Дары кашка беде (Донник лекарственный, Melilotus officinalis)

Чанактуулар уруусу – Fabaceae

Эки жылдык чөп өсүмдүгү. Тамыры агыш, жайылган. Сабагы түз, узундугу 50-250 см, жогорку жагы түктүү. См КСЭ. Жалбырактары кезектүү, сабактуу, үч эселенген, жан жан жалбырактары ланцет сымал, учтуу, толук, кээде 1-2 тиши болот. Гүлдөрүнүн узундугу 5-7 мм, колтук чачыларга чогулган гүл сабагы узун болот. Чөйчөкчөсү жарымына чейин сүйрү – ланцеттүү бөлүктөргө кесилген. Тажычасы сары. Желекчелери канаттарындай эле. Мөмөсү – жумуртка сымал, боз, туурасынан бырыш болгон жылаңач, бир же эки уруктуу чанак, узундугу 3-4 мм, шибегедей учтуу. Уругу – жашыл –сары, узундугу 1,8-2,2 мм. Июн-сентябрда гүлдөйт. Мөмөлөрү августта бышат. жерлерде кездешет.

Чөбүндө кумарин, мелилотин, дикумарин, гликозиддер, былжырлар, ийлөө, белок заттыры, эфир майлары, витаминдер (С витамини, токоферол, каротин); жалбырактарында мелилот кычкылы, майга окшош зат – мелилотол, ошондуктан өсүмдүк өзгөчө жыттанып турат.

Байыртадан бери эле кашка беде жем жыпар жыттуу катары белгилүү болгон.

Жалбырактары жашыл сыр жасоодо колдонулган. Чөбү (өзгөчө гүлдөгөн кезде) – ачуу арактарды, настойкаларды, пивону даярдоодо, ошондой эле жыпар жыттуу болгондуктан тамеки, махоркага, самынга жыт берүү үчүн, парфюмерия жана арак-ликер өндүрүшүндө жытты фиксациялоо үчүн пайдаланылат. Жаш, жоон тамырлары кууруган жана быжырылган түрдө желет. Гүлдөрү менен жалбырактарын салатка, сорпого, компотко кошсо жакшы.

Кашка беде какырык чыгаруучу касиетке ээ. Анда дикумарин болгондуктан ал кан уюууганга каршы таасир этет. Ошондуктан ал тромбофлебитте сунушталат. Кашка бедедеги кумарин лейкоциттерди көбөйтүүгө түрткү берет, кан жүрүүнү жакшыртат. Чоң өлчөмдө уулу келет.

Элдик медицинада кашка беде какырык чыгаруучу каражат катары колдонулат. Ошондой эле ал ич көпкөндө, гипертония оорусунда, неврастенияда берилет.

Кашка беде – баалуу жем болот. Ал силостогонго жарайт. Өсүп жатканда аны мал жакшы жебейт, себеби анда кумарин көп. Францияда өсүмдүк боек катары пайдаланылат. Нектары көп болгонунан, ал илгээртен бери белгилүү. Кашка беденин нектарын аарылар түссүз таттуу балга, момдун түсүнө окшогон чаңчага айлантат. Ошондуктан кашка бедени бал челек жакын учатокторго айдар өстүрүлөт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: