Бөрү карагат (Барбарис обыкновенный, Berberis Vulgaris)

Бөрү карагаттар уруусунан

Бийиктиги 300 см-ге жеткен бутактуу бадал. Тамырлары өтө көп жайылып чыгат. Бутактарында көптөгөн үч же 5 ачалуу тикендери бар. Тикендердин колтугунда кыска жалбырак саптарында жалбырактар жайгашат. Жалбырактары тескери жумуртка сымал, ичке, манчадай тиштүү, сапка карай ичкерет. Гүлдөрү ылдый караган чачы (каптал гүлдөрү өзүлөрүнүн гүл саптары менен негизги узун гүл сапка кезектешип жайланышкан жоп гүл). Гүл желекчелери сары, учтуу, толук же жогорку жагы ачалуу.

Мөмөсү – кызыл жемиш, кычкыл даамдуу, 2-3 уругу болот. Май-июнда гүлдөйт. Мөмөсү сентябрь-октябрде бышат. Тоо этектеринде, таштуу жерлерде, бадалдардын арасында токойлордо өсөт. Республиканын бүткүл аймагында өсө берет. Сырьенун запасы көп.

Өсүмдүктүн бардык бөлүктөрүндө берберин, бербамин алколоиддери, ийлөө заттары, эфир майы, канттар, декстроза, левулеза (5%ке жакын), органикалык кычкылдар (6,5%ке чейин), жана витаминдер бар. С витаминдин өлчөмү 8%ке жетет, уруктарныда 15%-ке жакын суюк май болот. Чийки мөмөлөрү уулу, анда алколоиддер көп, бирок мөмөлөр жетилип бышканда уулу касиеттери жоголот.

Бөрү карагат илгээртен бери эле керемет даамдуу жана дары өсүмдүгү катары белгилүү болгон. Азыркы кезде ал парктарда кооз өсүмдүк катары жана бактарда желе турган мөмөлөр катары өстүрүлөт. Жанчылган кургак мөмөлөрү лимон жана уксустун ордуна тамакка кошулуучу кычкыл нерсе катары колдонулат. Компот, суусундуктарга да кошулат. Бөрү карагаттын ашынан шире, джем, кыям ар кандай диеталык тамак-аштар даярдалат.

Жаш жалбырактарын сорпого кошот, витаминдүү салаттар жасалат. Уруктарынан чыгарылган май кондитерлик өндүрүшүндө колдонулат. Бөрү карагаттын мөмөлөрү суусунду кандырат, ширеси – ич катканда жардам берет. Жаш жалбырактары менен өркүндөрү чай катары колдонулат.

Дары өсүмдүк катары бөрү карагаты байыркы вавилонян менен индустар колдонгон. Орто кылымдарда бөрү карагат сарык оорусунда жана безгекте жардам бериши жөнүндө айтылган. Кабыгы менен тамыры гомеопатияда колдонулат. Элдик медицинада бөү карагат эзелтен бери өт, зара айдама каражат катары, ошондой эле кургак жалбырактарын, тамыры жана кабыгын боор, көк боордун ооруларында, уйку безинин жетишсиздигинде, дененин температурасын жогору болгондо колдонушкан.

Бүйлөөлөрдүн сезгенишинде ооздун ичин чайкаса жардам берет. Медицинада бөрү карагаттын препараттары (мисалы, бербериндин сульфаты) өт айдама каражат катары өнөкөт гепатитте, гепатохолециститте сунушталат. Мөмөсүнөн чыккан ширеден кызыл сыя жасаса болот. Гүлдөрүндө нектар көп болот.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: