Азыркы кездеги республиканын калкынын көпчүлүгү жакырчылыкта жашагандыктан, калктын маянасы аз болуп, майда чарбачылык көбөйүп, анын үстүнө азыркы убакыттагы техника кымбаттагандыктан, көптөгөн проблемалар чыгып жатат. Ошондуктан биз сунуштаган колдонмо бул маселелерди чечүүгө өбөлгө болот го деп ишенебиз. Биздин республика табигый өсүмдүк, жаныбарлар менен минералдык сырьёлорго бай. Аны туура пайдаланса ал кошумча иш орундарын түзүп калктын жашоосун оңолтконго да жардам берет.

Колдонмонун максаты-калкты өзүбүздүн жергебиздеги байлыктар менен тааныштыруу жана мөмө-жемиштерди, дары өсүмдүктөрдү жыйноо, кургатуу жана сактоону туура жүргүзүүгө жардам берүү. Ошондой эле бул продукциянын пайдасын көрүп, туура сатуу да керек.

Аны менен бирге, атайын билими болбогон адамдарга тигил же бул өсүмдүктү өстүргөнгө, тиешелүү участокту тандоо, плантацияны иштетүү боюнча бир аз маалымат берилген. Келечекте калктын арасында атайын адистештирилген кооперация түзсө да жаман болбойт эле. Себеби Союз кезинде дары өсүмдүктөрүн өстүрүүчү атайын адистештирилген совхоздор болгон (мисалы, Ысык Көлдүн Ак Суу районундагы “Арашан”, Панфилов районундагы “Эфиронос”).

Айыл жергесинде өсүмдүктөрдун дарылык касиеттери жөнүндө элдин билими аз болгондуктан, бул китепчеде өсүмдүктөрдүн касиеттери боюнча керектүү маалыматтар берилет. Бул колдонмо республикада биринчи болуп даярдалды.

Сунушталган китеп айылда демейдеги иш-аракеттерди колдонуп, пайда алуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйткөнгө, ошондой эле калктын табигый, витаминдүү, экологиялык таза продуктуларды кабыл алып ден соолугун чыңдоого жардам болот. Социалдык- экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга көмөк берет.

Бул китепте 60-ка жакын пайдалуу жана дары өсүмдүктөр жөнүндө кыскача маалымат берилген. Алар менен ар кандай ооруларды дарылап ден соолукту оңолтсо жарайт. Элдик медицинанын миңдеген жылдык тажрыйбасы азыркы кезде илимий клиникалык медицинанын негизине зор салым кошту. Азыр деле калк көпчүлүк жапайы өсүмдүктөрдү кеңири колдонуп келе жатат.

Кийинки кезде өсүмдүк продуктуларынын ролу да өстү. Өсүмдүктөр адамга керектүү белокторго өсүмдүк майларына, витаминдерге, микроэлементтерге, минералдуу туздарга, фитонциддерге бай келет. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн даамдуу, таттуулугунан башка, алардын дарылык касиети көп. Мындан тышкары оорунун күчөп кете элегинде алдын алуу, жана адам активдүү узун өмүр сүрүү үчүн алар кеңири колдонулат.

Көптөгөн жылдарда адамдын организминин органдар менен системалары, алардагы зат алмашуу өсүмдүктөрдө болгон заттардын табигый татаал кошулмаларына көнгөн, себеби алар биздин ата-бабаларыбыздын тамагынын негизин түзгөн. Ошентип жүрүп, адам менен айлана-чөйрөдөгү жашылча байлыгы менен ажырагыз байланыш түзүлүп, табият адамга колун сунган. Кээ бир өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттерин адам билип алып, кийин тигил же бул ооруларда аны дары катары колдонуп келген.

Илдетке чалдыккан жаныбарларга өзүн-өзү сактоо инстинкти жардам берет. Адам убакыт өткөн сайын, жаныбарлардан бөлүнүп, табияттан даба издеген. Ошентип адам байыртан бери чийки өсүмдуктөрдү жегени менен бирге, өсүмдүктөрдүн түбүн, тамырларын отко көмүп даярдап жеген. Андан кийин өсүмдүктөрдү айдап, өстүргөн. Карапа идиштерди колдоно баштап, дары өсүмдүктөрүнөн ар кандай ширелер, кайнатма, тундурмаларды даярдаган. Ошентип илгертен бери организмди чыңдоо каражаттарынан суу менен дарылоо, массаж, мүнөздөп тамактануу жана фитотерапия (өсүмдүктөр менен дарылоо) элге жагып, туруктуу болуп келген.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: