Настурция (Настурция, кануцин большой, Trapaeolum majus)

Настурция уруусунан – Trapaeolaceae

Бир жылдык өсүмдүк. Сабагы эттүү, абдан көп бутактанган, жылма, ширелүү. Жалбырак саптары узун, жалбырактары бир бирине туура келбейт, тарамыштуу. Гүлдөрү чоң, алдыңкы үч гүл желекчеси пластинкасынын негизинде тармал, кызыл сары, ачык кызыл тилкелери бар, текөөрчөсү (гүлдөрүнүн тажычасындагы ичи көңдөй урчугу) бир аз кыйшыгыраак. Мөмөсү кургак, үч бөлүккө бөлүнөт. Июнда гүлдөйт. Өлкөсү – Түштүк Америка Перудан тартып Жаңы Гренага чейин.

Жалбырактары менен сабактарында аскорбин кычкылы, каротин бар. Уруктарындагы эфир майынын курамына негизинен бензилазотцианат кирет. Настурция илгээртен бери эле кулинарияда колдонулат. Анын жалбырактарынын, гүлдөрүнүн катуу бүчүрлөрүнүн, жетилип быша элек уруктарынын өзгөчө даамы болгондуктан алар эт, жашылча, жумурткадан жасалган. Тамактарга татымал (приправа) катары кошулат. Гүлдөрүнүн бүчүрлөрү менен мөмөлөрүн укроп, уксус кошуп маринад жасалат.

Элдик медицинада аз кандуулукта, териге исиркектер чыкканда, сийдик жолдорунун таш пайда болуу оорусунда настурциянын чөбүнүн суу тундурмасы колдонулган. Ага бал кошуп, ооз көңдөйүнүн былжыр чели сезгенгенде ооздун ичин чайкоого сунушталган. Настурция өтө кооз, жыпар жыттуу. Ал балкондорду, көчөлөрдүн четин, таш каптаган жерлерди кооздо үчүн пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: