Үй шартында кээ бир дары формаларынын даярдоо ыкмасы.

Ширелердин

курамында таасир этүүчү заттардын толук комплекси бар. Ширелер органикалык кислоталарга, витаминдерге, фруктозага, пектиндерге, минералдуу туздарга, фитонциддерге бай келет. Ширеде аш тузу,белок, майлар болбойт. Ширени даярдоодон мурда мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, өсүмдүктөрдү абдан таза жууп, эт майдалагычтан өткөрөт. Майдалангандан кийин аны тыгыз элек, даки, чыттан өткөрсө жарайт. Азыркы кезде ширени сыгып алуучу түрдүү аспаптар да көп.

Ширелер суу — туз тең салмактуулугун нормага келтирет; ичеги-карын ооруларында жанчылган сулуну кайнатып, анын суюгун ширеге кошсо жакшы жардам берет.

Өсүмдүктөрдөн шире сыгып алуу кыйыныраак болот. Ошондуктан аларды кургатып, майдалап,андан кийин тундурма кайнатса жарайт. Тундурмалар (отвар менен настой), чайлар өсүмдүктөрдөн даярдалуучу ыңгайлуу дары формасы. Ал үчүн кургаган жалбырак, гүлдөрдү чоңдугу 5 мм-дей кабык, тамырлар, сабактар – 3мм-дей кылып майдалайт.

Өсүмдүктүн кабыгы, катуу сабактар сууда оңой менен көппөйт, алардагы таасир этүүчү заттар акырындык менен чыгат. Ошондуктан ал бөлүктөрдү кайнатуу керек.

Килкилдекке бай болгон өсүмдүктөрдүн (мисалы, бий алманын уругун, өгөй эненин жалбырагын ж.б.) үстүнө муздак суу куюп, 6-8 саатка коюп коёт, андан кийин чыпкаласа болот.

Эфир майларга

бай өсүмдүктөрдү кайнатуу жарабайт. Алардан чай даярдалат. Ал үчүн майдаланган сырьёдон 1-2 аш кашык алып, анын үстүнө 1-2 стакан кайнак суу куят. Чайды 30-40 минута термоско куюп же чайнекти ороп демдеп коет. Чыпкалангандан кийин, чай даяр. Чайларды муздаткычта 2 күн сактаса жарайт.

Сироптор

– канттын концентрациясы 65% болгон коюу, таттуу суюктуктар. Алардын осмос басымы жогору болгондуктан, микробдор өспөйт, ошондуктан сироптор жакшы сакталат.

Кант сиропун алуу үчүн 60-70 градуска ысытылган сууга кант рафинадын кошуп 20-25 минута кайнатат. Кант менен суунун катышы 55-65 %-ти түзөт, андан кийин ысык сиропту чыпкалайт.

Мандарин сиропу. Мандариндин кабыгын кайнатып, андан 15 бөлүк (мисалы, 15 аш кашык) алып, ага 85 бөлүк кант сиропун кошуп, бир аз кайнатат. Мандарин сиропунун жыты жагымдуу, даамы таттуу болот.

Малина сиропу. Канттын 62 бөлүгүн малинанын 38 бөлүгүнө кошуп кайнатат жана чыпкалайт. Малина сиропу тунук, жыты жагымдуу даамы кычкыл таттуу болот.

Бул ыкма менен четин, чие ж.б. сироп даярдаса жарайт.

Дары сиропторун алууда, кант сиропуна дары өсүмдүктөрдүн экстрактарын кошот. Керек болсо бир аз ысытып, чыпкалайт. Эгерде дары сиропто канттын концентрациясы 50%-тен кем болсо, анда бир аз спирт кошсо болот. Дары сироптордон алтей сиропу, ит мурун сиропу, кызыл мыя сиропу, алоэ сиропу колдонулат. Сироптор айнек бөтөлкөгө куюлат жана аларды бекем тыгыз пробка менен бекитип, салкын, караңгы жерде сактайт.

Дары өсүмдүктөрдүн салмагын так билүү үчүн үй шартында кичине тараза болсо жакшы. Эгерде тараза болбосо, анда чай же аш кашык менен өлчөсө жарайт. Ал үчүн төмөнкү таблицага көңүл бургула: 1 аш кашыктагы чөптүн салмагы 4 граммды түзөт экен, тамырлардын салмагы 15г болот экен.

Таблица №1

Дары сырьенун   өлчөнүн нормасы

 

Дары сырьенун түрү

Салмагы, г

1 чай кашык

1 аш кашык

Чөп

1,5

4

Мөмөлөр

4

12

Тамырлар

5

15

 

Суюк дарыларды өлчөгөндө – 1 чай кашыктын көлөмү 5мл, 1 аш кашыктын көлөмү 15мл болот экен.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: