Чеге гүл (Гвоздика, Syzygium aromaticum)

Мирттер уруусунан

Дайыма жашыл болуп туруучу тропикалык дарак. Бийиктиги 10-12 м, кооз пирамидалдык чокусу болот. Каптал жалбыракчалары башка жалбырак саптын эки капталына бир-бирине тушташ болуп жайгашат. Алар кенен, ланцет сымал, бүтүн кырдуу жалбырак, кочкул жашыл, кыртыштуу, жаркыраган, үстүңкү бетинде ачык чекиттер болот – эфир майлары топтолуучу жерлер. Топ гүлдөрү учунда, татаал жарым чатырдай. Гүл жайгашкычтары ачык кызыл цилиндр сымал. Алардын чокусунда 4 майда кызыл чөйчөкчө,4 мала кызыл гүл жалбыракчасы, ачылганда жарым шарга окшогон колпачокко окшоп түшөт; аталыктары көп, мөмөлүгү астыңкы (гүлдүн калган бөлүктөрүнүн негиздери менен биригип өспөстөн алардан жогорураакта эркин жайгашкан мөмөлүк). Мөмөсү – жумуртка сымал жалган жемиш. Анда крахмалга бай келген 1 урук болот. Тропика өлкөлөрүндө өстүрүлөт: Африканын чыгыш жээктериндеги аралдарда (Занзибар ж..б.), Антиль аралдары (Ямайка ж.б.), Бразилияда. Өлкөсү – Түштүк-Чыгыш Азиядагы Молук ж.б. аралдар.

Ачыла элек гүлдүн богоктору (гүл бүчүрү) жыйналат. Кургатканда алардын кызыл түсү кочкул күрөңгө айланат. Богоктун формасы гвоздь окшош, анын аты ошондон чыгат.

Узундугу 1-1,5 см, жыпар жыты буркурап турат, даамы жгучий, жагымдуу, бутондордон тышкары гвоздиканын мөмөсү да терилет. Аларды бышканда чогултат. Жыты, даамы богокторундай эле. Богокторунда эфир майы (17-20%), ийлөө заттары (20%), былжырлар, майлар бар. Эфир майынын негизги курамын эвгенол түзөт (85%), дагы анын курамына кариофилен, ацетилэвгенол (3%), сексвитерпендер кирет. Гвоздика керемет даамдуу жана жыпар жыттуу өсүмдүк катары байыртан бери белгилүү. Даамы күчтүү, жагымдуу. Дары катары да, тамакка кошулма катары да колдонулат. Ачуу ликерлорду, кино кошулган ысык суусундарды, жемиш ширелерди, компотторду даярдоодо колдонулат. Консерваланган жашылча жана жемиштерге кошулат. Тамак-аш даярдоодо да кеңири пайдаланылат. Гвоздика майы стоматологияда да кеңири колдонулат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: