Сары чай чөп (Зверобой продырявленный, Hypericum perforatum)

Сары чай чөптөр уруусунан – Hyperiaceae (проверить guttiferae)

Бийиктиги 30-100 см, чөп сабагы жылаңач, ичке бутактанган тамыр сабагы жана абдан бутактанган түз тамыры болгон көп жылдык өсүмдүк. Сабагы жылма, тегерек, капталында эки канаты бар, үстүңкү жагы бутактанган. Жалбырактары кезектүү эллипс сымал же сүйрү, жумуртка сымал, отурган узундугу 1-3см-ге жакын, анда көптөгөн көрүнүп турган ачык жана кара бездери бар. Топ гүлдөрү жазы шыпыргыдай, гүлдөрү алтын сымал, сары. Чөйчөкчөсү бешке бөлүнгөн; анын жалбыракчалары ланцеттей же учтуу. Гүл коргону беш желектүү, алтын-сары, гүл жалбыракчаларынын узундугу 15 см, сүйрү-эллипс сымал, тиштүү. Чөйчөкчөсүндө да сейрек кара бездер жолугат. Ошондой эле желекчелери да бездер менен капталган, желекчелеринин четинде алар кара чектиттей, четинде ачык чекиттей, штрих же сызыктай болот. Аталыктары көп, жипчелеринин түбүндө үч боочого айланат. Энелигинин жогорку жагында жумуртка сымал үч уялуу түйүлдүгү жана үч мамычасы бар. Мөмөсү – үч уялуу көп уруктуу кутуча, анда туура кеткен бездүү издер бар. Кутуча ачылма. Уруктары майда, узундугу 1 мм, сүйрү, кара күрөң, майда уялуу. Июнь-августта гүлдөйт. Мөмөлөрү август-сентябрда бышат. Кургак жерлерде, бадалдардын арасында, талаанын четинде көп өсөт.

Бардык аймактарда (Кавказда, Украинада, Россияда, Кыргызстанда, Сибирде) таралган. Запасы көп. Гүлдөгөн мезгилдеги чөбүндө ийлөө заттары (10-12%), холин, гиперицин гликозиди, антоциандар, сапониндер, эфир майы, витаминдер, каротин, флавоноиддер (кверцитрин, рутин, гиерозид ж.б.) бар. Эфир майынын курамына пинен, цинеол, мирцен, ошондой эле, изовалериан кычкылы кирет.

Гүлдөгөн чөбү суусундарды ароматташтыруу үчүн ликер-арак өнөр жайында настойка жана ачуу арактарды өндүрүп чыгарууда, жалбырактары чай катары пайдаланылат.

Өсүмдүктүн фитонциддик касиеттери бар. Жалбырактары жана сабактарынын жыты менен даамы жагымдуу болгондуктан, аны балык туздаганда, балыкты куурганда колдонсо жакшы.

Сарый чай чөп эзелтен бери дары чөп катары белгилүү жана азыркы кезде көпчүлүк өлкөлөрдүн медицинасында кеңири колдонулат. Гүлдөгөн кездеги чөбү ийлөөчү жана антисептикалык каражат катары өнөкөт жана катуу кармаган колитте, гастритте пайдаланылат. Тундурмасы менен стоматит, гингивитте оозду чайкаш жакшы. Сары чай чөптөн чыгарылган препараттар жарааттарды, абсцесстерди, балдарды оозул болгонунда колдонулат. Жакшы ашаткыч; нектары көп, аарылар көп келет.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: