Термины курортной, восстановительной и народной медицины-А

Термины курортной, восстановительной и народной медицины-А

Курорттук, ден соолукту калыбына келтирүү жана салттуу медицина боюнча терминдер — А

Орусча

Кыргызча

Автономный электростимулятор (Кремлевская таблетка) – малогабритный (капсула диаметром до 1 см, длиной до 1,5 см) электротерапевтический прибор, имеющий внутренний аккумулятор и два электрода, разделенных изолятором, потенцирующий в водной среде импульсные токи, стимулирующие моторную и секреторную деятельность желудочно – кишечного тракта.
Ɵз алдынча электрдик түрткү берүүчү таблетка (Кремль таблеткасы) — ɵлчɵмү анчейин (диаметри 1 см-ге чейин, узундугу 1,5 см-га жеткен капсула) деле болбогон электр менен дарылоочу аспап. Анда ички аккумулятор менен изолятор аркылуу бɵлүнгɵн эки электроду бар. Суу чɵйрɵсүндɵ импульс тогун пайда кылып, ал болсо ичеги – карын жолдорунун кыймыл жана зил чыгарууфункцияларын күчɵтɵт.
Адаптогены – понятие, введенное в середине 50-х годов учеными Н.В.Лазаревым и И.И.Брехманом, для группового обозначения препаратов, направленных на стимуляцию систем организма, удерживающих его в состоянии здоровья. Адаптоген должен быть: абсолютно безвредным и обладать широким спектром лечебного воздействия; ограждать организм от самых разнообразных вредоносных факторов, будь то яды, облучения, раны или микроорганизмы; помогать тем активнее, чем более глубокого поражен организм; приводить организм к норме независимо от того, как и куда болезнь сдвинула эту норму.
Адаптогендер — организмдин айлана–чɵйрɵдɵгү шарттарга ылайык ташуусуна түрткү берүүчү заттар XX-кылымдын 50-жылдарында Н.В.Лазарев жана И.И.Брехман деген окумуштуулар дайыма организмди дени соо абалында кармап туруучу, организмдин системаларын стимулдоого багытталган заттардын тобун аныктоочу түшүнүк катары киргизген. Адаптоген зыянсыз жана дарылоочу таасири кенен болуш керек; организмди ар кандай зыян келтирүүчү факторлордон (уулар, нурлануу, жарааттар, микроорганизмдер ж.б.) сакташы зарыл. Ошондой эле, организм канчалык начарланууга дуушар болсо, бул заттар ошончолук активдүү жардам бериш керек; организмди оору демейдеги абалдан козголтконуна карабастан, аны ордуна келтириши керек.
Адаптация – (лат. adaptatio приспособление: синоним приспособление, приспособительные реакции) – развитие новых биологических свойств у организма, популяции, вида, биоценоза, обеспечивающих их нормальную жизнедеятельность при изменении условий окружающей среды.
Адаптация (лат. adaptatio – ылайыкташуу, ылайыкташтыруучу реакция) – организмдин, популяциянын, түрдүн, биоценоздун айлана – чɵйрɵнүн шарттары ɵзгɵрүлгɵндɵ алардын демейдеги жашоосун камсыз кылган жаӊы биологиялык касиеттеринин ɵɵрчүшү.
Айран – разновидность кисломолочного напитка на основе катыка или разновидность кефира у тюркских и кавказских народов (в разных языках точный смысл названия и технология приготовления немного отличаются, но общим является то, что это молочный продукт, получаемый при помощи молочно – кислых бактерий).
Айран – катыктын (ачыган сүттүн) негизинде жасалган түрк, кавказ калкы чыгарган кефирдин түрү. Ар кайсы тилдерде анын аты менен иштеп чыгаруу технологиясы бир – биринен айырмаланат. Бирок, жалпысынан, бул сүт азыгы сүт – кычкыл бактериялардын жардамы менен пайда болот.
Акклиматизация – приспособление живых организмов к непривычным климато–географическим условиям. Акклиматизация является частным случаем адаптации к комплексу факторов среды обитания.
Акклиматизация, климатташуу – тирүү организмдердин кɵнбɵгɵн климаттык–географиялык шарттарга ыӊгайланышы. Акклиматизация жашоо чɵйрɵнүн факторлорунун жыйындысына ыӊгайлашуусунун жеке учуру болуп эсептелет.
Актинотерапия (actinotherapy) — лечение различных заболеваний инфракрасным или ультрафиолетовымоблучением.
Актинотерапия (actinotherapy) — нурлантуу жолу менен дарылоо–түрдүү ооруларды инфраүн же ультракок нурлантуу менен дарылоо.
Ак–Суу – Детский санаторий неврологического и костно–мышечного профиля в Ак–Суйской районе Иссык–Кульской области, расположенный в долине реки Ак–Суу, в 16 км от Каракола, на высоте 1950 м. Основной природный лечебный фактор, наряду с климатом- радоновые азотные маломинерализованные сульфатно–хлоридные натриевые воды с повышенным содержанием фтора и кремниевой кислоты.
Ак–Суу – жердин аты. Ысык–Кɵл областы Ак–Суу районундагы неврологиялык жана сɵɵк–булчуӊ оорулары боюнча балдар санаторийи. Ал Ак–Суу дарыясынын ɵрɵɵнүндɵ, Караколдон 16 км–де, 1950 м бийиктикте жайгашкан. Климат менен бирге, негизги дарылоо фактору радону бар азоттуу аз минералдашкан сульфат–хлоридүү натрийлүү суулар. Анда фтор жана кремний кычкылы кɵп болот.
«Ак–Суу» — бутылированная минеральная вода, выпускаемая Беловодским пивзаводом с 1959 года. По составу минеральная вода отнесена к лечебно-столовой углекислой сульфатно–гидрокарбонатной магниево–кальциевой железистой.
«Ак–Суу» минералдык суунун аты. Бɵтɵлкɵгɵ куюлган суу. Аны 1959-жылдан бери Беловодск пивзаводу чыгарат. Бул минералдык суу. Курамы боюнча–кɵмүртек кычкылдуу, сульфат–гидрокарбонаттуу магний–кальций темирдүү сууларына кирет.
Акупунктура – акупунктура (иглоукалывание) — наиболее ранний и распространенный способ рефлексотерапии, возникший в традиционной китайской медицине, который заключается в воздействии на биологические активные точки при помощи тонких металлических игл, благодаря чему увеличивается проходимость энергии ЧИ по меридианам или наоборот оказывается тормозящее действие. В настоящее время нашел физиологическое подтверждение и применяется все более широко в восстановительной медицине стран СНГ, Европы и Америки.
Акупунктура – металлдан жасалган ийнени биологиялык активдүү точкаларга (чекиттерге) саюу менен органдарга таасир кылуу ыкмасы. Бул рефлекстерапиянын эӊ баштапкы жана жайылган ыкма салттуу кытай медицинасында жаралган. Биологиялык активдүү точкаларга металлдан жасалган ичке ийнелер менен сайганда меридиандар аркылуу ЧИ энергиясынын ɵтүшү күчɵйт, же тескерисинче басаӊдайт. Азыркы кезде физиологиялык аныктоодон ɵткɵн бул ыкма СНГ, Европа, Американын ден соолукту калыбына келтирүү медицинасында кеӊири колдонула баштады.
Акупрессура – метод воздействия на организм путем надавливания на биологически активные точки кончиками пальцев (точечный массаж) или при помощи специальных приспособлений (Су–Джок–Терапия), перед иглоукалыванием имеет преимуществом то, что не нарушается целостность кожи и может применяться у детей и лиц, боящихся уколов, однако уступает акупунктуре в эффективности.
Акупрессура – биологиялык активдүү точкаларга бармактын башы же атайын аспап менен басып, ал аркылуу органдарга таасир кылуу ыкмасы. Акупрессуранын түрү – Су–Джок–Терапия. Ийне саюуга салыштырганда, анда тери бузулбайт, балдарга да жасаса болот, бирок натыйжалуулугу боюнча акупунктурага жетпейт.
Аламедин – бальнеоклиматическая курортная местность в долине реки Аламедин в 25 км от г. Бишкек на высоте 1900 м. Расположена профилакторий «Теплые ключи», с плавательным бассейном и водолечебницей. В летнее время центр экологического туризма и кумысотерапии.
Аламүдүн – бальнеоклиматтык курорттук жай. Профилакторий «Теплые ключи». Аламедин суусунун ɵрɵɵнүндɵ Бишкектен 25 км аралыкта, 1900 м бийиктикте жайгашкан.
Аламедин №919 – бутылированная маломинерализованная лечебно–столовая хлоридная кальциево–натриевая минеральная вода.
Аламедин №919 – аз минералдашкан кальций–натрий хлориддик бɵтɵлкɵгɵ куюлган минералдык суусу.
Аламедин №915 (Тянь–Шань) – бутылированная слабоминерализованная лечебно–столовая сульфатно–гидрокарбонатная, натриево–кальциевая минеральная вода.
Аламедин №915 – аз минералдашкан сульфат–карбонаттуу натрий–кальций минералдуу бɵтɵлкɵгɵ куюлган ашкана суусу.
Альготерапия – лечебно – оздоровительная услуга в СПА – салонах с использованием тонкослойных аппликаций морских водорослей и морских грязей (альг), богатых микроэлементами и йодом и оказывающих болеутоляющее и антисептическое действие. Улучшает обмен веществ, уменьшает воспалительные процессы, смягчает кожу.
Альготерапия – микроэлементтерге бай деӊиз баткагын, деӊиз чɵкмɵсүн жана йодду колдонуу менен дарылоо, ден соолукту чыӊдоо. СПА салондордо деӊиз ɵсүмдүктɵрү менен деӊиз баткагы (альг) жука чапталган аппликациялар колдонулат. Алар микроэлементтер жана йодго бай келип, ооруну басаӊдатат, микробдорго каршы таасир этет. Зат алмашууну оӊолтот, сезгенүү процесстерди басаӊдатып, терини жумшартат.
Ампелотерапия – (от греч. Ampelos – виноград) – виноградолечение (вариант диетотерапии).
Ампелотерапия – жүзүмдү колдонуп дарылоо (грек. Ampelos – жүзүм) – диетотерапиянын (мүнɵздɵп тамактануунун) түрү.
Антигипоксанты – вещества, преимущественно природного происхождения, облегчающие адаптацию к горам, высоким спортивным нагрузкам и другим состояниям, характеризующимся гипоксией. Например: гипкос – препарат из лекарственных растений Кыргызстана, запатентованный академиком Алтымышевым А.А.
Антигипоксанттар – кычкылтек жетишсиздик абалда, күчɵтүлгɵн спорттук нагрузкаларда, тоо шартына адаптацияны жеӊилдетүүчү табигый заттар.
Антиоксиданты – вещества, тормозящие процессы свободно – радикального окисления органических веществ в клетке. Природные антиоксиданты – токоферолы, тиамин, флавоноиды и др.
Антиоксиданттар – клетканын ичинде органикалык заттардын бош – радикалдуу кычкылдантуу процесстерин басаӊдатуучу заттар. Дары ɵсүмдүктɵрдүн (чычырганак, бɵрү карагат, долоно ж.б) таасир этүүчү заттары. Аларга флавоноиддер, токоферолдор, тиамин кирет.
Анти–эйджинг — Анти–эйджинг, или программы для предупреждения старения (анг. Anti–aging) – массовый тренд 20 и 21 века, целью которого является уменьшение результатов старения человека с помощью различных методов и процедур.
Анти–эйджинг (анг. Anti–aging) – картаюуну алдын алууга багытталган программалар. Анын максаты — ар түрдүү ыкма жана процедуралардын жардамы менен адамдын картаюусун алдын алуу.
Апилак – (маточное молочко) – секрет слюнных желез рабочих пчел – кормилиц. Препарат Апилак представляет собой сухое вещество из нативного маточного молочка, является биогенным стимулятором.
Апилак – (лат. Аpis – аары) – «Эне» аарынын сүтү, аарынын шилекей бездери бɵлүп чыгаруучу секрет. Апилак препараты – кургатылган кадимки аарынын сүтү, организмдин ооруга туруктуулугун, зат алмашууну күчɵтɵт, күч–кубат берет. Кɵпчүлүк учурда оорудан келип чыккан алсыздыкта, спортсмендерге, тоого чыкканда сунушталат.
Апирефлексотерапия – метод лечения, заключающийся в воздействии на органы и системы человека через точки акупунктуры в виде укуса пчелы медоносной и относящийся (в том числе, при лицензировании) к рефлексотерапии.
Апирефлексотерапия – акупунктура точкаларын аарыга чактыруу менен органдарга таасир кылуу ыкмасы. Лицензиялоодо рефлексотерапияга кирет.
Апитерапия – (от лат.apis пчела) – применение с лечебной целью медоносной пчелы и продуктов ее жизнедеятельности, разрешенных в установленном порядке к медицинскому применению на территории Кыргызской Республики.
Апитерапия – бал аарынын тиричилик аракетинен пайда болгон продукцияларын колдонуу. Кыргыз Республикасында белгиленген эрежелер боюнча медицинада колдонууга уруксаат берилет.
Аппликация – (от лат.applicatum – прикладывать) – в физиотерапии лечебная процедура, заключающаяся в наложении на поверхность тела какого – либо вида носителей тепловой энергии (лечебной грязи, глины, парафина, нафталана, озокерита). Рефлекторно действует на биологически активные точки и зоны, нормализует энергетический баланс в организме и, в частности, работу нервно – мышечных элементов двигательных сегментов позвоночника. В отечественной традиционной медицине для аппликаций на больное место часто использовались свежие или сухие лекарственные растения или их части, минералы, животные, лекарства и различные предметы.
При местных аппликациях грязь накладывают на участок или часть тела (область живота, спины, поясницы, суставы и д.р). Некоторые аппликации получили определенные наименования: «чулки», «носки», «перчатки» (при наложении грязи на конечности и суставы) – для лечения больных невритом, артритом, и др.; «брюки»( на таз и на ноги) – при радикулите, последствиях травм спинного мозга и др.; «трусы» (на таз и верхнюю часть бедер) – при заболеваниях органов малого таза; «воротник» (на заднюю поверхность шеи, верхнюю часть спины и надключичные области) – при заболеваниях шейного отдела позвоночника, верхних конечностей и др.; «бюстгальтер» (на молочные железы).
Аппликация – (лат.applicatum жабыштыруу, чаптоо) – физиотерапиянын дарылоо процедурасы. Анда жылуулук энергияны ɵзүнɵ алуучу нерселерди (дары баткак, парафин, нафталан, озокерит) теринин бетине ысытып жабыштыруу, чаптоо ыкмасы колдонулат. Аппликация рефлекс жолу менен биологиялык активдүү точкалар менен зоналарга таасир этип, организмде энергиялык балансты нормага келтирет, омуртка тутумунун сегменттериндеги нерв- булчуӊ элементтеринин иштешин күчɵтɵт. Салттуу медицинада кɵпчүлүк учурда кургак дары чɵптɵрдү ысык сууга демдеп чапталат, же болбосо минералдар, жаныбарлардан чыгарылган дарылар жана башка нерселер колдонулат. Баткакты дененин кайсы бир бɵлүгүнɵ (ичтин тушуна, белге, муундарга, ж.б) чаптаганда, анын белгилүү аттары да бар: мисалы, «байпак», «кол кап» бут – кол менен муундарга – артрит, неврит менен жабыркаганда ж.б.; «шым»-жамбаш менен буттаргаж.б. «жака»- моюндун арткы бɵлүгүнɵ, арканын жогорку бɵлүгүнɵ жана сүбɵɵлɵрдүн үстү жагына – омуртканын моюн бɵлүгүнүн ооруларында, кол ооруганда жабыштырылат.
Арашан в общем смысле – целебный напиток.
1. Минеральная родниковая вода
2. Углекислая минеральная лечебно – столовая вода, Бешбельчир – Арашанского место рождения в Ат – Башинском районе Нарынской области.
3. Наименование Кыргызского бальзама.
4. молочно – орехово – зерновой целебный напиток, массово выпускающийся фирмой «Артезиан».
Арашан – жалпы мааниде — дарылыгы бар суусундук.
1 – жерден оргуп чыккан минерал суу булагы.
2. Кɵмүртектүү минералдуу ашкана суусу. Ал Нарын областындагы Ат – Башы районунун Бешбелчир – Арашан булагынан чыгат.

3. Кыргыз бальзамынын аты.

4.курамына сүт, жаӊгак, аштык кирген дарылык касиетке ээ болгон суусундук. Аны «Артезиан» фирмасы иштеп чыгарат.

Арбузотерапия – метод диетотерапии, высокоэффективен при мочекаменной и желчнокаменной болезни.
Дарбыз менен дарылоо – диетотерапиянын ыкмасы. Заара менен ɵт жолдорунда таш пайда болгондо абдан натыйжалуу келет.
Ароматерапия – метод лечения, основанный на наружно применении натуральных растительных эфирных масел, вводимых в организм через дыхательные пути (вдыхание, ингаляция) и через кожу (массаж, ванна, компресс). Этот вид терапии помогает человеку психически и физически расслабиться и укрепить свое здоровье с помощью ароматических веществ и эфирных масел. Широко используется в СПА- салонах, оздоровительных центрах, в домашних условиях. Для официального признания на территории Кыргызстана требует стандартизации методик, методического подкрепления.
Ароматерапия – жыпар жыттуу майларды дем алуу органдары жана тери аркылуу организмге киргизүүнү колдонуулучуу дарылоо ыкмасы. Ароматерапияда табигый эфир майлары организмге жыттоо, ингаляция жолдору менен берилет. Тери аркылуу берилгенде массаж (укалоо), ванна, компресс колдонулат. Терапиянын бул ыкмасында адам психологиялык жана физикалык жактан эс алып, жыпар жыттуу майлардын жардамы менен ɵзүнүн ден соолугун чыӊдайт. СПА – салондордо, ден соолукту чыӊдоо борборлорунда, үй шартында кеӊири колдонулат.Кыргызстандын аймагында официалдуу түрдɵ колдонуу үчүн ыкмаларды стандартка келтирүү керек.
Арсланбоб – климатический курорт в Джалал–Абадской области в 60 км от г. Джалал–Абад на высоте около 1700 м, славившийся реликтовым плодово – ореховыми лесами. Грецкий орех – лекарственное растение, входящее в фармакопею, привезен Александром Македонский к себе на родину из этих мест, и за тем стал известен в Европе и получил сегодняшнее название.
Арыстанбап — Жалал–Абад областындагы климаттык курорт. Ал Жалал–Абад шаарынан 60 км аралыкта, 1700 м-ге жакын бийиктикте жайгашкан. Арстанбап ɵзүнүн байыркы жаӊгак токойлору менен даӊазаланат. Грек жаӊгагын Александр Македонский ɵзүнүн ɵлкɵсүнɵ ушул жерден алып барып, ал жаӊгак Европага таралган, аты ошондон улам чыккан. Грек жаӊгагы баалуу азык, дарылык касиеттери да абдан сонун. Жаӊгактын ядросу аминокислоталарга, токоферолго, фловоноиддерге, А витаминине жана башкага бай келет. Андан баалуу май – жаӊгак майы чыгарылат. Ал ар түрдүү ооруларды алдын алуу жана дарылоого колдонулат.
Атлет – (греч.athletes – борец) – человек с хорошо развитыми мышцами, большой физической силы.
Атлет – (греч.athletes…) – гимнастика менен машыккан булчуӊдары абдан күчтүү болгон балбан.
Атлетизм – (синоним – бодибилдинг) Атлетизм — вид гимнастики.
Атлетизм – (синоним – бодибилдинг) – гимнастиканын түрү.
Аурикулотерапия – метод рефлексотерапии: иглоукалывание в активные точки ушной раковины.
Аурикулотерапия – кулактын калканында жайланышкан активдүү точкаларга ийне саюу менен органдарга таасир кылуу. Аурикуло-терапия -рефлексотерапиянын ыкмаларынын бир түрү.
Аутогенный тренинг – это способ расслабления, когда человек полностью сосредотачивается (концентрируется) на одной определенной цели, которой он желает достичь (например: чтобы конкретные части или участки его тела стали теплыми – тем самым в мышцы поступает больше крови и они одновременно расслабляются).
Аутогендик тренинг – бошоӊдотуу ыкмасы. Анда адам бир белгилүү максатты толук эӊсейт: мисалы, денесинин белгилүү бɵлүктɵрү жылуу болгонун каалайт, ошентип булчуӊдарга кан кɵбүрɵɵк келип жылыйт да, аны менен бирге алар бошоӊдоп, адам эс алат.
Аэробика – (от греч. слова аег – воздух, bios – жизнь, синоним – ритмическая гимнастика) – длительное выполнение физических упражнений для повышения выносливости, эффективно влияющее на работу сердечно-сосудистой системы при условии достаточной подачи и потребления организмов кислорода. Понятие «аэробика» впервые начал использовать врач Кеннет Г. Купер в 1968 году. Постепенно наряду с программами классической аэробики были разработаны ее такие разновидности, как стэп–аэробика, тай–бо с элементами единоборства, спиннинг на велосипедах, водная аэробика и т.п.
Аэробика – (греч. аег – аба, bios – жашоо), ритмдик гимнастика – узак убакытка созулган физикалык кɵнүгүүлɵрдү аткаруу – чыдамкайлыкты жогорулатууга, жүрɵк-кан тамыр систеасынын иштешине натыйжалуу таасир берүүгɵ ылайыкталган физикалык кɵнүгүүлɵр. Алар узак убакыт бою аткарылат. «Аэробика» түшүнүгүн алгач болуп 1968 ж. врач Кеннет Г. Купер киргизген. Классикалык аэробика менен бирге анын түрлɵрү – стэп–аэробика, тай–бо, велосипед спиннинги, суу аэробикасы ж.б. иштелип чыккан.
Аэрозоли – (лат.aerosola) – официальная лекарственная форма в которой лекарственные и вспомогательные вещества находятся под давлением газа – вытеснителя (пропеллента) в аэрозольном баллоне, герметически закрытом клапаном. Предназначены для ингаляций, нанесения на кожный покров, введения в полости тела. В фармацевтическом смысле, аэрозоли, содержащие биологически активные вещества растительного происхождения, относятся к комбинированном фитофармацевтическим средствам.
Аэрозоли в физическом смысле представляют собой аэродисперсные системы с газообразной дисперсионной средой и свободными твердыми или жидкими частицами дисперсной фазы.
Аэрозоли с жидкими частицами получают при помощи ультразвуковых ингаляторов, нейбулазеров.
Аэрозоли с частицами соли получают в галокамерах, распыляя соли при помощи специальных диспенгаторов.
В естественном виде аэрозоли присутствуют близ горных речек, водопадов, в соляных шахтах.
Аэрозолдор – (лат.aerosola) – атайын официналдуу дары формасы. Анда дары менен кошумча заттар бекем жабылган аэрозолдук баллондун ичинде басым кылган газдын таасиринен сүрүлүп чыгат. Аэрозолдор ингаляцияга, териге, дененин кɵӊдɵйлɵрүнɵ себүүгɵ колдонулат. Аэрозолдун курамында ɵсүмдүктɵн чыгарылган биологиялык активдүү заттар болсо, алар фитофармацевттик каражаттарга кирет. Аэрозолдор физикалык жактан – аэродисперстүү системалар. Дисперсиялык чɵйрɵсү – газ, дисперстүү фазасы – бош катуу же суюк бɵлүкчɵлɵр. Суюк бɵлүкчɵлɵрү болгон аэрозолдорду ультраүн ингаляторлордун, нейбулазерлердин жардамы менен алат. Туздун бɵлүкчɵлɵрү кошулган аэрозолдор галокамераларда иштелип чыгат. Анда туздар атайын диспенгаторлордун жардамы менен чаӊдатып себилет. Табигый түрдɵ аэрозолдор тоо сууларынын жээгинде, шаркыратмалардын жанында, туз шахталардын ичинде болот.
Аэроинотерапия – метод лечения и профилактики изобретенный и внедренный в советское здравоохранение академиком Чижевским, основанный на саногенном эффекте отрицательных аэроионов. Используется самостоятельно или в комплексе в климатических камерах. Аэроионизаторы бывают лечебные, бытовые, процедуры бывают индивидуальные и групповые. Переживает новый подъем.
Аэроинотерапия – терс иондордун тазалоочу натыйжасына негизделген дарылоо жана алдын алуу ыкмасы. Бул ыкманы академик Чижевский тапкан, аны ал советтик саламаттык сактоого киргизген. Ɵз олдынча же комплекстүү түрдɵ климаттык камераларда колдонулат. Аэроионизаторлор дарылоочу, тиричиликте колдонуучу болуп бɵлүнɵт. Алардын жеке же топтошкон түрлɵрү да болот.
Аэротерапия – (греч.aer воздух + therapeia лечение; синоним воздухолечение) – воздействие воздухом (при защите от прямых солнечных лучей) на обнаженные участки тела и дыхательные пути в лечебных и профилактических целях. Является основным методом климатотерапии и применяется в любых климатических условиях с учетом времени года. А. включает: воздушные ванны – воздействие воздухом на обнаженное тело; верандное лечение — длительное пребывание (в т.ч. и сон) на открытых верандах, балконах, в специальных климатопавильонах; природную аэрофитотерапию – вдыхание свежего воздуха, насыщенного целебными летучими веществами выделяемыми растениями; природную аэроионотерапию – вдыхание свежего воздуха, содержащего аэро – и гидроаэроионы, или морскую аэротерапию – вдыхание свежего воздуха, содержащего морские соли. Элементом А. является также воздействие на организм свежего воздуха во время прогулок, спортивных игр и т.д.
Аэротерапия – (греч.aer аба, therapeia дарылоо) – абанын таасири менен дарылоо. Дарылоо жана профилактикалык максатта күн нурларын тийгизбестен дененин ачык бɵлүктɵрүнɵ жана дем алуу жолдоруна аба менен таасир этүү. Климат менен дарылоонун негизги ыкмасы,жылдын мезгилине жараша кайсы болбосун климаттык шартта колдонулат.
Аэротерапияга – аба ваннасы – ачык денеге абанын таасири; верандадагы дарылоо – кɵп убакыт бою ачык балкон, верандада, атайын климаттык павильондордо болуу (анын ичинде уктоо); табигый аэрофитотерапия – дары ɵсүмдүктɵр чыгарган оӊой учуучу жыпар жыттуу аба, же аэро -, гидроаэроиондор менен дем алуу кирет. Ошондой эле деӊиз аэротерапиясы пайдаланылат. Анда деӊиз туздарына каныккан таза аба менен дем алдыруу колдонулат. Аэротерапиянын элементи – таза абага сейилдикке чыгуу, спорт оюндарын таза абада ɵткɵрүү.
Аэрофотарий – помещение со свободным доступом свежего воздуха для одновременного проведения в лечебно – профилактических целях групповых процедур аэротерапии и светолечения. Для лечения вне солнечных дней применяют искусственные источники света.
Аэрофотарий – дарылоо – алдын алуу максатында жүргүзүү үчүн таза аба менен камсыз болгон бɵлмɵ. Аэротерапия жана жарык менен дарылоо процедураларын жүргүзүүгɵ таза аба оӊой кирип турууга ылайыкталган бɵлмɵ. Күн тийбеген кезде жарыктын жасалма булактары пайдаланылат.
Аюрведа – древнеиндийское медицинская наука о сохранении здоровья и лечении заболеваний, в основе, которой лежит теория о том, что человек является совокупностью трех биопринципов – дош (doshas), которые состоят из пяти элементов космоса и должны находиться в уравновешенном состоянии.
Дословный перевод с санскрита – «наука о долгой и здоровой жизни, ведущей к совершенству». Аюрведическое лечение не только предупреждает и лечит заболевания, но еще и ежедневно контролирует поведение и психологическое состояние конкретного человека, при этом используются следующие средства и способы:

Дхара – масла, молоко с лекарствами особым образом льют на лоб или на все тело пациента.
Сировасти – теплые масла с травами наливаются в открытый кожаный головной убор, плотно прилегающий к голове. Применяется при сухости в носу, рту и горле, сильных головных болях, параличах лица.

Удвартанам — «порошковый массаж» и весьма эффективно при ожирении, хемиплегии, паралича, кожных болезнях.
Абхьянгам – тип масляного массажа, при котором массажист совершает движения сообразно направлению циркуляторных каналов в организме пациента. Эта процедура помогает при ожирении потускнении кожи, бессонницы.

Кативасти – теплые целебные масла накладываются на поясницу. Помогает при всех видах боли в спине и проблемах с позвоночником.
Талам – особый порошок, смешанный с лечебным маслом, накладывается на макушку головы. Помогает при болезнях уха – горла – носа, бессоннице, мигренях и др.

Аюрведа – ден соолукту сактоо жана ооруларды дарылоо боюнча байыркы индиялык медицина билими. Анын негизинде адам үч биопринциптердин дош (doshas) жыйындысы жатат. Алар космостун беш элементтеринен туруп, теӊ салмактуулук абалында болушу керек.
Санскриттен түздɵн – түз которгондо – кɵп убакыт бою жана ден соолукта болуп мыктылыкка жеткирүүчү жашоо жɵнүндɵгү илим.
Аюрведа ооруну алдын алуу жана дарылоо менен бирге күнүнɵ конкреттүү кишинин жүрүм – турумун, психологиялык абалын текшерип турат. Анда тɵмɵнкү каражаттар менен ыкмалар колдонулат.
Дхара – дары менен аралашкан май, сүт, аны пациент ɵзгɵчɵ жол менен ɵзүнүн маӊдайына же денесине куят.
Сировасти – чɵп менен аралашкан жылуу май териден жасалган тыгыз кийилүүчү баш кийимдин ичине куюлат. Ооздун ичи, мурун, тамак кургаганда, баш катуу ооруганда, беттин шал оорусуна чалдыкканда колдонулат.
Удвартанам – күкүм менен укалоо. Ал ɵтɵ семирүүдɵ, гемиплегияда, шал оорусунда, тери ооруларында колдонулат.
Абхьянгам – май менен укалоо. Анда массажист пациенттин организминдеги циркуляция каналдарынын багытына карай май менен укалайт. Бул ыкма ɵтɵ семирүүдɵ, тери бозоруп, күӊүрт тартканда, уйку качканда жардам берет.
Кативасти – дарылык касиетке ээ болгон жылуу май. Ал белге чапталат. Омурткалардын ооруларында жардам берет.
Талам – дарылык касиетке ээ болгон май менен аралашкан ɵзгɵчɵ күкүм. Ал баштын тɵбɵсүнɵ чапталат. Кулак, мурун, тамак ооруларында, уйку качканда, шакый кармаганда ж.б. колдонулат.

Содержание:

Статьи и книги по теме: