Анис, кадимки анис (Анис обыкновенный, Anisum Vulgare)

Чатырдуулар уруусунан
Бийиктиги 30-50см жеткен түбү ичке саптуу эфир майлуу бир жылдык. Бутактары түз, тегерек, кырдуу, жогору жагы бутактанган. Жогорку жалбырактары сапсыз. Ылдыйкысы бутактап дары узун саптуу. Ылдыйкы жалбырактарынын пластинкалары – тегерек, бүтүн кырдуу, ортоңкусу – үч жолу шына сымал сегменттерге бөлүнгөн, жогоркусу – эки, үч жолу сызгычтай ланцеттей бөлүнгөн. Топ гүлү – татаал чатыр, анын 6-15 луч бар.
Гүл чөйчөкчөсү (гүлдүү өсүмдүктөрдүн көчпчүлүгүнүн гүлдөрүндөгү гүл көргөндун сырткы, жашыл түстүү жалбыракчалардан турган бөлүгү) майда тиштүү, тажычадай гүл коргонунун желекчелери ичине караган, ак түстө. Мөмөсү түктүү, узундугу 8 мм жумуртка сымал. Июнь-июлда гүлдөйт. Мөмөсү августта бышат.
Анис культурада гана өстүрүлөт. Испания, Италия, Турция, Мексика, Индияда кеңири таралган.
Кургак мөмөсүндө 1,5-3,5 % (кээде 6% -ке чейин) өзгөчө жыты болгон эфир майы бар.
Ошондой эле 16-28% өсүмдүк майы, 19%-ке чейин белок заттары, канттар, органикалык кычкылдар бар. Эфир майынын курамына негизинен анетол (80-90%) жана метил хавикол (10%), α-фелландрен, α-пинен, камфен, ацитальдегид, анискетон кирет.
Анис жыпар жыттуу өсүмдүк катары байыртан эле белгилүү. Анистин уругу жана андан чыгарылуучу эфир майы жана өсүмдүк майы балык жана эт, кондитер, парфюмер өнөр жайында, суусундарды өндүрүүдө, медицинада кеңири колдонулат. Жыпар жыты уругунда көп болгондуктан, ал көбүнчө таттуу нандарды бышырганда, жер-жемиш салаттарга кошулат.
Кызылча, кызыл капуста, бадыраң менен сабизге, ар кайсы мөмө жемиштердин компотуна анистин уругу кошулганда өзгөчө жагымдуу болуп жыттанат. Анистин эфир майы какырыкты оңой чыгарат, ич көпкөндү жазат, тамак сиңирүү жолдорунун зил болуп чыгаруу жана кыймыл-аракет функциясын күчөтөт. Ошондуктан ал ич көпкөндө, карын зили менен өттүн бөлүнүп бөлүнүп чыгуусунун начарлашында, ичеги-карын түйүлүп ооруганда, перистальтиканы кайра калыбына келтирүүчү жана ооруну басаңдатуучу каражат катары колдонулат. Анистин эфир майы нашатырь-анис тамчылары деген дары каражатынын курамына кирет. Ал бронхитте, трахеитте, жөтөлгө каршы колдонулат. Аны дарылардын даамын жакшыртуу үчүн ар кандай микстураларга, жөтөлдү басаңдатуучу конфеталарга кошот. Анистин препараттары какырык чыгарууну жакшыртат, какырыкты жумшартып, аны оңой чыгарат. Мындан тышкары ал микробдорду да өлтүрөт. Элдик медицинада анистин уругун тердетүүчү каражат катары ичүүгө берилсе, анын тамыры болсо тери ооруларында жана жүрөктүн неврозунда колдонулган. Анис майын колдордун, беттин терисине сүйкөсө, ал чиркей чаккандан сактайт экен. Анистин эфир майы кыпчуур, бит, бүргөлөрдү өлтүрөт. Анис майынын катуу бөлүгү парфюмерияда медицинада кеңири колдонулат.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме: