Өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттери жөнүндө мүнөздөмө берүүдөн мурда, өсүмдүктөрдүн түзүлүшү жөнүндө кыскача маалымат билүү керек.

Өсүмдүктүн негизги бөлүктөрү – сабак, тамыр, жалбырак, гүл жана мөмө. Жердин үстүндөгү бөлүгү-сабак. Андан таралган бутактар менен бирге ал өсүмдүктүн скелетин түзөт. Сабакта бүчүрлөр, жалбырактар, гүлдөр, мөмөлөр жайгашат. Алар ар бири белгилүү функцияны аткарат. Сабак аркылуу тамырдан суу, анда ээриген минералдуу заттар жүрөт. Тамырга жана өсүмдүктүн башка органдарына жалбырактарда фотосинтездин натыйжасында пайда болгон органикалык заттар барат. Сабакта азык заттардын запасы чогулат. Сабактар чөп (ага жумшак, назик, суулу сабак) жана дарактай (катуу, кургак) болуп эки түргө бөлүнөт. Мейкиндик абалына жана өсүү мүнөзүнө жараша алар түз, сойломо, жармашкыч, жайылма болот. Кээ бир өсүмдүктөрдүн сабагы өспөй калгандыктан, жалбырактары тамырдын үстүнөн жалбырактары бири-бирине өтө тыгыз жайланышып розеткадай болуп өсөт. Бүчүрлөр менен жалбырактары бар сабакты өркүн деп атайт. Ар бир өсүмдүк өзүнүн жашоо шартына жараша ыңгайланып өсөт. Ошондуктан анын сабактары өзгөрүлмө болуп калган. Анын өзгөрүлгөн түрлөрү — тамыр-сабак, пияз түп, түймөк, түймөк-пияз, кладодий.

Тамыр-сабак

— жер астындагы өсүүчү жана ошого байланыштуу түрүн өзгөртүп тамыр сыяктуу болуп (күрөң же агыш түстө болушу жашыл жалбырактын жоктугу, жер астында өскөндүгү) калган сабак. Андагы түрүн өзгөрткөн майда түрпү сымал жалбыракчалардын, чоку менен каптал бүчүрлөрдүн бар болушу жана анатомиялык түзүлүшү анын сабак экенин далилдейт. Өсүмдуктөрдүн вегетативдик көбөйүшүндө тамыр-сабактын ролу чоң. Тамыр-сабактын майда тамырларында азык заттары топтолот.

Пиязтүп

– кай бир өсүмдүктөрдүн топурактагы түрүн өзгөрткөн өркүнү. Ал кыскарган сабактан жана эттүү агыш жалбырактардан турат. Пияз түптө суу менен азык заттары топтолот; өсүмдүктүн көбөйүшүн камсыз кылат.

Түймөк

— кай бир өсүмдүктөрдүн топурактагы (картофель) түрүн өзгөрткөн сабак-түймөк, андагы көзчөлөр-бүчүрлөр. Түймөк запас заттар топтолуучу жана вегетативдик көбөйүү органы катарында кызмат кылат.

Түймөк-пияз

— түп түрүн өзгөрткөн сабак. Пияз түптөн айырмасы-сабагы жазы жана эттүү. Түймөк пияз түп сыртынан өткөн куурап калган жалбырактардын калдыктары менен капталган. Ички куураган жалбырактарынын колтуктарында жаңы түймөк пияз түптү отургузганда анын төмөн жагынан майда тамырлар өсүп чыгат.

Кладодий

— жалбырак сымал тыгыз сабак, жалбырактын функциясын аткарат. Кургакчылык аймакктарда өскөн өсүмдүктөргө мүнөздүү.

Тикендер

— түрүн өзгөрткөн сабактар.

Мурутчалар

— түрүн өзгөрткөн өркүндөр; мурутчалардн жардамы менен өсүмдүк тиректерге карманын жогору карай өсөт.

Жалбыракта негизинен фотосинтез процесстери жүрөт. Анда көмүр кычкылы менен суудан жарыктын, газ алмашуунун жана суунун бууланышынын таасирлеринен өсүмдүктөрдүн азыктанышы үчүн зарыл болгон органикалык заттар пайда болот. Фотосинтездин негизинде келип чыккан углеводдорду өсүмдүк майларды, аминокислоталарды, органикалык кислоталар менен ж.б. заттарды түзгонгө пайдаланылат. Транспирация процесстери жана газ алмашуу жалбырактын эпидермасындагы микроскопиялык жылчыктар — үттөр аркылуу жүрөт.

Жалбырак

жалбырак пластикасы менен сабынан түзүлөт, кээде жан жалбырагы да, жалбырак пластинкасы формасы боюнча жалпак, ичи көндөй, түтүк сыяктуу же ийкедей болот. Жалбырактын кыры толук же ача болот.

Жалбырактар жалбырак пластинкасынын формасына жараша жүрөк сымал, тегерек, жумуртка сымал, ланцет сымал болот. Жалбырактар жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Жөнөкөй жалбырактын бир эле пластинкасы болуп, ал саптын жардамы менен сабакка бекилет. Эгерде жалбырак сабы жок сабакка бекисе, аны сапсыз жалбырак дейт.

Жалбырактын сапка бекиген жери муун – дайыма жооноюп турат. Эгерде жалбырактар бири-биринин артынан жайгашса, аларды кезектүү, эгерде жалбырак саптын эки капталына бири-бирине туташ болуп жайгашса аны тушташ дейт.

Сабактын бир эле муунунан бир нече жалбырактар өсүп чыкса, анын жайгашышы шакектей, мутовкадай дейт.

Татаал жалбырак жалпы жалбырак саптан жана ага жайгашкан эки же андан көп каптал жалбырактардан турат. Алар негизги сапка кыска сап менен бекийт. Жан жалбырактар жалбырактын негизинен чыгат.

Жалбырактардын тамырлары аркылуу органикалык жана минералдуу заттардын эритмелери жүрөт. Кургакчылыкта өскөн өсүмдүктөрдүн жалбырактары өзгөрүлүп, кээ бириники-мурутчалар, кээси-жайылып кеткен саптар болуп калат.

Гүл

кыскарган, өзгөрүлгөн өркүн. Ал жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн жыныстык көбөйүү органы болуп эсептелет. Анда энелик клеткалар калыптанат. Гүл гүл сабагынан, гүл жайгашкычтан, чөйчөкчө жалбыракчасынан жана андан пайда болгон чөйчөкчөдөн, түстүү желекчелерден, энеликтерден жана аталыктардан түзүлөт. Эгерде гүлдүн энелик менен аталыгы болсо, аны эки жыныстуу (гермафродиттүү) дейт; эгер гүлдүн аталыгы гана болсо, аны эркек (бир жыныстуу) гүл, эгерде бир энелик болсо, аны бир жыныстуу, энелик гүл дейт. Гүлдөр жөнөкөй жана тармал, (көп желекчелери болгон) бирден же топ гүлгө чогулган деп бөлүнөт. Жөнөкөй гүлдөр чачыча, машак түрүндө болот. Татаал гүлдөр татаал машактай, шыпыргыдай, зонт түрүндө болот.

Гүл сабакка гүл сабы аркылуу бекийт. Гүл сабы жок гүлдү cапсыз гүл дейт, ал түз эле сабакка жайланышат. Гүл сабынын негизинде бир же бир нече жалбырак – гүл жак жалбыракчалары болот. Гүлдүн сыртын гүл чөйчөкчөсү дейт. Гүлдүн абдан түстүү бөлүгү тажычадай болгон гүл коргону.

Чөйчөкчө менен тажычадан турган гүл коргону татаал кош гүл делет. Жөнөкөй гүл коргон чөйчөкчөдөн же тажычадан гана турат.

Бир үйлүү өсүмдүктөрдө ар биринде аталык да энелик да гүлдорү же тобурчактары болот, мисалы, жүгөрү, кайың ж.б.Эки үйлүү өсүмдүктөрдө аталык жыныс органы бир өсүмдүктө, энелик жыныс органы экинчисинде болот: мисалы, тал, терек, кара куурай. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн чаңчасы энеликтин чаңалгычына келип түшкөндө чаңдашуу жүрүп, мөмө менен урук пайда болот. Ширелүү мөмөлөр-жемиштер, кургак мөмөлөр-жаңгак, кутуча, саадак.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: