Анар (Гранат, гранатник, Punica granatum)

Анарлар уруусунунан – Punicaceae.
Бийиктиги 150-500 см болгон бадал же даракча. Бутактары жылма, тушташ. Тамыры күрөң, жыгачтай, бутактанган. Жаш бутактары жашылыраак боз, кырдуу, кыскарган, тикенектүү. Жалбырактары ланцеттей же эллипс сымал, же боочого бириккен, жазында алар кызыл түскө боелгон. Гүлдөрүнүн диаметри 20-50 мм, бирден, гүл сабы кыска. Чөйчөкчөсү кабыктуу, коңгуроо сымал, кызгылт, 5 (6-9) бөлүкчөлөрү бар. Гүл коргону беш жалбыракчалуу, ачык-кызыл; желекчелери тескери жумуртка сымал, чөйчөкчөнүн оозуна бекиген. Аталыктар жипчелери сары-кызыл абдан көп; энеликтин көптөгөн астыңкы мөмөлүгү жоонойгон чаңалгычы (энеликтин жогорку учундагы чаңчалар келип түшчү бөлүгү) бар. Мөмөсү чоң, шар сымал, диаметри 15см-ге, массасы 80г-га чейин, кээде андан да чоң болот. Түсү мала кызыл, кызыл, 6-12 уялуу, калган чөйчөкчөнүн катуу бөлүкчөлөрү менен капталган. Мөмөнүн жука кабыктарынын ортосундагы уялар көптөгөн (400-700) бир-бирине тыгыз жайгашкан уруктар менен толтурулган. Уруктардын кырлары тупой, алар ширелүү, кызыл тышкы кабаты бар. Алардын даамы кычкыл-таттуу. Май-августта гүлдөйт. Мөмөсү сентябрь-октябрда бышат.
Кургак, таштуу тоонун беттеринде, арыктардын жээгинде өз алдынча же ит мурун, анжир, жүзүм менен аралышып өсөт.
Иран, Афганистан, Түндүк-Батыш Индияда, Орто Азияда, Кавказда өсөт. Эзелтен бери мөмөлүү дарак катары Кавказ, Дагестан, Крым, Орто Азияда културада өстүрүлөт.
Тамырынын, шагынын, бутактарынын кабыгында алколоиддер (пельтьерин, изопельтьерин, псевдопельтьерин ж.б. бар). Шагы менен жалбырактарында бетулин кычкылы; мөмөлөрүнүн кабыгы менен жалбырактарында – урсол кычкылы: тамырлары менен сабактарынын кабыгынан жана уруктарынын В-ситостерин, Д-мальтоза ж.б. табылган. Шагынын кабыгы, мөмөлөрүнүн кабыгы жана жалбырактары ийлөө заттарына бай келет (30% -ке чейин). Анардын ширесинде 10% -ке жакын лимон кычкылы, алма ж.б. органикалык кычкылдар, 8-19% канттар (фруктоза менен глюкоза), танин, аскорбин кычкылы, көп өлчөмдө антоциандар бар. Гүлдөгөндө ачык кызыл пигмент-антоциан пуницин болот. Абдан түстүү мөмөлөрдүн антоциандардын курамына дельфинидин, мальвидин жана алардын гликозиди кирет. Уруктарында май бар, андан туника кычкылы чыгарылган.
Мөмөлөрү жетилип бышканда пайдаланылат. Ширесинен суусундар, сироптор, улуттук тамак-аштарга кошундулар, винолор даярдалат. Ширеси витаминдүү каражат катары колдонулат. Ширеси тамакка мейил тарттырат, ичеги-карын жолдорунун иштешин оңолтот, организмдин ооруга туруктуулук жакшыртуучу каражат катары операциядан, жугуштуу оорулардан кийин ичүүгө, тамыры менен бутактарынын экстракты мите курттарын жоготуу үчүн сунушталат. Мите курттарына каршы болгон таасири анардын тамыры жана мөмөсүнүн кыртышында пельтьерин алколоиди болгондугу менен байланыштуу.
Гүлдөрүнөн алынуучу боегуч заттар менен жибек, пахта зыгыр жана жүн кездемелерин боегонго колдонулган.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: