Азыркы кезде биз оорулар менен күрөшүүдө жетишкендиктердин көп болгондугу басымдуулук кылган учурда жашап жатабыз. Бирок, азыр деле өсүмдүктөр менен ооруларды дарылоо жана аларды алдын алуу өз күчүндө болуп турат. Анын сыры эмнеде? Адам химиялык препараттарга караганда өсүмдүктөрдү жакшы көтөрөт, себеби алар табияттан келип чыгат. Ошондуктан, рационго өсүмдүк продуктуларын көбүрөөк кошуп, кээ бирин чийки бойдон кабыл алуу керек. Өсүмдүктөрдү консерваланганда, бышырганда алардагы биологиялык активдүү заттар бузулууга учурап азаят жана табигый касиеттери өзгөрүлөт. Чийки продуктулардын өзгөчөлүгү — алардагы витаминдер, микроэлементтер, фитонциддер, эфир майлары ж.б. пайдалуу заттардын жакшы сакталышында. Чийки жер-жемиштер менен жашылчалар профилактикалык жана дарылык касиеттерге ээ. Мисалы, жүзүм менен сабиз боор ооруларында, алма гипертония оорусунда абдан пайдалуу.

Элдик медицина боюнча жаз мезгилинде кээ бир дары өсүмдүктөрүн колдонсо абдан жакшы. Анда жаңы өсүп келе жаткан жашылча: жаш чалканды, каакымды, бака жалбыракты, сары чай чөптү, ышкынды жесе жарайт. Аларда бардык керектүү заттар бар жана зат алмашууну, тамак сиңирүүнү оңолтот.

Тамакты витаминдер жана башка биологиялык активдүү заттар менен байытуу үчүн өсүмдүктөрдү чийки бойдон гана эмес, аны кургатып, мисалы, долононун, четиндин ашын, каакымдын тамырын, ундай кылып, унга кошуп, нан бышырганда пайдаланса болот.

Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырактарын, гүлдөрүн, тамырын, пияз түбүн гарнир катары колдонсо жарайт. Каакымдын, чалкандын жалбырактарын салатка кошсо жакшы.

Ар кайсы жыпар жыттуу өсүмдуктөр (кинза, ашкөк) жашылчаларды туздаганда жана консервалаганда пайдаланса жакшы болот.

Мөмөлөр менен өсүмдүктөрдүн ширесинин дарылык касиеттери чоң. Алардын курамында биологиялык активдүү заттар өсүмдүктөрдөн кайнатылган тундурмаларга караганда 5-10 эсе көп.

Мөмөлөр, жашылчалар, өсүмдүктөрдүн ширеси- бул органикалык жана минералдуу заттар ээриген суу. Ширелердин суусу ткандарда топтолуп калбай тез эле организмден зат алмашуунун натыйжасында пайда болгон керексиз заттарды ( азоттуу шлактар, натрий туздары ж.б.) чыгарат.

Ошондуктан, ширелер бөйрөк ооруларында, жүрөк- кан тамыр жетишсиздигинде жагымдуу таасир берет. Шире алуу үчүн өсүмдүктөрдү (каакым, чалкан, бака жалбырак, теңге, гүл, беде) гүлдөгөн кезде жыйнайт.       Сыгып алынган шире 1-2 сакталат. Аны суткасына 100-120мл (жарым стакан) ичсе болот.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: