Айдама артишок (Артишок посевной, Cynara scobymus)

Астра уруусундагы көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары тиштүү айчыктуу сегменттүү, канаттай бөлүктүү, кээде тикенектүү, астын түк баскан, жашыл же боз жашыл түстө. Гүлдөрү диаметри 12 см болгон чоң гүл жайгашкычка чогулган. Гүлдөрдү шар сымал, көп иреттүү жалбырактар ороп турат. Гүл коргону түтүктөй, бешке бөлүнгөн, көк же сине-фиолетовый. Мөмөсү – чоң урук, жылаңгач, төрт бурчтуу, баш жагы кесилген.
Жапайы түрү Түштүк Европа жана Түндүк Африкада өсөт. Орто деңиз аралында биздин эрага чейин эле культурада өстүрүлгөн. Азыркы кезде артишок Батыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө, өзгөчө Франция менен Италияда кеңири өстүрүлөт.
Артишоктун жалбырагында флавоноиддүү гликозиддер – Цинарозид, Цинаротризид; фенолкарбон кычкылдары (кофеин, хлороген, неохлороген ж.б.) бар. Мындан тышкары өсүмдүктүн курамына глицерин, гликолий кычкылдары, инулин кирет. Гүл коргонунда белоктуу заттар, углеводдор, каротин, инулин, чоң өлчөмдө витаминдер (тиамин, рибофлавин, аскорбин кислотасы бар).
Тамакка артишоктун ачылбаган гүлдөрдүн эттүү гүл коргону жана оролуп турган жалбыракчалардын астыңкы иретиндеги жоон түптөрү пайдаланылат. Жетилип бышкан жана косерваланган артишоктон салат жасалат, бышырылган түрүп скус менен жесе жакшы. Жумшак жеринин ылдыйкы бөлүгү – баалуу диеталык продукт. Курамындагы цинарин улгайган адамдарга, атеросклероз менен ооругандарга пайдалуу. Цинариндин сийдик айдама касиети бар, алколоиддер менен ууланганда антидот катары болот. Артишоктун гүл коргонунун кайнатмасы чийки жумуртканын сарысы менен ич катканда жана боор ооруларында сунушталат.
Артишок беш миң жыл мурун эле өстүрүлгөн. Байыркы грек менен римляндар аны абдан баалаган. Аны жегенде тердин жыты анча эмес болот дешкен. Артишоктун гүлдөгөнгө чейин сыгып алынган ширесин чачтарды түшпөсүн алдын алуу үчүн аны менен баш жууган. Көпчүлүк өлкөлөрдө артишоктун жалбырактарынан дары каражаттары алынган. Алар гепатитте (өзгөчө балдардын), эндартеринтте, атеросклероздо, псориазда, экземада колдонулат. Артишоктун экстракты ичкенде өттү айдайт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: