Кубат Рахимов: «Темир жол курулса, кытайлар рак шишиги сымал Жайылып кетет»

Транспорт маселелери боюнча эл аралык эксперт Кубат Рахимовдун REGNUM маалымат агенттиги менен маеги.

REGNUM: — Кыргыз өкмөтү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга текеме белсенди. Бул долбоорду кандай баалайсыз? Анын дурус-бурушу кандай?

— Адегенде кытайлар эмнеликтен бул жолду көбүнчө «кытай-өзбек темир жолу» дешээрин тактап алалычы. Анткени, мунун өзү
долбоордун жүзүн ачып берүүдө. Себеби, темир жолдун 268 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөөрүн атайылап «эскербей коюшкансыйт». Мында коркунучу да, геосаясый жана геоэкономикалык жагдайлар да жатат. Башкача айтканда, темир жол транспортуна байланыштуу баардык иш чараларында, мен ушул темир жолду куруу — Кыргызстандын өз акылы менен тандап алган маданияттуу жолу деп айткандан тажабайм. Же болбосо, окуянын мындан аркы өнүгүшүнүн үч сценарийи турат. Биринчиси — бул Россияга жана мурдагы советтик мейкиндикке сактоого багыттануу жөн гана сактоо эмес, ага айкалышуу боюнча нак кадамдар. Демек, адегенде Бажы бирлигине, анан «Бирдиктүү экономикалык мейкиндик жана болочок Евразия бирлиги». Мындай болгондо, «ооба, биз ушул нукка
багыттаннабыз» деп ачык айтыш керек. Ал эми Кытайга багыттануу-да кыска мөөнөткө болсо да, жол куруу аркылуу биринчи кезекте экономикалык жактан жагымдуу майнап чыкканы турат, анткени, Кытай бай өлкө, анын инвестор, соода өнөктөшүбү жана башка ушул сыяктуу дурус жактары. Бирок, узак мөөнөткө көз салсак, кытайлардын кириши экспансияга алып келет. Буга карата Кытайдын ички мисалдарын келтирсек болот. Атап айтканда, Цинхай-Тибет темир жолун алсак, инженердик-техникалык жактан бул кызыктуу долбоор, себеби, мындагы айрым темир жол станциялары деңиз деңгээлинен 5 километр бийикте жайгашкандыктан, жүргүнчүлөргө кислород бет каптарын беришет, анын үстүнө жолдо баш айланткан сейрек көпүрөлөр жана тоону тешкен өткөөлдөр бар. Бирок, ошол эле учурда чоң Кытайдын автономиялуу Тибетке киришинин социалдык-экономикалык кесепеттерин эстен чыгарбоо керек. Ичкериден Тибетке келген кытайлар адатта кайра кайтышпайт, тескерисинче, алардын саны жүз миңдеп кетет, демек, кесиби начар жумуш күчү каптап кирет. Темир жол куруунун жана эң ири жез жана никель кендерин иштетүүнүн айынан түпкү калк тибеттер жарыбагандай ордун толтурган акчага ыраазы болуп, ата конуштарын таштап кеткенге аргасыз болууда. Дагы, жергиликтүү табияттагы тең салмак бузулууда. Ошентип, жалпысынан алганда, тибеттерге бул жолдун кереги деле жок. Болгону туристтер жайнап келгени менен ошол эле учурда жергиликтүү калктын жашоо-тиричилик асылдыктарын тааныбагандардын агымы да күчөп барат.
Кыргызстанга келсек, мында расмий маалыматка караганда, 90 миң кытай мигранты катталган. Бирок, дегеле ар кайсы өлкөлөрдөгү «чайна-таундардын» мисалынан алганда, расмий эмес маалымат жергиликтүү тартип сактоо органдарынын коррупцияланышына жараша адатта расмийлерден жок дегенде 2,5-4 эсе ашып түшөт. Ошондон улам, Кыргызстандагы кытай мигранттарынын чыныгы саны эбак миллиондун чейрегине жетти деген ойдомун. Ал эми Кыргызстандын өз калкынын саны 5 жарым миллион экендигин, анын жарым миллиону туруктуу иштеп Россияда, Казакстанда дагы башка жактарда жүргөнүн эске алганда, ошол тышта жүргөн кыргыздардын ордун азыртан эле чейрек миллион кытай ээледи десек болот. Ал эми жогоруда кеп кылып аткан темир жол курулуп калса, Кыргызстандагы кытайлардын саны милицияны, бажыканаларды, миграция жана чек ара кызматтарын күчөткөнгө карабастан, сөзсүз жарым миллионго жетет дей бергиле. Бул деген, Кыргызстандын калкынын 10 пайызын билдирет, демек, «жардыргыч» сан болуп саналат.

— Кытай мигранттары тууралуу эмне айта аласыз? Алар идеяга канчалык берилген?

— Орто Азияга келип жаткан кытайлар, абдан мекенчил десек болот. Канчалык таңгалсак да, ошол бизге келип жаткан соодагерлер, утурумдук жумушчулар, фермерлер идеяга абдан берилгендер. Алардын баары «чоң Кытайдын» атуулдары, империялык идеология-ны алып жүргөндөр болуп саналышат. Албетте, алар мунусун ар бир коңулдан көрсөтүшпөйт, ал эми Маонун келбети түшүрүлгөн төш белгини чоң майрамдарда гана тагынып жүрүшкөндүр. Бирок, жакындан баарлаша келгенде, алардын чет жерде да Жуңго, же болбосо, Ааламдын ордосу катары эсептешкен өзүлөрүнүн Асман империясынын жыргалчылыгына иштеп атышканын түшүнүүгө болот. Андыктан, азыртан эле Кыргызстандын калкынын ар бир онунчу адамы кытайлык «хуацяо» болуп чыга келсе, таңгалбай эле койгула.
Экинчи тобокел — кытайлар пайдалуу кендерди казуунун эң «жырткыч» ыкмапаларын пайдаланышат. Тибет менен СУАРдагы кендерди иштеткендерине караганда, баарынан мурда экономикалык ыңгайды алдыга коюшат экен. Мисалы, кымбат техникалык жабдуунун ордуна билимсиз кара жумуш күчүн колдонуу мүмкүндүгү келип чыкса, кытайлар эч ойлонбостон, кишилерди иштетип киришет. Адегенде мындай кызматташуудан пайда болушу мүмкүн, бирок, Кыргызстанда жабылбаган калдык сактоочу жайлар, оор жүк ташыган машиналардан тамтыгы чыккан жолдор жана башкалар түрүндөгү кыйратылган табиятка маашырланаарынан күмөнүм бар. Кытайлар эч нерседен тартынышпайт, алсак, ошол эле Тибетте алар баардык жайыттардын 15 пайызын кыйратып, кунарсыздандырышкан. Айтмакчы, биз жогоруда аталган темир жолду куруп бүткүчө, кытайлар азыр өзүлөрү Кыргызстандын карыз насыяларына салып жатышкан автожолдордун тамтыгын чыгарып бүтүшөөрүн бөркүңөрдөй эле көргүлө. Анткени, алар оор жүк ташыган автомашиналардын салмагына чек коюшпайт. Акырында мунун баары Кыргызстандын мойнуна карыз насыя болуп түшөт. Кытайлардын Кыргызстандын табиятына карата ушундай жырткыч мамилесинен кийин, өлкөдө алар жүргөн жерде эч нерсе өспөй калышы толук ыктымал.
Үчүнчү тобокел — кытай-кыргыз-өзбек темир жолун курууга дилгирленгендер кытайлар жергиликтүү калк үчүн абдан көп жумуш ордун түзөт деген баеолук же атайын карасанатайлык кылышкандай. Транспорт маселесинде эксперт, изилдөөчү катары жөнөкөй нерселерди эске салгым келет. Биринчиден, Тибеттеги темир жолду ханзулар өзү салган, башкача айтканда, кытайлар тибеттерди ишке алууга тийиш болсо да, алган эмес. Анын бир себеби, тил билбегендик болгон. Мисалы, кытай прорабы менен кыргыз жумушчусу котормочусуз иштеше алышпайт эмеспи. Ал эми котормочу жалдаш үчүн кошумча акча керек, туурабы? Долбоордун бюджетинде андай жок! Дагы кытайлар жергиликтүү калк аткарылуучу иштен билимсиз, анан жалкоо деген шылтоо айтышат.
Эми, Бишкек-Торугарт жолун ким салып жатат? Кытайлар. Баарында кытай жумушчулары, кытай техникасы, кытай куруучулары. Болгону, алар бизден күйүүчү-майлоочу май, жергиликтүү калктан анча-мынча тамак-аш сатып алышаар. Болду. Ошентип, алар келип, акча таап алышып кайра жолуна түшөт. Мындайча айтканда, жергиликтүү экономикага кымындай гана пайда келтирбесе, башкасынан эч майнап жок. Кытай-өзбек темир жолу курулса, так ушундай болот. Сыртынан гана «10 миң жумушчу алынат» деп жар салышканы менен, чынында ал жолду 2-3 гана миң кытай салып коет.

— Демек, кытай корпорацияларынын биринин кызматкерлери иштейт турбайбы?

— Жок. Кытайдагы темир жолдорунун көбүн кытайдын элдик боштондукка чыгаруу армиясынын атактуу темир жол аскерлери курат. Демек, кытайдын темир жол аскерлери, мейли жарандык кийимчен болсо да, 6-7 жылдай Кыргызстандын аймагында болушат. Анткени, кытайда темир жолдун баарын аскер кызматчылары салышаарын жакшы билебиз.

— Анын эмнеси бар экен? Кытай кааласа, Кыргызстанды өз аймагынан эле басып кире алат да?

— Бул жерде басып кирүү тууралуу сөз жок. Биз кытайдын элдик боштондукка чыгаруу армиясынын аскер кызматчыларынын Кыргызстандын аймагына адал максатта болсо да, «сиңип кетиши» тууралуу айтып жатабыз. Анткени, темир жол курулушунун чегинде эки тараптуу аскердик-саясый макулдашуу тууралуу, албетте, сөз болбойт. Мисалы, эгерде КЭР менен Кыргызстан бул макулдашууда кытай тарап бизге куралсыз кытайдын 2 миң темир жол аскерин иштеткенге жөнөтөөрү тууралуу айтылса, бир жөн. Бирок, мындай макулдашууга кол коюлары күмөн да. Тескерисинче, бул жөнүндө эч нерсе айтылбай жатпайбы.
Дегеле Кыргызстан — геосаясый оюндар үчүн «porto franco» сыяктуу ордого айлангандай. Алсак, бизде америкалык өткөөл борбор, орусия-лык аскер обьекттери бар. Эми кытайлар эле, атап айтканда, алардын темир жол курган аскерлери гана жетишпей аткансыйт. Кытайлар алар жарандык курулушта гана иштешет (!) деп миң ирет карганышпасын, кытайдын өзүндө темир жолду аскерлер гана кураары баарына маалым. Анткени, темир жол — бул алысты көздөгөн максат аскердик экендигин кытайлар жакшы түшүнөт, андыктан, жөнөкөй жумушчуларды мында иштетишпейт.

— Эмесе, дал ошол алыскы максаттан алганда, темир жолдун туурасына, кеңдигине токтолсоңуз…

— Жолдун туурасы учурда экономикалык жана аскердик-стратегиялык же аскердик тактикалык мааниге ээ. Экономикалык жактан алганда, бүт дүйнөдө бул багытта, мисалы, жок дегенде бир континентте бир өңчөй ченем болгону жакшы. Анткени, жол арада эч нерсени өзгөртүп, кайра жүктөп убара болбойсуң. Алсак, Индия менен Пакистанда англистер курган дүйнөдөгү эң кенен темир жолдор турат, алар Орусияныкынан да кеңири. Ал эми Испанияда француздардыкынан айырмаланган франко-герман, же болбосо шарттуу түрдө «стефенсондук» деп аталган кеңдиги 1435 м темир жол курулган. Орусияныкы андан
кененирээк, 1524 мм келет. Алар да көбүнчө аскердик-стратегиялык максатта ушундай ченемди алышкан.
Дал ошондон улам Советтер Союзу бир тууган социалисттик өлкөлөрдө, мисалы, Словакияда жана ГДРда кенен жол салынган. Ошондуктан, Балтика республикаларынын портторунан советтик аскер эшелондору дароо кенен темир жолдор аркылуу Батыш Германиянын, Австриянын, Югославиянын чектерине чейин жетип барчу.

(Уландысы 11-бетте)
(Башы 6-бетте)

Ошондон улам, темир жолдун кеңдигин өзгөртүү аскерлерди жана согуш техникасын керектүү жерге жеткирүүгө тоскоол болоорун ар бир боз улан аскер курсанты да жакшы билет. Ошентсе да, кытайлар Казакстандын саясый элитасын канчалык паралашса да, ал өлкө аркылуу каалагандай ичке темир жол кура алышпады. Анткени, Россия Федерациясынын коопсуздук кеңеши казакстандык кесиптештерине кытайдын ичке темир жолун куруу маселесине этият мамиле кылууга кеңеш беришкен. Казактар муну жакшы түшүнүшкөн. Анткени, Россия жана Беларусь менен бирге Бажы бирлиги жана Бирдиктүү экономикалык аймакта турушпайбы. Ошентип, кытайлар достук менен хоргостон поезддеринин дөңгөлөгүн алмаштырганга аргасыз. Ошону менен 4 миллиард долларлык долбоордон баш тарткан казактар Орусиянын жана Европанын пайдасынан баш тартышкан.
Тилекке каршы, кыргыз элитасы мындай маданияттуу жолду тандап албастан, эки жакка тең бирдей жагынууну көздөйт. Ошондон улам, кыргыздардын соңку 20 жылдан бери тандап алган «көп кырдуулугунун» башкы талуу жери — чындап көп кырдуу болуш үчүн ар кимди кызыктыра алган кудуреттүү өнөк боло албай жатканында. Алсак, 2001-жылда америкалык аскер базасы Кыргызстанда орун алгандан бери өлкөдө улам бир «жарылуу»
болууда. Ал эми ага чейин ал — өзү менен өзү алектенген тыптынч мамлекет болчу. Дал ошол тынч өнүгүүнү бузуп, бир жакты тандап алганы бүгүн баарына кедерги болууда.
Дагы бир үчүнчү жол турат. Ага кайрылсак, Кыргызстан — Евразия бирлигине да, орус-казак-беларусь биримдигине да кошулбаган, шарттуу алганда аппак калпак кийген, көз жоосун алган жайыттарына, боз үйлөрүнө маашырланган бейиштин төрүндөй бир жер соорусу деп
коелу. Бирок, мындай жолго түшкөн мамлекеттер деле анчалык узап кете алышпасын тарых көрсөттү. Анткени, эртеби-кечпи, акыры заманбап бир жолго түшүү керек да.
Кезектеги дагы бир тобокелдер. Торугарт-Ош-Анжиян багытындагы алгачкы жол салынгандан кийин кытайлар адегенде Балыкчыга дейре темир жол тартышаары тууралуу убадаларын дароо унутаары бышык. Балким, болгону андан ары Кыргызстандагы өзүлөрүнө керектүү кендерге чейин илең-салаң жол салымыш этишээр. Анткени, андан ары жол салыштын аларга эч кызыгы жок. Балким, дагы бир аз убакыт өтүп, мол түшүмдүү, асыл топурактуу Чүйгө, ажайып Көл кылаасына кытайларды каптатыш үчүн гана жолду улантышаар. Кааласа дагы 250 миң кишисин Кыргызстандын түндүгүнө жол салганга заматта киргизип коюшат. Албетте, дароо эмес, бөлүп-бөлүп, кичинеден алып келишет. Анан ал ханзулар отурукташа баштайт… Ошентсе да, кытайлар Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн биригип, күчтөнүшүнө кызыкпайт, аларга бытыранды кыргыздар керек. Дегинкиси, Кытайга Каспий чөлкөмүнө карай тээжик Казакстанга көз карандысыз айланма жол зарыл болуп турат. Дал ошондуктан, алар Кыргызстанга өзүлөрүнүн кууш темир жолу менен киргенге, андан ары убакыт өткөрүү менен башка өлкөлөргө ошол ичке жолу менен «жылжып» агып киргенге куштар. Каспийге жетип алышса, андан ары Иранга, жакынкы чыгышка өз товарын ташып чыгат, ал жактан мунайзат алып келе алышмак. Бул максатта кытайлар кыргыздар, өзбектер, түркмөндөр менен да тил табыша алаарында шек жок. Ошентип, рак шишиги сыяктуу дүйнөгө тарап кете беришет. Ал эми Кыргызстандын кендерин иштетүү алар үчүн жол арадагы пайдалуу нерсе.

— Темир жол долбоорунун наркы улам өсүп баратканын байкадык. Ал өтө эле бийик эмеспи?

— Вице-премьер-министр Оторбаев бир күнү «долбоор 3 жарым миллиард доллар турат» десе, премьер Бабанов мырза кийинки күнү «4 жарым миллиард» дегени аларда так эсептин жогун билдирет. Мындагы даана бир маани — инфратүзүмдүк бул долбоор өлкөнүн бир жылдык ансыз да таңсык бюджетинен ашып түшкөнү. Себеби, мунун баары карызга жасалганы турбайбы. Акча болсо, жок. Ушундай карызга батканы турган Кыргызстан дагы Бажы бирлигине, Бирдиктүү экономикалык аймакка, Евразия биримдигине кирем (!) дегени акылга сыйбайт. Дегинкиси, ОДКБ келишимине мүчө болуп турган Орусия менен Казакстан кытайлардын ичке кирген ийри жыландай болгон темир жолун киргизип алчу Кыргызстан менен өнөктөшпөсү айдан айкын.

«REGNUM» сайтынан
которгон Садырбек Чериков

http://www.presskg.com/uch/12/0405_6.htm

Статьи и книги по теме:

Посмотреть все записи с меткой: