Шалбаа уй бедеси (Клевер луговой, Trifolum pratense)

Чанактуулар уруусу –Fabaceae

Эки –же көп жылдык бийиктиги 15-60см болгон чөп өсүмдүгү. Бутактары жөнөкөй, чачы каптаган. Жалбырактары үчүлүк татаал (башкы жалбырак сабагында үч каптал жалбыракчалары), кенен жумуртка сымал, майда тишчелүү бөлүкчөлөрү бар. Гүлдөрү майда, мала кызыл, ачык кызыл. Беденин топ гүлүнүн башкы гүл сабы жана анда жайгашкан татаал гүлдөрдүн гүл саптары да кыска. Мөмөсү – жумуртка сымал бир уруктуу чанак. Июнь-сентябрде гүлдөйт. Мөмөсү август-октябрде бышат.

Шалбааларда, токойлордо, талааларда жана жолдордун четинде өсөт.

Анын жашыл массасында эфир жана өсүмдүк майы, ийлөө заттары, трифолин, изотрифолин гликозиддери, органикалык кычкылдар, флавондор, чайырлар, витаминдер (аскорбин кычкылы, тиамин, рибофлавин, каротин, токоферол) бар. Тамырында чөбүн чаап алгандан кийин көп азот топтолот. Гүлдөрүндөгү эфир майы 0,03%-ке жетет. Анын курамына фурфурол, кумарин кирет. Уругунда 12% кургай турган май табылган. Чөбү менен гүлдөрүндө флавондор, флавонолдор (кемпферол, кверцетин) бар.

Илгээртен бери эле шалбаа уй бедеси дары ванна менен дары чай катары пайдаланылып келген. Жалбырактарынан жыпар жыттуу концентраттар алынат. Эфир майы ароматтык композициялар түрүндө колдонулат. Кургатылган жанчылган жалбырактары нан бышырганда, соус, сыр даярдаганда пайдаланылат. Кавказда гүл башчысын капустага окшоп туздап, жашыл салаттарга кошот. Беде абдан баалуу тоют болуп эсептелет.

Уй беденин 100 г чөбүндө 52,2 тоют бирдиги (азыктануу боюнча орто сапаттуу сулуунун 1 кг данына туура келген тоюттун саны) болот. Өсүмдүк жашыл тоют үчүн, чөп камдоого, сенажга, силоско кеңири пайдаланылат. Тамырында топтолгон азот топурак айдалгандан кийин талаалардын түшүмдүүлүгүнө түрткү берет. Тоют өсүмдүгү катары кенен өстүрүлөт.

Элдик медицинада какырык чыгаруу үчүн, ичеги-карын ооруларында сезгенүүгө каршы; сыздоок чыкканда, күйүк болгондо компресс түрүндө колдонулат. Топ гүлдөрү атеросклероздо чай катары ичүүгө сунушталат. Шалбаа уй бедесинин балы жакшы сортторго кирет.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: