Камелия эвганолдук (Камелия евганольная, Camelia sasanqua)

Чайлар уруусунан – Theuceae

Дайыма жашыл болуп турган , бийиктиги 250-300 см шагы жайылган бадал же кичине дарак.

Жаш өркүндөрү түктүү, кочкул жашыл же күрөң. Жалбырактары кезектүү, кыска саптуу, кабыктуу, жалтыраак, кочкул жашыл, арадай, борбордук тарамыштары – түктүү. Гүлдөрү чоң, өркүндөрүнүн башында эне жалбырак кыска түктүү чөйчөкчө жалбыракчасы бар. Гүл тажычасы беш, кээде алты жалбыракчалуу, гүл жалбыракчалары тегерек-сүйрүү, бүтүн кырдуу. Аталыктары көп. Энелиги бир эле, анын жогорку учунда түк баскан мөмөлүгү бар. Мөмөсү – жыгачтай болгон кочкул кызыл кутуча. Анын ажырап түшүүчү капкакчасы болот, кутучада бир же бешке чейин, кээде алты, сегиз жетилген урук жайгашат. Уруктарынын формасы ар кандай, бурчтары учтуу, кочкул күрөң, же абдан кара. Сентябрь-декабрда гүлдөйт, мөмөлөрү – кийинки жылдын октябрь-ноябрында бышат.

Тоолордун бетинде, суулардын жээгинде, дайыма жашыл болуп өскөн бадалдардын, токойлордун ичинде өсөт.

Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Азиянын тропик же субтропиктеринде кездешет. Көпчүлүк өлкөлөрдө уругунан техникалык же желе турган май алуу максатында өстүрүлөт.

Жалбырактарында 1%ке жакын эфир майы топтолот. Анын негизги компоненти – эвгенол (95%-ке чейин). Камелиянын эфир майы гвоздиканыкындай эле болот. Камелиянын мөмөсүнөн өсүмдүк майы (60%-ке чейин) алынат.

Тамак-аш өнөр жайында эвгенол консерва өндүрүүдө. Ошондой эле ванилин алууда пайдаланылат. Камелиянын майы самын чыгарууда колдонулат. Камелиянын эфир майынын эвгенолу химико-фармацевтикалык өндүрүштө жана микроскопиялык техникада пайдаланылат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: