Апельсин (Апельсин китайский, Citrus sinensis)

Рута уруусунан (Rutaceae)
Бийиктиги 7-12 м болгон дайыма жашыл болуп көгөрүп турган дарак. Анын өркүндөрү тикенектүү (түрүн өзгөрткөн сабактар). Жалбырактары жөнөкөй, овалдуу, кээде сүйрү, учтуу, толук. Гүлдөрү бирден же анча көп эмес гүлдөрдөн тарган чачы (каптал гүлдөрү өзүлөрүнүн гүл саптары менен негизги узун гүл спка кезектешип жайланышкан топ гүл). Энелиги (жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн ургаачылык жыныстык органы, анда ургаачылык жыныстык клетка-энелик клетка пайда болот; энелик чаңалгычтан, мамычадан жана мөмөлүктөн турат) көп мөмө жалбыракчалуу. Гүл чөйчөкчөсүнүн диаметри 0,5 см. Желекчелери ак, аталыгы (эркектин жаныстык органы) – 20-25. Мөмөсү – көп уялуу жемиш. Түсү ачык сары, кыртышы жылма же бир аз бүртүктүү. Ичиндеги жумшак нерсеси таттуу-кычкыл, ачык сары, уругу менен же ансыз, мөмө жалбыракчасынын капталынан өсүп чыккан ширелүү бөлүктөрдөн турат. Ички мөмө коргону (мөмөнүн мөмөлүк керегесинен пайда болгон бөлүгү) ак, губка сымал.
Культурада гана өстүрүлөт. Өлкөсү – Гималай тоолорунун түштүк беттери.
Апельсиндин мөмөсүндө 15 % -ке жакын канттар (негизинен фруктоза жана глюкоза), лимон кычкылы (0,6-2%), аскорбин кычкылы (0,07% -ке жакын), ошондой эле рутин, тиамин, рибофлавин, каротин, пектин заттары (ал көбүнчө боегу жок бөлүктөрүндө), фитонциддер, калий, кальций туздары, пигменттер; бутактарынын кыртышында жана тамырында, мөмөсүнүн кабыгында, гүлдөрүндө, бүчүрлөрүндө, жалбырактарында – эфир майлары бар. Эфир майы көбүнчө мөмөнүн кабыгында топтолгон (0,33-2,1%). Мөмөнүн кабыгынан пресс же учуучу ээриткичтердин жардамы менен экстракцияланып сары же күрөң-сары түстөгү, ага мүнөздүү жыты, жагымдуу даамы бар май чыгарылат. Майдын курамына Д-лимонен (90%), Д-линалоол, Д-тепинеол, каприл кычкылынын метил эфири, цитраль, цитронеллаль кирет. Мөмөнүн жумшак нерсесинин ароматы оңой учуучу бирикмелерден (этил, амил, фенилэтил) спирттерден, органикалык кычкылдардан, татаал эфирлеринен (кумурска, уксус, каприл), ацетон, гераниол, ацетальдегид жана терпинеолдон келип чыгат. Мөмөлөрдүн кабыгында флавон гликозиддери – гесперидин, нарингин ж.б. болот.
Апельсиндин мөмөлөрү жөн эле желет, ошондой эле алардан шире, суусундар, джем, цукат чыгарылат. Мөмөсүнүн кабыгынан чыгарылган эфир майы ар кайсы суусундарды, ликерлорду ароматташтыруу үчүн колдонулат. Апельсиндин ширеси эт ысып ооруганда суусунду жакшы кандырат. Апельсиндеги витаминдердин жана башка биологиялык активдүү заттардын комплекси – өтө семирүүнү, гиповитаминозду, гипертония, атеросклерозду, боор ооруларын алдын алууда жана дарылоодо эффективдүү каражат. Апельсинде пектин заттары көп болгондуктан, ал ичегинин иштешин жакшыртып, зыяндуу заттарды чыгарууга, чириткич процесстерди токтотууга көмөк берет. Апельсиндин ичиндеги жумшак нерсеси менен ширеси тамакка мейил тарттырат жана тамак сиңирүүнү оңолтот. Өзгөчө улгайган адамдардын ичи катып, заңдабаганда апельсинди же апельсин ширесин эртең менен ач карын жана кечинде кабыл алып турса жакшы болот. Апельсин ширеси карын жана он эки эли ичегинин жара оорусунда, ошондой эле кычкылдуулугу жогору болгон гастритте колдонуу жарабайт.
Апельсиндин кабыгын кийимдердин арасына салып койсо, күбөнү ал кийимдерге жолотпойт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: