Камелия эвганолдук

Камелия эвганолдук (Камелия евганольная, Camelia sasanqua)

Чайлар уруусунан – Theuceae

Дайыма жашыл болуп турган , бийиктиги 250-300 см шагы жайылган бадал же кичине дарак.

Жаш өркүндөрү түктүү, кочкул жашыл же күрөң. Жалбырактары кезектүү, кыска саптуу, кабыктуу, жалтыраак, кочкул жашыл, арадай, борбордук тарамыштары – түктүү. Гүлдөрү чоң, өркүндөрүнүн башында эне жалбырак кыска түктүү чөйчөкчө жалбыракчасы бар. Гүл тажычасы беш, кээде алты жалбыракчалуу, гүл жалбыракчалары тегерек-сүйрүү, бүтүн кырдуу. Аталыктары көп. Энелиги бир эле, анын жогорку учунда түк баскан мөмөлүгү бар. Мөмөсү – жыгачтай болгон кочкул кызыл кутуча. Анын ажырап түшүүчү капкакчасы болот, кутучада бир же бешке чейин, кээде алты, сегиз жетилген урук жайгашат. Уруктарынын формасы ар кандай, бурчтары учтуу, кочкул күрөң, же абдан кара. Сентябрь-декабрда гүлдөйт, мөмөлөрү – кийинки жылдын октябрь-ноябрында бышат.

Тоолордун бетинде, суулардын жээгинде, дайыма жашыл болуп өскөн бадалдардын, токойлордун ичинде өсөт.

Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Азиянын тропик же субтропиктеринде кездешет. Көпчүлүк өлкөлөрдө уругунан техникалык же желе турган май алуу максатында өстүрүлөт.

Жалбырактарында 1%ке жакын эфир майы топтолот. Анын негизги компоненти – эвгенол (95%-ке чейин). Камелиянын эфир майы гвоздиканыкындай эле болот. Камелиянын мөмөсүнөн өсүмдүк майы (60%-ке чейин) алынат.

Тамак-аш өнөр жайында эвгенол консерва өндүрүүдө. Ошондой эле ванилин алууда пайдаланылат. Камелиянын майы самын чыгарууда колдонулат. Камелиянын эфир майынын эвгенолу химико-фармацевтикалык өндүрүштө жана микроскопиялык техникада пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Кайен калемпири

Кайен калемпири, чили (Кайенский перец, чили Capsicum frutescens)

Помидор гүлдүүлөрдөн – Solanaceae.

Калемпирдин мөмөсүнүн түсү жашылдан, сарыдан, кочкул сарыдан кызылга жана андан кочкол түстө болот. Эң кичинесинин чоңдугу фасольдой (ноядай) келет, бирок даамы абдан ачуу, курч жана куйкалайт. Мындай касиети калемпирдин сортуна жараша болот.

Азыркы кезде кайен калемпир Батыш Африканын кээ бир областтары, Мексика, Бразилия, Колумбия, Калифорния, Гвиана, Вьетнам, АКШ, Индия, Индонезия өндүрөт. Башка өлкөлөрдө да көбүнчө үйдө, балкондо өстүрүлөт.

Калемпирдин ичиндеги тосмолордо капсаицин деген алкалоид бар. Ал калемпирге куйкалап туруучу касиетти берет. Бирок кээ бир түрлөрүнүн назик керемет даамы болот. Пряность (тамакка кошулма) катары жаңы үзүлгөнү же кургатылган жаш калемпир колдонулат. «Кайен калемпири» аттуу кошулманын курамына кайен калемпирдин күкүмү, жанчылаган сарымсак, күрөң чай чөп, чеге гүл кирет. Тамак өнөр жайында бул калемпир эт, балык, жашылчаларды, колбасаны консервалоодо пайдаланылат. Көп өлчөмдө «Табаско» соосун жасоодо колдонулат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Каз таман

Каз таман (Герань розовая, Пеларгоний Pelargonium roseum)

Көп жылдык дайыма жашыл болуп туруучу бадал, анын бийиктиги 150-200 см. Өсүмдүктүн чөбү абдан күчтүү жагымдуу жыт берет. Сабагы түз, бутактуу, төмөн жагы жыгачтанып турат. Жалбырактары кезектүү, саптуу, жумуртка сымал, негизи жүрөккө окшойт, беш-жети бөлүктөрү бар; жалбырактарынын бети бүртүк, чоң тиштүү, канаттай бөлүнгөн, жалбырак саптары жоон, узундугу 3-8 см. Гүлдөрү туура эмес, кыска гүл сабында 2-12 ден жайгашат, алар жөнөкөй чатырчага чогулган. Гүлү беш жалбыракчадан түзүлөт, мала кызыл, узундугу 2 см-ге жакын, эки жогорку гүл жалбыракчасы чоңураак ачык кызыл сүрөтү бар. Аталыгы 10 мөмөсү 5 кургак бир уруктуу мөмөлөрдөн турат, бышканда спиралдашкан чачысы кошулат. Культурада гана өстүрүлөт. Өсүмдүктүн гибриддери көп.

Каз тамандын чөбүндө 0,1-0,2% эфир майы бар, ал негизинен жалбырактарында топтолгон (0,25-0,3%). Каз тамандын майы – жашылыраак же күрөңүрөөк жагымдуу розанын жытына окшош жыты болот. Каз тамандын майынын негизги составдык бөлүмү – цитронеллол жана гераннол (алардын катышы 3:1) андан тышкары линалоол (10-12%), ментол (3-4%), терпен жана сесквитерпен углеводороддор менен спирттер, валериан, тиглин жана уксус кычкылдары бар.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Ичке жалбырактуу кипрей

Ичке жалбырактуу кипрей (Кипрей узколистный, Chamerion angustifolium)

Кипрей уруусунан – Onagraceae.

Көп жылдык чөп өсүмдүгү. Тамыр сабыгы жоон, сойломо; вертикалдуу жана горизонталдуу тамырларында көптөгөн кошумча бүчүрлөр пайда болуп, тез вегетативдик көбөйүүгө түрткү берет. Бутагы түз, бийиктиги 50-150 (200) см, тегерек, жөнөкөй, жылаңач, жалбырагы жыш болот. Жалбырактары кезектүү сапсыз, кээде абдан кыска саптары болот; түз ланцеттей, учу ичке, түбү тегерек. Чети майда тишчелүү же бүтүн, үстүңкү бети кочкул жашыл, жаркыраган, асты көк-жашыл, кызыл, жаркыраган, асты көк-жашыл, кызыл, кээде мала кызыл. Топ гүлү –чачы. Мөмөсү – бир аз кыйшыйган, кутуча. Уруктары жылаңач, сүйрү, үстүңкү бетинде узун, ичке, ак чачтары бар. Июль-сентябрда гүлдөйт. Мөмөлөрү август-сентябрда бышат.

Кумдуу жерлерде, ачык токойлордо, темир жолдун четинде, талаада өсөт. Бардык жерде таралган. Тамырлары менен жалбырактарында 10-20% ийлөө заттары, 0,4%-ке жакын аскорбин кычкылы, каротин, канттар, пектин заттары, былжырлар, алколоиддер; уруктарында – 40-45% май бар. Богонтонгонго чейин чөбүндө 20% белок, фосфор, калий, кальций, кобальт туздары, 15%ке чейин былжырлар топтолот.

Элдик медицинада өсүмдүктүн жалбырактары менен гүлдөгөн бөлүктөрү жараатты айыктырууга, отитте, ангинада, карын жана он эки эли ичегинин жара оорусунда, шакыйда, сеп алдырма дары катары колдонулуп келген.

Өсүмдүктү мал жакшы жейт. Бал өндүрүүдө нектарындагы глюкоза менен фруктоза көп болгондуктан, аш абдан баалуу өсүмдүк. Андан чыккан бал тунук, жашылыраак түстө, назик даамдуу. Кооз өсүмдүк, жолдордун четинде өстүрсө жарайт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Имбирь

Имбирь (Имбирь, Zingiber officinale)

Имбирь уруусу

Көп жылдык тамыр сабактуу өсүмдүк. Анын бардык вегетативдүү органдарында өсүмдүктөрдүн өсүүгө байланыштуу функцияларды аткарган, органдары: жалбырак, сабак жана тамыр, ошондой эле уруктарныда өзүнө гана таандык жыты болгон эфир майы бар. Тамыр-сабагы жоон, эки катар түрпү сымал жалбырактар кучагы (жука жана жазы келип сабакты аздыр-көптүр каптап турган жалбырак сабы) менен капталган. Тамыр сабагынын ар бир муун аралыктарында (тамырдын бир муунунан экинчи муунуна чейинки бөлүгү) көмөкчү тамырларлары болот. Жер үстүндөгү өркүнүндөгү сабак кыска, жоонураак муун аралыктары абдан жакын. Анда бир-бирине тыгыз келген кезектүү сапсыз жалбырактар жайгашкан. Жалбырак пластинкалары ланцеттей узун. Гүлдөрү жогорку тон гүлүндө. Алар жыпар жыттуу, кооз болсо да, көп жашабайт. Мөмөсү – кутуча. Уруктары бир нече кыры бар, овалдуу, кабыгы катуу. Түштүк Азиядан келип чыккан. Имбир байыртадан эле бери Индияда өстүрүлгөн. Азыркы кезде дүйнөнүн бардык тропика өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Нигерия, Малайзия, Япония, Кытай, Батыш Индия, Бразиялияда көп өндүрүлөт.

Кургак тамыр сабагында эфир майы (1-3,5%), крахмал, чайырлар, канттар бар. Эфир майынын негизги составдын бөлүгү – цинеол жана цингиберол. Алардын тышкары линалоол, гераниол жана башка бирикмелер бар. Чайырлуу бөлүгүндөгү цингероль кетондордун – цингерон жана шогаолдун кошундусу , алардын даамы абдан курч келет.

Имбирдин жыты жагымдуу, даамы керемет курч. Анын тамыр сабагы кургатылган, жанчылган, кантка кошулган же сиропто консерваланган түрүндө пайдаланылат.

Ошондой эле имбирдин спирттүү экстракты белгилүү. Анда учма жыпар жыттуу эфир майы менен күчтүү чайырлуу заттар бар. Имбирь кулинарияда, нан бышыруу, кондитер өндүрүшүндө, ошондой эле ар кандай керемет даамдуу соустар, пиво, ликер (мисалы, «Бенедиктин» чыгарууда колдонулат. Ар түрдүү тамак-аштарга кошкондо, ал аларга жагымдуу сонун даамды берет. Туз менен аралаштырып этке, балыкка, тоок этине, өзгөчө өрдөктүн этине өзгөчө даам кошот. Имбирь карын зилинин пайда болушун күчөтөт, тамак сиңирүүнү оңолтот.

Имбирь тамак сиңирүү бузулганда, өзгөчө кусканда, жүрөк айланганда, ич көпкөндө, сийдик жакшы чыкпай калганда, кызыл жүгүрүктө колдонулат. Чыгыш Азиянын элдик медицинасында имбирь баш ооруганда, бронх астмасында берилген. Парфюмерияда чыгыш типтеги композициялар үчүн колдонулган. Имбирь жер-жемиштер менен продуктуларды сактоо үчүн пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Дары кашка беде

Дары кашка беде (Донник лекарственный, Melilotus officinalis)

Чанактуулар уруусу – Fabaceae

Эки жылдык чөп өсүмдүгү. Тамыры агыш, жайылган. Сабагы түз, узундугу 50-250 см, жогорку жагы түктүү. См КСЭ. Жалбырактары кезектүү, сабактуу, үч эселенген, жан жан жалбырактары ланцет сымал, учтуу, толук, кээде 1-2 тиши болот. Гүлдөрүнүн узундугу 5-7 мм, колтук чачыларга чогулган гүл сабагы узун болот. Чөйчөкчөсү жарымына чейин сүйрү – ланцеттүү бөлүктөргө кесилген. Тажычасы сары. Желекчелери канаттарындай эле. Мөмөсү – жумуртка сымал, боз, туурасынан бырыш болгон жылаңач, бир же эки уруктуу чанак, узундугу 3-4 мм, шибегедей учтуу. Уругу – жашыл –сары, узундугу 1,8-2,2 мм. Июн-сентябрда гүлдөйт. Мөмөлөрү августта бышат. жерлерде кездешет.

Чөбүндө кумарин, мелилотин, дикумарин, гликозиддер, былжырлар, ийлөө, белок заттыры, эфир майлары, витаминдер (С витамини, токоферол, каротин); жалбырактарында мелилот кычкылы, майга окшош зат – мелилотол, ошондуктан өсүмдүк өзгөчө жыттанып турат.

Байыртадан бери эле кашка беде жем жыпар жыттуу катары белгилүү болгон.

Жалбырактары жашыл сыр жасоодо колдонулган. Чөбү (өзгөчө гүлдөгөн кезде) – ачуу арактарды, настойкаларды, пивону даярдоодо, ошондой эле жыпар жыттуу болгондуктан тамеки, махоркага, самынга жыт берүү үчүн, парфюмерия жана арак-ликер өндүрүшүндө жытты фиксациялоо үчүн пайдаланылат. Жаш, жоон тамырлары кууруган жана быжырылган түрдө желет. Гүлдөрү менен жалбырактарын салатка, сорпого, компотко кошсо жакшы.

Кашка беде какырык чыгаруучу касиетке ээ. Анда дикумарин болгондуктан ал кан уюууганга каршы таасир этет. Ошондуктан ал тромбофлебитте сунушталат. Кашка бедедеги кумарин лейкоциттерди көбөйтүүгө түрткү берет, кан жүрүүнү жакшыртат. Чоң өлчөмдө уулу келет.

Элдик медицинада кашка беде какырык чыгаруучу каражат катары колдонулат. Ошондой эле ал ич көпкөндө, гипертония оорусунда, неврастенияда берилет.

Кашка беде – баалуу жем болот. Ал силостогонго жарайт. Өсүп жатканда аны мал жакшы жебейт, себеби анда кумарин көп. Францияда өсүмдүк боек катары пайдаланылат. Нектары көп болгонунан, ал илгээртен бери белгилүү. Кашка беденин нектарын аарылар түссүз таттуу балга, момдун түсүнө окшогон чаңчага айлантат. Ошондуктан кашка бедени бал челек жакын учатокторго айдар өстүрүлөт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Грейпфрут

Грейпфрут (Грейпфрут, Citrus paradisi)

Рута уруусунан – Rutaceae

Бийиктиги 200-500 см болгон куска өскөн дарак. Ага бүрүшкөн жалбырактар менен мөмөлөрүнүн өзгөчө тиби мүнөздүү. Энелиги – көп жалбыракчалуу. Мөмөсү – көп уялуу жемиш. Эттүү сырткы мөмө коргонунда эфир майы толгон көптөгөн бездер бар. Ички мөмө коргону ак, губка сымал. Жумшак нерсеси мөмө жалбыракчаларынын керегесинен чыккан ширелүү веретенообразных отростков турат. Уругунда бир нече түйүлдүгү болот.

Түштүк жана Түндүк Америка, Түндүк Африка, Түштүк Европада жана Орто Деңиздин аймактарында өсөт.

Мөмөлөрдүн курамына канттар (7%ке чейин), лимон кычкылы жана башка органикалык кычкылдар (3%ке чейин), минералдык туздар, пектин заттары, норингин гликозиди, витаминдер – аскорбин кычкылы, рутин, каротин кирет. Кабыгында 1-2% эфир майы бар.

Грейпфруттун мөмөсү – жакшы витаминдүү продукт. Мөмөлөрү менен ширесинен кыям, ликерлор, мөмөлөрдүн кабыгынан цукат жана пектин менен эфир майы алынат. Грейпфрут тамакка мейил тарттырат, тамак сиңирүүгө түрткү берет, боордун функциялык бузулууларын жоготот, тонусту жогорулатат жана жогорулаган артериялык кан басымды төмөндөтөт.

Керемет даамы болгондугунан аны жемиш салаттарын, түрдүү кондитерлик нандарды, балыктан, куш этинен даярдалган тамак-аштарга кошууга пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Жалган кычы

Жалган кычы (Горчица сарептская, Brassica juncea)

Бийиктиги 50-150 см болгон бир жылдык өсүмдүк, түбүнөн тартып бутактанат, ылдый жагында бир аз түптөрү бар тамыры жоон. Тамырынын үстүндөгү жалбырактар сабтуу, чоң, жогоркулары – сапсыз, бүтүн, түсү ачык жашыл. Гүлдөрү ачык сары, майда. Гүл коргону жалпак, саадактын учу шибегедей, ал саадактын узундугун ¼ бөлүнүп түзөт. Ал ачылганда ажырап түшүүчү эки капкакчадан жана уруктар жайгашкан ортоңку тоскоолдон турат. Уруктары майда, кара. Май-июлда гүлдөйт. Мөмөсү августта бышат.

Индия, Кытай, ИндоКытай, Кичи Азия, Түндүк Африкада өстүрүлөт. Россия, Казакстан, Белоруссия, Түндүк Кавказда маанилүү айыл-чарба культурасы болуп эсептелет.

Уруктарында 1,17-2,89 % эфир майы бар. Анын курамына аллилгорчица майы (40%-ке чейин) жана кротонилгорчица майы, ошондой эле диметилсульфиддин изи, 20-49% жогорку сапаттагы горчица майы кирет. Анын курамына олеин, линолен, арахис, пальмитин, линоль ж.б. кычкылдар кирет. Бул майдын даамы күн карамай майына салыштырганда жакшы келет. Уруктарында синигрин гликозиди жана фермент мирозин бар. Мирозин ферменти суу чөйрөсүндө жана температура таасир эткенде гликозид глюкозага, калий сульфитине жана эфирлүү горчица майына ажырайт. Сарепт жалган кычынын жалбырагында 0,056% С витамини, 0,2% кальций ж.б. заттар болот. Жалган кычынын майы таман, парфюмер өнөр жайында колдонулат. Камырга кошулат, консерваларды жасоодо пайдаланылат. Жанчылган уруктарынын күкүмү тамак-ашка кошконго, жашылчаларды, балыкты туздаганга колдонулат. Жалган кычы тамакка мейил тарттыруу менен бирге, карындын зил болуп чыгаруу функциясын жакшыртат. Ашканада пайдаланылуучу горчица балыктан, эттен, жашылчадан бышырылган тамак-аштарга кошулат.

Майсыздандырылган уруктарын жанчып алынган күкүмү чорчичниктерди жасоодо пайдаланылат. Горчичниктер медицинада жылытуучу каражат катары колдонулат. Аларды териге чаптаганда ошол жердин кан айлануусу оңолот. Мисалы, аны гипертония кризинде, стенокардияда жакшы жардам берет.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Ваниль

Ваниль (Ваниль душистая, Vanila fragrans Ames)

Аралалар уруусунан – Orchidaceae.

Дарактарга бийик жетип чыгаруучу чөптүү сабагы болгон лиана. Анын көптөгөн абалык тамырлары болот. Жалбырактары жашыл же сары жашыл, узунга – эллипс сымал жана шакектей, ширелүү. Гүлдөрү чачыга чогулган, саргыч – жашыл, туура эмес, түштөн кийин гана ачылат. Гүл коргону беш сүйрүү жалбырактан турат, алтынчысы эринди пайда кылат, ал түтүктөй болуп аталык жана энеликти өзүндө кармайт, ал болсо чаңдашууну кыйындатат. Чаңдашууну жергиликтүү көпөлөктөр жүргүзөт. Мөмөсү узарган ичке цилиндр сымал үч бурчтуу кутуча, узундугу – 10-30 см. Чыккан өлкөсү – Мексиканын токойлору. Тропик райондордо (Мадагаскар, Занзибар, Ява, Шри-Ланка ж.б.) культурада өстүрүлөт. Ацтектерде алардын территориясын испандыктар басып алганча ваниль баалуу жыпар жыттуу өсүмдүк болгон. Испандыктарда алар ваниль менен төлөмдөрдү жүргүзгөн, ошол үчүн ваниль Европага келген.

Ванилдин чийки мөмөсү жыттанбайт. Бир нече жума ванилдин мөмөлөрү ферментацияга учураганда алардын түсү кара-күрөңгө айланат жана жыт пайда болот. Мөмөлөрүндө глюкованилин деген гликозид, эфир майы (0,5-0,8%), былжырлуу жана ийлөө заттар бар. Ферментация болгондо глюкованилин ванилин жана глюкозага ажырайт. Ванилдин негизги ароматтык заты – ванилин 4 – окси- 3 – метоксибензальдегид. Анын өлчөмү 0,75-2,9%-ке чейин). Ваниль – дүйнөлүк маанидеги пряность. Ванилдин даамы керемет, ачуу-ароматтык, ароматтуу, таттуурак, сергиткич. Ванилди таттуу тамактарга жыпар жыт берүү үчүн кондитерлик өндүрүштө, кулинарияда, суусундуктарды, ликерлорду даярдоодо, ошондой эле парфюмерияда колдонулат.

Элдик медицинада ваниль эт ысыганда, диспепсияда, нерв системасынын бузудууларында, уйку басканда колдонулган. Булчуңдардын иштешин күчөтүүчү каражат катары абдан бааланат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Бийик сарындыз

Бийик сарындыз (Девясил высокий, Inula helemium)

Астралар уруусунан – Asteraceae.

Бийиктиги 100-175 см болгон көп жылдык өсүмдүк. Тамыр сабагы эттүү, жоон, андан көптөгөн жоон тамырлар чыгат. Тамыр сабактары менен тамырлары күрөң, ичи – саргыч. Бутагы түз, кырдуу, кыска. Коюу ак чачылар менен капталган. Жалбырактары кезектүү, чоң, туура эмес тиштүү, астыңкы бети – баркыттай – боз жүндүү; тамыр жалбыракчалары саптуу, эллипс сымал же узун, жумуртка сымал. Гүл топтору – диаметри 6-7 см болгон корзинкадай топ гүл, бирден сабактын, бутактардын учуна жайгашкан, бириккенде чачы же калканчаны пайда кылат. Оролгон жалбыракчалары черепицадай жайгашкан; ичкиси – жука кабыктай, түз, жылма, ортоңкуларынын учу жазылган; сырткысы – жумуртка сымал, боз жүндөй, майда жалбырактарды элестетет. Гүлдөрү сары, гүл чөйчөкчөсүнүн кир болгон ак чачтар; четкилери – энеликтер, ортоңкусу – эки жыныстуу, түтүктөй, 5 тишчелери бар. Аталыгы 5, чаңдыгы түтүк болуп мамычаны (энеликтин мөмөлүгү менен чаңалгычынын ортосундагы бөлүгү) айланта бекилген.

Энелик бир уялуу астыңкы мөмөлүк, узун ичке мамычасы жана эки туз чаңылгычы бар. Мөмөсү – сүйрү, төрт бурчтуу күрөң урукча, анын чачысы узундугунан эки эсе ашат. Июль –сентябрде гүлдөйт. Мөмөсү август-октябрда бышат. Ийне жалбырактуу, аралаш токойлордо, бадалдарда, тоо этектеринде, талаада, суунун, көллюлөрдүн жээгинде, тоодон аккан суулардын жээгинде өсөт. Негизинен Кавказ, Орто Азия, Сибирде, Украинада жайылган.

Тамыр сабагы менен тамырында инулин (44%-ке чейин) жана башка полисахариддер, ачуу заттар, сапониндер, геленин бар. Эфир майынын курамына аллантолактон проазулен кирет. Жалбырактарында флавоноиддер, витаминдер (С витамини, тоноферол), ачуу заттар, уругунда 20%-ке жакын өсүмдүк майы болот.

Байыртадан бери эле сарындыз дары өсүмдүк катары белгилүү болуп келген. Ал жүрөк, өпкө ооруларында какырык чыгаруучу жана сийдик айдама максатында колдонулган. Тамыр жана тамыр сабагындагы эфир майы балык, кулинариялык, тамак-аштарды ароматташтыруу үчүн пайдаланылат. Эфир майы бактерияларды өлтүрүүчү, өзгөчө оору козгоочу грибокторду өлтүрүүчү касиетке ээ.

Ар кайсы өлкөлөрдүн медицинасында сарындыз бронхитте жөтөлгө каршы, карын жана он эки эли ичегинин жарасында, гастритте, гастроэнтеритте сезгенүүгө каршы таасир этүү максатында колдонулат. Кант диабетинде, геморройдо, боор жана өт жолдору сезгенгенде да жардам берет. Мындан тышкары, кан агууну токтотот, тери ооруларында, тахикардияда колдонулат. Тамырын киного чылап гипоациддүү гастритте (карын зилинин чыгуусу начарлаганда) берсе жарайт.

Тамырларынан көк боек чыгарылат. Казактардын элдик ветеринариясында аттарды сап оорусун дарылоодо колдонулат. Сарындыз парктарды, жолдор, темир жолдордун четтерин кооздоого өстүрүлөт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: