Кээ бир дары жана пайдалуу өсүмдүктөрдү жыйноо, кургатуу, сактоо боюнча колдонмо

Кээ бир дары жана пайдалуу өсүмдүктөрдү жыйноо, кургатуу, сактоо боюнча колдонмо

 

Түзгөн авторлор: медицина илимдеринин кандидаты И.А.Рахимова жана

Ч.К.Рахимова.

 

Бишкек-2011

 

Бул колдонмодо кээ бир дары өсүмдүктөрдү жана пайдалуу өсүмдүктөр жөнүндө кыскача маалымат берилип, алардын дарылык жана пайдалуу касиеттери көрсөтүлгөн. Колдонмо өсүмдүктөрдү туура жыйнап, сактоо жолдору, ошондой эле үй-тиричиликте дарылык максатта аларды кандай колдонуу жөнүндө айтылган.

 

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Кириш сөз

Азыркы кездеги республиканын калкынын көпчүлүгү жакырчылыкта жашагандыктан, калктын маянасы аз болуп, майда чарбачылык көбөйүп, анын үстүнө азыркы убакыттагы техника кымбаттагандыктан, көптөгөн проблемалар чыгып жатат. Ошондуктан биз сунуштаган колдонмо бул маселелерди чечүүгө өбөлгө болот го деп ишенебиз. Биздин республика табигый өсүмдүк, жаныбарлар менен минералдык сырьёлорго бай. Аны туура пайдаланса ал кошумча иш орундарын түзүп калктын жашоосун …

Смотреть страницу »

Бөлөгу 1. Ѳсүмдүктөрдүн пайдалуу касиеттери

Азыркы кезде биз оорулар менен күрөшүүдө жетишкендиктердин көп болгондугу басымдуулук кылган учурда жашап жатабыз. Бирок, азыр деле өсүмдүктөр менен ооруларды дарылоо жана аларды алдын алуу өз күчүндө болуп турат. Анын сыры эмнеде? Адам химиялык препараттарга караганда өсүмдүктөрдү жакшы көтөрөт, себеби алар табияттан келип чыгат. Ошондуктан, рационго өсүмдүк продуктуларын көбүрөөк кошуп, кээ бирин чийки бойдон кабыл …

Смотреть страницу »

Бөлөгу 2. Үйдүн жанында жана бакта эмне өстүрсө болот?

Көпчүлүк учурда бакта жана үйдүн жанында таттуу, даамдуу чоң жана кооз мөмөлөрү болгон дарак же бадалды өстүрсө жарайт. Дарылык касиети бар өсүмдүктөрду, мисалы ит мурун, бөрү карагат, чыныгы карагат, чычырканак, чие, четин, мышык тамыр, теңге гүл, ромашка ж.б. культурада өстүрсө сонун болот. Бул өсүмдүктөр витаминдерге, микроэлементтерге бай келет. Алардын курамында флавоноиддер, катехиндер ж.б. биологиялык активдүү …

Смотреть страницу »

Бөлөгу 3. Ѳсүмдүктөрдүн түзүлүшү

Өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттери жөнүндө мүнөздөмө берүүдөн мурда, өсүмдүктөрдүн түзүлүшү жөнүндө кыскача маалымат билүү керек. Өсүмдүктүн негизги бөлүктөрү – сабак, тамыр, жалбырак, гүл жана мөмө. Жердин үстүндөгү бөлүгү-сабак. Андан таралган бутактар менен бирге ал өсүмдүктүн скелетин түзөт. Сабакта бүчүрлөр, жалбырактар, гүлдөр, мөмөлөр жайгашат. Алар ар бири белгилүү функцияны аткарат. Сабак аркылуу тамырдан суу, анда ээриген минералдуу …

Смотреть страницу »

Бөлөгу 4. Ѳсүмдүктөрдү жыйноо, кургатуу жана сактооо

Көпчүлүк дары өсүмдүктөрүнүн запастары күндөн күнгө азайып бара жатат. Ошондуктан, азыркы кезде белгилүү дары өсүмдүктөрүн культурада өстүрүү негизги максат болуп эсептелет. Өсүмдүктөрдү жыйноодон мурда өзүңөрдүн аймагыңарда дары өсүмдүктөрдүн кандай түрү бар экенине көңүл бургула. Эгерде ал жерде ошол өсүмдүк азайып калса, ал такыр эле жоголуп кетиши мүмкүн. Андай болбош үчүн, гүлдөр, жалбырактар, чөптөрдүн бир жылдык …

Смотреть страницу »

Бөлөгу 5. Дары өсүмдүктөрдү үй шартына колдонуу

Үй шартында кээ бир дары формаларынын даярдоо ыкмасы. Ширелердин курамында таасир этүүчү заттардын толук комплекси бар. Ширелер органикалык кислоталарга, витаминдерге, фруктозага, пектиндерге, минералдуу туздарга, фитонциддерге бай келет. Ширеде аш тузу,белок, майлар болбойт. Ширени даярдоодон мурда мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, өсүмдүктөрдү абдан таза жууп, эт майдалагычтан өткөрөт. Майдалангандан кийин аны тыгыз элек, даки, чыттан өткөрсө жарайт. Азыркы кезде …

Смотреть страницу »

Бөлөгу 6. Кээ бир пайдалуу жана дары өсүмдүктөр жөнүндө кыскача маалымат

Абрикос — кадимки өрүк. Бийиктиги 3-8м-ге жеткен роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмөлүү дарак. Анын 8 түрү бар. Алардын ичинен кадимки өрүк абдан баалуу. Аны — ден соолуктун мөмөсү дейт. Абрикостун сөңгөгүнүн диаметри 30см ден ашуун, кабыгы боз күрөң, картайган дарактарда узунунан келген жаракалар болот: жалбырактары чоң, кезектүү, жумуртка сымал, учу ичкерээк, кыры майда арадай, сабактары кызыл-кочкул. …

Смотреть страницу »

Бөлөгу 7. Корутунду

Бөлөгү 7. Корутунду Бул кыскача жазылган китептеги сунуштар кирешелерди көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга жол берет. Мындан тышкары, калктын ден соолугун чыңдаганга витаминдүү, экологиялык жактан таза продуктуларды пайдаланганга маалыматтар берилген. Ар кайсы жапайы өскөн өсүмдүктөрдү жыйнап, сатуудан кандай пайда алуу боюнча мисалдарды сунуштайбыз. Мисалы, жапайы өсүмдүктөрдөн кандай пайда алса болот? Эгерде адам туура жыйнап, кургатып 100 …

Смотреть страницу »

Посмотреть все записи с меткой: