Бөлөгу 6. Кээ бир пайдалуу жана дары өсүмдүктөр жөнүндө кыскача маалымат

Абрикос

кадимки өрүк. Бийиктиги 3-8м-ге жеткен роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмөлүү дарак. Анын 8 түрү бар. Алардын ичинен кадимки өрүк абдан баалуу. Аны — ден соолуктун мөмөсү дейт. Абрикостун сөңгөгүнүн диаметри 30см ден ашуун, кабыгы боз күрөң, картайган дарактарда узунунан келген жаракалар болот: жалбырактары чоң, кезектүү, жумуртка сымал, учу ичкерээк, кыры майда арадай, сабактары кызыл-кочкул. Дарак март-апрелде гүлдөй баштай, гүлдөрү жалбырактарынан мурда ачылат. Гүлдөрү бирден, чоң, мала-кызыл, бир энелик, көп аталыктан турат. 3-4 жылдык болуп жетилгенде мөмө байлайт. Мөмөсү июнь-августта бышат. Мөмөлөрү тегерек – кырдуу баркыттай сары-кызгылт, даамы таттуу алардын салмагы 10-70г. Абрикостун данеги – овалдуу-ланцеттей, уругу жалпак, мала-күрөң, таттуу же ачуу. Республикада жергиликтүү дарактардан негизги орундарды ээлейт. Бактарда өстүрүлөт. Жапайы түрү Кеминдин, Түштүк Кыргыз, Чаткал, Фергана кырларынын этектеринде өсөт.

Дүйнөдө эң даамдуу, таттуу абрикостор республиканын түштүгүндө – Баткен аймагында кеңири өстүрүлөт. Абрикоско аарылар көп келет, анын нектарынан тышкары алар чаңчасын жыйнайт.

Кадимки өрүктө 4,7-27% кант, пектин заттары, органикалык кислоталар, ийлөө заттары, аскорбин кислотасы, В1, В2, В15, Р, РР витаминдери минералдык туздар бар, каротин (А провитамини) көп. Абрикосто өзгөчө калий көп, бышкан өрүктө ал 305, кургатылганында 177мг %-ти түзөт. Кургак абрикосто 75-80% кант болот. Данегинде 58%-ке чейин кургабаган өсүмдүк майы бар. Мындан тышкары данегинде В15 витамин болот. Данектин ачуулугун гликозид амигдалин берет. Абрикостун данегинен абрикос май чыгарылат, анда амигдалин жоготулат.

Абрикостун мөмөсүн бышкан кезде же кургатылган түрдө жесе жакшы. Андан варенье, ширелер, компоттор даярдалат. Кургатылган, данегинен ажыратылган абрикос (курага) жогорку калориялуу болот. Аны суткасына 100-150 граммдан организмди чыңдоо каражаты катары, катуу ооругандан кийин, кош бойлуулукта, балдарга берсе сонун.

Жүрөк — кан тамыр ооруларында абрикос абдан пайдалуу. Себеби андагы калий көп болгондуктан, ал кандагы натрийдин ашыгын чыгарып, зааранын чыгышы оңолот. Кургак абрикос ич катканда ичти да жумшартат. Кургак өрүктү жөн деле жейт, же андан компот, кисель кайнатса болот, сорпо да бышырса жарпайт. Ал үчүн кургак өрүктөн 1 бөлүк , 1 бөлүк кант жана 2 бөлүк күрүч алса туура болот.

Абрикосту кургатканда 4 кг бышкан абрикостон 1 кг кургагы чыгат, көп убакыт бою сакталат. Көпчүлүк учурда өрүк күндө кургатылат. Ал үчүн абрикосторду суу менен чайкап, экиге бөлүп, данегин чыгарат. Андан кийин аларды 10-12 минутага лимон кычкылынын эритмесине салат (1 стакан сууга 2 чай кашык лимон кычкылы туура келет). Ал убакыт өткөндөн кийин калбырдай тешиги болгон идиштерге жайып, күнгө 3-4 күн кургатып, андан кийин бардыгын бириктирип, көлөкө жерде кургатат.

Абрикос темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулукта, гипо- жана авитаминоздо сунушталат. Абрикосто кант көп болгондуктан кант диабетинде жегенге жарабайт. Данектен алынуучу абрикос майы кээ бир дарыларды, бет майларды жасоодо пайдаланылат. Бышкан абрикосту косметика маскасы үчүн колдонсо жарайт.

Абрикостон чыккан чайыр кээ бир дарылардын курамына кирет. Чайырды апрель-августта жыйнайт. Желдетилген сарайларда, кабаты 2-3 см кылып кагазга жаят. Кургак сырье саргыч, тунук кесиндилер, даамы таттуу келет. Данегинин катуу кыртышы активдештирилген көмүр жана жогорку сапаттагы боёкту чыгарууда пайдаланылат.

Ак кайың

эл суйгөн популярдуу дарак. Анын бийиктиги 20-25м, бутактары салаңдап турат, кабыгы ак, жылма болот. Жаш кызыл-күрөң бутактары чайырлуу сөөлдөр менен капталган. Гүлдөрү эки жыныстуу, сөйкөдөй болуп чогулган. Аталык сөйкөлөрү бутактардын учунда 2-4 чачыча болуп жайгашкан. Энелик сөйкөлөрү – бирден, аталыктан эки эсе кыска, четки кыска өркүндөрдө жайгашкан. Мөмөсү – канаттуу данектер. Ак кайың апрель – майда гүлдөйт, мөмөсү август-сентябрда бышат.

Дарылык максатта негизинен ак кайыңдын бүчүрлөрү, кээде жаш жалбырактары колдонулат. Бүчүрлөрү эфир майларына бай келет. Ошондой эле, анда флавоноиддер, ийлөө заттары, чайырлар, С витамини, сапониндер ж.б. заттар бар. Жалбырактарында ийлөө заттары, чайырлар, С витамин, каротин эфир майлары, ж.б. организмге пайдалуу заттар табылган.

Ак кайыңдын бүчүрлөрү февраль-март айларында ачыла электе жыйналат. Кышында январь-февралда да жыйнаса жарайт. Ал үчүн жаш бутактарын кыйып алып, аны боолоп, караңгы жерге бүчүрлөр барсайганча сактап, кийин 3-4 жума кургатат. Андан кийин ал боолорду таптап, бастырып, силкип, же бүчүрлөрдү терип алып, ар кайсы кошундулардан тазалап, кагаз пакеттерге салып коёт. Бүчүрлөрдүн сактоо мөөнөтү – 2 жыл.

Ак кайыңдын бүчүрлөрү негизинен заара айдама каражаты катары табарсык сезгенгенде, ак шишикте, өт баштыкчасы менен өт жолдорунун сезгенүү ооруларында, тердетүүчү, жаратты айыктыруучу каражат катары колдонулат.

Ак кайыңдын жалбырактарынын таасири анча күчтүү эмес. Жалбырактарды ак кайың гүлдөгөндө терсе сонун, алар ошол убакта жыттуу, жабышкак, микробдорду өлтүрүүчү фитонциддерди көп чыгарат. Аларды тез эле кургатуу зарыл. Ак кайыңдын ширеси таттуу жагымдуу келет. Ал эрте жазда кар ээриген кезде 15-20 күндүн ичинде алынат. Дарактын сөңгөгүн стамеска менен үч бурчтуу тешик кесип, анын жогорку бурчун ылдый каратып чыгарат.

Ага калайдан кобулча киргизет. Ширени алгандан кийин дарактагы жараны мырза карагайдын чайыры, мом, пластилин менен чаптап коет. Диаметри 25-30см болгон ак кайыңдан орто эсеп менен суткасына 40-45л шире алса болот. Саат 12 ден 18-ге чейин ал көп чыгат экен. Ширени токойдо кыюу пландаштырылган ак кайындардан алса болот. Ичке, жаш ак кайыңдардан шире чыкпайт.

Ак кайыңдын ширесинде фруктоза, органикалык кислоталар, витаминдер, микроэлементтер ж.б. пайдалуу заттар бар. Өзгөчө жаз айларында мындай заттар организмге өтө керектүү. Ошондуктан ак кайыңдын ширесин системалуу түрдө ичсе ал организмди чыңдап, тонусун жогорулатат. Ак кайыңдын ширеси витаминдердин жетишсиздигинде, бронхитте, туберкулездо, ревматизмде, бөйрөк менен табарсыкта таш пайда болгондо, аз кандуулукта, ангинада, чыйкан чыкканда, ак шишикте сунушталат.

Ак кайыңдын ширеси менен башты жууганда чачтар түшпөй калат жана өсө баштайт. Косметика өндүрүшүндө ак кайыңдын ширеси лосьондорду чыгарууда пайдаланылат. Бетке безетки чыгып же анда пигменттүү темгилдер пайда болсо, бетти ак кайыңдын ширеси менен аарчып турса жакшы болот.

Ак кайыңдын бутактарынан шыпыргы жасап, мончодо колдонсо булчуңдар, муундар ооруганда жардам берет жана бутактагы жалбырактардан чыккан жыпар жыттуу ис организмди чыңдайт, сеп алдыртат, дем алуу органдарына жакшы таасир этип, какырыкты чыгарууга жакшы жардам берет.

Алмурут

мөмөлүү дарак. Бардык жерде культурада өстүрүлөт. Алмуруттун мөмөсүндө 10% канттар, 0,3% ийлөөчү заттар, 2,6% клетчатка бар. Алмурут жаңыдан үзүлгөн, кургатылган, консерваланган түрдө, ошондой эле варенье, повидло түрүндө колдонулат. Анын ширеси заара айдама касиетке ээ болгондуктан, заара жолдорунда таш пайда болуу оорусунда сунушталат. Ошондой эле кургатылган алмурутту кайнатып жөтөлгөндө, ич өткөндө, эт ысыганда ичсе жакшы.

Амарант

— амаранттар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийиктиги 20-100 см келген бир жылдык чөп. Жалбырактары жөнөкөй. Гүлдөрү эки жыныстуу, жалбырак колтугунда топтолушкан. Мөмөсү бир уруктуу, кутуча. Амаранттын кээ бир түрлөрү өсүмдүктөр катары гүлзарларда, парктарда өстүрүлөт. Малга сонун тоют болот.

Медицинада амаранттын уругунан чыгарылган май колдонула баштады. Ал сезгенүүгө каршы, жараатты айыктыруучу касиеттерге ээ. Амаранттын майы гастритте, карын жана он эки эли ичегинин жарасында колдонулат.

Анжир

тыттар тукумундагы мөмөлүү дарак. Анын жаңы бышкан мөмөлөрү аскорбин кислотасы, В12 витаминдерге, минералдык заттарга (калий, кальций, магний, фосфор, ж.б.) бай келет. Канттардын (глюкоза, фруктоза) өлчөмү 20-30% ке жетет. Ошондой эле инжирдин мөмөсүндө пектин заттары, клетчатка бар.

Анжирдин мөмөсү — таттуу продукт. Ал жаңы бышкан кезде, кургатылган түрдө колдонулат. Анжирден варенье, джем, конфет, вино чыгарылат. Кургак мөмөсүндө 70% ке жакын кант болот. Анжир жүрөк-кан тамыр ооруларында, аз кандуулукта абдан керек. Тамак сиңиртүүчү касиетке ээ, ич катканда ичти жумшартат.

Анис

кадимки анис. Бийиктиги 60см-ге жеткен бир жылдык чатырдуулар тукумундагы өсүмдүк. Анын сабагы издүү тегерек, тамырдын башындагы жана астынкы сабактарынын жалбырактары узун саптуу, тегерек, бөйрөктө, жогорку жалбырактары эки ирет канаттай татаал, башкы жалбырактары үчүлүк татаал.

Сырьесу — анистин бышып жетилген мөмөлөрү (уруктары). Өсүмдүктү чалгы менен чаап алат, кургатып, бастырылат жана кошундулардан тазаланат.

Анистин уругу жумурткадай же алмурут сымал, өзүнчө бөлүнбөйт, узундугу 3-5 мм, туурасы 2-3мм. Уруктун учунда беш тиштүү чөйчөкчө бар, негизинен түбүндө көп учурда чатырдын нурунун калдыгы жабышып турат. Уруктун сыртын кыска түк баскан, даамы таттуурак, жыпар жыттуу келет.

Анистин уругунда 3,2% эфир майы бар. Анын курамына анетол (80-90%), анис альдегиди, анис кислотасы кирет. Анистин уругунда 28% өсүмдүк майы бар, ал -3°С-да тоңот. Анистин уругу какырык чыгаруучу касиетке ээ, ошондуктан анистин эфир майы нашатыр – анис тамчылары жана эликсир жасоодо колдонулат.

Арча.

Арчалар тукумунан. Дайыма көгөрүп туруучу дарак. Бийиктиги 1-12 м. Жалбырактары майда катуу, ичке бутактарга тыгыз жабышып, түрпүчүлөр түрүндө болот. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт, уруктары томолок келген тобурчактарынын ичинде жайгашат. Тобурчактын өңү кара-көк, үстү боз нерсе менен капталган. Тоо беттеринде, бадалча түрүндө таралган. Кыргызстанда арчанын ар кайсы түрлөрү – жапалак арча, сары арча, кара арча ж.б. өсөт. Сырье катары арчанын татуу, жыпар жытуу тобурчактары күзүндө жыйналат, көлөкө жерде кургатылат. Химиялык курамында канттар (40%ке чейин), юниперин гликозиди, флавононддер, чайырлар (95%-ке чейин), органикалык кислоталар, ийне жалбырагында — аскорбин кислотасы көп. Тобурчактарын кайнатын ичсе тамакка мейил тарттырат, заараны айдайт. 50 г тобурчакты 1 стакан сууга кайнатып, чыпкалап, ага бир аз кант кошуп, дагы кайнатып, 1 чай кашыктан тамакка чейин 3 маал ичсе тамакка мейил тарттырат. 100 г тобурчакты 1 литр cууда кайнатып, ага кол-бутту малып отурса кызыл жүгүрүктө, муундардын сезгенишинде жардам берет.

Аш көк

— чатырдуулар тукумундагы жыпар жыттуу бир жылдык өсүмдүк.

Сабагы түз, 50-100см, бийик, жылма, кочкул жашыл, ак тилкелери бар; жогорку жагы бутакталган, көк- жашыл түстө. Жалбырактары канаттай татаал, ичке, жипчедей. Гүлдөрунүн көрүнүшү чатырга окшогон топ гүл, алардын топ гүлдөрү өзүлөрүнүн гүл сапчалары менен башкы кыска гүл саптын учуна нур сыяктуу жайгашкан. Гүлдөрү мала сары түстө. Июнь-июлда гүлдөйт, уругу 5-6 мм, сары күрөң. Сырье катары уругу жыйналат. Бардык жерде культурада өстүрүлөт. Байыркы эле кезде аш көк жыпар жыттуу жана дары өсүмдүгү катары колдонулуп келген.

Аш көктүн жашыл жалбырактары менен сабагында С, В, В2, Р, РР, Е витаминдери бар. Аш көктүн уругунда 2,5-4% эфир майы, 10-20% өсүмдүк майы, протеин, ж.б. болот.

Аш көк ичеги-карындын түйүлүп ооруганда жакшы жардам берет. Ичегидеги чириткич процесстерди азайтып, ич көпкөндү басаңдатат. Аны менен бирге аш көк артериялык кан басымды төмөндөтөт. Заара айдама, какырык чыгаруучу да касиетке ээ. Аш көк тамакка татымал катары колдонулат. Элдик медицинада аш көктүн уругун кайнатып, анын тундурмасы тамакка мейил тарттыруу, тамак сиңирүү үчүн, сеп алдырма, ич көпкөндү басаңдатуучу, ошондой эле эмчек эмизгендердин сүтүн көбөйтүүчү каражат катары кеңири колдонулат.

Аш көктүн тундурмасын кантип даярдайт. Жанчылган аш көктүн уругунун 1 аш кашыгынын үстүнө 0,5л шаркырап кайнаган суу куюп, 15-20 минута термоско куюп же идишти жылуудап ороп коюу керек. Андан кийин аны чыпкалайт. Күнүнө 3-5 маал Ѕ стакандан тамакка 15-20минута калганда ичсе жакшы. Бир жумадан кийин 3-4 күн дем алып, андан кийин кайра кайталаса жарайт.

Аш кызылчасы.

Эки жылдык, түбү жоон өсүмдүк. Жалбырактары чоң, маңыздуу болот. Бардык жерлерде эгилет. Анын тамырында белоктор (клетчатка темир) иод, аскорбин кислотасы, В, В2, Р, РР витаминдери, фолий кислотасы бар. Жалбырагында аскорбин кислотасы, каротин, бетаин бар. Аш кызылчанын бардык бөлүктөрү тоют катары малга берилет. Ар бир гектарынан 150-500 ц түшүм берет.

Аш кызылчадан даярдалган ар түрдүү тамак – аштар мүнөздөп тамактанууда кеңири колдонулат. Андагы клетчатка менен органикалык кислоталар ичеги- карындын иштешин оңолтот. Витаминдердин тобу андагы темир менен бирдикте аз кандуулукта чоң жардам берет. Ошондой эле аш кызылчасы атеросклероздо гипертония оорусунда, боор менен бөйрөк ооруларында абдан пайдалуу болот.

Базилик

райкан — эрин гүлдүү тукумундагы бадал же бадал сымал өсүмдүк. Анын 150гө жакын жапайы түрү бар. Мелүүн климаттуу райондордо эфир майын алуу үчүн айрым түрү өстүрүлөт. Гектарынан 40-80 ц жашыл масса алса болот. Базилик гүлдөгөнгө чейин жыйналат. Базилик катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жер семирткичтер менен азыктандырылат. Тамак-ашка базилик татымал катарында пайдаланылат.

Жанчып майдаланган кургак базилик жагымдуу кычкыл даамдуу, аны ар түрдүү тамак-ашка кошсо жакшы. Базиликтин жалбырагында Р витаминдин булагы рутин дана А провитамини көп. Ич көпкөндө жакшы жардма берет. Базиликке уксус менен туз, cуу кошуп кайнатып, бүйлөөлөр сезгенде оозду чайкаса жарайт.

Бадам

роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак же бадал өсүмдүгү. Гүлү ак же кызгылт,данеги ширин, анда 54% май, 21% азоттуу, 13% азотсуз заттар бар. Токойдогу кээ бир бадамдын данеги ачуу болот. Ал амигдалин деген уулу заттын көп болгондугу менен байланыштуу. Ар гектарынан 400 кг-га чейин түшүм алынат. Айрым дарагынан 10 кг дан ашуун таттуу данек алууга болот. Кондитер өнөр жайында данеги пайдаланылат. Мындан тышкары бадам (миндаль) майы да чыгарылат.ал косметикада колдонулат.

Барсылдак, крыжовник.

Бийиктиги 130см-га жеткен бадал. Жаш бутактары тикендүү, жалбырактары татаал, сабагына кезектешип жайгашат. Гүлдөрү мала көк, 2 жыныстуу, 5 мүчөлүү. Топ гүлү чачы, кээде жалгыздан болот. Мөмөсү-жемиш, көп уруктуу, андан кыям, вино жасалат. Кыргызстанда өстүрүлөт, вегатитивдик жол менен көбөйөт.

Дарылык максатында мөмөлөрү пайдаланылат. Барсылдактын мөмөмлрүндө 10% ке жакын канттар( фруктоза, глюкоза, сахароза), органикалык кычкылдар ( негизинен лимон кычкылы), 1%-ке жакын пектин заттары. Барсылдактын мөмөлөрү С,В,Р витаминдерине бай келет. Андан тышкары темир, жез, фосфор ж.б. макро-жана микроэлементтер бар. Барсылдактын өзүн жесе жакшы. Ошондой эле варенье, джем, мармелад, шире, конфет жасоого жарайт.

Бий алма. Айва.

Бийиктиги 1,5-7м болуп өскөн мөмөлүү дарак. Бий алманын мөмөсүндө 12% фруктоза, глюкоза, алма, лимон кычкылдары, пектиндер, аскорбин кислотасы, микроэлементтер(темир, жез ж.б.) бар. Бий алма бышырылган, консервацияланган түрдө колдонулат. Бий алманын мөмөсүнүн кыртышындагы эфир майлары тамакка абдан жагымдуу жыт жана кычкылыраак даам берет. Жаңы үзүлгөн бий алмадан шире чыгарып аны аз кандуулукта колдонсо жакшы жардам берет. Бий алманын оозду куруштуруучу (камаштыруучу) таасири бар.

Бий алманын уруктарын жанчып, үстүнө кайнак cуу куюп чайга окшош демдеп ичсе жөтөлдү жумшартат. Ошондой эле, ошол чай менен бетти жууса, тери жумшарат, тазаланат. Мөмөсүнөн жасалган варенье боор ооруларында жакшы жардам берет, көп кусканда да пайдалуу.

Бөрү карагат.

Бөрү карагаттар бийиктиги 3 метрге жеткен түп тамыры чоң бадал.Негизги тамырынан бутактар кетет. Эски сабагы боз, жашыл-саргыч, боз-саргыч, бутактарында үч же беш бөлүктүү тикендери бар. Кыскарган өркүндөн 2-12 жалбырак чыгат. Гүлү узундугу 3-6 см болгон 15-30 сары гүлдөрү топтолгон ылдый түшкөн чачы, мөмөсү – тегерек же алмурут сымал, кычкыл, кочкул, кызыл. Анда эки узун күрөң уругу болот. Таштуу жерде, cуунун жээгинде, ийне жалбырактуу токойлордон арасында өсөт. Мөмөсүн сентябрь- октябрда, тамырын – кеч күздө, жалбырагын –май- июнда, кабыгын – эрте жазда жыйнайт. Химиялык курамында канттар , органикалык кислоталар, боёочуу заттар, минерал туздары витаминдер бар. Чала бышкан данында, жалбырагында, тамырында, кабыгында анын негизги заты берберин деген алкалоид топтолот. Жалбырагында витамин Е жана эфир майы болот. Бөрү карагаттын мөмөсү тамакка мейил тарттырат, сеп алдырат. Сезгенүүгө каршы, өт айдама касиети бар. Бөрү карагаттын жалбырагынын настойкасы боор ооруларында, төрөттөн кийинки кан агууну алдын алууда, жатындын сезгенишинде колдонулат. Өт жолдору сезгенгенде өттү айдайт, тамырынын кабыгын кайнатып боордун ооруларында ичсе жарайт. Элдик медицина аны ичеги-карын ооруларында, кызыл жүгүрүктө колдонот.

Мөмөсүнөн ар түрдүү тамак-аш продуктулары (ширелер, сироптор, винолор, вареньелер) чыгарылат.

Гүлкайыр

дары гулкан- көп жылдык, чөптүү өсүмдүк. Анын негизги тамыры жоон, андан эттүү четки тамырлар чыгат. Сабактары бирден же бир нече, түз, цилиндрдей, бутактары аз, төмөнкү жагында дарактай катуурак, узундугу 100-150см. Жалбырактары бири-бири менен туш келген жалбырак сабында, жогорку жалбырактары жумуртка сымал, үч-беш айчыктуу, баркытка окшош жумшак гүлдөрү сабактын башында жана жогорку жана ортоңку жалбырактардын колтугунан чыгат. Гүл сабы кыска. Гүлдөрү ак же мала кызыл, 8-12 жалбырактан турат. Мөмөсү- жалпак, диск сымал көп уруктуу – 15-25 уругу бар. Арыктардын, көлмөлөрдүн, каналдардын жээгинде, бадалдардын арасында өсөт. Аны гүлдөгөн кезде күзүндө же жазында чаап алат. Тамырларын топурактан жана майда тамырларынан тазалап 2-3 күн абада көлөкө жерде кургатып, андан кийин катуу пробка кабыгынан тазалайт. Чоң тамырларды узундугу 15 см, аны узатасынан 2-4 бөлүккө кесип, кургаткычка 50-60°С-да кургатат же күн тийбеген жел жүргөн сарайда кургатат. Чөбү бүтүн катып калбаган абактары менен жалбырак, гүлдөрү аралашкан. Жалбырактарынын узундугу 2-10 см, туурасы — 1-9 см. Гүлдөрү сабактын башында жана жогорку жана ортоңку жалбырактардын колтугунда чогулган. Сабактардын жоондугу 8мм-ден көп болбойт. Майдаланган чөптүн өлчөмү 5 см ден көп болбойт. Тамырдын кесиндилери цилиндр сымал, узундугу 35 см, жоондугу 2 см-ге чейин. Гүлкайырдын тамырынын түсү ак, саргыч ак болот. Тамырды сындырганда чаңдайт (крахмал), суу тийсе — килкилдейт. Жыты ансыз. Даамы таттуу, килкилдек.

Химиялык тутуму. Гүлкайырдын чөбү менен тамырында полисахариддер (глюкоза, арабиноза ж.б.) көп. Мындан тышкары 37%ке чейин крахмал, аспарагин, бетаин, пектин ж.б. бар.

Негизинен гүлкайырдын тундурмалары (настой) какырык чыгаруучу, сезгенүүгө каршы дем алуу жолдорунун ооруларында (бронхит, трахеит), ошондой эле ичеги-карын ооруларында (гастрит, колит, ич өткөктө) колдонулат.

Чөбүнөн мукалтин аттуу препарат чыгарылат. Ал какырык чыгаруу үчүн дем алуу жолдорунун катуу кармаган сезгенүүлөрүндө колдонулат.

Дарбыз, арбуз.

Аш кабак тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк. Түсү мала кызгылт, кызыл, кочкул кызыл. Негизинен дарбызда канттар (фруктоза), В1, В2, РР витаминдери, аскорбин жана фолий кислотасы, каротин, пектин заттары, клетчатка бар. Данегинде өсүмдүк майы табылган. Дарбыздын салмагы 0,6-16 кг болот. Гектарынан 150-300 центнер түшүм алынат.

Дарбызда шире көп болгондуктан, cуусунду кандырат. Дарбыз, дарбыздын кабыгы заара айдама касиетке ээ. Ошондуктан, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк ооруларында кеңири колдонулат. Дарбыздын ширеси организмден ашык cууну чыгаргандан башка, организмди оңой сиңирилүүчү канттар менен камсыз кылат. Дарбызды кант диабети, аз кандуулук менен ооругандар жесе жакшы.

Долоно

роза гүлдүүлөр тукумундагы уруусундагы бадал же дарак. Өркүнү тикендүү, жалбырагы жөнөкөй. Гүлдөрү ак, топ гүлү калканча же чачы сыяктуу. Ашы сүйрүү же тоголок. Өңү көбүнчө кызыл, кызгылт сары же кара. Долононун мөмөсү менен гүлүндө флавоноиддер, органикалык кычкылдар, каротиноиддер, ж.б. биологиялык активдүү заттар бар. Мөмөсүнөн экстракт жасалат. Ал жүрөк, гипертония, ооруларын, неврозду алдын алуу жана дарылоодо колдонулат. Мөмөлөрү кургатылгандан кийин кургак салкын жерде сакталат.

Дүлөй чалкан.

Эрин гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүгү. Анын сабагы жашыл, түз, ачаланган, бийик. Астыңкы жалбырактары тегерек же жумуртка сымал, беш ачалуу, ортоңкусу эллипс сымал же үч ачалуу,түктүү, саптуу, үстү кочкул жашыл, асты малаа жашыл. Гүлдөрү эки эриндүү: жогорку эрини-кызыл, астыңкысы сары, гүл жан жалбырагы тикендүү. Июнь айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Адырларда, тоонун этегинде өсөт. Гүлдөгөн учурда чөбү терилет. Химиялык тутумунда алкалоиддер, ийлөө заттары, эфир майлары, флавоноиддер (кверцетин, рутин), витаминдер (А,С) бар. 70% спиртке чылап жасаган тундурмасын невроз, гипертониялык оорусунда, миокардитте колдонсо болот. Ошондой эле чайга окшош демдеп ичсе болот. Ал үчүн 15 минута демдеп, 45 минута муздатып, чыпкалап, 1/3 – 1/2 стакандан күнүнө 1-2 маал, тамакка 1 саатка чейин чсе болот. Бул чай 2 сутка гана сакталат.

Жаңгак

– жаңгак тукумундагы дарак. Бийиктиги 20-30м, сөңгөгүнүн диаметри — 1,5м. Шагы коюу, жалбырагынын узундугу 20-40 см, мөмөсү данектүү, тоголок же сүйрү.

Сырьё катары жаш жалбырактарын чогултса болот. Алар кадимки эле температурада же кургатуучу аппаратта 35град.С-да кургатылат. Жаңгактын ядросу тамак үчүн пайдаланылат. Анда 45-77% май, 8-21% белок жана А,В,С витаминдери, каротин, пектин ж.б. биологиялык активдүү заттар көп. Жалбырагында 4-5% ийлөө заттары, эфир майы, ачуу заттар, пектиндер ж.б. заттарга бай келет.

Жалбырактардын негизги ийлөө жана сезгенүүгө каршы таасири бар. Ошондуктан, жалбырактардан кайнатма (настой) жасап бүйлөлѳр сезгенгенде оозду чайкаса болот. Сөөлдү жоготуш үчүн жаңгак жалбырагы менен тармал аш көктүн тамырын кайнатып, сөөлдүн үстүнө компресс жасаса жакшы болот экен. Жаңгактан жаңгак майы чыгарылат.

Жүзүм

— жүзүмдөр тукумундагы өсүмдүк уруусунан, жармашып, чырмалып өсүүчү көп жылдык өсүмдүк. Негизинен жылуу климаттуу зоналарда таралган. Тамыры түптүү, сабагы жоон, кыска, жалбырагы жазы, сабагына кезектешип чыгат. Гүлү майда жашыл. Мөмөсүндө 1 уурусу бар. Айрым сорттору ( кишмиш) — уруксуз.

Жүзүм жаңы үзүлгөндө жана кургатылган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Андан шампан, шарап, коньяк, шире, компот, мейиз, мармелад ж.б. жасалат. Мөмөсүндо 65-85% суу, 10-33% кант, 0,5-1,4% органикалык кычкылдар, 0,9% белок, 0,3-0,5% минерал заттары, ошондой эле С, В жана В2 витамини, А провитамини болот. Жүзүмдүн 80%-и кайра иштеп чыгарууга, 5% и как жасоого кетет, 15%-и жаңы үзүлгөндө желет.

Жүзүмдүн мөмөсү менен ширеси заараны жакшы айдайт, тердетет жана ичегинин иштешин оңолтот. Ошондой эле алар боор ооруларында, атеросклероздо, гипертонияда, аз кандуулукта сунушталат.

Жүгөрү, маис

– дандуулар тукумундагы бир жылдык өсүмдүк түрү. Анын бийиктиги 50-80 см ден 5-6 м-ге чейин жетет. Тамыры тарамдуу, жерге 100-150 см кирет. Жылуулукту көп керектейт. Күзгү суукту көтөрө албайт. Жүгөрү — баалуу өсүмдүк. Анын данында 9-12% белок, 4-6% май, 65-70% углевод жана A — провитамини бар. Жүгөрүдөн ун, акшак жасалат. Пиво, спирт жана консерва өнөр жайында кеңири колдонулат.
Жүгөрүнүн чачысында ар түрдүү биологиялык активдүү заттар (ситостерин, май, эфир майы, чайырлар, К, В1, В2, В6, Д, Е витаминдери ж.б.) бар.

Жүгөрүдөн чыгарылган май атеросклерозду алдын алууда жана дарылоодо колдонулат, ошондой эле жүгөрүнүн майы, чачысынын маңызы өт айдама касиетке ээ. Жүгөрү майында Е витамини көп, ал тери ооруларын дарылоодо колдонулат.

Зире

– бийиктиги 30-100 см болгон эки жылдык же көп жылдык чатыр гүлдүүлөр тукумундагы чөптүү өсүмдүк. Сабагы жылма түз, бутакталган. Жалбырактары кезектүү, канаттай татаал жалбырак. Топ гулү – татаал чатыр. Желекчелери 5, ак же мала кызыл. Уругу узунча же кыска эллипс сымал, эки сүйрү бир уруктуу мөмөгө бөлүнөт. Май-июлда гүлдөйт. Тоолордо, жайлоодо өсөт. Өлкөдө ар кайсы райондордо остүрүлөт. Сырьё катары зиренин уругу жыйналат.

Зиренин уругунда 3-7% эфир майы, 15% өсүмдүк майы, 10-20% белок заттары, 4% ийлөө заттары ж.б. бар.

Негизги таасири: тамакка мейил тарттырат, ич көпкөндө жардам берет, өт айдама касиети бар. Эмчек эмизгендердин сүтүн көбөйтөт, заара айдайт, какырыкты чыгарат. Сеп алдырма касиетке да ээ.

Колдонуу ыкмасы: Жанчылган 2 чай кашык зиренин үстүнө 1 стакан (200мл) кайнак суу куюп, бор этип кайнатып, 15-20минута демдейт. Муздагандан кийин чыпкалап, бир күндүн ичинде бөлүп ичет.

Зире жыпар жыттуу татымалдарга кирет. Жанчылган зирени салаттарга, паштеттерге, капустага, сорпого, этке, быштакка себелеп кошсо жакшы. Ошондой эле , нан бышырганда камырга кошулат. Жалбырактары салатка, сорпого салынат. Зиренин уругу ликёр-арак өнөр жайында, парфюмерияда, самын жасаганда пайдаланылат.

Ит мурун

– бийиктиги 2-3 метрге жеткен тикендүү бадал. Сабагында көптөгөн орок сымал тикендер болот. Жалбырактары татаал, элипске окшош тиштүү. Гүлдөрү бир-бирден, же 2-3төн сабакчалардын башында жайгашкан. Гүлдөрүнүн желекчеси — мала кызыл, ак же сары түстө болот. Мөмөсү күрөң, кызгылт жаңгак сымал, борбордук бөлүгү – жайылган гүл жайгашкычы. Бадалдардын арасында, чөптүү жерде өсөт.

Сырьёсу – кочкул кызыл түстөгү бышкан мөмөлөр (ит мурундун ашы). Ал кургатылат. Ит мурундун ашында канттар, пектиндер, органикалык кычкылдар, флавоноиддер ж.б. биологиялык активдүү заттар (витаминдер, В1. В2, P , PP, каротин, темир, марганец, фосфор, кальций, магний бар.

Ит мурундун ашы С жана Р витаминдеринин жетишсиздигин алдын алууда ичсе жакшы.

Өт айдама касиети бар. Ошондуктан ал холосас деген дарыны чыгарууда пайдаланылат. Ит мурундун уругунан ит мурун майы иштетилип чыгарылат. Андай май жараны айыктыруучу касиетке ээ.

Ит уйгак.

Бийиктиги 1 метрге чейин жеткен татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп бутактуу бир жылдык чөп. Жалбырактары татаал, үч – беш бөлүктүү, сабагында тушташ жайгашкан. Себетинин жээгиндеги гүлү тилчедей, ортоңку гүлү түтүкчөдөй сары же ак, 2 жыныстуу. Топ гүлү шыпыргыдай же калкандай. Мөмөсү – урукча. Июль – сентябрда гүлдөйт. Ит уйгак Кыргызстанда кеңири таралган. Ал өрөөндөн бөксө тоолорго чейинки көлмөлөрдүн, арыктын жээктеринде, негизинен нымдуу жерлерде өсөт.

Ит уйгактын чөбү гүлдөгөн мезгилде жыйналат. Химиялык курамында былжырлар, ачуу заттар, эфир майлары, флавоноиддер, каротин, аскорбин кислотасы, ийлөө заттары, микроэлементтер (өзгөчө марганец) бар.

Ит уйгакты чайга окшош демдеп тамак сиңирүү үчүн, итийде, муундун сезгенишинде, боор, көк боордун жана тери ооруларында ичүүгө колдонсо болот. Ошондой эле тердетүүчү жана заара айдама касиети бар. Мындай чай менен бетти жууса, денени сүрсө болот, аны ваннага кошсо жакшы. 4 аш кашык майдаланган ит уйгактын чөбүнүн үстүнө 1 литр суу куюп, 15 минута демдеп, 45 минута муздатып, чыпкалап 1 аш кашыктан күнүнө 3-4 жолу ичүү керек.

Какым.

Бийиктиги 20-50см. болгон көп жылдык чөп. Тамыры жоон, анын диаметри 2 см. Жалбырактары: тамырга жакыны ланцеттей, астыңкы бети желедей, негиз жагы ичке болот. Алар розеткага чогулган. Жалбырактары чоңдугу боюнча айырмаланып турат, алардын түбүндө cуу аккыч кобулча бар; анын жардамы менен жаан жааганда өсүмдүккө cуу барып турат. Гүл сабакчасы 30 см-дей, түтүк. Эң башында гүл пайда болуучу сабактын учунда табак сыяктуу болуп бүткөн бетинде диаметри 3-5 см болгон жалгыз гүл жайланышат. Гүл алтын сары түстө, татаал гүлдүүлөр тукумуна кирет. Какым массалык түрдө апрель, май айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Уругу –күрөң урукча, узундугу — 3-5 мм, ага ак жумшак түктөр (парашюттар) жабышкан.

Какым бардык жерде өсө берет. Дары катарында анын тамыры колдонулат. Элдик медицинада жалбырактары да пайдаланат. Тамыры күзүндө, жалбырактары соолуган кезде казылып жыйналат. Тамырларын топурактан тазалап, жууп, майда тамырларын кесип таштайт. Майдалап кесет, абада 3-4 күн кармап, андан кийин желдетилген сарайда же кургаткычта 40-60 градуста кургатылат. Туура кургатылган тамырлар туурасынан бүрүшкөн, тез кырс этип сынат, үстү кызыл-күрөң, ичи ак, жытсыз, даамы ачуурак –таттуу. Сырье 6 жыл бою сакталат (зыянкечтерден абайлап сактоо керек).

Какымдын тамырында 40% инулин; 20% кант, 2-3% каучук, ачуу гликозид-тараксацин, органикалык кислоталар, сары-кочкулсары түстөгү пигменттер, С, В2 , РР витаминдер, ийлөөчү заттар, эфир майлары бар. Өсүмдүктүн бардык бөлүгүндө өсүмдүк сүтү бар.

Медицинада какымдын тамыры менен чөбү тамакка мейил тарттыруу, тамакты сиңиртүүчү үчүн, боор ооруларында өт айдама каражат катары кеңири колдонулат. Ич катканда да пайдасы тийет.

Какымдын жалбырактары назик, аны салатка кошуп жесе, витамин жетишсиздигинде, аз кандуулукта эрте жазда пайда берет. Салатты төмөнкүдөй жасаса жарайт: какымдын жалбырагы – 100 гр, 50 г көк пияз, 25 г аш көк, 15 г өсумдүк майы, 50г ачытылган капуста, 1 бышкан жумуртка, туз, калемпир. Какымдын вареньеси балга окшош болот. Ал үчүн эртең менен (саат 5-6 да) күн тийген кезде гүлдөрүн үзүп алып, 1000 гүлгө 1 литр кайнак суу, 2кг кумшекер, 3 лимон, чиенин жалбырагынан 25-и алынат. Аны мискейге салып, лимонду сүргүчтөн өткөрүп кошот, үстүнө 1 литр cуу куюп, 15 минутада кайнатып, 12-24 саатка коюп коет. Андан кийин аралаштырып, 2 саат кайнатат, көбүгү алынат. Вареньени айнек банкаларга куюп коет. Какымдан нектар алса да болот. Ал үчүн 3 литрлик банкага 1,5 кг кумшекер салып, жыгач менен тыгыз бастырса, шире чыгат. Дагы гүл кошуп койгондо, какымдын чаңчасы банканын түбүнө чөгөт. Аны кыш бою сактаса болот. Какымдын сиропун бир чай кашыктан жарым стакан сууга кошуп тамакка чейин 20-30 минута калганда ичсе — тамакка мейил тарттырат, тамак сиңирүүнү оңолтот, организмдин тонусун жогорулатат.

Кадимки дарчын.

Татаал гүлдөр тукумунан, көп жылдык чөп өсүмдүгү. Тамыры жоон, сабагы түз, бийиктиги 30-150см, бутактары ачаланган. Бутагынан өсүп чыккан жалбырактары ланцет сымал, ачалуу, жогору жайгашкандары бүтүн кырдуу жалбырак. Гүлдөрү жалгыздап же 2-3 төн жайгашкан, мала көк, кээде эле – ак. Июнь-августта гүлдөйт. Жол жэээгинде, тоонун бетинде, адырларда өсөт. Кыргызстандын бардык аймагында таралган. Дарчынды бүтүндөй тамыры менен казып алып кургатат.

Химиялык курамы: дарчындын тамырында инулин, ачуу гликозид интибин, пектин, кант жана чайырлар бар. Гүлдөрүндө — цикориин гликозиди, жалбырагында инулин болот.

Элдик медицинада өсүмдүктү бүтүндөй эле ичеги-карын ооруларында, боордун циррозунда, көк боордун шишип кетишинде пайдаланылат. 40 г кургатылган дарчынды 1 литр cууга демдеп, ал теринин сезгенүүсүндө (экземада) колдонулат. Дарчындын тамырынын 1-2 аш кашыгына 2 стакан суу куюп кайнатып Ѕ стакандан 3 маал ичсе болот.

Кадимки өгөй эне.

Татаал гүлдүүлөр, тукумунан. Тамырлары, узун жана тармактуу болгон көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы жумуртка сымал, узун келген түрпүлөр менен капталган. Анын башында жалгыз эле сары гүл болот. Гүлү түшкөндөн кийин түп тамырынан тегерек, жүрөк сымал, сырты кочкул жашыл, түзсүз, астында ак түгү болгон жалбырактар өсүп чыгат. Даны цилиндр сымал, чачысы бар. Арыктардын, суулардын жээгинде, ошондой эле булактардын жанында өсөт. Кыргызстандын бардык аймагында таралган. Сырье катары жалбырагы менен гүлдөрү колдонулат. Гүлүн жаңы гүлдөгөндө терет. Жалбырагын май- июньда дат баса электе чогултат. Кургак, көлөкө жерде кургатылат.

Химиялык курамы: жалбырагында ачуу гликозиддер, инулин, сапонин, органикалык кислоталар ж.б. заттар бар; гүлдөрүндө тараксантин, ситостерин, ийлөө заттары табылган.

Каз таңдай.

Татаал гүлдөр тукумундагы, бийиктиги 20-100 см болгон көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары бөлүктүү (жалбырак пластинкасынын оюктары башкы тарамышка чейин жетет). Өсүмдүк абдан жыттуу. Июндан сентябрга чейин гүлдөйт. Гүлдөрү ак, кээде мала кызыл же сары, гүл пайда болуучу сабактын учу табак сыяктуу жазы болуп бүтөт да анын бетинде көп сандаган жөнөкөй топ гүлдөр жайланышып, жалпы топ гүлдү пайда кылат. Республиканын бардык аймагында өсөт. Каз таңдай гүлдөгөн кезде жыйналат. Ал үчүн сабактын 15 см келген жогорку жагын гүлдөрү менен жалбырактарын кошо кесип алат. Көлөкө, желдетилген жайда кургатылат. Каз тандайдын чөбүндө ачуу заттар, эфир майлары (гүлүндө көбүрөөк болот), флавоноиддер, фитонциддер бар. Каз таңдай эбактан бери колдонулуп келген. Мисалы, эки миң жыл мурда байыркы грек врачы Диоскорид кан токтотуучу жана жарааттарды айыктыруучу каражат катары колдонгон. Азыркы кезде каз таңдайдын кан токтотуучу касиети атайын изилдөөлөр менен такталган.

Каз таңдай – эффективдүү кан токтотуучу, сезгенүүгө каршы, тамакка мейил таттыруучу каражат. Көбүнчө каз таңдай башка дары өсүмдүктөр менен бирге кодонулат (мисалы: теңге гүл, жалбыз, сары чай чөп).

Тундурма даярдаш үчүн каз таңдайдын 2 аш кашыгынын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 15 минута кайнатат, демдеп, чыпкалап, 1 аш кашыктан 3-4 маал тамакка 30 минута калганда ичет.

Ошондой эле каз таңдайдын тундурмасы менен ириңдүү жарааттарды тазалап жууса болот. Каз таңдай кан алмашууну оңолтуп, сезгенүү реакцияларын төмөндөтөт, көпчүлүк бактерияларды өлтүрөт.

Кара бүлдүркөн.

Бийиктиги 50-75 см болгон роза гүлдүүлөр тукумундагы чакан бадал. Кара бүлдүркөндүн ашында канттар (3-5%), органикалык кислоталар, жыпар жыттуу заттар, клетчатка, В тобундагы витаминдер, аскорбин кислотасы, каротин бар. Мындан тышкары анда калий, жез менен марганец бар.

Кара бүлдүркөндөн шире, сироп, варенье, джем, мармелад жасалат. Андан кайнатылган компот, чай суусунду жакшы кандырат, тердетет.

Карындыз, сарындыз, инула — көп жылдык жоон, этүү, көп баштуу тамыры болгон татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Сабагы түз, сыртын кыска түк баскан, өсүмдүктүн башында бутагы аз. Жалбырактары кезектүү, жазы, жалбырак пластинкасы кээ бир жеринде текши эмес ачалган. Жалбырактын үстүнкү бети бырыш, астынкы бетин ак-боз түктөр каптаган. Тамырдан чыккан жалбырактар саптуу , узунча келип, эллипс сымал, узундугу 50 см-ге чейин жетет. Сабактагы жалбырак пластикасынын формасы жумуртка сыяктуу, бирок төмөн жагы жогорку жагына караганда бир аз жазыраак келет. Жогорку жалбырактары сапсыз. Гүл жайгашкычтын диаметри 8 см-ге, сабактын учунда жана анын бутактарында бир нече гүл болот. Четки гүлдөр учтуу, ортоңкулары түтүкчөдөй, бардык гүлдөр алтын сымал ачык сары түстө. Мөмөсү (уругу) күрөң, узун уча турган көкүлү бар. Июнь- сентябрда гүлдөйт.

Сырье катары тамырлар жана тамыр-сабактары жыйналат. Анда эфир-майлар, 45% ке жакын инулин ж.б. бар. Негизинен сезгенүүгө каршы, какырык чыгаруучу, организмди ооруга туруктуу кылуучу таасир берет.

Кыргызстанда жапайы өскөн карындыздардын түрү абдан көп. Бул өсүмдүктөрдүн кээ бири углеводдорго, пектиндерге абдан бай келет. Карындыздан (өзгөчө чоң карындыздан) инулин алынат. Мындан тышкары карындызда микроэлементтер С, В, В2 витаминдер, органикалык кислоталар бар.

Карындыздын кургак тамырын жанчып майдалап, анын 2 чай кашыгынын үстүнө 200 мл суу куюп 10 саатка коюп коёт. Аны чыпкалап, бир күндүн ичинде ичсе жарайт. Башка ыкма менен 5-10 г майдаланган тамырдын үстүнө 400 мл суу куюп, көлөмү эки эсе азайганга чейин кайнатат. Муздагандан кийин чыпкалайт. 1аш кашыктан ар бир эки саатта ичсе какырыкты жумшартып чыгарат, организмге күч кубат берет. Карындыздын майдаланган тамыры менен тамыр-сабактарынын бир бөлүгүнө 10 бөлүк ысытылган күн карама майын куюп, 2-3 күнгө чылап караңгы жерге коёт. Чыпкалагандан кийин аны теринин ар кандай сезгенүү ооруларында колдонсо болот.

Көкө мерен, тимьян, зизифора

— эрин гүлдүүлөр тукумундагы, бийиктиги 5-30 см болгон көп жылдык чөптүү өсүмдүк. Сабагы түп жагынан жайылган, төрт бурчтуу. Жалбырактары майда, кыска саптуу, жумуртка сымал же узунча, жылма же түктүү. Гүлдөрү мала кызыл, кээде ак, сирень түстүү (көгүлтүр) жалбырактардын ичинде жайылган бутактарда топ гүлдөр болуп чогулган. Тажычадай гүл коргону эки эриндүү. Жалбырактары, бутактары менен гүлдөрүндө эфир майын чыгаруучу бездүү түтүктөр болот. Июндан сентябрга чейин гүлдөйт.

Бардык кургак, таштуу күнөс жерлерде: талаада, кумдуу топуракта, дөңчолөрдө өсөт. Сырьё катары гүлдөгөн сабактары жыйналат. Сарайларда же кургаткычтарда 350 С-га чейинки температурада кургатылат. Жыты бир башкача жагымдуу, даамы бальзамга окшош болот. Сырьесунда 0,2ден 1,5% ке чейин эфир майлары жана башка биологиялык активдүү заттар бар.

Негизги таасири: какырык чыгаруучу, бактерияларга каршы. Элдик медицинада көкө мерендин чөбүн тамдын ичине, мисалы, уй туугандан кийин же балдар чочуганда түтөтүү үчүн пайдаланылат. Көкө мерендин ысык тундурмасы бронхитте, трахеитте, ич өткөндө, ич түйүлүп ооруганда берилет. Негизинен көкө мерендин чөбүнүн 1 аш кашыгынын үстүнө 200-300 мл (1стакан) стакан кайнак суу куюп, капкак менен жаап, 5 минута кайнатат. Андан кийин муздатып, чыпкалайт. Бул тундурма күнүнө үч маал тамаака чейин 1-2 аш кашыктан ичилет. Ириңдеген жараттарды тундурма менен жууса жакшы.

Кызыл мыя

чанактуулар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк, бийиктиги 50-150 см. Сабактары түз, күчтүү, тамыры абдан терең, жайылып таралган. Жалбырактары кезектүү, овалдуу, узунча, кыска саптуу, жабышкак. Даны – узун, жылаңач, күрөң түстөгү кыйшайган чанак, узундугу 1,5-3 см, туурасы 4-6 мм, 2-6 уругу бар. Июнь-августа гүлдөйт. Кызыл мыя бардык жерде (жолдордун четинде, талаада, көлдө) өсөт. Кызыл мыянын тамырын күзүндө (сентябрь, ноябрда) же эрте жазда (март, апрелде) казып жыйнайт. Тазалап, үстүнкү жагын кесип, абада кургатат. Бир аз тоборсугандан кийин, тамырын каптаган кабыгынан тазалап, күнгө кургатат да, сорттоп, карарган, чириген тамырлар ташталат. Кургак тамырлардын түсү сыртынан боз-сары, ичи мала сары, булалуу, даамы абдан таттуу, жытсыз. Кургак, салкын жайда кызыл мыяны 10 жыл сактаса болот. Кызыл мыянын тамырында сапониндер, флавоноиддер, крахмал, С витамини, эфир майлары бар.

Кызыл мыя 5 миң жылдан бери көп убакыт бою колдонулуп келген. Ал индия, тибет медицинасында кеңири колдонулган, аны байыркы Греция менен Египетте да билген, биздин элде да кызыл мыя кеңири пайдаланылган.

Кызыл мыянын тамырынан дары жасалат, тамак ашка да колдонулат. Ширеси менен жүн боёлот. Дарылык касиеттери: какырыкты жумшартат, ич катканда ичти бошотот, ошондой эле ооруларга, сырткы жагымсыз таасирлерге организмдин туруктуулугун күчөтөт. Кызыл мыя дары катары сироп, экстракт, чай түрүндө колдонсо болот. Кызыл мыя малга тоют катары да пайдаланылат.

Тамак-аш өнөр жайында кызыл мыя пиво, квас, лимонад, капуста, алма туздаганда кеңири колдонулат.

Кырк муун

кырк муун сымалдар тукумундагы көп жылдык споралык өсүмдүк. Сабагы муунактап бутактайт, муунак сайын начар жалбырактары жайгашат. Тамыры узун, жайылма, кара топуракка терең батат. Жазында андан боз күрөң жоон, бутаксыз узундугу 7-20см сабак өсөт. Эң чокусунда жумур сымалдуу споралык бутак пайда болот. Бул споралар бышып түшкөндөн кийин бутактар өлүп, анын ордуна мөмө бербеген, боз жайылган, муунакталган 30-50 см бийиктеги сабактар чыгат. Жалбырактын ордуна чыккан алардын бутагы (6-18) ичке, ар бир муунактагы бутакчалар мырза карагайдыкына окшош тарайт. Республиканын бардык аймактарында талаада, суунун жээгинде, бадалдын арасында, кумду жерди жактырып өсөт. Июнь –август айларында кырк муундун жашыл жайкы муунактары кесилип алынат. Сырьену тезинен таза абада же жел жүргөн сарайда кургатуу керек. Кырк муун жытсыз, дамы бир аз кычкылыраак, сабактары катуу, көңдөй, изи бар, бутакчалары жашыл болот.

Кырк муунду байыркы замандын белгилүү врачы Авиценна ак шишикте ич көңдөйүндө сары cуу толуп калганда, буттар шишигенде шарапка чылап берген. Азыркы кезде медицина кырк муундун кан токтоткуч касиетин тапкан. Анын тундурмасы кан түкүргөндө, геморройдун кесепетинен кан акканда берилет. Мындан тышкары териде ириңдүү жаралар тарап кеткенде, салфетканы тундурмага салып аны менен жарага, компресс кылса жардам берет. Ошондой эле, 20 грамм кырк муунду 1 литр ак шарапка чылап, караңгы жерде 2-3 жума сактайт. Чыпкалагандан кийин ач карын 100 граммдан (мл) ичсе, кан түкүргөнү басылат.

Кырк муундун жаш муунактарын салаттарга кошуп жесе, ал жагымдуу, витаминдүү тамак болот. Кырк муундун курамында флавоноиддер, ар түрдүү витаминдер, кальций тузу ж.б. бар. Кырк муун организимден коргошунду чыгарат, ошондуктан аны коргошун менен ууланганда берет. Кремний кислотасы көп болгондуктан, организмге барганда ар кайсы орган менен системалардын зат алмашуу процестеринде негизги ролду ойногон туздарды пайда кылат. Ал туздар заарада кээ бир минералдуу компоненттердин кристаллдашканына тоскоол кылып, заара жолдорунда аш пайда болууну алдын алат, склерозго каршы да таасири бар.

Кырк муундун колдонуу ыкмасы,чөптүү майдалап, андан 10 грамм алып, анын үстүнө 200 мл (бир стакан) шаркырап кайнаган ысык cууну куюп, 20-30 минута термоско демдейт,чыпкалайт.

Күнүнө 2-3 маал жарым стакандан ичилет.

Бут тердегенде ванна жасаса жакшы.Ал үчүн 50г кырк муундун үстүнөө бир чака cуу куюп 30 минута жаап коюу керек.Муздагандан кийин буттарды жууса абдан жакшы болот.

Кулмак

кулмактыктар тукумундагы көп жылдык, эки үйлүү, оролуп өсмөө уруусундагы өсүмдүк. Сабагынын жөнөкөй узундугу 3-6 м-ге чейин жетет. Үйлөрдүн тегерегинде жакшы өсөт. Өстүрүлсө оролуп өсөт.

Жалбырагы сабагында тушташ жайгашкан, 3-5 айчыктуу (жалбырак пластинкасындагы оюктары анын туурасынын төрттөн бирине чейин жетет). Гүлдөрү майда, жашыл мала-саргыч. Энелик гүлү (20-40) тобурчак сымал топ гүлдү түзөт. Гүлдөгөндөн кийин гүл жан жалбырактары ургаачылчк машагында көбөйүп, бардык гүлдөрү биригип гүлдөн калыптанган топ мөмө пайда кылат.Үзгөндө да мөмөлөрү бириндеп үзүлбөстөн чогуу үзүлөт. Аны кулмактын тобурчагы дейт. Гүл жан жалбырактарынын ичинде көптөгөн сары безчелер болот. Анда чайыр жыттуу лупулин деген зат бар. Өсүмдүк июль-августа гүлдөйт. Тобурчактары саргыч-жашыл, кийин күрөң сымал болот. Сырье катары кулмактын тобурчагы быша электе үзүлөт. Аны тезинен желдетилген сарайда кагаздын үстүнө жука жайып кургатат. Кургак тобурчактар күрөңүрөөк түстө, жыты анча эмес, даамы ачуураак тобурчакты силкигенде безчелер тез эле бөлүнүп чыгат. Анын кургак сырьесу — лупулин бир жыл сакталат.

Кулмактын тобурчагында 2% эфир майлары, лупулин, фитонциддер, чайырлар,витаминдер (В136,Р,РР), гормондор, боёгуч заттар ж.б. бар.

Кулмактын тобурчагындагы лупин сеп алдырмаа касиетке ээ. Витаминдер, гормондор ооруну басаңдатат, зат алмашуунун баардык процестерине оң таасир берет. Бактерияларга каршы, грибокторго да каршы таасир этет. Сезгенген жерге жалбырактарын майдалап жабыштырса болот. Дем алуу органдары сезгенгенде демдеп ичсе жакшы. Батыш Европада дарылоо максатында гүлдөрү пайдаланылат. Медицинада кулмактын тундурмасы колдонулат. Ал үчүн 10 г майдаланган кулмактын үстүнө бир стакан кайнак cуу куюп, 30 минута термосто демдейт. Күнүнө бир аш кашыктан тамакка 20-30 минута калганда үч маал ичсе адам сеп алып, уктайт, гипертония, невроздо колдонулат.

Күрөң чай чоп.

Эрин гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабактары төрт бурчтуу, бийиктиги 30-60 см. Тамыры жайылган. Жалбырактары кезектешкен, саптуу, узунчаа, учтуу, кыры түктүү, кара жылчыкчалары болот. Жалбырактардын үстүнкү бети кочкул-жашыл, астынкы бети мала-жашыл. Гүлдөрү сыя көк-мала кызыл,сабактын учунда шыпыргыдай чогулган. Күрөң чай чөп май-августа гүлдөйт. Мөмөсү — төрт жангакча, бозомук, же күрөң, жылма.

Күрөң чай чөп республиканын баардык аймактарында жолдун жээктеринде,бактарда,токойлордо,тоонун этектеринде өсөт.

Дары максатында күрөң чай чөптү жерден 15см жогору жагын гүлдөгөндө кургак мезгилде кайчы же орок менен кесип алат. Жакшы желдетилген, көлөкө жайда кургатылат. Кургагандан кийин гүлдөр менен жалбырактарын катуу сабактардан ажыратат. Күрөң чай чөптү башка өсүмдүктөр менен бирге сактоо болбойт. Сактоо мөөнөтү – 2 жыл.

Күрөң чай чөптө 1.2%-ке чейин эфир майлары бар. Анын жыты абдан жагымдуу келет, мындан тышкары аскорбин кислотасы, флавоноиддер, микроэлементтер бар.

Күрөң чай чөптү демдеп,дем алуу органдарынын сезгенүү ооруларында, тамакка мейил тарттыруу,адам дүүлүккөңдө сеп алдыруу үчүн берилет.

Бүйлөөлөр сезгенгенде тундурмасы менен оозду чайкаганга болот. Безетки жана башка тери ооруларында арома-ваннага түшкөн жакшы. Күрөң чай чөптүн жыпар жыттуу гүлдөрү менен жалбырактарын шкафка салып койсо, күбөнү жоготот.

Күрөң чай чөптү салаттарга, жыттуу, даамдуу татымал катары тамака кошсо сонун (базилик менен кара мурч менен бирге).

Мелисса.

Мелисса, лимон жалбызы, эрин гүлдүүлѳр тукумундагы лимон жыттанган көп жылдык чөп.

Тамыры жайылган, сабагы түз, бутактанган. Жалбырактары кезектүү, мутовкага чогулган. Жогорку жалбырактары ромб сымал же узунча, тегерек, кыры түктүү. Гүлдөрү жогорку жалбырактарынын колтугун 3-5тен болуп ээлейт. Гүл таажычасы ак-сары, ак, же мала кызыл түтүкчөдөй, эки эриндүү. Июль-сентябрьда гүлдөйт. Бактарда, огороддордо өстүрүлөт. Сырьесу — жалбырактары менен сабагынын башы. Анда 0.3% эфир майы бар. Курамын цитраль (60%), гераниол түзөт. Ошондуктан жыты лимонго окшош болот. Негизги таасири: ооруну басаңдатат, сеп алдырат, ич көпкөндү басаңдатат. Жүрөк оорусу менен жабыркагандарын энтигүү, жүрөктүн тез-тез кагышы мелиссанын таасири менен жоголот, жүрөктүн тушунун ооруганы басаңдайт, жогорулаган артериялык кан басым төмөндөйт.

Элдик медицинада мелиссаны невроздо, кош бойлуулукта кусуп кыйналганда колдонот. Авиценна мелиссаны ич ооруганда, шакый кармаганда ооздон жаман жыт чыкканда, тиш ооруганда колдонгон. Терс таасири жок.

Колдонулушу: 2 аш кашык майдаланган мелиссанын үстүнө эки стакан кайнак cуу куюп, 30-40 минута термосто же чайнекти жылуу ороп, демдейт.Чыпкалангандан кийин ал тундурманы жарым стакандан 2-3 жолу ичсе болот.Териде ириңдүү жара же бут-кол урулуп, сыйрылып кетсе, мелиссаны жанчып, ооруган жерге тартса жакшы болот.

Мисте.

Мисте, фисташка — сумахтар тукумундагы жаңгак данектүүлөр уруусундагы бадал же дарак сымал өсүмдүк. Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлөт. Кадимки мистенин бийиктиги 5-10 м,көп сөңгөктүү дарак, кээде калың шактуу, тамыр системасы кубаттуу бадал, кургакчылыкка жана cуукка (-25С) байымдуу келет. Жалбырагы татаал, кабыктуу, жашыл, үчүлүк же канаттай.

Гүлү кош жыныстуу, чачы сымал топ гүл. Апрелде гүлдөйт. Мөмөсү жалгыз данектүү, кабыгы катуу.Чийки же кууруп желет.Мөмөсүнүн өлчөмү: узундугу 1-2 см, туурасы 0,5-1 см. Ядросу 47-49%-ти түзөт.Анда 54-60% май, 18-25% белок, 16,17%ке чейин азотсуз заттар бар. Кондитер өнөр жайында кеңири пайдаланылат.Фисташкадан (мистеден) абдан баалуу май чыгарылат.Аны менен ар кандай жараларды,карын жана он эки эли ичегинин жарасын дарыласа болот. Мистенин сөңгөгү жыгач устачылыкта бааланат. Чайыры лак менен сыр өнөр жайында колдонулат. Мистенин жалбырактарындагы галлыларда ийлөөчү жана боечу заттар бар. 8-10 жылдык фисташка 30-45 кг данды берет.

Мышык тамыр, даары валерианасы.

Валериа на тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Анын түрлөрү абдан көп. Тамыры кыска,андан майда тамыр түптөр таралат. Сабагы түз, цилиндр сымал, тилинип кеткен жолдору бар. Сабагынын узундугу 0.7-1.5 м-ге жетет. Жалбырактары кезектүү, түгөйсүз канаттай татаал; жалпы жалбырак саптын учунда түгөйсүз. Тамырынан чыккан жалбырактар саптуу, жогоркусу-сапсыз. Гүлдөрү майда, жыттуу, сабагынын чокусунда зонтиктей болуп, чоң топ гүлдү пайда кылат. Май-июнда гүлдөйт. Уруктары майда. Cуунун жээгинде,саздарда өсөт. Мышык тамыр огороддордо да өстүрүлөт.

Сырье катары эки жылдык тамыры менен түп тамырлары жаз алдында же кечки күздө казып алынат. Топурагын силкип тезинен муздак cууга чайкап, желдетилген жерге илип коюп, андан кийин көлөкѳ сарайда же кургаткычта кургатылат. Сууга көп кармаганда тамырлар карарып кетет. Ошондуктан мүмкүн болушунча cууга чайкабай эле, калбырдан топурактан тазаласа жакшы болот.

Мышык тамырдын курамында эфир майлар 0.5-2%-ти түзөт. Анын көпчүлүгү майда тамырларда болот.Негизги эфир май изовалериан кислотасы, андан тышкары курамына борнеол ,терпинеол, лимонен кирет.

Мышык тамырдын өзгөчө жыты жогоруда айтылган эфир майлары менен байланыштуу. Анын жытына мышыктар алыстан эле билип жетип келет. Мышык тамырдын организмге таасири ар кандай болот. Валериана нерв системасына сеп алдырма таасир берип, уктатат. Ич түйүлүп ооруганда аны жазат, ич көпкөндү токтотот, от айдама касиети да бар. Жүрөктүн иштешин борбордук нерв система аркылуу жөнгө салат. Жүрөк-кан тамырларынын куушурулушун жазат.

Климакста, калкан безинин функциясы бузулганда жардам берет.

Ошондуктан майдаланган мышык тамырдан 1 аш кашык алып, үстүнө бир стакан (200 мл) суу куюп, 30 минута термосто же чайнекти жылуу ороп коюп демдеп, чыпкалап, күнүнө бир аш кашыктан 3-4 маал ичсе жакшы болот.

Аптекада валериананын кургак экстракты драже, таблетка түрүндө сатылат. Мындан тышкары валерианадагы изовалериан кислотасы “корвалол”,”валокордин” деген даарылардын курамында бар.

Өчпөс гүл, самарканд өчпөс гүлү, бозунач.

Астра тукумундагы көп жылдык чөптүү өсүмдүк. Анын сабагы бир нече, бийиктиги 15-35 см, боз болот. Тамыры жакын, жалбырактары жумуртка сымал, узунча, сабагындагылар – түз, ланцеттей, сапсыз. Гүлдөрү ачык-сары, лимон-сары, башкы гүл сабагында каптал гүл саптардан бутактанган топ гүлдү пайда кылат.

Тамыры катуу, таралган, кара күрөң түстө. Өсүмдүк июнь- августа гүлдөйт. Уругу – кутуча, август-сентябрда бышат. Өчпөс гүл көбүнчө кумдуу топуракта өсөт. Биздин өлкөдө Өзгөн жана Чаткал тоолорунда көп болот.

Дары катарында өчпөс гүлдүн гүлдөрү толук ачылганга чейин жыйналат. Топ гүлдөрдү түбүнөн кайчы менен кесип алат. Сабагынын калдыгы 1-2 см ден көп болбош керек. Караңгы, жакшы желдетилген сарайларда кургатылат. Күн абдан ысыганда гүлдөрү ажырап кетет. Кургак сырье ачык сары түстө, жыты жагымдуу, даамы ачуу. Сактоо мөөнөтүү 3жыл. Өчпөс гүлдө флавоноиддер, эфир майлары, чайырлар, ачуу жана ийлөө заттар, микроэлементтер, стероиддер ж.б. бирикмелер бар. Өчпөс гүлдөн жасалган дарылар өт баштыкчасынын иштешин оңолтуп, өттү айдайт. Ашказан менен он эки эли ичегинин зилдерин бөлүп чыгарууга көмөк болот, артериялык кан басымды бир аз жогорулатат. Заара айдама, бактерияларга каршы да таасирге ээ.

Өчпөс гүл өт жолдорунун сезгенүү ооруларында, боор ооруларында колдонулат. Бирок, өт баштыкчасында таш пайда болуу оорусунда ал колдонулбайт. Себеби, өт айдалып чыкканда таштар өт жолдоруна тыгылып калышы мүмкүн. Заара жолдорунда майда таш менен кум пайда болсо, өчпөс гүл аны да айдайт.

Колдонуу ыкмасы: 10г өчпөс гүлдүн үстүнө 200мл (1 стакан) кайнак суу куюп, 30-40 минута термосто демдеп, чыпкалайт. Тамакка чейин 30 минута калганда 2 аш кашыктан 3 маал ичсе жарайт. Өчпөс гүлдү шкафка салып койсо, ал кийимди күбөдөн сактайт.

Пахта-гүлкайыр

тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүгү. Республиканын түштүгүндө эгилет. Сабагы узун, жалбырактары узун саптуу, кезектүү, түп жагы жүрөк сымал, 3-5 айчыктуу. Гүлдүү сабагы узун, анда жалбырактын сабакка бекиген жериндеги сабагы менен сабактын ортосундагы аралыкта (колтугунда) гүлдөр жайгашкан. Гүлдөрдүн диаметри 6-7 см. Гүл жалбырактары 5, мала сары, кийин кызарат. Уругу 3-5 саадактуу кутуча, ал жетилгенде өзү ачылат. Уруктарынын сырты узун жана кыска буула менен капталган. Июль –ноябрда гүлдөйт.

Сырье катары тамырынын кыртышы, пахта бууласы (ал жетилген мөмөсүнөн үзүлүп алынат), ошондой эле түгү алынгандан кийинки уруктар пайдаланылат, андан май чыгарылат.

Тамырынын кыртышында госсипол аттуу бирикме, С витамини, эфир майлары бар. Уругунда –госсипол, өсүмдүк майы бар. Пахта майы –күрөн кызыл түстөгү май. Пахтанын майынын түсү андагы кызыл пигмент- госсипурин жана сары пигмент- госсипол менен байланыштуу. Тазалангандан кийин пахта майы медициналык максатта да колдонулат. Анда каныкпаган май кислоталарынын өлчөмү 45% ти түзөт. Тазаланган пахта бууласы таза целлюлозадан турат. Ал нымды өзүнө тарткандыктан жарааттарды тазалоодо кеңири колдонулат. Пахта бууласынын кан токтоотуучу касиети флавоноиддер, К витамини жана ийлөө заттары бар болгондугу менен байланыштуу. Уругунан чыгарылган өсүмдүк майында Е витамини көп. Ошондуктан пахта майы жыныс бездеринин функциясы бузулганда дарылык таасир берет. Пахтанын уруктарын кайнатып демдеп бала эмизгендерге ичирсе алардын сүтү көбөйөт экен.

Сары чай чөп.

Бийиктиги 30-100 см болгон көп жылдык чөп. Анын сабагы бир же бир нече, тыгыз, эки кырдууу. Жалбырактары майда, кезектүү, сабаксыз, сүйрү-овалдуу, жылма, көптөгөн эфир чыгаруучу майда жылчыктары бар. Гүлдөрү көп, сары алтындай, кара тилкелери бар, шыпыргыга окшогоп чогуган. Мөмөсү — үч уялуу көп уруктуу кутуча. Май-августта гүлдөйт. Уругу абдан майда, күрөң, сентябрда бышат. Ал бардык жерде өсө берет. Сары чай чөптүн түрү көп.

Дары катары сары чай чөптүн бир түрү гана жыйналат. Гүлдөгөн кезде 15-30 см сабагын кесип алат. Желдетилген, көлөкө жайда кургатат. Андан кийин гүлдөр менен жалбырактары катуу сабактардан ажыратылат. Кургаган сары чөптүн бльзамдуу жыты бар, ал 3 жыл бою сакталат.

Сары чай чөптө 10-12% ийлөө заттары, боёгуч заттар, рутин, С жана РР витаминдер, каротин, эфир майлары бар. Сары чай чөптүн микробдорго каршы, сезгенүүгө каршы, кан токтотуучу, өт айдама, сеп алдырма касиеттери бар.

Сары чөптү элдик медицинада тундурма түрүндө колдонулат. Ал үчун 1 аш кашык чөптүн үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 2 саат демдеп, чыпкалап 1/3 стакандан ичет. Сары чай чөптөн сонун май жасаса болот. Ал үчүн кургак чөптү майдалап, анын 1 бөлүгүнө 2 бөлүк жылытылган өсүмдүк майын куюп, 3 жума караңгы жерге коюп коёт. Арасынан чайкап, аралаштыруу зарыл. Андан кийин чыпкалап, өзүнчө бөтөлкөгө куюп коюп, ар кайсы жараларды дарыласа жарайт. Сары чай чөптөн туруктуу боёкторду (сары, жашыл) же ысык тундурмадан мала кызыл же кызыл түстөгү боёк алса болот.

Теңге гүл, календула.

Бийиктиги 30-60 см болгон татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы түз, же бутакталган. Жалбырактары кезектүү, овал сымал, кургак мезгилде өсүмдүк жабышкак, жыты балзамдай болот.

Гүлдөру алтын сары, ачык сары, диаметри 4-5см. Мөмөсү –кыйшайган урукча, куштардын тырмагына окшош. Июндан баштап октябрга чейин гүлдөйт. Июлда эле уругу пайда болот. Календула биздин республикада өстүрүлөт.

Гүлдөрдүн курамында каротиноиддер, ийлөө заттары, органикалык заттар, флавоноиддер, микроэлементтер ж.б. бар.

Дары катарында гүлдөр колдонулат. Календула гүлдөгөндө гүлдүн өзү жыйналат. Сезондо 15-20 жолу жыйнаса болот. Көлөко жайда же кургаткычта 40-45 градуста кургатылат. Жыты анча эмес, жагымдуу болот.

Теңге гүлдүн (календула) препараттарынын өт айдама таасири бар, жогорулатылган кан басымды төмөндөтөт, нерв системасына сеп алдырма таасир берет, уйку келтирет. Мындан тышкары, календуладан жасалган дарылар микробдорго каршы, сезгенүүгө да каршы таасир берет.    Ошондуктан календула күйүктө, үшүк алганда, сыздоок чыкканда колдонулат. Календуланын тундурмасы менен ангинада тамак сезгенгенде оозду чайкаса жакшы болот. Календула кошулган майларды теринин сезгенүү ооруларында сыйпаса жардам берет. Үй шартында 10 гр кургак жанчылган гүлдү 50 г вазелин менен кошуп, аябай аралаштырып жарага сыйпаса жарайт.

Өсүмдүктүн жаш жалбырактарын майдалап, шишиген жерге тартып койсо, шишик тарайт. Ошондой эле календуланын тундурмасын ваннага кошсо, тери оорууларында жардам берет. Өсүмдүктүн ширесин сыгып алып, мурунга тамызса да, чимкирик азыраак чыгат. Календулада боёгуч заттар көп болгондуктан, ал тамак аш өнөр жайында маргарин, май, сырды боёгонго жана жыт бергенге пайдаланылат.

Топинамбур, жер алмурут

— татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабагы күн карамага окшош келет. Сабагы түз, күчтүү, жогорку жагы бутактуу, узундугу 1,2-2,5 м, кээде 4 м –ге чейин. Жалбырактары кыска саптуу, жумуртка сымал, учу ичкерилген. Гүлдөрү күн караманыкындай майдаарак келет. Тамыр системасы абдан чоң жана терең жайгашат. Топурактагы өзгрүлгөн кыскарып, жоонойгон сабагы түймөк, андагы көзчөлөрү-бүчүрлөр. Түймөктөр ак, сары, көк кызгылт, кызыл түстө. Түймөк запас топтолуучу жана вегетативдик көбөйүү органы катарында кызмат кылат. Жер алмурут Түндүк Америкадан алып келинген культурадагы өсүмдүк. Ал жазында же күзүндө картофель өстүрүүчү машинанын жардамы менен айдалат. Картошканы түптөгөндөй эле түптөлөт. Жашыл массасы 1 га-дан 350-500 ц тоютту, түймөгү 200-250 ц түзөт. Түймөктөр топуракта жакшы сакталат, ошондуктан аны керек болгондо гана казып алат. Түймөктөрүндө сууда ээрүүчү полисахарид-инулин көп (16-18%), азот заттары, С витамини, В тобундагы витаминдер бар. Тамакка колдонулат, ошондой эле андан өнөр жайда спирт, фруктоза алынат.

Топинамбурдун түймөктөрү менен жашыл массасы сонун тоют. Аны көк бойдон же силостогон түрдө да берет. Түймөктөрүн 100 кг-да 1,5кг сиңирилүүчү протеин бар. Силос менен түймөктөрүн мал жакшы жейт. Куштар менен коёндорго да берсе жарайт, алар андан жакшы семирет.

Тыт, тыт дарагы

— бийиктиги 15 м-ге чейин чейин тыттар тукумундагы дарак. Кыртышы күрөң, жарылып-жарылып кеткен; жаш бутактары ачык жашыл, ачык күрөң түстө да болот. Жалбырактары кезектүү, жумуртка сымал. Гүлдөрү бир жыныстуу, эки үйлүү. Аталык гүлдөрү 1-2см болгон машакча, энеликтери кыска сөйкөдөй болот. Мөмөсү жаңгакча, энелик сөйкөсүнөн ширелүү мөмөлөр чыгат. Апрель- майда гүлдөйт. Бардык жерде өстүрүлөт, өзгөчө республиканын түштүгүндө, кээ бир жерлерде жапайысы да бар. Кытай жана Япониядан алынып келинген байыркы өсүмдүк.

Сырье катары бышкан мөмөлөрү жана жалбырактары жыйналат. Мөмөсүндө 90% инверттүү канттар, пектин, боёгуч заттар, С витамини ж.б. бар. Жалбырактарында глюкоза, С витамини, аспарагин кислотасы болот.

Негизги таасири: кандагы кантты төмөндөтөт, заараны айдайт, жогорулаган кан басымды төмөндөтөт, какырыкты жумшартып чыгарат. Жалбырактарын кайнатып ичсе кант диабетине каршы таасир берет. Аны көп убакыт бою колдонсо диабет менен жабыркагандардын абалы оңолуп кетет.

Вьетнамда тыттын жалбырагынан биологиялык стимулятор табылган. Ал кызыл жүгүрүктө, кээ бир тери ооруларында жакшы таасир берет экен. Японияда болсо тыттын гүлдөрүнөн сепкилди жоготуучу бет май жасалат. Кытайда болсо тыттын тамырынын кыртышы кант диабетин, бөйрөктүн жетишсиздигин жана эркектин алсыздыгын дарылоодо колдонулат. Мөмөлөрүнүн ширеси какырыкты жумшартат, ич катыганда да жардам берет.

Уйгак

— бийиктиги 1,5-1,8 м ге жеткен эки жылдык чөп. Анын топуракка терең батып кеткен жоон тамыры бар. Татаал гүлдүүлөр тукумуна кирет. Уйгак бардык жерлерде өсө берет (жолдун жээгинде, талаада, арыктын жээгинде ж.б.).

Уйгактын тамыры менен жалбырактары колдонулат. Тамырында инулин, протеин, эфир майлары, ийлөө заттары, ж.б. бар. Жалбырактары май –августта жыйналат. Тамыры болсо сентябрь – октябрь айларында казылып алынат. Биринчи жылдагы тамырлар ширелүү, жоон келет. Экинчи жылда болсо өсүмдүк азык заттарын сарптайт да, тамырлары катып, дарылык касиетин жоготот.

Уйгак элдик медицинада кызыл жүгүрүктө, кант диабетинде, бөйрөктө таш пайда болгондо, гастритте колдонулат. Уйгактын тамыры зат алмашууну оңолтот, ичти жумшартат, тердетет. Жаңы жыйналган уйгактын жалбырактарын 5-6 кабат кылып ооруган жерге, куяң болгондо же муундар ооруганда жабыштырса жардам берет.

Колдонулушу: 25г тамырды 250мл кайнак сууга 30 минута кайнатып, чыпкалайт. Аны 1 аш кашыктан 3-4 маал ичсе жарайт. Жалбырактарын жараларга тартып койсо, алар айыгат.

Уйгактын жалбырактарын же тамырын кайнатып, башты жууса чачтар түшпөйт. Ал үчүн уйгактын тамырынан атайын май чыгарылат (“репейное масло”).

Фасоль, төө буурчак, ноя

– бир жылдык чанактуулар тукумундагы чөптүү өсүмдүк. Бийиктиги 50см ге жакын, анын сабагы түз же жармашкыч; жалбырактары үчүлүк татаал, башкан жалбырак сабында үч каптал жалбыракчалары болот, жалбырак пласитинкасынын формасы жумуртка сыяктуу. Гүлдөрү ак, мала кызыл же сыя көк, көпөлөк өңдүү типте, узундугу 1-1,5см, жытсыз. Фасоль июнь-июлда гүлдөйт. Мөмөсү – чоң буурчак, тамак катары пайдаланылат. Август-сентябрда жыйналат.

Фасоль (төө буурчак) — кадимки, күнүмдүк тамак. Фасольдун 200-гө жакын түрү бар, анын ичинен 20 түрү эгиллет. Биздин өлкөдө кадимки фасоль белгилүү. Азыркы кезде фасолду республиканын Талас областында көп өстүрөт.

Дарылык максатта бышкан буурчактын жашыл эки капкакчалары менен буурчактын уруктарынын өзү колдонулат.

Кадимки фасолдун (төө буурчактын, ноянын) уругунда организмге керектүү азык заттары: 20-25% белок, 50% ке жакын углевод (негизинен крахмал), 2% ке жакын май, витаминдер, минералдуу туздар, микроэлементтер болот. Фасоль абдан калориялуу, анын 100 граммында 339ккал бар.

Фасолдун белоктору жаныбарлардын белогуна окшош, аны организм оңой кабыл алат. Фасолдун буурчагында ар кандай аминокислоталар, органикалык кислоталар, С,В,В2 , РР, А провитамини, минералдуу туздар (кальций, фосфор, кальций) ж.б. табылган. Фасолдон бышырылган боткосу гастритте, бөйрөктүн сезгенүү ооруларында, подаграда, ошондой эле атеросклероздо, жүрөк ритми бузулганда берилет. Бирок, фасолдон бышырылган тамак аш аш казанда көбүрөөк сакталгандыктан, ичти көптүрөт. Ошондуктан андай тамакты байкап жеш керек.

Фасолдун капкакчаларын жанчып, 1 аш кашыктын үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп, 10-15 минута кайнатып, чыпкалап ичсе, заараны айдайт, кант диабетинде кандагы канттын өлчөмүн төмөндөтөт.

Четин

— бийиктиги 4-15 м болгон роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак. Дары сырьесу катары четиндин бышкан ашы жыйналат. Аны суук түшкөндөн кийин мөмөлөр анча ачуу жана кычкыл болбой калганда жыйнайт. Четинди 40-600 атайын кургаткычтарда кургатат. Жетилип бышкан ашында С витамини көп (60-200мг%), каротин, Р, Е витамини, ийлөө заттар, пектин ж.б. бар.

Каротиндин (А провитамини) өлчөмү четинде сабизге караганда абдан көп. Апельсин менен мандаринге салыштырганда Р витамини четинде 10 эсе көп. Ал организмди чыңдайт, ооруларды алдын алууга жардам берет.

Четинден шире чыгарса сонун. Аны гипоациддүү гастритте 1 чай кашыктан берсе жакшы. Кант кошуп да шире алса болот. Ал үчүн 1 кг четиндин ашына 600 г кант кошуп, 4-6 саатка коюп коет. Андан кийин 30 минута кайнатат. Андан чыккан ширени 1 аш кашыктан тамака чейин 3-4 маал берсе болот. Кургак четинден чай: 1 аш кашык кургак четиндин үстүнө 2 стакан кайнак cуу куюп 15 минута кайнатып, демдейт. Чыпкалагандан 1 /4 стакандан 3 маал ичсе болот.

Чоң бака жалбырак

бака жалбырактуулар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Тамыры чачыдай жайылган, жалбырагынын узундугу 4-21 см, туурасы 3-14 см, жумуртка сымал. Сабагы кыска, жабырактары тамырына жакын. Майда гүлдөрү сабактын учунда жөнөкөй машакты түзөт. Анын гүлдөрү күрөң. Бака жалбырактын жалбырактары ошондой эле уругу тирилет.

Кыргызстанда баардык жерде (адырларда, арыктын жээгинде, бактын ичинде) таралган.

Химиялык курамында былжырлуу заттар, алкалоиддер, ферменттер, ийлөө заттары,каротин, С витамини, ж.б. бар.

Бака жалбыракты үзгөндөн кийин кургатпай эле жарааттарга, жараларга жабыштырса болот. Кургатылган жалбырактарын чайга окшош демдеп, жөтөлгө каршы, какырыкты жумшартып чыгаруу үчүн колдонулат. Ошондой эле табарсык сезгенгенде,ич өткөндө пайдасы бар. Өзгөчө дизентерияда уругун кайнатып ичсе болот. 10-15 г кургак жалбырактын үстүнө бир стакан кайнак cуу куюп, 30 минута демдеп,чыпкалап бир аш кашыктан күнүнө 5-6 жолу чай катары ичсе болот. Кичине балдарга бал кошуп берсе сонун. Бул демделген чай менен жарааттарды,жараларды тазаласа болот.

Чычырканак, чырганак

— чычырканак 10 м бийиктикке жеткен бадал өсүмдүгү.Жаш өркүндөрү кийин тикенекке айланат. Жалбырактары кезектүү,кыска саптуу үстү кочкул жашыл бозомтук,асты саргыч же ак,күмүштөй жалтырак. Гүлдөрү эки жыныстуу. Майда данектүү мөмөсүнүн түсү кызыл, даамы кычкыл, ширелүү, өзү жумшак,тез жарылат. Тоолу райондордо,көл жана агым cуунун жээгинде,кумдуу,шагылдуу жерде өсөт.

Сырье катары бышкан мөмөлөрү жыйналат. Аны cуук түшкөндө (-15С) күбүп алат. Химиялык составында аскорбин кислотасы, флавоноиддер, В1, В2 витамини ж.б. заттар бар.

Мөмөсүндө чычырканак майы 8%-ке,уругунда 12%-ке жетет. Майында Е витамини (токоферол), каротин көп, аминокислоталар, стеариндер, каныкпаган май кислоталары бар. Ширесин сыгып алгандан кийин калдыктары кургатылып, аны өсүмдүк майына чылап койсо, чычырканак майы чыгат. Бул май жараларды айыктыруучу, ооруну басаңдатуучу касиетке ээ. Ошондуктан, ар кайсы жара ооруларын дарылоодо колдонулат. Чычырканактын ашы — поливитаминдүү продукт, андан варенье, желе, шарап чыгарылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Посмотреть все записи с меткой: