Бийик сарындыз (Девясил высокий, Inula helemium)

Астралар уруусунан – Asteraceae.

Бийиктиги 100-175 см болгон көп жылдык өсүмдүк. Тамыр сабагы эттүү, жоон, андан көптөгөн жоон тамырлар чыгат. Тамыр сабактары менен тамырлары күрөң, ичи – саргыч. Бутагы түз, кырдуу, кыска. Коюу ак чачылар менен капталган. Жалбырактары кезектүү, чоң, туура эмес тиштүү, астыңкы бети – баркыттай – боз жүндүү; тамыр жалбыракчалары саптуу, эллипс сымал же узун, жумуртка сымал. Гүл топтору – диаметри 6-7 см болгон корзинкадай топ гүл, бирден сабактын, бутактардын учуна жайгашкан, бириккенде чачы же калканчаны пайда кылат. Оролгон жалбыракчалары черепицадай жайгашкан; ичкиси – жука кабыктай, түз, жылма, ортоңкуларынын учу жазылган; сырткысы – жумуртка сымал, боз жүндөй, майда жалбырактарды элестетет. Гүлдөрү сары, гүл чөйчөкчөсүнүн кир болгон ак чачтар; четкилери – энеликтер, ортоңкусу – эки жыныстуу, түтүктөй, 5 тишчелери бар. Аталыгы 5, чаңдыгы түтүк болуп мамычаны (энеликтин мөмөлүгү менен чаңалгычынын ортосундагы бөлүгү) айланта бекилген.

Энелик бир уялуу астыңкы мөмөлүк, узун ичке мамычасы жана эки туз чаңылгычы бар. Мөмөсү – сүйрү, төрт бурчтуу күрөң урукча, анын чачысы узундугунан эки эсе ашат. Июль –сентябрде гүлдөйт. Мөмөсү август-октябрда бышат. Ийне жалбырактуу, аралаш токойлордо, бадалдарда, тоо этектеринде, талаада, суунун, көллюлөрдүн жээгинде, тоодон аккан суулардын жээгинде өсөт. Негизинен Кавказ, Орто Азия, Сибирде, Украинада жайылган.

Тамыр сабагы менен тамырында инулин (44%-ке чейин) жана башка полисахариддер, ачуу заттар, сапониндер, геленин бар. Эфир майынын курамына аллантолактон проазулен кирет. Жалбырактарында флавоноиддер, витаминдер (С витамини, тоноферол), ачуу заттар, уругунда 20%-ке жакын өсүмдүк майы болот.

Байыртадан бери эле сарындыз дары өсүмдүк катары белгилүү болуп келген. Ал жүрөк, өпкө ооруларында какырык чыгаруучу жана сийдик айдама максатында колдонулган. Тамыр жана тамыр сабагындагы эфир майы балык, кулинариялык, тамак-аштарды ароматташтыруу үчүн пайдаланылат. Эфир майы бактерияларды өлтүрүүчү, өзгөчө оору козгоочу грибокторду өлтүрүүчү касиетке ээ.

Ар кайсы өлкөлөрдүн медицинасында сарындыз бронхитте жөтөлгө каршы, карын жана он эки эли ичегинин жарасында, гастритте, гастроэнтеритте сезгенүүгө каршы таасир этүү максатында колдонулат. Кант диабетинде, геморройдо, боор жана өт жолдору сезгенгенде да жардам берет. Мындан тышкары, кан агууну токтотот, тери ооруларында, тахикардияда колдонулат. Тамырын киного чылап гипоациддүү гастритте (карын зилинин чыгуусу начарлаганда) берсе жарайт.

Тамырларынан көк боек чыгарылат. Казактардын элдик ветеринариясында аттарды сап оорусун дарылоодо колдонулат. Сарындыз парктарды, жолдор, темир жолдордун четтерин кооздоого өстүрүлөт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: