Лотос уруусу (Nelumbonaceae)Бул урууга бир эле тукум (Nelumbo) кирет. Ал эки түрдөн түзүлөт: жаңгак сымал лотос (N. nucifera) жана сары лотос (N. lutea). Лотостун түрлөрү гүлдөрүнүн түсү жана географикалык таралышы боюнча кескин айырмаланат. Жаңгак сымал лотостун желекчелери (лалалары) мала кызыл, сары лотостуку – анын аты айтылгандай эле – сары. Биринчи түрү Түндүк-Чыгыш Австралияда, Малай архипелагынын аралдарында, Филиппин аралдарында, Шри-Ланка аралдарында, Түндүк Японияда, Индостан жана Индокитай жарам аралдарында, Кытайда, Россиянын ыраакы Чыгышында Хабаровск жана Приморье крайында, ошондой эле Каспий деңизинин жээгинде – Кура дарыясынын куйгап жеринде менен Волганын дельтасында өсөт. Каспий деңизинин жээгинде өсүүчү лотос боюнча эки карама-каршы көз караш бар. Кээ бири — лотос байыртан бери сакталган десе, башкалары – ал адамдын иш-аракеттеринен келип чыккандыгы менен байланыштуу дешет. Лотостун, Түштүк-Чыгыш жана Түштүк Азияда, мисалы, Индияда биринчи болуп, аны культурада өстүрүлгөндүгү менен байланыштуу.
Лотостун экинчи түрү – сары лотос Түндүк Американын түштүк райондорунда, Борбордук Америкада, Түштүк Американын түндүк бөлүгүндө, Гавайи, Чоң жана Кичи Антиль аралдарында, Ямайка аралында таралган. Лотостун мындай таралышы бир нече миң жылдарда бул өсүмдүктү культурада өстүргөндүк менен байланыштуу.
Лотостун өсүү ареалдары кенен болгондуктан, ал ар кандай шартта өсө берет. Мисалы, Австралия, Индонезия, индия, Түштүк Чыгыш Кытайда, Шри-Ланка аралында лотос ысык тропикалык климатта жана көп убакытка созулган инсоляцияда (күн нурунун тийиши) өсөт. Түндүк Кытай менен Чыгышта жана Россиянын европалык бөлүгүндө лотос катаал шарттарда болуп, – 30 ̊С-дагы же андан төмөн суукту да көтөрө алат. Эреже боюнча, лотос акма көлмөлөрдө – сазга айланган жерлерде, көлдө, жай аккан сууларда өсөт. Волга дельтасында деңиздин кургакка кирип турган булуңунда, ошондой эле көптөгөн суунун айрыктарынын жээгинде жайгашат. Жыл сайын дельтанын жогорулашып кетиши менен байланыштуу лотостун жайгашышы төмөндөп, ыңгайлуу топурак жана аккан суу болгон жерлерге көчүп, мурдагы өскөн жерлерден качып калды. Суунун деңгээли төмөндөгөн жылдарда лотос дагы башка жерде – сууда жошоочу өсүмдүктөр (кувшинка, чилим) менен бирге кургакта калып, демейдегидей эле өсө берет. Индиянын Кашмир өрөөнүндө лотос деңиз деңгээлинен 1560м-деги бийиктикте өсөт. Бул анын өскөн жеринин жогору турган бийиктиги.
Лотос үчүнчүлүк мезгилде, өзгөчө палеогенде кеңири таралып, төртүнчүлүк мезгилде кескин түрдө анын таралышы кыскарган. Ал жөнүндө тарыхка чейинки жашаган казып алынган айгинелейт. Адам аны культурада кармап өстүрбөсө, анда бул өсүмдүктүн түрү такыр эле жоголуп кетмек. Лотос – чөптүү, жерде-сууда жошоочу өсүмдүк. Анын чөп-сабыгы сойломо жер бети менен сойлоп өсүп муундарынан көмөкчү тамырлар өсүүчү тамыры көлмөнүн түбүндөгү кумдуу субстратка кирет. Анын тамыр-сабыгы (жер астындагы өсүүчү жана ошого байланыштуу түрүн өзгөртүп тамыр сыяктуу болуп калган сабак) чоң, бутактанган, шар сымал түйүндөрүнөн көптөгөн тамырлар таралат. Кыш мезгилинде тамры сабактарында крахмал топтолуп, ага байланыштуу тамыр-сабак чоң бадыраңга окшоп жөөноет. Тамыр-сабагындагы түйүндөрүндө бүчүрлөр пайда болуп, анда жалбырактар менен гүлдөр калыптанат. Тамыр-сабактын туурасынан кескенде көптөгөн тегерек болуп жайгашкан боочолор көрүнөт.
Лотостун жалбырактары эки типте: бири суу алдындагысы, бир жерде отурма абалда, кең ланцеттүү формада, жалбырактарынын тарамыштануусу – жарыш, жаш бүчүрлөр менен тамыр сабактын өсүү точкаларын тыгыз кармайт; башкалары – суу үстүндөгүлөр жеңил, эбелектей, сүзүүчү жана Суу үстүнөн жогору жайгашат. Суу үстүндөгү жалбырактар тегерек калканча формада, сабы узун, андан тикенек сымал була талдары чыгат.
Сүзүп жүргөн жалбырактарынын жалбырак пластинкалары жалпак, туруп тургандарыныкы – воронка сыяктуу. Ботаникалык бактардагы экскурсия жетекчелери лотос жалбырактарынын кызыктуу өзгөчөлүгүн суу тийбегендигин көрсөтүлөт. Суу, сымапка окшоп, жалбырактын үстүндө чоң тамчыларга чогулуп калат. Ал болсо жалбырактын бетинде момдун жука кабаты жана эпидермалык клеткадан чыккан тикенек сымал була талдарынын бар болгондугу менен түшүндүрүлөт. Эбелектей жалбырактарынын тарамыштануусу шооладай жалбырактын ортосунан сабак чыккан жерине жалбырак пластинкасындагы оюкка карай чыгуучу ортоңку канаттай бутактанган таралыштан башкасы радиалдуу түрдө 12-25 таралыш тарап, алар көп ирет ачаланып бутактанат. Таң алдында туруп калган воронка сымал жалбырактарынын ортосунда шүүдүрүм чогулат. Аны илгээрки химиктер тажрыбайга чогултушкан. Лотостун жалбырагынын ткандарында аба толгон чоң көңдөйлөр бар, алар ашык нымдуулуктан кутулууну камсызкылып турат. Лотостун жалырактарынын үттөрү үстүңкү гана жагында жайгашат. Алар эпидерманын дөңчөлүү тканына терең кирген.
Лотос гүлү таң калаарлык кооз келет. Алар абдан чоң (диаметри 30 см-га жетет), бирден жайгашат, колтуктуу, спиралдай имерилген. Жаңгак сымал лотостун гүлдөрү ачык мала кызыл, анын желекчелери түп жагында мала, башындагысы – ачыгырак. Америкалык лотостун желекчелери – сары: түп жагындагысынын түсү ачык сары кызгылт, баш жагындагысы – ачыгыраак. Культурада ак түстүү гүлдөрү бар лотос дүйнөнүн көпчүлүк оранжереялар менен ботаникалык бактарда өстүрүлөт. Гүлдөрдүн анча эмес, бирок корицадай жагымдуу жыты бар. Алар өөдө карай жогору өсүп, жалбыраткарындай эле суу үстүндө болуп, гүл сабы узун, түз жана жалбырактарына окшоп, аны тикенек сымал була талдары каптап турат. Лотос гүлү оң гелиотропизмге ээ, башкача айтканда алар дайыма күндү карап турат. Гүл байланышкан жерден бир аз төмөнүрөөк реакция кылуу зонасы бар, анда ал өзүнүн абалын өзгөртүп турат. Күн менен так ошол байланыш лотосту байыркы египтян менен индустар ыйык кылып, сайынгандыгына себеп болгон. Лотосто 2 гана чөйчөкчө жалбыракчасы бар. Желекчелери көп (20-30), алар спиралдашып, чөйчөкчө жалбыракчаларынан анча эмес чектелбей жайгашкан. Көптөгөн аталыктар (жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн эркектик жыныстык органы; ал чаңдыктан жана аталык жипчесинен турат) да спиралдашып жайгашат. Алар чоң, чаңдыктан жогору болуп, жоон келет, гүлдүн ичине карай ийилген, чаңдыгы эки; сырткы аталыктардын чаңдыктары – экстрорздук (лат. Extrorsus – сыртка караган) – жетилгенде сырт жагынан жарылып ачылуучу чаңдык.
Ичкилери – интрорздук (лат. Introrsum – ичин, ортосун көздөй) ич жакка (энелик жаккы) бетинде жылчык пайда кылуу менен ачылуучу чаңдык. Чаңчалары – үч кыйма – чиймелүү, алардын бетинин бир башка өзгөчөлүктөрү бар. Генецейн (грекче, gine – аял, oekos – үй), башкача айтканда — мөмө жалбыракчалары (энеликти пайда кылуучу түрүн өзгөрткөн жалбыракчалар) абдан өскөн тескери конус сымал формасындагы гүл жайгашкычына (гүл сабынын гүл менен бүткөн жоонойгон учу; анда гүлдүн мүчөлөрү жайланышкандыктан ал гүлдүн оугн же борбордук бөлүгүн түзөт) кирет. Өз алдынча келген бочка сымал формасындагы мөмө жалбыракчалар спиралдашып же шакек-шакектей болуп жайгашкан жана энеликтин жогорку учундагы чаңчалар келип түшчү бөлүгү кичине табак сымал чаңалгычы бар. Мөмө жалбыракчалар бышканда бир уруктуу жаңгакчага айланат. Мөмөсү – «бышкан гүл». Жаңгакчанын мөмө коргону (мөмөнүн мөмөлүктүн керегесинен пайда болгон бөлүгү) теридей же тактай сымал. Ар бир жаңгакча гүлдүн өскөн огуна кирип турат. Лотостун түйүлдүгү (уруктуу өсүмдүктөрдүн өөрчүшүнө – уруктанган энелик клетканын бөлүгүшүнөн урук калыптанын бүткөнгө чейинки стадия) абдан чоң, массивдүү, жоон, өңсүз урук-үлүшү (түйүлдүктүн алгачкы жалбырактары) жана эки биринчи күңүрт жашыл түстөгү жалбырактары болгон бүчүрүнөн түзүлгөн.
Уруктун запасындагы азык заттары урук-үлүшүндө жайгашкан, анын аз эндосперми түйүлдүктүн өөрчүп-өсүшүнүн баштапкы стадиясында толугу менен сарпталат жана жетилген урукту түйүлдүк ээлейт. Лотостун уруктары көп убакыт бою өнүмдүүлүгүнүн (уруктардын белгилүү мөөнөттө өнүү жөндөмдүүлүгү) сактайт. Мисалы, Түндүк Кытайдагы чым көңдүү саздан казылып алынган лотостун жаңгакчаларындагы уруктар жыл бою өнүмдүү болуп, алардын кабыгын тиешелүү жактан тазалагандан кийин, андан гүлдөгөн өсүмдүктөр алынган. Заманбап радиоизотроптук методдордун анализи боюнча лотос уруктары миң жылдан да көп убакыт бою өзүндө тирүү түйүлдүктү сактаган жана тынча абалда болуп, жагымсыз факторлордун таасирине туруктуу болуп келген. Ал жөнүндө искусство менен адабияттын эстеликтеринде көрсөтүлгөн. Лотос азык зат, дарынын булагы жана сыйынуу өсүмдүк катары кызыкчылыкты туудурган.
Лотосту Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы алгачкы адамдарга белгилүү болгон. Америкалык индеецтер өзгөчө Тенеесси жана Камберленд дарыяларынын жээгинде жашагандар жана Түштүк Американын түндүгүндөгү туземецтер европеецтер келгенче лотосту тамакка кеңири колдонуп, аны суу манси деп аташкан. Кытай, индия, Япониянын кыштактарында жашаган калк алигиче лотостун уругу менен түп-тамырларын ун, крахмал, кант, май алуу үчүн пайдаланышат. Түп-тамырынан сорпо кайнатат же картофелге окшош, гарнир катары колдонулат. Азыркы кезде деле Кытайдын кондитердик тамактарынан даамы мармеладка окшош лотостун кантка чыланып, кургатылган түп-тамырынын кесинделери абдан керектелет. Астрахан областында жергиликтүү калк лотосту чочко өстүргөндө жана үй куштарын бакканга кеңири пайдаланган. Лотосту корукка алуу жөнүндө айтылганга чейин, анын түшүмү толук бойдон иштетилген, ал болсо бул өсүмдүктүн тап-такыр жоголушуна алып келмек. Тамакка лотостун түп-тамыры менен уруктарын колдонуу андагы крахмалдын көп болгондугу (50%ке чейин), ошондой эле канттын, майлардын жана С витамини бар болгондугу менен байланыштуу.
Дары өсүмдүк катары лотос жөнүндө эң алгач ж.д. чейин 3000 жыл мурда түзүлгөн Кытайдын жазууларында айтылган. Байыркы эле кезде элдик медицинада бул өсүмдүктөн бардык бөлүктөрү – түп-тамырлары, жалбырактары, гүл сабагы, желекчелери, аталыктары, мөмөлөрү нерв жана жүрөк-кан тамыр системаларынын орууларында колдонулган. Илгээртен бери кытай, Индия жана Байыркы Египетте лотосту сыйынуу өсүмдүк катары эсептеген. Ага анын кеңири колдонушу жана калаарлык кооздугу жана гүлдөрдүн гелиотропизми түрткү болгон. Ал жөнүндө маалыматтар китепченин 1-бөлүгүндө кеңири берилген. Кээде лотос деп Nymphaea тукумундагы кувшинкалардын сүрөтүн ката түшүнүшөт. Лотостун ролу адамдын жашоосунда абдан чоң. Түштүк-Чыгыш Азияда лотос күрүч культурасындай эле өстүрүлөт. Аны террасталган (тектир-тектир жерлер), бөгөлгөн, тосулган ойдуң жерлерде өстүрүшөт. Жазында уруктары себилет. Мурда аларды кабыкчаларын сындырып, аны тоголок балчыкка ороп, көлмөнүн түбүнө салып коет. Түшүмү күзүндө жыйналат, анда бир аз бөлүгүн кийинки жылкы отургузууга калтырып коет.
Табигый шарттарда лотос негизинен вегетация жолу менен түп-тамырлардын жардамы менен өсүп-өнөт. Анда жазгы-жайкы мезгилде түп-тамырлар активдүү түрдөө өскөн бутактаган, ичке шнур сымал жаш түп-тамырлар пайда болот. Аларды столон (лат. Stolo – чырпык) дейт (кээ бир өсүмдүктөрдүн жер астыңкы өркүнү; анын учунда бүчүр, пияз түп же түймөк калыптанат). Алар өсүмдүктөрдүн өсүп-өөрчүшүн жана мейкиндикти тез ээлеп калуусун камсыз кылат. Кээде бир жерде калың чыккан өсүмдүктөр тамырлары бир-бири менен байланышкан системаны пайда кылып, абдан чоң узундукта болот. Мисалы, америкалык окумуштуулардын эсептеп чыккан анализи боюнча, сары лотостун 4000м2-ге жакын аянтындагы түп-тамыр торчосу – узундугу 340 км ден ашат экен.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: