Көпчүлүк учурда бакта жана үйдүн жанында таттуу, даамдуу чоң жана кооз мөмөлөрү болгон дарак же бадалды өстүрсө жарайт. Дарылык касиети бар өсүмдүктөрду, мисалы ит мурун, бөрү карагат, чыныгы карагат, чычырканак, чие, четин, мышык тамыр, теңге гүл, ромашка ж.б. культурада өстүрсө сонун болот. Бул өсүмдүктөр витаминдерге, микроэлементтерге бай келет. Алардын курамында флавоноиддер, катехиндер ж.б. биологиялык активдүү заттар бар.

Витаминдүү жана организмдин терс таасирлерге туруктуулугун күчөтүүчү заттар организмге тамак менен кирет. Бул заттардан тышкары ичеги-карындын функциясын жөнгө салуучу өсүмдүк талчалары, флавоноиддер, фитонциддер да кирет. Эгерде алар жетишсиз болсо функциялык бузулуулар пайда болуп, андан кийин органикалык өзгөрүүлөргө алып келүүчү оорунун өзү да келип чыгат. Туура тамактануу-оңой эмес. Эт, нан, сүт кабыл алынса да, аны менен организмге керектүү витаминдер жана микроэлементтерди тиешелүү таблетка, драже менен толуктоо жарабайт. Ал үчүн түрдүү жашылча, жер-жемиштерди, жыпар жыттуу өсүмдүктөрдү жеш керек. Ошондуктан, үйдүн жанында, дачада же бактын ичинде белгилүү участокко витаминдерге бай мөмө берүүчү өсүмдүктөрдү (ит мурун, чычырканак, четинди) өстүрүү зарыл. Мисалы, кургатылган ит мурундун 100 граммында 1000-1800 мг % С витамини, б.а. 20 суткалык доза болот экен.

Ит мурун, карагат, чычырканак, алманын жалбырактары абдан сонун витаминдүү чай, мындан тышкары анда фитонциддер, ийлөөчү заттар, сезгенүүгө каршы заттар да көп болот. Алардын жалбырактары менен күкүмүн сорпого кошсо да сонун. Күзүндө болсо шире, компот, варенье жасаса жарайт.

Алмурут, алма, кара өрүк, малина, кулпунайдын таттуулугун фруктоза камсыз кылат, аларды диабет менен жабыркагандар жесе деле болот.

Негизинен мөмолөрдү, эртең менен жыйнайт, алар анда таттуу жана пайдалуу заттарга бай келет.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: