Анар

Анар (Гранат, гранатник, Punica granatum)

Анарлар уруусунунан – Punicaceae.
Бийиктиги 150-500 см болгон бадал же даракча. Бутактары жылма, тушташ. Тамыры күрөң, жыгачтай, бутактанган. Жаш бутактары жашылыраак боз, кырдуу, кыскарган, тикенектүү. Жалбырактары ланцеттей же эллипс сымал, же боочого бириккен, жазында алар кызыл түскө боелгон. Гүлдөрүнүн диаметри 20-50 мм, бирден, гүл сабы кыска. Чөйчөкчөсү кабыктуу, коңгуроо сымал, кызгылт, 5 (6-9) бөлүкчөлөрү бар. Гүл коргону беш жалбыракчалуу, ачык-кызыл; желекчелери тескери жумуртка сымал, чөйчөкчөнүн оозуна бекиген. Аталыктар жипчелери сары-кызыл абдан көп; энеликтин көптөгөн астыңкы мөмөлүгү жоонойгон чаңалгычы (энеликтин жогорку учундагы чаңчалар келип түшчү бөлүгү) бар. Мөмөсү чоң, шар сымал, диаметри 15см-ге, массасы 80г-га чейин, кээде андан да чоң болот. Түсү мала кызыл, кызыл, 6-12 уялуу, калган чөйчөкчөнүн катуу бөлүкчөлөрү менен капталган. Мөмөнүн жука кабыктарынын ортосундагы уялар көптөгөн (400-700) бир-бирине тыгыз жайгашкан уруктар менен толтурулган. Уруктардын кырлары тупой, алар ширелүү, кызыл тышкы кабаты бар. Алардын даамы кычкыл-таттуу. Май-августта гүлдөйт. Мөмөсү сентябрь-октябрда бышат.
Кургак, таштуу тоонун беттеринде, арыктардын жээгинде өз алдынча же ит мурун, анжир, жүзүм менен аралышып өсөт.
Иран, Афганистан, Түндүк-Батыш Индияда, Орто Азияда, Кавказда өсөт. Эзелтен бери мөмөлүү дарак катары Кавказ, Дагестан, Крым, Орто Азияда културада өстүрүлөт.
Тамырынын, шагынын, бутактарынын кабыгында алколоиддер (пельтьерин, изопельтьерин, псевдопельтьерин ж.б. бар). Шагы менен жалбырактарында бетулин кычкылы; мөмөлөрүнүн кабыгы менен жалбырактарында – урсол кычкылы: тамырлары менен сабактарынын кабыгынан жана уруктарынын В-ситостерин, Д-мальтоза ж.б. табылган. Шагынын кабыгы, мөмөлөрүнүн кабыгы жана жалбырактары ийлөө заттарына бай келет (30% -ке чейин). Анардын ширесинде 10% -ке жакын лимон кычкылы, алма ж.б. органикалык кычкылдар, 8-19% канттар (фруктоза менен глюкоза), танин, аскорбин кычкылы, көп өлчөмдө антоциандар бар. Гүлдөгөндө ачык кызыл пигмент-антоциан пуницин болот. Абдан түстүү мөмөлөрдүн антоциандардын курамына дельфинидин, мальвидин жана алардын гликозиди кирет. Уруктарында май бар, андан туника кычкылы чыгарылган.
Мөмөлөрү жетилип бышканда пайдаланылат. Ширесинен суусундар, сироптор, улуттук тамак-аштарга кошундулар, винолор даярдалат. Ширеси витаминдүү каражат катары колдонулат. Ширеси тамакка мейил тарттырат, ичеги-карын жолдорунун иштешин оңолтот, организмдин ооруга туруктуулук жакшыртуучу каражат катары операциядан, жугуштуу оорулардан кийин ичүүгө, тамыры менен бутактарынын экстракты мите курттарын жоготуу үчүн сунушталат. Мите курттарына каршы болгон таасири анардын тамыры жана мөмөсүнүн кыртышында пельтьерин алколоиди болгондугу менен байланыштуу.
Гүлдөрүнөн алынуучу боегуч заттар менен жибек, пахта зыгыр жана жүн кездемелерин боегонго колдонулган.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Ак акация

Ак акация (Акация белая, Robinia psendoacacia L)

Чанактуулар уруусу
Жайылган шагы болгон, узундугу 30м-ге жеткен дарак. Кабыгы жарылган, боз же күрөң түстө. Дарактын бутактары тикендүү. Жалбырактары – түгөйсүз канаттай «жалпы жалбырак саптын учунда түгөйсүз, бир жалбырагы болгон канат сыяктуу), 4-10 түгөйлүү каптал жалбырактары бар, алар башкы жалбырак саптын эки жагында анын негизинен учуна чейин канат сыяктуу жайгашкан татаал жалбырактар.
Тамыр системасы терең жайылган. Тамырында бактериялары бар түймөктөрү болот. Ал түймөктөр атмосфералык азотту топтоп, топуракты байытат. Гүлдөрү-огу боюнча бир гана симметриялык сызыкты жүргүзүү менен аны эки бирдей бөлүктөргө бөлүүгө боло турган гүлдөр, ак же ак-мала-кызгылт түстө. Мөмөсү –чанак. Уругу – ичке бөйрөк сымал, күрөң, жылма. Май – июнда гүлдөйт. Мөмөсү сентябрь-октябрда бышат. Тез өсүүчү, кургакчылыкка туруштук берүүчү түр. Культурада бардык жерде жайылган. Өлкөсү – Түндүк Америка. Гүлдөрүндө гликозиддер (робинин, акациин, интигенин ж.б.), эфир майы; кыртышы менен сөңгөгүндө – таниддер (2,2 -7,2 жана 3,4-4%), кыртышында – май, фитостерин,, крытышы менен мөмөсүндө – уулу протеид – робин.
Эфир майында индол, гелиотропин, бензилалкоголь, линалоол жана α-терпинеол бар. Эфир майы ачык чаргыч коюураак масса, жыты жагымдуу, акациянын жытындай аңкыйт. Уругундагы майдын өлчөмү 15%-ке жетет.
Акациянын эфир майы тамак жана парфюмер өнөр жайында колдонулат. Ак акациянын гүлдөрү ийлөөчү жана спазмга каршы каражат катары көптөн бери колдонулуп келген. Ошондой эле гүлдөрүнүн сезгенүүгө каршы, какырык чыгаруучу касиеттери бар. Ак акация бактарда, парктарда кооз өсүмдүк катары кеңири пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Айыр

Кадимки айыр (Аир обыкновенный Acorus calamus)

Аронд уруусунан – Araceae
Көп жылдык өсүмдүк. Анын тамырларынын ылдый жагында көптөгөн боочодой каптал тамырлары бар, ичи ак мала кызыл түстө. Жалбырактары ичке саптуу, шап сымал, узундугу 60-120 см, туурасы 2-3см. Үч бурчтуу сабында узундугу 4-12-см болгон початок бар. Гүлдөрү майда, жышыл-саргыч, эки үйлүү. Мөмөсү – көп уруктуу кызы мөмө. Май-июнда гүлдөйт.
Арыктардын, көлмөлөрдүн, көлдөрдүн, саз болгон участоктордо, баткактуу жерлерде өсөт.
Өсүмдүктүн бардык бөлүктөрүндө ийлөө заттары бар. Тамыр түбүндө 5%-ке жакын эфир майы, каламин алколоиди, ийлөө заттары, чайырлар, крахмал, 0,15%-ке жакын С витамини, ачуу гликозид акоин, холин, былжырлар ж.б. бар. Эфир майынын негизги компоненти Д-а-пинен, Д-камфора, борнеол, каламен, сексвитерпендүү спирт ж.б. Жыт биринчи ө азарин альдегиди. Эфир майы – жагымдуу жыттуу жана керемет-ачуу даамдуу коюу сары суюктук. Түп тамырлары ачуу, күйгүзмө, жагымдуу буркураган жыты бар.
Жыпар жыттуу өсүмдүк катары байыркы фарс жана еврейлерге белгилүү болгон. Байыркы грек менен рим врачтары аны дары катары колдонушкан.
Айырдын кургатылган тамыры лавр жылбырагынын, имбирь жана корицанын ордуна колдонсо жарайт. Андан тамакка мейил тарттыруучу, зараны азайтуучу жана өт баштыкчасынын иштешин оңолтуучу чай даярдалат. Айырды аз өлчөмдө ар кандай сорполорго, куурулган жашылчаларга кошкондо тамак аш кандайдыр бир жагымдуу ароматтуу жана ачуу даамдуу болот. Көпчүлүгү таттуу тамактарды, мөмөдөн жасалган салаттарга, нанга кошот. Турцияда кантка чыланып кургатылган айырдын түп тамыры өтө кымбат нерсе. Айырдын тамыры менен эфир майы түрдүү суусундарды өндүрүүдө колдонулат. Фармацевтикалык өнөр жайларда айыр кеңири пайдаланылат.
Айырдын түп тамырларындагы акорин карын зилинин чыгуусун күчөтөт. Ошондуктан, айырдын тамыры жана эфир майы көпчүлүк дары каражаттардын курамына кирет. Алар тамак сиңирүүнү оңолтот., карын жана он эки эли ичегинин жара оорусунун күчөгөн кезинде, боор ооруларында, өт баштыкчасынын сезгенүү ооруларында жардам берет. Айырдын тамырын көп убакыт бою чайнаса ооздун ичинен жаман жыт чыкпайт, тамекичеккенден адам баш тартат. Чыгыш медицинасында айыр тонусту жогорулатуу каражат катары эркектин алсыздыгында, көрүү, угуу начарлаганда колдонушкан. Айырдын эфир майы тиш эликсирин тиш пастасын өндүрүүдө колдонулат. Айыр инсектициддик касиетке ээ болгондуктан аны суу сактагычтарда өстүргөндө чымын-чиркейлер азаят.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Жыпар жыттуу жана керемет даамдуу ѳсүмдүктѳр. Кириш сөз

Кириш сөз

Күндө тамак-ашты жана айыл-чарба продуктуларын консерваларында негизги компонентин жыпар жыттуу жана керемет даамдуу өсүмдүктүлөр түзөт. Алардын курамына кирген эфир майлар жана башка биологиялык активдүү заттар продуктулардын сапатын оңолтот, даам таттыргыч жана тамак сиңирүү органдардын иштешин күчөтүп, тамакка мейил тарттырат, тамак продуктуларынын сиңирилишин күчөтөт, зат алмашууга, нерв жана жүрөк-кан тамыр системасына, адамдын жалпы абалына жагымдуу таасир берет.
Көпчүлүк керемет даамдуу жана жыпар жыттуу өсүмдүктөр антисептикалык, бактерициддик касиеттерге ээ. Тилекке каршы, абдан популярдуу жыпар жыттуу өсүмдүктөр негизинен тропика жана субтропикада өскөндүктөн, аларды биз сатып алууга мажбур болобуз.
Биздин өлкөдө пайдаланылуучу керемет даамдуу жана жыпар жыттуу өсүмдүктөр жөнүндө маалымат бул китепте толук берилет.

Биздин өлкөнүн жапайы флорасында көптөгөн керемет даамдуу жана күчтүү даам бергич өсүмдүктөр эзелтен бери эле жергиликтүү калк даамдуу жана жыттуу кошулмалар катары колдонуп келген.
Мындай өсүмдүктөр 5 топко бөлүнөт:
  1. абдан ачуу даамдуу, анча эмес жыты бар (кара мурч, горчица, хрен)
  2. ачуу жана күчтүү жапыр жыттуу (гвоздика, жыпар жыттуу мурч, кулмак, имбирь, лавр, кереч)
  3. күчтүү, таттуураак жыты жана даамы анча эмес (корица, мускат жаңгагы, лавр жалбырагы, кориандар)
  4. анча эмес жыпар жыттуу (кардамон, мускат жаңгагы, зире, чай, бөрү карагат)
  5. өзгөчө өзүнө гана таандык касиеттери бар (жалбыз, анис, шалфей, аш көк, пияз, чекилдек).
Ар кайсы суусундуктарды даярдоодо, же башка өсүмдүктөрдөн даярдалган суусундуктарга керемет даамды таттыруу үчүн да өз алдынча өсүмдүктөр пайдаланылат.
Суусунду жыттуу жана даамдуу кылыш үчүн көптөгөн эгилме өсүмдүктөр, мисалы, калемпир сымал жалбыз, розмарин, көкө мерендин түрлөрү, райкан ж.б. пайдаланылат. Жапайы флоранын өсүмдүктөрүнөн эрмендин түрлөрү каз таңдай, кадимки айыр, дары кереч, бийик карындыз, арча, кызыл мыя, кара карагат ж.б. кеңири колдонулат.
Көпчүлүк керемет даамдуу жана даамы күчтүү, ачуу өсүмдүктөр салат катары колдонулат: мисалы, жалбыз, кастурция, козу кулак.
Керемет даамдуу жана жыпар жыттуу өсүмдүктөрдүн химиялык курамындагы бирикмелердин өлчөмдөрү өзгөрүлүп турат. Бул өсүмдүктөрдүн ар кайсы органдары менен ткандарындагы ар түрдүү пайдалуу заттардын өзгөрүлүп турушу климаттык факторлорго, өстүрүү шартына, сорт жана формаларынын ар түрдүүлүгүнө, генетикалык өзгөчөлүктөрүнө, өөрчүү фазаларына көз каранды. Өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүктөрүндө аскорбин кычкылынын өлчөмү түп тамырында же тамыр-пиязында көбүрөөк болот. В тобундагы витаминдер көбүнчө дандын кыртышынын астында жана түйүлдүгүндө топтолгон. Каротиндин өлчөмү жаш жалбырактарда көбүрөөк келет. Витаминдердин өлчөмү өз алдынча өсүмдүктөрдө, мөмөлөрдө, уруктарда да айырмаланышы мүмкүн. Бул айырмалар өсүмдүктүн чоңдугу, жашы, бышып жетилген шарттары менен байланыштуу. Кээ бир өсүмдүктөр же алардын өз алдынча органдары бир же бир нече витаминдердин табигый концентраты болушу мүмкүн. Жашылчалар менен мөмөлү өсүмдүктөр аскорбин кычкылын, каротинди жана фолий кычкылын топтойт. Ниацин менен рибофлафин дан өсүмдүктөрдүн мөмөсүндө жана дандык чапактуу өсүмдүктөрдө башка айыл-чарба өсүмдүктөрү менен салыштырганда жогоруураак болот.
Өсүмдүктөрдө жыпар жыттуу заттардын өлчөмдөрү өзгөртүлүп турат. Мисалы, кээ бир өсүмдүктөрдө жыттуу заттар эле (1%-ке чейин), башкаларында 10%-ке чейин жетиши мүмкүн )мисалы анистин уругунда ж.б.).
Бул китептин максаты – керемет даамдуу жана жыпар жыттуу өсүмдүктөрдү огороддо, участоктордо, балкондордо, үй ичинде өстүрүп классикалык импорттолгон жыпар жыттуу өсүмдүктөрдүн ордун ээлегендей кылып жайылтуу.
Ошондой эле авторлор биздин флорадагы жапайы жыпар жыттуу жана керемет даамдуу өсүмдүктөргө окурмандардын көңүлүн бурат. Алардын кээ бири дарылык касиетке ээ болгондуктан (мисалы, күрөң чай чөп, жалбыз, мээр чөп ж.б.), аптекаларда сатылат.
Бул китепте керемет даамдуу жана жыпар жыттуу өсүмдүктөрдүн химиялык курамы, алардын касиеттери, пайдаланылышы жөнүндө маалыматтар бар.
Ар бир өсүмдүктүн кыргызча, орусча, латынча аттары берилген.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Жыпар жыттуу жана керемет даамдуу ѳсүмдүктѳр

И.А. Рахимова
Жыпар жыттуу жана керемет даамдуу ѳсүмдүктѳр
Бишкек 2014

Түзүүчү автор: Рахимова Изиля Абдуллаевна – медицина илимдеринин кандидаты

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Глоссарий

1. Адаксиалык жак (лат. ad – карай, аксис – ок) – каптал өркүндөрүнүн, жалбырактардын, бүчүрлөрдүн ички, сабакка караган жагы.

2. Антоциандар, (гр. Antos – гүл, kianos – көгүлтүр) – көпчүлүк өсүмдүктөрдүн мөмөлөрүнүн, гүлдөрүнүн ж.б. органдарынын клеткалык ширесинде учуроочу көгүлтүр, кызыл, кызгылттым түс берүүчү пигменттердин тобу.

3. Ариллюс (лат. Ариллюс – мантия, чапан) – кай бир өсүмдүктөрдүн уруктарын каптап турган өсүндү.

4. Гинецей (гр. Гине – аял, ockos – үй) – гүлдөгү мөмө жалбыракчалардын жалпы аты. Башкача айтканда плодолистики.

5. Гетерофиллия (гр. Getersos – ар башка, fillon – жалбырак) – ар кыл жалбырактуулук (бир эле өсүмдүктө түрдүү формадагы жалбырактардын болушу)

6. Дорзовенталдык түзүлүш (лат. Dorsum – арка, бел, venter – курсак, ич) – алды же ич жана арка же сырт жактарын ажыратууга боло турган жалпак органдардын түзүлүшү.

7. Жалбырак сабы – жалбырактардын жалбырак пластикасынан алар жайгашкан сабакка чейинки бөлүгү.

8. Жалбырак тарамыштары – жалбырактагы өткөрүүчү боочолор. Алар аркылуу жалбыракка суу жана анда ээриген заттар келип турат да жалбырактан ассимиляция процессинде пайда болгон заттар агып кетет.

9. Нимфеялар (гр. Numphe – келин, жаш аял) – кувшинка уруусундагы көп жылдык суу өсүмдүктөрү.

10. Протогиния (гр. Protos – бир кыйла эртерээк, gine – аял) эки жыныстуу гүлдөрдөгү аталыкка караганда, энеликтин эрте жетилиши.

11. Синкарптуу (sin – бирге, karpos – мөмө) – бир нече мөмө жалбыракчалары биригип өсүп бир энеликти пайда кылган гинецей

12. Склереиддер (гр. Sclerosis – катуу, бекем, eidos – түр) – таштай клеткалар, кабыгы текши жана өтө калыңдаган паренхима клеткалары.

13. Столон (лат. Stolo – чырпык) – кээ бир өсүмдүктөрдүн жер астыңкы өркүнү; анын учунда бүчүр, пияз түп же түймөк калыптанат.

14. Тамыр-сабак – жер астында өсүүчү жана ошого байланыштуу түрүн өзгөртүп тамыр сыяктуу болуп калган сабак. Андагы түрүн өзгөрткөн майда түрпү сымал жалбыракчалардын, чоку жана каптал бүчүрлөрдүн бар болушу жана анатомиялык түзүлүшү анын сабак экенин далилдейт.

15. Түймөк – кай бир өсүмдүктөрдүн жер үстүндөгү же топурактагы түрүн өзгөрткөн (кыскарын жоонойгон) сабагы. Түймөк запас заттар топтолуучу жана вегетативдүү көбөйүү органы катарында кызмат кылат.

16. Чаңдык – гүлдөгү аталыктын ичинде чаңчалары бар жоонураак бөлүгү.

17. Чаңча – жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн микроспорасы.

18. Чүткөр – дикобраз.

Адабият

1. Жизнь растений. Т. 6, стр. 190-193, М. 1980.

2. Шамбетов С.Ш. и др. Русско-киргизский словарь ботанических терминов и названий растений, Фр., 1975.

3. Русско-киргизский словарь под редакцией К.К. Юдахина, М,, 1957 г.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Уламыштардан бир аз кеп

Лотос уруусу (Nelumbonaceae)Лотос байыркы египеттиктер сыйынган гүл, сулуулуктун, тазалыктын, күнгө, жарыкка умтулуунун символу. Бул образ египет искусствосунда лотоско окшош храм колонкалардан баштап, абдан кичине идиштер менен ювелирдик жасалгаларга чейин бар. Ар кайсы традицияларда потенциалдык мүмкүнчүлүктөрдин ике ашышы суунун үстүндөгү гүлдүн ачылышындай көрсөтүлөт; Батышта – бул роза же лилия, Чыгышта – лотос. Космос лотосу – жаратуунун образы, дүйнөнүн биринчилик суулардан же боштуктан жаралуусу, бул дүйнө жана андагы өөрчүп келе жаткан жашоонун өзгөчө универсалдык принциби. Бул символ суу менен отко, караңгыдагы хаоско жана жаркыраган жарыкка да жакын келет. Лотос – Күндүн жараткыч күчтөрү жана суунун ай күчтөрүнүн өз ара байланыштарынын натыйжасы, бул суу хаосунан жогору карай көтөрүлгөн Космос, Күнгө окшоп мезгилдердин башында чыгат, «өөрчүп келе жаткан жашоонун дүйнөсү. Бурганактын ичиндеги бүтүндөй өзгөрүлүп келе жаткан жашоонун дүйнөсү (Дж. Кэмбелл).
Бул мезгил – мурдагы, азыркы келечектеги мезгил, себеги ар бир өсүмдүктүн ачыла элек гүлдөрү, гүлдөрү жана уругу бир эле кезде болот. Таң атканда ачылып жана күн батканда жабылып туруучу лотос Күндүн кайра жаралып турушун, ошондой эле дагы башка жаралууну, жашоо күчтөрүнүн кайра калыбына келүүсүн, жашчылыктын кайтканын, өлүп-өчпөстүгү элестетип көрсөтөт. Лотостун гүлү, жабырагы сууланбайт, ошондой эле жан материя менен булганбайт. Лотостун түбү баткактын ичинде болуп, материяны элестет, анын сабагы суунун ичинде болуп – жанды элестетет, Күнгө карай айланып турган гүлү – жандын символу. Ошондуктан лотос түбөлүк жошоону, адамдын өлбөс-өчпөс табиятын, анын жанынын ачылышын көрсөтөт.
Лотостун гүлү дүйнөнүн үстүнөн келген жандын тазалыгын көрсөтөт, себеби ал баткактуу суудан чыгып, гүлүнүн тазалыгын сактап турат. Анын себеби – лотостун желекчелери менен жалбырактарынын жылтырак структурасы: алар сууну өзүнөн түртүп жиберип, тазаланга жөндөмдүү экен.
Байыркы Египетте лотостун образы менен жаралуу, туулу жана Күн жашоонун булагы деп байланыштырылган. Бул зор гүл биринчилик суулардын түбүнөн чыга калып, гүлүн ачты, жана өзүнүн желекчелеринде күн кудайынын образындай болгон жашоону, алтын наристени алып чыкты: лотостон Күндүн кудайы Ра тууалат.
Лотостун гүлү Египетте Күндүн кудайы Озириске арналган. Озиристин башы лотостун гүлү менен кооздолгон., сүрөттөлгөн. Лотос гүлү Озирис, Изида, Нефтиданын тактысы катары көрсөтүлгөн.
Лотос уруусу (Nelumbonaceae)Лотос жашоо күчтөрүнүн жаңылануусунун жана жашчылыктын кайта кайрылып келүүсүнүн символу катары бологон. Египеттиктердин көз карашы боюнча, мурдагы кудай өлүп, кайра жаралып жаш болуп келет. Өлгөн адамдын колуна лотос кармашып койгон сүрөт өлгөндөн кийин кайрадан жаралуусун, жандын уйкудан ойгонгонун көрсөтөт.
Египеттик фараондор өзүлөрүн кудай деп санап,баштарына Лотос гүлдөрүн кийип, алардын бийлигинин эмблемасы – Кандын скипетри лотос гүлү жана анын сабы түрүндө сүрөттөлгөн. Мамлекеттик монетада ачылган гүл же бутондо болуп чегилген. Жогорку Египеттин эмблемасы – Лотос, Төмөнкү Египеттики – папирус болгон. Египеттин мамлекеттик герби лотостун беш гүлү менен кооздолгон.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүни мемфис кудайы Нефертумдун атрибуту лотос өөрчүп-өркүндөө, түшүмдү көп берүүчүлүк символу катары болгон. Аны башына лотос гүлүн кийген жаш жигиттей көрсөтүлгөн.
Байыркы Индияда лотос чыгармачылык күчтөрдүн символу, дүйнөнүн жаралуу образы катары берилген. Лотосту Ааламдын символу, океандын үстүндө гүлгө окшоп сүзүп жүргөн жердин элесиндей көргөн.
Ортосунда жайгашкан гүлдүн аякчасы – кудайлардын тоосу – Меру дешкен.
Упанишаадада дүйнөнү жараткан жана аны сактаган – Вишну. Ал бүт дүйнөнүн башы, ортосу жана аягы. Вишну ойгонгондо, анын киндигинен лотостун гүлү чыгып, андан дүйнөлөрдү жаратуучу Брахма туулат. Көптөгү бейиш Вишнунун борборунда көптөгү Ганг бар, Вишнунун хан сарайынын айланасында беш көл бар. Анда көк, ак, кызыл лотостор болуп, алар зымырыт менен сапфирлердей жылтылдап турат деп Упанишаадда жазылат.
Лотос менен Вишнунун жубайы — Лакшми байланыштуу. Ал жыргалчылыктын, байлыктын жана сулуулуктун кудайы. Бир мифтер боюнча, кудай менен асурлар океанды чайкаганда, андан лотосту колуна кармап Лакшми чыккан. Башка түшүнүктөр боюнча, Лакшми жаралыуудан мурда эле, лотостун биринчилик сууларынан чыккан – ал көпчүлүк индуист жана будда кудайларынын атрибуту.
Буддизмде лотос алгачкы сууну, духтун ачылышы, даанышмандыкты, нирвананы символдойт.
Лотос Буддага, Лотостон жалын болуп чыккан «Лотостун берметине» арналат. Бул тазалыктын жана мыктылыктын образы: булганыч баткактан чыгып, ал таза бойдон калат – дүйнөдөн жаралган Буддага окшоп. Будда лотостун жүрөгү, ал тактада толук ачылган гүлдөй болуп отурат.
Мындан тышкары буддизмде Лотостун жаралышын жаңы космос эрасы менен байланыштырышат. Лотостун толук ачылышы жошоонун токтоосуз циклынын дөңгөлөгүн көрсөтөт. Ал Гуань-иньдин, Будда Майтрейянын бейишинде, ошондой эле Вишнунун бейишинде, кымбат баалуу таштардан жасалган көлмөлөрдө «укмуштай түстүү лотос гүлдөрү өсөт».
Лотоско миңдеген жолу кайталануучу чокунуу арналат: ом мани падме хум, — Да пусть будет благословенен Он (Будда) с лотосом и драгоценным камнем ( Лотос жана кымбат баалуу ташты кармап турганга (Буддага) бата берем). Тибет тоолорунда жардагы таштарга чегилген мындай жазуулар кездешет.
Кыргызстандын аймагында да чоң таштарга ошондой жазуулар табылган. Аларды Улуу Жибек Жолу менен жүргөн соодагерлер чегип койгон. Кытайда лотос ыйык өсүмдүк катары тазалыкты, пакизалыкты, жемиштүүлүктү жана өндүрүүчү күчтөр катары белгиленген. Кытай традициясы боюнча «Жүрөк Лотосу» отту көрсөтөт, ошондой эле көзгө көрүнбөстүктү, бардык ачылыштарды, тынчтыкты, гармонияны белгилейт.
Батыш көктө, лотос бейишинде лотос көлү бар, анда гүлдөрдүн арасында бодхисатвдардын тегеретип, Амитофо (Амитабха), Батыштын Буддасы отурат. Көлдө өскөн ар бир лотос өлгөн адамдын жанындай. Даос традициясы боюнча сегиз өлбөгөн жандардын бири – Хэ Сян-гу кыз колунда тазалыктын символун – узун саптуу ак лотостун гүлүн тилекке жеткире турган ийилген жезлдей кармап тургандай көрсөтүлгөн.
Египет, Индия, Кытайдан лотостун символикасы башка өлкөлөргө да жеткен. Грек-рим маданиятында лотос Гера менен Афродитага арналган гүл катары эсептелген. Лотос формасындагы алтын кайыкта байыркы грек баатыры Геракл саякатка чыккан. Мала кызыл лотосту Геродот ыйык, укмуштуу, «Нилдин мала кызыл лилиясы» деп атаган.
Гейне лотос жөнүндө мындай деп жазат:

Күндүзгү күндүн илебинен
Уйкусу келген башы эңкейет
Жылтылдаган түндөрдү күтүп
Кызы ай чыгары менен
Ал башын көтөрүп, уйкудан ойгонот
Анын таза жыпар жыттуу жалбырактарында
Таза бир тамчы жаштай шүүдүрүм жылтырайт
Асманга муңдуу көз коюп
Сүйүүчүлүк менен карап дирилдейт
(перевод автора)

Нимфеялар аты (кувшинкалар) жөнүндө байыркы грек мифологиясынан келип чыккан. Ал боюнча, нимфалар – Табияттын аял кудайлар, алар тоодо, токойдо, деңиздерде, булактарда жашайт. Нимфалар Зевстин кыздары деп эсептелген.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Лотос уруусу (Nelumbonaceae)

Лотос уруусу (Nelumbonaceae)Бул урууга бир эле тукум (Nelumbo) кирет. Ал эки түрдөн түзүлөт: жаңгак сымал лотос (N. nucifera) жана сары лотос (N. lutea). Лотостун түрлөрү гүлдөрүнүн түсү жана географикалык таралышы боюнча кескин айырмаланат. Жаңгак сымал лотостун желекчелери (лалалары) мала кызыл, сары лотостуку – анын аты айтылгандай эле – сары. Биринчи түрү Түндүк-Чыгыш Австралияда, Малай архипелагынын аралдарында, Филиппин аралдарында, Шри-Ланка аралдарында, Түндүк Японияда, Индостан жана Индокитай жарам аралдарында, Кытайда, Россиянын ыраакы Чыгышында Хабаровск жана Приморье крайында, ошондой эле Каспий деңизинин жээгинде – Кура дарыясынын куйгап жеринде менен Волганын дельтасында өсөт. Каспий деңизинин жээгинде өсүүчү лотос боюнча эки карама-каршы көз караш бар. Кээ бири — лотос байыртан бери сакталган десе, башкалары – ал адамдын иш-аракеттеринен келип чыккандыгы менен байланыштуу дешет. Лотостун, Түштүк-Чыгыш жана Түштүк Азияда, мисалы, Индияда биринчи болуп, аны культурада өстүрүлгөндүгү менен байланыштуу.
Лотостун экинчи түрү – сары лотос Түндүк Американын түштүк райондорунда, Борбордук Америкада, Түштүк Американын түндүк бөлүгүндө, Гавайи, Чоң жана Кичи Антиль аралдарында, Ямайка аралында таралган. Лотостун мындай таралышы бир нече миң жылдарда бул өсүмдүктү культурада өстүргөндүк менен байланыштуу.
Лотостун өсүү ареалдары кенен болгондуктан, ал ар кандай шартта өсө берет. Мисалы, Австралия, Индонезия, индия, Түштүк Чыгыш Кытайда, Шри-Ланка аралында лотос ысык тропикалык климатта жана көп убакытка созулган инсоляцияда (күн нурунун тийиши) өсөт. Түндүк Кытай менен Чыгышта жана Россиянын европалык бөлүгүндө лотос катаал шарттарда болуп, – 30 ̊С-дагы же андан төмөн суукту да көтөрө алат. Эреже боюнча, лотос акма көлмөлөрдө – сазга айланган жерлерде, көлдө, жай аккан сууларда өсөт. Волга дельтасында деңиздин кургакка кирип турган булуңунда, ошондой эле көптөгөн суунун айрыктарынын жээгинде жайгашат. Жыл сайын дельтанын жогорулашып кетиши менен байланыштуу лотостун жайгашышы төмөндөп, ыңгайлуу топурак жана аккан суу болгон жерлерге көчүп, мурдагы өскөн жерлерден качып калды. Суунун деңгээли төмөндөгөн жылдарда лотос дагы башка жерде – сууда жошоочу өсүмдүктөр (кувшинка, чилим) менен бирге кургакта калып, демейдегидей эле өсө берет. Индиянын Кашмир өрөөнүндө лотос деңиз деңгээлинен 1560м-деги бийиктикте өсөт. Бул анын өскөн жеринин жогору турган бийиктиги.
Лотос үчүнчүлүк мезгилде, өзгөчө палеогенде кеңири таралып, төртүнчүлүк мезгилде кескин түрдө анын таралышы кыскарган. Ал жөнүндө тарыхка чейинки жашаган казып алынган айгинелейт. Адам аны культурада кармап өстүрбөсө, анда бул өсүмдүктүн түрү такыр эле жоголуп кетмек. Лотос – чөптүү, жерде-сууда жошоочу өсүмдүк. Анын чөп-сабыгы сойломо жер бети менен сойлоп өсүп муундарынан көмөкчү тамырлар өсүүчү тамыры көлмөнүн түбүндөгү кумдуу субстратка кирет. Анын тамыр-сабыгы (жер астындагы өсүүчү жана ошого байланыштуу түрүн өзгөртүп тамыр сыяктуу болуп калган сабак) чоң, бутактанган, шар сымал түйүндөрүнөн көптөгөн тамырлар таралат. Кыш мезгилинде тамры сабактарында крахмал топтолуп, ага байланыштуу тамыр-сабак чоң бадыраңга окшоп жөөноет. Тамыр-сабагындагы түйүндөрүндө бүчүрлөр пайда болуп, анда жалбырактар менен гүлдөр калыптанат. Тамыр-сабактын туурасынан кескенде көптөгөн тегерек болуп жайгашкан боочолор көрүнөт.
Лотостун жалбырактары эки типте: бири суу алдындагысы, бир жерде отурма абалда, кең ланцеттүү формада, жалбырактарынын тарамыштануусу – жарыш, жаш бүчүрлөр менен тамыр сабактын өсүү точкаларын тыгыз кармайт; башкалары – суу үстүндөгүлөр жеңил, эбелектей, сүзүүчү жана Суу үстүнөн жогору жайгашат. Суу үстүндөгү жалбырактар тегерек калканча формада, сабы узун, андан тикенек сымал була талдары чыгат.
Сүзүп жүргөн жалбырактарынын жалбырак пластинкалары жалпак, туруп тургандарыныкы – воронка сыяктуу. Ботаникалык бактардагы экскурсия жетекчелери лотос жалбырактарынын кызыктуу өзгөчөлүгүн суу тийбегендигин көрсөтүлөт. Суу, сымапка окшоп, жалбырактын үстүндө чоң тамчыларга чогулуп калат. Ал болсо жалбырактын бетинде момдун жука кабаты жана эпидермалык клеткадан чыккан тикенек сымал була талдарынын бар болгондугу менен түшүндүрүлөт. Эбелектей жалбырактарынын тарамыштануусу шооладай жалбырактын ортосунан сабак чыккан жерине жалбырак пластинкасындагы оюкка карай чыгуучу ортоңку канаттай бутактанган таралыштан башкасы радиалдуу түрдө 12-25 таралыш тарап, алар көп ирет ачаланып бутактанат. Таң алдында туруп калган воронка сымал жалбырактарынын ортосунда шүүдүрүм чогулат. Аны илгээрки химиктер тажрыбайга чогултушкан. Лотостун жалбырагынын ткандарында аба толгон чоң көңдөйлөр бар, алар ашык нымдуулуктан кутулууну камсызкылып турат. Лотостун жалырактарынын үттөрү үстүңкү гана жагында жайгашат. Алар эпидерманын дөңчөлүү тканына терең кирген.
Лотос гүлү таң калаарлык кооз келет. Алар абдан чоң (диаметри 30 см-га жетет), бирден жайгашат, колтуктуу, спиралдай имерилген. Жаңгак сымал лотостун гүлдөрү ачык мала кызыл, анын желекчелери түп жагында мала, башындагысы – ачыгырак. Америкалык лотостун желекчелери – сары: түп жагындагысынын түсү ачык сары кызгылт, баш жагындагысы – ачыгыраак. Культурада ак түстүү гүлдөрү бар лотос дүйнөнүн көпчүлүк оранжереялар менен ботаникалык бактарда өстүрүлөт. Гүлдөрдүн анча эмес, бирок корицадай жагымдуу жыты бар. Алар өөдө карай жогору өсүп, жалбыраткарындай эле суу үстүндө болуп, гүл сабы узун, түз жана жалбырактарына окшоп, аны тикенек сымал була талдары каптап турат. Лотос гүлү оң гелиотропизмге ээ, башкача айтканда алар дайыма күндү карап турат. Гүл байланышкан жерден бир аз төмөнүрөөк реакция кылуу зонасы бар, анда ал өзүнүн абалын өзгөртүп турат. Күн менен так ошол байланыш лотосту байыркы египтян менен индустар ыйык кылып, сайынгандыгына себеп болгон. Лотосто 2 гана чөйчөкчө жалбыракчасы бар. Желекчелери көп (20-30), алар спиралдашып, чөйчөкчө жалбыракчаларынан анча эмес чектелбей жайгашкан. Көптөгөн аталыктар (жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн эркектик жыныстык органы; ал чаңдыктан жана аталык жипчесинен турат) да спиралдашып жайгашат. Алар чоң, чаңдыктан жогору болуп, жоон келет, гүлдүн ичине карай ийилген, чаңдыгы эки; сырткы аталыктардын чаңдыктары – экстрорздук (лат. Extrorsus – сыртка караган) – жетилгенде сырт жагынан жарылып ачылуучу чаңдык.
Ичкилери – интрорздук (лат. Introrsum – ичин, ортосун көздөй) ич жакка (энелик жаккы) бетинде жылчык пайда кылуу менен ачылуучу чаңдык. Чаңчалары – үч кыйма – чиймелүү, алардын бетинин бир башка өзгөчөлүктөрү бар. Генецейн (грекче, gine – аял, oekos – үй), башкача айтканда — мөмө жалбыракчалары (энеликти пайда кылуучу түрүн өзгөрткөн жалбыракчалар) абдан өскөн тескери конус сымал формасындагы гүл жайгашкычына (гүл сабынын гүл менен бүткөн жоонойгон учу; анда гүлдүн мүчөлөрү жайланышкандыктан ал гүлдүн оугн же борбордук бөлүгүн түзөт) кирет. Өз алдынча келген бочка сымал формасындагы мөмө жалбыракчалар спиралдашып же шакек-шакектей болуп жайгашкан жана энеликтин жогорку учундагы чаңчалар келип түшчү бөлүгү кичине табак сымал чаңалгычы бар. Мөмө жалбыракчалар бышканда бир уруктуу жаңгакчага айланат. Мөмөсү – «бышкан гүл». Жаңгакчанын мөмө коргону (мөмөнүн мөмөлүктүн керегесинен пайда болгон бөлүгү) теридей же тактай сымал. Ар бир жаңгакча гүлдүн өскөн огуна кирип турат. Лотостун түйүлдүгү (уруктуу өсүмдүктөрдүн өөрчүшүнө – уруктанган энелик клетканын бөлүгүшүнөн урук калыптанын бүткөнгө чейинки стадия) абдан чоң, массивдүү, жоон, өңсүз урук-үлүшү (түйүлдүктүн алгачкы жалбырактары) жана эки биринчи күңүрт жашыл түстөгү жалбырактары болгон бүчүрүнөн түзүлгөн.
Уруктун запасындагы азык заттары урук-үлүшүндө жайгашкан, анын аз эндосперми түйүлдүктүн өөрчүп-өсүшүнүн баштапкы стадиясында толугу менен сарпталат жана жетилген урукту түйүлдүк ээлейт. Лотостун уруктары көп убакыт бою өнүмдүүлүгүнүн (уруктардын белгилүү мөөнөттө өнүү жөндөмдүүлүгү) сактайт. Мисалы, Түндүк Кытайдагы чым көңдүү саздан казылып алынган лотостун жаңгакчаларындагы уруктар жыл бою өнүмдүү болуп, алардын кабыгын тиешелүү жактан тазалагандан кийин, андан гүлдөгөн өсүмдүктөр алынган. Заманбап радиоизотроптук методдордун анализи боюнча лотос уруктары миң жылдан да көп убакыт бою өзүндө тирүү түйүлдүктү сактаган жана тынча абалда болуп, жагымсыз факторлордун таасирине туруктуу болуп келген. Ал жөнүндө искусство менен адабияттын эстеликтеринде көрсөтүлгөн. Лотос азык зат, дарынын булагы жана сыйынуу өсүмдүк катары кызыкчылыкты туудурган.
Лотосту Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы алгачкы адамдарга белгилүү болгон. Америкалык индеецтер өзгөчө Тенеесси жана Камберленд дарыяларынын жээгинде жашагандар жана Түштүк Американын түндүгүндөгү туземецтер европеецтер келгенче лотосту тамакка кеңири колдонуп, аны суу манси деп аташкан. Кытай, индия, Япониянын кыштактарында жашаган калк алигиче лотостун уругу менен түп-тамырларын ун, крахмал, кант, май алуу үчүн пайдаланышат. Түп-тамырынан сорпо кайнатат же картофелге окшош, гарнир катары колдонулат. Азыркы кезде деле Кытайдын кондитердик тамактарынан даамы мармеладка окшош лотостун кантка чыланып, кургатылган түп-тамырынын кесинделери абдан керектелет. Астрахан областында жергиликтүү калк лотосту чочко өстүргөндө жана үй куштарын бакканга кеңири пайдаланган. Лотосту корукка алуу жөнүндө айтылганга чейин, анын түшүмү толук бойдон иштетилген, ал болсо бул өсүмдүктүн тап-такыр жоголушуна алып келмек. Тамакка лотостун түп-тамыры менен уруктарын колдонуу андагы крахмалдын көп болгондугу (50%ке чейин), ошондой эле канттын, майлардын жана С витамини бар болгондугу менен байланыштуу.
Дары өсүмдүк катары лотос жөнүндө эң алгач ж.д. чейин 3000 жыл мурда түзүлгөн Кытайдын жазууларында айтылган. Байыркы эле кезде элдик медицинада бул өсүмдүктөн бардык бөлүктөрү – түп-тамырлары, жалбырактары, гүл сабагы, желекчелери, аталыктары, мөмөлөрү нерв жана жүрөк-кан тамыр системаларынын орууларында колдонулган. Илгээртен бери кытай, Индия жана Байыркы Египетте лотосту сыйынуу өсүмдүк катары эсептеген. Ага анын кеңири колдонушу жана калаарлык кооздугу жана гүлдөрдүн гелиотропизми түрткү болгон. Ал жөнүндө маалыматтар китепченин 1-бөлүгүндө кеңири берилген. Кээде лотос деп Nymphaea тукумундагы кувшинкалардын сүрөтүн ката түшүнүшөт. Лотостун ролу адамдын жашоосунда абдан чоң. Түштүк-Чыгыш Азияда лотос күрүч культурасындай эле өстүрүлөт. Аны террасталган (тектир-тектир жерлер), бөгөлгөн, тосулган ойдуң жерлерде өстүрүшөт. Жазында уруктары себилет. Мурда аларды кабыкчаларын сындырып, аны тоголок балчыкка ороп, көлмөнүн түбүнө салып коет. Түшүмү күзүндө жыйналат, анда бир аз бөлүгүн кийинки жылкы отургузууга калтырып коет.
Табигый шарттарда лотос негизинен вегетация жолу менен түп-тамырлардын жардамы менен өсүп-өнөт. Анда жазгы-жайкы мезгилде түп-тамырлар активдүү түрдөө өскөн бутактаган, ичке шнур сымал жаш түп-тамырлар пайда болот. Аларды столон (лат. Stolo – чырпык) дейт (кээ бир өсүмдүктөрдүн жер астыңкы өркүнү; анын учунда бүчүр, пияз түп же түймөк калыптанат). Алар өсүмдүктөрдүн өсүп-өөрчүшүн жана мейкиндикти тез ээлеп калуусун камсыз кылат. Кээде бир жерде калың чыккан өсүмдүктөр тамырлары бир-бири менен байланышкан системаны пайда кылып, абдан чоң узундукта болот. Мисалы, америкалык окумуштуулардын эсептеп чыккан анализи боюнча, сары лотостун 4000м2-ге жакын аянтындагы түп-тамыр торчосу – узундугу 340 км ден ашат экен.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Нимфея уруусу же кувшинкалыктар

Нимфея уруусу же кувшинкалыктарНимфея уруусунда 6 тукум бар: кувшинка же нимфея (Nymphaea) ага 50-гө чейин түр кирет, кубышка (Nuphar), анын 25-ке жакын түрү бар, викториянын (Victoria) – 2 түрү ж.б.
Бул нимфея уруусунун географикалык таралышы абдан кенен. Ага байланыштуу ар кайсы нимфея уруусу ар түрдүү климаттык шарттарда болот экен. Эгерде виктория Түштүк Американын тропикалык көлмөлөрүндө (анда суунун температурасы +28…+33 ̊С) өссө, ак кувшинка (Nymphaea alba) Европа жакта кыш келгенде көлмөлөр тоңуп калса да, аны тоотпостон жашай берет.
Абдан ак түстүү кувшинка (N. candida) деңиз деңгээлинен 500 м жогору жерде өсөт.
Бул урууга кирген өсүмдүктөр – гидрофиттер, башкача айтканда, сууда жашайт. Кувшинканы жерде-сууда жашоочу өсүмдүк деп атаса жарайт. Ал сууда жана кургакта көлмөдөгү суунун деңгээли төмөндөсө деле жашоого жөндөмдүү болуп, жалбырактары, гүлдөрү өсө берет. Викториянын жер үстүндөгү бөлүктөрү жылдын кургакчылык кезинде, суунун деңгээли төмөндөгөндө, өлүп калат да, тамыр-сабактары тынч абалда тура берет. Нимфея уруусундагылар, эреже боюнча, көп жылдык чөптүү өсүмдүктөр. Алардын сабагы тамыр-сабактарга айланган же көлмөнүп түбүндөгү субстратка горизонталдык абалда кармалып турат; кээ бири түймөктөй болуп суунун деңгээли төмөндөгөндө кургак жерде деле өсө берет. Сары кубышканын (Nuphar luteum) тамыр-сабыгы узун, өөдө жагынан ылдый карай жалпагыраак, үстү жашылыраак, асты агыш келет. Алардын бетин түшкөн жалбырак менен гүл саптарынын ордун көптөгөн жырыктар (жалбырактарынын ромб сымал, гүл саптарыныкы – тегерек) ээлейт. Тамыр-сабактарды жазгы суу киргенде суу тез агып, тамыр сабактарды суунун жегине алып чыгарганын көрсө болот. Ак кувшинка жана абдан ак түстүү кувшинканын тамыр-сабагы дорзовентралдык түзүлүштө. Анда абдан ылайлуу жерлерде абдан ак түстүү кувшинканын тамыр-сабактары көп бутактанып, бир-бири менен өрүлүп, аралчаларды түзөт. Алар суунун бетине чейин жогорулап, адамдын салмагын көтөрө алганга чейин барат. Башка кувшинкалардын тамыр-сабагы түймөккө окшош, анын баш жагында гүл жана жалбырак саптары, төмөн жагында тамыры жайгашкан. Мексика кувшинкасы ( Nymphaea Mexicana) активдүү түрдө өскөн мезгилинде түймөгүнүн ылдыйкы – солондор жагында ичке шнур сымал тамыр-сабактар чыгат.
Алар горизонталдык түрдө жайгашып энелик өсүмдүктөн -15-60 см аралыкта дагы жаңы түймөктү пайда кылат. Бул столондордон күзүндө анча чоң эмес горизонталдык абалда тамыр-сабактар чыгып, алардын жогорку бетинде жалбырактардын майда бүчүрлөрү, төмөнкү бетинде – кыска тамырлардын (узундугу 3,5 см-га чейин), жоон (диаметри 0,6 см), сырткы көрүнүшү банандын окшогон тал чыгат.
Тамыр-сабактар ар кандай тереңдикте жата берет. Ак кувшинканын тамыр-сабактары көлмөнүн эң түбүндөгү (кээде м тереңдиктен) ылайдын ичинен да табылып, алардын үстүн суу астындагы жалбырактар жаап коет. Аларга караганда амазонка викториясынын (Victoria amazonica) 2 м тереңдикте, тайыз сууда өсөт.
Тамыр сабактарында жана өсүмдүктүн башка бөлүктөрүндө аба толгон каналдардын татаал системасы бар. Алар аркылуу аба берилип турат. Көп учурда каналдын ичине кальций оксалаты кээ бир өсүмдүктөрдө, мисалы кувшинкаларда, катуу жылдыз сымал тараган склереиддер чөгүп калат. Кээ бир окумуштуулардын ою боюнча алар өсүмдүктү үлүлдөрдөн коргойт экен, башкалар болсо алар механикалык функцияны аткарып, ар кандай нагрузкалардын – созулуу, ийилүү, басым ж.б.-дын таасиринен келип чыгуучу айрылуулардан сактайт дешет.
Тамыр-сабак баткактын ичинде тамырлар менен бекем кармалып турат. Тамырлар болсо тамыр-чабактын түймөктөрүндө жайгашкан. Сары кубышканын ар бир жалбырактын түп жагында үч бутактан тамыры болот; алар жалбырак түшкөндө аны менен бирге түшөт да, тамыр-сабакта үч айрылган из калат. Кувшинкалардын сууда жашоосу дайыма жарыктын жана кычкылтектин жетишсиздиги менен байланыштуу болгондуктан, жашоодо гетерофиллия, башкача айтканда, түрдүү жалбырактуулук келип чыккан.
Тукумдагы өсүмдүктөрдүн баардыгына суу астындагы жана суу үстүндөгү жалбырактары болот. Алар спиралдашып жайгашкан. Кувшинканын суу астындагы жалбырактары челге окшош, кенен ланцеттей, жарыш тарамыштануусу бар, тамыр-сабактын өсүү почкаларынын үстүнөн капкачадай болуп оролгон. Аны менен гүл бүчүрүн жана суу үстүндөгү жалбырактарды өсүүнүн алгачкы стадияларында жаап коет. Сары кубышкада мындай жалбырактардын ордуна бутактанган назик жипчелердин боосу пайда болот. Окумуштуулар аларды өзгөрүлгөн чел сымал жалбырактар дешет. Ошол эле кезде кубышкада башка типтеги жалбырактары кегизет, аларды бир көргөндө формасы боюнча сүзүп жүргөндөйдү элестетет. Алар жүрөктөй жебедей, сабы кыска, анча тунук эмес, чети тырмал. Назик текстурасы боюнча балырларды элестетет. Белгилүү англиялык ботаник Агнесса Арбер (1920) мындай деп жазган: «… Кубышканын жер астындагы жалбырактарынын сүрөтү биринчи жолу XVI –кылымда чыккан, андан кийин адабиятта ал жөнүндө эч нерсе айтылбаган». Кубышканын бул жалбырактары жазында гана эмес, кышында да тоңбогон көлмөлөрдө чыгат жана жай келгенде сүзүп жүргөн жалбырактарга айланат. Терең жана тез агуучу сууларда алар жыл бою пайда болот. Кээде абдан карган чоң тамыр-сабактар менен суунун үстүндөгү жалбырактарды жаратууга жарабай калган өсүмдүктөрдө деле пайда болот. Кээде агуучу сууларда кубышканын суу үстүндөгү жалбырактары чыкпай, толугу менен сууга кирип, температуранын азыраак төмөндөгөн шартында болот.
Сууда сүзүп жүрүүчү жалбырактар ар кайсы тукумдарда жалбырак пластинкасынын формасы, жалбырактын чети, андагы эпидермалык дончолор, жипчелери, тикенектери, ошондой эле алардагы атоциандын бар болгондугу боюнча айырмаланат.
Викториянын чоң жалбырактары калканча сымал, кувшинка, кубышканыкы – жүрөктөй, эллипстен тегерекке чейин, базалдуу оюгу бар ар кандай деңгээлде, жалбырак сабы узун. Жалбырак пластинкасы катуу, андыктан суунун катуу термелүүсү менен мөшөрлөгөн жаанда анын бүтүндүүлүгүн сактайт. Жалбырак тарамыштары жалбырактын астынан кескин билинип чыгып турат. Өзгөчө ал викториянын жалбырагынан көрүнөт. Сүзүп жүрүүчү жалбырактардын салмак борбору жалбырак саптын бекилген жеринде жайгашат. Алардын жалбырак пластинкасы дайыма суунун үстүндө жатат. Өсүмдүктөр өтө көп өөрчүп-өсүп кеткен учурда сүзүп жүрүүчү жалбырактар көлмөнүн бетин бүтүндөй жаап коет. Анда жалбырак пластинкалардын суунун үстүндө эң рационалдуу жайгашуусу көлмөнүн тереңдигине жараша жалбырак саптарынын узундугунун өзгөрүшү менен жетилет.
Жалбырак саптарынын бекемдиги жана ийилгичтиги, өсүмдүктөрдүн жалбырактарын суунун термелүүлөрүнүн таасиринен сактап, аларга ары-бери жүргөнгө жол берет. Жеңил жалбырактар негизинен жайында пайда болот. Суунун деңгээли ылдыйлаганда кувшинкалар жээкке чыкканда, жалбырак пластинкалары жерге тийгендиктен, алардын чети үстүнө карай ийилет, жалбырак саптары болсо жоон жана кыска болуп өсөт, алардын узундугу 20 см-ден жогору болбойт.
Викториянын жалбырактары обдан чоң. Алардын диаметри 2 м-ге чейин жетет жана алардын жалбырак пластинкасы бекем болуп, анын четтери жогору карагандыктан суунун үстүндөгү 35 кг чейин жеткен салмакты кармап турат. Викториянын жалбырактарынын чети тикенектүү тиштер менен капталган, төмөн жагунда …. бар, алар кээ бир ботаниктердин ою боюнча, чоң жээчү жаныбарлардан сактайт. Жалбырактардын үстүнкү бети-жашыл, асты ачык кызыл.
Нимфея тукумундагылардын жалбырактардын бетине суу өтпөйт. Ал андагы момдун жука чели жана эпидермалык клеткалардын үстүндөгү өскөн дөңчөлөр менен байланыштуу. Жаш жалбырактардын бетин былжыр каптайт, аны атайын бездүү жипчелер чыгарат. Жалбырактары менен тамыр-сабактарында аба толгон боштуктардын чоң системасы бар, аларды кадимкидей эле көрсө болот.
Алар дем алуу газ алмашуусун камсыз кылгандан тышкары, жалбырактарды суунун ичинде жана анын үстүндө кармалып турушуна көмөк берет. Үрөндөрү өнгөндө жаш жалбырактары формасы боюнча жетилген жалбырактардан кескин айырмаланат. Мисалы, амазонка викториясынын биринчи жалбырагы жипчедей, жалбырак пластинкасы жок, экинчи жалбырагында жалбырак пластинкасы ланцеттей – жебедей, үчүнчүсү – узунча, жебедей болуп, кувшинканын жалбырагын элестетет. Үч жалбырактары тең суунун астында болот жана төртүнчү гана жалбырагы суунун үстүндө сүзөт; ал жалпак, калканчадай, четтери ийилген эмес.
Гүлдөрү бирден чыгат, кээде абдан чоң, гүл сабагы узун, кээ түрлөрүнүкү 5м-ге жетет. Алар эки жыныстуу, спироциклдуу, кош гүл коргондуу. Чөйчөкчө жалбыракчасы 5 же 4, кувшинканыкы желекчелерине караганда чоңураак. Желекчелери көп, черепицадай. Кувшиканын чөйчөкчөсү жашыл түстө, кубышканыкы – сары. Кувшинканын гүлдөрү чоңдугу боюнча 3-25см-га жетет. Алардын түсү – ак, мала кызыл, ачык сары мала, ары, мала көк, көк. Викториянын гүлү кандайдыр бир өзгөчө. Анын диаметри 35см-ге жетет жана сыртында 4 тикенектүү бети кызыл күрөң жана ич жагында ак чөйчөкчө жалбырактары бар. Анын желекчелеринин күчтүү жагымдуу жыы бар.
Көпчүлүк кувшинкалардын аталыктары жөнөкөй, лента сымал, эки тарамышы болот. Чаңдыктары абдан узун, алар аталыктын стерилдүү тканында кирип турат. Чаңдыктардын ачылышы интрорздуу, экстрорздуу. Нимфеялардын чаңчалары бир тилкелүү. Гинецейи синкарптуу, анда 5-35 мөмө жалбыракчалары бар. Кувшинка, кубышка жана викториянын мөмө жалбырактарынын саны 5 тен 35ке чейин жетет. Кубышканын чаңалгычы жашылыраак, ичин көздөн чуңкурайган же томпок, чети бүтүн же тиштүү. Кувшинка менен викториянын чаң алгычы көп… ачык түстүү, викторияныкы – ачык кызыл, Кувшинканыкы – мала кызыл, сары, кызыл, кызыл-күрөң.
Көпчүлүк нимфеялардын гүлдөшү абдан кооз көрүнүш. Мисалы, виктория 2 сутка гана гүлдөйт. Ошол мөөнөттүн ичинде гүл желекчелеринин түстөрү ак түстөн ачык мала кызыл, кызыл болуп сыйкырлуу өзгөрүлөт.
Викториянын биринчи жолу гүлдөгөн кезинин тарыхы Кьюда (Англия) Ботаникалык бактын оранжереясында башталган. Ал жакка викториянын уругу биринчи жолу Түштүк Америкадан 1849ж. алып келинген. Виктория гүлдөйт деген кабар. Ботаникалык кызматкерлердин жана окумуштуулардын арасында гана эмес, ал сүрөтчүлөр менен репортерлорго да тез тарап кеткен. Оранжереяда гүл ачылганга чейин көптөгөн адам чогулган. Бардыгы саатын карап, гүлдүн ачылышын эңсеп турган. Кечки саат 5те жабык бутон суунун үстүнө чыгып, анын чөйчөкчө жалбырачалары ачылып, андан кийин шумдуктай сулуу ак, ак кардай болгон желекчелер келип чыккан. «Белгилүү ботаник-аквариумист Н.Ф. Золотницкий 1887 жылы мындай деп жазат: «Кубулуштун айбатттуулугуна баткандар ордунан туруп карап формалардын чоңдугуна же анын кооздугунабы эч кандай көрсөтүлө турбаган гүлдүн гүлдөөшүнөн чыккан жыпар жыттын тарап кетишинеби жана гүлдүн тез ачылыш ылдамдыгынабы, дегеле эмнеге таң калаарын билбеди. 2 сааттан кийин гүл желекчелерин жаап, суунун астына кирди. Экинчи күнү Оранжереяга эл таң атканда дагы келүүчү укмушту чыдамсыз күттү. Викториянын гүлү кайрадан кечки саат 7-де ачыла баштады. Бардыгын таң калдырганы, гүлдүн кандайдыр бир күтүүсүз кубулуусу болду. Ал ошондо ак түстө эмес, ачык мала кызыл көрүндү. Тез эле желекчелер түшө баштап, алардын түсү аламдан-улам интенсивдүү болду. Желекчелер толугу менен түшкөндөн кийин аталыктардын активдүү кыймылы башталды. Ошол жерде болгондордун айтымына караганда алардын кыймылы угулган болуучу. Викториянын гүлдөгөн мезгилинде анын фотосүрөттөрү, сүрөттөр тартылган.»
Кувшинкалардын гүлдөшү түндүк көлмөлөрдө июн-августка түш келет, ал кезде түштүк жакта алар массалык түрдө гүлдөнөт. Викториянын мекени – Түштүк Америкада болсо, ал октябрдан январга чейин гүлдөйт. Тропик климатына карабастан, бул өсүмдүк март айынан майга чейин тынча абалда болот. Нимфеялардын чаңдашы да бир өзгөчө. Кувшинка, кубышка, викториялардын гүлдөрү ачык түстө жана жыпар жыттуу болгондуктан ар кайсы курт-кумурскаларды көңүлүн бурат. Алардын ичинен чаңдашууда негизги ролду доңуздар аткарат. Кувшинкалардын кээ бир түрлөрүнүн гүлдөрү жабылуу жөндөмдүүлүгү кечинде болсо, башкаларыныкы таң алдында болот. Ошондуктан, доңуздар өзүнчө бир «тузакка түшүп», алар гүлдүн улам кийинки ачылышына чейин анын ичинде калып, аталыктарды жеп, чаңга оонап, аны гүлдөп жаткан башка өсүмдүктөргө жеткирет. Доңуздардын көңүлүн буруш үчүн викториянын мөмө жалбыракчаларында атайын азык денечелер болот. Гүлдөгөн учурда викториянын гүлдөрү көп жылуулукту чыгарат экен. Мисалы, гүлдүн температурасы абанын температурасына салыштырганда 10 ̊ -тан жогору болушу мүмкүн. Ошондо жогорку температура ачык-кызыл аталыктарда болот. Болжол менен бул көрүнүш андагы крахмалдын бар болгондугу менен байланыштуу. Кубышкада протогиния бар, ал гүлдөрдүн чаңдашын камсыз кылат. Кубышканын жыпар жыты жана чөпчөк жалбыракчалары ачык түстө болгондугунан башка, курт-кумурскаларды нектарниктерге умтулат, алар рудименттик желекчелердин жагында пайда болот.
Мөмөсү – губкадай синкарптуу жер-жемиштей көп жалбыракча, анын формасы, чоңдугу, түзүлүшү ар кандай Кувшинка менен кубышканын мөмөсүнүн диаметри 10 см-дан жогору эмес, формасы боюнча кумганга окшойт. Кувшинканын мөмөлөрүндө 1600-1700 урук болот. Викториянын мөмөсү абдан чоң, кээде ал кичинекей баланын башындай болот.
Кувшинкалардын мөмөлөрү суунун астында бышып жетилет. Анда мөмө жарылып, анын уруктары суунун үстүнө калкып чыгат. Алар былжыр челге оролгондуктан бир нече убакыт, балыктардын икрасына окшоп, сүзүп жүрөт. Ошондуктан аларга куштар көңүл бурушат. Кувшинка, викториянын былжырга оролгон, жука, губка сымал баштыкчадай ариллустары калкыгыч катары болот. Былжыр менен ариллус бузулгандан кийин уруктар көлмөнүн түбүнө түшүп, өнө баштайт. Ак кувшинка менен сары кубышканын үрөндөрү кышында тоңуп калган баткактын ичинде да өзүнүн өнүмдүүлүгүн жоготпойт. Бул өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн өнүмдүүлүгү 5 жыл бою же андан көп убакытка сакталат. Кувшинканын, кубышканын жана башка кувшинкалардын уруктарын сууда сүзүүчү куштар, ошондой эле балыктар таратышы мүмкүн.
Нимфеялар тукуму агым суусу бар көлмөлөрдө өсөт. Жасалма шартты, кычкылтектин жетишсиздигин көтөрө албай өлөт. Табигый шартта нимфеялар көбүнчө вегетация жолу менен – тамыр сабак жана түп тамырлар аркылуу. Кубышка болсот уруктар менен көбөйөт. Көлмөлөрдүн түбүндөгү балчыктан чыккан өнгөн өсүмдүктү суу агызган шилендиден көрсө болот.
Нимфеялар аңчылык-промысел жаныбарлардын багыш, бугу, ондатра, нутрия, кемчет, чүткөр азыктанышында чоң ролду ойнойт. Жай мезгилинде кувшинкалар ондатранын жеминин 50% -ин түзөт. Кавказдын шартында нутрия көлмөнүн терең жагында жайгашып, кувшинканын жалбырактары, жалбырак сабактары жана гүл саптарын жейт. Кувшинканын тамыр сабактары менен таш бака азыктанат.
Нимфеялар адамдын жашоосунда маанилүү ролду ойнойт. Алардын көлмөлөрдү, ботаникалык бактардын оранжереяларын кооздоп, эстетикалык баалуулугунан тышкары, алар элдик медицинада кеңири колдонулат. Мисалы, Бразилияда викториянын куурулган уруктары тамакка колдонулат. Кытайдын түштүгүндө бул өсүмдүктөр атайын культурада өстүрүлөт. Кызыл кувшиканын (Nymphea rubra) ачык-кызыл гүлдөрүнөн венок жасап, Байыркы Египеттин бийлерине венокту (гүлдөн жасалган тегерек түрмөк) аны кудайдын символу деп башына кийгизген. Кувшинкалардын стилдештирилген сүрөтү менен тыйындар, колонналар, эстеликтер кооздолгон.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Укмуштуу гүлдөр

 

И. А. Рахимова

Укмуштуу гүлдөр

Бишкек 2013

Түзүүчү автор: Рахимова Изиля Абдуллаевна – медицина илимдеринин кандидаты Бул брошюрада нимфея жана лотос тукумундагы гүлдөр жөнүндө популярдуу, кызык маалыматтар берилген. Китепче биология факультеттеринде окуган студенттерге, ошондой эле көпчүлүк элге сунушталат. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн бул маалыматтар берилген.

Мазмуну

Нимфея тукумундагы өсүмдүктөр жөнүндө маалымат.

Лотос жөнүндө маалымат.

Уламыштардан бир аз кеп.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: