Имбирь (Имбирь, Zingiber officinale)

Имбирь уруусу

Көп жылдык тамыр сабактуу өсүмдүк. Анын бардык вегетативдүү органдарында өсүмдүктөрдүн өсүүгө байланыштуу функцияларды аткарган, органдары: жалбырак, сабак жана тамыр, ошондой эле уруктарныда өзүнө гана таандык жыты болгон эфир майы бар. Тамыр-сабагы жоон, эки катар түрпү сымал жалбырактар кучагы (жука жана жазы келип сабакты аздыр-көптүр каптап турган жалбырак сабы) менен капталган. Тамыр сабагынын ар бир муун аралыктарында (тамырдын бир муунунан экинчи муунуна чейинки бөлүгү) көмөкчү тамырларлары болот. Жер үстүндөгү өркүнүндөгү сабак кыска, жоонураак муун аралыктары абдан жакын. Анда бир-бирине тыгыз келген кезектүү сапсыз жалбырактар жайгашкан. Жалбырак пластинкалары ланцеттей узун. Гүлдөрү жогорку тон гүлүндө. Алар жыпар жыттуу, кооз болсо да, көп жашабайт. Мөмөсү – кутуча. Уруктары бир нече кыры бар, овалдуу, кабыгы катуу. Түштүк Азиядан келип чыккан. Имбир байыртадан эле бери Индияда өстүрүлгөн. Азыркы кезде дүйнөнүн бардык тропика өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Нигерия, Малайзия, Япония, Кытай, Батыш Индия, Бразиялияда көп өндүрүлөт.

Кургак тамыр сабагында эфир майы (1-3,5%), крахмал, чайырлар, канттар бар. Эфир майынын негизги составдын бөлүгү – цинеол жана цингиберол. Алардын тышкары линалоол, гераниол жана башка бирикмелер бар. Чайырлуу бөлүгүндөгү цингероль кетондордун – цингерон жана шогаолдун кошундусу , алардын даамы абдан курч келет.

Имбирдин жыты жагымдуу, даамы керемет курч. Анын тамыр сабагы кургатылган, жанчылган, кантка кошулган же сиропто консерваланган түрүндө пайдаланылат.

Ошондой эле имбирдин спирттүү экстракты белгилүү. Анда учма жыпар жыттуу эфир майы менен күчтүү чайырлуу заттар бар. Имбирь кулинарияда, нан бышыруу, кондитер өндүрүшүндө, ошондой эле ар кандай керемет даамдуу соустар, пиво, ликер (мисалы, «Бенедиктин» чыгарууда колдонулат. Ар түрдүү тамак-аштарга кошкондо, ал аларга жагымдуу сонун даамды берет. Туз менен аралаштырып этке, балыкка, тоок этине, өзгөчө өрдөктүн этине өзгөчө даам кошот. Имбирь карын зилинин пайда болушун күчөтөт, тамак сиңирүүнү оңолтот.

Имбирь тамак сиңирүү бузулганда, өзгөчө кусканда, жүрөк айланганда, ич көпкөндө, сийдик жакшы чыкпай калганда, кызыл жүгүрүктө колдонулат. Чыгыш Азиянын элдик медицинасында имбирь баш ооруганда, бронх астмасында берилген. Парфюмерияда чыгыш типтеги композициялар үчүн колдонулган. Имбирь жер-жемиштер менен продуктуларды сактоо үчүн пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: