Жоон жалбырактуу бадан (Бадан толстолистный, Bergenia crassifolia)

Жоон сойломо тамыр-сабагы (жер астында өсүүчү жана ошого байланыштуу түрүн өзгөртүн тамыр сыяктуу болуп калган сабак) бар. Сабагы жоон, жылаңач, жалбыраксыз. Тамырга жакын жалбырактары розеткада, сабактары узун, жалбырактар жылтырак, жылаңач, пластинкалары тегерек жана жалбырак кучагын жука чел каптап турат. Учундагы гүл коргонунда гүлдөрү коюу болуп чыгып, кыштайт. Гүл желекчелери ачык кызыл, көптөгөн тарамыштары (боочолор) бар. Алар аркылуу суу жана эриген заттар келип турат да жалбырактан ассимиляция процессинде пайда болгон заттар алып келет. Аталыгы чөйчөкчөсүнөн эки эсе узун. Кутучасы ар кайсы жакка кеткен эки айчык. Жаздын ортосунан жайдын ортоңку мезгилине чейин гүлдөйт. Тамыр сабагы жана уругу менен көбөйөт.

Жарларда жана таштуу склон өсөт. Түштүк Сибирде, Орто Азияда ийне жалбырактуу жана кошулма токойлордо өсөт.

Өсүмдүктүн бардык бөлүктөрүндө ийлөө заттары (13-23% — жалбырагында жана 15-27% тамыр сабагында), уругунда – 18%. Ошондой эле жалбырактарында галл кычкылы, арбутин (10-22%), бог гидрохинон, аскорбин кычкылы (0,26%-ке чейин) бар. Тамыр сабагынан глюкоза, сахароза, крахмал, гликозиддер, чайырлар, декстрин, полифенолдор ж.б. табылган. Баданда арбутин көп.

Ийлөө заттарынан таза жуулган бадандын тамыр сабагын тамакка кошуп жейт. Анда крахмал көп болот. Кыштаган кара жылбырактары жыпар жыттуу чай катары пайдаланылат. Аны Сибирде «Монгол чайы» дейт. Жалбырактары кээде суусундарды чыгарганда колдонулат.

Баданда таниддер көп болгондуктан, ал ийлөөчү максатта көп пайдаланылат. Таниддердин өлчөмү мүжүрүм тал жана кара карагайдын кыртышына салыштырганда эки эсе көп жана эмендикине салыштарганда 4 эсе көп. Ийлөө экстрактын даярдоо үчүн жалбырактар менен тамыр сабактар пайдаланылат. Ийлөө заттары териге оңой сиңирилет да, тери сонун күрөң сары түскө боелот. Ошондуктан, бадандын экстракты теринин кайсы болбосун сортторун боегонго пайдаланылат.

Бадандагы ийлөөчү заттар сезгенүүгө каршы, микробдорго каршы, кан токтотуу таасир кан берет. Ошондуктан анын суюк экстракты медицинада ичегинин сезгенишинде, дизентерияда, жатындан кан агууда кеңири колдонулат. Стоматитте, бүйлөөлөр сезгенгенде ооздун ичин чайкаса жарайт. Жалбырактары сийдик жолдору сезгенгенде колдонулат. Андагы арбутин организмде глюкоза менен антрахинонго ажырайт. Ал болсо бактерияларды өлтүрүүчү касиетке ээ. Тибет медицинасында бадан өпкө туберкулезунда, бөйрөк ооруларында колдонулат.

Бул өсүмдүк баалуу химиялык продуктуларды: гидрохинонду, галл кычкылын, пирогаллолду, техникалык жана медициналык танинди берет. Жалбырактарынын экстракты кездемелерди кара түскө боет, андан тышкары жашыл боек да алынат. Мурда тамыр сабагынын экстракты менен брезент-балык кармоочу торлор боелуп, алардын керектөө мөөнөтү 1,5-2 эсе көп созулган.

Ал туруктуу кара жана күрөң боек катары пайдаланылган. Бадан культурада плантацияларда тамыр сабагынан өстүрүлөт. Кооз өсүмдүк катары парктарда, гүлзарларда өстүрүлөт.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: