттери – глицерин менен май кислоталарынын татаал эфирлери.
•Кашкулак майы
•Иттин майы
•Аюунун майы
•Куйрук майы
•Малдын ич майы
•Балыктын майы. Треска балыгынын боорунан алынган май. Ал витамин-кальций-фосфор зат алмашуусун жөнгө салат. Тазаланган балык майы треска балыктардын (атлантика трескасы, балтия трескасы, пикши, путассу, макрурус ж.б) боорунан тазаланып алынат. Таза майдын бир граммында 350 — 1000 эл аралык бирдик МЕ менен өлчөнгөн ретинол (витамин А) болот. Ал май ачык сары түстө болуп, өзгөчө жыттынат. Мындан тышкары А жана D витаминдери кошулган май чыгарылат. Анда 1 г балык майында А витаминин өлчөмү 1000 МЕ, D витаминин өлчөмү 100 МЕ түзөт.
Загар – потемнение кожи человека под воздействием ультрафиолетового облучения, вследствие которого в поверхностных слоях избыточно отлагается пигмент меланин. З. развивается постепенно после повторных облучений небольшой интенсивности (см. Гелиотерапия). Наиболее интенсивный и стойкий З. возникает после длительного пребывания на солнце, что часто вредно отражается на состоянии здоровья (нервной, сердечно-сосудистой системах). Степень и быстрота появления З. не является показателями здоровья.
Чувствительность к ультрафиолетовым облучениям у разных людей, особенно у детей, различна.
Брюнеты со смуглой кожей быстрее загорают, чем блондины и рыжеволосые с тонкой нежной кожей, у которых нередки при воздействии ультрафиолетовых лучей ожоги кожи. Смазывание кожи растительными маслами (ореховым, персиковым и др.) предохраняет ее от высушивания и до некоторой степени от ожогов.
Күнгө күйүү – ультракөк нурлардын таасиринен адамдын терисинин карарып кетүүсү. Анда теринин үстүңкү катмарында меланин пигменти көбүрөөк пайда болот. Күнгө акырындык менен күйөт. Интенсивдүү күнгө күйүү көп убакыт күн тийгенден келип чыгат. Ал ден-соолуктун абалына (нерв системасы, жүрөк-кан тамыр ж.б. системаларына) терс таасир тийгизет.
Ультракөк нурларына адамдардын сезгичтиги ,өзгөчө балдардыкы ар кандай болот.
Ак чачтуу (блондиндер) жана сары чачтуулардын териси назик келгендиктен, күнгө күйүүнүн алдында териге жаңгак, шабдалы майын сүйкөө керек. Алар терини тез кургап кетүүдөн, күн нуру тийгенден пайда болуучу күйүктөн сактайт.
Закаливание – метод восстановления и укрепления здоровья, основанный на постепенной адаптации организма к пониженной температуре и ухода от постоянного применения противовоспалительных лекарственных средств.
Классиком закаливания является П.Ф. Лесгафт, (1837-1909гг.). В народной медицине Советского периода и последующих годах (1990-2005) была модной система Порфирия Иванова (Детка), однако научного подтверждения, несмотря на благоприятный режим, она не добилась.
Ден соолукту чыңдоо – ден соолукту калыбына келтирүү жана чыңдоо ыкмасы. Ал организмдин төмөндөгөн температурага акырындык менен көнүүнү жана ар кандай сезгенүүгө каршы дарыларды кабыл албоого көндүрүүгө негизделген. Ден соолукту чыңдоо ыкмасын П.Ф. Лесгафт (1837-1909ж.ж) киргизген. Совет доорунун элдик медицинасында (1990-2005) Порфирий Ивановдун системасы кеңири таралган, бирок ал илимий жактан негизделбеген.
Закаливание организма – система процедур, способствующих повышению сопротивляемости организма неблагоприятным воздействиям внешней среды, выработке условно рефлекторных реакций терморегуляции, с целью ее совершенствования. При закаливании вырабатывают устойчивость организма к охлаждению и тем самым к т. н. простудным и некоторым др. заболеваниям. Если организм к охлаждению не тренирован, реакция на холод носит характер безусловного рефлекса; время теплопродукции затягивается, сосуды кожи не успевают достаточно быстро сократиться, происходит паралитическое расслабление сосудов, что еще больше усиливает теплоотдачу.
Реакция закаленного организма при охлаждении носит условно рефлекторный характер: увеличивается выработка тепла, быстро возникает задержание тепла за счет сокращения сосудов кожи – так называемая игра вазомоторов – кратковременное расширение сосудов и усиление притока крови; повышается обмен веществ.
Закаливание важно начинать в детском возрасте, когда терморегуляция находится в стадии формирования и развиваются механизмы иммунобиологической защиты. Для полноценного закаливания необходимо использовать комплекс закаливающих процедур, соблюдая принципы комплексности, постепенности, систематичности и учета индивидуальных особенностей организма. Комплекс закаливающих процедур состоит из конвекционного (воздушные и солнечно-воздушные ванны, см. Аэротерапия, Солнцелечение) и кондукционного (обтирание, обливание, ножные ванны, купания в открытых водоемах и контрастные процедуры, например попеременное обливание теплой и холодной водой с разницей температур от 3°С до 10 °С, а также хождение босиком) охлаждения. В зимние месяцы, особенно на С., для З.о большое значение приобретает облучение от искусственных источников.
Организмди чыңдоо – процедуралардын системасы. Ал тышкы чөйрөнүн жагымсыз факторлоруна организмдин туруктуулугун жогорулатууга, жылуулукту жөнгө салуучу шатрттуу рефлекстердин реакцияларынын иштелип чыгышына түрткү берет. Ден соолукту чыңдоодо организм үшүгөнгө, ошондой эле суук тийгенден келип чыккан ооруларга туруштук берет. Эгерде организмдин суукка тренировкасы болсо, суукка болгон реакция шартсыз рефлекстин мүнөзүндө болуп, жылуулук пайда болуу убактысы узаргандыктан, теринин кан тамырлары тезинен куушурулганга үлгүрбөй калып, кан тамырлар бошоңдойт да, ал болсо жылуулукту чыгарууну жогорулатат. Ден соолугу чың болгон организмдин реакциясы шарттуу рейфлекс боюнча өтүп, жылуулуктун пайда болушу жогорулайт, теринин кан тамырларынын жыйрылганына байланыштуу жылуулук сакталат, бир аз убакытка кан тамырлар кеңейет да, кан келүү көбөйүп, зат алмашуу күчөйт.
Ден соолукту чыңдоону бала чакта уюштураган маанилүү. Себеби, жылуулукту жөнгө салуу процесси ал мезгилде калыптануу стадиясында болуп, иммуно-биологиялык сактоонун механизмдери өнүгөт. Ден соолукту толук чыңдоо үчүн түрдүү процедуралар жүргүзүлөт, анда комплекстүүлүк, акырындык, системалуулук, жана организмдин жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу принциптери кодонулат.
Ден соолукту чыңдоо процедуралардын комплекси конвенциялык (аба жана аба күн ванналары) жана кондукциялык (денени сүрүү, суу куюу, бут ваннасы, ачык бассейнде сүзүү жана контрасттуу процедуралар, мис., жылуу жана муздак сууну уламдан-улам айкалыштырып куюу, анда температуранын айырмасы 3°Сдан 10°Сга жетет, ошондой эле жылаңайлак жүрүү) жолдор менен жүргүзүлөт. Кыш мезгилинде жасалма ультракөк булактары ден соолукту чыңдоого колдонулат.
Звукотерапия – метод, использующий азиатские чаши, изготовленные из различных сплавов.
Вибрирующие и звенящие чаши воссоединяют тело и душу, расслабляются и мобилизуют в человеке его силы самоизлечения. Метод относится к области изотерики и пока не имеет научной основы.
В психотерапевтических кабинетах ( в СПА-салонах и в других помещениях, например фитобары, ванные комнаты, аэрофотарии) для расслабления используется музыка и звуковое оформление, имитирующее отдых на природе (шум прибоя, звуки леса и т.п.).
Үн менен дарылоо — бронзанын түрдүү сплавдарынан жасалган идиштерди колдонуу ыкмасы. Дирилдеген жана үн чыгарган идиштер дене менен духту бириктирип, адамды сеп алдырат да, ден соолукту жакшыртууга шарт түзөт. Изотерикага тийиштүү, азырынча илимий жактан негизсиз деп эсептелет.
Психотерапиялык кабинеттерде (SPA салондордо, фитобарларда, ванналарда, аэрофоторийлерде) сеп алдыруу үчүн жаратылыштагы деңиздин шарпылдагы, токойдогу бактардын шуулдаганы, чоң суунун шаркыраганын элестеткен музыка берилет.
Здоровое питание – одна из составляющих велнесса. Включает здоровые и необходимые для организма питательные вещества в таких количествах и пропорциях, которые обеспечивают его нормальную работу. Здоровое питание всегда сбалансированное и одновременно легкое.
Ден соолукка пайдалуу азыкты колдонуп, туура тамактануу. Ал үчүн организмге керектүү, анын нормалдуу иштешин камсыз кылуучу азык заттарын тиешелүү өлчөмдө кабыл алуу керек.
Иглоукалывание – (acupunctura; син.: акупунктура, иглорефлексотерапия, чжень-цзю-терапия) – метод рефлексотерапии, заключающийся в воздействии на функции организма различными по силе, характеру и продолжительности раздражениями, наносимыми при помощи введения игл в строго определенные точечные зоны (активные точки) поверхности тела.
Ийне сайып дарылоо, акупунктура, Чжен-Цзю терапия –денедеги белгилүү точкалар(чекиттер) аркылуу түрдүү узундуктагы ийнелер менен сайып организмдин функцияларына таасир этүү, дарылоо методу,рефлекстерапияга кирет.
Ингаляции – 1) попадание в органы дыхательной системы каких-либо газообразных веществ или аэрозолей с током вдыхаемого воздуха; 2) метод введения в организм лекарственных средств или биологически активных веществ в лечебно-профилактических целях, основанный на процессе И.
• Ингаляции тепловлажные
• Ингаляции масляные
• Ингаляции травяные
• Ингаляции ультразвуковые
• Ингаляции закиси озона
Ингаляции ксенона – терапия ксенон-кислородными смесями применяется в медицине в профилактических, лечебных и реабилитационных целях. Особенно высокая эффективность этих смесей была получена при лечении больных с нарушением работы ЦНС
(возрастная атрофия коры головного мозга, энцефалопатии постгипоксического генеза, острое нарушение мозгового кровообращения). Ксенон-кислородные смеси улучшают капиллярное кровоснабжение пораженных участков мозга, обладают стабилизирующим воздействием на клеточные мембраны и улучшают обмен веществ на клеточном уровне. Эти смеси также весьма эффективны при лечении больных с наркотической зависимостью.
Ингаляциялар –газ же буу түрүндө берилген дарыларды ( аэрозолдорду) дем алуу жолдоруна аспаптардын жардамы менен киргизү ү жана жыттоо. Дарылоо –профилактикалык максатта ингаляция жолунун негизинде жылуу-нымдуу, май ,дары өсүмдүктөрдүн кайнатмасы менен, болгон ж.б. ингаляциялар болот.
Медицинада ксенон-кычкылтек аралашмасынын ингаляциясы дарылоо –профилактикалык, калыбына келтирүү максатында колдонулат. Өзгөчө бул ыкма борбордук нерв системасынын оорулары (энцефалопатия, мээдеги кан айлануунун кескин түрдө начарланышында ж.б.) жакшы эффект берет. Ксенон-кычкылтек аралашмасы мээдеги майда кан тамырлардагы кан аланууну оңолтуп, клеткалык мембраналарга таасир этет, клетка деңгээлиндеги зат алмашууну жакшыртат. Бул аралашмалар баңгиликке дуушар болгондорду дарылоодо да натыйжалуу
Инфракрасная сауна – современная разновидность классической сауны, в которой инфракрасное тело обогревает помещение напрямую (температура – 30-50°С, влажность – не более 50%). Количество выделяемых шлаков из организма в инфракрасно сауне в три раза больше, чем в обычной классической сауне.
Инфракызыл сауна –саунанын бир түрү. Анда инфракызыл жылуулук бөлмөну 30—50°Сга жылытат, анда нымдуулугу –50% тен ашпайт. Организмден керексиз заттардын (шлактардын) чыгуусу кадимки саунага салыштырнада, үч эсе көп болот.
Инь и Янь – основные два начала, которыми обосновывается вся концепция анализа явлений китайской философии таоизма. Инь и янь – это абсолютно равноправные и взаимосвязанные понятия для достижения равновесия.
Инь и Янь – Кытайдын таоизм философиясынан окуусуна негизделген бардык концепциялардын негизги эки башы. Инь жана Янь – тең салмактуулукка жетишүүдө абсолюттук түрдө тең жактан укугу бар жана бир-бири менен байланышта болот.
Иссык-Ата – курорт, бальнеогрязевой и климатический курорт в Киргизской ССР, к юго-востоку от г.Бишкек, на северном склоне Киргизского хребта, на высоте 1775м над уровнем моря. Лето умеренно теплое (средняя месячная температура в июле 16°). Зима умеренно мягкая (в январе -6°). Осень сухая, ясная. Количество осадков за год около 500мм. Термальные (t° 55°) азотные, кремнистые (0,041г/л) хлоридно-сульфатные кальциево-натриевые воды с минерализацией 0,3 г/л и рH 8,5, используемые для ванн и купания в бассейне.
Ысык-Ата – жердин аты. Кыргыз Республикасындагы бальнеологиялык курорт. Бишкек шаарынан 78км түштүк-чыгышта, деңиз дэңгээлинен 1775м бийиктикте, Кыгыз Ала –тоосунун түндүк капталындагы Ысык-Ата капчыгайында жайгашкан. Жергиликтүү эл аны «Арашан» деп аташат. Курорт бөксө тоолордун арасында жайгашкан, атмосфера басымы төмөн, аба ырайында көп өзгөрүүлөр болбойт, күн радиациясы жогору. Жайкысын абанын ортоңку температурасы 13,1-15,8, жогоркусу – 26,5-31,7°С.
Курортто нерв системасы, кыймыл-таяныч ограндары жана гинекологиялык оорулар менен жабыркагандар дарыланат. Поликлиника, ванналар кышында жашылчы өстүрүлүүчү жай, минералдуу суу ичүү үчүн бювет, жылуу жашоочу корпустар бар. Дарылоодо ысык суудагы тышкары физиотерапиялык жаңы методдор колдонулат.
Иссык-Ата – бутылированная минеральная вода.
Ысык-Ата –бутылкадагы минералдуу суусунун аты. Ал сульфат-хлорид-гидрокарбонат-натрийлүү.
Иссык-Кульский курортный регион
Включает климатические, бальнеотерапевтические и грязевые курорты Чолпон-Ата, Джергалан, Ак-Суу, Джеты-Огуз,
Тамга и ряд курортных местностей. Расположен на побережье оз. Иссык-Куль, на высоте 1600-2200
м .над уровнем моря, в межгорной Иссык-Кульской котловине, ограниченной хребтами Тянь-Щаня и Терскей-Ала-Тоо (на юге) и Кюнгей-Ала-Тоо (на севере). Большая часть береговой полосы оз.Иссык-Куль занята песчаными пляжами. На территории зоны – Иссык-Кульский заповедник. Лето в курортной зоне умеренно теплое (в июле 17°). Зима умеренно мягкая с неустойчивым снежным покровом (средняя месячная температура в январе от -3 до -7°). Количество осадков за год от 110мм на западе до 470мм на востоке зоны. Число часов солнечного сияния в году 2670-2880.
Термальные (t° до 60°) источники азотных сульфатно-хлоридных натриевых слабоминерализованных
(до 0,93г/л) вод, содержащих кремниевую кислоту, фтор, сероводород; азотных хлоридно-сульфатно-натриевых; радоновых средне- и маломинерализованных вод Джеты-Огузского месторождения хлоридно-сульфатных натриевых вод с минерализацией 1 г/л и температурой 44°; хлоридных кальциево-натриевых вод с минерализацией 20-30г/л и температурой 48-50° в Чолпон-Ате.
Ысык-Көл курорттук аймагы. Ага климаттык, бальнеотерапиялык, баткак менен дарылоочу Чолпон-Ата, Жыргалаң, Ак-Суу, Жети-Өгүз,
Тамга ж.б. курорттук жерлер кирет. Алар Ысык-Көлдүн жээгинде деӊиз деңгээлинен 1600-2200м бийиктикте, аны Ысык-Көлдүн тегерегинде түштүктөн Тескей Ала-Тоо, Түндүктөн Күңгөй Ала-Тоо курчап турат. Ысык-Көлдүн жээгинин көпчүлүгү – кумдуу пляждар. Бул зонанын айланасы — Ысык-Көл коргону. Курорттук зонада жайында жылуу (июлда 17°). Кышында январдын орточо температурасы -3төн -7°ка чейин жетет. Жылына батышында 110мм, чыгышында 470мм жаан-чачын түшөт. Күн тийген күндөр жылына 2670-2880 саат.
Жылуу суулардын температурасы -60°ка жакын, азоттуу, сульфат-хлориддүү, натрийлүү, фтор, күкүртүү, кремний кислотасы бар минералдуу суулар: Жети-Өгүздө радондуу, аз же орто минералдашкан.
Чолпон –Атада хлориддүү-кальций-натрийлүү суулар, температурасы — 48-50°.
Йога – существует свыше 5000лет. Это восьмиуровневый путь познания себя, который на отдельных этапах, среди прочего, предусматривает обучение поведению в обществе, дыхательным упражнениям, медитации. Основная цель йоги – успокоить свой дух, достичь расслабления тела и облегчить душу. Самая известна – Хатха йога.
Йога – сегиз деңгээлден турган өзүн өзү таануу жолу, айрым этаптарда, башканын ичинен коомдо өзүн алып жүрүү, дем алуу көнүгүүлөрү, медитацияны үйрөтүү каралат. Йоганын негизги максаты-өзүн сеп алдыруу, денени бошоңдотуп, сезимди жеңилдетүү. Йоганын ичинен эң таралганы – Хатха йога.
Калдарий – основная часть римской сауны, в которой при температуре 45°С и не такой высокой влажности воздуха, как в лаконии, улучшается кровообращение кожи и происходит расслабление мышц (приблизительно через 30 минут).
Калдарий – рим саунасынын бир бөлүгү. Анда 45°Сда, абанын нымдуулугу анча эмес болгондо теридеги кан айлануу жакшырып, 30 минутадан кийин булчуңдар бошоңдоп калат.
Камчытерапия – поверие у тюркских народов, о возможности изгнания злых духов и болезни и з тела, путем стегания камчой (плеткой). Научного подтверждения не имеет. Используется некоторыми современными шаманами. Камчы менен дарылоо. Элдик медицинада колдонулат. Камчы менен чапкылап денеден ооруну айдап чыгат имиш. Илимий жактан негизделген эмес.
Капли – жидкая лекарственная форма для внутреннего и наружного (ушные, глазные, для носа) применения. Как дисперсные системы капли представляют собой растворы истинные, растворы коллоидные, суспензии, эмульсии. Капли для внутреннего применения (guttae prousu interno) чаще всего представляют собой растворы лекарственных средств в воде, настойках, экстрактах, маслах и других жидкостях. В фито- и натуротерапии часто применяют также капли для носа (Guttae rhinologicae) и капли ушные (Guttae otologicae, Otuguttae). В старину капли назывались «сжатыми микстурами» Mixturae contractae. В народной медицине России ушных капель и капель для носа чаще всего использовали соки лекарственных растений, масла лечебные, воды лечебные и другие лекарства. Тамчы түрүндө өлчөнүн бирилүүчү дарынын суюк формасы (лат. guttae). Кодонуу ыкмасы боюнча ичүүгө жана сыртка (көзгө, кулакка, мурунга) тамчылатуучу тамчылар болуп бөлүнөт. Алар таза же коллоиддүү эритмелер, суспензиялар, эмульсиялар түрүндө мурунга, кулакка тамчылатканга колдонулат.
Кинезиология – наука о движении (греч.kinesis – движение, logos – наука), применяемая в медицине, спорте, и других областях. Кинезиология –(греч.kinesis – кыймыл, logos – илим). Бул термин медицина, спортто колдонулат.
Кинезогидротерпия – (кинезо — + гидротерапия) – общее название форм лечебной физкультуры, при которых дозированные движения сочетаются с воздействием воды на организм больного; включает лечебную гимнастику при приеме местных и общих ванн, плавание игры в бассейнах и открытых водоемах. Кинезогидротерпия – дарылоо физкультурасынын жалпы аталышы. Анда жалпы жана жергиликтүү ванна алганда, сууда сүзгөндө дарылоо гимнастикасы менен айкалыштарып, оорулууну дарылайт.
Кисель – традиционная лекарственная форма, применяемая самостоятельно (ржаной кисель на Руси рекомендвалось есть на пустой желудок после болезни),а также для уменьшения раздражающего действия некоторых средств (перед приемом лекарства пили молочный или овсяный кисель) или веществ, вводимых в кисель. Кисель – салттуу дары формасы. Аны өз алдынча ичкенге (суусун катары), же кээ бир дарылардын ашказанга дүүлүктүргүч таасирин азайтуу үчүн дарыдан мурда ичилет.
Кишечное орошение – метод кишечного промывания, при котором жидкость одновременно вводят и выводят из кишечника лежащего больного с помощью специального прибора, снабженного двухходовым зондом.
Атайын аспаптын жардамы менен ичегени жууп тазалоо. Анда оорулууну жаткырып, бир эле кезде эки зонддуу аспаптын жардамы менен ичегиге суюктук жиберип ичегини тазалайт.
Клизма – введение жидкости в толстую кишку через задний проход с лечебной и диагностической целью. Как лечебная процедура известна с древних времен (Древний Египет, Китай). Различают лечебные (очистительные, масляные,сифонные), лекарственные и питательные клизмы. В фито- и натуротерапии в качестве клизм используют настои, отвары, масла медицинские и доугие лекарственные формы.
Клизма – дарылоо же диагностика максатында жоон ичегиге көтөн чучук аркылуу сууктукту куюу. Клизмалар тазалоочу, сифондуу, дарылоочу жана азыктандыргыч болуп бөлүнөт. Фито -жана натуротерапияда клизма катары дары өсүмдүктөрдүн кайнатмалары, майлар колдонулат.
Климат – многолетний режим погоды, характерный для данной местности в силу ее географического положения.
Климат – географиялык абалына жараша жергиликтүү бир жер үчүн мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими.
Климата глобальное изменение – процесс постепенного увеличения среднегодовой температуры атмосферы Земли и Мирового океана, сопровождающийся в различных регионах частыми отклонениями от привычного хода погод, вызывающих у некоторых контигентов (младенцы, старики, больные бронхиальной астмой, перенесшие инсульт, инфаркт и др.) метеопатические реакции.
Климаттын глобалдык өзгөрүүсү – Жер менен Дүйнө океанын атмосферасынын орто эсеп менен алынган бир жылдык температурасынын акырындык менен жогорулап туруучу процесси.Ар кайсы региондордо аба ырайы демейдеги жүрүшүнөн көп учурда чектен чыгып, калктын кээ бир контингенттерине (мисалы, кичине балдар, улгайгандар, бронх астмасы менен жабыркагандар, инфаркт менен инсультка кабылгандар) метеопатиялык (аба ырайынын өзгөрүлүшүнө) ракциялар болот.
Климатическое лечение, или климатотерапия – наука о целебном воздействии и влиянии климатических условий. Климатическое лечение, которое использует климат определенного района или места в качестве лечебного фактора.
Климатотерапия ненормированная — пребывание в лечебно-оздоровительной местности, на курорте, где в течение всего времени на человека действует комплекс климатообразующих факторов данной местности.
•Высокогорная и среднегорная климатотерапия – характеризующиеся действием следующих климатообразующих факторов: гипоксия, повышенная инсоляция, гипераэроинизация, гипотермия, пониженная влажность, ветер, отсутствие аллергенов, полютантов.
•Низкогорная климатотерапия
•Терапия горно-морским климатом – характеризующаяся действием следующих климатообразующих факторов: повышенная влажность, гипераэроинизация, гиперинсоляция, естественная аэрозольтерапия, стабильность температуры.
Климатотерапия нормированная – дозированное во времени и интенсивности действие отдельного фактора или сочетания нескольких факторов.
•Аэротерапия – (воздушные ванны) – воздействие атмосферного воздуха на оголенное тело.
•Гелиотерапия – (солнечные ванны) – воздействие лучей видимого спектра, инфракрасных и ультрафиолетовых лучей на тело.
•Талассотерапия – (морские и озерные купания) – воздействие на тело химических веществ воды, температура воды и активных движений.
•Климатотерапия в камерах искусственного климата – воздействует комплекс моделируемых искусственно факторов. Климатотерапия – климат менен дарылоо – климаттык шарттардын дарылоочу таасирин изилдөөчү илим. Климат менен дарылоодо белгилүү райондун же жердин климаты дарылоочу фактор катары пайдаланылат.
Нормасы жок климаттык дарылоо — дарылоочу жана ден соолукту чыңдоочу жерде, курортто бүт убакыт бою адамга ошол жердин климаттык шарттарынын комплексинин таасир этиши:
•Бийик жана орто тоолуу климаттык дарылоо. Анда климаттык шарттар – гипоксия, күндүн ачуу тийгени, гипотермия, гипераэроионизация, абанын нымдуулугунун аздыгы, шамал, аллергендердин жоктугу.
•Бөксө тоолуу климаттык дарылоо
•Тоолуу-деңиз климаты менен дарылоо. Ага төмөндөгү климаттык шарттар- абанын жогорку нымдуулугу, гипераэрононизация, күндүн ачуу тийгендиги (гиперинсоляция), табигый аэрозольтерапия, температуранын туруктуулугу мүнөздүү.
Нормаланган климаттык дарылоо — өзүнчө же бир нече факторлордун убакыт же интенсивдүүлүгү боюнча таасир этишинин норма менен дарылоо.
•Аэротерапия –атмосфералык абанын таасири менен дарылоо (аба менен дарылоо) – ачык денеге атмосфералык абанын таасири.
•Гелиотерапия – күндүн нуру менен дарылоо. (Спектрдин инфракызыл жана ультрафиолет нурларынын денеге таасир этүүсү менен дарылоо)
•Талассотерапия – деңиз суусу менен дарылоо. Анда суунун курамындагы химиялык заттар жана активдүү кыймылдар (сууга сүзүү, суудагы көнүгүүлөр) организмге таасир этет.
•Камерада жасалма климаттын таасири менен дарылоо. Анда жасалма факторлордун комплексин колдонуп дарылоо жүргүзүлөт.
Колоногидротерапия – промывание толстого кишечника Колоногидротерапия – жоон ичегиге суу жүргүзүп, жууп тазалоо.
Комбайн физиотерапевтический
Комбинированные методы физической терапии – СМТ-грязелечение. Физиотерапиялык комбайн
Физиотерапиянын айкалыштырылган ыкмалары.
Комбинированный препарат – в фито- и натуротерапии – многокомпонентный препарат природного происхождения в состав которого входят неоднородные ингредиенты. Например, в официнальный препарат (ингаляционный аэрозоль) Каметон входят кристаллические терпеноиды – камфора, ментол, а также эвкалиптовое масло. Комбинацияланган препарат – фито – жана натуротерапияда көп компоненттерден турган табигый препарат. Анын курамына бир өңчөй эмес ингредиентер кирет. Мисалы, Каметон деген препараттын (аэрозоль) курамына кристаллдашкан терпеноиддер – камфора, ментол жана ошондой эле эвкалипт майы кирет.
Комплекс реабилитационный
Комплексный препарат в фито- и натуротерапии – препарат природного происхождения, содержащий комплекс биологически активных веществ, переходящих в него в процессе производства в более или менее нативном состоянии из исходного лекарственного растительного (или другого природного) сырья. Все галеновые препараты являются комплексными, а многие из них многокомпонентными.
Кайра кабылына келтирүү комплекси
Фито- жана натуротерапияда айкалыштырылган препараттар – табигый препарат, ага биологиялык активдүү заттардын комплекси кирет. Алар дары өсүмдүк же башка табигый сырьедон өндүрүш процессинде бузулууга учурабай таза бойдон өтөт. (мисалы, гален препараттары –экстракттар, кайнатмалар, тундурмалар).
Компресс – (франц. Сompresse от лат. comprimo compressum сдавливать, сжимать) – компресс – лечебная многослойная повязка из марли или другой ткани, обычно в сочетании с ватой, бумагой или водонепроницаемой пленкой. Чаще всего в натуротерапии используют компресс влажный (внутренний слой смочен раствором лекарственных средств, настоем или отваром), мазевый или масляный (мазью или маслами медицинскими), полуспиртовой – согревающий компресс, внутренний слой которого пропитан водным раствором какого-либо спирта или водок лечебных, настоек. Согревающий компресс прикрывают сверху полиэтиленовой пленкой, клеенкой, или водонепроницаемой бумагой и теплоизолирующим слоем (ватой, ватином, фланелью). Холодный компресс представляет собой кусок марли или ткани, периодически смачиваемый в холодной (ледяной) воде или настое (отваре) и накладываемый на небольшой участок тела с целью его охлаждения. В традиционной медицине часто использовался, помимо описанных видов, еще и сухой компресс, состоящий из нескольких слоев сухого перевязочного материала (мха, ткани и т.п.). Компресс – (франц. Сompresse лат. comprimo compressum – басуу, таптоо)- көп кабаттаган даки же башка кездеменин кебез же суу өткөзбөгөн кагаз же пленка менен бирге дарылоо максатында колдонуучу байлоо. көбүнчө компресс нымдуу болот (анын ички кабаты дарынын эритмеси, кайнатмага чыланып, жабыштырылат). Көп учурда компресс жылытуучу болот. Анын ички кабаты кайсы бир спиртке, настойкага, аракка чыланат. Жылытуучу компресстин үстүнө полиэтилен пленка, клеенка же суу өткөрбөгөн кагаз салып, анын үстүнө жылуулукту сактоочу кебез, ватин коет. Муздатуучу компрессте даки же кездемени улам-улам муздак суу же муздак тундурмага салып, дененин тиешелүү бөлүгүнө муздатуу үчүн жабыштырып турат. Кургак
компрессте даки же кездемени бир нече кабат кылып салат.
Кора (лат. cortices) – наружная часть стволов, ветвей и корней деревьев и кустарников, расположенная к периферии от камбия. Кору, как правило, заготовляют весной, в период сокодвижения, и высушивают. Кыртыш (лат. cortices) – дарактардын же бадалдардын сөңгөгүнүн, бутактарынын, тамырынын камбий катмарынан кийинки сырткы бөлүгү. Кыртыш өсүмдүктө ширелер агып жылган мезгилде жазында жыйналып кургатылат.
Корни, корневища, луковицы, клубни, клубнелуковицы – в фармацевтической практике используют высушенные, реже свежие подземные органы многолетних растений, собранные чаще осенью или ранней весной, очищенные или отмытые от земли, освобожденные от отмерших частей, остатков стеблей и листьев. Крупные подземные органы перед сушкой разрезают на части (продольно или поперек). Сырье может быть представлено корнями – radices, корневищами — rhizomata, корневищами и корнями rhizomata et radices, корневищами с корнями — rhizomata cum radicibus, луковицами — bulbi, клубнями — tubera и клубнелуковицами — bulbotuber. Тамыр, тамыр сабак, түп, пияз-түптөр – өсүмдүктөрдүн жер астындагы органдары. Алар кеч күздө же эрте жазда казылып жыйналат.
Аларды топурактан күбүп, тазалайт. Чоң тамырларды кургатуудан мурда майдалап туурасынан же узунунан кесет.
Королевская ванна (ванна императрицы сиси) – один из самых известных методов ухода в индивидуальной ванне; применяется с начала 90-х гг. ХIХ века. Включает различные процедуры: щеточный массаж всего тела, пилинг, накладывание масок на лицо и т.д. Завершается принятием эксклюзивной ванны с добавлением в нее кумыса, меда и лепестков роз. Питает кожу и делает ее эластичной. Одновременно оказывает успокаивающее и расслабляющее действие и обеспечивает гармонию тела, души и духовности. Падыша ваннасы – жеке ванна алуу менен ар кандай процедуралар колдонулат : бут денеге гүлдөр менен массаж жасалат, бетке маска салынат. Тери чоюлгуч болуп, оңолот. Аны менен бирге булчуңдар бошоңдойт, дене менен жан айкалышып организм сеп алат.
Кранио-сакральная терапия – при лечении оказывается нежное воздействие на кости черепа в определенном ритме (6-12 раз в минуту) (кранио- сакральный ритм) и мозговой жидкости (ликвора), который передается с черепа на позвоночник, а затем на все органы, кости и ткани. Применяется при заболеваниях нервной системы, головы, позвоночника, а также для расслабления.
Кранио-сакралдык дарылоо – белгилүү бир ритмде баш сөөгүнө таасир этүү дарылоо ыкмасы. Анда белгилүү ритмде (минутасына 6-12 жолу) баш сөөгүн акырын кармалап таасир эткенде, ал ритм баш сөөктөн омуртка тутумуна, андан кийин бардык органдар менен ткандарга, сөөктөргө берилет. Нерв системасынын, омурткалардын ооруларында, ошондой эле сеп алуу үчүн колдонулат.
Криотерапия (cryotherapia; крио + терапия) – общее название методов лечения, основанных на применении низких температур для охлаждения тканей, органов и всего организма.
Воздушная криотерапия (лечение охлаждением)
Криомассаж – Холодная температура
Холодные растирания – Холодная температура
Криотерапия (лат. cryotherapia; cryo муздак + терапия) – төмөнкү температураны колдонууга негизделген дарылоо ыкмасы(муздатуу жолу менен дарылоо ,укалоодо муздак температураны колдонуу,муздак температураны колдонуп сүртүнүү)
Кундалини – известное в индийской аюрведе интенсивное воздействие на позвоночник с использованием специального масла. При этом на позвоночник воздействуют специальные вибрации, движения и соприкосновения.
Кундалини – индиялык аюрведа боюнча атайын май менен омурткаларга таасир этүү ыкмасы, омуртка тутумун атайын май менен интенсивдүү майлап укалайт. Анда омуртка тутумуна атайын вибрациялар, кыймылдар жана байланыштар таасир этет.
Купание в ваннах – процесс окунания (части) тела в специально приготовленную жидкость или сыпучее вещество с целью лечения, укрепления здоровья и получения других эффектов. Известны ионная, масляная, травяная, розовая, цветочная, фруктовая, королевская и другие ванны. Дарылоо максатында ваннага түшүү. Анда дене же бут-кол атайын суюктукка же күкүмгө малынат. Ал үчүн май, чөп, роза, жемиш, гүл, иондук ванналар колдонулат.
Курорты – (нем. Kur лечение +Ort место) – местности, распологающие природными ресурсами для лечения и отдыха (благоприятным климатом, живописным ландшафтом, источниками целебных минеральных вод, залежами лечебных грязей и др.), а также учреждениями, сооружениями, устройствами для использования этих природных ресурсов с лечебно-профилактическими и оздоровительными целями.
Курорттор – (нем. Kur дарылоо +Ort жер) – дарылоо жана эс алуу үчүн ылайыктуу табигый ресурстарына бай болгон жайлар. Анда өзүнө тиешелүү климат, кооз ландшафт, минералдык булактары, дары баткагы ж.б., жана дарылоо мекемеси, табигый ресурстарды пайдаланууга ылайыкталган курулмалар болот.
Курортология – область медицины, изучающая воздействие природных лечебных факторов на организм человека и разрабатывающая методы организационные формы их использования с лечебными и профилактическими целями как на курортах, так и во внекурортных учреждениях. К числу природных (курортных) факторов относится благоприятный климат, минеральные воды и лечебные грязи. Основными разделами К. являются климатотерапия и бальнеология.
Курортология – табигый дарылоочу факторлордун адамдын ден соолугуна тийгизүүчү таасирлерин изилдөөчү жана аларды колдонуу ыкмаларын иштеп чыгуучу медицина илиминин бир тармагы. Анын иштери курорттун аймагында же курорттук эмес шартта да жүргүзүлөт. Курорттук (табигый) факторлорго жагымдуу климат, минералдык суулар, дары баткактары кирет. Курортологиянын тармактары – климатотерапия жана бальнеология.
Кумыс – молочнокислый напиток, изготовляемый из кобыльего молока путем брожения под влиянием особой закваски, происходящий при определенных условиях температурного режима и аэрации. Цвет кумыса зависит от той травы, которую поедают кобылы. Так, в Аксае и Арпе кумыс имеет красноватый оттенок, на Суусамыре белый цвет. К свежему кобыльему молоку добавляется специальная закваска, состоящая из молочнокислых бактерий и дрожжей. Состав кумыса: белка 2-2,5%, жиров – 1-2%, сахара- 3,5%. В 1 кг витамина с – 100-200мг%, кроме того имеются витамин А и витамины группы В.
Кымыз – көбүнчө бээнин сүтүнөн ачытып жасалган кычкыл суусун. Кымыздын өңү саан бээлердин жеген чөбүнө жараша кызгылтым (Арпа, Аксай өрөөндөрүндө жана Ысык-Көлдүн сырттары), агыш (Суусамыр ж.б.) түс алат. Жаңы саалган сүт атайын сүт кычкыл бактериясы менен сүт ачыткычынан даярдалган ачыткы менен ачытылат. Курамында 2-2,5% белок, 1-2% май, 3,5% кант; 1 кг кымызда 100-200мг% С витамини, о.эле А витамини, В тобундагы витаминдер бар.
Кумысолечение – применение кумыса для лечения различных заболеваний. Кумыс тонизирует работу нервной, сердечно-сосудистой; дыхательной систем. Влияет на выделение пищеварительных соков, повышает аппетит. Кумысолечение наряду со специфическим лечением применяется при всех видах туберкулеза, малокровии, бронхитах и т.д. Имеются лечебницы-профилактории, где основным методом лечения является кумысолечение. Кымыз менен дарылоо – түрдүү ооруларды дарылоодо кымызды пайдалануу. Кымыз жүрөк, кан-тамыр, дем алуу системаларга дүүлүктүрүп, кубаттандырат. Адамдын уйкусун келтирип, талыкшытат, кан басымы жогорулайт, тамакка табитти ачат. Кымыз менен дарылоо кургак учуктун бардык түрлөрүндө, аз кандуулукта, бронхитте ж.б. ооруларды дарылоодо кеңири колдонулат. Азыркы кезде көптөгөн кымыз менен дарылоочу жайлар, профилакторийлер бар.
Кыргызское взморье – климатический и бальнеогрязевой курорт в Иссык-Кульской области Кыргызстана в курортной зоне Бостери, к востоку от г. Балыкчы на побережье озера Иссык-Куль, на высоте 1640м над уровнем моря.
Кыргыз Көл (деңиз) – Кыргызстандын Ысык-Көл областындагы бальнео-баткактуу курорт. Ал Бостери курорттук зонасында Ысык-Көлдүн жээгинде, Балыкчы шаарынан чыгыш карай, деңиз дэңгээлинен 1640м бийиктикте жайгашкан.
Лазер – (аббревиатура из начальных букв англ. Light Amplification by Stimulated of Radiation – усиление света стимулированным излучением; синоним оптический квантовый генератор) – техническое устройство, испускающее фокусированное в виде пучка электромагнитное излучение в диапазоне от инфракрасного до ультрафиолетового, обладающего большой энергией и биологическим действием.
Лазеротерапия:
Когерентные лучи
Низкоинтенсивные лазеры
Высокоинтенсивные лазеры
ВЛОК
Надвенная лазеротерапия
Местная лазеротерапия
Акупунктурная лазеротерапия
Лазерная дермоабразия Лазер – оптикалык квант генератору. Ал техникалык аспап өтө интенсивдүү жарык агымын бир чекитке чогултуунун (фокусташтыруунун) жардамы менен зор кубаттагы багыттуу, айкалышкан энергияны жана биологиялык таасирди берет.
Анын түрү:
Когеренттүү нурлар,
Төмөнкү интенсивдүү лазер,
Жогорку интенсивдүү лазер,
Вена аркылуу канды лазер менен нурлантуу,
Вена үстүнөн жүргүзүлүүчү лазердик терапия,
Бир жерге багытталган лезердик терапия ,
Акупунктуралык лазердик терапия ,
Лазердик жол аркылуу теринин жабыркаган жерин тазалоо
Лаконий – одно из помещений в римско-ирландских ваннах – место для потения (лат. laconium) или сухое, теплое помещение (температура 55-65°С). Впервые появилось в древнегреческой области Лакони. Сегодня имеет форму древнеримских ванн для потения, в которых можно находиться около часа. Лаконий – (лат. тердөө үчүн жай) — римдик-ирландиялык ванналардын бир имараты. Анда кургак, жылуу (температурасы 55-65°С) жайда бир саатка жакын жатып тердесе болот.
Ландшафтотерапия – эмоциональное
воздействие пейзажей, естественная ароматерапия парков и лесопарков.
Ландшафттык дарылоо – жаратылыштын жагымдуу жалпы көрүнүшү аркылуу (пейзаж, парктардын, бактардын жыпар жыты) адамдын эмоциясына таасир этүү.
Лекарственная форма – придаваемое лекарственному средству или лекарственному растительному сырью удобное для применения состояние (порошок, раствор, мазь, таблетки и др.), при котором достигается необходимый лечебный эффект. Не всегда возможно провести резкую границу между понятиями лекарственная форма и лекарственное средство. Например, настойка валерианы, находясь в баллоне вместимостью 10л, является галеновым лекарственным средством. Если ее налить во флакон объемом 30мл для отпуска больному в качестве капель для внутреннего применения, то эта же настойка будет являться лекарственной формой — капли.
Лекарственные формы по агрегатному состоянию классифицируются по академику Ю.К. Трапппу) на твердые, жидкие, мягкие, газообразные. К твердым относятся: сборы, порошки, таблетки, пилюли, свечи, шарики, палочки, гранулы, микрогранулы; к жидким – микстуры, капли, примочки, полоскания, ванны, впрыскивания; к мягким – мази, пасты, пластыри; к газообразным – газы, пары(распыленные жидкости), аэрозоли. Эта классификация имеет ряд недостатков, но сохранилась до настоящего времени и включена в ГФ XI лекарственные формы по путям выведения (по В.А. Тихомирову) делятся на энтеральные (через пищеварительный тракт) и парентеральные (минуя пищеварительный тракт).
Дары формасы – тиешелүү дарылоо максатына жетүүдө дары каражаты же дары өсүмдүк сырьесунун кабыл алуу үчүн ылайыкталган абалы (күкүм, эритме, таблетка, тундурма ж.б.).
Дары формалары өзүнүн агрегаттык абалы боюнча катуу, суюк, жумшак, газ сымал болуп бөлүнөт. Дары формалары берилүүчү жолдору боюнча энтералдык (тамак сиңирүүчү тракты аркылуу) жана парэнтералдык (тамак сиңирүүчү жолдорунан тышкары ) деп да бөлүнөт.
Лекарственное средство – в соответствии с международной терминологией, это вещество или смесь веществ (не являющиеся прибором), изготовляемое, продаваемое, предлагаемое к продаже для использования в целях диагностики, лечения, уменьшения тяжести, профилактики заболеваний, патологических физических состояний или их симптомов, а также для восстановления или изменения органических функций у человека или животных. Под это определение попадают фармацевтические продукты медицинского назначения, ветеринарные фармацевтические продукты, лекарственные субстанции в массе («ангро»), галеновые препараты в массе (не расфасованные), препараты, изготовленные ex tempore на основе индивидуальных рецептов. В эту категорию не входят лекарственное растительное сырье и сырье животного происхождения, вспомогательные вещества для изготовления дозированных форм, диагностикумы, применяемые in vitro. В соответствии с Федеральным законом «О лекарственных средствах» (от 05.06.98г.) и ОСТ 91500.05.001-00, лекарственные средства – вещества, применяемые для профилактики, диагностики, лечения болезни, предотвращения беременности, полученные из крови, плазмы крови, а также органов, тканей человека или животного, растений, минералов, методами синтеза или с применением биологических технологий. К лекарственным средствам относятся также вещества растительного. Животного или синтетического происхождения, обладающие фармакологической активностью средств. В контексте современного Положения о системе сертификации лекарственных средств, лекарственное средство – это субстанция, готовое не расфасованное лекарственное средство («ангро»), готовая лекарственная форма, кроме медицинских и иммунобиологических препаратов.
Дары каражаты – эл аралык терминология боюнча, — бул зат же заттардын кошулмасы (аспап эмес) диагностика, дарылоо, ооруну алдын алууда, адам менен жаныбарлардын органикалык функцияларын кайра калыбына келтирүүгө же өзгөртүүгө багытталган каражат. Алар – медициналык багыттагы жана ветеринардык фармацевтикалык продуктулар,дары , гален препараттары (фасовкаланбаган).Бул категорияга дары өсүмдүк сырьесу жана жаныбарлар сырьесу ж.б. кирбейт.
Дары каражаттар – ооруну алдын алууда, диагностикада, дарылоодо, боюна болтурбоо үчүн колдонулуучу заттар. Алар кандан, кан плазмасындан, адамдын же жаныбардын органдары менен ткандарынан, өсүмдүктөрдөн, минералдардан, синтез жолу же биологиялык технологияларды пайдалануу жолдору менен алынат. Заманбап талаптарга ылайык дары каражаты – бул субстанция, ал даяр фасовкаланбаган дары каражаты («ангро»), даяр дары формасы (медициналык жана иммунобиологиялык препараттардан башка).
Лекарственное средство природного происхождения – лекарственное средство, полученное из сырья природного происхождения. Существует два основных пути использования природного сырья, в результате которых могут быть получены три типа лекарственных препаратов – комплексные (галеновые), максимально очищенные (новогаленовые) и препараты индивидуальных средств растительного или животного лекарственного сырья. Все три типа имеют природное происхождение, но выделенные индивидуальные биологически активные вещества впоследствии могут становиться объектами для полусинтетического получения других лекарственных веществ или вообще воспроизводятся в дальнейшем синтетическим путем. При этом каждая страна или даже отдельная фирма решает для себя самостоятельно вопрос о целесообразности выделения некоего соединения из природного источника или воспроизведения его синтетическим (полусинтетическим) путем. Другими словами, выделенные из растений или животного сырья препараты индивидуальных средств не могут быть включены в исследуемое понятие несмотря на их природное происхождение. Эти препараты имеют ряд физико-химических и биологических свойств, позволяющих стандартизировать и применять их в качестве фармакотерапевтических. Их использование не может быть классифицировано как фито(натуро-) терапия, следовательно, во избежание путаницы, их нельзя относить к лекарственным средствам природного происхождения. Тем более, что в каждом конкретном случае ) в зависимости от фирмы-производителя) одно и то же соединение может быть выделено из растения, получено полу- или синтетическим путем.
Табигый дары каражаттары. Алар табияттан алынган сырьедон жасалат. Анда үч типтеги дары препараттары – комплекстүү (гален), өтө тазаланган (новогален) жана өсүмдүк же жаныбар сырьесунан алынган жеке биологиялык активдүү заттар кирет. Кийинчирээк булар башка дарыларды жарым синтез жолу менен алууга жол ачат же синтез жолу менен алууга мүмкүндүк түзөт. Анда ар бир өлкө же жеке фирма бул бирикмени кандай жол менен чыгарууну өзү чечет. Ал препараттардын стандарты болуш керек.
Лекарственный препарат – дозированное лекарственное средство, готовое к применению (или, в соответствии с ОСТ 91500.05.001-00 – дозированное лекарственное средство в виде определенной лекарственной формы. Это готовый продукт, который используют с лечебной или профилактической целью, то есть готовят лекарственные препараты из лекарственных средств, придавая им удобное состояние для применения (лекарственную форму), в которой достигается необходимый (оптимальный) лечебный эффект.
Дары- дармектер – дозаланган (атайын өлчөмү болгон) дары каражаттар. Бул даяр продукт, ал дарылоо же профилактикалык максатта колдонулат, анын абалы колдонууга ылайыкталган, б.а. тиешелүү дары формасына (таблетка, эритме ж.б.) келтирилген. Аны колдонуу керектүү оптималдуу дарылоо эффектисине алып келет.
Лекарство – русское народное обобщающее название всех применявшихся в народе с лечебной целью отдельных растений, частей животных, минералов, снеговой воды, лекарственных форм и даже процедур (ванны, припарки, примочки, втирания и др.). У восточных славян и у русских жителей разных областей России применяли следующие лекарства: водки, настойки, декокты (отвары), порошки, мази, травы в свежем виде (их просто ели или выжимали сок, который употребляли внутрь или наружно), травы в сушеном виде, кисели, пластыри, меда, масла. В настоящее время в соответствии с рабочим документом ВОЗ (WHO/PHARM/97.596), лекарство является синонимом слов фармацевтический препарат, медикамент, лекарственное средство.
Дары – элде дарылоо максатында пайдалануучу каражатардын, процедуралардын (ванна, копмресс, дарыны сүйкөө ж.б.) жалпы аты.
Заманбап аты (ВОЗдун документи боюнча WHO/PHARM/97.596), — фармацевтикалык препарат, медикамент, дары каражаты деген синонимди түшүндүрөт.
Ликвид саунд (англ. liquid sound) – процедура в ванне с соленой водой, сопровождаемая расслабляющими действиями (света, музыки, аромата и др.), — это результат новых технологий, используемых для создания специальных эффектов в термальных центрах.
Ликвид саунд (англ. liquid sound) – туздуу суу менен болгон ваннадагы процедура. Ал жарык, музыка, жыпар истер ж.б. менен коштолуп, организмди сеп алдырат.
Лимфодренаж
-ручной лимфодренаж – это процедура выведения продуктов метаболизма с помощью выполнения нежных круговых движений в местах отеков, возникающих в результате застоя лимфы.
Аппаратный лимфодренаж – Лимфавизион
Лимфодренаж – зат алмашуудан келип чыккан жарабаган продуктуларды сүрүп чыгаруу процедурасы, лимфа толуп калган, шишиген жерлерди акырындык менен укалайт.
Линименты (от лат. linire втирать, натирать) – разновидность мазей (жидкие мази), название которых указывает на способ применения – путем втирания в кожу, реже – в виде повязок и тампонов. До недавнего времени линименты считались отдельной официальной лекарственной формой, которую определяли как густые жидкости или студнеобразные массы, плавящиеся при температуре человеческого тела. В качестве основ для приготовления линиментов в натуротерапии чаще всего используют масла растительные (подсолнечное, миндальное, персиковое, касторовое), масла медицинские, масло терпентинное очищенное.
Линименттер ( лат. linire — сүрүү, сыйпоо) – сыйпоочу майлардын түрү. Алар териге, сыйпоо үчүн кээде таңууга колдонулат. Линименттерди даярдоодо өсүмдүк майлары (күн карама, шабдаалы, бадам, касторка) медициналык майлар, скипидар майы пайдаланылат.
Липосакция – это метод в косметологической хирургии, в процессе которого с помощью вакуума отсасывается избыточная жировая ткань, как правило, в проблемных местах (бедра, живот, подбородок и др.)
Липосакция – косметологиялык хирургиянын ыкмасы. Анын процессинде вакуумдун жардамы аркылуу сан, курсак, ээктердеги ашык май ткандары сорулуп алынат.
Листья (лат.folia) – в фармацевтической практике – лекарственное сырье, представляющее собой высушенные или свежие листья или отдельные листочки свежего листа. Листья собирают обычно вполне развитые, с черешком или без черешка.
Жалбырак (лат.folia) – фармация практикасында – кургатылган же жаңы терилген жалбырактар. Ал дары сырьесу катары пайдаланылат. Алар сабагы менен же сабаксыз эле жыйналат.
Лифтинг, или подтяжка – косметический прием для уменьшения складок, повышения упругости кожи и омоложения. Представляет собой хирургическую операцию в ходе, которой выполняется подтяжка обвисшей кожи лица и шеи с последующим удаление ее излишков.
Лифтинг – теринин бырыштарын азайтуу, анын ийилгичтигин жогорулатуу жана жашартуу үчүн жасалуучу косметологиялык ыкма. Ал хирургиялык жол менен жасалат. Анын жүрүшүндө беттеги жана моюндагы салаңдап калган тери тарттырылып, анын ашыгы алынып салынат.
Магия – метод, не имеющий научного подтверждения, использующийся в коммерческих целях некоторыми знахарями магами, колдунами), для отведения порчи.
Сыйкырчылык, көз боечулук – илимий жактан негизделген эмес. Коммерциялык максатта аны кээ бир сыйкырчылар пайдаланат.
Магнитотерапия – метод физиотерапии, при котором применяют высоко- и низкочастотное переменное или постоянное магнитное поле. Магнитные поля (постоянные и переменные) могут генерироваться в непрерывном или прерывистом (импульсном) режиме с различной частотой, формой и длительностью импульсов.
Общая и местная
Постоянный
Переменный, бегущим полем
Магнитолазерная терапия
Магниттик терапия – физиотерапиянын ыкмасы. Анда жогорку жана төмөнкү жыштыктагы өзгөрүлмө жана туруктуу магнит талаасы колдонулат. Магнит талаалары (туруктуу жана өзгөрүлмө) үзгүлтүксүз же үзүлмө режимде ар түрдүү жыштыкта, формада жана импульстардын созулушу боюнча генерация кылат.
Жалпы жана жергиликтүү магниттик терапия
Туруктуу
Таралуучу талаасындагы өзгөрүлмө
Магнит-лазер терапиясы
Мази (лат. unguenta) мягкая официнальная лекарственная форма, предназначенная для Мази состоят из основы и веществ, равномерно в ней распределенных. По типу дисперсных систем различают мази гомогенные (сплавы, растворы), суспензионные, эмульсионные и комбинированные, а в зависимости от консистентных свойств – собственно мази, пасты, кремы, гели и линименты. Мази могут оказывать как местное (локальное) так и резорбтивное действие. Основами для мазей служили: масло коровье, сало свиное, жир внутренний, курдючный, гусиной, медвежий, воск, растительное масло, иногда нефть и мед. В некоторые мази вводили сок лекарственных растений, и тога мазь нагревали, пока не выкипала влага.
Дары майы (лат. unguenta) – жумшак официналдуу дары формасы. Ал териге, жарааттарга же былжыр челдерге сыйпаганга ылайыкталып жасалат. Дисперсия системасы боюнча гомогендүү (эритилип жасалган, эритме), суспензия, эмульсия же комбинацияланган дары майлары же б.а. майлар, пасталар, бет майлар, гелдер, линименттер болуп бөлүнөт. Дары майлар жергиликтүү жана жалпы (сиӊирилгенден кийин, денеге тарагандан кийин) таасир берет. Дары майлар чочконун ич майынын, момдун, өсүмдүк майынын, нафталандын ж.б. негизинде жасалат. Элдик медицинада койдун ич майы, бал колдонулат. Кээ бир майларга өсүмдүктүн ширелери да кошулат, анда майды суусу жоголгонго чейин жылытат.
Максым – национальный зерновой витаминный напиток
Максым – улуттук витаминдүү талкандан жасалган суусун.
Масляные экстракты (син. линименты) – извлечения из лекарственного растительного сырья, приготовленные с использованием растительных и минеральных масел. В настоящее время в медицинской практике применяют масляные экстракты из листьев белены (масло беленное), травы зверобоя (масло зверобойное), плодов шиповника (масло шиповника) и облепихи (масло облепиховое).
Май экстрактары – дары өсүмдүк сырьесун өсүмдүк же минерал майларына чылап коюп алынат. Аны линименттер деп атайт. Медициналык практикада сары чай чөптүн, ит мурундун, чычырганактын майлуу экстрактары кеңири колдонулат.
Массаж – дозированное механическое воздействие на обнаженное тело больного специальными приемами, выполняемое руками массажиста в определенной последовательности. Классический ручной массаж помогает избавиться от болей в мышцах, головной боли, раздражений кишечника и т.п. При этом используются различные техники ручного массажа, воздействующее на кожу, подкожный слой и мышечную ткань посредством ручного контакта и применения силы разной степени. Сегодня различные техники и стили массажа используются для расслабления, поднятия тонуса,
успокоения, устранения нервозности и облегчения болей (классический, шведский, лимфодренаж, массаж рефлекторных зон, массаж с применением масел, туи-на, шиатсу и т.д).
Экзотически названия массажа и церемония его проведения, внешние атрибуты (цветомузыка, ароматерапия, драгоценные камни) делают его более дорогим и привлекательным для определенного круга пациентов, не повышая эффективности лечения.
Массаж камнями (stone terapy)- одна из форм активации энергетических центров, заключающаяся в размещении горячих (иногда в комбинации с холодными) лавовых камешков на различные участки тела, в результате чего восстанавливается энергетическое равновесие и возникает чувство физического и психологического комфорта.
Массаж гавайский (Ломи-Ломи-Нуи) – известный гавайский массаж для хорошего самочувствия. Включает мягкие надавливания, трение и массирование с применением большого количества масла, а также плавные движения предплечья массажиста под специально подобранную гавайскую музыку.
Исконно это традиционный обряд очищения и работы с телом, в процессе которого объединяются наружные и внутренние ощущения человека для создания праздника для тела и души.
Массаж китайский (Туи-на) – является составной частью традиционной китайской медицины и одним из первых методов лечения, который широко использовали в древнем Китае. Цель массажа – увеличить поток энергии чи по меридианам с помощью различных техник массажа на мягких тканях и структуре скелета, а также с помощью акупрессуры.
Массаж тайский – включает виды и формы массажа, которые были разработаны в Тайланде и основываются на философии жизни местных жителей.
Массаж японский Шиатсу – (от япон. shi- палец, atsu – давление) техника массажа, воздействующая на приток жизненной энергии чи с помощью надавливания пальцами.
Нуад (Тай-йога массаж) – метод медицины аюрведи, пропагандируемый индийским врачом Дживака Кмар Бакха. Упрощенная, пассивная форма йоги, выполняемая с помощью инструктора, сочетающая массаж, растяжки. Массаж, укалоо – массажисттин колу менен оорулуунун денесинин ар кайсы жерлерин атайын ыкмалар менен укалоо. Анда булчуңдардын ооруганы, баштын оорусу, ичегилердин жабыркашы ж.б. жоголот. Укалоо ар кандай күч менен жасалат. Анын таасиринен адам сеп алат же тонусу жогорулайт, оору басаңдайт.
Кээ бир экзотикалык массаждар түс, музыка, жыпар жыттар менен коштолот. Бирок а кымбат, дарылоо эффектиси андан жогорулабайт.
Таш менен укалоо. Анда ысытылган таштар (кээде алар муздак таш менен комбинацияланат), лава (жанар тоонун) таштары дененин ар кандай бөлүктөрүнө жайгаштырылып, энергия борборлоруна активдүү таасир этет. Натыйжада энергиялык тең салмактуулук өз ордуна келип, андан физикалык жана психологиялык комфорттун сезими келип чыгат.
Гавайя укалоосу (Ломи-Ломи-Нуи). Анда териге көп өлчөмдөгү май сыйпап, атайын гавай музыкасын коштоп кылдаттык менен укалайт. Бул салттуу ыкма, анын процессинде адамдын тышкы жана ички сезимдери айкалышып, адам сеп алат.
Кытай укалоосу. Салттуу кытай медицинасынын составдын бөлүгү. Ал баяйыркы Кытайдан бери кеңири колдонулуп келе жатат. Укалоонун максатында меридиандар боюнча чи энергиясынын агымы күчөйт. Анда ар кандай ыкмалар менен жумшак ткандар укаланып, акупрессуранын жрдамы менен коштолот.
Тайланд укалоочу. Тайландда иштелип чыккан укалоонун ар кандай ыкмалары колдонулат. Ал жергиликтүү калктын философиялык жашоосуна негизделген.
Япония укалоосу Шиатсу – (от япон. shi- бармак, atsu – басуу, кысуу). Анда бармак менен басканда чи жашоо энергиясынын агымы күчөтүлөт.
Нуад – байыркы индиялык аюрведа медицинасынын ыкмасы. Йогдордун жеңилдетилген, пассивдүү формасы.
Мед -1) пищевой продукт пчеловодства – мед натуральный (ГОСТ 19792-87), используется в диетотерапии; 2) на Руси – легкий сладкий хмельной напиток, приготовляемый из меда с водой, хмеля и пряностей, называемый «мед вареный, бутылочный, питейный, броженый, кислый»; 3) жидкая русская народная лекарственная форма, приготовляемая на основе «пресного» (пчелиного меда путем проваривания его на огне с добавлением высушенного или свежего лекарственного растительного сырья (например, цветков шиповника) и последующего процеживания. В настоящее время не является официальной лекарственной формой. Бал. 1) Бал челектерден чыгарылып алынуучу азык (ГОСТ 19792-87). Диетотерапияда колдонулат.
2) Россияда бал, кулмак, татымалдар кошулуп жасалуучу суусун. Аны кайнатма, ичүүчү, ачытылган, кычкыл деп аташат.
3) элдик медицинада балга ар кайсы өсүмдүк сырьесунун ширеси же кайнатмасы кошулуп, чыпкаланып, андан бал сироптору жасалат.
Медитация – глубокое обдумывание, размышление, сосредоточение на работе внутренних органов. Это традиционное состояние человеческой души в индийской, китайской и японской религии и философии. Применяется в качестве нерелигиозного способа расслабления и снятия стресса. Достижение состояния медитации возможно за счет регулярных тренировок и упражнений. Медитация – ички органдардын иштешине карата терең жакшылап ойлонуу, ага бүт көңүл буруп ойго батуу. Индия, Кытай, Япония дини менен философиясындагы адамдын чер жазуу абалы. Медитация абалына көптөгөн үзгүлтүксүз көнүгүүлөр менен жетет.
Мезотерапия – представляет собой метод введения медикаментов внутрикожным путем в очень низких дозах, как локорегионарно, так и на расстоянии от пораженного отдела, с целью получения эффекта стимуляции биологически активных точек и рефлексогенных зон кожи. В зависимости от молекулярной массы диффузия введенных лекарственных препаратов из дермы в кровяное и лимфатическое русло происходит с разной скоростью.
Чем выше молекулярная масса вещества, тем дольше оно задерживается (депонируется) в коже. Мезотерапия – дарыларды абдан аз өлчөмдө дарылоо максатында теринин ичине киргизүү ыкмасы. Анда дарылар биологиялык активдүү точкалар менен рефлекс зоналарын активдештерет. Молекулалык массасына жараша териден дары кан менен лимфага ар кандай ылдамдыкта өтөт. Заттын молекулалык салмагы канчалык чоң болсо, ошончолук ал териде көп убакыт бою сакталат (депо түзөт).
Метеолабильность – повышенная чувствительность организма к смене климата и погоды; наблюдается чаще у лиц, страдающих хроническими заболеваниями (прежде всего цереброваскулярными, коронарной болезнью сердца, гипертонией и гипотонией, ХОБЛ), а также при переутомлении, нарушении режима труда и отдыха.
Метеолабилдүүлүк (гр. meteora – атмосфералык жана асман кубулуштары, labile — туруксуздук) – атмосфералык кубулуштардын туруксуздугунан (тез-тез өзгөрүлүп туруусу)келип чыккан организмдин сезгичтигинин жогорулашы. Ал көбүнчө өнөкөт оорулар (гипертония, гипотония, жүрөктүн көрөнар оорусу ж.б.) менен жабыркагандарда, ошондой эле өтө чарчаганда, эмгек менен эс алуу режими бузулганда байкалат.
Метеопрофилактика — савокупность мероприятий, направленных на предупреждение возникновения метеопатических реакций. Метеопрофилактика – адамга атмосфералык кубулуштардын тийгизүүчү терс таасирлерин алдын алуу чаралардын жыйындысы.
Механотерапия – метод лечебной физкультуры, основанный на выполнении дозированных движений (преимущественно для отдельных сегментов конечностей), осуществляемых с помощью механотерапевтических аппаратов, облегчающих движения или, наоборот, требующих дополнительных условий для их выполнения. Механотерапия – дарылоо физкультурасынын ыкмасы. Ал механикалык аппараттардын жардамы менен көпчүлүк учурда кол-буттардын өзүнчө сегменттерине тиешелүү өлчөмдөгү кыймылдарды жасоого багытталган. Анда кыймылдар жеңил болот же аларды аткарууга кошумча күч-аракет талап кылынат.
Микстуры – (от лат. mixturae смешивать) – все жидкие лекарственные формы для внутреннего применения, дисперсионной средой в которых является вода. Дозируются ложками: столовыми -15 мл, десертными – 10 мл, чайными – 5 мл. В фито- и натуротерапии применяют микстуры, содержащие экстракционные препараты, сиропы, экстракционные препараты, сиропы, эликсиры, капли нашатырно-анисовые, воды ароматные и др. Микстуралар — (лат. misceo — аралаштырам)- түрдүү дарылардын аралашмасынан жасалган суюк дары. Анда дисперсия чөйрөсү-суу. Микстуралардын өлчөмү: аш кашыкта -15 мл, десерт кашыгында – 10 мл, чай кашыгында – 5 мл болот. Фито – жана натуротерапияда экстрактар, настойкалар, сироптор, эликсирлер, жыпар жыттуу суулар колдонулат.
Минеральные лекарства – традиционные лекарства различных медицинских традиционных систем мира для внутреннего и наружного применения неорганического (минерального) происхождения (например, различные металлы, соль, глина, мел, песок, земля, вода дождевая и морская, роса, снег).
Минералдык дарылар – органикалык эмес заттардан жасалган дарылар. Ал ар түрдүү салттуу медициналарда колдонулат. Мисалы, ар кандай металлдар, туз, баткак, кум, жамгыр суусу, деңиз суусу, кар ж.б.)
Многокомпонентный препарат – в фито- и натуротерапии лекарственный препарат природного происхождения, содержаший в своем составе несколько однородных ингридиентов (комбинацию компонентов), некоторые из которых, в свою очередь, могут являться комплексными. То есть эти два понятия частично перекрываются, но требуют дифференцированного применения. Более конкретно под многокомпоненьными понимают препараты, полученные либо из суммарных экстрактов с добавлением вспомогательных веществ, либо путем смешения отдельных эксрактов на основе лекарственного растительного сырья, также с добавлением вспомогательных веществ и создания на этой основе современных лекарственных форм (капсул, таблеток, гранул и др.) второй метод более технологичен, поскольку позволяет более точно ббеспечивать соотношение биологически активных веществ в лекарственных формах.
Көп компоненттүү (ар түрдүү кошулмалардан) жасалган дары-дармек. Фито- жана натуротерапияда колдонулуучу табигый дары-дармек. Анын курамына бир нече бир өңчөй ингредиенттер кирет да, алардын ичинен кээ бири көп компоненттүү дары-дармектер бир нече экстракттардын суммардык аралашмасынан түзүлүп ага кошумча заттар аралаштырылат. Же болбосо өз алдына экстракттарды аралаштырып, ага кошумча дагы дары затын кошуп, анын негизинде заманбап дары формалары (капсула, таблетка, гранула ж.б.) жасалат. Экинчи ыкма технологиялык жактан абдан ыңгайлуу, себеби, ошол дары формаларында биологиялык активдүү заттардын ара катышын так болгондугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Молоко – один из самых важных продуктов человека.
Верблюжье молоко
Молоко верблюдиц соленое на вкус, по сравнению с коровьим, в нем в три раза больше витаминов С и D, и при этом гораздо больше лактозы (молочного сахара) и казеина. Казахи готовят из него шубат – своеобразный аналог кумыса, в Аравии пьют какао с верблюжьим молоком – и шоколадный аромат смягчает его резкий вкус, а в Индии из него делают мороженое.
Кобылье молоко
Кобылье молоко белого цвета с легким голубоватым оттенком, в нем в два раза меньше жира, чем в коровьем. При этом по составу оно схоже с материнским молоком, поэтому его можно использовать в производстве искусственных смесей для детского питания. Из забродившего кобыльего молока кыргызы уже много веков делают знаменитый кумыс. В последние годы в Кыргызстане зародилась практика выезда горожан на джайлоо с целью диетотерапии и экологического туризма.
Козье молоко
Козье молоко – самое распространённое на нашей планете. Жители многих южных стран пьют его чаще, чем молоко других животных, из него делают кефир, простоквашу, масло, сыры, (сент-мор, кроттен де Шавиньоль, шевр, шабишу дю пуато), йогурт (настоящий турецкий йогурт готовят именно из козьего молока), шоколад и мороженое.
Коровье молоко
В коровьем молоке есть все необходимые организму вещества – белки, жиры, углеводы, минеральные соли, витамины, ферменты, микроэлементы. Например, пол-литра молока удовлетворяют суточную потребность человека в кальции, молочный сахар – лактоза – поддерживает жизнедеятельность микрофлоры кишечника.
Овечье молоко
Овечье молоко в полтора раза питательнее коровьего: в нем в 2-3 раза больше витаминов А, В, и В2. Овечье молоко популярно у многих народов Востока, не пренебрегают им и жители Италии и Греции. Из него делают простоквашу, кефир, масло и сыры – чанах, осетинский, тушинский. А вот парное овечье молоко пьют довольно редко – у него довольно специфический запах.
Оленье молоко
Оленье молоко пьют народы севера. Это самое калорийное молоко: в нем в три раза больше белка и пять раз больше жира по сравнению с коровьим. Конечно, его способен переварить далеко не каждый желудок, поэтому цельное оленье молоко обычно разбавляют водой. Жители Финляндии из него делают вкусный сыр, а тувинцы и алтайцы гонят араку – молочную водку.
Ослиное молоко
Самым полезным считается молоко ослицы. Древние римлянки умывались им и даже купались в нем: они считали его эликсиром молодости. К сожалению, ослица дает всего около двух литров молока в день, в то время как корова – до сорока. Поэтому ослиное молоко – редкое и дорогое. Продается оно пока только в просвещенной Западной Европе; стоит надеяться, что когда- нибудь оно будет предлагаться наравне с кобыльим. Сүт – адамга керектүү негизги азыктардын бири.
Төөнүн сүтү. Ал бир аз шор келет. Уйдун сүтүнө салыштырганда, анда С жана D витаминдери үч эсе көп; аны менен бирге лактозанын (сүт канты) жана казеиндин саны аз. Казакстанда төөнүн сүтүнөн шубат жасайт (кымыздын аналогу). Арабияда какаону төөнүн сүтүнө кошуп, анда шоколад жыты анын кескин даамын бир аз оңолтот. Индияда төөнүн сүтүнөн бал муздак жасалат.
Бээнин сүтү. Анын түсү ак келет. Уйдун сүтүнө салыштырганда анда майлар эки эсе аз. Аны менен бирге бээнин сүтү курамы боюнча эне сүтүнө окшош, ошондуктан балдардын тамактануусуна керектелүүчү кургак азыктарын иштеп чыгарганда пайдаланса жарайт. Бээнин сүтүн ачытып, кымыз чыгарат. Кыргызстанда кийинки мезгилдерде жайлоого диетотерапия менен экологиялык туризмдин максатында бээнин сүтүн ичүү кеңири таралууда.
Эчкинин сүтү биздин планетада көп таралган. Түштүк райондордун калкы аны көп пайдаланат. Андан кефир, айран, май, сыр, жуурат (кадимки түрк жуураты эчкинин сүтүнөн жасалат) шоколад, бал муздак чыгарылат.
Уйдун сүтү. Анда организмге керектүү бардык заттар – белоктор, майлар, углеводдор, минералдык туздар, витаиндер, ферменттер, микроэлементтер бар. Мисалы, жарым литр сүт менен адам суткасына керектөөчү кальций кабыл алат экен. Сүттөгү сүт канты (лактоза) ичегидеги микрофлораны жөнгө салат.
Койдун сүтү. Уйдун сүтүнө караганда 1,5 эсе пайдалуу : анда А, В, В2 витаминдери 2-3 эсе көп. Койдун сүтүнөн жуурат жасалат, май алынат. Жаңы саалган койдун сүтүн кээде гана ичпесе, анын бир өзгөчө жыты бар.
Бугунун сүтү. Аны түндүк жактагы калк ичет. Бул абдан калориялуу сүт: анда уйдун сүтү менен салыштырганда белок үч эсе, май беш эсе көп. Бугунун сүтү жакшы сиңириш үчүн, ага бир аз суу кошуп ичет. Финляндияда андан таттуу быштак жасайт, тува менен алтайлыктар сүт арагын (араканы) чыгарат.
Эшектин сүтү – абдан пайдалуу деп эсептелет. Бирок эшектен күнүнө 2 эле литр сүт чыгат экен (уй болсо 40 литрге чейин сүт берет). Ошондуктан, эшектин сүтү абдан сейрек жана кымбат келет. Ал Батыш Европада гана сатылат. Кайсы бир кездерде биздин Кыргызстанда бээнин сүтүндөй эле сунушталышы мүмкүн.
Мумие – органо-минеральный продукт природного происхождения, представляющий собой куски различной формы и величины неоднородной плотной твердой массы с неровной или зернистой, матовой или блестящей поверхностью, хрупкой или тугопластичной консистенции с (части стеблей, корней, семена), минерального (кусочки горных пород) и животного происхождения («зерна» округлой, овальной, или веретенообразной формы, размером 1-3 мм; панцири насекомых, шерсть и др.), заключенными в смолоподобное вещество коричневого, томно-коричневого, черного с бледно-серыми пятнами цвета, специфического запаха, в образовании которого принимают участие горные породы, почва, растения, животные, микроорганизмы. Отличается от других продуктов природного происхождения наличием характерного спектра аминокислот свободных после гидролиза, жирных кислот липидов. Используется в медицинской практике для получения субстанции (экстракта мумие сухого) и различных лекарственных форм. Мумие – табигый органикалык-минералдык кошулмалар. Ал катуу, бир өңчөй эмес кара күрөң түстөгү чайырга окшош масса. Жыты өзгөчө. Мумиенун пайда болушунда тоо породалары, өсүмдүктөр, жаныбарлар, топурак катышат. Анын курамына амнокислоталар, май кислоталары минералдык заттар кирет. Медициналык практикада мумиенун кургак экстракты ар кандай дары формаларын иштеп чыгууда колдонулат.
Мумие терапия – использование в лечебных целях лекарственных средств на основе органо-минерального комплекса мумие, разрешенных к медицинскому применению в Кыргызской Республике в установленном порядке. Необходимость выделения мумие-терапии в отдельный метод обусловлена уникальными свойствами и многочисленными особенностями биологического действия органо-минерального комплекса мумие. Является составной частью натуротерапии.
Мумие менен дарылоо – медицинада дарылоо максатында мумиену колдонуу. Ага Кыргыз Республикасында уруксат берилген. Мумие менен дарылоо өз алдынча метод болуп бөлүнгөнүнө анын уникалдуу касиеттери, көп түрдүү биологиялык таасирлеринин өзгөчөлүктөрү себепкер болду. Натуротерапиянын составдык бөлүгү болуп эсептелет.
Мыла медицинские – традиционное лекарство, известное по свидетельству Плиния Старшего, еще древним галлам и германцам; упоминание встречается также у римского врача Галена (2 век н.э.); к 17 веку было достаточно распространено в Европе в качестве моющего средства. В традиционной медицине приготовлялось обработкой жиров растительной золой, известью и естественными щелочами.
Медициналык самын. Традициялык (салттуу) медицинада майды эритип, ага күл жана жегичтүү өсүмдүктөрдү күйгүзүп, анын күлүн кошуп алынат.
Настой — жидкая официальная лекарственная форма, представляющая собой водное извлечение из лекарственного растительного сырья, а также водный раствор сухих или жидких экстрактов (концентратов). Готовят в соотношении 1:10 (при отсутствии указаний о количестве лекарственного растительного сырья) с учетом коэффициента водопоглощения настаиванием в инфундирном аппарате или в соответствующей емкости на кипящей водяной бане при частом перемешивании в течение 15 минут, затем охлаждают при комнатной температуре не менеее 45 минут, процеживают (отжимая растительное сырье) и прибавляют воду до требуемого объема извлечения. Частные вопросы технологии и особенности приготовления настоев из ряда видов лекарственного растительного сырья описаны в общей статье «Настои и отвары» ГФ XI.
Настой, тундурма, тунма, — дары өсүмдүктөрдөн алынган суюк дары формасы, дары өсүмдүк сырьену сууга чылап маңыз чыгарылат. Тундурма инфундир аппаратына же идишти кайнап жаткан сууга салып, ага тиешелүү өсүмдүк сырьесун жана сууну куюп (катышы 1:10) 15 минута кайнатат, идишти чыгарып, 45 минутага тундуруп коюп коет.
Андан кийин өсүмдүк сырьесун сыгып алып, суу кошуп тиешелүү көлөмгө жеткирет. Тундурма даярдоо ыкмасынын технологиясы ГФ XI (фармакопеяда) жазылган.
Настой винный – (син.:настой на вине) см. также Вина лечебные.
Шарап настойкасы
Настойка – (от лат. tincture погружать, мочить, красить) официальная лекарственная форма, представляющая собой окрашенные жидкие спиртовые или водно-спиртовые извлечения из лекарственного растительного сырья, получаемые без нагревания и удаления экстрагента. При изготовлении настоек из одной весовой части лекарственного растительного сырья получают 5 объемных частей готового продукта, из сильнодействующего сырья – 10 частей, если нет других указаний в частных статьях. Общие и частные вопросы технологии описаны в общей статье «Настойки» ГФ XI. Номенклатура официальных настоек представлена в Государственном реестре. В диетотерапии – спиртной сладкий или горький напиток. Сладкие настойки приготовляют из купажа (смеси) спиртовых настоев и фруктово-ягодных соков, сахарного сиропа, ректификованного спирта, лимонной кислоты и умягченной воды; горькие – из купажа спиртовых настоев горьких трав, кореньев, семян, листьев, корок цитрусовых плодов и другого лекарственно-технического сырья, ароматизированных спиртов, спиртовых растворов эфирных масел, ректифицированного спирта и умягченной воды. В народной медицине России – водка, настоянная на ягодах, плодах и свежем или высушенном лекарственном растительном сырье. Настаивание на водке считалось одним из способов консервации разрушающихся при сушке биологически активных веществ лекарственных и пищевых растений.
Настойка – (лат. tincture — чылап коюу, боеп коюу) спиртке чылап, бир нече убакытка кармоо менен алынуучу түсү бар суюк дары формасы. Анда спиртке же спиртке кошулган сууга дары өсүмдүк сырьесун же кургатылган мөмө, жемишти белгилүү убакытка чейин чылап, идиштин оозун тыгыз бекитет, жылытылбайт. Настойкаларды даярдаганда дары сырьесунан 1 бөлүк алса, ага 5 бөлүк спирт же спирттүү суу кошот. Эгерде сырье күчтүү болсо, анда алардын катышы 1:10. Технологиясы ГФ XI жазылган. Настойкалардын номенклатурасы Мамлекеттик реестрде берилген. Диетотерапияда – спирттүү же таттуу ичимдик. Таттуу настойкалар спирттүү настойкага таттуу мөмө-жемиш ширелери, кант сиропу, лимон кислотасы, тазаланган суу кошуп чыгарылат; ачуу настойканын курамына ачуу чөптөрдүн, тамырлардын, уруктардын ж.б. спирттүү настойкасы, ароматтуу спирттер, эфир майларынын спирттүү эритмелери, тазаланган суу кирет. Элдик медицинада мөмө, кургатылган өсүмдүк сырьесун аракка чылап настойка жасайт.
Аракка чылаганда сырьедогу биологиялык активдүү заттар бузулууга учурабайт экен.
Натирание – (растирания, растирка, втирание) – метод и средство народной медицины. Под натиранием как народным лечебным средством понимали лекарство, используемое для поверхностного растирания определенных участков кожи, состоящее из свежих соков (редьки, хрена), скипидара, камфоры, масла на стручковом перце, медов (со жгучими растениями или солью), свежих растений (травы крапивы, тертой редьки, травы полыни). Под натиранием как методом понимали процесс нанесения на кожу и лечебных средств природного происхождения. Майлоо, сыйпоо, сүрүү – элдик медицинасынын ыкмасы. Анда теринин белгилүү бөлүгүн дүүлүктүрүүчү өсүмдүк ширеси (түрп, хрен), скипидар, камфора кызыл мурчту, чалканды, эрменди сыйпап сүрүү колдонулат.
Натуропатия – (лат. natur природа, природный,- pathos чувство, переживание, страдание, болезнь) оздоровление с помощью необработанных продуктов питания природного происхождения и продуктов жизнедеятельности организма. Под натуротерапией на рубеже XIХ-ХХ вв. понимали учение о природных методах лечения, включающих здоровый образ жизни, вегетарианство (или другие пищевые схемы), а также соколечение, водолечение и другие аспекты вплоть до макробиотического питания. Натуропатия (лат. natur табият, + греч. pathos сезим, оору) – иштетилбеген табигый азык заттарынын жана организмдин жашоо аракеттеринен чыккан продуктуларынын жардамы менен ден соолукту жөнгө салуу, XIХ-ХХ кылымдарда натуропатия – табигый дарылоо ыкмалары (вгетарианство, ширелер менен дарылоо, суу менен дарылоо, заара менен дарылоо ж.б.) жөнүндө окуу деп түшүндүрүлгөн.
Натуротерапия – (лат.natur природа, природный +греч. therapeia уход, лечение) – научно обоснованное лечение с помощью лекарственных средств природного (растительного, минерального, животного) происхождения, при изготовлении которых достигается максимальное сохранение нативного природного комплекса и соотношения всех биологически активных веществ из исходного сырья. Является составной частью традиционной медицины и подлежит лицензированию в установленном порядке. Включает в себя гирудотерапию, апитерапию, фитотерапию, минералотерапию, мумие-терапию, лечение средствами животного происхождения. В понятие натуротерапии не включается использование пищевых продуктов натурального происхождения с лечебной целью, которые, в свою очередь, нельзя относить к натурофармацевтическим средствам. К натуротерапии (как части терапии как таковой) относят только медицинское использование лекарственных средств природного происхождения ( в том числе, безрецептурного отпуска), разрешенных Минздравом КР к применению на территории Республики в установленном порядке. Несмотря на то, что что лечебное действие ряда пищевых продуктов хорошо известно с древнейших времен, а сами они широко используются в качестве лечебных средств в различных традиционных медицинских системах, эта область медицинской деятельности полностью должна быть отнесена к диетологии и диетотерапии, что вполне согласуется с устоявшейся и закрепленной медицинской терминологией, а также Номенклатурой специальностей в учреждениях здравоохранения, утвержденной Минздравом КР.
Натуротерапия (лат.natur табият, + therapeia дарылоо) – илимий жактан негизделген табигый каражаттардын жардамы менен дарылоо. Анда дары сырьесундагы бардык биологиялык активдүү заттардын комплекси максималдуу түрдө сакталган каражаттар колдонулат. Салттуу медицинанын составдык бөлүгү жана ага белгилүү тартип боюнча лицензия берилет. Ага гирудотерапия (сүлүк менен дарылоо), апитотерапия (аарыга чактыруу), фитотерапия (өсүмдүктөр менен дарылоо) минералтерапия, мумиетерапия жана жаныбардын сырьесунан алынган дарыларды колдонуу кирет. Натуротерапияга (терапиянын бир бөлүгү деп эсептесе болот) КР-сынын Саламаттык Сактоо Министерствосу тарабынан КР-нын аймагында уруксаты боюнча табигый каражаттарды рецепт жок эле медициналык максатта колдонуу кирет.
Көпчүлүк азык продуктулар илгээртен бери дарылык максатта пайдаланып келген. Медицинанын бул тармагы диетотерапия менен диетологияга кирет, ал КР Саламаттык Сактоо Министерствосу бекиткен адистердин номенклатурасына ылайык келет.
Натурофармакология –(лат. Nature природа + pharmacologia от pharmacon+греч. logos учение, наука) – наука, изучаюшая действие лекарственных веществ природного происхождения на организм человека и животных. Натурофармакология –(лат. Nature — табият + pharmacologia, pharmacon+греч. logos — окуу ) – табигый дары каражаттарынын адам жана жаныбарлардын организмине тийгизүүчү таасирин изилдөөчү илим.
Натурофармацевтическая технология – наука о теоретических аспектах и технических процессах приготовления лекарств из сырья природного происхождения. Раздел фармацевтической технологии (технологии лекарств), разрабатывающий методы получения и очистки лекарственных средств. Натурофармациялык технология – фармация технологиясынын бөлүгү. Ал табигый сырьедон дарыларды алуу боюнча теориялык негиздери жана технология процесстерин изилдейт. Дары технологиясынын бөлүгү, дары-дармектерди алуу жана аны тазалоо ыкмаларын иштеп чыгат.
Натурофармацевтическая химия – раздел натурофармации, изучающий химические и физические свойства лекарственных веществ природного происхождения, их изменения при хранении, а также влияние особенностей молекулярного строения лекарственных веществ на характер их действия на организм, и разрабатывающий методы получения, очистки и контроля качества лекарственных средств.
Натурофармациялык химия – натурофармациянын бир бөлүгү. Ал табигый дары каражаттардын физикалык, химиялык касиетин, алардын сактоодо өзгөрүүсүн, ошондой эле дары заттарынын молекулалык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүнүн организмге тийгизүүчү таасиринин мүнөзүн изилдейт жана дары каражаттарын алуу, тазалап чыгаруу жана сапатын текшерүүнү иштеп чыгат.
Натурофармацевтическое средство – лекарственное средство природного происхождения – содержащее комплекс биологически активных веществ, максимально полно извлеченных из растительного, животного, минерального и других видов сырья природного происхождения, разрешенное к медицинскому применению (зарегистрированное) в установленном порядке. К натурофармацевтическим средствам относятся галеновые и новогаленовые (максимально очищенные) препараты, но не относятся индивидуальные химические соединения, выделенные из природного сырья 9препараты индивидуальных веществ лекарственного растительного и животного сырья).
Натурофармациялык дары-дармек – табигый сырьедон (өсүмдүк, минералдык, жаныбар) максималдуу толук чыгарылган биологиялык активдүү заттардын комплексинен турган, белгилүү тартипте медицинада колдонууга руксат берилген дары-дармек. Натурофармациялык дары-дармекке гален жана новогален препараттары кирет. Ага өсүмдүк жана жаныбарлар сырьесунан алынган жеке заттардан турган дары-дармектер кирбейт.
Натурофамация – (лат.nature pharmacia, от греч. рharmakeia применение, употребление лекарств) – разделы фармации (фармацевтическая химия, фармакогнозия, технология, фармакология, организация и экономика фармации), посвященные изучению лекарственного сырья природного происхождения и препаратов из него.
Натурофармация – (лат.nature – табият + pharmacia, греч. рharmakeia дарыны колдонуу) – фармациянын бир бөлүгү. Ал табигый дары сырьесун жана андан даярдалган каражаттарды изилдейт. Фармацияны фармациялык химия, фармакогнозия, технология, фармакология, фармацияны уюштуруу жана экономикасы табигый сырьедон алынган дары каражаттарын изилдөөгө багытталган.
Национальные целебные напитки – максым, бозо, чалап, Аршан и др.
Улуттук дарылык касиети бар суусундуктар : максым, бозо, чалап, Аршан ж.б..
Новогаленовые препараты – (син.: максимально очищенные экстракционные препараты; лат. preparata neogalenica) – препараты природного происхождения, содержащие в своем составе действующие вещества исходного лекарственного сырья, в их нативном (природном) состоянии, максимально освобожденные от балластных веществ. Благодаря последнему качеству некоторые из них используются для инъекционного применения. У новогаленовых препаратов, в отличие от галеновых, четко определена химическая принадлежность и структура компонентов (как правило, это сердечные гликозиды, алкалоиды, флавоноиды). Они всегда стандартизированы, в том числе, по количеству действующих веществ.
Неогален препараттары (син.:лат. preparata neogalenica) – табигый дарылык касиети бар сырьедон өтө тазаланып алынган дары-дармектер. Алардын курамына балласт (керексиз) заттардан тазаланган табигый түрдө болгон таасир этүүчү заттар гана кирет. Ошол касиетине жараша бул бул дары-дармектер инъекция жолу менен колдонулат. Неогален препараттарында гален препараттарынан айырмаланып, химиялык тиешеси жана компоненттердин структурасы (жүрөк гликозиддери, алкалоиддер, флавоноиддер ж.б.) так белгиленген. Алар таасир этүүчү заттардын өлчөмү боюнча стандартташкан.
Нутрициология – (лат. nutricium питание +греч. logos учение, наука) – наука о питании человека и животных, важнейшая задача Н. – обоснование и организация рационального питания человека.
Нутрициология – (лат. nutricium – тамактануу +греч. logos илим) – адамдардын жана жаныбарлардын тамактануусу жөнүндөгү илим. Нутрициологиянын негизги максаты – адамдын рационалдуу тамактануусун негиздөө жана уюштуруу.
Обертывание тела (син.укутывание) – это терапевтическая процедура, при которой обнаженного больного, лежащего на кушетке, особым образом обертывают простыней и укутывают шерстяным одеялом. О. может проводиться после водолечебных процедур или на тела могут тонким слоем наноситься различные средства (мази, водоросли, грязи, глины, и др.) из организма выводятся токсины и шлаки, тело расслабляется, насыщается минералами и корректируется его форма.
Денени ороо. Анда оорулууну кийимсиз жаткырып, шейшеп менен ороп, жылуулап жаап коет. Суу процедураларынан кийин же денеге ар кандай каражаттар (майлар, баткак, топурак ж.б.) сыйпалат да, андан кийин адамды ороп жаткырат. Натыйжада, организмден керексиз заттар (токсиндер, шлактар) чыгат, адам сеп алат, формасы коррекцияланат.
Обливание – процедура, оказывающая тонизирующее действие. Курс таких процедур применяют как метод лечения при функциональных расстройствах сердечно-сосудистой и нервной систем, а также для закаливания организма. Обнаженного больного, стоящего на деревянной решетке в большом тазу или ванне, обливают 2-3 ведрами воды, а затем энергично растирают согретой грубой простыней до легкого покраснения кожи. Обливать больного следует медленно, держа ведро на уровне его плеч так, чтобы вода равномерно стекала по задней и передней поверхности тела.
Процедуру проводят ежедневно или через день в течение 2-3 мин. Температуру воды постепенно понижают с 34-33° при каждом последующем обливании на 1-2° и доводят ее до 22-20° к концу курса лечения, который состоит из 15-30 процедур.
Жаба куюу – тонусту жогорулатуучу процедура. Ал жүрөк-кан тамырлар жана нерв системанын функциялык бузулушунда, ошондой эле организмди чыңдоо үчүн колдонулат. Оорулуунун үстүнө 2-3 чака с ууну жаба куюп, андан кийин денени тери кызырганча жылуу катуу шейшеп менен сүрөт. Сууну аз-аздан ийиндердин үстүнөн куят. Бул процедура күндө же күн алыс 2-3 минутанын ичинде жүргүзүлөт. Суунун температурасын 34-33°тан баштап, күнүнө 1-2° төмөндөтүп, аны 22-20°ка чейин процедура жасалат.
Обтирание – закаливающая процедура. Обтирание – освежающая и тонизирующая процедура, проводится как вводная к курсу В., а также в качестве самостоятельного курса лечения больных с переутомлением, неврастенией, с астеническим состоянием, пониженным обменом веществ и для закаливания. Обнаженного больного укутывают простыней, смоченной водой и тщательно отжатой, через простыню энергично растирают до ощущения тепла. Затем простыню снимают, больного обливают водой, после чего его тщательно растирают простыней. Обтирание начинают водой 32-30°, постепенно понижая ее до 20-18° и ниже.
Сүртүнүү – организмди чыңдоо процедурасы. Ал тонусту жогорулатат, адам сергек болот. Ошондой эле, сүртүнүү өтө чарчаганда, неврастенияда, зат алмашуу начарлаганда колдонулат. Ал үчүн кийимсиз оорулууну сууга чыланып сыгылган шейшепке ороп, ал аркылуу денени тез-тез сүрөт. Андан кийин шейшепти алып, оорулуунун үстүнө суу куят да, дагы шейшеп менен сүрөт. Сүртүнүүдө суунун температурасы 32-30°, аны акырындык менен 20-18°ка чейин төмөндөтөт.
Оздоровление по Кнайппу – комплекс процедур для укрепления и оздоровления по методике Себастьяна Кнайппа (1821-1897гг.), состоит из пяти основных видов лечения: водная терапия, использование трав, лечебная физкультура, питание и терапия приоритетов.
Кнайп боюнча ден соолукту чыңдоо – С. Кнайптын (1821-1897жж.) методикасы боюнча ден соолукту чыңдоо процедураларынын жыйындысы. Ага суу менен дарылоо, дары өсүмдүктөрүн колдонуу, дарылоо физкультурасы, тамактануу ж.б. кирет.
Озонирование – 1) искусственное обогащение воздуха озоном с целью его обеззараживания и дезодорации;
2) обработка воды озоном на водопроводных очистных сооружениях с целью ее обеззараживания, обесцвечивания и дезодорации.
Озонирование – экологически чистая технология очистки, основанная на использование газа озона – мощного окислителя. Озонатор вырабатывает озон из кислорода, содержащегося в атмосферном воздухе. После взаимодействия с загрязняющими химическими и микробиологическими веществами озон превращается в обычный кислород. Практически доказано, что все продукты озонирования являются более безвредными для человека.
Озонированные масла
Озонированная вода
Озон колдонуу — 1. абаны тазалоо максатында жасалма түрдө озон менен байытуу;
2. сууну жугушсуздандыруу, түсүн оңдоо максатында суу курулмаларында сууну озон менен тазалоо.
Бул экологиялык жактан абдан таза ыкма. Анда күчтүү кычкылдантуучу таасир берүү үчүн озон колдонулат. Озонду атмосфералык абадан иштеп чыгат. Кирдетүүчү заттар жана микробдорго таасир эткенден кийин озон кадимки кычкылтекке айланат. Озон колдонгондон кийин бардык продуктулардын адамга зыян келтирбестеги такталган.
Озондолгон май
Озондолгон суу
Озонотерапия – метод лечения с применением медицинского озона. Медицинский озон получается с помощью медицинского озонатора из медицинского кислорода. История озонотерапии началась в ХIХ веке. В настоящее время существует очень много способов медицинского применения озона. Методы озонотерапии разделяются на местное и системное воздействие.
Предупреждение: озон является чрезвычайно токсичным соединением; ПДК составляет от 10-5% (нормативы СССР) раздражающие слизистые оболочки концентрации – от 2-5*10-6%(en:MSDS).
Озонотерапия – является лечебным методом, находящим в последние годы все более широкое применение в клинической практике. Широкое применение озонотерапии в дерматологии и косметологии связано с очень хорошими результатами в лечении целлюлита, угревой болезни (акне), кожных стрий (растяжек), телеангиэктазии (сосудистых звездочек). Озонотерапия дает прекрасные результаты в такой области эстетической медицины, как коррекция мимических морщин, омоложение, коррекция двойного подбородка, профилактика старения кожи лица и шеи.
Озон менен дарылоо – клиникалык практикада кеңири таралган дарылоо ыкмаларынын түрү. Озон менен дарылоо дерматология, косметологияда колдонулат. Өзгөчө, целлюлит, безетки, беттин жана моюн дун терисин бырыш басканда, дарылоодо жакшы натыйжа берет.
Озонотерапия внутривенная
Вена аркылуу озон менен дарылоо
Округ санитарной охраны – территория курорта, на которой запрещается проведение работ и мероприятий, загрязняющих почву, воду и воздух и могущих вредно отразиться на состоянии месторождений минеральных вод и других лечебных средств, а также на санитарных и климатических условий курорта.
Санитариялык жактан коргоого алынган жер. Курорттун аймагындагы топурак, суу, абаны булганычка учуратуучу, минералдуу суулардын абалына, курорттун санитариялык жана климаттык шарттарына зыяндуу таасир келтирүүчү иш-аракеттерге тыюу салынат.
Отвар (лат. decoctum) жидкая официнальная лекарственная форма, представляющая собой водное извлечение из лекарственного растительного сырья, а также водный раствор сухих или жидких экстрактов (концентратов). Готовят в соотношении 1:10 (при отсутствии указаний о количестве лекарственного растительного сырья) с учетом коэффициента водопоглощения настаиванием в инфундирном аппарате или в соответствующей емкости на кипящей водяной бане при частом перемешивании в течение 30 минут, затем охлаждают при комнтной температуре не менее 10 минут, процеживают (отжимая растительное сырье) и прибавляют воду до требуемого объема извлечения. Кайнатма ( отвар)– дары өсүмдүк сырьесунан суу аркылуу алынуучу официналдуу суюк дары формасы. Ал 1:10 катышында инфундиркада же кайнаган суу ваннасында 30 минута кармап даярдалат. Бөлмө температурасын 10 минута коюп, андан кийин чыпкалап, тиешелүү көлөмгө жеткириш үчүн кайнатылган муздак суу же дистилляцияланган суу кошулат.
Официнальными (от лат. officina мастерская, лаборатория) являются прописи, лекарственные формы, виды лекарственного раститеьного сырья, лекарственные растения и др., разрешенные к медицинскому применению, утвержденные или зарегистрированные в установленном порядке в Кыргызской Республике уполномоченными органами, включенные в фармакопейные статьи (ФС) и фармакопейные статьи предприятия (ФСП). Официналдуу (лат. officina — лаборатория) – өкмөт тарабынан атайын бекитилген, белгиленген жана уруксат кылынган аттар, рецепттер. Аларды медициналык колдонууга Кыргыз Республикасында белгилүү тартипте уруксат берилген. Официналдуу деп фармакопея статьяларында (ФС) жана дары өндүрүүчү ишкананын статьяларынын тизмесине кирген дарыларды атайт.
Очищение организма – выведение шлаков и побочных продуктов из организма. Для этого используется различные методы и лечебные процедуры (обертывание, компрессы, пост и др.).
Организмди тазалоо – организмден керексиз заттарды, шлактарды чыгаруу. Ал үчүн түрдүү ыкмалар жана дарылык процедуралар (ороо, компресс, ж.б.) колдонулат.
Пансионат – санаторно-курортная организация стационарного типа, предназначенная для восстановления здоровья и отдыха граждан на основе использования природных лечебных ресурсов и лечебно-оздоровительных услуг общего профиля, предоставляющая комплекс гостиничных, культурно-массовых услуг.
Пансионат – стационардык типтеги санаторий-курорттук мекеме. Анда табигый дарылоо факторлордун жана ден-соолукту чыңдоо тейлөөлөрдүн комплексинин (мейманкана, маданий-массалык тейлөө) негизинде ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү максатында чаралар жүргүзүлөт.
Парафинолечение – метод теплового лечения, при котором в качестве лечебного фактора используют нагретый до определенной температуры медицинский парафин.
Парафин менен дарылоо. Дарылоо фактору катарында белгилүү температурада эритилген медициналык парафин колдонулат.
Патентованные лекарственные средства – лекарственные средства, право на производство и продажу которых охраняется патентным законодательством страны-производителя или международным законодательством.
Патент берилген дары-дармектер. Аларды өндүрүүдөгү жана сатуудагы укугун өндүрүүчү өлкөнүн патент боюнча мыйзамдары же эл аралык мыйзамдар коргойт.
Пелоиды – (греч. pelos ил, грязь + -eldes подобный) – см. лечебные грязи.
Пелоиддер – (греч. pelos баткак + -eldes — окшош) –к. Дары баткактар
Пилюли – ( pilulae, от лат. pila мяч) — устаревшая лекарственная форма в виде шариков массой от 0,1 до 0,5г, изготовленных из однородной пластичной массы. Популярность пилюль в натуротерапии объясняется тем, что в них совместимы различные твердые и жидкие лекарственные вещества. Это незаменимая лекарственная форма для йода и других местнораздражающих веществ, поскольку пилюли оказывают дюрантное действие – медленно распадаются в желудочно-кишечном тракте, постепенно высвобождая лекарственные вещества, не создавая их высоких концентраций. В этой лекарственной форме возможна маскировка запаха и вкуса лекарств, а также программирование локализации места их действия за счет покрытия соответствующими оболочками.
Пилюля – (лат. pilulae, pila — топ) — тоголок катуу дары формасы. Азыркы кезде ал жасалбайт. Пилюля бир өңчөй чоюлгуч массадан турат, анын салмагы 0,1 — 0,5г. Натуротерапияда колдонулат. Пилюла ичеги-карын жолдорунда бөлүнүүгө учурайт, акырындык менен андан дары заттары чыгат. Бул дары формасында дарынын жагымсыз жыты менен даамын билиндирбей койсо болот.
Пластыри – (лат.emplastra) официнальная лекарственная форма для наружного применения, обладающая способностью прилипать к коже. Пластыри оказывают действие на кожу, подкожные ткани и в ряде случаев общее воздействие на организм. Могут быть в виде пластичной массы на подложке и без нее или в виде закрепленной на липкой ленте прокладки с лекарственными веществами. В состав пластырной массы в зависимости от назначения пластыря могут входить разрешенные к медицинскому применению натуральный или синтетический каучуки, их смеси, а также другие полимеры, жироподобные вещества, природные масла, наполнители, антиоксиданты и лекарственные вещества. Состав пластырей, показатели качества и методы их контроля описаны в частных фармакопейных статьях. Одна из старейших лекарственных форм, включенных во все фармакопеи мира. Пластыри – традиционная лекарственная форма на Руси, приготовляемая сплавлением смолистых веществ и жиров с добавлением сока или порошка лекарственных растений или свинцовых солей жирных кислот. Пластырь тягучий – сосновая смола. Пластырь живучий – тонкие самоотделяющиеся бересты, употребляемые крестьянами аналогично пластырям для лечения ран и чирьев. Пластырь вытяжной – готовили путем длительного кипячения серы сосновой или лиственничной с конопляным маслом. Применяли чаще всего для смазывания пяток детей, больных «чикотуном». Пластырь хвойный – излюбленное народное средство, приготовляемое из высушенной и стертой в порошок хвои в смеси с лиственничной (сосновой, еловой) смолой. Иногда в деревнях под названием пластырь ко лбу и к ногам для «унятия» жара привязывали чеснок с квашеным тестом. Под названием пластырь листовой, или свежий в разных местах России использовали свежие или распаренные листья свеклы, хрена, табака. Пластырь табачный сложный представлял собой свежие листья табака, смазанные медом и посыпанные солью.
Пластырь – териге жабыштыруу үчүн колдонулуучу официналдуу дары формасы. Ал териге жабышкыч касиетке ээ. Курамына табигый же жасалма каучук, полимерлер, майларга окшош заттар, табигый майлар, дары заттары кирет. Пластырдын курамы, анын сапаты, текшерүү методдору фармакопеялык статьяларда берилген. Лентага жабышкыч нерсе менен дары кошулган масса чапталат. Аны теринин тиешелүү жерине жабыштырса жарайт. Илгээртен бери Россияда пластырь мырза карагайдын (сосна) чайырынан, чайырларга дары өсүмдүктөрүн ширеси ,күкүмү кошулуп жасалган.
Плацебо – (лат. placebo понравлюсь, удовлетворю) – фармакологически индифферентное вещество, по внешнему виду и вкусу имитирующее некоторое лекарственное средство; применяется при исследовании фармакологического эффекта лекарственных веществ, а также в терапевтической практике.
В сравнительной медицине – группа, используемая для сравнения лечебного действия испытуемого средства или неспецифического психотерапевтического воздействия испытываемых лекарственных препаратов.
Плацебо ( лат.placebo– жагымдуу болом)- сырткы түрү жана даамы боюнча кээ бир дары каражаттарына окшош келген, бирок таасири жок фармакологиялык индифференттик зат. Ал дары заттардын фармакологиялык эффектин изилдөөдө жана терапиялык практикада колдонулат.
Салыштырма медицинада – тажрыйба жүзүндө сыналуучу дары же ыкма. Анда сыналуучу дарынын дарылоо таасири менен бирге дарынын психотерапиялык таасири белгиленет.
Плацебо-эффект – реакция организма на прием плацебо.
Плацебо-эффекти – плацебону пайдаланган кийинки организмдин реакциясы.
Плоды (лат.fructus) – в фармацевтической практике простые или сложные, а также ложные плоды, соплодия и их части. Плоды собирают зрелыми и высушивают. Некоторые сочные плоды перерабатывают свежими.
Мөмө-жемиштер – фармациялык практикада жөнөкөй жана татаал, жалган мөмө, топ мөмө жана анын бөлүктөрүн түшүндүрөт. Мөмөлөр бышканда жыйналат. Кээ бир ширелүү мөмө-жемиштерден шире сыгылып алынат.
Пляж – примыкающая к акватории моря, озера или реки территория , имеющая безопасные спуски к воде, почва которой представлена песком, галькой, низкорослой растительностью, предназначенная для отдыха, принятия солнечных ванн, прогулок и физических упражнений. Относится к первой зоне санитарной охраны, на которой запрещено строительство капитальных сооружений, за исключением пирсов, причалов, водоспасательных станций.
Пляж — сууга түшүүгө, эс алууга, күнгө күйүүгө, физикалык көнүгүүлөрдү жасоого ылайыктуу келген деңиз, көл, суунун жээгиндеги топурагы кумдуу, майда шагылдуу территория. Ал санитариялык коргоонун биринчи зонасына кирет. Анда пирс, причал, суудан сактап калуу станциялардан тышкары башка капиталдык курулуштарга тыюу салынат.
Пляжные сооружения – навесы, солярии, раздевалки и другие нестационарные сооружения, предназначенные для безопасного и комфортного принятия солнечных ванн и морских (озерных) купаний.
Пляждык курулмалар – солярий, чатырча, кийим чечилип коюлуучу жай жана башка стационардуу эмес (туруктуу эмес) курулмалар. Алар күн ваннасын алууга; көлгө, деңизге коопсуз жана комфорттуу түшүүгө ылайыкталган.
Полоскание – лечебно-профилактическая процедура, выполняемая самим больным и заключающаяся в промывании полости рта или глотки набранным в рот жидким лекарственным средством.
Чайкоо – оорулуу өзү жасоочу дарылоо-профилактикалык процедура. Анда суюк дары менен ооздун ичи чайкалат.
Порошки ( лат. pulveres) – твердая лекарственная форма для внутреннего и наружного применения, состоящая из одного или нескольких измельченных веществ и обладающая свойством сыпучести. Обладают хорошей всасываемостью. Состав и соотношение ингредиентов порошка легко подбирать под нужды конкретного больного. В свое время были одной из основных форм рецептурных отделов аптек. В связи с развитием фарминдустрии теряют свою роль.
Порошки из высушенного лекарственного растительного сырья (порошки растительные) являются традиционной лекарственной формой во многих традиционных системах мира, одако в настоящее время он неофицинальны в Кыргызской Республике. Практическое значение в официальной натуротерапии и фитотерапии сохранили только порошки с экстрактами.
Күкүмдөр ( лат. pulveres) – бир же бир нече майдаланган заттардан турган, чубурмалык касиетке ээ болгон сыртка же ичүүгө колдонууга ылайыкталган катуу дары формасы. Алар оңой сиңирилет. Күкүмдөрдүн курамын кокреттүү оорулууга карата оңой эле түзсө болот. Өз убагында күкүмдөр аптекалардын рецептура бөлүмдөрдө жасалуучу формалардын бири болгон. Фарминдустрия өнүккөндүктөн азыркы кезде алардын ролу анча эмес.
Кургатылган өсүмдүк күкүмдөр дүйнөнүн көпчүлүк медициналык системаларында салттуу түрдө колдонулуп келген. Бирок, азыркы кезде күкүмдөр Кыргыз Республикасында официналдуу эмес.
Порча – бытующее в народе (противостоящее научной медицине) представление о возможности развития физической болезни или психического заболевания, бытовых неурядиц путем наговора, сглаз, колдовства. Услуги снятия порчи предлагаются некоторыми знахарями (магами, колдунами) с коммерческими целями.
Бузуу, жараксыз кылуу – көз тийгенден, сыйкырчылыктын таасиринен оорунун же психикалык оорунун келип чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө элдин арасында таралган түшүнүк. Андай бузууну алып таштоо, жоготуу үчүн кээ бир бакшы, эмчи-домчу коммерциялык максатта пайдаланат.
Пост – временный отказ от принятия пищи, известный со времен Гиппократа. Пост соблюдается, как правило, по религиозно-духовным мотивам, а также для лечения заболеваний (ожирение, ревматизм, болезни пищеварительного тракта, кожи).
Тамактан убактылуу баш тартуу (орозо). Ал диний эреже боюнча . Кээде өтө семирүүдө, ревматизмде, ичеги-карын ооруларында, тери ооруларында тамактан убактылуу баш тартса жарайт.
Прижигание
1 – нанесение с лечебной целью термического, химического, электрического или лучевого ожога на пораженные ткани (бородавки, кандиломы, псевдоэрозии и др.).
2 – разновидность рефлексотерапии – термоакупунктура – Введение специальных игл с насадками прогревающего конуса из моксы или полынного пуха. Прижигание полынными сигарами, моксой и др.
Күйдүрүү, кааруу.
1 – дарылык максатында жабыркаган ткандарды (сөөл, кандилома, эрозия) химиялык, электрлик же нур менен, ысык менен каарып жоготуу.
2 – рефлексотерапия, акупунктуранын түрү – термоакупунктура. Анда биологиялык активдүү точкаларга (чекиттерге) ысуучу конустун ичине шыбак, чекенденин күкүмү салынат жана ал конустун учуна ийне киргизилип салынат. Андан башка атайын чөп (шыбак, эрмен) салынган күйдүрүүгө ылайыкталып жасалган сигаралар колдонулат.
Примочки – 1)жидкая лекарственная форма, применяемая для местного действия, например, в дерматологии , офтальмологии и т.д.; 2)общее название лечебных процедур, заключающихся в местном воздействии жидкости на пораженную область благодаря ее физическим свойствам (охлаждение или разогревание) или действию лекарственных веществ, входящих в ее состав.
Традиционная жидкая лекарственная форма для наружного применения, на Руси представляющая собой воду или настой, отвар, взвар, напар из лекарственного растительного (или другого природного) сырья, посещаемые на больное место с помощью ткани или высушенного предварительного мха сфагнума.
Ооруган жерге кебез же чүпүрөктү дарыга чылап басуу – 1) жергиликтүү дарылык таасир берүү үчүн жасалган суюк дары. Мисалы, дерматологияда салфетканы (дакини) суюк дарыга чылап, жабыркаган жерге басат.
2) белгилүү бир жерге ысык же муздак дары процедураларынын жалпы аты. Анда жабыркаган жерге ысык, муздак же дары таасир этет.
Орустардын традициялык медицинасында суу, дары өсүмдүктөрүнүн тундурмасы, кайнатмасына
кездеме чылап колдонулат.
Припарки – тепловая народная лечебная процедура, при которой свежее (трава моркови, молодой лист черемухи, трава окопника) или высушенное (овсяная солома, сено из луговых трав) растение или его части ( семя льна, проса, гречихи, пшеницы) распаривали с небольшим количеством воды или молока и в теплом или горячем (как можно терпеть) виде прикладывали к больному месту для длительного прогревания.
Припарки влажные – П. с использованием некоторых сыпучих материалов (овес, льняное семя), перемешанных с кипящей водой до образования кашицеобразной массы.
Припарки сухие – П. С применением сыпучих материалов (песок, овес, крупа, льняное семя) в сухом виде.
Ысыткыч – ооруган жерге басуучу дарылык касиети бар ысык нерсе. Анда сабиздин сабагы, бака жалбырактын жаш жалбырагы ж.б. же кургатылган өсүмдүк (сулуунун саманы, саздын чөбү), зыгыр, гречиха, буудайдын даны сууга же сүткө ысытылып, чыдаганча жабыркаган жерге коюлат.
Нымдуу ысыткыч. Анда кээ бир чубурма (сулуу, зыгырдын уругу) кайнатылган суу менен аралаштырып, ботко түрүндө колдонулат.
Кургак ысыткыч. Анда чубурма материалдар (сулуу, кум, зыгырдын уругу) кургак түрдө колдонулат.
Присыпка – мельчайший порошок для наружного недозированного применения (например, пудра, присыпки для детей).
Сепме – себелөө үчүн жасалган дозаланбаган эң майда күкүм (мисалы, упа, кичине балдарга себелөөчү упа).
Растирание – жидкая лекарственная форма для наружного применения, в которой в качестве дисперсионно среды кроме воды используются : этанол, глицерин, масла и другие жидкости. Прменяется в фито – и натуротерапии для натирания кожи с лечебной целью. Растирание является также средством (см. растирка) и методом русской народной медицины. Растирание как метод использовалось в качестве тепловой процедуры, предусматривающей энергичное натирание кожи различными веществами или лекарствами природного происхождения, как правило, раздражающими кожу и вызывающими прилив крови к пораженному болезнью участку (водкой или водкой с перцем, чистым дегтем, скипидаром, распущенной в спирте смолой сосны – при ломоте). Дарылоо максатында териге сүртүү жолу менен колдонулуучу суюк дары формасы. Анда дисперсия чөйрө катары суу, этанол, глицерин, майлар ж.б. суюктуктар колдонулат. Фито- жана натуротерапияда териге сүйкөп дарылык максатта колдонулат. Бул ыкма жылуулук процедура катары, ошондой эле териге ар кандай дарылар ,арак, скипидар сүйкөп, аны дүүлүктүрүү үчүн колдонулуп келген. Анда жабыркаган жерде кан айлануу күчөйт.
Растирка (син.: растирание) – лечебное средство русской народной медицины для наружного применения, представляющее собой спиртовой, масляный, позднее – хлороформный раствор лекарственных веществ природного происхождения или синтетических (полусинтетических) лекарственных средств, предназначенные для массажа или втирания в кожу. Обычно растирки – эффективные, простые в приготовлении препараты местно-обезболивающего действия. До настоящего времени сохранились в виде официнальных лекарственных форм для наружного применения: мазей, линиментов, растворов, бальзамов, масел медицинских, настоек и др. Среди готовых лекарственных препаратов наиболее часто применяются следующие растирки и мази: Нафтальгин, Салинимент, Санитас, Капсин, Капситрин, Меновазин. Обычно их применяют при остеохондрозе и его осложнениях, болях в суставах, костях, мышцах, в качестве отвлекающих и согревающих обезболивающих и противовоспалительных средств. В русской народной медицине чаще всего применяли для приготовления растирок красный перец, горчицу, керосин, редьку, мед, соль, водку и др. Дарылоо максатында териге сүртүү жолу менен колдонулуучу орус элдик медицинанын дары каражаты. Анда табигый дары заттарынын спирттүү, майлуу эритмелери массаж үчүн же териге сүйкөөгө колдонулат. Негизинен бул эритмелер ооруну басаңдатуучу максатта сыйпалат. Официналдуу дары формалары: дары майлар, линименттер, эритмелер, бальзамдар, медициналык майлар ж.б. даяр дары-дармектерден Нафтальгин, Салинимент, Санитас, Капсин, Капситрин, Меновазин белгилүү.Алар остеохондроздо , муун ооруларында, ооруну басаңдатуу үчүн, сезгенүүгө этүү үчүн кеңири колдонулат.
Реабилитация – комплекс медицинских, педагогических и социальных мероприятий, направленных на восстановление (или компенсацию) нарушенных функций организма, а также социальных функций и трудоспособности больных и инвалидов.
Медицинская р. – это весь комплекс лечебных воздействий (лекарственная терапия, хирургические вмешательства, инструментальные процедуры. Психотерапия, рефлексотерапия, физиотерапия, санитарно-курортное лечение, лечебная физическая культура, трудовая терапия), осуществляемых от момента заболевания или травмы до окончательного выздоровления или формирования хронического патологического процесса , требующего поддерживающей терапии.
Социальная р. – система, обеспечивающая реализацию гарантированных прав больных и пострадавших на бесплатную медицинскую помощь, льготное получение лекарств и путевок в санаторий, материальное обеспечение при частичной или полной утрате работоспособности, обязательное выполнение административных учреждений и предприятий всех предложенных ВТЭК трудовых рекомендаций (связанных с протяженностью рабочего дня, исключением работы в ночные смены, предоставлением дополнительного отпуска и т.д.). наряду с этим социальная Р. Включает в себя весь комплекс мер по восстановлению или компенсации нарушенной функции с помощью современных инженерно-технических решений, в том числе совершенствование различных видов протезов при дефектах опорно-двигательного аппарата, проведение слухопротезирования, обеспечение инвалидов специальными транспортными средствами, создание особых конструкций бытовых приборов и приспособлений и т.п.
Калыбына келтирүү – организмдин бузулган функцияларын, ошондой эле оорулуу менен инвалиддердин социалдык функциясы жана эмгекке жарамдуулугун келтирүүгө багытталган медициналык, педагогиялык жана социалдык чаралар.
Медициналык реабилитация – дарылоо методдордун комплекси (дары колдонуу, хирургиялык операция, психотерапия, физиотерапия, санаторий-курорттук дарылоо, ж.б.) оорулуу ооругандан тартып айыгып кеткенге чейин же оорулуунун оорусу өнөкөткө айланып, жардамга муктаж болгонго чейин жүргүзүлөт.
Социалдык реабилитация – оорулуулардын же жабыркагандардын гарантиялык укуктарын ишке ашырылышын, льгота боюнча дары алууну, санаторийде дарылануусун камсыз кылуучу система. Мындан тышкары жумушка жарамдуулук бир аз же толук болбой калганда, ВТЭКтен келген эмгек сунуштарын администрация жактан аткарылышын көзөмөлдөйт. Аны менен бирге социалдык реабилитацияга бузулган функцияларды калыбына келтирүүгө протездердин түрлөрү, инвалиддерди атайын транспорт, өзгөчө аспаптар менен камсыз кылуу, кирет.
Режим питания ( син. пищевой режим) – качественная и качественная характеристика питания, включающая кратность, время приема пищи и распределение ее по калорийности и химическому составу, а также поведение человека во время еды.
Тамактануу режими – тамактанууну өлчөмдүк жана сапаттык жагынан мүнөздөө. Ага тамакты канча жолу, кайсы убакта кабыл алуу, калориялык жана химиялык курамы боюнча бөлүштүрүү, ошондой эле адамдын тамак ичкендеги тартиби кирет.
Режим труда и отдыха – система сочетания периодов работы и отдыха, определяющая их длительность, содержание и порядок чередования; различают внутрисменный, суточный, недельный и годовой Р.т и о.
Эмгек менен эс алуу режими – эмгектенүү жана эс алуу мезгилдерин айкалыштыруучу система. Ал эмгектин узактыгын, эс алыш (дем алыш) менен кезектештирүү тартибин белгилейт. Эмгек менен эс алуу режими сменанын ичиндеги, суткалык, жумалык жана жылдык болуп бөлүнөт.
Рекреация (лат. recreatio восстановление: синоним отдых) – восстановление физических и духовных сил человека, повышение уровня здоровья и работоспособности. Практически под Р. понимают отдых после рабочего (учебного дня, рабочей недели, во время очередного отпуска или каникул.
Рекреация (лат. recreatio калыбына келтирүү, эс алуу) – эс алуу. Адамдын физикалык жана рухий күчүн калыбына келтирүү, ден соолугун жакшыртуу жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Практикалык жактан рекреация – эмгектенген күндөн иш жумасынан кийин кезектүү эс алууда же каникулда эс алуу, тыныгуу.
Рефлексонатуротерапия (лат. reflecto поворачивать, обращать назад + natur природа, природный therapeia уход, лечение) – воздействие на органы и системы через точки акупунктуры с помощью игл и лекарственных средств природного происхождения, вводимых непосредственно в эти точки путем пальцевого или инструментального надавливания с использованием этих лекарственных средств.
Рефлексонатуротерапия (лат. reflecto айландыруу, кайра келүү + natur табият therapeia дарылоо ) – табигый дары каражаттарынын жана ийненин жардамы менен акупунктурдук точкалар аркылуу органдарга жана системага таасир берүү.
Рефлексофармакотерапия — (лат. reflecto поворачивать, обращать назад + pharmacon лекарство + therapeia уход, лечение) – воздействие на органы и системы через точки акупунктуры с помощью игл и медикаментов, вводимых непосредственно в эти точки, или путем пальцевого или инструментального надавливания с использованием лекарственных средств. Аппликация лекарственных средств по точкам и биологически активным зонам.
Рефлексотерапия аппаратная КВЧ, лазер.
Рефлекторное действие лекарственных веществ – действие лекарственных средств, обусловленное раздражением рефлексогенных зон.
Рефлексофармакотерапия — (лат. reflecto айландыруу, кайра келүү + pharmacon дары + therapeia дарылоо ) – дарылар жана ийненин жардамы менен акупунктурдук точкалар аркылуу органдар менен системаларга таасир берүү. Анда точкаларга жана биологиялык активдүү зоналарга дарыларды жабыштыруу,рефлекс зоналарга дарылардын таасир этиши колдонулат.
Рефлекторный массаж зон ступней – принцип основан на массаже определенных рефлекторных зон, чем достигается стимулированием больных органов и частей тела; этот вид массажа был широко распространен и Китае и странах Юго-Восточной Азии.
Массажеры ступней
В настоящее время в Кыргызстане зарегистрированы германский, корейский и китайские аппараты
Таманды укалоо. Анда тамандын белгилүү рефлекс зоналарын укалаганда жабыркаган органдардын оңолушуна рефлекс аркылуу түрткү берилет. Укалоонун бул түрү азыр Кытайда, Түштүк Азия өлкөлөрүндө таралган.
Таманды укалоочу аспаптар. Азыркы кезде Кыргызстанда немец, корея жана кытай аспаптарын колдонууга руксат берилген.
Римско-ирландские ванны – последовательное прохождение через различные горячие и влажные ванны павильоны (тепидарий, калдарий, лаконий, фригидарий) и различные процедуры (щеточный массаж и др.); передают двухтысячелетнюю культуру купания древних римлян и ирландцев и предназначены для гигиены, развития и поддержания физической формы, расслабления, гедонизма и общения.
Рим-ирландиялык ванналар – ар түрдүү ысык жана нымдуу ванналарды алуу павильондордон (тепидарий, калдарий, лаконий ж.б.) ырааттуу түрдө өтүү жана ар кандай ыкмаларды колдонуу (гүлдөр менен укалоо ж.б.) процедуралары. Ал гигиена, физикалык форманы сактоо, сеп алуу үчүн пайдаланылат.
Санаторий – (позднелат. sanatorium от лат. sanare лечить, исцелять) – санаторно-курортная организация стационарного типа, предназначенная для реабилитации больных и профилактики заболеваний отдыхающих на основе комплексного использования природных лечебных ресурсов, физиотерапии, диетотерапии, лечебной физкультуры и функциональных методов. Санаторий может быть различных типов
(климатический, бальнеологический, грязевой и смешанный – климатобальнеологический) и специализации (однопрофильные, например:
кардиологический, пульмонологический, детский, противотуберкулезный и многопрофильные).
Санаторий – (лат. sanare дарылоо)- дарылоочу типтеги санаториялык-курорттук уюм. Анда табигый дарылоо ресурстардын, физиотерапиянын, мүнөздөп тамактануунун, дарылоо физкультуранын ж.б. методдордун негизинде оорулуулардын ден соолугун чыңдоо жүргүзүлөт. Санаторийлер климаттык, бальнеологиялык, баткактуу жана бальнеологиялык-баткактуу; адистештерилген
(бир профилдүү, мисалы:кардиологиялык, туберкулезго каршы, пульмонологиялык, балдардык, көп профилдүү болуп бөлүнөт).
Сауна – помещение из бревен, в котором осуществляется сочетанное лечебное воздействие на организм сухого воздуха, теплового излучения раскаленных камней и нагревателя и холодной пресной воды. Известно в Финляндии уже свыше тысячи лет. Этимология слова «сауна» обозначает «вернуться обратно». Процедура нахождения в сауне состоит из нескольких фаз: умывание (душ), горячая фаза (5-15 минут) лежа или сидя на лавках различного уровня в сауне с применением травяных веников, фаза охлаждения на свежем воздухе или обливания холодной водой и в конце – расслабляющий отдых.
Сауна – это совокупность водной терапии и тепловых процедур, улучшающих работу лимфатической системы, выведение шлаков из организма, кровообращение организма и кожи, снижение частоты биения сердца. Кроме финской известны также другие виды саун – биосауна, инфракрасная, сауна евенто, Маа сауна (в земле), травяная сауна, ледяная сауна, парная, тепидарий, хамам, санарий, калдарий, баня и т.д.
Сауна – устундардан курулган там. Анда организмге кургак аба, ысытылган таштардын, жылыткычтын жылуулугу, жана муздак суунун бириккен дарылоо таасири жүргүзүлөт. Финляндияда миңден жылдардан бери белгилүү болуп келген. «Саунанын» этимологиясы «кайра келүү» дегенди түшүндүрөт. Саунанын процедураларынын бир нече фазалары бар: жууну (душ), ысык фаза чөптөн жасалган шыпыргыны колдонуп, ар кайсы деңгээлдеги жаткычта жатуу, отуруу (5-15 минута), таза абада туруу же муздак суу куюнуу фазасы акырында бошоңдотуучу эс алуу.
Сауна – суу терапиясы менен жылуулук процедураларынын жыйындысы. Анда лимфа системасынын иштеши жакшырып, организмден шлактар чыгат, организм менен териде кан айлануу оңолот, жүрөктүн иштеши оңолот. (тез-тез какпай калат). Финдердин саунасынан тышкары саунанын башка түрлөрү- биосауна, инфракызыл сауна, сауна евенто, Маа сауна (жерде), чөп сауна, муз сауна, буу сауна, хамам, санарий, калдарий, мончо ж.б. бар.
Сборы (лат. species) – смеси нескольких видов измельченного, реже цельного, лекарственного растительного сырья, иногда с добавлением солей, эфирных масел и используемые в качестве лекарственных средств. Самая древняя лекарственная форма, сохранившая свое значение до настоящего времени благодаря ряду достоинств: наличие действующих веществ в сырье практически в нативном виде, простота приготовления водных извлечений (настоев, отваров), имеющих высокое сродство к организму благодаря характеру экстрагента и природному происхождению биологически активных веществ, простота приготовления, дешевизна. К недостаткам этой лекарственной формы относят ее незавершенность (больной сам дозирует сбор), иногда обусловленную расслоением сборов при их неправильном приготовлении.
Сборы под разными названиями (чаи, растительные смеси, растительные сборы и др.) входят во многие фармакопеи мира и используются до сих пор практически во всех медицинских системах. В народной медицине России сборы всегда были одной из основных лекарственных форм. Из них готовили декокты (водные, молочные, сывороточные), вина лечебные, водки, настойки, масла лечебные, порошки растительные, припарки, сухие припарки и другие лекарственные формы. Сборы входили во все издания отечественной фармакопеи. Весьма примечательна их классификация в соответствии с Комментариями к IV изданию: крупные (проходящие сквозь сито с диаметром отверстий 4-6 мм), мелкие (соответственно 2-3 мм) и мельчайшие (в виде «крупнейшего» порошка. Первые из них использовались для приготовления чая путем настаивания (species ad infusum) или отвара – кипячением (species ad decoctum). Мелкие сборы применялись для припарок сухих (species ad fomenta sicca), а третья группа для припарок мягчительных ( species ad cataplasmata).
В настоящее время в СНГ – официнальная лекарственная форма, требования к которой (приготовление, методы определения внешних признаков, подлинности, числовых показателей) изложены в общей Фармакопейной статье «Сборы».
Майда бөлүктөрдөн түзүлгөн дарылык касиети бар сырьелордун аралашмасы. Ал сырьедо таасир этүүчү заттар таза бойдон сакталат жана алардан түрдүү кайнатма, тундурмаларды жасаса жарайт. Андагы биологиялык активдүү заттар организмге жакын келип, таасирин оңой тийгизет. Аралашмаларды жасоо оңой, арзан. Бирок, анын кемчилиги – оорулуу аралашманы өзү кайнатып, чыпкалап, даяр кылып ичет. Аралашмалардын аттары ар кандай:бардык традициялык медицинада колдонулуучу чайлар, өсүмдүк аралашмасы. Азыркы кезде аралашмаларды жасоо, тышкы касиеттерин, тууралыгын, көрсөткүчтөрүн аныктоо шарттары жалпы «Аралашмалар» фармакопеялык макалада аныкталган.
Светотерапия (фототерапия) – применение с лечебной целью оптического излучения (инфракрасного, видимого и ультрафиолетового); рпздел физиотрапии. При светолечении используют искусственные источники света и естественное излучение олнца. Действие световой энергии на организм человека определяется ее интенсивностью, длительностью облучения и глубиной проникновения. Электромагнитных волн, которая зависит от длины световх волн. Для светолечения применяют тепловые и люминесцирующие источники света. У тепловых источников излучающих инфракрасные и видимые лучи количество и состав излучаемой энергии зависят от степени нагревания излучающего тела. К моминесцирующим источникам относятся ртутно-кварцевые, моминесцентные, бактерицидные лампы.
Ультрафиолетовое облучение (местное и общее применяют для повышения сопротивляемости организма к различным инфекциям, как болеутоляющее и противовоспалительное средство, при кожных болезнях, нарушениях обмена веществ и т.д.
Жарык менен дарылоо (фототерапия) – алдын алуу же дарылоо максатында инфракызыл, жарык жана ульракызгыят көк нурларды колдонуу. Жарык менен дарылоо үчүн күн нурунун жана нурлардын жасалма булактарынын (жылуулук, чыгаруучу жана люминесценттик лампалар) энергиясы пайдаланылат. Инфракызыл жана көзгө көрүнгөн нурлар тканга сингенде, алардын таасиринен жылуулук келгендей сезилет. Ультракызгылт көк нурдун таасиринен териде, анын алдында жаткан органда өзгөрүүлөр болот. Жарык менен дарылоодо зат алмашуу, кычкылдануу, кан пайда болуу процесстери жакшырат, фагоцитоз жогорулайт, иммунитет күчөйт. Бул нурлар кичине доза менен жалпы денеге же чоң доза менен дененин айрым бөлүктөрүнө жиберилет. Жылуулук менен дарылоо күйүк, жара, үшүк алуу сыяктуу жабыркоолордо жана тери ооруларында колдонулат. Педиатрияда ультракызгылт көк нурлар итийди, дем алуу органдарынын сезгенүү ооруларын алдын алуу үчүн колдонулат.
Семена (лат. semina) – в фармацевтической практике цельные семена или отдельные семядоли. Семена собирают, как правило, зрелыми и высушивают.
Урук, үрөн фармацевтикалык практикада – өсүмдүктөрдүн бүтүн уруктар же уруктардын бөлүгү. Эреже боюнча, алар бышканда жыйналат; кургатылган түрдө пайдаланылат.
Сенная ванна – ванна с теплой водой и сеном. Дает эффект очищения, обладает слегка возбуждающим действием, улучшает кровообращение. Рекомендуется при ревматических заболеваниях и воспалениях мочевыводящих путей и мочевого пузыря. При сенной терапии воздействие оказывают термические, механические и химические факторы.
Саман (чабылган кургатылган чөп) менен болгон ванна. Анда жылуу сууга чөп чылат, ошол сууга түшкөндө кан айлануу оңолот, организмдин тонусу жогорулайт. Кызыл жүгүрүктө, табарсыктын заара чыгаруучу жолдорунун сезгенүү ооруларында колдонулат.
Мындай дарылоодо жылуулук, химиялык жана механикалык факторлор таасир этет.
Сертификат – (лат. certum — верно + facere – делать ) – свидетельство, письменное удостоверение какого-либо факта, качества товара, права н что-либо.
Сертификат – (лат. certum — туура + facere – жасоо ) – жазуу түрүндөгү кандайдыр бир укук берилген күбөлүк.
Сертификат происхождения – документ, удостоверяющий, из какой страны происходит импортируемый товар, и тем самым оказывающий влияние на размер пошлины и предоставление льгот, предусмотренных торговыми соглашениями.
Товардын кайсы өлкөдөн чыгарылгандыгы тууралуу сертификат.
Сертификат соответствия – выданный специально уполномоченным органом документ, удостоверяющий, что должным образом идентифицированная готовая продукция или услуга соответствует конкретному стандарту или другому нормативному документу.
Ылайык келүү сертификаты – атайын укуктуу органдар тарабынан берилген, белгилүү бир талапка (стандартка) же нормативдик документтерге ылайык келгендигин күбөлөндүрүүчү документ.
Сертификация лечебно-оздоровительных услуг
Дарылоо –ден соолукту чыңдоо кызматын сертификациялоо.
Сиропы (лат. siropus , франц. sirop, араб. шарап — напиток) – концентрированный раствор отдельных сахаров (сахарозы, глюкозы, фруктозы) или их смесей в воде или в натуральном фруктовом соке. Представляет собой прозрачную вязкую жидкость с ароматом соответствющих плодов. Водные сиропы с содержанием сахра 30- 60% применяют при варке варенья, изготовлении консервированных фруктовых компотов, в кондитерском и др. Производствах. Фруктовые сиропы служат для непосредственного употребления, получения газообразных и др. напитков.
Сироптор (лат. siropus , франц. sirop, арабча шарап — суусун)- канттардын (сахароза, глюкоза, фруктоза) суудагы же нак жемиш ширесиндеги эритмеси; кошулган жемиштин жытындай илээшкек, тунук суюктук. Канттуулугу 40-80%. Канттулугу 30-60 % -түү суу кошулган сироп кыям (варенье) кайнатууда, консерваланган жемиш компотторун даярдоодо, кондитер, өнөр жайында ж.б. колдонулат. Жемиш сиробу газдалган суу ж.б. суусундарга кошулат.
Соки – плодово- ягодные и овощные, напитки, получаемые из свежих плодов, ягод и овощей, а также из некоторых лекарственных растений. Различают соки прозрачные, получаемые прессованием подготовленных (обычно дробленых) плодов и ягод, и соки с мякотью – из предварительно протертой мякоти плодов и овощей, богатых каротином и другими, нерастворимыми в воде компонентами.
По составу и способу производства соки подразделяются на натуральные (из одного вида плодов или овощей и без добавления других веществ), купажированные (смесь соков нескольких видов), подслащенные (с добавлением сахара или сахарного сиропа), газированные (насыщенные углекислотой), концентрированные (сгущенные).
В зависимости от способа консервирования соки бывают пастеризованные (или стерилизованные), замороженные, консервированные антисептиками и другими химическими вешествами, сброженные и спиртованные (полуфабрикаты для виноделия). Особое значение имеют соки как источник витаминов, в частности, витамина С (черносмородиновый сок содержит 250-300 мг %, мандариновый 80-100мг % витамина С. Наиболее распространены полодовоягодные – виноградный, яблочный, вишневый, сливовый; овощные томатный и морковный. В медицине используют сок подорожника, сок алоэ, сок коланхоэ. Ширелер — жемиш,мөмө, жашылча жана кээ бир дары өсүмдүктөрдөн алынуучу суусундуктар. Ширелер тунук же сулпу менен кошо жасалган ширелер болуп бөлүнөт.Ширеде жаӊы продуктунун табигый касиеттери сакталып, ал эми алардын кээ бирлеринин даамы ж-а аш болумдуулуугу кант кошуунун натыйжасында алда канча жакшырат.
Тамак катары баалуулугу ж-а даамы б-ча өнөр жай ишканалары чыгаруучу чабыштырылган ж-а концентрацияланган ширелер айырмаланып турат. Чабыштырылган шире (алма-клюква, алма-сабиз) эки же андан көп түрдөгү ширелердин чабыштырылган аралашмасынан алынат. Концентрацияланган шире алыш үчүн нак (натуралдык) ширени (негизинен алма ширесин) атайын идиште кайнатат. Кургак заттар нак ширедигиге караганда концентрацияланган ширеде 6 эсе көп болот.
Мөмө-жемиш ж-а жашылча ширелерин шире сыккыч аркылуу үй шартында даярдап алса да болот.
Солевой концентрат морской воды( aqua madre) – густая жидкость, которая остается после добывания соли натуральным методом и которая кроме иловых веществ содержит также серу, йод, магнезию, бром и другие материалы. Это натуральный лечебный фактор, который на морских курортах и внекурортной практике используется в лечебных целях. Деңиз суусунун туздуу концентраты – туз өндүрүп алуудан кийин калган коюу суюктук. Анда чөкмө заттар (күкүрт, йод, магнезия, бром ж.б. минералдар) бар. Бул табигый дарылоо фактор, курорттордо жана курорттон тышкары медициналык практикада кеңири колдонулат.
Соллюкс-лампа – (лат. sol солнце + lux свет; син. лампа-соллюкс) – светильник в виде укрепленной на штативе лампы накаливания с рефлектором; применяется для светотеплолечения. Соллюкс-лампасы – (лат. Sol- күн + lux-жарык) . жарык жылуулугу аркылуу дарылоо үчүн колдонулуучу штативке бекитилген ысыктуучу рефлектору болгон лампа.
Солярий, аэросолярий (лат. solarius солнечный) – площадка, оборудованная для приема солнечных ванн.
Солярий, аэросолярий (лат. solarius күндүү) – белгиленген өлчөмдө күн нуруна кактанып дарыланууга ылайыкталган ачык аянтча.
Сопутствующие вещества – в фитотерапии и натуротерапии – природные соединения, содержащиеся в лекарственном растительном (или другом природном) сырье или препаратах из него, не определяющие их основного терапевтического эффекта, но обладающие фармакологической активностью.
Сопутствующие балластные вещества влияют на фармакологическое действие действующих веществ: они его потенцируют и ингибируют. В некоторых растениях сопутствующие вещества могут, например, улучшать всасывание действующих веществ, ускоряя их усвоение организмом, усиливая их активность и уменьшая токсическое действие (сапонины). В других случаях сопутствующие вещества вызывают весьма выраженные нежелательные явления (побочные эффекты), например, дубильные вещества в неправильно приготовленном водном извлечении из листьев толокнянки. Некоторые вещества, являясь действующими в одном растении, оказываются сопутствующими в другом.
Өсүмдүк сырьесунда негизги дарылык касиети бар табигый бирикмелерди коштоп жүрүүчү заттар. Алар негизги таасир этүүчү заттардын фармакологиялык эффектин күчөтөт же басаңдатат. Мисалы, кээ бир өсүмдүктөрдүн коштоп жүрүүчү заттары негизги таасир этүүчү заттардын сиңирилишин жакшыртып, аны организм оңой кабыл алат. Кээде коштоп жүрүүчү заттар терс таасир берет. Кээ бир заттар бир өсүмдүктө негизги таасир берүүчү зат болсо, башкасында коштоп жүрүүчү зат катары болот.
Софт пак (Soft pack) – релаксационная кровать серийного производства, которая дает ощущение парения над водой. На кровати выполняются различные обертывания и накладывания
компрессов для очищения и выведения шлаков из организма, обновление организма.
Софт пак – суу үстүндө калкуу сезимин бурүүчү кровать. Анда организмден шлактарды чыгаруучу ар кандай процедуралар – ороо, компресс коюу ж.б. колдонулат.
СПА-индустрия – (англ. Spa – источник термальной воды, источник минеральной воды, курорт) – комплекс восстановительных процедур, в которых используют природные лечебные ресурсы (климат, минеральную воду, лечебную грязь), их искусственное аналоги, косметические препараты, психорелаксирующие и тонизирующие физические методы в условиях специально организованного режима.
СПА-индустрия – (англ. Spa –жылуу суусун, минералдык суусун булагы) – жер алдынан чыккан ысык суунун, минералдык суунун булагы. Анда атайын уюштурулган шартта табигый дарылоо ресурстар (климат, минералдык суу, дары баткак) же алардын жасалма аналогдору, косметикалык процедуралар, сеп алдыруучу же тонусту жогорулатуучу ыкмалар колдонулат.
Спелеотерапия – (лат. spelaion пещера + терапия ) – лечение больного путем продолжительного воздействия микроклиматом гротов, пещер или выработанных шахт.
Спелеотерапия – (лат. spelaion үңкүр + терапия ) – иштетилген шахтада же үңкүрдөгү микроклиматтын таасири менен узак убакыт бою дарылоо.
Спортивно — оздоровительный лагерь – санаторно-курортная организация стационарного или сезонного типа, предназначенная для активного отдыха и оздоровления молодежи.
Спорттук ден соолукту чыңдоо лагери – активдүү эс алууга, жаштардын ден соолугун чыңдоого багытталган стационардык же мезгилдик типтеги санаторий-курорттук уюм.
Стандарт — 1) как общее понятие (от англ.to stand – быть устойчивым) типовой образец, модель, субстрат, принимаемый за за исходное для сравнения, нормативное требование, шаблон, лишенный индивидуальности.
2) Нормативный документ, разработанный на основе консенсуса и утвержденный признанным органом, в котором устанавливаются для всеобщего и многократного использования правила, общие принципы и характеристики, касающиеся различных видов деятельности или их результатов (продуктов) и который направлен на достижение оптимальной степени упорядочения в определенной области.
Стандарт ( англ.to stand – туруктуу болуу) — салыштыруу үчүн кабыл алынган баштапкы номативдик талаптар, үлгүсү ж.б.
1) жалпы түшүндүк боюнча – модель, типтүү үлгү, түр.
2) Нормативдик документ. Аны консенсус негизинде иштеп чыгып, укугу бар орган бекитет. Стандарт ар түрдүү ишкердиктин же алардын продуктусун (натыйжасын) оптималдуу деңгээлге жеткирүүгө багытталган белгилүү тартиптерди, принциптерди, мүнөздөмөлөрдү белгилеп аныктайт.
Национальный стандарт Кыргызской Республики КМС
Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарты КМС
Стандартизация в здравоохранении – деятельность, направленная на достижение оптимальной степени упорядочивания в здравоохранении путем разработки и установления требований, норм, правил, характеристик условий, продукции, технологий, услуг, применяемых в здравоохранении.
Прим. Медицина, как наука и как государственная система, регулирования медицинской помощи, стремится к стандартизации способов диагностики и лечения, медицина как искусство лечить испытывает страх перед стандартным подходом к личности больного и его болезни.
Саламаттык сактоодогу стандарташтыруу – саламаттык сактоодо оптималду деңгээлдеги тартипке багытталган иш аракет. Анда бекитилген талаптар, нормалар, эрежелер, шарттардын продуктулардын технологиялардын, тейлөөнүн мүнөздөмөлөрү жалпы жана көп ирет колдонууга мыйзамдар белгиленген. Медицина илим катары медициналык жардамды жана мамлекеттик системаны жөнгө салгандыктан, диагностика менен дарылоону стандартташтырууга умтулат.
Стресс – (англ. stress напряжение; синоним стресс-реакция) – неспецифическая реакция организма, развивающаяся под влиянием различных интенсивных или новых воздействий (боли, холода, чрезмерной физической нагрузки психоэмоциональной травмы и др.), и проявляющееся адаптационным синдромом. Стресс может оказывать как положительное, так и отрицательное влияние на деятельность, вплоть до ее полной дезорганизации, что ставит задачу изучения адаптации к сложным, экстремальным условиям, а также а также прогнозирования его поведения, особенно в подобных условиях.
Стресс – (англ. stress– кысуу, күчөнүү, кыйыңдоо)- организмдин өзүнө таандык болбогон ар кандай таасирлерге карата реакциясы. Ал күчтүү же кайсы бир жаңы таасирлердин (оору, суук, өтө күчтү талап кылган физикалык нагрузка, психикага, сезимге тийген травма ж.б.) натыйжасында келип чыгат. Ал адаптациялык синдром аркылуу көрүнөт. Стресс иш аракетке оң же терс таасир берип, кээ бир учурда аны толук бузушу да мүмкүн. Ошондуктан, адамдын татаал (экстремалдуу) шарттарга көнүүсүн, ошондой эле анын ошол шарттагы жүрүм-турумун изилдөө маселеси негизги болуп эсептелет.
Стречинг (англ. stretta – сжатие) – растягивание или разогревание зажатых мышц и связок (авторы Боб и Жан Андерсон); рекомендуется выполнять каждый раз до и после физических упражнений.
Стречинг (англ. stretta – кысуу) – кысылган булчуңдарды жана байламтамаларды чоюу же жылытуу; физикалык көнүгүүлөрдү жасоодон мурда же андан кийин сунушталат.
Суппозитории (лат.suppositoria) – официнальная дозированная лекарственная форма, твердая при комнатной температуре и расплавляющаяся или растворяющаяся при температуре тела, применяемая для введение в полости тела. Суппозитории бывают ректальные (свечи) – suppositoria rectalia, вагинальные — suppositoria vaginalia и палочки — bacilli. Вагинальные суппозитории выписывают в основном с целью местного действия: дезинфицирующего, вяжущего, прижигающего, анестезирующего, противозачаточного. Ректальные суппозитории рассматривают в натурофармации и натуротерапии не только как лекарственную форму для местного действия. Биологически активные вещества, всасываясь через слизистую оболочку прямой кишки, попадают непосредственно в кровоток (в геморроидальную вену, нижнюю полую вену и в общий ток крови большого круга кровообращения), минуя защитный барьер печени. Суппозитории (лат.suppositoria) – өлчөмү так болгон официналдуу дары формасы. Ал бөлмөнүн температурасында катуу, дененин температурасында жумшак болуп, ээрүүчү касиетке ээ. Ал дененин көңдөйлөрүнө салынат. Суппозиторийлер көтөн чучукка киргизүүчү жана вагиналык (vagina – жатык кынына салынуучу) жана ичке (bacilli) бөлүнөт. Жатын кынына салынуучу суппозиторийлер жергиликтүү таасир берүү: дезинфекциялык, күйгүзүү, ооруну басаңдатуучу, бойго болтурбоочу максатында колдонулат. Көтөн чучукка киргизүүчү суппозиторийлер жергиликтүү тасирден башка, организмге жалпы таасир этүү максатында пайдаланылат. Көтөн чучуктун былжыр челинен биологиялык активдүү заттар түздөн түз геморрой венасы, төмөнкү көңдөй венасы аркылуу кандын айлануусунун чоң тегерегине, боордун тоскоолдук барьеринен тышкары жетет.
Талассотерапия (греч. thalassa + therapeia лечение) – использование с профилактической и лечебной целью климата морских побережий, и морских купаний; разновидность климатотерапии.
Талассотерапия (греч. Thalassa деңиз + therapeia дарылоо) — алдын алуу жана дарылоо максатында деңиз жээгинин климатын, деңизге түшүүнү колдонуу; климатотерапиянын түрү.
Тамга – климато-бальнеологический санаторий в Джеты-огузском районе Иссык-Кульской области. Действует с 1932 года.
Тамга — жердин аты. Ысык-Көл областынын Жети Өгүз районундагы климаттык-бальнеологиялык санаторий. 1932 жылдан баштап иштейт.
Терапия – лечение заболеваний всего организма или отдельных органов (греч. therapeia – лечение, уход). Сегодня это означает выполнение любой процедуры или лечение с целью сохранения или укрепления здоровья.
Терапия (греч. therapeia – дарылоо). Бүткүл организмдин ооруларын же өзүнчө органдарды дарылоо.
Терапия драгоценными камнями – альтернативный метод лечения с помощью драгоценных камней, который применялся еще в античные времена, основывается на магии и оккультизме.
Асыл таштар менен дарылоо. Античный дүйнөдөн баштап эле колдонулуучу асыл таштар менен дарылоо жүргүзүүчү альтернативдүү ыкма. Ал сыйкырчылык жана оккультизмге негизделген.
Терренкур (франц. terrain местность +нем. Kur лечение) – метод лечебной физкультуры, заключающийся в дозированной ходьбе по специально проложенным и оборудованным маршрутам на пересеченной местности.
Терренкур (франц. terrain жер +нем. Kur дарылоо) – дарылоо физкультурасынын ыкмасы. Анда адыр-бүдүр (түз эмес) жерлерге атайын ылайыкталган маршрут (жолдор) боюнча белгиленген мөөнөттө жөө жүрүү.
Теплолечение (син. термотерапия) – метод физиотерапии, заключающийся в дозированном воздействии на организм больного тепла, отдаваемого какими-либо теплоносителями или образующимся в тканях организма при поглощении ими энергии электромагнитных колебаний.
Разновидностями Т.л. являются нафталанолечение, озокеритолечение и парафинолечение, при которых применяют подогретые пелоидоподобные вещества – нафталанскую нефть, озокерит, парафин.
Пелоидотерапия.
Грязевые аппликации — тепловое, механическое и химическое воздействие грязи.
Парафиновые аппликации – тепловое воздействие
Озокеритовые аппликации – тепловое воздействие
Глиняные аппликации – тепловое, механическое и химическое воздействие глины.
Полостное грязелечение – введение грязевых тампонов во влагалище или прямую кишку при лечении заболеваний малого таза (грязевые тампоны вагинальные, ректальные)
Мешочки с семенами льна
Электрогрязелечение
Жылуулук менен дарылоо (термотерапия) – физиотерапиянын ыкмасы. Анда оорулунун организмине белгилүү бир өлчөмдө кайсы бир жылуулукту алып берүүчү же электрмагниттик термелүүнүн энергиясынын таасиринен чыккан жылуулук менен дарылоо.
Анын түрлөрү: нафталан менен дарылоо, озокерит менен дарылоо, парафин менен дарылоо.
Пелоидотерапия.
Баткак менен дарылоо.
Парафин аппликациясы (парафин сүйкөлгөн катмар), жылуулук таасир берет.
Озокерит аппликациясы. Жылуулук таасир берет.
Чопо менен жасалган аппликация. Жылуулук, механикалык жана химиялык таасир берет.
Көңдөйдү баткак менен дарылоо. Анда баткак тампондорду жатын кыны менен көтөн чучукка киргизилет. Кичи жамбаштын ооруларын дарылоо максатында зыгырдын уругу салынган баштыкчалар.
Электрбаткак менен дарылоо колдонулат.
Термальная вода считается природным лечебным фактором. Используется непосредственно у источника или скважины. Широко используется тепловое ( гипотермы, изотермы, гипертермы) и химическое (термоминеральные) воздействие воды, т.е. фармакологический и бальнеологический эффект. Терма суусу – жер алдынан чыккан ысык суулар; табигый дарылоо фактору. Булактан же скважинадан түздөн-түз чыккан ысык суу пайдаланылат. Суунун жылуулук ( гипотерма, изотерма, гипертерма) жана химиялык (термоминералдык) таасири кеңири пайдаланылат.
Термы – древнеримские общественные бани или купания во времена правления императоров. Сегодня это термы, топлицы, курорты которые для реабилитации и профилактики используют природные лечебные факторы. Термалар – байыркы римдин коомдук мончосу. Бүгүнкү күндөгү термалар, курорттор реабилитация жана профилактика үчүн табигый дарылоо факторлорду пайдаланат.
Техники расслабления – способы нормализации вегетативных функций, таких, как биение сердца, давление крови и дыхание. Наиболее известные и популярные техники расслабления – это аутогенный тренинг, активное расслабление мышц и йога. Бошоңдотуу (сеп алдырма) техникасы – вегетативдик функцияларды (жүрөктүн кагышы, кандын басымы, дем алуу) нормага келтирүүчү ыкмалар. Эң белгилүүсү – аутогендик тренировка, булчуңдарды активдүү бошоңдотуу жана йога.
Технологическая инструкция – нормативное печатное издание, регламентирующее последовательность операций конкретного технологического процесса, а также условия и режимы его проведения. Технологиялык инструкция – белгилүү бир технологиялык процесстин жүрүү ирети жана аны жүргүзүүнүн шартынып, режимин тактоочу нормативдик басмасы.
Технологическая схема – условия забора М.в., их транспортировки и подготовки к лечебному использованию определяется специальной технологической схемой эксплуатации месторождения.
Минералдык суу чыккан жерди пайдалануу боюнча атайын технологиялык (иштетүү жолдорунун) схемасы. Анда минералдык сууну чыгаруу шарты, аны транспортто жана дарылоого колдонууга даярдоо боюнча атайын технологиялык схема белгиленет.
Технология – (греч.techne искусство, мастерство, умение + logos учение, наука) — наука о естественнонаучных и технических закономерностях производственного процесса, совокупность методов обработки, изготовления, изменения состояния, свойств, формы сырья или материала, осуществляемых в процессе производства продукции.
Технология – (греч.techne ык, эпчебердик , + logos окутуу, илим) — иштетүү жолдору, өндүрүш процесстердин табигый илимий жана техникалык закон чекемдерин изилдөөчү илим; сырье же материалдарды продукция иштеп чыгуу процессинде иштетүү, даярдоо, алардын касиети менен абалынын өндүрүшүнүн жыйындысы.
Технология лекарственных форм – наука о теоритических основах и производственных процессах переработки лекарственных средств в лекарственные препараты путем придания им определенной лекарственной формы. Базовыми терминами технологии лекарственных форм являются: лекарственное средство, лекарственное вещество, лекарственная форма и лекарственный препарат (лекарство).
Дары формаларын технологиясы – дары каражаттарынан дары препараттарын өндүрүштө иштеп чыгуу процесстеринин теориялык негизин изилдөөчү илим. Анда белгилүү дары формасына айландыруу да каралат. Базалык терминдери : дары каражаты, дары заты, дары формасы жана дары препараты (дары-дармек).
Травы – (лат. herbae) – в фармацевтической практике лекарственное растительное сырье, представляющее собой высушенные или всежие надземные части травянистых растений. Травы обирают во время цветения, иногда во время бутонизации или плодоношения. Сырье состоит из стеблей с листьями и цветками, отчасти с бутонами и незрелыми плодами. У одних растений собирают только верхушки, у других – всю надземную часть, у третьих – надземную часть вместе с корнями. Дары өсүмдүктөр (лат. herbae) – дарылык касиети бар кургатылган же жаңы чогултулган дары өсүмдүктөрдүн сырьесу. Өсүмдүктөр гүлдөгөндө, кээде өсүмдүктөрдүн өөрчүшүндөгү гүл бүчүрлөрдүн калыптанып бүткөн мезгилинде (богок байлаганда) же мөмө байлаганда жыйналат. Сырье сабак, жалбырак гүлдөр, кээде бышпаган мөмөлөрдөн түзүлөт. Кээ бир өсүмдүктөрдүн жогорку жагы, кээ бириники жер үстүндөгү бөлүгү, кээ бириники тамырлары менен сабагы жыйналат.
Трансцендентальная медитация – это приятная и и доступная техника, которая с наибольшей эффективностью дает глубокое расслабление и ощущение глубины сознания. Снижение активности мышления в процессе трансцендентальной медитации сопровождается снижением физиологической активности, что выливается в состояние исключительно глубокого и целебного физического отдыха. Трансценденталдык медитация – ал жагымдуу жана колдон келүүчү техника. Ал техниканы колдонгондо физиологиялык активдүүлүк төмөндөп, организм сеп алат.
Трудотерапия – занятия в специальных кабинетах под контролем инструкторов, направленные на восстановление движений в конечностях, необходимых для обслуживания себя в быту (ходьба по лестнице, пользование городским транспортом), а также общей и профессиональной трудоспособности.
Эмгек менен дарылоо – атайын кабинеттерге инструктордун көзөмөлү боюнча көнүгүүлөр жүргүзүлөт. Алар бут-колдорун кыймылын (тепкич менен басуу, шаардык транспортто жүрүү) оорудан кийин калыбына келтирүүгө жана жалпы жана адистик эмгек жарамдуулугун оңолтууга багытталат.
Туи-на массаж ( tuina anmo) – является составной частью традиционной медицины и одним из первых методов лечения, который широко использовали в древнем Китае. Цель массажа – увеличить поток энергии чи по меридианам с помощью различных техник массажа на мягких тканях и структуре скелета, а также с помощью акупрессуры.
Туи-на укалоосу( tuina anmo) – кытай медицинасынын ыкмаларынын бир бөлүгү. Ал байыркы Кытайда кеңири колдонулган. Укалоонун максаты – энергиянын чи агымын меридиандар боюнча күчөтүү. Ал жумшак ткандар жана скелеттин структурасы боюнча массаждын ар кандай техникасынын, ошондой эле акупрессуранын жардамы менен жүргүзүлөт.
Туристическая база – санаторно-курортная организация, предназначенная для активного отдыха. Санаторно-оздоровительного и культурно познавательного туризма, представляющая услуги по размещению и питанию, гигиеническому и медицинскому обслуживанию по основному месторасположению и на туристических маршрутах.
Туристтик база –активдүү эс алуу, ден соолукту чыңдоого багытталган санитардык-курорттук уюм. Анда негизги кооз жерде орун алган же туристтик маршруттарда жайгаштыруу, тамактануу, гигиеналык жана медициналык тейлөөлөр көрсөтүлөт.
Туризм – временные выезды людей в другую страну или местность, отличную от места постоянного жительства на срок от 24 часов до 6 месяцев или с совершением не менее одной ночевки в развлекательных, оздоровительных, спортивных, гостеваых, познавательных, религиозных и иных целях без занятия деятельностью, оплачиваемой из местного источника.
Лечебный
Оздоровительный
Рекреационный
Экологический
Туризм – адамдардын убактылуу башка өлкөгө же дайыма жашаган жерден айырмаланган жерге ден соолукту чыңдоо, эс алуу, спорттук же диний максатта баруусу.
Ал дарылоо, ден-соолукту чыңдоочу, рекреациялык (эс алуу, ден соолукту калыбына келтирүү), экологиялык (организм менен айлана-чөйрөнүн байланышын изилдөөчү) туризм болуп бөлүнөт.
Ультравысокочастотная терапия(синоним УВЧ – терапия) – метод лечения посредством дистанционного воздействия непрерывным, прерывистым или импульсивным электромагнитным полем ультравысокой частоты (40,68 и 27,12 МГц).
УВЧ –ж огорку жыштыктагы терапия. Анда ультражогорку жыштыктагы (40,68 жана 27,12 МГц) үзгүлтүксүз, үзүлмө же импульстук электрмагниттик талаанын таасири менен дарылоо жүргүзүлөт.
Ультразвук (син. ультразвуковые колебания) – упругие колебания физической среды с частотой более 20кгц, не слышимые человеком; используется с диагностическими и лечебными целями.
Ультраүн – жыштыгы 20кгц-тен ашкан, физикалык чөйрөнүн серпилгич термелүүлөрү. Аны адамдын кулагы укпайт. Диагностика жана дарылоо максатында колдонулат.
Ультразвуковая терапия – применение ультразвука с лечебной целью. В основе ульразвуковой терапии лежит специфический характер взаимодействия ультразвуковые колебания частотой от 800 до 3000кГц, в ультразвуковой хирургии – от 20 до 100 кГц.
•Ультразвуковая эпиляция
•Ультразвуковой пилинг
•Ультратонотерапия
Ультраүн менен дарылоо – ультраүндү дарылоо максатында колдонуу. Ультраүн менен дарылоонун негизин ультраүндүн биологиялык ткандар менен өз ара байланышы түзөт. Физиотерапиялык практикада термелүүнүн жыштыгы 800кГцтен до 3000кГц ке жетет, ультраүн хирургиясында 20 — 100 кГц.
•Ультраүн менен эпиляция(жок кылуу)
•Ультраүн менен тазалоо
Утомление – совокупность изменений в физическом и психическом состоянии человека и животного, развивающихся в результате деятельности и ведущих к временному снижению ее эффективности. Субъективное ощущение называется усталостью. В начальных стадиях утомление у человека снижается эффективность деятельности, замедляется темп работы, нарушается ритмичность, точность и координация движений, для одной и той же деятельности требуется больше энергетических затрат. Внимание ослаблено и с трудом переключается. Для утомления характерны увеличение числа ошибок, в начале доминируют количественные, в последующем – качественные. При выраженном утомлении наблюдается полное прекращение работы. Выраженное утомление может привести в срыву и состоянию переутомления. Борьба с утомлением осуществляется внедрением рациональных режимов труда и отдыха, улучшений условий обитаемости. Положительные эмоции способствуют более полной мобилизации физиологических резервов организма.
Чарчоо, чаалыгуу – адамдын иш-аракет учурунда (белгилүү убакыттын кийин) жөндөмдүүлүгүн, акыл-эсинин активдүүлүгүнүн убактылуу төмөндөшү, чарчашы. Чаалыгууну сезе билүү чарчагандык деп аталат. Ишке жөндөмдүүлүктүн динамикасы — иш-аракетке даярдык, жөндөмдүн иштин талабына шайкеш келиши, оганизмдин мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү сыяктуу ж.б. фазалардан турат. Чарчоонун алгачкы стадияларында адамдын иш-аракетке болгон жөндөмдүүлүгү начарлап, эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт. Чарчоодо адегенде сандык, анан сапаттык жаңылыштар кетирүү мүнөздүү. Киши абдан чарчаганда иш процесси токтойт. Чарчоо акыл эс жана дене бойдун чарчоосу деп бөлүнөт. Чарчоону оңтойлуу эмгек жана эс алуу режимин түзүү, иштеген жайды, жашоо шартын жакшыртуу, машыгуу аркылуу жоюуга болот. Оң эмоция эмгектин тез ритмикасын камсыз кылып, ишке жөндөмдүүлүктү арттырат.
Синдром хронической усталости – (СХУ) – весьма распространенная патология точно не установленной природы, которая связана возможно, с особенностями жизни населения крупных поселений, типом жизни в развитых странах и плохой санитарно-экологической обстановкой, вирусной инфекцией, а также большой эмоционально-психической нагрузкой на человека, которые приводят к периодической апатии, депрессии, беспричинным приступам гнева, агрессии с частичной амнезией и др.
Өнөкөй чарчоо синдрому – кеңири таралган патологиялык абал. Ал ири шаарларда өнүккөн өлкөлөрдөгү жашоонун өзгөчөлүктөрү, жана начар санитария-экологиялык абал, вирус инфекциялары, ошондой эле адамга чоң эмоциялык-психикалык нагрузка тийгенден келип чыгып, мезгил-мезгили менен апатияга, депрессияга, агрессияга, туталаганга, акыл-эстин начарлаганына алып келет.
Фанго – вулканическая пыль, использующаяся в бальнеологии для приготовления компрессов, аппликаций, ванн и обертываний. Действует местно или системно по принципу прогревания и долгого хранения тепла.
Фанго – бальнеологияда колдонулуучу жанар тоолордон чыккан чаң. Ал компресс, аппликация, ванна, ороо түрүндө колдонулат; ысытуу, жылуулукту көп убакытка сактоо таасир берет.
Фармакогнозия – (pharmacognosia; греч. pharmacon лекарство + греч. gnosis познание, знание) – раздел фармации, изучающий лекарственное сырье природного происхождения и разрабатывающий методы его заготовки, хранения и обогащения.
Фармакогнозия – ( гр. pharmacon дары + греч. gnosis изилдөө, илим) – фармациянын бир бөлүмү. Ал табигый дары сырьелорун изилдейт жана аны жыйноо, сактоо,байытуу ыкмаларын иштеп чыгат.
Фармакология – (греч. pharmacon лекарство +греч. logos учение, наука)- наука, изучающая действие лекарственных веществ на организм человека и животных.
Фармакология – (греч. pharmacon дары +греч. logos окуу, илим)- дарылардын адам менен жаныбарлардын организмине тийгизген таасирин изилдөөчү медициналык-биологиялык илим.
Фармакопея – (греч. pharmacon лекарство, poieo – делаю, изготовляю) – искусство изготовления лекарств, сборник стандартов и положений, нормирующих качество лекарств, средств. В России 1 –я фармакопея вышла в свет в 1877г. в данное время действует XI издание Государственной Фармакопеи. Составление, дополнение, переиздание фармакопеи осуществляется Фармакопейным комитетом.
Фармакопея – законодательный документ; требования, предъявляемые ею к лекарственным средствам обязательны для всех предприятий, учреждений, изготовляющих, хранящих, применяющих и контролирующих эти средства. Фармакопея содержит описания методов химически –физических и биологических анализов лекарственных средств; сведения о реактивах и индикаторах; списки ядовитых и сильнодействующих лекарств, таблицы высших разовых и суточных доз и т.д. ВОЗ издает Международную Фармакопею.
Фармакопея – (греч. Pharmacon дары, poieo –жасайм) – дарылардын сапатын белгилөөчү стандарттардын жана жоболордун жыйныгы. Россияда биринчи Фармакопея 1877 жылы басылган. Азыркы кезде Мамлекеттик Фармакопеянын XI басылмасы колдонулат. Ал мамлекеттик закондуу документ. Фармакопеяда коюлган талапты дары даярдоочу, аны сактоочу, пайдалануучу жана текшерүүчү бардык мекемелер аткарат. Бул жыйнакта дарылардын сапатын текшерүү үчүн бардык метод, реактив, индикаторлор жөнүндө түшүнүк, уулуу жана күчтүү дарылардын тизмеси, дарылардын жогорку бир жолку жана суткалык дозасы ж.б. берилген. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык Фармакопеяны басып чыгарат.
Фармакотерапия – (pharmakotherapia; греч. pharmacon лекарство +therapeia уход, лечение) – совокупность методов лечения, основанных на применении лекарственных лекарств.
Фармакотерапия – (гр. pharmacon дары +therapeia дарылоо) – дары каражаттарынын колдонууга негизделген дарылоо ыкмаларынын жыйындысы.
Фармация (pharmacia; греч. Pharmakeia, применение, употребление лекарств, лекарственных средств, от pharmakon лекарство; син.: лекарствоведение) – отрасль научных знаний и практической деятельности, посвященная изысканию, изготовлению, стандартизации, исследованию (оценке качества), хранению и отпуску лекарственных средств, а также организации лекарственного обеспечения.
Фармация (гр. Pharmakeia,дары, дарыны колдонуу) – дарыларды таап изилдөөчү, аларды сактап жана даярдап берүүнү, стандартизация жүргүзүүчү, дарылар менен камсыз кылуучу илимий-практикалык тармак .
Физиопрофилактика – профилактика заболеваний человека, основанная на использовании укрепляющего и тренирующего воздействия естественными и искусственно создаваемыми физическими факторами.
Физиопрофилактика – ооруну табигый жана жасалма физ. факторлордун жардамы менен алдын алуу чаралары. Аларга организмди сырткы чөйрөнүн жагымсыз факторлорунан сактоо, үй тиричилик, эмгек жана эс алуу шартын түзүү керек. Физиопрофилактикада организмди чыңдоо, ингаляция, аэротерапия кеңири пайдаланылат.
Физиотерапия – (син.: терапия физическая) – область клинической медицины, изучающая лечебные свойства природных и искусственно создаваемых физических факторов и разрабатывающая способы их применения (без разрушения тканей) для лечения и профилактики болезней, а также для медицинской реабилитации; некоторые физические факторы (ионизирующие излучения, значительно повышенное давление воздуха и др.) изучаются Ф., а другими областями медицины. Физиотерапия (гр. physis – табият жана терапия)- медицинанын табигый жана жасалма физикалык факторлордун дарылык касиетин изилдөөчү жана оорулууну дырылоо, ооруларды алдын алуу, ошондой эле медициналык реабилитация үчүн ткандарды бузбаган ыкма иштеп чыгуучу тармагы.
Физиотерапевт – врач-специалист, получивший подготовку в области применения естественных и искусственно создаваемых физических факторов для лечения, профилактики и медицинской реабилитации.
Физиотерапевт – врач. Ал атайын даярдыктан өткөн адис, табигый жана жасалма физикалык факторлорду колдонуп оорулууну дарылоо, ооруну алдын алуу жана медициналык реабилитациясынын чараларын жүргүзөт.
Физическая культура – часть общей культуры общества, отражающая уровень целенаправленного использования физических упражнений для укрепления здоровья и гармонического развития личности.
Дене тарбия – тарбиялоонун жалпы системасынын адамдын ден соолугун чыңдоого жана дененин өсүшүнө арналган бөлүгү. Анда ден соолукту чыңдоо жана адамдын гармониялык жактан өсүшүнө ылайыкталган атайын физикалык көнүгүүлөр пайдаланылат.
Физкультура лечебная
1) метод лечения, профилактики и медицинской реабилитации, основанный на использовании
физических упражнений и других средств физической культуры;
2) раздел клинической медицины, изучающий механизмы терапевтического действия физических упражнений, а также других средств физической культуры и разрабатывающий методы их применения с лечебно-профилактической и реабилитационной целью.
Дарылоо физкультурасы
1) дене тарбиянын физикалык көнүгүүлөрү жана башка каражаттарын колдонууга негизделген дарылоо, ооруну алдын алуу жана медициналык реабилитациянын ыкмасы;
2) клиникалык медицинанын бөлүгү. Ал физикалык көнүгүүлөрдүн жана физкультуранын башка каражаттарынын дарылоо таасирлеринин механизмдерин изилдейт, ошондой эле дарылоо-профилактикалык жана реабилитациялык максатында колдонуунун ыкмаларын иштеп чыгат.
Фитнес – (английское слово, обозначает способность, здоровье) – это способность выполнять движения за счет главных функциональных систем человеческого организма, которая ему обеспечивает выполнение поставленной задачи. Состоит из физических свойств так называемых «четырех S»: сила (strength); энергия (stamina); эластичность (suppleness); и ловкость (skills). Фитнес – это также одна из форм выполнения физических упражнений на тренажерах.
Фитнес – (англ.phitness – мүмкүнчүлүк, ден соолук) – адамдын организминин негизги функциялык системаларынын аркасында алдыда турган максатка жетиш үчүн түрдүү кыймыл аракеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгү. Фитнес төрт физикалык касиеттерден «төрт S-тен» турат. Ал күч (strength); энергия (stamina); ийилгичтик (suppleness); жана эптүүлүк, машыккандык (skills). Ошондой эле фитнес – физикалык көнүгүүлөрдү тренажерлордо жасоо.
Фитоанальгезия – устранение боли с помощью биологически активных веществ или лекарственных средств растительного происхождения.
Предусматривает в том числе устранение причин боли, усиление действия синтетических анальгетиков, изменение отношения к боли, ее восприятию пациентом, устранение беспокойства, страха, депрессии.
Фитоаналгезия – биологиялык активдүү заттардын жана өсүмдүктөрдөн алынган дары каражаттардын жардамы менен ооруну басаңдатуу.
Ал оорунун себебин жоюу, синтез жолу менен алынган аналгетиктердин таасирин күчөтүү, пациенттин ооруну сезүүсүн, тынчсызданууну, коркуу сезимин, көңүл чөккөндү жоюу максатында өзгөчө же өзгөчө эмес таасири болгон кычкылтектин жетишсизддигине кандайдыр бир деңгээлде организмдин туруктуулугун жогорулатуучу, ооруну басаңдатуучу заттар же өсүмдүктөрдөн алынган дары-дармектер.
Фитованны – лечебные процедуры, при которых тело человека погружают полностью до уровня шеи (за исключением области сердца) или частично соответствующим образом разбавленный экстракт, настой или отвар из лекарственного растительного сырья или сбора (см. также ванны).
Фитованналар – дарылык касиеттеги өсүмдүк сырьесунан алынган экстракт, настой же кайнатмасы кошулган же өсүмдүктөрдүн аралашмасы салынган ваннадагы сууга адамдын денесин мойнуна чейин чөмүлтүп салуу .
Фитонциды – (от греч. phyton – растение и лат. caedo – убиваю), образуемые растениями биологически активные вещества, убивающие или подавляющие рост и развитие бактерий, микроскопических грибов, простейших; играют важную роль в иммунитете растений, и во взаимоотношениях организмов в биогеоценозах. Выделение фитонцидов усиливается при повреждении растений. Химическая природа фитонцидов различна. Обычно это комплекс соединений – гликозидов, терпеноидов, дубильных веществ и др. Летучие фракции фитонцидов выделяются в атмосферу, почву, воду (у водных растений). Летучие фитонциды способны оказывать свое действие на расстоянии, например, фитонциды листьев дуба, эвкалипта, сосны и т.д. фитонциды чеснока, лука, хрена убивают многие виды простейших, бактерий и низших грибов в первые минуты и даже секунды. Один гектар соснового бора выделяет в атмосферу за сутки около 5кг летучих фитонцидов, можжевелового леса – около 30кг, снижая количество микрофлоры в воздухе. В хвойных лесах воздух практически стерилен (содержит лишь около 200-300 бактериальных клеток на 1 м 3), что представляет интерес для гигиенистов, курортологов и т.д.
в медицинской практике применяют препараты лука, чеснока, хрена, зверобоя продырявленного и других растений, содержащих фитонциды для лечения гнойных ран, трофических язв и т.д. фитонциды ряда растений влияют на работу сердца и желудочно-кишечного тракта.
Фитонциддер – ( гр. phyton –өсүмдүк жана лат. caedo – өлтүрөм) – бактерияларды жана жөнөкөйлөрдү өлтүрүүчү же алардын көбөйүшүн токтотуучу касиети бар заттар. Алар өсүмдүктөрдөн бөлүнүп чыгып, өсүмдүктөрдүн иммунитетинде, биогеоценоздо организмдердин өз ара мамилелеринде маанилүү роль ойнойт. Өсүмдүктү коргоо функциясын аткарып, курт-кумурскаларды качыгат, ошондой эле өсүмдүктө жылуулукту жөнгө салуу ж.б. тиричилик процессинде катышат. Өсүмдүк сынганда, сыйрылганда фитонциддердин бөлүнүүсү күчөйт. Алардын фитонциддик активдүүлүгү сезонго, гүлдөө стадиясына жараша болот. Алар химиялык курамы боюнча түрдүү бирикмелердин (гликозиддер, терпеноиддер ж.б.) комплекси. Фитонциддердин оңой учуучу фракциялары атмосферага, топуракка, сууга чыгат. Мырза карагайлуу токойдун бир гектары бир суткада беш килограммга, арчалуу токой 30 килограммга жакын фитонциддерди бөлүп чыгарып, абадагы микроорганизмдерди азайтат. Ошондуктан, ийне жалбырактардын абасы таза, организмге жагымдуу келип курорт, санаторийлерди жайгаштырууга ыңгайлуу. Сарымсак менен пияздын фитонциддери таасир этер замат жөнөкөйлөрдү, бактерияларды өлтүрөт. Медициналык практикада пияздан, сарымсактан, сары чай чөптөн алынган фитонциддүү дары-дармектер кеңири колдонулат. Кээ бир өсүмдүктөрүн фитонциддери ичеги, карын жолдорунун кыймылын жана секрециясын күчөтөт.
Фитотерапия – (греч. phyton растение, побег греч. therapeia уход, лечение) метод лечения заболеваний с помощью лекарственных средств растительного происхождения, содержащих комплексы биологически активных веществ, максимально полно извлеченных их целого растения или отдельных его частей.
Фитотерапия – (гр. phyton өсүмдүк греч. тherapeiaдарылоо ) – курамында толук бир өсүмдүктөн же анын айрым бир бөлүктөрүнөн алынган биологиялык активдүү заттары бар өсүмдүк дары каражаттарын колдонуу менен ооруларды дарылоо ыкмасы.
Чолпон – Ата – климатический и бальнеогрязевой курорт в Иссык-Кульской области, на побережье оз. Иссык-Куль, на высоте 1640 м над уровнем моря; входит в Иссык-Кульскую курортную зону. Климат континентальный с умеренно теплым летом (средняя месячная температура в июле 17°) и мягкой зимой (в январе — 3°) осадков за год около 250 мм, главным образом летом. Число часов солнечного сияния в году 2800. Термальная (t° 45-52) азотная вода с минерализацией до 20 г/л также хлоридно-сульфатная натриево-магниевая с минерализацией 5,8 г/л вода оз. Иссык-Куль, используемые для ванн, орошений и др. бальнеопроцедур. Сульфидная иловая грязь залива Чолпон-Ата.
Чолпон-Ата, жердин аты –Ысык –Кол областындагы климаттык жана бальнеологиялык курорт. Чолпон-Ата шаарынын аймагында, Ысык-Көлдүн жээгинде, деңиз деңгээлинен 1640 м бийикте жайгашкан, Ысык-Көл курорттук зонага кирет. Климаты континенталдуу; жайында жылуу (июлда орточо температура 17°), кыш жумшак, кургак (январда — 3°). Күн тийген сааттары – 2800. Жылуу (t° 45-52) азоттуу суу, минерализациясы (20 г/л), ошондой эле хлорид-сульфаттуу натрий-магнийлүү Ысык-Көлдүн суусу ванна ж.б. бальнеологиялык процедураларга колдонулат. Чолпон-Ата-да көл суусунун астында күкүрттүү суутек жыттанган кара күрөң жана боз илээшкек ылай бар. Ал дарылоо максатында пайдаланылат.
Хамам – турецкая или восточная баня со специальными помещениями и особым ритуалом очищения (маслах, согуклук, халвет и др.) согласно принципам восточной философии. Тепло, массаж, восточные ароматы и музыка влияют благодейственно и расслабляюще. Хамам – түрк же чыгыш мончосу. Анда чыгыш филофосиясына ылайык атайын бөлмөлөрдө өзгөчө тазалоо ритуалдары (жыпар жыттуу майлар менен ж.б.) жүргүзүлөт. Чыгыш ароматы жана музыка жакшы таасир берип сеп алдырат.
Хиропрактика — мануальная медицина, в основе которой лежат ручные манипуляции терапевта, который методом комплексной мобилизации и манипуляции воздействует на суставы.
Хиропрактика — мануалдык медицина. Анын негизин терапевтин колу менен жасалган татаал ыкмалары (манипуляциялар) түзүп, комплекстүү түрдө муундарга дарылоо таасирин тийгизет.
Ходьба дозированная – дозированная физическая нагрузка в виде ходьбы, регламентированный по продолжительности, темпу, расстоянию и типу местности; используется как метод лечебной физкультуры, физической тренировки и функционального исследования.
Белгилүү бир дозада жөө жүрүү. Физикалык нагрузканын бир түрү. Ал убакытка, ылдамдыкка, жердин аралыгына, тибине жараша болот. Дарылоо физкультуранын, физикалык тренировканын методу же функциялык изилдөөнүн катары колдонулат.
Хронобиология (хроно +биология) – раздел биологии, изучающий временные характеристики биологических, в т.ч. физиологических, процессов (биоритмы, сезонность, и др.) Х имеет большое значение для выбора физиобальнеопроцедур в реабилитационном комплексе.
Хронобиология (хроно +биология) – биологиялык убактылуу мүнөздүгү, анын ичинде физиологиялык процесстерди изилдөөчү биологиялык бир бөлүмү.
Цветки – (лат. flores) – в фармацевтической практике лекарственное сырье, представляющее собой высушенные отдельные цветки или соцветия, а также их части. Цветки собирают обычно в начале цветения, некоторые в фазу бутонизации.
Гүлдөр (лат. flores) – фармацевтик практикада – дары сырьесу. Алар – өзүнчө гүлдөр же топ гүлдөр жана алардын бөлүктөрү. Гүлдөр өсүмдүк жаңы гүлдөгөндө, кээ бири богоктонуу фазасында жыйналат.
Цветотерапия (см. Хромотерапия)
Син. Хромотерапия- гүл менен дарылоо.
Целебные напитки
Дарылык касиети бар суусундуктар
Шиатсу – японская техника массажа (shi – палец, atsu – давление), воздействующая на приток энергии чи с помощью надавливания пальцами.
Шиатсу – (япон. shi – бармак, atsu – басуу)- япон техникасы боюнча укалоо. Анда чи энергиясынын агымымын келишин күчөтүү үчүн белгилүү чекиттерди бармак менен басат.
Экстракты – (от лат. extractum вытяжка, извлечение, вытягивать) концентрированные извлечения из лекарственного растительного сырья и органов животных. В зависимости от применяемого экстрагента их делят на: водные, спиртовые, эфирные, масляные (см. масла медицинские). Кроме того, применяются экстракты стандартизованные – концентраты для приготовления настоев и отваров. По консистенции различают: экстракты жидкие, густые и сухие. Экстракты являются официнальной лекарственной формой в Российской Федерации. Особенности их приготовления и методы оценки качества представлены в ГФ XI. Экстракттар (от лат. extractum ажыратылган, чыгарылган) — өсүмдүктөрдөн, кээде жаныбарлардын органдарынан экстракцияланын чыгарылган концентрацияланган маңыздар. Алар суулу, спирттүү, эфирлүү, майлуу, ошондой эле кургак, коюу, суюк болуп бөлүнөт. Кээ бир экстракттар тамак-аш даярдоодо, боёо ишинде, тери ийлөөдө колдонулат. Экстракттар – официналдуу дары формасы. Даярдоо өзгөчөлүгү, сапатын аныктоо ГФ XI берилген.
Эликсир (арабск. Альиксир – философский камень),
1)водно-спиртовая сладкая прозрачная жидкая лекарственная форма, крепкий настой или вытяжка для перорального применения, включающая биологически активные, ароматические, красящие и консервированные вещества. Применяется в медицине и косметике.
2) «Жизненный эликсир» — у алхимиков фантастический напиток, якобы сообщающий вечную молодость, продлевающий жизнь.
Эликсир (арабча – философиялык таш),
1) өсүмдүктөрдүн заттарын спиртке, эфир майларына, кычкылдарга чылап чыгарылган күчтүү тундурма (экстракт). Анын курамына биологиялык активдүү заттар, жыпар жыттуу заттар, боёчу жана консервалоочу заттар кирет.
2) «Өмүр эликсири» — алхимиктердин фантазиясындагы суусундук. Алардын ою боюнча, аны ичкен адам өмүр бою жаш бойдон калып, өмүрү узак болот.
Электролечение -лечение электрическими токами и электромагнитными полями. При электролечении применяют постоянный ток низкого напряжения, переменные токи, постоянное электрическое поле высокой напряженности и электромагнитные поля различных частот (см. Гальванизация, Дарсонвализация, Диатермия, Магнитотерапия, Франклинизация). Электролечение проводят в виде местных и общих воздействий с наложением электродов на тело пациента (при процедурах с применением электрического тока) или без электродов (при использовании электромагнитных полей). Особенно рационально использование электролечения в импульсивном режиме. При всех методах электролечения проявляются общие, так называемые неспецифические реакции – усиление кровообращения, обмена веществ, трофики тканей. Наряду с этим в ответ на действие каждого фактора возникают специфические реакции, проявления которых зависят от его физических свойств, методики применения и особенностей организма. Электролечение занимает значительное место в терапии многих заболеваний и реабилитации больных.
Электр (гр. elektron – чайыр, янтарь) менен дарылоо, электртерапия – дарылоо максатында электр энергиясын колдонуу; физиотерапиянын бир тармагы. Ал төмөнкү чыңалуудагы үзгүлтүксүз жана импульстуу туруктуу токту, жогорку чыңалуудагы туруктуу электр талаасын, төмөнкү чыңалуудагы өзгөрмө токту, жогорку жыштыктагы өзгөрмө токту, жогорку жыштыктагы электр-магнит талаасын колдонуу менен ишке ашырылат. (к. Дарсонвализация, Диатермия, Гальванизация, Фарадизация, Франклинизация). Электр-терапия электр тогунун багытына, күчтүүлүгүнө, жыштыгына, таасир этүү узактыгына, дарылоонун башка факторлору менен кошумчаланышына, ошондой эле дарттын стадиясына жараша организмдин ар түрдүү реакцияларын пайда кылат. Электр менен дарылоо нерв системасынын иштешин, зат алмашууну, ички секрецияны, кандын жана лимфанын айланышын жөнгө салат, электр терапияны гипертония оорусу күчөп кеткенде, өтө кан акканда колдонууга болбойт.
Электроаналгезия (электро+ аналгезия) – ослабление болевой чувствительности при воздействии электрического тока на Ц.Н.С. или непосредственно на область болевых ощущений. Аппараты для Э. (Электронаркон, Электросон -4т и др.) генерируют специфические синусоидальные импульсные или интерференционные токи. Максимальным обезболивающим эффектом обладают импульсные токи прямоугольной формы частотой 100-200 Гц.
Электроаналгезия – оору сезүүсүн басаңдатуучу максатында борбордук нерв системасына же түздөн-түз ооруган жерге электр тогу менен таасир кылуу. Аны жүргүзүү үчүн электронаркон, электросон -4т аппараттары пайдаланылат. Алар өзгөчө синус сымал же интерференциялык токторду чыгарат. Ооруну басаңдатуучу максималдуу импульстук токтун жыштыгы — 100-200 Гц.
Электрогидротерапия (электро+гидротерпия_ — способ электротерапии, заключающийся в сочетанном воздействии на организм постоянного гальванического и импульсного тока и местной или общей ванны. Электрогидротерапия – организмге туруктуу гальваникалык же импульстук ток менен жалпы же жергиликтүү ваннанын таасири аркылуу болгон дарылоо.
Электростимуляция мышц – метод лечения, профилактики и тренировки путем воздействия на нервы или мышцы импульсного электрического тока с целью вызвать сокращение мышц.
Булчуңдардын жыйрылуусун пайда кылуу максатында импульстук электр тогунун нервге же булчуңдарга таасир этип, дарылоо, алдын алуу ыкмасы.
Электросон – метод электротерапии, при котором используют импульсные электрические токи низкой частоты, вызывающие у пациента сон.
Электруйкусу – төмөнкү тездиктеги импульстук электр токту колдонуу менен пациентти уктатуучу электр менен дарылоо ыкмасы.
Электрофорез – метод электролечения, заключающийся в сочетанном воздействии на организм больного постоянным гальваническим и импульсным электрическим током и лекарственным веществом, вводимым с его помощью через неповрежденные кожу или слизистые оболчки.
Дарылоо электрофорези – электр менен дарылоонун ыкмасы. Анда оорулунун организмине туруктуу гальваникалык же импульстук электр тогу менен кошо дары заты колдонулуп, бирдиктүү таасир берет. Бул процедура жаракасы болбогон таза тери же былжыр челдер аркылуу жүргүзүлөт.
Франклинизация – (по имени амер. ученого В. Франклина (B.Franclin): синоним электростатический общий душ ) – терапевтическая процедура; воздействие на организм постоянным электрическим током высокого напряжения и образующимся при этом ионизированным воздухом. Франклинизация улучшает капиллярное кровообращение, усиливает процессы торможения в центральной нервной системе, снижает артериальное давление, оказывает обезболивающее действие, ускоряет эпителизацию ран. Метод применяют при неврастении, бессоннице, переутомлении, кожном зуде и т.д.
Франклинизация – америкалык илимпоз B.Franclin дин аты боюнча – физиотерапиянын организмге жогорку чыңалуудагы электр тогу менен таасир этүүчү ыкмасы. Анда иондошкон аба пайда болот. Франклинизация майда кан тамырлардагы кан айланууну күчөтөт, борбордук нерв системасында тормоздук (басаңдатчу) процесстерди күчөтөт, артериялык кан басымды төмөндөтөт, жарааттардын айыгышына себеп болот. Бул ыкма неврастенияда, уйку качканда, өтө чарчаганда, тери кычышканда ж.б. колдонулат.
Фульгурация – (fulguratio; лат. «сверкание молнии»; син.форесгизация) – прижигание тканей искрой переменного тока высокой частоты; применяется в косметологии. Фульгурация-(fulquratio-чагылган )-жогорку тездиктеги өзгөрмө токтун учкундары менен тканды күйгүзүү.
Электроанестезия – один из современных методов обезболивания, основанный на воздействии электрического тока определенных параметров на головной мозг пациента. Общая многокомпонентная электроанестезия проводится в сочетании с применением других средств современного общего обезболивания (включая седативные нейролептические средства, миорелаксанты и т.д.) и ей присущи все признаки анестезии общей. Электранестезия -электр тогунун белгилүү бир параметрлери менен пациенттин баш мээсине таасир кылуусуна негизделген ооруну басаңдатуучу ыкмасы. Ал жалпы заманбап ооруну болтурбоочу нейролептик каражаттары, миорелаксанттар ж.б. менен бирге колдонулуп, жалпы анестезиянын касиеттерине ээ. Электр менен дарылоонун бир түрү.
Эндеромотерапия – сочетанное воздействие на пациента локальной вакуум-декомпрессии и роликового массажа. За счет вакуумного разрежения формируется кожная складка, которая «перекатывается» по направлению перемещения манипулы. В результате чего происходит лимфодренаж тканей, вывод жидкости и токсинов, разрушение жировых отложений и повышение тонуса кожи. Эндеромотерапия. Анда абасыз боштукта (вакуумда) териде оорулууга локалдык вакуум-декомпрессиясынын (чектелген абасыз боштукта басымды төмөндөтүү) жана ролик массажы менен бирге таасир кылуусу пайда болуп, ал манипуланын жолу боюнча жылат. Натыйжада ткандардан суюктук, уулу заттар чыгып, майлар азайып, таринин тонусу жогорулайт.
Энотерапия – лечение вином. Относится к диетотерапии. Энотерапия – вино менен дарылоо. Тамакты мүнөздөп ичүү жолунун түрүнө кирет.
Эритемотерапия – (эритема + терапия) – способ светолечения, заключающийся в ультрафиолетовом облучении отдельных участков тела больного в дозах, вызывающих эритему.
Эритемотерапия – нурлантуу ыкмасы менен дарылоо. Анда орорулуунун денесинин өзүнчө бөлүктөрүнө ультракөк нурлар менен кактап, эритеманы (теринин кызарышы) пайда кылат.
Эпиляция – (epilatio; e- + pilus волос) – удаление волос вместе с волосяной луковицей (в результате чего они не вырастают вновь), производимое с лечебной или косметической целью, термин употребляют также при обозначении некоторых методов удаления волос по типу депиляции, например Э. препаратами таллия или эпилином,
рентгеновская Э.
Эпиляция – (epilatio; e- + pilus чач ) – чач кайра өчпөгүдөй кылып, такыр түбү менен жок кылуу ыкмасы. Ал дарылоо же косметикалык максатында жүргүзүлөт. Бул термин чачты жоготуунун башка методдорун (таллий препаратын колдонгондо, рентген эпиляциясын жасаганда) колдонулат.
Эфирное масло – быстро испаряемое, получаемое из растений, масло, которое используется для ароматерапии и как ингредиент в косметологии.
Эфир майы – өсүмдүктөрдөн чыгаруучу, оңой тез учуучу заттар. Ал ароматерапияда жана косметологияда колдонулат.
Японская ванна (для потения) – воспроизводит древнюю японскую культуру ухода за телом и его очищения (тщательное умывание, щеточный массаж, душ и поливание водой, горячая ванна) и выполняется в два этапа, согласно которому вымачивание в горячей термальной воде помогает выходить на высший уровень размышления и разума.
Япон ваннасы (тердөө үчүн) – денени кароо, тазалоо боюнча япондуктардын маданияты абдан таза жууну, щетка менен укалоо, душ, суу куюнуу, ысык ваннага түшүү. Ал эки этап менен жүргүзүлөт. Ал боюнча ысык сууга түшүү акыл-эстин жөндөмдүүлүгү жогорку деңгээлге жетүүгө жардам кылат.
Ясновидение – противопоставленный научной медицине способ диагностики заболеваний, душевных расстройств, причин бытового стресса и определения возможностей дальнейшего жизненного пути человека и окружающих его лиц, используемый для получения коммерческих выгод.
Оорунун алдын ала билүү жөндөмдүүлүгү – илимий медицинага каршы келген, пайда көрүү максатындагы ыкма.