Каз таман (Герань розовая, Пеларгоний Pelargonium roseum)

Көп жылдык дайыма жашыл болуп туруучу бадал, анын бийиктиги 150-200 см. Өсүмдүктүн чөбү абдан күчтүү жагымдуу жыт берет. Сабагы түз, бутактуу, төмөн жагы жыгачтанып турат. Жалбырактары кезектүү, саптуу, жумуртка сымал, негизи жүрөккө окшойт, беш-жети бөлүктөрү бар; жалбырактарынын бети бүртүк, чоң тиштүү, канаттай бөлүнгөн, жалбырак саптары жоон, узундугу 3-8 см. Гүлдөрү туура эмес, кыска гүл сабында 2-12 ден жайгашат, алар жөнөкөй чатырчага чогулган. Гүлү беш жалбыракчадан түзүлөт, мала кызыл, узундугу 2 см-ге жакын, эки жогорку гүл жалбыракчасы чоңураак ачык кызыл сүрөтү бар. Аталыгы 10 мөмөсү 5 кургак бир уруктуу мөмөлөрдөн турат, бышканда спиралдашкан чачысы кошулат. Культурада гана өстүрүлөт. Өсүмдүктүн гибриддери көп.

Каз тамандын чөбүндө 0,1-0,2% эфир майы бар, ал негизинен жалбырактарында топтолгон (0,25-0,3%). Каз тамандын майы – жашылыраак же күрөңүрөөк жагымдуу розанын жытына окшош жыты болот. Каз тамандын майынын негизги составдык бөлүмү – цитронеллол жана гераннол (алардын катышы 3:1) андан тышкары линалоол (10-12%), ментол (3-4%), терпен жана сесквитерпен углеводороддор менен спирттер, валериан, тиглин жана уксус кычкылдары бар.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: