↑ Вернуться: Аарыга алкыш

Аарылардын жашоосунан келип чыккан продуктулар

Нектар-ɵсүмдүк гүлдɵрүнүн нектарниктери (балдуу безчелери) бɵлүп чыгарган таттуу маӊыз. Кээ бир ɵсүмдүктɵрдүн (чие, пахта) жалбырактарында, гүлдүн себетчесинин түбүндɵ жайгашуучу гүлдɵн тышкары нектарниктер болот. Нектар аарылардын бал жыйымынын негизги бɵлүгүн түзɵт жана ал чымын-чиркейлердин ( аары, кɵпɵлɵк, жапай аары ж.б) азыгы болуп эсептелет. Гүлдɵрдүн чаӊдыктары жарылып же энеликтери жетилген кезде нектар үчүн ɵсүмдүктɵргɵ конгон чымын-чиркейлер гүлдɵрдүн кайчылаш чаӊдашуусун жүргүзɵт.

Нектардын негизги таттуу (канттуу) бɵлүктɵрүү-глюкоза, фруктоза, сахароза. Кээ бир ɵсүмдүктɵрдүн нектарынын курамына дагы башка канттар, аз ɵлчɵмдɵ аминокислоталар, белоктор, витаминдер,ж.б органикалык жана органикалык эмес заттар кирет. Кɵпчүлүк ɵсүмдүктɵрдүн түрлɵрүндɵгү нектар химиялык түзүлүшү боюнча да айырмаланат.

Нектарда эфир майлары болгондуктан, ɵсүмдүктɵрдү аарылар, чымын-чиркейлер жыты боюнча оӊой эле таап алат.

Нектардагы канттын ɵлчɵмү 5тен 70%ке чейин жетет. Кɵпчүлүк ɵсүмдүктɵрдɵ 50% нектар болот. Канттын ɵлчɵмү ɵзгɵрүлүп турат. Ага өзгөчө аба ырайы таасир этет. Канттуулугу 5%тен кем болгон нектарды аарылар чогултбай коет экен. Абдан коюу нектарды аарылар ɵзүлɵрүнүн жемсɵɵсүнɵ шашпай сорот. Нектардын негизги ɵлчɵмү ɵсүмдүктүн гүлдɵгɵн учурунун биринчи жарымында кɵп болот. Ошондуктан, бал челекти ɵсүмдүктɵр жаӊыдан гүл ачаарда орноштурат. Бир ɵсүмдүктɵ аары нектарды 5-12 секундада жыйнайт.

Бир күндүн ичинде аарылар нектарды кɵп чыгарган жана анын канттуулугу кɵп болгон ɵсүмдүктɵрдүн түрүнɵ карай учуп жетет. Кээде бир күндүн ичинде алар бир ɵсүмдүккɵ келип, андан морфологиялык түзүлүшү жана гүлдɵрүнүн түсү окшошкон башка ɵсүмдүккɵ конот экен.

Нектардын түсү жана жыты боюнча балдын касиети аныкталат. Нектар менен чаӊчаны жыйнаш үчүн аарылар бал челектен учуп чыгат. Аарылардын учуп чыгуу саны аба ырайынын шарты, бал жыйноо аянтына, нектар чыгаруучу ɵсүмдүктɵрдүн түрүнɵ, алардын бал челектен болгон алыстыгына, ишчи аарылардын күчүнɵ ж.б-га байланыштуу. Аба ырайы жакшы болгондо бир аары күнүнɵ 10 жолу бал челектен учуп кайра келип турат. Мисалы, липадан нектар жыйноо үчүн аары 19 жолу учат экен да, анда күнүнɵ 23кг нектар жыйналат. 19 күн учса, күчтүү аары 800-950 мг нектар алып келет.

Бал- аарылар ɵсүмдүк нектарын  жемсɵɵсүнɵ жыйнап, алып келген нектар. Аны аарылар ɵзүнүн тамактануусу үчүн чогултуп алып келет. Бир эле килограмм балды иштеп чыгуу үчүн, аарылар 120-140 миӊ жолу учуп 5 000 000 гүлдɵн нектар жыйнашы керек. Аарынын жемсɵɵсүндɵ нектар атайын безчелерде пайда болгон липиддер, ферментер, минералдык заттар менен байытылат. Алар нектарды балга айлантууда ɵзгɵчɵ мааниге ээ. Балдын пайда болушунун кийинки процесси бал челектеги атайын мом чɵнɵктɵрүндɵ жүрɵт.

Бал таттуу, илээшме суюктук, жыты жакшы, түсү тунук, саргыч, чирибейт, бара-бара коюлат. Балдын курамына 15 түрлүү органикалык кислота, 35-ке жакын минералдык заттар, витаминдер бар. Балдын 80%тин кургак зат, 16-22%ке чейин суу түзɵт. Кант заттарынан глюкоза, фруктоза, сахароза бар. Анын 35%ин глюкоза түзɵт. Бардыгы болуп балдын курамына 100дɵн ашуун маанилүү биологиялык активдүү заттар кирет.

Балдын жыты нектардын ар түрдүү жыты болгон эфир майларынын бар болгондугу менен байланыштуу. Алар балдын ар бир сортуна ɵзгɵчɵ кайта- таланбас ароматты берет. Бал челекке жыйналып келген нектарда 50% суу болот, 7 күндɵн кийин гана ал балга айланат. Нектарды балга айландырууда эки процесс жүрɵт: ашык суу бууга айланып жоголот жана инверсия процесси жүрɵ баштайт. Сууну бууга айландырыш үчүн аарылар жаӊыдан алып келген нектарды уяга аз-аздан салып, аны менен 25-30% кɵлɵмүн гана толтурат да, сууну бууга айландырганга шарт түзүлɵт. Ошол эле кезде аарылар канатчаларын кагып, желдетүү жүргүзүшкɵндө, ашык буулар чыгарылат. Бал балчелектин жытын ɵзүнɵ сиӊирип, дагы жыпар жыттуу заттарга байып, ɵзүнүн табигый касиеттерине ээ болот.

Балдын жетилүү процесси аарылар көнөкчөлөрдү абаны өткөрбөөчү мом капкакчалары менен туюк жаап койгондо деле жүрɵ берет.

Нектардын химиялык айлануусунда чоӊ ролду аарынын жемсɵɵ безчелери ойнойт. Бул безче жаш аарыларда алар нектар жыйнаган учурдае абдан ɵɵрчүгɵн болот. Бул кезде жемсɵɵ безинин маӊызы активдүү болуп, кычкыл реакциясында болгондуктан, нектар менен биригет. Нектарды иштетүүчү аарылар жемсɵɵсүн нектарга толтургандан кийин, бал чɵнɵкчɵсүнɵ тынч отуруп, нектардын майда тамчыларын созулган тумшугуна (жыттоочу) чыгарып жана аны кайрадан тумшугу менен сиӊирип алат. Ошол кезде нектарга кыймыл сайын маӊыз кошулуп, ферменттер менен жемсɵɵсүн байытат: алар инвертаза жана амилаза. Инвертаза татаал канттарды жɵнɵкɵйлɵргɵ айлантат; амилаза болсо крахмалды бɵлɵт. Инверсия прцесси балды сактоого койгондон кийин да жүрүп турат.

Балдын жалпы негизги касиети-анын таттуулугу. Ал болсо балдын жетилгендигинен жана кайсы ɵсүмдүктɵрдɵн чогулганына байланыштуу болот.Ачып калган бал- ал бузулууга учураган бал. Анда спиртүү ачыткыч процесстери жүргɵндүктɵн, уксус кычкыл бактериялар ɵсɵ баштайт.

Балды бал уяларынан атайын бал тарткыч аркылуу алат. Консистенциясы боюнча бал суюк же кристаллдашкан түрдɵ болот.Кристаллдашкан бал ɵзүнүн касиеттерин жоготпойт.

Бал-абдан баалуу азык. Аш казандын ичинен тез эле ичегиге ɵтүп, лимфа системасына сиӊирилет да, андан кан менен ткандарга ɵтɵт . Кантка караганда бал сонун, булчуӊдарга күч берет, жаш организмдин ɵсүшүн күчɵтɵт. Курамындагы эфир майлары менен чайыр заттары организмге (ɵзгɵчɵ кан жүрүү жана нерв системасына) жеӊил дүүлүктүргүч таасир берет. Ошондуктан, ал чарчаган, алсыз болгон, ошондой эле катуу оорудан кийин баш кɵтɵрүп келе жаткан адамдарга абдан пайдалуу. Күнүнɵ чоӊ киши 60-100г( аны бир нече порцияга бɵлүп) балды кабыл алса жакшы болот. Балдар үчүн бул ɵлчɵм эки эсе азайтылат. Балды тамактанууга чейин 1,5-2 саат калганда, жылуу сууга, сүткɵ, чайга (окшош ɵлчɵмдɵ) кошуп кабыл алса сонун. Балдын касиеттерин жоготпош үчүн аны 50-60о С-дан жогору жылытпайт.

Бал жогорку калориядагы азык продуктусу болгонунан тышкары, абдан баалуу дарылоо каражаты болуп эсептелет. Ал адамдын организмин түрдүү азык заттары менен байытып, аны ар кайсы ооруларга туруктуу болушун камсыз кылат. Азыркы кезде бал кан пайда болуу органдарынын, жүрɵк- кан тамыр системасынын, ичеги карындын ооруларында ж.б кеӊири колдонулат.

Балдын бактерияларга каршы таасири (бактерициддүү) анын канттуулугу (80%ке жакын)жана органикалык кислоталары кɵп болгондугу менен байланыштуу. Балды аэрозоль түрүндɵ (ингаляция катары) дем алуу органдардын сезгенүү ооруларында, мурундун сезгенишинде (ринитте) пайдаланса абдан жакшы натыйжа берет. Мындан тышкары бал электрофорез, фонофорез жолдору менен да колдонулат. Бал менен укалоо-рефлексотерапиянын бир түрү. Анда ички органдарда кан айлануу оӊолун, зат алмашуу жɵнгɵ салынат; бал ɵзүнүн биологиялык активдүү заттарын тери аркылуу ɵткɵрүп, организмде оорунун кесепетинен келип чыккан уулу заттарды чыгардам берет.

Балдарга ачуу дары бергенде, алар аны иче албайт. Ошондуктан ага 1 чай кашык бал кошсо жакшы.

Илгээртен бери эле кɵп убакыт сакталган бал ɵтɵ баалуу болуп келген. Бал адамга абдан пайдалуу. Алмаштырылбас микроэлементтер, ɵзгɵчɵ калий менен магний картайгандардын организминде тɵмɵндɵп баратканда бал абдан керектүү продукт болуп эсептелет. Бал ичеги-карындын, жүрɵктүн иштешине жагымдуу таасир берет, ишке жɵндɵмдүүлүктү жогорулатат, сеп алдырат. Азыркы кезде ар түрдүү биологиялык активдүү заттарды балга кошуп, байытылган тамак-аш продуктулары кɵп чыгарылат. Алар адамдын ден соолугун чыӊдоого багытталган.

Ɵсүмдүк чаӊчасы менен перга гүлдɵрдүн чаӊдыгында (гүлдүн аталыгындагы майда чаӊчасы бар кичине капчыкча) пайда болот. Ал белоктор, туздар, майлар, витаминдер жана микроэлементтердин булагы болуп эсептелет. Чаӊча өсүмдүктүн түрүнө жараша ар кайсы түстө болот. Чымын-чиркейлер аркылуу чаӊдашкаӊ өсүмдүктөрдүн чаӊчасы чоӊураак жана жабышкак болот.                                                                       Аарылар чаӊчаны үчүнчү жуп буттарындагы себетчилерге салып, ɵзгɵчɵ секрет (маӊыз) менен нымдайт.Бал челекке аны томолоктошкон түрдɵ алып келет. Бал менен нектардын кошулмасы аларга башкача түс берет.

Перга-аарылар жыйнаган ɵсүмдүк чаӊчасы. Аны мом чөнөкчөлөргө аарылар жыйып коюп, таптап, үстүнɵ бал куюп коет. Перга дагы аарыларга керектүү белок, май, витаминдер, минералдык туздардын булагы. Бал челектин ичиндеги перга менен жаш аарылар тамактанат.Бир аарыны чоӊойтуш үчүн 20% белогу бар 0,145г перга керектелет. Перга жеген аарылардын жашоо мɵɵнɵтү кɵбɵйүп, физиологиялык процесстер активдештирилет. Аарылардын бир үй бүлɵɵсү 15-30 перга жыйнап, аны толук бойдон эле жеп коёт.

Перга чаӊчадан айырмаланат. Аарылар чаӊчанын үстүнɵ бал жана нектарды кошуп койгондуктан пергада  чаӊчага салыштырганда канттын ɵлчɵмү жогору, анда белоктор, сүт кислотасы бар. Аарылардын организми аларды оӊой ɵздɵштүрɵт. Перга кургак жана мелүүн жайда 17 жылга чейин сакталат.

Чаӊчанын химиялык курамы абдан татаал жана ал ɵсүмдүктɵрдүн түрүнɵ жана башка факторлорго кɵз каранды. Чаӊчанын (гранулалары) даӊдары ар кандай формада болот.Нояга окшоп, диаметри 2 мм кем эмес. Гранулалар жумшак, оӊой эле майдаланат. Түсү сары, кочкул сары, жашыл, сыя кɵк жана ал ɵсүмдүктүн түрүнɵ жараша болот. Жыты ɵзгɵчɵ, бал же гүл жыттанат.Даамы жагымдуу, таттуурак же кычкылыраак, же бир аз ачуурак. Кɵпчүлүк учурда ɵсүмдүктɵрдүн чаӊчасы каротиноиддердин же флавоноиддердин түрүндɵ болот. Ɵсүмдүк чаӊчасында керектүү аминокислоталар, 28 микроэлемент, анын ичинде калий, темир, жез, кобальт, кальций, фосфор ж.б кɵп.

Чаӊчанын белогу алмаштырылбас аминокислоталарга бай. Алмаштырылбас аминокислоталардын ɵлчɵмү боюнча ал эне сүтүнɵн да жогорукелет. Чаӊчада провитамин А1, В тобундагы витаминдер, С,Е,Р,К ж.б.бар. Чаӊчада рутин абдан кɵп, ошондуктан ал жүрɵк-кан тамыр системаларын ооруларын алдын алууга абдан керектүү.

Чаӊчанын химиялык курамында флавоноиддер, фенокислоталар кɵп. Чаӊча менен пергада микробдордун ɵсүп- ɵɵрчүшүн токтотуучу да заттар бар.

Чаӊча абдан баалуу азык продуктусу жана анын дарылык касиеттери да бар. Чаӊчаны бир нече күн кабыл алса, ал тамакка мейил тарттырат, жалпы зат алмашууну, аш-казандын иштешин оӊолтот. Чаӊча адам арыктаганда жардам берип, семиртет. Чаӊча организимди чɵйрɵнүн терс таасирине туруштук берет. Гречихадан алынган чаӊчада рутин кɵп болгондуктан, ал мээдеги кан аланууга жагымдуу таасир берет, кан тамырлардын капталдарын чыӊдайт, кандагы гемоглобинди кɵбɵйтɵт, абдан жакшы күч-кубат берет, нерв системасына да сеп алдырма таасир этет. Күнүнɵ 30г чаӊча кабыл алса, боор ооруларында жардам берип, боордун иштеши калыбына келет. Балга кошулган чаӊча (1:1) тамак сиӊирүү процессине абдан оӊ таасир берет. Чаӊча косметикада да пайдаланылат. Анын экстракты бет майларга кошулат. Ал бетмайлар теринин функцияларын оӊолтот.

Прополис, б.а. аары желими-бал аарысы кɵпчүлүк ɵсүмдүктɵрдɵн ( ак кайыӊ, мырза карагай ж.б) жыйнап келүүчү жыттуу, чайырлуу, желимдүү зат. Прополис сары же күрɵӊ түстɵ, даамы ачуу, илээшкек болот. Ал кɵпкɵ сакталгандакара күрɵӊ, жашыл сымал түстүү болуп, катып калат. Аарылар прополисти мом менен кошо бал челектин жылчыктарын бүтɵɵгɵ, уячасын жылмалаганга, балдын агып чыгуусун алдын алуу үчүн жана уяга кирген курт-кумурска, зыянкечтерди ɵлтүрүүгɵ керектейт. Прополисти аарылар кеч жайда жана күзүндɵ жыйнайт.

Прополистин химиялык курамы ɵсүмдүктүн түрүнɵ жараша болот. Ал 50-60 % ɵсүмдүк чайырынан, 30-40% момдон, 5-10% чаӊчадан, 8-10% эфир майынан турат. Момдуу прополис накта момдон ɵзгɵчɵ жыты жана жумшактыгы менен айырмаланат. Прополис спирте жакшы ээрийт, 80о С-да эритилет.

Прополистин бальзамынын (жыпар жыттуу, жагымдуу бɵлүгү) корица спирти менен корица кислотасы, ийлɵɵ заттар түзөт. Анда витаминдер-тиамин, никотин кислотасы, каротин; минералдуу туздар-калий, кальций, натрий,магний, темир, алюминий, фосфор, кремний, ванадий, стронций ж.б.бар. Прополисти туура сактанганда анын дарылык касиеттери 5 жыл бою сакталат, бирок абдан керектүү дарылык касиеттери жаӊы жыйналган прополисте абдан жогору келет.

Прополистин дарылык касиеттерин аныктоочу компоненттери-флавоноиддер, фенол бирикмелери, А,В 1, В2, Е,С,РР ж.б, витаминдери, 17аминокислота, чайырлар, эфир майлары. Прополис микробдордун, вирустардын, грибоктордун 100 түрүнө таасир этет.

Прополис медицинада, ветеринарияда дары катары пайдаланылат. Медицинада прополис хирургияда, дерматологияда, стоматологияда, кеӊири колдонулат. Прополис организмдин ооруга туруктуулугун күчɵтɵт, микробдорду ɵлтүрɵт, сезгенүүгɵ каршы таасир берет,ооруну басаӊдатат, жарааттарды айыктырат. Хирургияда 10-30%түү дары майлар жарааттарды айыктыруу үчүн колдонулат. Ɵзгɵчɵ ириӊдеткич процесстерде ириӊден тазалайт, ооруну басаӊдатып, жарааттын грануляциясы менен эпителизациясына кɵмɵк берет. Дерматологияда прополис теринин кычышма ооруларын, экземаны, дерматомикоздордуу дарылоодо кеӊири пайдаланылат. Дем алуу жолдорунун сезгенүү ооруларында (бронхит, ринит, фарингит), кулактын сезгенүү ооруларында (отитте) таасири абдан натыйжалуу.

Стоматологияда прополистин 2-4%-түү спиртүү эритмеси менен оозду чайкаса, же компресс жасаса ириӊдүү процесстер жоголот. Тиш ооруганда прополисти салсао оруну басаӊдатат.

Медицинада ар түрдүү прополистин препараттары кɵп колдонгондуктан, алар аптекаларда кеӊири ассортиментте сатылат.

Аарынын сүтү. Ишчи жаш аарылардын таманында жана жогорку жаагындагы безчелеринен чыгуучу маӊыз.

Аны аарылар энелик аары ɵсүп ɵɵрчүгɵн ɵзгɵчɵ чɵнɵкчɵсүнɵ (маточникке) жыйнайт. Аары сүтү менен ишчи аарылар энелик аары чыгуучу личинкаларды жана эне аарыны (ханышаны) тамактандырат. Ар бир маточникке аарылар 0,2-0,5г энелик сүтүн салат. Жаӊы чогултулган аарынын сүтү коюу каймакка окшогон саргыч түстɵгү масса, жыты бир башкача, даамы кычкыл. Матканын личинкалары ɵɵрчүү мезгилинде накта аарынын сүтү менен тамактанса, ишчи аарылар накта сүттү личинка кезинде үч күн гана жейт экен, башка мезгилде сүткɵ бал менен чаӊча кошулган массаны жешет. Аарынын маткалык сүтүнүн курамына ферменттер, липиддер, углеводдор, органикалык кислоталар, витаминдер ж.б кирет.

Аарынын сүтү кан тамырларды кеӊейтет, жүрɵктүн иштешин оӊолтот, эркектин алсыздыгында жардам берет; организмге терс таасирлердин эффектин тɵмɵндɵтɵт.

Бул продукт косметикада да кеӊири колдонулат (мисалы, «Нектар» бетмайы).

Бакма аарынын жашоосунан пайда болгон аары уусу (апитоксин) да кеӊири колдонулат. Ал ишчи аарынын атайын безчелеринде пайда болгон маӊыз. Аары уусунун учуп жүрүүчү заттары аарылар ɵзүнүн жашаган уясын сактап калуудагы коркунуч сигналын мобилизациялайт.

Аары чакканда боору менен териге катуу тийип ийнесинин учун териге саят. Аарынын ийнеси улам-улам жыйрылып, ийне териге тереӊдеп кирет жана аарынын уусу канал аркылуу тарайт. Аары учканга аракеттенгенде аарынын чагуучу аппараты уу кармагыч, уулу без жана боорундагы нервдин калдыгы болуп териде калып, анда ийнесинин учундагы булчуӊдар аарынын уусу толгон резервуардан бүтүн бойдон чыкканча (0,2-0,3мг) жыйрыла берет.

Аарынын уусу-сары коюу суюктук, ɵзүнɵ гана таандык жыты бар; даамы кааргыч ачуу, реакциясы кычкыл. Уу сууда, кислоталарда ээрийт, спирте ээрибейт. Аарынын уусу ар кайсы техникалык аспаптардын жардамы менен алынып кургатылат. Кургатылган аарынын уусу боз-саргыч же күрɵӊ түстɵгү майда кабырчыктар жана күкүмдɵр (былжыр челдерди дүүлүктүрɵт, чүчкүртɵт). Аарынын уусунун курамында эки фермент, пептиддер, аминокислоталар, стериндер, глюкоза, фруктоза, май кислоталары ж.б. бардыгы болуп 50 заттар бар. Кургаган уунун 50%-тин меллитин полипептиди түзɵт. Заттын уулулугун жана дарылык касиетин пептиддер(мелитон жана апалин) белгилейт. Аарынын уусунун организимге тийгизген таасири уунун дозасына, чаккан жерге, организмдин ɵзгɵчɵлүгүнɵ кɵз каранды. Адамдын демейдеги сезгичтигинде аары бир жолу чакканда жергиликтүү (териде) сезгенүү реакциясы болот. Бирок адамдын аарынын уусуна сезгичтиги ар кандай. Аарынын уусу аллергиялык реакцияларды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, аарынын уусу менен дарылангандан мурда, организмдин мындай ууга болгон сезгичи текшерилет.

Аарынын уусу кызыл жүгүрүктɵ, артритте, подаграда, неврите, радикулитте колдонулат. Ал үчүн аптекада апизартрон, апиревен, вирапин майлары сатылат. Таблетка түрүндɵ апифор аттуу дары чыгарылат.

Мындан тышкары дарылоодо аарыга чактыруу жолу да колдонулат. Анда оорулунун ууга болгон сезгичтиги текшерилет.

Аарыга чактырууда аарынын үстүнɵн кармап тиешелүү жерге анын боорун тийгизет. Аарынын ийнесинин учу бир сааттан кийин алынып ташталат. Дарылоо натыйжалуу болуш үчүн күнүнɵ 25-100гр бал жеш керек экен.

Экологиялык факторлор ɵсүмдүктɵрдɵгү нектардын пайда болушуна чоӊ таасир этет.

Экологиялык факторлор тɵмɵнкү топтко бɵлүнɵт: климаттык (температура, нымдуулук, жарык, суу, аба), топурак, жердин рельефи ж.б.

Климаттык шарттар ɵсүмдүктɵрдɵгү нектардын пайда болушунун интенсивдүүлүгүнɵ жана анын чыгуусуна абдан чоӊ таасир берет.

Нектар абанын белгилүү температурасы менен нымдуулугунда пайда болуп жана чыгат. Айланада жылуу, күн тийип, тынч болгон мезгилде, абанын температурасы кɵлɵкɵдɵ 25-30о Сда жана нымдуулугу 60-80% болгон кезде нектар кɵп чыгат, ошол учурда аарылар нектарды жыйнайт. Ɵсүмдүктɵрдүн кээ бир түрлɵрү (липа, гречиха) нектарды жогорку нымдуурукта да чыгарат экен. Бирок бул гүлдɵрдɵ канттын ɵлчɵмү мурунку денгээлде калгандыктан, суулугу кɵп болуп нектар суюк келет. Кээ бир ɵсүмдүктɵр(ит уйгак, кɵгүлтүр кɵк баш ж.б) кургаечылык мезгилде деле жакшы нектар чыгарат. Абанын температурасы 20оСдан тɵлгɵндɵгɵндɵ ɵсүмдүктɵрдүн кɵпчүлүгү нектар чыгарбайт.

Нектар чыгаруучу ɵсүмдүктɵрдүн иштесине түнкү суук, кɵлɵкɵлү жер, кату шамал, жаан-чачын терс таасир тийгизет. Ɵсүмдүкдүн гүлдɵшүнүн акыркы фаазасында да нектардын пайда болушу жана анын канаттуулугу тɵмɵндɵйт.

Нектарлуу ɵсүмдүктɵргɵ күн тийүүнүн интенсивдүүлүгү да ар кандай таасир берет. Кээ бир ɵсүмдүктɵ кɵлɵкɵ тийсе нектарды чыгарбай коёт, кээ бири кɵлɵкɵгɵ ыӊгайлашат экен.

Кыска мɵɵнɵттɵгү жаан(ɵткүн) же кɵп уюакытка созулган жаан нектардагы канттын ɵлчɵмүнɵ далай эле тɵмɵндɵтɵт. Жаан ɵтүп кеткенден кийин нектардагы кант күн жылыса бир суткада кескин түрдɵ жогорулайт. Ɵсүмдүкдүн гүлдɵрү ачык болсо. Жаан андагы нектарды жууп кетет.

Катуу шамал да ɵсүмдүкдүн нектар чыгаруу жɵндɵмдүүлүгүнɵ терс таасирин тийгизет.

Ɵсүмдүктɵр ɵзү ыӊгайлашкан топуракта жакшы ɵɵргүп ɵсɵт да, нектар кɵп чыгарылат. Топурактын нымдуулугу 60-80% болгондо ɵсүмдүктɵр жакшы ɵсɵт. Кээ бир кургакчылык кɵнгɵнм ɵсүмдүктɵр топурактын нымдуулугу тɵмɵн болсо деле ɵсɵ берип, алардан абдан кургакчылык да бал жыйналат.

Жердин рельефи ɵсүмдүктɵ жүүрчү бардык физиологиялык процесстерге чоӊ таасир берет. Күн жакка караган тоонун бооруна күн жакшы тийет, ɵсүмдүктɵр жакшы ɵсүп, алардын эрте гүлдɵп, нектар чыга баштайт.

Ɵсүмдүктɵрдүн нектар чыгаруусуна ар кайсы ɵсүмдүк мителер зыян келтирет.

Жапайы ɵсүмдүктɵрдүн нектар чыгаруусуна жаан-чачын, шамал терс таасирин тийгизет. Ага караганда айыл-чарба(эгилме) ɵсүмдүктɵр туруктуу болуп, алардын нектар берүүсү агротехнике, жана ɵсүмдүктүн ɵсүп,ɵнүүсүн жакшыртуучу технологиялар жардам берет.

Содержание книги:

Статьи и книги по теме:

Посмотреть все записи с меткой: