Баркыт гүл (Бархатцы мелкоцветные, Tagete patula)

Астралар уруусунан – Asteraceae

Бийиктиги 30-80см болгон көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары канаттай бөлүнгөн, анда күрөң безчелери билинип турат. Сабагынын учунда – бирден топ гүлү чыгат. Анын астындагы бутчалары көңдөй, вздутые. Топ гүлдүн сырткы гүлдөрү тилдей, кочкул сары же күңүрт-кызыл. Урукчалары ылдый жагында ичке, алардын башы бир-бирине окшошпогон жалтырак челден турат. Июль-августта гүлдөйт. Мөмөсү август-сентябрда бышат. бактарда өстүрүлөт. Формалары, сорттору көп. Мексикадан келген.

Гүлдөгөн өсүмдүктүн жер үстүндөгү бөлүгүндө эфир майынын өлчөмү 0,30-0,55%-ке, богок байлоо фазасында (гүл бүчүрлөрдүн калыптанып бүткөн мезгили) – 0,22-0,30%; максималдуу өлчөмү топ гүлүндө (0,45%) жана жалбырактарында (0,28%). Эфир майы сары же күрөң түстүү, илээшкек, жыты – буркураган мөмө жемиштердин изи бар. Анын негизги компоненти – оцилеон (50%); ошондой эле Д-пинен, сабинен, мирцен, лимонен, цитраль, линалоол ж.б. бар.

Эфир майы чыгыш кондитерлик нерселерди өндүрүүдө, арак-ликер, самын кайнатуу, парфюмерлик-косметикалык өнөр жайында кеңири колдонулат. Элдик медицинада топ гүлүнүн тундурмасы сийдик, тер айдама жана мите курттарын өлтүрүүчү каражат катары колдонулат. Баркыт гүл кулпунай, картофель жана башка культуралардын нематодаларына каршы пайдаланылат. Ал үчүн кулпунай ж.б.-лардын айдалган иретине жакын өстүрүлөт. Кооз өсүмдүк катары гүлзарларда өстүрүлөт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: