Базилик, райкан (Базилик камфорный, Ocimum basilicum)

Эрин гүлдүүлөрдөн – Lamiaceae

Бир жылдык чөп өсүмдүгү, бийиктиги 70см-ге чейин, жагымдуу, буркураган жыты бар. Сабагы узун, абдан бутактанган, төрт бурчтуу, узунча жумуртка сымал жалбырактары болот. Гүлдөрү ак жана кызыл, узундагы жалбырактардын жана гүл жан жалбырактарынын колтугунан туура эмес мутовкадан (сабактын бир эле муунунан бир нече жалбырактардын же бутактардын өсүп чыгышы) чугат. Мөмөсү – кара күрөң жаңгакча.

Евпропада, Кавказда, Орто Азияда культурада өстүрүлөт.

Өсүмдүктүн жердин үстү жагындагы бөлүктөрүндө 1-1,5% эфир майы, 6%-ке чейин ийлөө заттары, гликозиддер, сапониндер, минералдык заттар, аскорбин кислотасы, канттар бар. Эфир майынын курамына эвгенол, метилхавикол, цинеол, линалоол, камфора, оцимен кирет. Эфир майынын негизги компоненти – эвгенол (70%-ке чейин). Эфир майы көбүнчө топ гүлүндө топтолгон. Өсүмдүктүн толук гүлдөгөн фазасында майды абдан көп чыгарса болот. Кургатуу майдын чыгарылышын абдан эле азайтат. Уруктарында 12-20% өсүмдүк майы; жалбырактарында 0,003-0,009% каротин, 0,15%-ке жакын рутин бар. Базилик чөбүнүн абдан буркураган жыттуу калемпирге окшогон жыты, анча эмес муздаткан туздуу даамы бар. Аны аз өлчөмдө балык жана жашылча тамак-аштарына, салаттарга кошсо жакшы болот. Ошондой эле помидор, бадыраң, козу карындарды туздаганда кошулат. Базиликти Грузия, Армения, Азербайжанда жана Орто Азиянын өлкөлөрүндө «Рейган», «райхан», «райкан» деп атап, тамак-ашка кошулма катары кеңири пайдаланылат. Кургатылган жалбырактарынын күкүмүн жыпар жыттуу калемпирдин ордуна колдонсо болот. Уксуска жыпар жытты берүү үчүн колдонулат. Мындай уксус салаттарга керемет даам берет. Италия жана түштүк славн кухнясында базилик өзгөчө орунду ээлейт, ал негизинен спагетти жана макарондон жасалган тамак-аштарга кошулат. Базилик ич көпкөндө, тамакка мейил тарттыруу үчүн, артериялык кан басым төмөндөгөндө сунушталат. Базиликтин жалбырагы каротин жана рутиндин булагы. Кургатылган базиликтин жалбырактарын аба жетпеген жайда сакталса, ал кийинки келген түшүмгө чейин ошол эле түсүн жана касиетин жоготпойт экен. Базиликтен эфир майы, эвгенол, камфора алынат. Эфир майы менен таза эвгенол парфюмерия жана тамак-аш өнөр жайында жыпар жыттуу каражат, ошондой эле ванилин алуу үчүн сырье катары пайдаланылат. Эвгенол тишти дарылоо практикасында дезинфекциялоочу жана ооздун жаман жытын жоготуучу каражат катары колдонулат.

Өсүмдүк элдик медицинада кеңири колдонулуп келген. Базиликтин чөбүнүн тундурмасы гастритте, колитте, пиелитте, жөтөлдү басаңдатуучу каражат катары, эмгек эмизгендердин сүтүн көбөйтүү максатында колдонулуп келген. Жалбырактарынын тундурмасы ангина, стоматитте ооздун ичин чайкаганга, жакшы айыкпаган жарааттарга компресс катары пайдаланылган.

Жалбырактарынын тундурмасын тиш ооруганда ооздун ичин чайкаганда, жаңы үзүлгөн жалбырактарынын ширесин кулак ооруганда тамчылатканга сунушталган. Азыркы медицинада базиликти көпчүлүк өлкөлөрдө жыпар жыттуу ванналарды даярдоо үчүн, жарааттарды, экземаны айыктыруу үчүн коодонулат. Томат ширесине жаңы үзүлгөн жалбырактарды кошсо, ал шире тонусту жогорулатуучу касиетке ээ болуп калат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: