Бадъян (Бадъян настоящий, Illicium Verum)

Илицийлер тукумунан – Illiciaceae.

Дайыма жашыл болуп көгөрүп турган дарак. Бийиктиги – 3-4 м, компактуу пирамидадай шактуу (формасы пирамидадай шак). Жалбырактары ланцеттей, узундугу 4-9 см, туурасы 1,2-3 см, үстүңкү бети ачык жашыл, асты – күңүрт, ушалаганда анситин жыты буркурайт. Гүлдөрү эки жыныстуу, сары же кызыл, бирден жайгашкан. Спиралдашкан гүл коргону «гүлдөрү тажыча менен чөйчөкчөнүн жалпы аты) 18 бөлүктөн турат, алардын сырткысы тескери жумуртка сымал, ичкиси – ичке ланцеттей, узундугу 10-22 мм жана туурасы 3-5 мм, аталыктары 4-50 гө чейин жетет, алардын жипчелери жоон жана кыска. Мөмөсү көптөгөн бир уруктуу жыгачка айланган жалбырактардан турат. Жалдызчасы 6-10, көбүнчө 8 бөлүктөн турат. Эң мурда ал эттүү болуп, кийин катып, жыгачка окшоп калат. Түсү ачык күрөңдөн кочкул кызылга чейин. Жалбыракчанын ичинде дары катуу жалтырак күрөң узундугу 6-7 мм болгон күрөң урук урук жатат.

Токойлордо, бадалдардын арасында деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте өсөт.

Түштүк-Чыгыш Кытайда, Вьетнамда, Японияда, Филлипинде, Ямайкада, Индияда жана башка өлкөлөрдө эгилет. Өлкөсү – Түштүк Кытай, Түндүк Вьетнам, Европага бадьян XVI-кылымда гана келип түшкөн.

Сырьесунда чайырлар, танин, канттар, жыпар жыттуу эфир майы (5-7%), анын негизги компоненти – анетол; анда терпендер бар. Жыты өтө жагымдуу, кандайдыр бир сергиткич, даамы таттуураак, жагымдуу.

Кургатылган мөмөлөрдүн күкүмдөй кылып жанчып жыпар жыттуу жана керемет даамдуу кошулма катары колдонулат.

Бадъян анистей эле пайдаланылат, печеньеге, нандарга, пудингдерге, компотторго кошулат. Бадъян кара мурч, фенхель, корица, гвоздика, имбирь менен жакшы айкалышкан гармонияда болот. Ар кайсы өлкөлөрдө кант менен бадъян кошулган кара чай абдан популярдуу. Ошондой эле бадъян тамак-аш жана консерва өндүрүшүндө, фармацевтикалык жана косметикалык өнөр жайында кеңири колдонулат. Бадъян сезгенүүгө каршы, ич көпкөндө жана аш казанды иштешин оңолтуучу каражат катары пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: