Бергамот (Бергамот – Citrus bergamia Risso)

Руталар уруусунан – Rutaceae

Тикендери жок, анча узун эмес дарак. Жалбырактары дайыма жашыл, учтуу, өзгөчө жыпар жыты бар. Жалбырак саптарында абдан ичке канаттары болот. Гүлдөрү колтуктуу, бирден же көп эмес боолордо, эки жыныстуу, ак же ачык кызыл, аңкыган жыты бар. Мөмөсү – көп уялуу жана көп уруктуу жемиш. Ал жоон үч кабаттуу чел менен капталган, өз алдынча бөлүнгөн сегменттерден турат. Алардын ичинде бир аз уруктары болот. Мөмөлөрү шар же алмурут сымал, негизинен уругу жок же бир уругу бар. Март –апрелде гүлдөйт. Мөмөсү ноябр-декабрда бышат. Италияда Калабрия провинциясында өстүрүлөт. Нымдуу субтропиктерде да өстүрүлө баштады. Өлкөсү – Түштүк –Чыгыш Азия.

Эфир майы мөмөлөрүнүн кабыгынан, гүлдөрдөн жана жалбырактардан алынат. Мөмөсүнүн кабыгынан 1-3% эфир майы чыгат. Бергамот майы – өзгөчө жагымдуу жыты жана ачуу даамы болгон суюктук.

Анын курамына негизинен L-линалил-ацетат (35-50%), L-линалоол, нерол, терпинеол, цитраль, Д-лимонен, камфен, бергаптен, бергаптол ж.б. кирет. Жалбырактарынан 0,15-0,35% эфир майы чыгат.

Бергамоттун мөмөсүнүн кабыгы жана гүлдөрүнүн майы кондитер өнөр жайында жана парфюмерияда, микроскопиялык техникада колдонулат. Бергамот майында фурокумарин деген бирикмелер бар. Алардын фотосенсибиляциялык (күн нуруна сезгич) эффекти болгондуктан, тери аз эле пигментацияга учурашына түрткү берет. Ошондуктан, тери аз эле пигментацияга учурашына түрткү берет. Ошондуктан медицинада бергамоттун компоненти – бергаптендин негизинде витилиго жана гнездная плешивость дарылоодо колдонулуучу препараттар чыгарылган.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: