Күрөң чай чөп (Душица обыкновенная, Origanum vulgare)

Эрин гүлдүүлөр уруусунан — …

Көп жылдык өсүмдүк. Тамыр сабагы бутактанган, кыйшык, сойломо. Бутагы түз, төрт бурчтуу, бутактанган, бийиктиги 30-90 см, түрпү баскан. Жалбырактары кезектүү, саптуу, сүйрү-жумуртка сымал, цельнокрайние, неясно зубчатые, чокусу учтуу. Үстүңкү бети күңүрт жашыл, астыңкысы боз, жашылыраак, узундугу 1-4 см. Гүлдөрү сүйрү-овалдуу машакчаны түзөт. Алар көптөгөн калканчаларды пайда кылып, андан шыпыргыдай чоң топ гүл түзүлөт. Түсү кызгылт, мала кызыл, кээде ак майда, алардын четинде кызгылт гүл жан жалбырагы болот. Тажычасы – эки эриндүү. Мөмөсү төрт кургак тегерек күрөң жаңгакчадан пайда болот. Июндан сентябрга чейин гүлдөйт. Мөмөсү августтан баштап эле бышат.

Талаада, бадалдын арасында, кургак токойлордо, таштуу ачык жерлерде, тоонун этектеринде өсөт. Бардык аймакта таралган.

Өсүмдүктүн чөбүндө гүлдөгөн мезгилинде 20%ке жакын ийлөө заттары, ачуу заттар, С витамини, эфир май (0,5-1,5%), анын курамына 20-45% тимол, карвакрол, сексвитерпендер, геранилацетат, боегуч заттар, уругунда 30%ке жакын кургап калуучу май кирет. Тимол күрөң чай чөптүн өзүнө гана таандык жытын берет.

Жаңы гүлдөгөндө жайналган чөбү (кургак же жаңы терилгенде) тамакка керемет кошунду катары «орегана» деген ат менен дүйнөгө белгилүү. Күрөң чай чөптүн ароматтын компоненти абдан күчтүү, ал майорна жана тимьянга жакын. Даамы назик, бир аз камаштырат, ачуураак. Күрөң чай чөп өзгөчө Италия, Мексика, Испан кухняларында популярдуу.

Алар тамак даярдоодо аны кеңири пайдаланылат. Күрөң чай чөп винонун өзгөчө сортун (вермуттун) даярдаганда колдонулат. Керемет даамдуу жана жыпар жыттуу сырьену бек айнек банкада сактаганда күрөң чай чөп өзүнүн үч жыл ичинде өзгөртпөйт. Дарылоо максатында күрөң чай чөп жана андан алынган эфир майы тиш ооруганда жардам берет. Гүлдөрүн чайнаса эле тиштин ооруганы басылат. Күрөң чай чөп тамак сиңирүүнү жакшыртууга, тамакка мейил тартууга, ичеги начар иштегенде, дем алуу органдардын сезгенишинде, атеросклероздо, кан басымы жогорулаганда, заара айдама, тердетүүчү каражаты катары кеңири колдонулат.

Күрөң чай чөп нектары көп болгондуктан, аны бал челекчелер абдан баалайт. Күрөң чай чөп парфюмерия өндүрүшүндө самындын жытын оңолтууга кошот. Чөбүндө боегуч заттар болгондуктан, ал боек катары кээде колдонулат. Гүлдөрү менен кочкул сары-кызыл түскө жүн боелот. Чөбүнө темир купоросу кошулса – кара түс берет. Инсектицид катары кийимди күбөдөн сактоо үчүн пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: