Камбар-Ата 1-ГЭСинин курулушун саясатчылар эмес, энергетика, курулуш, транспорт тармагындагы кесипкөйлөр ишке ашырат. Мындай пикиринин «ВБ» менен болгон маегинде Борбор Азиядагы инфраструктуралык долбоорлор боюнча эксперт Кубат Рахимов билдирди.

«2 миллиард доллардан ашык каражатка курула турган объекти Кыргызстан өз алдынча кура албасын эске алуу керек. СССР тараган 1991-жылдан бери республикада бир дагы маанилүү объект курула элек. Кыргызстан маанилүү тармактары аз чакан мамлекет. Маанилүү тармактарды беш манжа менен санап койсо болот», — дейт ал.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/223993

Статьи и книги по теме: