Коңуз баш (Каперсы травянистые, Capparis herbaceae)

Коңуз баштар уруусунан – Capparaceae.

Көп жылдык өсүмдүк. Сабагынын узундугу 150 см-ге чейин жетет. Жалбырактары тегерек, тескери жумуртка сымал же эллипс сымал, тикенектүү жан жалбырактары болот. Гүлдөрүнүн диаметри 5-8 см, алар жалбырак кучагында болуп, желекчелеринин ак, мала кызыл же сары келет. Чөйчөкчөсү менен желекчелери төрттөн. Аталыктары көп. Мөмөлөрүнүн тосмолору толук эмес, көптөгөн уруктары бар. Мөмөсү – эттүү же жемишке окшош кутуча. Гүлдөрдө, жарым гүлдөрдө, тоонун этектеринде, үйлөрдүн тегерегинде өсөт. Өлкөсү – Азия. Испания, Италия, Балкан жарым аралында, Франция, Алжирде өстүрүлөт.

Коңуз баштын тамырында каппориндин аттуу гликозид; кабыгы менен жалбырагында – стахидрин деген гликозид; мөмөсүндө – канттар, ферменттер, стероид сапониндери, май (0,5%), кызыл пигмент, йод, крахмал 5,4%, клетчатка (1,4%), витаминдер – рутин жана аскорбин кычкылы (0,15%-ке чейин), эфир майы, пектин, уруктарында – белоктор, май бар.

«Каперсы» деп атаган маринаддуу бутондор керемет даамдуу деп тамакка кошулат, мөмөлөрүн жөн эле үзүп желет. Илгээри мөмөлөрүн кургатып таттуу болгондуктан кышында кант ордуна колдонулган.

Кавказда өсүмдүктүн жаш бутактары менен богоктордун туздае (Джонджоли) тамакка кошумча жана муздак закуска катары пайдаланат. Туздалган жана маринаддалган коңуз баштар тамакты кычкылыраак кылат. Ошондуктан ал эт-балык тамак-аштарына жакшы даам келтирет. Коңуз баштын абдан сонун сорттору (мисалы, Нонпарейль) дүйнө рыногунда пайда келтирүүсү боюнча жүзүм менен атаандашат.

Коңуз баштын тамыры дарылоо максатында араб медицинасында колдонулуп келген. Элдик медицинада гипертонияда, кызыл жүгүрүктө, невроздордо, бутактары – кант диабетинде колдонулган.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: