Жалган кычы (Горчица сарептская, Brassica juncea)

Бийиктиги 50-150 см болгон бир жылдык өсүмдүк, түбүнөн тартып бутактанат, ылдый жагында бир аз түптөрү бар тамыры жоон. Тамырынын үстүндөгү жалбырактар сабтуу, чоң, жогоркулары – сапсыз, бүтүн, түсү ачык жашыл. Гүлдөрү ачык сары, майда. Гүл коргону жалпак, саадактын учу шибегедей, ал саадактын узундугун ¼ бөлүнүп түзөт. Ал ачылганда ажырап түшүүчү эки капкакчадан жана уруктар жайгашкан ортоңку тоскоолдон турат. Уруктары майда, кара. Май-июлда гүлдөйт. Мөмөсү августта бышат.

Индия, Кытай, ИндоКытай, Кичи Азия, Түндүк Африкада өстүрүлөт. Россия, Казакстан, Белоруссия, Түндүк Кавказда маанилүү айыл-чарба культурасы болуп эсептелет.

Уруктарында 1,17-2,89 % эфир майы бар. Анын курамына аллилгорчица майы (40%-ке чейин) жана кротонилгорчица майы, ошондой эле диметилсульфиддин изи, 20-49% жогорку сапаттагы горчица майы кирет. Анын курамына олеин, линолен, арахис, пальмитин, линоль ж.б. кычкылдар кирет. Бул майдын даамы күн карамай майына салыштырганда жакшы келет. Уруктарында синигрин гликозиди жана фермент мирозин бар. Мирозин ферменти суу чөйрөсүндө жана температура таасир эткенде гликозид глюкозага, калий сульфитине жана эфирлүү горчица майына ажырайт. Сарепт жалган кычынын жалбырагында 0,056% С витамини, 0,2% кальций ж.б. заттар болот. Жалган кычынын майы таман, парфюмер өнөр жайында колдонулат. Камырга кошулат, консерваларды жасоодо пайдаланылат. Жанчылган уруктарынын күкүмү тамак-ашка кошконго, жашылчаларды, балыкты туздаганга колдонулат. Жалган кычы тамакка мейил тарттыруу менен бирге, карындын зил болуп чыгаруу функциясын жакшыртат. Ашканада пайдаланылуучу горчица балыктан, эттен, жашылчадан бышырылган тамак-аштарга кошулат.

Майсыздандырылган уруктарын жанчып алынган күкүмү чорчичниктерди жасоодо пайдаланылат. Горчичниктер медицинада жылытуучу каражат катары колдонулат. Аларды териге чаптаганда ошол жердин кан айлануусу оңолот. Мисалы, аны гипертония кризинде, стенокардияда жакшы жардам берет.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: