Фитотерапия и лекарственные травы

Фитотерапия и лекарственные травы

Книги и статьи

Шалбаа уй бедеси

Шалбаа уй бедеси (Клевер луговой, Trifolum pratense)

Чанактуулар уруусу –Fabaceae

Эки –же көп жылдык бийиктиги 15-60см болгон чөп өсүмдүгү. Бутактары жөнөкөй, чачы каптаган. Жалбырактары үчүлүк татаал (башкы жалбырак сабагында үч каптал жалбыракчалары), кенен жумуртка сымал, майда тишчелүү бөлүкчөлөрү бар. Гүлдөрү майда, мала кызыл, ачык кызыл. Беденин топ гүлүнүн башкы гүл сабы жана анда жайгашкан татаал гүлдөрдүн гүл саптары да кыска. Мөмөсү – жумуртка сымал бир уруктуу чанак. Июнь-сентябрде гүлдөйт. Мөмөсү август-октябрде бышат.

Шалбааларда, токойлордо, талааларда жана жолдордун четинде өсөт.

Анын жашыл массасында эфир жана өсүмдүк майы, ийлөө заттары, трифолин, изотрифолин гликозиддери, органикалык кычкылдар, флавондор, чайырлар, витаминдер (аскорбин кычкылы, тиамин, рибофлавин, каротин, токоферол) бар. Тамырында чөбүн чаап алгандан кийин көп азот топтолот. Гүлдөрүндөгү эфир майы 0,03%-ке жетет. Анын курамына фурфурол, кумарин кирет. Уругунда 12% кургай турган май табылган. Чөбү менен гүлдөрүндө флавондор, флавонолдор (кемпферол, кверцетин) бар.

Илгээртен бери эле шалбаа уй бедеси дары ванна менен дары чай катары пайдаланылып келген. Жалбырактарынан жыпар жыттуу концентраттар алынат. Эфир майы ароматтык композициялар түрүндө колдонулат. Кургатылган жанчылган жалбырактары нан бышырганда, соус, сыр даярдаганда пайдаланылат. Кавказда гүл башчысын капустага окшоп туздап, жашыл салаттарга кошот. Беде абдан баалуу тоют болуп эсептелет.

Уй беденин 100 г чөбүндө 52,2 тоют бирдиги (азыктануу боюнча орто сапаттуу сулуунун 1 кг данына туура келген тоюттун саны) болот. Өсүмдүк жашыл тоют үчүн, чөп камдоого, сенажга, силоско кеңири пайдаланылат. Тамырында топтолгон азот топурак айдалгандан кийин талаалардын түшүмдүүлүгүнө түрткү берет. Тоют өсүмдүгү катары кенен өстүрүлөт.

Элдик медицинада какырык чыгаруу үчүн, ичеги-карын ооруларында сезгенүүгө каршы; сыздоок чыкканда, күйүк болгондо компресс түрүндө колдонулат. Топ гүлдөрү атеросклероздо чай катары ичүүгө сунушталат. Шалбаа уй бедесинин балы жакшы сортторго кирет.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Чеге гүл

Чеге гүл (Гвоздика, Syzygium aromaticum)

Мирттер уруусунан

Дайыма жашыл болуп туруучу тропикалык дарак. Бийиктиги 10-12 м, кооз пирамидалдык чокусу болот. Каптал жалбыракчалары башка жалбырак саптын эки капталына бир-бирине тушташ болуп жайгашат. Алар кенен, ланцет сымал, бүтүн кырдуу жалбырак, кочкул жашыл, кыртыштуу, жаркыраган, үстүңкү бетинде ачык чекиттер болот – эфир майлары топтолуучу жерлер. Топ гүлдөрү учунда, татаал жарым чатырдай. Гүл жайгашкычтары ачык кызыл цилиндр сымал. Алардын чокусунда 4 майда кызыл чөйчөкчө,4 мала кызыл гүл жалбыракчасы, ачылганда жарым шарга окшогон колпачокко окшоп түшөт; аталыктары көп, мөмөлүгү астыңкы (гүлдүн калган бөлүктөрүнүн негиздери менен биригип өспөстөн алардан жогорураакта эркин жайгашкан мөмөлүк). Мөмөсү – жумуртка сымал жалган жемиш. Анда крахмалга бай келген 1 урук болот. Тропика өлкөлөрүндө өстүрүлөт: Африканын чыгыш жээктериндеги аралдарда (Занзибар ж..б.), Антиль аралдары (Ямайка ж.б.), Бразилияда. Өлкөсү – Түштүк-Чыгыш Азиядагы Молук ж.б. аралдар.

Ачыла элек гүлдүн богоктору (гүл бүчүрү) жыйналат. Кургатканда алардын кызыл түсү кочкул күрөңгө айланат. Богоктун формасы гвоздь окшош, анын аты ошондон чыгат.

Узундугу 1-1,5 см, жыпар жыты буркурап турат, даамы жгучий, жагымдуу, бутондордон тышкары гвоздиканын мөмөсү да терилет. Аларды бышканда чогултат. Жыты, даамы богокторундай эле. Богокторунда эфир майы (17-20%), ийлөө заттары (20%), былжырлар, майлар бар. Эфир майынын негизги курамын эвгенол түзөт (85%), дагы анын курамына кариофилен, ацетилэвгенол (3%), сексвитерпендер кирет. Гвоздика керемет даамдуу жана жыпар жыттуу өсүмдүк катары байыртан бери белгилүү. Даамы күчтүү, жагымдуу. Дары катары да, тамакка кошулма катары да колдонулат. Ачуу ликерлорду, кино кошулган ысык суусундарды, жемиш ширелерди, компотторду даярдоодо колдонулат. Консерваланган жашылча жана жемиштерге кошулат. Тамак-аш даярдоодо да кеңири пайдаланылат. Гвоздика майы стоматологияда да кеңири колдонулат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Сары чай чөп

Сары чай чөп (Зверобой продырявленный, Hypericum perforatum)

Сары чай чөптөр уруусунан – Hyperiaceae (проверить guttiferae)

Бийиктиги 30-100 см, чөп сабагы жылаңач, ичке бутактанган тамыр сабагы жана абдан бутактанган түз тамыры болгон көп жылдык өсүмдүк. Сабагы жылма, тегерек, капталында эки канаты бар, үстүңкү жагы бутактанган. Жалбырактары кезектүү эллипс сымал же сүйрү, жумуртка сымал, отурган узундугу 1-3см-ге жакын, анда көптөгөн көрүнүп турган ачык жана кара бездери бар. Топ гүлдөрү жазы шыпыргыдай, гүлдөрү алтын сымал, сары. Чөйчөкчөсү бешке бөлүнгөн; анын жалбыракчалары ланцеттей же учтуу. Гүл коргону беш желектүү, алтын-сары, гүл жалбыракчаларынын узундугу 15 см, сүйрү-эллипс сымал, тиштүү. Чөйчөкчөсүндө да сейрек кара бездер жолугат. Ошондой эле желекчелери да бездер менен капталган, желекчелеринин четинде алар кара чектиттей, четинде ачык чекиттей, штрих же сызыктай болот. Аталыктары көп, жипчелеринин түбүндө үч боочого айланат. Энелигинин жогорку жагында жумуртка сымал үч уялуу түйүлдүгү жана үч мамычасы бар. Мөмөсү – үч уялуу көп уруктуу кутуча, анда туура кеткен бездүү издер бар. Кутуча ачылма. Уруктары майда, узундугу 1 мм, сүйрү, кара күрөң, майда уялуу. Июнь-августта гүлдөйт. Мөмөлөрү август-сентябрда бышат. Кургак жерлерде, бадалдардын арасында, талаанын четинде көп өсөт.

Бардык аймактарда (Кавказда, Украинада, Россияда, Кыргызстанда, Сибирде) таралган. Запасы көп. Гүлдөгөн мезгилдеги чөбүндө ийлөө заттары (10-12%), холин, гиперицин гликозиди, антоциандар, сапониндер, эфир майы, витаминдер, каротин, флавоноиддер (кверцитрин, рутин, гиерозид ж.б.) бар. Эфир майынын курамына пинен, цинеол, мирцен, ошондой эле, изовалериан кычкылы кирет.

Гүлдөгөн чөбү суусундарды ароматташтыруу үчүн ликер-арак өнөр жайында настойка жана ачуу арактарды өндүрүп чыгарууда, жалбырактары чай катары пайдаланылат.

Өсүмдүктүн фитонциддик касиеттери бар. Жалбырактары жана сабактарынын жыты менен даамы жагымдуу болгондуктан, аны балык туздаганда, балыкты куурганда колдонсо жакшы.

Сарый чай чөп эзелтен бери дары чөп катары белгилүү жана азыркы кезде көпчүлүк өлкөлөрдүн медицинасында кеңири колдонулат. Гүлдөгөн кездеги чөбү ийлөөчү жана антисептикалык каражат катары өнөкөт жана катуу кармаган колитте, гастритте пайдаланылат. Тундурмасы менен стоматит, гингивитте оозду чайкаш жакшы. Сары чай чөптөн чыгарылган препараттар жарааттарды, абсцесстерди, балдарды оозул болгонунда колдонулат. Жакшы ашаткыч; нектары көп, аарылар көп келет.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Саптуу эмен

Саптуу эмен (Дуб черешчатый, Quersus robur)

Эмендер уруусунан – Fagaceae

Бийиктиги 40 м-ге чейин жеткен, шагы жайылган дарак. Жаш бутактарынын кабыгы жылма, түсү – күрөңүрөөк, кийинчерээк күмүштөй боз. Жалбырактар сабактардын учунда жакындашкан, саптары кыска, жылаңач, тескери жумуртка сымал, айчыктуу, цельнокрайний, тупой КСЭ? Гүлдөрү эки жыныстуу, энеликтери – 1-3, узун гүл сабында жайгашат; аталыктары – салаңдаган сейрек сөйкөлөрүндө. Мөмөсү – жумуртка сымал желудь, (к.КСЭ) кара күрөң саргыч. Май айында гүлдөйт. Мөмөсү сентябрда бышат. Токойлордо кездешет. Парктарда, бактарда өстүрүлөт.

Өсүмдүктүн бардык бөлүктөрүндө ийлөө (ашаткыч) заттар бар. Алар көбүнчө жаш кабыктарында топтолот (20%-ке чеийн), сөңгөгүндө (4-6%). Кабагында органикалык кычкылдар (галл жана Эллаг), флавоноиддер; желуддарына – таниндер (40%-ке чейин), крахмал, белоктуу заттар), углеводдор, 5%-ке чейин өсүмдүк майы; жалбырактарында – пигменттер, флавоноиддер (кверцетин менен кверцитрин) ашаткыч заттар, С витамини; жалбырак галлдарында 30%-ке жакын ашаткыч заттар; жалбырак менен кабыгында тритерпеноиддер (тераксерол, глютина).

Эмендин жалбырактары жыпар жыттуу болгондуктан, аны бадыраңдарды туздаганда пайдаланылат. Эмендин ийлөөчү экстракты заманбап кезиндеги тери ашаткыч өндүрүштө пайдаланылат. Көпчүлүк экстракттар сөңгөгүнөн алынат – тактары иштетүү өндүрүштөн. Эмендин сөңгөгү өзгөчө вино, конъяк бочкаларды жасаганда пайдаланылат.

Эмендин сөңгөгүндөгү ийлөөчү заттар (таниндер) суусундуктарга өзгөчө даам менен аромат берет. Желуддардан кофенин сурогаты чыгарылат. Желуддар жапайы айбандар үчүн сонун жем болот. Аларды чочко семиртүү үчүн да пайдаланат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Настурция

Настурция (Настурция, кануцин большой, Trapaeolum majus)

Настурция уруусунан – Trapaeolaceae

Бир жылдык өсүмдүк. Сабагы эттүү, абдан көп бутактанган, жылма, ширелүү. Жалбырак саптары узун, жалбырактары бир бирине туура келбейт, тарамыштуу. Гүлдөрү чоң, алдыңкы үч гүл желекчеси пластинкасынын негизинде тармал, кызыл сары, ачык кызыл тилкелери бар, текөөрчөсү (гүлдөрүнүн тажычасындагы ичи көңдөй урчугу) бир аз кыйшыгыраак. Мөмөсү кургак, үч бөлүккө бөлүнөт. Июнда гүлдөйт. Өлкөсү – Түштүк Америка Перудан тартып Жаңы Гренага чейин.

Жалбырактары менен сабактарында аскорбин кычкылы, каротин бар. Уруктарындагы эфир майынын курамына негизинен бензилазотцианат кирет. Настурция илгээртен бери эле кулинарияда колдонулат. Анын жалбырактарынын, гүлдөрүнүн катуу бүчүрлөрүнүн, жетилип быша элек уруктарынын өзгөчө даамы болгондуктан алар эт, жашылча, жумурткадан жасалган. Тамактарга татымал (приправа) катары кошулат. Гүлдөрүнүн бүчүрлөрү менен мөмөлөрүн укроп, уксус кошуп маринад жасалат.

Элдик медицинада аз кандуулукта, териге исиркектер чыкканда, сийдик жолдорунун таш пайда болуу оорусунда настурциянын чөбүнүн суу тундурмасы колдонулган. Ага бал кошуп, ооз көңдөйүнүн былжыр чели сезгенгенде ооздун ичин чайкоого сунушталган. Настурция өтө кооз, жыпар жыттуу. Ал балкондорду, көчөлөрдүн четин, таш каптаган жерлерди кооздо үчүн пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Кардамон

Кардамон (Кардаман, Elettaria cardamorum)

Имбирлер уруусунан

Көп жылдык чөп өсүмдүгү. Тамыр сабагы чоң, ал бир нече бийиктиги 2-3 м болгон чөптүү сабактарды пайда кылат. Жалбырактары жазы ланцеттей, узун (60см-ге чейин). Топ гүлү – узун чачы. Гүлдөрү кооз, ак гүл коргону, чети саргыч ак эрини бар. Мөмөсү – кутуча.

Түштүк Индиянын кымдуу токойлорунда өсөт. Индиядан башка Шри-Ланка жана башка тропика өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кээде отоо өсүмдүгү катары жайылган. Мөмөлөрү быша электе жыйналат. Кургак кутучаларынын узундугу 1- см-ге чейин, ачык саргыч түстө, овалдуу, уч кырдуу, даамы, жыты жок, тез сынат, жыгачтай, анда 20-га жакын уругу бар. Уруктарынын узундугу 4 мм-ге чейин, туурасы – 3 мм, бырыш, кара күрөң түстө. Мөмөлөрүнүн эфир майы учуп кетпес үчүн кутучасын бузбай сактайт. Уругунда 3,5-8% эфир майы, крахмал, май, кальций оксалаты бар. Майында лимонен, терпинеол, борнеол, цинеол ж.б. бар.

Кардамондун даамы керемет, жыпар жыттуу, күйгүзгөндөй. Кургатылган мөмөлөрү кара кофе менен чайды ароматташтырууга, нан, колбаса, маринаддарды, татымалдарды жасоодо жасоодо колдонулат. «Кэрри» аттуу тамылдын курамына кирет. Эфир майы ликер, консерва, тамеки, медицина өнөр жайларында керектейт. Байыркы Греция, Римде жана орто кылымдагы Европада медицинада тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн, Шакыйда, ич көпкөндө колдонулуп келген. Азыркы кезде көпчүлүк өлкөлөрдө кардамон астмада, шакыйда, тамак сиңирүүнү жакшыртуу, же чыгаруу үчүн колдонулат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Күрөң чай чөп

Күрөң чай чөп (Душица обыкновенная, Origanum vulgare)

Эрин гүлдүүлөр уруусунан — …

Көп жылдык өсүмдүк. Тамыр сабагы бутактанган, кыйшык, сойломо. Бутагы түз, төрт бурчтуу, бутактанган, бийиктиги 30-90 см, түрпү баскан. Жалбырактары кезектүү, саптуу, сүйрү-жумуртка сымал, цельнокрайние, неясно зубчатые, чокусу учтуу. Үстүңкү бети күңүрт жашыл, астыңкысы боз, жашылыраак, узундугу 1-4 см. Гүлдөрү сүйрү-овалдуу машакчаны түзөт. Алар көптөгөн калканчаларды пайда кылып, андан шыпыргыдай чоң топ гүл түзүлөт. Түсү кызгылт, мала кызыл, кээде ак майда, алардын четинде кызгылт гүл жан жалбырагы болот. Тажычасы – эки эриндүү. Мөмөсү төрт кургак тегерек күрөң жаңгакчадан пайда болот. Июндан сентябрга чейин гүлдөйт. Мөмөсү августтан баштап эле бышат.

Талаада, бадалдын арасында, кургак токойлордо, таштуу ачык жерлерде, тоонун этектеринде өсөт. Бардык аймакта таралган.

Өсүмдүктүн чөбүндө гүлдөгөн мезгилинде 20%ке жакын ийлөө заттары, ачуу заттар, С витамини, эфир май (0,5-1,5%), анын курамына 20-45% тимол, карвакрол, сексвитерпендер, геранилацетат, боегуч заттар, уругунда 30%ке жакын кургап калуучу май кирет. Тимол күрөң чай чөптүн өзүнө гана таандык жытын берет.

Жаңы гүлдөгөндө жайналган чөбү (кургак же жаңы терилгенде) тамакка керемет кошунду катары «орегана» деген ат менен дүйнөгө белгилүү. Күрөң чай чөптүн ароматтын компоненти абдан күчтүү, ал майорна жана тимьянга жакын. Даамы назик, бир аз камаштырат, ачуураак. Күрөң чай чөп өзгөчө Италия, Мексика, Испан кухняларында популярдуу.

Алар тамак даярдоодо аны кеңири пайдаланылат. Күрөң чай чөп винонун өзгөчө сортун (вермуттун) даярдаганда колдонулат. Керемет даамдуу жана жыпар жыттуу сырьену бек айнек банкада сактаганда күрөң чай чөп өзүнүн үч жыл ичинде өзгөртпөйт. Дарылоо максатында күрөң чай чөп жана андан алынган эфир майы тиш ооруганда жардам берет. Гүлдөрүн чайнаса эле тиштин ооруганы басылат. Күрөң чай чөп тамак сиңирүүнү жакшыртууга, тамакка мейил тартууга, ичеги начар иштегенде, дем алуу органдардын сезгенишинде, атеросклероздо, кан басымы жогорулаганда, заара айдама, тердетүүчү каражаты катары кеңири колдонулат.

Күрөң чай чөп нектары көп болгондуктан, аны бал челекчелер абдан баалайт. Күрөң чай чөп парфюмерия өндүрүшүндө самындын жытын оңолтууга кошот. Чөбүндө боегуч заттар болгондуктан, ал боек катары кээде колдонулат. Гүлдөрү менен кочкул сары-кызыл түскө жүн боелот. Чөбүнө темир купоросу кошулса – кара түс берет. Инсектицид катары кийимди күбөдөн сактоо үчүн пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Көкөмерен

Көкөмерен, Бунге көкөмерени (Зизифора Бунге, Ziziphora bungeina)

уруулары – Lamiaceae

Бийиктиги 20–50 см болгон жыты буркураган жарым бадал. Тамыр сабагы жыгачтай, ийри, тамыры да жыгачтай. Сабактары көп, узундугу – 12-30см, катуураак, жөнөкөй же бутактанган, бетинде көптөгөн ийилген кыска артка кеткен чачтары бар. Жалбырактары ичке ланцеттей, ланцеттүү же жумуртка-ланцеттүү, эки жагы тең ичкерет, учундагылары ичке, жалаңач. Жалбырактарында чекиттей бездер болот; саптарын көптөгөн түктөр баскан. Гүл жан жалбырагы сабагындагыларына караганда майдараак. Сабактын же бутактардын учундагы топ гүлдөрү баштуу, көбүнчө жарым шар сымал, рыхловатые, көп гүлдүү эмес; гүл сабактары кыска же узун; чөйчөкчөсү кыска жана ичке, түк баскандыктан буурул, анда көзгө көрүнүп турган чекиттей безчелери бар, анын тиштери учтуу, гүлдөгөн кезде чыгып турат. Тажычасы чөйчөкчөсүнө караганда 1,5 эсе узун, мала кызыл, чөйчөкчөсүнөн үтүк бир аз чыгып турат. Мөмөсү кургак, бир уруктуу төрт жаңгакчадан турат. Июль-августта гүлдөйт.

Таштуу жерлерде, тоонун бетинде, талааларда өсөт. Алтай крайларында, Балхаштын айланасында, Тянь-Шань тоолорунда, Памиро-Алтайда, Копет-Дагда көп таралган.

Өсүмдүктө эфир майы (1,2-2,5%) бар. Анын курамына пулегон, пинен, ментон ж.б. кирет.

Гүлдөгөн кезинде жалбырактары менен гүлдөрүнүн буркураган жыты, керемет даамы бар. Аларды кургаган материалдын арасына салса да жыты, даамы өзгөрүлбөйт. Жалбырактары менен ичке сабактары балык туздагандай пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Коңуз баш

Коңуз баш (Каперсы травянистые, Capparis herbaceae)

Коңуз баштар уруусунан – Capparaceae.

Көп жылдык өсүмдүк. Сабагынын узундугу 150 см-ге чейин жетет. Жалбырактары тегерек, тескери жумуртка сымал же эллипс сымал, тикенектүү жан жалбырактары болот. Гүлдөрүнүн диаметри 5-8 см, алар жалбырак кучагында болуп, желекчелеринин ак, мала кызыл же сары келет. Чөйчөкчөсү менен желекчелери төрттөн. Аталыктары көп. Мөмөлөрүнүн тосмолору толук эмес, көптөгөн уруктары бар. Мөмөсү – эттүү же жемишке окшош кутуча. Гүлдөрдө, жарым гүлдөрдө, тоонун этектеринде, үйлөрдүн тегерегинде өсөт. Өлкөсү – Азия. Испания, Италия, Балкан жарым аралында, Франция, Алжирде өстүрүлөт.

Коңуз баштын тамырында каппориндин аттуу гликозид; кабыгы менен жалбырагында – стахидрин деген гликозид; мөмөсүндө – канттар, ферменттер, стероид сапониндери, май (0,5%), кызыл пигмент, йод, крахмал 5,4%, клетчатка (1,4%), витаминдер – рутин жана аскорбин кычкылы (0,15%-ке чейин), эфир майы, пектин, уруктарында – белоктор, май бар.

«Каперсы» деп атаган маринаддуу бутондор керемет даамдуу деп тамакка кошулат, мөмөлөрүн жөн эле үзүп желет. Илгээри мөмөлөрүн кургатып таттуу болгондуктан кышында кант ордуна колдонулган.

Кавказда өсүмдүктүн жаш бутактары менен богоктордун туздае (Джонджоли) тамакка кошумча жана муздак закуска катары пайдаланат. Туздалган жана маринаддалган коңуз баштар тамакты кычкылыраак кылат. Ошондуктан ал эт-балык тамак-аштарына жакшы даам келтирет. Коңуз баштын абдан сонун сорттору (мисалы, Нонпарейль) дүйнө рыногунда пайда келтирүүсү боюнча жүзүм менен атаандашат.

Коңуз баштын тамыры дарылоо максатында араб медицинасында колдонулуп келген. Элдик медицинада гипертонияда, кызыл жүгүрүктө, невроздордо, бутактары – кант диабетинде колдонулган.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: